Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 токтому менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин РЕГЛАМЕНТИ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 561, 2020-жылдын 20-августундагы № 427, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325, 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 526 , 2025-жылдын 20-августундагы № 505 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) мыйзам долбоорлоо иштеринин регламенти (мындан ары - Регламент) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Министрлер Кабинети мыйзам долбоорлоо ишине мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана илгерилетүү аркылуу катышат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзам чыгаруу демилгеси укугун мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш) кароосуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин планына ылайык (пландуу мыйзам долбоорлору) же бул пландан тышкары (пландан тышкары мыйзам долбоорлору) киргизүү аркылуу ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Регламентке ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мыйзам долбоорлоо ишинин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Министрлер Кабинети үчүн:
- министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар (мындан ары - министрликтер жана ведомстволор) тарабынан мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, аларды белгиленген тартипте Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кароосуна киргизүү. Мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилет;
- "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленгендерди кошпогондо, мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорлоруна расмий корутунду берүү;
- Жогорку Кеңеш менен дайыма өз ара аракеттенүүнү камсыздоо, мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорунун өтүшүн көзөмөлдөө, ошондой эле алардын кабыл алынышын камсыздоо максатында анын ишине катышуу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин алкагында мыйзам долбоорлоо иштеринин аткарылышын контролдоо;
2) Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү үчүн:
- Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңеште Өкмөттүн кызыкчылыгын билдирүүнү камсыз кылуу;
- Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу демилгелерин өткөрүү маселелери боюнча министрликтердин жана ведомстволордун, Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишин координациялоо;
- мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун иштерин координациялоо жана Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте каралуу үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилге кылынган кечиктирилгис мыйзам долбоорлорунун тизмесин түзүү;
- Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
- Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу боюнча расмий өкүлдөрүнүн Жогорку Кеңеш менен дайыма өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, мыйзам чыгаруу демилгеси катары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлорунун өтүшүн көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү, ошондой эле алардын кабыл алынышын камсыз кылуу максатында Жогорку Кеңештин ишине катышуу;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - Юстиция министрлиги) үчүн:
- министрликтер менен ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоо;
- ушул Регламенттин 9-пунктуна ылайык Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын түзүү, аны белгиленген тартипте Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизүү, ошондой эле анын аткарылышын контролдоо;
- мыйзам долбоорлоо иштери маселелери менен иштеген эл аралык уюмдардын ишин координациялоо жана алар менен иш алып баруу, алар жана кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, аларга комплекстүү экспертиза жүргүзүү жана белгиленген тартипте Өкмөткө киргизүү;
- Эл аралык гуманитардык укукту жүзөгө ашыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-усулдук жана техникалык жактан камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү;
- министрликтер жана ведомстволор тарабынан иштелип чыгуучу мыйзам долбоорлорунун сапатын жогорулатуу;
- бир мыйзамдын долбоорунда редакциялык-техникалык мүнөздөгү (тармактык маселелерди козгобогон) өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган оңдоолорду жалпылоо жана мындай мыйзам долбоорлорун Президенттин Администрациясына жылына эки жолудан көп эмес киргизүү;
4) министрликтер жана ведомстволор үчүн:
- мыйзам долбоорлоо ишин пландаштыруу жана талдоо;
- мыйзам долбоорлорун Министрлер Кабинетинин тиешелүү жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планына киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан иштелип чыгуучу мыйзам долбоорлорун даярдоого катышуу;
- министрликтер жана ведомстволор расмий өкүлдөрү болуп саналган, Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызыкчылыктарын Жогорку Кеңеште билдирүүнү камсыз кылуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иши пландык да, ошондой эле пландан тышкары негизде да жүзөгө ашырылат. Министрликтер менен ведомстволордун пландуу мыйзам долбоорлоо иши Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иштеринин планына (мындан ары - План) ылайык жүргүзүлөт.
Мыйзам долбоорлорунун өз убагында жана сапаттуу иштелип чыгышы, алга жылышы үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле алардын тескеген маселелери боюнча орун басарларына жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Мыйзам долбоорлоо иши боюнча Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсүн камсыздоо Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнө жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу министрлерден, мамлекеттик комитеттин төрагасынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же алардын биринчи орун басарларынан, орун басарлардан турган мыйзам долбоорлору боюнча расмий өкүлдөрүнө жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Пландын аткарылышы жана мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн ушул Регламентте белгиленген тартибинин сакталышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- Президенттин Администрациясында - тиешелүү бөлүмгө;
- министрликтерде жана ведомстволордо - жетекчилерге, ошондой эле алардын тескеген маселелери боюнча орун басарларына.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Министрликтерде жана ведомстволордо мыйзам долбоорлоо ишин уюштуруу жана алардын Министрлер Кабинети жана Жогорку Кеңеш менен өз аракеттенүүсүн камсыз кылуу жетекчилерге, алардын тескеген маселелери боюнча орун басарларына жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо ишинин алкагында документтер менен иштөө тартиби ушул Регламентте, Президенттин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин, Президенттин Администрациясында документтер менен иштөөнүн регламенттери жана министрликтердин жана ведомстволордун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча тиешелүү ички ведомстволук актылары менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Пландын долбоорун даярдоо
9. Планды Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык мезгилине Министрлер Кабинети бекитет.
Пландын долбоору Юстиция министрлиги тарабынан төмөнкүлөрдүн негизинде иштелип чыгат:
- жалпы мамлекеттик жана улуттук программалардын;
- Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программалык жана стратегиялык документтердин;
- Президенттин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн жана тапшырмаларынын;
- Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуштарынын;
- министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарынын;
- Элдик Курултайдын сунуштарынын;
- башка кызыкдар органдардын, илимий мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштарынын;
- жаңы мыйзамдарды кабыл алууну, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелеринин;
- колдонуудагы мыйзамдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жана баалоонун натыйжаларынын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325, 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 526, 2025-жылдын 20-августундагы № 505 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Пландын долбоору боюнча сунуштарды даярдоо жана чогултуу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун иштерин координациялоону Юстиция министрлиги камсыздайт.
11. Пландын долбооруна киргизүү үчүн сунушталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунушта төмөнкүлөр камтылышы керек:
- мыйзам долбоорунун аталышы;
- аны иштеп чыгуу зарылдыгынын негиздемеси жана концепциясы;
- мамлекеттик органдын - жооптуу аткаруучунун аталышы жана тең аткаруучулардын тизмеси;
- мыйзам долбоорун иштеп чыгуу мөөнөтү жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтү.
Пландын долбоорун түзүү боюнча сунуш Юстиция министрлигине жыл сайын, учурдагы жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325, 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Юстиция министрлиги ушул Регламенттин 9-пунктун эске алуу менен, сунуштарды жалпылайт жана Жогорку Кеңештин ишинин сессиялык мезгилине Пландын долбоорун түзөт.
Пландын долбоору төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- мыйзам долбоорунун аталышын;
- мыйзам долбоорун, ошондой эле ишке ашыруу үчүн мыйзам долбоору иштелип чыгып жаткан ченемдик укуктук актыны демилге кылуунун максаты;
- мамлекеттик органдын - жооптуу аткаруучунун аталышын жана тең аткаруучулардын тизмесин;
- мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Президенттин Администрациясына киргизүү мөөнөтүн;
- Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтүн.
Илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштары, эгерде алар төмөнкүлөргө багытталса План долбооруна киргизилет:
- адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоого;
- кийинкиге калтырууга болбогон коомдук мамилелерди жөнгө салууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325, 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Ушул Регламенттин 9-12-пункттарынын талаптарына ылайык даярдалган Пландын долбоору сунуштар киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясына Юстиция министрлиги тарабынан 15-июндан кечиктирилбестен жиберилет.
Пландын акыркы долбоору кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылат жана 25-июлдан кечиктирилбестен Министрлер Кабинетинин кароосуна жана бекитүүсүнө жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325, 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Пландан пункттарды алып салуу же аларды аткаруу мөөнөттөрүн жылдыруу пункттарды алып салуу же аларды аткаруу мөөнөттөрүн жылдыруу зарылдыгынын толук негиздемеси менен, министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарынын негизинде
3. Министрликтердин жана ведомстволордун мыйзам долбоорлоо иштерин пландаштыруу
15. Тиешелүү мезгилге Планга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери - жооптуу аткаруучулар тарабынан жыл сайын мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары бекитилет.
16. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- мыйзам долбоорунун аталышын;
- мыйзам долбоорун демилгелөө максатын, ошондой эле аны ишке ашырууда мыйзам долбоору иштелип жаткан ченемдик укуктук актты;
- түзүмдүк бөлүмдүн - жооптуу аткаруучунун аталышын жана тең аткаруучулардын тизмесин;
- мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жүктөлгөн адистердин фамилиясын жана инициалдарын, алардын байланыш телефондорун;
- мыйзам долбоорун Президенттин Администрациясына киргизүү мөөнөтүн;
- Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү мөөнөтүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландары министрликтердин жана ведомстволордун юридикалык кызматтары тарабынан иштелип чыгат жана алардын жетекчилери тарабынан бекитилет. Мыйзам долбоорлоо иштеринин бекитилген ведомстволук ички пландарынын көчүрмөлөрү Министрлер Кабинети тарабынан тийиштүү мезгилге Планды бекитүү жөнүндө тескеме кабыл алынгандан кийин эки жумалык мөөнөттө Юстиция министрлигине жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325, 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 526 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарынын аткарылышын контролдоону министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, алардын тескеген маселелери боюнча орун басарлары, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун юридикалык кызматтары ишке ашырат.
19. Министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк бөлүктөрү ар бир кварталдын биринчи айынын биринен кечиктирбестен мыйзам долбоорлоо иштеринин ведомстволук ички пландарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты өздөрүнүн юридикалык кызматтарына жиберишет, ал эми юридикалык кызматтар өз кезегинде квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Юстиция министрлигине учурдагы жылга Пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты беришет.
20. Министрликтердин жана ведомстволордун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери өздөрү жетекчилик кылган бөлүктөрү тарабынан мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарынын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
4. Планга киргизилген мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Президенттин Администрациясына киргизүү, аларды Президенттин Администрациясында кароо
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Пландын алкагында мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана даярдоону уюштуруу министрликтер жана ведомстволор - жооптуу аткаруучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу, коомдук талкуу, макулдашуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 91655} жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Министрликтер жана ведомстволор - жооптуу аткаруучулар тарабынан мыйзам долбоорлорун даярдоо максатында жумушчу топтор түзүлүшү мүмкүн, алардын курамына министрликтердин жана ведомстволордун - жооптуу аткаруучулардын кызматкерлери, тең аткаруучулардын, Юстиция министрлигинин, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын, илимий-изилдөө уюмдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ишке тартылган эксперттер киргизилет.
24. Министрликтерге жана ведомстволорго мыйзам долбоорлорун мыйзам чыгаруу демилгесинин укугунун башка субъекттерине өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
25. Пландын алкагында даярдалган жана Президенттин Администрациясына киргизилген мыйзам долбоорлору биринчи кезектеги тартипте каралат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизүү
26. Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген мыйзам долбоорлоруна Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү тарабынан виза коюлууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
27. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Президенттин Администрациясына киргизүү
28. Министрликтер жана ведомстволор тарабынан Пландан тышкары даярдалган мыйзам долбоорлору пландан тышкаркы мыйзам долбоорлору болуп эсептелет. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмалары, Жогорку Кеңештин рекомендациялары, өз демилгеси же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо боюнча же эл аралык укук ченемдерин имплементациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында даярдалат.
Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу министрликтер жана ведомстволор тарабынан ушул Регламентте жана Министрлер Кабинетинин Регламентинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Пландан тышкаркы мыйзам долбоорлорунун Жогорку Кеңеште өтүүсүнө мониторинг жүргүзүү, аларды кабыл алууну камсыз кылуу мыйзам долбоорлорун иштеп чыккан министрликтер жана ведомстволор тарабынан ишке ашырылат.
7. Министрлер Кабинетинин расмий корутундуларын, мыйзам долбоорлорун жана мыйзам долбоорлоруна пикирлерди даярдоо
(Глава КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Министрлер Кабинетинин расмий корутундуларын, мыйзам долбоорлорун жана мыйзам долбоорлоруна пикирлерди даярдоо "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана Министрлер Кабинетинин Регламентинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
31. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
32. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
33. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
34. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
35. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
36. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
37. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
38. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Мыйзам долбоорлоо ишин маалыматтык жактан камсыз кылуу
39. Мыйзам долбоорлоо ишин маалыматтык камсыздоо Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө электрондук маалыматтар базасын түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат, ал ушул Регламенттин 19-пунктуна ылайык министрликтер жана ведомстволор тарабынан берилген мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын аткаруу жөнүндө маалыматтын негизинде түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
40. Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын электрондук базасы төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- мыйзам долбоорунун аталышын жана текстинин кыскача мазмунун;
- мыйзам долбоорун иштеп чыккан жана мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жооптуу болгон мамлекеттик органдын аталышын;
- башка маалыматтарды.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
41. Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын электрондук базасы Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо иши жөнүндө маалыматтардын электрондук базасы Юстиция министрлигинин расмий сайтында мурдагы жана учурдагы жылдар үчүн жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Мыйзам чыгаруу демилгеси катары Министрлер Кабинети тарабынан киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин ишине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу
43. Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан мыйзам чыгаруу демилгеси тартибинде киргизилген мыйзам долбоорлору боюнча Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин ишине Министрлер Кабинетинин катышуусу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана Министрлер Кабинетинин Регламентинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-июнундагы № 325 токтомунун редакциясына ылайык)
44. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
45. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
46. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
47. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-августундагы № 427 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
48. Министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштөө үчүн түзүлгөн жумушчу топтордун, ошондой эле парламенттик угууларда карала турган маселелерди даярдоо үчүн Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордун курамдарына киргизилиши мүмкүн.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр |
Н.Момуналиев
|