Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 20-январы № 18
Пайдалуу кендерди майдалоодо, иргөөдө жана байытууда колдонулуучу коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө
Пайдалуу кендерди иштетүү жана байытуу боюнча иш жүргүзгөн жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн коргоо максатында, "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Пайдалуу кендерди майдалоодо, иргөөдө жана байытууда колдонулуучу коопсуздук эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-февралындагы № 10 (3189) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр |
А.Э. Новиков |