Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 26-августу № 451
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-августундагы № 162 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтардын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2020-жылдын сентябрь-ноябрында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 21 жана 31-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте:
- чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек жарандарды 2020-жылдын сентябрь-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
- райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары менен камсыз кылсын;
- кабарлоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автоунаа менен жеткирүүнү уюштурсун.
3. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- аскер комиссариаттарынын табыштамалары боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссияларында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
- мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтөр алдында контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы жыйноо пункттарын дарыгер-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
- ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
- райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттолгондугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин;
- аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | К.А. Боронов |
|
| Тиркеме |
Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы
Астаркулов А.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын чакыруу башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бакиров Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Ибраева Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси; |
Мурзаматов К.М. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын мобилизациялык иштер жана жарандык коргоо тобунун улук инспектору; |
Туменбаев Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Назаралиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Алымбаев М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Оморов Т.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Айдралиев Ж.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын офицери; |
Акматалиев Р.М. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын Бишкек шаарынын Республикалык жыйноо пунктунун башчысы; |
Урмамбетов У.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын Балыкчы шаарынын жыйноо пунктунун башчысы; |
Абдраимов Т.О. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын Ош шаарынын жыйноо пунктунун башчысы; |
Сапаралиев И.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын Жалал-Абад шаарынын жыйноо пунктунун башчысы; |
Мамбеталиев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын чакыруу бөлүмүнүн башкы адиси, улук-дарыгер (Республикалык жыйноо пункту); |
Матазов Б.А. | - | Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын уролог-дарыгери (Ош жыйноо пункту); |
Кочкоров М.К. | - | Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун клиника-диагностикалык бөлүмүнүн хирург-дарыгери; |
Гапаров Н.С. | - | Баткен облусунун Кадамжай шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун лор-дарыгери (Кадамжай жыйноо пункту); |
Ташмамбетова Г.Б. | - | Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун, өспүрүмдөр дарыгери, терапевт дарыгери (Балыкчы жыйноо пункту); |
Жумабекова И.М. | - | Талас облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун өспүрүмдөр дарыгери терапевт-дарыгери (Талас жыйноо пункту). |
Резерв: | ||
Джабаров Н.Г. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери; |
Абдылдаева Г.М. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун амбулатордук-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы (Республикалык жыйноо пункту); |
Таранчиев К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын Бишкек шаарынын Республикалык жыйноо пунктунун башчысынын орун басары; |
Максутов А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын Балыкчы шаарынын жыйноо пунктунун башчысынын орун басары; |
Джузумалиев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын Ош шаарынын жыйноо пунктунун башчысынын орун басары; |
Темирбаев К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарынын башкы башкармалыгынын Жалал-Абад шаарынын жыйноо пунктунун башчысынын орун басары; |
Шананова Г.Т. | - | Ош шаарынын облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын терапевт-дарыгери (Ош жыйноо пункту); |
Эсенбаева Г.Б. | - | Жалал-Абад шаардык № 2 үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт-дарыгери (Жалал-Абад жыйноо пункту); |
Миталипов К.К. | - | Үй-бүлөлүк медицина борборунун кеңеш берүү-дарылоо бөлүмүнүн башчысы (Кадамжай жыйноо пункту); |
Самакова Н.Ж. | - | Балыкчы № 2 үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт-дарыгери (Балыкчы жыйноо пункту); |
Абдраимова Н.М. | - | Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун, терапевт-дарыгери (Талас облустук жыйноо пункту). |