Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 24-октябры № 748
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июну № 325, 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин уюштурууну жана координациялоону андан ары өркүндөтүү, ошондой эле иштелип чыгуучу мыйзам долбоорлорунун сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 526 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин регламенти (мындан ары - Регламент) тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июну № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор:
- ушул Регламентти жетекчиликке жана милдеттүү түрдө аткарууга алышсын;
- борбордук аппараттарда жана түзүмдүк бөлүктөрдө ушул Регламенттин жоболорун окутуп-үйрөтүү боюнча иштерди уюштурушсун.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-августундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-августундагы № 526 токтому.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |