ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 198 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633»Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция09.04.2020 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2020-жылдын 9-апрели № 198

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын жайылышын минимумдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 34-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 - беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы № 633 “Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Региондорду өнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жободо:

- 11-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

«- өзгөчө кырдаал учурунда эпидемиялык жагдайдын пайда болушуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларга, бирок региондорду өнүктүрүү фонддоруна келип түшүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 30 %нан ашпашы керек;”;

- 11-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

 «- өзгөчө кырдаал учурунда эпидемиялык жагдайдын пайда болушуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларга, бирок региондорду өнүктүрүү фонддоруна келип түшүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 30 %нан ашпашы керек;”.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев