Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-июлундагы № 87 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 20-январы № 16
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 "Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө лицензияларды берүү жол-жобосун тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кенемтелердин келип чыгышын болтурбоо үчүн, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 59 "Отун-энергетикалык комплекси жаатындагы иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пунктундагы "2020" деген цифралар "2022" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |