Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 20-августу № 427
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин уюштурууну жана координациялоону андан ары өркүндөтүү, ошондой эле иштелип чыгуучу мыйзамдардын долбоорлорунун сапатын жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентинде:
- 26-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"26. Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна мыйзам долбоорлору боюнча токтомдорду киргизүү Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин регламенттеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
- 27-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 30-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30. Өкмөт тарабынан мыйзам долбоорлоруна корутундулардын, түзөтүүлөрдүн жана мыйзам долбоорлорун кайра сурап алуулардын долбоорлорун даярдоо "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана Өкмөттүн Регламентинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
- 31-38-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 39-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"39. Мыйзам долбоорлоо ишин маалыматтык камсыздоо Өкмөттүн мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө электрондук маалыматтар базасын түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат, ал ушул Регламенттин 19-пунктуна ылайык министрликтер жана ведомстволор тарабынан берилген мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын аткаруу жөнүндө маалыматтын негизинде түзүлөт.";
- 42-пункту "Юстиция министрлигинин расмий сайтында" деген сөздөрдөн кийин "мурдагы жана учурдагы жылдар үчүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 43-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43. Өкмөт тарабынан мыйзам чыгаруу демилгеси катары киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин ишине Өкмөттүн катышуусу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана Өкмөттүн Регламентинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
- 44-47-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 11-сентябрындагы № 76 (3040) жарыяланды
Премьер-министр | К.А. Боронов |