Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 9-апрели № 198
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын минимумдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жободо:
- 11-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«- өзгөчө кырдаал учурунда эпидемиялык жагдайдын пайда болушуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларга, бирок региондорду өнүктүрүү фонддоруна келип түшүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 30 %нан ашпашы керек;”;
- 11-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- өзгөчө кырдаал учурунда эпидемиялык жагдайдын пайда болушуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларга, бирок региондорду өнүктүрүү фонддоруна келип түшүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 30 %нан ашпашы керек;”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |