Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 18 токтомуна) |
Пайдалуу кендерди майдалоодо, иргөөдө жана байытууда колдонулуучу коопсуздук эрежелери
1-глава. Ушул Эрежелердин максаты жана пайдалануу чөйрөсү
1-§. Жалпы жоболор
1. Пайдалуу кендерди майдалоодо, иргөөдө жана байытууда колдонулуучу коопсуздук эрежелеринин (мындан ары - Эрежелер) максаты пайдалуу кендерди кайра иштетүүнүн жана байытуунун өндүрүштүк процесстерин жүргүзүүдө жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн коргоо болуп саналат.
2. Ушул Эрежелер "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык иштелип чыкты жана пайдалуу кендерди (минералдардын, кен породаларынын табигый топтолуштарын) кайра иштетүүдө жана байытууда жүргүзүлүүчү өндүрүш процесстерине коюлуучу коопсуздук талаптарын белгилейт.
3. Ушул Эрежелер отун-энергетикалык пайдалуу кендерди, металл жана полиметалл рудаларын, ошондой эле башка пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу процесстерин ишке ашырган Кыргыз Республикасынын кен ишканаларына карата колдонулат.
4. Ушул Эрежелердин талаптары пайдалуу кендерди байытуу жана кайра иштетүү менен байланышкан төмөнкүдөй объектилерге карата колдонулат:
1) аязын өндүрүүчү фабрикалар;
2) байытуучу фабрикалар;
3) агломерациялык фабрикалар;
4) майдалоочу-иргөөчү, кургатуучу, күйгүзүүчү орнотмолор жана башка технологиялык жабдуулар.
5. Ушул Эрежелердин талаптары колдонулган өндүрүштүк процесстерге төмөнкүдөй процесстер кирет:
1) Пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу:
- майдалоо жана талкалоо;
- флотация;
- электромагниттик жана магниттик сепарация;
- электр жана радиометрикалык методдор;
- коюлтуу жана суусуздандыруу;
- үймөктөп бөлүп алуу;
- алтын камтылган рудаларга цианид куюу;
- агломерация;
- күйгүзүү жана кургатуу;
- жуу;
2) объектилерди камсыздоо:
- энергия менен камсыздоо;
- энергия орнотмолорун эксплуатациялоо;
- чийки заттар менен материалдарды ташуу;
3) атайын технологиялык жабдуулардын комплексин эксплуатациялоо:
- майдалагычтар;
- тегирмендер;
- грохоттор;
- гидроциклондор;
- фильтрлер;
- флотациялык машиналар;
- электролизерлер;
- электромагниттик жана магниттик сепараторлор;
- чен-өлчөмдөгүч;
- пульпаны кондиционерлөө аппараттары;
- чоң челектер;
- бөлүп байытуучу машиналар;
- оор суспензияларда байытуу аппараттары;
- гравитациялык байытуу аппараттары;
- радиалдык коюлткучтар;
- күйгүзүү, агломерация орнотмолору.
6. Ушул Эрежелер пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу учурунда долбоорлоодо, курууда, эксплуатациялоодо, кеңейтүүдө, реконструкциялоодо жана техникалык кайра жабдууда милдеттүү түрдө аткарылышы керек.
7. Пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу объектилерин куруу жана эксплуатациялоо коопсуздугун камсыздоочу талаптар ушул Эрежелер менен катар машиналарды жана жабдууларды, анын ичинде ашыкча басым алдында иштеген түзүлүштөрдү коопсуз эксплуатациялоо жана утилдештирүү, имараттарды, курулуштарды, курулмаларды коопсуз эксплуатациялоо жана алардын жанындагы аймакты коопсуз пайдалануу боюнча, өрт коопсуздугу, экологиялык коопсуздук боюнча, көтөрүп ташуучу транспорт жабдууларын, электр орнотмолорун, автотранспорттук каражаттарды, электр менен камсыздоо системаларын, жогорку вольттуу электр жабдууларын коопсуз эксплуатациялоо боюнча ченемдик актылар тарабынан белгиленет.
2-§. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
8. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
агломерация (бөлүктөө) - майда руданы же порошок түрүндөгү материалды кийин металлургиялык иштетүү максатында зарыл формага жана касиетке келтирүү үчүн кызытып бириктирүү жолу менен салыштырмалуу при бөлүктөрдү (агломерат) түзүүнүн термалдык процесси;
антипирогендер - пайдалуу кендердин от алып күйүүсүн алдын алуучу заттар (суу, натрий силикатынын аралашмасы, кычкылдануу ингибиторлору);
авария - кооптуу өндүрүш объектисинде колдонулган курулмалардын же техникалык түзүлүштөрдүн талкаланышы, контролдонбогон жарылуу жана (же) коркунучтуу заттардын сыртка чыгышы, тоонун силкиниши, кен породаларынын кулашы, өрт;
администрация - ыйгарылган укуктардын чегинде аткаруучу-тескөөчү иш жүргүзгөн ишканалардын, бирикмелердин, мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдары;
амальгамация - рудалардан же концентраттардан сымапты пайдалануу менен металлдарды алуу ыкмасы;
бөлүп алуу - рудалардан жана байытуу продуктуларынан көбүнчө сууга, кислоталардын аралашмасына, жегичтерге, кычкылдандыргычы же калыбына келтиргичи бар туздарга, ошондой эле органикалык аралашмаларга эритүү жолу менен баалуу компоненттерди чыгаруу (гидротермикалык) методу. Жер астында, скважиналык, үймө, чоң челекке салуу, автоклавдык, сорбциондук бөлүп алуу, аралаштыруу жолу менен бөлүп алуу ыкмалары колдонулат;
гравитациялык байытуу - тыгыздыгы, өлчөмү же формасы менен айырмаланган минералдык бөлүкчөлөрдүн бөлүнүшү тартылуу күчүнүн жана экиге бөлүнгөн чөйрөнүн каршылык күчүнүн таасири астында кыймылындагы мүнөзүндөгү жана ылдамдыгындагы айырмасы менен шартталган процесс;
грануляция - ичке дисперстүү материалдарды, руданын концентраттарын байытууда андан ары иштетүү же аныкталган касиеттерге ээ болгон товардык продукция алуу үчүн кесектөө процесси;
калбырлоо - элөөчү тегиздиктери бар атайын түзүлүштөрдө (калбырларда) ишке ашырылган, материалдарды көлөмүнө жараша бөлүү процесси. Калбырлоо кургак жана нымдуу болуп айырмаланат.
дренаждоо (байытууда) - суюктукту табигый же жасалма дренаж менен тартылуу күчүнүн таасири астында (кээде механикалык термелүүнүн таасири астында) чыпкалоо процесси;
майдалоо - атайын машиналарда кысуу, жаруу, уруу, кесүү же аларды айкалыштыруу аркылуу тышкы механикалык күчтөрдүн таасири астында минералдык чийки затты же апы кайра иштетүү продуктуларынын бөлүкчөлөрүнүн өлчөмдөрүн кичирейтүү процесси. Майдалоонун кесек, орто жана майда түрлөрү болот;
талкалоо - майдалоочу чөйрөнүн (шар, стержень) согуунун жана сүрүүнүн натыйжасында минералдык чийки заттын пайдалуу компоненттерин жана порода пайда кылуучу минералдык агрегаттарын ачуу, ошондой эле байытуу процессиндеги зарыл болгон кезектүүлүктү камсыздоо максатында талкалоо процесси;
инцидент - кооптуу өндүрүштүк объектте колдонулган техникалык түзүлүштөрдүн бузулушу же иштебей калышы, техникалык жана технологиялык процесстен четтөө, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле кооптуу өндүрүштүк объектте иштөө эрежелерин белгилеген ченемдик техникалык документтердин бузулушу;
классификация - чийки заттын өлчөмү боюнча бир тектүү болбогон бүртүктүү жана полидисперстик бөлүкчөлөрүн калбырлоо, гидравликалык (пневматикалык) классификациялоо же борбордон качма талаанын жардамы менен ар түрдүү өлчөмдөгү класстарга бөлүү процесси;
кондиционерлөө (байытууда) - руданын пульпасын - флотацияга, флотореагенттерди - процесске дозалоодон мурун, тыш сууну - жабык суу айлануусу үчүн даярдоонун аныкталган технологиянын параметрлерин түзүү жана колдоо;
консервация - кен казуучу жана кайра иштетүүчү ишкананы иштетүүнү убактылуу токтотуу, бул үчүн долбоордо аны куруу үчүн тиешелүү иш-чаралар иштелип чыгат;
концентрат - алгачкы материалда (рудада) жана башка аналогиялык байытуучу операциялардын натыйжасында алынган продуктуларга караганда баалуу компоненттердин камтылышы жогору болгон минералдык чийки затты байытуу продуктусу. Төмөнкү түрлөр менен айырмаланат: коллективдик, кондициондук, акыркы жана баштапкы.
жоюу - кен казуучу же кайра иштетүүчү ишканалардын иши токтотулган учурда мүлктү аңдан ары пайдалануу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарган, ошондой эле адамдын өмүрүн жана ден соолугун сактоочу, айлана-чөйрөнү коргоону камсыздоочу иш-чаралар комплекси;
магниттик байытуу - бөлүнүүчү компоненттердин магниттик касиеттеринин айырмасына негизделген минералдык чийки затты кесектеп бөлүү процесси;
пайдалуу кендерди байытуу методдору - фазалык курамын өзгөртпөстөн минералдык чийки заттан пайдалуу минералдарды бөлүп алуу процесси - гравитациялык, флотациялык, химиялык, магниттик, электрмагниттик, электрстатикалык жана радиометрикалык;
нутч-фильтр - бельтинг тибиндеги кездемеден (иштеткичтин прорезина курларын жана конвейердик ленталарды жасоо үчүн колдонулган бышык пахта-кагаз кездемеси) жасалган чыпкалоочу түзүлүш. Чыпкалоо процесси вакуум астында жүргүзүлөт;
күйгүзүү (терминалык байытуу) - руданы же байытуу продуктуларын кайра иштетүүнүн кийинки стадиясы үчүн керектүү болгон физикалык жана химиялык касиеттерин өзгөртүүдө балкытып эритпестен ар кандай газдуу чөйрөлөрдө жогорку температурада иштетүү процесси;
пайдалуу кендерди байытуу - баштапкы чийки затта камтылган пайдалуу минералдарды породадан болуп алуу (зарылдыгына жараша аларды бири-биринен ажыратуу) үчүн минералдык чийки затты алгачкы иштетүү процессинин жыйындысы;
оор чөйрөдө байытуу - бөлүнүүчү минералдардын тыгыздыктарынын арасындагы орто аралык тыгыздыкка ээ болгон суюктуктарда же суспензиялардын гравитациялык байытуу процесси;
концентрациялык столдордо байытуу - суу кыймылынын багытына горизонталдуу тегиздикте ары-бери кыймыл-аракет жасаган бодурланган жантайган тегиз декадан агын түшкөн жука катмар сууда гравитациялык байытуу процесси;
суусуздандыруу - чийки затты кайра иштетүү продуктуларында камтылган сууну азайтуу процесси;
айланма суу менен жабдуу - сууну бир эле керектөөчүлөр тарабынан туруктуу пайдалануу шартында аны зарыл болгон деңгээлде тазалоо системасы каралган рециркуляциясы бар өнөр жайлык суу менен камсыздоо системасы;
уюм, ишкана - товарларды өндүрүү, кайра иштетүү, сатуу же алуу боюнча чарбалык иш жүргүзгөн экономикалык бирдик (тузум, чарбалык субъект); жеке, жамааттык, акционердик, мамлекеттик, биргелешкен, коомдук же юридикалык жактын укуктарын пайдаланган башка түзүмдөр;
бөлүп байытуу - гравитациялык байытуу ыкмасы, мында минералдардын аралашмалары суунун же абанын пульсациялоочу агымынын таасири астында негизинен тыгыздыгы боюнча бөлүнөт;
кайра иштетүү - казын алынган пайдалуу кенди кайра иштетүү процессинде товардык рудага, концентратка же башка продуктуга айлантуу;
байытылган продуктулар - пайдалуу кенди байытуу процессинде алынган продуктулар: концентраттар, аралык продукт, калдыктар;
өндүрүштүк процесс - конкреттүү материалдык байлыктарды түзүүгө багытталган жана эмгектик негизги предметинин туруктуулугу менен мүнөздөлгөн кандайдыр бир технологиялык жана уюштуруучу мазмундагы эмгек процесси;
суу менен тазалоо - 1. Пайдалуу компоненттерди камтыбаган чоң жана майда ташты, шагылды бөлүп чыгаруу үчүн кумду алдын ала гравитациялык байытуу методу, андан пайда болгон концентраттан кийин пайдалуу минералдар бөлүнүн алынат. 2. Руданы цементтөөчү чопо материалын борпоңдотуу (дезинтеграциялоо) жана бир эле учурда суу менен тийиштүү механизмдердин таасири астында ажыратуу аркылуу тунма пайдалуу кендин темир, марганец, фосфорит жана башка рудаларын даярдоо жана байытуу методу;
ЖБЧК - жол берилген чектик концентрациялар;
родаметрдик байытуу ыкмалары - радиоактивдүү жана иондоштуруучу нурлануу булактарын (гамма- жана бета нурлануунун изотоптук булактары, нейтрондор, рентген түтүктөрү) колдонуу менен пайдалуу кендерди байытуу жана аларды кайра иштетүүнү контролдоо методдору. Иргөө жана сепарациялоо болуп айырмаланат;
реагенттер - пайдалуу кендерди байытууда колдонулган химиялык заттар;
реагенттик бөлүм - реагенттерди убактылуу сактаган жана алар менен иштеген бөлмө;
рентген люминесценттик сепарация - минералдардын рентгендик нурдануунун таасири астында люминесценциялануу касиеттерин жана минералдардын люминисценттик мүнөздөмөлөрүндөгү айырмачылыктарын пайдаланууга негизделген пайдалуу кендерди байытуу процесси;
сепарациялоо (байытууда) - физикалык жана физикалык-химиялык касиеттери боюнча айырмаланган пайдалуу кендерди бөлүү процесси. Магниттик, полиградиенттик магниттик, магниттик-гидродинамикалык, электрдик, электрстатикалык, электрмагниттик, пневматикалык сепарациялоо түрлөрү менен айырмаланат;
коюландыруу - тартылуу күчүнүн же борбордон качуу күчүнүн таасири астында пульпада катуу бөлүктөрдүн чөгүүсүнүн (жылышуусунун) натыйжасында пульпаны коюу продуктуга жана суюк фазага бөлүү - агызуу процесси;
КТУЗ - күчтүү таасирдеги уулуу заттар;
саркынды суулар - кийин пайдаланууну эске алуу менен тийиштүү деңгээлде тазаланууга тийиш болгон адамдын тиричиликтик жана өндүрүштүк ишинде пайдалануудан кийин чыгарылган суулар;
кургатуу (байытууда) - ысытууда нымдын бууланышына негизделген минералдык чийки затты, анын ичинде байытылган продуктуларды суусуздандыруу процесси;
ЖКК - жекече коргонуу каражаттары;
КЧжЭ - курулуш ченемдери жана эрежелери;
технологиялык карта - керектүү шаймандарды жана инструменттерди көрсөтүү менен коопсуз ишке ашырууну камсыз кылуучу татаал иштерди аткаруунун аныкталган тартиби жана ырааттуулугу. Техникалык тейлөө жана жабдууларды оңдоо өндүрүүчү заводдун эксплуатациялоо боюнча колдонмосунун (нускамасынын) негизинде жүргүзүлөт;
технологиялык регламент - талаптагыдай сапаттагы продукцияны чыгарууну, эксплуатациялоонун коопсуз шарттарын, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптардын аткарылышын камсыздоочу оптималдуу технологиялык режимди, технологиялык процесстин операцияларын аткаруу тартибин аныктаган документ;
фабрика (байытуучу, алтын өндүрүүчү) - көмөкчү объекттер (кампалар, электр энергиясы жана суу менен камсыздоо объекттери) менен технологиялык линиялар (өткөргүч түтүктөрү, жолдор, электр берүүчү линиялар) менен байланышкан кен байытуучу же кен-металлургиялык комбинаттардын (цехтердин, бөлүмдөрдүн, орнотмолордун, анын ичинде стационардык жана көчмө - драга, өнөр жайлык шаймандар) курамына кирген же өз алдынча түзүм;
чыпкалоо - абаны бошотуунун же анын ашыкча кысымынын натыйжасында ар түрдүү басымдын таасири астында бүртүктүү тосмонун (материалдын) пульпасынын катуу жана суюк фазаларынын бөлүнүү процесси. Вакуум-фильтр жана пресс-фильтр колдонулат;
флотация - суюктук - газ, суюктук - суюктук ж.б. сыяктуу фазаларынын бөлүмдөрүнүн үстүнкү катмарына карата минералдардын бөлүкчөлөрүнүн тандалма байланышынын жана сырткы сапаттарынын айырмасына негизделген пайдалуу кендерди байытуу процесси. Майлуу, көбүксүз, көбүктүү; жамааттык жана селективдүү флотация; негизги, контролдук, тазалоочу; вакуумдук, компрессиондук флотация колдонулат;
флотациялык реагенттер - органикалык жана органикалык эмес заттар, алар минералдардын флотирленишин жөнгө салуу үчүн флотациялык процесске киргизилет;
калдыктар - негизинен порода пайда кылуучу минералдардан жана олуттуу сандагы пайдалуу компоненттерди камтыбаган байытуу процессинин калдыктары, аларды кошумча иштетүү айрым учурларда максатка ылайыктуу жана технологиялык жактан мүмкүн болуп саналат;
цианирлөө - рудаларды жана концентраттарды цианиддердин жана жегич металлдардын аз сандагы аралашмасында селективдүү эритүүгө негизделген ошол рудалардан жана концентраттардан металлдарды болуп алуучу гидрометаллургиялык процесс;
шихталоо - байытуу технологиясын жөнөкөйлөтүү жана көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында аралашмага, анын заттык курамына аныкталган технологиялык касиеттерди берүү үчүн түрдүү сорттогу казып алынуучу чийки затты же ар кандай минералдарды камтыган баалуу компонентти аралаштыруу процесси;
шлам сактагыч (калдык сактагыч) - чийки затты кайра иштетүүнүн калдык продуктуларын (байытуу калдыктарын) гидравликалык жайгаштырууга, аларды чөктүрүүгө, айланма суу менен камсыздоо үчүн пайдаланылган техникалык сууну калдык пульпасынан бөлүп алууга арналган гидротехникалык курулма;
электрдик сепарация - электр заряддарынын чоңдуктарындагы айырмаларга негизделген бөлүкчөлөрдү бөлүү процесси, ал электр талаасында ошол бөлүкчөлөрдүн кыймылынын траекториясын өзгөртүү жолу менен ишке ашырылат;
экстракция - аралашманын компоненттерин кайра иштетүүдө органикалык эриткичтин - экстрагенттин жардамы менен аларды бир суюк фазасынан экинчисине өткөрүү аркылуу чыгарып алуу жана ажыратуу;
чаң кармоонун (чаңды басуунун) натыйжалуулугу - абадагы чаңды салыштырмалуу (% менен) азайтуу.
2-глава. Пайдалуу кендерди майдалоо, иргөө жана байытуу объектилерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча өндүрүштүк процесстер
3-§. Жалпы талаптар
9. Катуу пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу менен байланышкан объектилер, анын ичинде көмөкчү цехтер "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык кооптуу өндүрүштүк объектилердин катарына кирет.
10. Катуу пайдалуу кендерди кайра иштетүүдө жана байытууда жүргүзүлгөн өндүрүштүк процесстерге катуу пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу менен байланышкан долбоордук иштер, технологиялык процесстер, желдетүү, суу агызуу, энергия менен камсыздоо, өрткө каршы жана радиациялык коргоо, жер казынасын жана айлана-чөйрөнү коргоо, ишканаларды консервациялоо жана жоюу сыяктуу кен казуу ишканалары жүргүзгөн иштердин толук цикли кирет.
11. Катуу пайдалуу кендерди кайра иштетүүчү жана байытуучу уюмдар ушул Эрежелерде кен жана байытуу өндүрүштөрүнүн конкреттүү шарттары үчүн каралган өндүрүштүк процесстердин өнөр жайлык, экологиялык, радиациялык жана өрт коопсуздугу боюнча талаптарын аткарышы керек.
12. Лицензиялар (уруксаттар) талап кылынган катуу пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу менен байланышкан иштин түрлөрү жана уруксат берүүчү документтерди тариздөө тартиби Кыргыз Республикасынын лицензиялоо жаатындагы мыйзамдары менен белгиленет.
13. Катуу пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу менен байланышкан объектилерди куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, эксплуатациялоо, консервациялоо жана жоюу өнөр жайлык коопсуздук жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын эсепке алуу менен аткарылган долбоорлорго ылайык жүзөгө ашырылышы керек. Долбоорлор өнөр жайлык коопсуздук боюнча экспертизадан жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын 2018-жылдын 29-майындагы № 01-7/253 буйругу менен бекитилген Өнөр жайлык коопсуздугу боюнча экспертиза жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык өткөрүлүшү керек.
14. Долбоордук документтерде геологиялык жана гидрогеологиялык чечимдерди, долбоорлонун жаткан объектинин өзүндө келип чыккан авариялардын жала долбоорлонун жаткан объектини жайгаштыруу аймагындагы объектилерде келип чыккан авариялардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды эсепке алган өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоо боюнча чечимдер каралууга тийиш.
15. Катуу пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу менен байланышкан өндүрүштөрдү жана объектилерди долбоорлоочу уюмдардын долбоорлоо башталганга чейин өнөр жайлык коопсуздук жаатында аттестациядан өткөн квалификациялуу адистердин курамында бекитилген штаты болушу зарыл.
16. Ар бир фабрикада механизмдердин, жабдуулардын, коммуникациялардын, имараттардын жана курулмалардын абалынын коопсуздугуна жана туура эксплуатацияланышына системалык контролдоо коюлушу керек. Контролдоочу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт. Жогорку кооптуулуктагы бардык иштер уруксат-наряддар боюнча аткарылышы керек.
Фабриканын ар участогунда өрт жана жарылуу кооптуулугунун категориясы белгилениши зарыл.
Фабриканын жетекчиси (анын орун басары) контролду ишке ашыруу тартибин аныктайт жана жогорку кооптуулуктагы иштердин тизмесин бекитет.
17. Фабриканын жетекчилиги фабриканын жетекчилеринин жана адистеринин укуктары, кызматтык милдеттери жана жоопкерчилиги, анын ичинде эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын абалы жөнүндө жобону бекитет.
18. Жаңы жана реконструкцияланган фабрикаларды, ошондой эле иштеп жаткан фабриканын айрым объектилерин эксплуатацияга кабыл алуу "Курулушу бүткөн объектилерди эксплуатацияга кабыл алуу. Негизги жоболору" КР КЧжЭ талаптарына ылайык жүзөгө ашырылышы керек.
19. Эмгекти коргоого, коопсуздук техникасына, өндүрүштүк санитарияга жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизе турган кемчиликтери бар объектилерди (жабдууну сыноо, желдетүү, жылытуу ж.б.) эксплуатацияга кабыл алууга тыюу салынат.
20. Эксплуатацияга киргизилип жаткан бардык объектилер жабдууларды жана механизмдерди коопсуз тейлөө боюнча нускамалар, технологиялык процессти коопсуз жүргүзүү боюнча технологиялык карталар (нускамалар), ошондой эле өндүрүштүн багыты боюнча тиешелүү квалификацияга ээ болгон жана коопсуз иштөө ыкмаларын окуп үйрөнгөн тейлөөчү персонал менен камсыздалышы керек.
Ар бир иштеп жаткан алтын өндүрүүчү, байытуучу фабрика жана драга үчүн аварияларды жоюу планы (мындан ары - АЖП) түзүлүшү керек.
АЖП өнөр жайлык коопсуздук экспертизасынан өткөрүлүшү жана фабриканын жетекчисинин (жетекчисинин орун басарынын) буйругу менен бекитилиши керек. АЖП жыл сайын түзүлөт жана кийинки жыл башталардан 15 күн мурда кайра каралып чыгат.
21. Фабрикалар иштетилген учурунда аварияларды (инциденттерди) жоюу боюнча иштерди аткарууга жана газдалган жана уулуу заттар менен булганган мейкиндикте жабыр тарткандарга жардам берүүгө жөндөмдүү болгон атайын түзүлгөн авариялык-куткаруучу кызматтар (мындан ары - АКК) тарабынан тейлениши керек.
22. Фабрикага ишке кирген же бир иштен башка ишке которулган жумушчулар жана инженердик-техникалык кызматкерлер (ИТК) саламаттыкты сактоо уюмдарында медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүшү керек.
23. Жумушчулар жана ИТК фабрикага ишке кирүүдө өнөр жайлык коопсуздукту жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган окутуу программасынын негизинде коопсуздук техникасы боюнча алдын ала окуудан өтүшү керек.
Коопсуздук техникасына алдын ала окутууну фабриканын тиешелүү бөлүмү өндүрүштөн бошотуу жана милдеттүү түрдө экзамен тапшыруу менен уюштурат.
24. Мурда иштеген жана аткарган жумушуна жараша тиешелүү кесипке ээ болгондордон тышкары бардык жумушчулар коопсуздук техникасы боюнча алдын ала окуудан өткөндөн кийин өнөр жайлык коопсуздукту жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган окутуу программаларында каралган мөөнөттөрдө жана көлөмдө фабрикалардын окутуу бөлүмдөрүндө же болбосо жекече түрдө тажрыйбалуу жумушчуларга бекитип берүү жолу менен кесиби боюнча окутуудан өтүшү зарыл.
25. Жумушчулар окууну аяктагандан кийин жана квалификациялык комиссияга экзамен тапшыргандан кийин гана кесиби боюнча өз алдынча иштөөгө уруксат алышат.
26. Бардык жаңы кабыл алынган жана ошондой эле башка ишке которулган жумушчулар ишке киришүүгө уруксат алуудан мурда фабриканын жетекчисинин (жетекчинин орун басарынын) буйругу менен бекитилген нускамага ылайык иштеген жумушчу орунуна ылайык коопсуздук техника менен тааныштырылышы керек. Нускама менен таанышуунун жыйынтыктары атайын журналга жазылат.
Эскертүү: кен тармагы боюнча жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери, ошондой эле кесиптик-техникалык окуу жайларынын окуучулары биринчи өндүрүштүк практикадан өтүүдөн мурда эки күндүк окуудан өтүп, фабриканын жетекчисинин (жетекчинин орун басарынын) буйругу менен түзүлгөн фабриканын квалификациялык комиссиясына коопсуздук техникасы боюнча экзамен тапшырууга милдеттүү.
Кийинки практикадан өтүүдөн мурда алар коопсуздук техникасы боюнча нускама менен тааныштырылып, фабриканын квалификациялык комиссиясы тарабынан билими текшерилиши керек.
27. Жумушчуларды нускама менен тааныштыруу жана коопсуздук техникасы боюнча билимин текшерүү жумушчу орунда алгачкы тааныштыруу көлөмүндө кварталына бир жолудан кем эмес жүргүзүп туруу зарыл, анын окутуу программасын фабриканын жетекчиси (жетекчинин орун басары) бекитет.
Иштин коопсуз ыкмалары боюнча билимдерди фабриканын жетекчисинин (жетекчисинин орун басарынын) буйругу менен түзүлгөн квалификациялык комиссия текшериши керек. Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө таризделет.
Эмгектин жаңы технологиялык процесстери жана методдору ишке киргизилгенде, ошондой эле коопсуздук техникасы боюнча талаптар өзгөргөн же болбосо жаңы нускамалар киргизилген учурда бардык жумушчулар фабриканын жетекчиси (жетекчинин орун басары) белгиленген мөөнөттөрдө жана көлөмдө кезексиз тартипте нускама менен таанышып чыгууга тийиш.
28. Фабриканын жумушчулары үчүн фабриканын жетекчисинин (жетекчисинин орун басарынын) буйругу менен кесиптер боюнча коопсуз иштөө методдору, ошондой эле технологиялык жабдууларды коопсуз эксплуатациялоо жана оңдоо методдору боюнча нускамалар иштелип чыгышы жана бекитилиши керек. Нускамалар өндүрүштүк иш участогунда сакталышы жана 3 жылда бир жолу жумушчуларды кол койдуруп тааныштыруу менен кайра каралып турушу керек.
29. Бардык жумушчулар жана ИТК кырсыктардан, уулануудан жана электр тогунан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча окутуудан өтүп турушу керек.
Цехтерде жана бөлүмдөрдө зыяндуу же уулуу заттар менен иштеген жумушчулар уулуу заттар менен иштөө эрежелери боюнча окутуу курсунан өтүүгө жана фабриканын квалификациялык комиссиясына экзамен тапшырууга милдеттүү.
30. Ар бир жумушчу ишти баштоодон мурда иштөө үчүн зарыл болгон сактоочу түзүлүштөрдүн, инструменттердин, механизмдердин, жекече коргонуу каражаттарынын (мындан ары - ЖКК) жана шаймандарынын бар экендигин жана бузугу жоктугун текшерүүгө тийиш. Өзү четтете албаган кемчиликтер табылган учурда жумушчу ишке киришүүдөн мурда бул тууралуу өзүнүн түздөн-түз жетекчисине билдирүүгө милдеттүү.
31. Окуудан өткөн жана электр коопсуздугунун тиешелүү квалификациялык тобуна экзамен тапшырган адамдарга гана электр түзүлүштөрүн тейлөөгө жана оңдоо иштерине жол берилиши керек.
32. Тиешелүү квалификациясына ээ болгон жана айкалыштырылган бардык кесиптер боюнча нускама менен таанышып чыккан жумушчуга гана ар башка кесиптерди айкалыштырууга жол берилет.
33. Фабриканын жетекчиси жумушчуларды атайын кийим жана ЖКК менен өз убагында камсыз кылууга милдеттүү.
34. Фабрикада противогаздарды, респираторлорду, ошондой эле башка ЖККларды пайдалануу убактысын эсепке алуу жана аларга мезгили менен текшерүүлөрдү жүргүзүү, белгиленген ресурсун иштеп бүткөн бөлүктөрдү (түйүндөрдү) алмаштыруу жана эксплуатациялоого жараксыз каражаттарды андан ары пайдалануудан чыгаруу уюштурулушу керек.
35. Фабрикадагы иштерди техникалык жактан жетектөөгө байытуу жана металлургиялык өндүрүш иштери боюнча тиешелүү багыттагы жогорку же орто кесиптик билими бар адамдарга жол берилет, мында ушул сыяктуу өндүрүштөрдө үч жылдан кем эмес тажрыйбасына ээ болуу жана "Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы" боюнча курстардан экзамен тапшыруу шарттары сакталышы керек.
36. Фабриканын ИТК боюнча кызматтык нускамаларында ээлеген кызмат ордуна ылайык коопсуз эмгек шарттарын камсыздоо боюнча укуктар, милдеттер жана жоопкерчиликтер белгилениши керек. Ар бир ИТК өзүнүн кызматтык нускамасы жана ага киргизилген өзгөртүүлөр менен колун коюп таанышып чыгууга тийиш.
37. Пайдалуу кендерди кайра иштетүүчү жана байытуучу фабрикалардын жетекчилери жана бөлүмдөрдүн адистери тиешелүү билимге ээ болууга жана үч жылда бир жолу өнөр жайлык коопсуздук жаатында аттестациядан өтүп турууга тийиш. Ишкананын жетекчилерин жана бөлүмдөрдүн адистерин аттестациялоо экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аттестациялык комиссиясы тарабынан ишке ашырылат. Айрым ИТКларды аттестациялоо ишкананын квалификациялык комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт.
38. Пайдалуу кенди кайра иштетүүчү объектилерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча өндүрүштүк процесстеринде иштеген жумушчулар аткарган ишине жараша кесиптик билимге ээ болууга, аткарган жумуштун коопсуздугу боюнча нускама менен таанышууга жана билимин текшертүүгө тийиш.
39. Ар бир жумушчу орунда коопсуз эмгек шарттары камсыздалышы керек. Техникалык көзөмөлдөөнү текшерген адамдар тарабынан жумушчу орундардын абалын контролдоонун мезгилдүүлүгү (нөөмөтүнө бир жолудан кем эмес) фабриканын жетекчиси тарабынан белгиленет.
Коопсуздук эрежелерине шайкеш келбеген жумушчу орундарда иштөөгө тыюу салынат.
40. Жумушчу орундарда жана анын жанында адамдардын коопсуздугун камсыздашы керек. Жумушчу орундарды жана өтмөктөрдү тосууга жол берилбейт. Материалдарды, запастык бөлүктөрдү, инструменттерди, өндүрүштүк калдыктарды сактоо үчүн атайын жайлар каралат.
Жумушчу орундардын жарыктандырылышы "Табигый жана жасалма жарыктандыруу" 23-05:2019 КР СЭге шайкеш болушу керек. Ар бир жумушчу орунда көз карандысыз кубаттануу булагы бар авариялык жарыктандыруу же болбосо аккумулятордуу шамчырак болушу зарыл.
41. Тапшырмалардын наряддарын берүүчү орун жайларда, жумушчу орундарда, агрегаттардын жанында жана адамдар өткөн жолдордо эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча плакаттар, нускамалар жана белгилер илинип турушу керек.
42. Жумушчу орунда тамеки чегүүгө жана тамактанууга тыюу салынат. Тамеки чегүү жана тамактануу үчүн атайын жайлар (орундар) жабдылышы керек.
Техникалык же өндүрүштүк суу түтүгүнөн суу ичкенге тыюу салынат. Ичүүчү суу фабриканын жетекчилиги тарабынан бактарда, оргуштап чыгуучу чорголор же атайын флягаларда алынып келип камсыздалышы керек. Ысык цехтерде иштегендер атайын жабдылган жайда газдалган суу менен камсыздалышы керек.
43. Бардык тейлөөчү аянтчалар, өтмө көпүрөлөр жана тепкичтер бекем, туруктуу болуп, узата орнотулган тосмолору жана төмөн жагынан бийиктиги 0,15 м кем эмес чылгый капталмасы бар бийиктиги 1 м кем эмес кармооч менен жабдылышы керек.
44. Жумушчу аянтчаларга жана механизмдерге өтүүчү тепкичтердин жантаюу бурчу төмөнкүдөй болушу керек:
1) ар дайым пайдаланылгандар - 45 градустан жогору эмес;
2) нөөмөтүнө 1-2 жолу пайдаланылгандар - 60 градустан жогору эмес;
3) зумпфаларда, кудуктарда - 90 градуска чейин.
Тепкичтердин туурасы 0,6 м кем эмес, баскычтардын бийиктиги 0,3 м ашык эмес, баскычтардын туурасы 0,25 м кем болбошу керек. Зумпфаларда жана кудуктарда скобаларды колдонууга жол берилет.
45. Фабриканын жайларында жана аймагында жайгашкан бардык монтаждык орундар, чуңкурчалар, зумпфалар, кудуктар, коолор бийиктиги 1 м түзгөн, төмөн жагынан жогоруну көздөй 0,15 м кем болбогон чылгый капталмасы бар тосмолор менен же болбосо бүткүл капталы боюнча кыймылдабаган төшөмөлөр (тор) менен тосулушу керек, зарыл болгон жерлерде туурасы 1 м кем болбогон өтмө көпүрөлөр менен жабдылышы керек.
46. Түтүктөр, кобулдар жана башка коммуникациялар жумушчу аянтчаларын тоспошу керек, ал эми өтмөктөрдү жана жумушчу аянтчаларды кесип өтө турган болсо полдон 2 м кем эмес бийиктикте жайгаштырылышы зарыл.
Өтмөктөрдү жана жумушчу аянтчаларды кесип өткөн реагент өткөргүчтөр түпкүчтөр менен жабдылышы керек, өткөктүн (жумушчу аянттын) деңгээлинен түпкүчтүн кыйла чыгып турган бөлүгүнө чейинки минималдуу бийиктик 1,8 м кем болбошу керек.
47. Аралыктан башкаруусу жок жабуучу арматураны тейлөө жана полдун деңгээлинен 1,5 м бийиктикте жайгашкан контролдук-өлчөөчү приборлорду пайдалануу үчүн туурасы 0,8 м кем болбогон стационардык аянтчалар жасалышы керек.
48. Машиналар менен аппараттардын ортосундагы жана дубалдардан жабдуулардын тыш өлчөмүнө чейинки минималдуу жол берилген аралык төмөнкүдөй болушу керек:
1) негизги өтмөктөрдө - 1,5 м кем эмес;
2) машиналардын ортосунда жумушчу өтмөктөрдө - 1 м кем эмес;
3) дубалдар менен машиналардын ортосундагы жумушчу өтмөктөрдө - 0,7 м кем эмес;
4) машиналар менен дубалдардын (курулуш конструкциясынын) жана машинанын арасындагы ченемдүү жумушчу өтмөктөрүң сактоо менен тарылуу жерлери - 0,7 м кем эмес;
5) бактарды, чоң челектерди жана резервуарларды көздөй тейлөө жана оңдоо үчүн өтмөктөрдө - 0,7 м кем эмес.
Эскертүү: минималдуу жол берилген аралык катары орнотулган өткөргүч түтүктөрдү, аппаратураларды ж.б. эсепке алуу менен машиналардын, фундаменттердин, тосмолордун жана имараттардын дубалдарынын чыгып турган бөлүктөрүнүн ортосундагы нак өлчөмдөрдү түшүнүү керек.
49. Жабдууларды оңдоо учурунда ири котормо түйүндөрүн жана деталдарын ташуу үчүн арналган өтмөктөрдүн минималдуу кеңдиги түйүндөрдүн жана деталдардын туурасынан кеткен эң чоң өлчөмү ар бир тарапка 0,6 м кошуу жолу менен аныкталат.
50. Морлорду эксплуатациялоо жасап чыгаруучу заводдун нускамаларынын талаптарына ылайык ишке ашырылышы керек.
51. Иш үстүндөгү жумушчулар авариялык кабарлоонун сигналдарын, аварияларда өзүн алып жүрүүнүн эрежелерин, коргоо каражаттарынын жайгашкан орундарын жана аларды колдонууну билиши керек. Технологиялык процесстерди коопсуз ишке ашыруу, машиналар менен механизмдерди коопсуз тейлөө жана эксплуатациялоо боюнча нускамалар белгилүү жана жеткиликтүү болгон жерде турушу керек. Жумушчулар жарым жылда бир жолу эмгек коопсуздугу боюнча нускама менен кайталап таанышып чыгышы керек жана жылына бир жолудан кем эмес - эмгек коопсуздугу боюнча нускамалар тууралуу билимин текшертиши керек. Текшерүүнүн жыйынтыктары протокол түрүндө таризделет жана нускоочу журналга же жумушчунун жеке картасына жазылат.
52. Четтик уюмдар фабрикадагы жумуштарды ушул Эрежелердин талаптарына ылайык так аткарышы керек, мында коопсуздук эрежелеринин талаптарын сактоо үчүн жоопкерчилик ошол уюмга жүктөлөт.
53. Пайдалуу кендерди кайра иштетүүчү жана байытуучу уюм өнөр жайлык коопсуздук жана эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өнөр жайлык коопсуздукту жана эмгекти коргоону башкаруу системасын иштеп чыгышы керек.
54. Катуу пайдалуу кендерди кайра иштетүү менен байланышкан кооптуу өндүрүштүк объектилерди эксплуатациялоочу уюмдар ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилген нускамага ылайык өнөр жайлык коопсуздук талаптарынын сакталышына карата өндүрүштүк контролду уюштурууга жана ишке ашырууга милдеттүү. Уюмдар ар бир жумушчу орундагы (жумушчу орундарды аттестациялоо) жана жалпы эле объектидеги коркунучтарды баалоонун негизинде коргоочу иш-чаралардын иштелип чыгышын уюштурууга, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугун камсыздоого милдеттүү.
55. Коопсуздуктун жогорку талаптары коюлган иштерди жүргүзүү жазуу жүзүндөгү наряд-уруксаттар боюнча гана ишке ашырылат.
Наряд-тапшырманы же наряд-уруксатты берүүнүн тартиби уюмдун жетекчиси тарабынан аныкталат.
56. Катуу пайдалуу кендерди кайра иштетүүчү жана байытуучу уюмдар АККларды түзүүгө, авариялардын кесепеттерин чектөө жана жоюу боюнча иш-чараларды пландоого жана ишке ашырууга милдеттүү.
57. Пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу менен байланышкан ар бир объектиде ишкананын жетекчиси тарабынан аныкталган тизмеге кирген объекттерге бөтөн адамдардын кирүүсүнө жол бербөөчү күзөт системасы иштеши керек.
58. Пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу менен байланышкан коркунучтуу өндүрүш объектилерин эксплуатациялоочу уюмдарда өндүрүш объектилерине жана адамдарга коркунуч жараткан кооптуу жагдайлар келип чыккан учурда жумушчулардын жана кызмат адамдарынын өзүн алып жүрүүсүнүн тартиби аныкталышы керек.
Адамдарга жана өндүрүш объектилерине коркунуч жараткан кооптуу жагдайды байкаган ар бир жумушчу ал тууралуу нөөмөттүн техникалык жетекчиси не кабарлоого ошондой эле коркунучка кептелген адамдарга эскертүүгө милдеттүү.
59. Технологиялык жабдууларды (жаңы долбоорлонгон же эксплуатациялоого киргизилген) өндүрүүчү ишканалар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ченемдик документтерине ылайык пайдалуу кенди кайра иштетүү жана байытуу процесстеринде технологиялык жабдууларды өндүрүүгө, эксплуатациялоого жана пайдаланууга киргизүүгө уруксаты болууга тийиш.
60. Катуу пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу менен байланышкан коркунучтуу өндүрүш объектисин эксплуатациялоочу уюм төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өз ишинде ушул Эрежелердин жоболорун жетекчиликке алууга жана өндүрүштүк, экологиялык, радиациялык жана өрт коопсуздугу, имараттарды жана курулмаларды куруу коопсуздугу жаатындагы эрежелерди сактоого;
2) фабриканын муктаждыгына жараша жумушчулар штатынын комплектелишип камсыз кылууга;
3) квалификациялык талаптарга жооп берген жана аткарыла турган ишке карата эч кандай медициналык каршы көрсөтмөлөрү болбогон адамдарга иштөөгө уруксат берүүгө;
4) өндүрүштүк коопсуздук жаатында жумушчуларды даярдоону жана аттестациялоону камсыздоого;
5) өндүрүштүк процесстерди контролдоонун зарыл болгон приборлорунун жана системаларынын болушун жана иштешин камсыздоого;
6) катуу пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу боюнча өндүрүштүк процесстердин, анын ичинде имараттар менен курулмалардын өнөр жайлык коопсуздугуна экспертиза жүргүзүлүшүн камсыздоого, ошондой эле техникалык түзүлүштөрдү диагностикалоого, сыноого, күбөлөндүрүүгө;
7) химиялык кооптуу заттарды сактоо боюнча өнөр жайлык коопсуздук талаптарынын аткарылышын камсыздоого;
8) контролдоочу органга авариялар, алардын келип чыгуу себептери, ошондой эле жумушчулардын алган жаракаттары жана көрүлгөн чаралар тууралуу билдирүүгө.
61. Кооптуу өндүрүштүк объектиде орун алган бардык кырсыктар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 27-февралындагы № 64 токтому менен бекитилген Өндүрүштөгү кырсыктарды териштирүү жана эсепке алуу жөнүндө жобонун талаптарына ылайык териштирилүүгө жана эсепке алынууга тийиш.
62. Жабыр тартуучу же күбө ар бир жаракат алуу окуясы тууралуу токтоосуз түрдө жумуштардын жетекчисине кабарлашы керек, ал өз кезегинде уюмдун жетекчилигине билдирүүгө жана медициналык тез жардам бригадасын чакырууга милдеттүү. Эгерде адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратпаган кырсык же авария болгон жумушчу орун тергөө башталганга чейин өзгөрүлбөгөн абалда сакталышы керек.
4-§. Ишканалардын жана өнөр жайлык аянтчалардын аймактарын жайгаштырууга жана кармоого коюлуучу талаптар
63. Фабриканы куруу же реконструкциялоо аянтчалары, өндүрүштүк жана санитардык-тиричилик багытындагы имараттар менен курулмаларды жайгаштыруу аймактын климатын, рельефин, табигый желдетүүнү жана өндүрүштөн чыккан калдыктардын атмосферада таркап кетүү шарттарын эске алуу менен жер, суу, токой, шаар куруу жана башка мыйзамдарга ылайык долбоорлоо алдындагы стадияда тандалат. Аянтчаларды жайгаштыруу негиздемесинде альтернативдүү варианттар, эсептөөлөр, анын ичинде фабриканы куруунун, реконструкциялоонун жана эксплуатациялоонун санитардык-гигиеналык кесепеттери эске алынышы керек.
64. Пайдалуу кендерди кайра иштетүүчү жана байытуучу ишканаларды куруунун (реконструкциялоонун) долбоордук материалдары өндүрүштөрдүн жана бүтүндөй ишкананын санитардык-коргоочу аймагын тандоо боюнча берилген негиздемеси, өндүрүш объекттеринин жана курулмалардын санитардык классы, чаң-газ калдыктарын жана саркынды сууларды, суу айлануу жана өнөр жайлык таштандыларын жок кылуу системасын тазалоо боюнча курулмалардын мүнөздөмөсү боюнча бөлүмдү камтуусу керек.
65. Кен казуучу ишканалардын өндүрүштүк объектилери үчүн ишканалардын, өндүрүштөрдүн, объектилердин санитардык квалификациясына ылайык санитардык-коргоо аймактары (мындан ары - СКА) белгиленет.
66. Фабриканын административдик-чарбалык жана санитардык-тиричилик имараттары өндүрүш имараттарына (аба булгай турган булактары бар), жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүү үчүн ачык аянттарга, буу казандарына карата шамал соккон тарабында жайгаштырылышы керек.
67. Өндүрүш продуктуларын үйүп жүктөө үчүн негизги кабыл алуучу түзүлүштөрдү, ачык аянтчаларды, фабриканын калдык сактоочу чарбаларын жана цехтерди башка өндүрүштүк имараттарга карата шамал келген жагынан жайгаштыруу керек.
68. Пайдалуу кендерди жайгаштыруу үчүн жакшы желдетилүүчу, жарык, кыйла сыйымдуу, ошондой эле жүктөө-түшүрүү операцияларын толук механикалаштырууга жана коопсуз иштөөгө мүмкүндүк берүүчү көтөрүүчү-транспорттук каражаттар менен камсыздалган атайын аянтчалар каралат. Кен массасын жүктөө жана түшүрүү үчүн колдонулуучу жабдуунун чаңды басуучу натыйжалуу каражаттары болушу керек.
69. Транспорт жүрүүчү жолдорду, жөө адамдар жүрө турган жолчолорду жана аянтчаларды долбоордук чечимдерге ылайык жайгаштыруу зарыл. Шахталарды, карьерлерди фабрикалары менен байланыштырган калктуу конуштардын аймагында, ошондой эле калктуу конуштун жанындагы участоктордо (эки километрден кем эмес аралыкта) жолдор катуу кыртыш менен жабылышы керек.
70. Шахталар, карьерлер фабрикадан кыйла алыс жайгашкан учурда (калктуу конуштан тышкары) жолдорду коопсуз илешкек материалдардан гравий жана шагыл менен төшөөгө жол берилет. Бул максаттарда урчук таштуу кектерди, кара майды жана чайырды колдонууга болбойт. Жылдын жылуу, кургак мезгилинде жолдор суу же туздуу суу аралашмасы менен туруктуу негизде нымдалып турат.
71. Катуу пайдалуу кендерди байытуу жана кайра иштетүү объекттеринде геологиялык-маркшейдердик иштер комплекси Кыргыз Республикасынын аймагында иштердин ушул түрлөрү боюнча колдонуудагы тиешелүү эрежелердин жана ченемдик укуктук документтердин талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
72. Пайдалуу кендерди жердин астында жана үстүндө кайра иштетүү жана байытуу ушул Эрежелердин жана иштердин ушул түрлөрү боюнча ченемдик документтердин талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
5-§. Жабдууларды эксплуатациялоо
73. Фабрикада орнотулган суюктугу бар жүк көтөрүүчү механизмдерди, идиштерди жана өткөргүч түтүктөрдү эксплуатациялоодо ушул Эрежелердин жана иштердин ушул түрлөрү боюнча ченемдик документтердин талаптарын жетекчиликке алуу керек.
74. Ишканалардын газ чарбасын эксплуатациялоо ушул Эрежелердин жана иштердин ушул түрлөрү боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
75. Компрессордук станцияларды эксплуатациялоо ушул Эрежелердин жана иштердин ушул түрлөрү боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык жүргүзүлүшү керек.
76. Машиналар менен механизмдердин бардык кыймылдаган жана тегеренүүчү бөлүктөрү, иштеткичтин жана которуу элементтеринин иштөө учурунда аларга жетүүгө мүмкүндүк бербей турган ишенимдүү тосмолору болушу керек.
77. Технологиялык жабдуунун айлануучу бөлүктөрүнүн (вал, муфта, шкив, барабан, фрикциялык дисктер ж.б.) туташ же 25×25 мм ашык эмес өлчөмдөгү чөнөктөрү бар тордуу тосмолору болушу керек.
Конвейерлердин барабандарынын тордуу тосмолорунун чөнөктөрүнүн одному 40×40 мм ашпашы керек. Тиштүү жана чынжырлуу которгучтардын жайгашкан бийиктигине жана кыймылынын ылдамдыгына карабастан туташ тосмосу болушу керек.
78. Машиналарды иштетүүдөн мурда тейлөөчү персоналдын коопсуздугу толук камсыздалышы керек. Жабдууну иштетип баштагандан мурда эскертүүчү жарык же добуштук сигнал берилиши керек.
Көрүү аймагынан сырткары болгон жабдууну иштетүүдөн мурдагы сигналдын добушунун узактыгы 10 секунддан кем эмес жана иштетиле турган бардык механизмдер угула тургандай болушу керек. Биринчи сигнал берилгенден кийин 30 секунддан кем эмес убакыт күтүү керек, андан кийин жабдууну иштеткенден мурда берилүүчү экинчи сигналдын добушунун узактыгы 30 секундду түзүшү керек. Механизмдерди жана жабдууларды иштетүү жогоруда белгиленген иштеп баштоого чейинки сигналдарды камсыздаган орнотмо тарабынан тосмолонушу зарыл.
Мындан сырткары мындай жабдууну иштетүү катуу сүйлөгүч байланыш аркылуу иштетилип жаткан жабдуунун аталышы жана технологиялык номерин белгилөө менен билдирилет. Ызы-чуу деңгээли жогору жерлерде кайталоочу жарык сигнализациясы каралышы керек. Жабдууну иштетүүдөн мурда сигналдарды берүүнүн тартиби менен ишканадагы аны тейлөөгө жана эксплуатациялоого катышкан бардык жумушчулар таанышып чыгууга тийиш. Берилүүчү сигналдардын шарттуу белгилери жумушчу орундарда илинет.
79. Жабдууларды эксплуатациялоого кабыл алуу фабриканын жетекчисинин (жетекчисинин орун басарынын) буйругу менен түзүлгөн комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Кабыл алуу жол-жобосу акт менен таризделет.
Монтаждоодон же оңдоодон өткөн жабдууну токтотуу жана иштетип баштоо көзөмөлдөөнү ишке ашырган адамдардын же монтаждык-оңдоо иштерин жүргүзгөн бригадирдин катышуусу менен кооптуу аймакта адамдардын жоктугу текшерилгенден кийин гана жүргүзүлөт.
80. Жабдуу иштеп жаткан учурда кыймылдап жаткан бөлүктөрүн оңдоого жана тейлөөгө, төгүлгөн заттарды кол менен жыйноого жана механизмдин конструкциясына ылайык ага жол берилген учурдан тышкары иштеп жаткан машиналар менен механизмдерди майлоого тыюу салынат.
81. Электр энергиясын берүү же болбосо жабдуунун кандайдыр бир башка себеп боюнча токтотулган учурда өзүнөн-өзү иштеп кетүүсүнө жол берүүгө мүмкүн болбогон жабдууну иштетүүчү бардык электр кыймылдаткычтарынын өз алдынча иштеп кетүүсүнүн алдын алуучу түзүлүштөрү болууга тийиш.
82. Фабрикада нөөмөттү кабыл алуу жана өткөрүп берүүнүн, агрегаттарды карап чыгуунун тартиби иштелип чыгып, жетекчинин (жетекчинин орун басарынын же башкы инженердин) буйругу менен бекитилиши керек, ошондой эле участокту (цехти, бөлүмдү жана фабриканы) текшерүүнүн, аларды өндүрүү тартибин сактоонун мезгилдүүлүгү аныкталышы зарыл.
83. Жабдууларды эксплуатациялоо өндүрүүчү заводдун техникалык паспортторунда, технологиялык карталарында же нускамаларында белгиленген техникалык режимди сактоо менен жүргүзүлүшү керек.
84. Жабдууларды, инструменттерди жана шаймандарды карап чыгуу, мезгили менен текшерүү жана сыноо иштери техникалык нускамаларга жана эксплуатациялоо эрежелерине ылайык жүргүзүлүшү керек. Бузук жабдууда иштөөгө, бузук шаймандарды жана инструменттерди пайдаланууга тыюу салынат.
6-§. Өрткө карты коргоо
85. Өндүрүштүк орун жайлар менен өрткө каршы жабдуулардын сакталышы ушул Эрежелердин жана иштердин ушул түрлөрү боюнча ченемдик документтердин талаптарына жооп бериши керек.
86. Күйүүчү-майлоочу жана сүрүүчү материалдар жумушчу орундарда материалдардын ар бир түрү боюнча үч күндүк муктаждыктан ашпаган өлчөмдө жабык металл идиштерде сакталышы керек. Жумушчу орундарда жалбырт этин күйүн кетүүчү заттарды (бензин, керосин ж.б.) сактоого тыюу салынат.
87. Фабрикада автоматтык телефондук станция (мындан ары - АТС) же өрт өчүрүүчү жана профилактикалоочу чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жакынкы бөлүмү, ишкананын коммутатору же жакынкы калктуу конуш менен байланыштыруучу башка байланыштын түрү болушу керек.
88. Өндүрүштүк багыттагы жолдор өрт өчүрүүчү автомобилдердин өтүүсү үчүн жарактуу болушу керек. Эгерде өндүрүштүк шарттар боюнча имаратка кирүүчү жолдорду куруу талап кылынбаса, өрт өчүрүүчү автомобилдердин кирүүсү туурасы 6 м болгон пландалган аймак боюнча имараттын эки тарабынан анын бүт узундугу боюнча кирүүсү камсыздалышы керек.
89. Кирүүчү бөлүгүнүн же эркин пландалган аймактын четинен имараттын дубалына чейинки аралык 8 метрден ашпоого тийиш. Өрт өчүрүүчү автомобилдердин өтүүсү үчүн пландалган аймактарды таза кармоо, бөтөн предметтер менен тоспоо зарыл, аларда үстүнкү суу бургуч болууга тийиш; ылайлуу жана чаң сыяктуу кыртыштарга чөп айдалышы керек же шлак төгүлүшү керек.
90. Бардык өндүрүштүк жана көмөкчү жайлар, орнотмолор, курулмалар жана кампалар өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары жана өрт өчүрүүчү инвентарь менен камсыздалууга тийиш, бул каражаттардын саны жана аларды күтүү ушул Эрежелердин жана иштин ушул түрү боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын жана өрт өчүрүүчү инвентардын жайгашкан жери өрттү алдын алуучу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашылууга тийиш.
91. Ишкананын аянтчаларында өндүрүштүк же чарбалык-ичүүчү суу түтүктөрү менен бириктирилген өрткө каршы суу түтүктөрү болушу керек. Өрт гидранттары жолдордун жана өтүүчү жерлердин боюнда бири-биринен 150 метрден ашык эмес, имараттын дубалдарынан 5 метрден жакын эмес аралыкта жана жолдун өтүүчү бөлүгүнөн 2 метрден алыс эмес кесилиштерге жакын аралыкта жайгаштырылат.
3-глава. Пайдалуу кендерди кайра иштетүү жана байытуу
7-§. Руданы жеткирүү, кабыл алуучу жана орто аралык бункерлер
92. Руданы кабыл алуучу корпустун (бөлүмдүн) алдында кабыл алуучу аянтчага курамдарды (автосамосвал, скиптер ж.б.) жөнөтүүгө уруксат берүүчү же тыюу салуучу светофор орнотулушу керек. Айрым учурларда жүк түшүрүү шлагбаум менен туташтырылган жана бункердин алдына орнотулган светофорлордун уруксат берүүчү сигналы боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Кабыл алуучу жана жүк түшүрүүчү түзүлүштөр менен бункерлердин жумушчу аянтчалары тейлөөчү персоналга темир жол курамынын келгендиги тууралуу кабарлоочу үн жана жарык сигнализациясы менен жабдылууга тийиш. Сигналдар курамдар келүүчү убакытка жана скиптик көтөргүчтөр менен аркандык жолдордун иши башталганга чейин 1-2 мүнөт мурда берилет.
93. Кабыл алуучу түзүлүштөрдүн жумушчу аянтчаларында темир жол рельстеринин үстүнкү деңгээлинде кыймылдуу курамды тейлөө үчүн өтмөктөр каралууга тийиш. Ушул максатта рельстердин ортосуна рельстердин үстүнкү деңгээлинде төшөмөлөр орнотулушу керек.
94. Темир жолдордун габариттери руданын чачындыларынан жана бөтөн предметтерден дайыма бош турушу керек.
95. Бункерлердин кабыл алуучу воронкасында оңдоо иштери жүргүзүлүп жатканда кабыл алуучу жолдор транспорттук персоналга бул тууралуу алдын ала кабарлоо аркылуу милдеттүү түрдө шлагбаумдар же болбосо башка ыкма менен жабылууга тийиш. Поезддердин курамдары кабыл алуучу түзүлүштөрдүн районунан чыгарылышы керек. Эки же андан ашык кабыл алуучу бункер болгон учурда алардын биринде оңдоо иштерин жүргүзүүнү камсыздоо үчүн ишкананын жетекчисинин (жетекчинин орун басары же башкы инженер) буйругу менен бекитилген коопсуздуктун атайын чаралары жергиликтүү шарттарга жараша иштелип чыгышы зарыл.
96. Бункердин кабыл алуучу жери менен кубаттандыргычтын аянтчаларынын жана кезек майдалоочу майдалагычтын ортосунда байланыш (телефон, үн күчөткүч, жарык берүүчү) камсыздалышы керек.
97. Автотранспорт жана кабыл алуучу бункерлер үчүн маневрдик аянтчаларда руданын чачындылары жана бөтөн предметтер болбоого тийиш.
98. Руда менен келген каражаттар кабыл алуучу түзүлүштөрдүн районунан чыгарылууга тийиш.
99. Кабыл алуучу түзүлүштөрдүн капталдарынан жана жүк түшүрүүгө карама-каршы тарабынан жүктөөчү тешиктери бекем перилалар менен тосулууга тийиш. Эки тарабынан жүк түшүрүүдө каптал тарабынан тосулат.
Автосамосвалдардын артка жүрүүсүн чектөө үчүн кабыл алуучу бункердин жүктөөчү тешиги бийиктиги автосамосвалдардын жүк көтөрүмдүүлүгүнө жараша долбоордук чоңдукка шайкеш келүүгө тийиш болгон ишенимдүү тоскоолдук менен тосулууга тийиш.
Кабыл алуучу бункерлердин жүктөөчү тешиги автосамосвалдардын кирүүсүн көтөрө алган колосниктик решетка менен жабылган учурда жүктөөчү тешикти тоспой коюуга жол берилет.
100. Бункерлердин кабыл алуу аянтчалары жана продуктуларды жүктөп жөнөтүү аянтчалары чаң басып кеткен учурда чаңды натыйжалуу басуучу (тосуучу) каражаттар менен жабдылышы керек.
Жүк түшүрүүчү люктар ачык болгон учурда кабыл алуучу бункерлерде жүктөөгө тыюу салынат, ал эми бункерлерден жүк түшүрүү учурунда - жүк түшүрүү зонасында тейлөөчү персоналдын болуусуна тыюу салынат.
101. Бункерлердеги рудалардын топтолушун, туруп калышын алып салууну жана аларды тазалоону атайын шаймандардын жана түзүлүштөрдүн (электр титиреткичтердин, пневматикалык түзүлүштөрдүн, гидроагызуучулардын ж.б.) жардамы менен гана жүргүзүүгө уруксат берилет. Адамдардын мындай максатта бункерлерге түшүүсүнө тыюу салынат.
102. Орто аралык бункерлер эгерде алар өзү жүк түшүрүүчү арабалар менен толуп калбаса төшөмөлөр менен жабдылууга тийиш. Өзү жүк түшүрүүчү арабалар же реверсивдүү конвейерлер колдонулган учурда жүктөөчү тешиктер туурасы 200×200 миллиметрден ден кем эмес болгон решеткалар менен жабылышы керек же алардын бийиктиги 1 метрден төмөн болбогон тосмолору болушу зарыл. Мындай тосмолор же решеткалар конвейердик транспортту жүктөөчү жерлердеги бункерлерге да орнотулууга тийиш.
103. Кароо же оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн адамдарды кубаттангычтардын жана бункерлердин кабыл алуучу воронкаларына түшүрүү менен байланышкан иштердин коопсуздугун камсыздоо максатында уруксат-наряд таризделет. Иштер өндүрүштүн долбооруна ылайык жүргүзүлөт. Мында төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
1) бункер, анын конструкциялары, бункердин үстүндөгү аянтчалар жана ошол участоктогу кирүүчү жолдор материалдардан толук тазаланышы жана желдетилиши керек, бункердеги аба чөйрөсү милдеттүү түрдө контролдонууга тийиш;
2) бункерлердеги иштерге коопсуз киришүү боюнча өндүрүштүк нускамаларга ылайык техникалык көзөмөлдөөчү адамдардын үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүсүн жана жумушчуларга милдеттүү түрдө инструктаж өткөрүүнү камсыздоо;
3) кабыл алуучу, транспорттук түзүлүштөрдүн, орто аралык бункерлердин иш аянтчаларында, бункерлердин жапкычтарынын механизмдеринде бункерлердин ичинде жүргүзүлүп жаткан иштерди көрсөткөн эскертүүчү белгилер орнотулушу керек;
4) жумушчуларды бункерге түшүрүүнүн алдында жүктөөчү жана жүк түшүрүүчү кубаттангычтарды токтотуу, аларды өчүрүү жана "Иштетпегиле! Адамдар иштеп жатат!" деген жазуусу бар плакаттарды илүү, электр схемаларын ажыратуу, мурдагы жана кийинки технологиялык жабдуунун иштеткичтерин токтон ажыратуу зарыл;
5) иштер жүргүзүлүп жаткан бункерге предметтердин түшүүсүн алдын алуу мүмкүн болбогон учурда бункерде иштеп жаткан адамдардын жаракат алуусун болтурбоо үчүн ишенимдүү тосмолор орнотулушу керек;
6) бункерлерде иштеген бригада үч адамдан кем эмес болбоого тийиш, алардын экөөсү бункердин үстүңкү бөлүгүндө болушу керек. Бункерде иштеп жаткан адамдар мобилдик байланыш менен камсыздалышы керек. Бункердин ичин жарыктандыруу үчүн 12 В жогору болбогон чыңалуудагы көтөрүп жүрүүчү лампалар колдонулушу зарыл. Бункерде иштеп жаткан адамдарга коркунуч жаралган учурда аларды дароо чыгаруу керек;
7) коргоочу курлар колдонулушу керек; кабыл алуучу бункердин бүткүл периметри боюнча (кирүүчү бөлүгүнөн сырткары) коопсуздук куру кошуу үчүн коопсуздук арканы (трос) тартылышы керек; коргоочу курлар жана коопсуздук аркандарын эксплуатациялоодо 6 айда бир жолу 5 мүнөт 2250 кН статикалык оорчулук келтирүү менен сыналышы керек жана акыркы сыноонун датасы көрсөтүлгөн эн-тамгасы болууга тийиш;
8) коргоочу курдун тросун же арканын чөлмөк конвейерлеринин жана жүк түшүрүүчү арабалардын алкактарына, ошондой эле башка технологиялык жабдууга байлоого тыюу салынат.
104. Кабыл алуучу, орто аралык жана топтоочу бункерлерде жардыруу иштерин жүргүзүүгө ушул Эрежелердин талаптарына жана иштердин ушул түрлөрү боюнча ченемдик документтерге ылайык гана жол берилет.
8-§. Майдалоо жана калбырлоо
105. Майдалагычтардан руданын бөлүктөрүнүн аянтчага мүмкүн болгон ыргып кетүүсүнөн сактоо үчүн руданын майдалагычка берилишине жана анын иштешине байкоо жүргүзгөн оператордун иш аянтчасынын тор металл тосмолору болушу керек.
106. Жаактуу майдалагычтардын ишине байкоо жүргүзүү үчүн долбоорго ылайык аларды оңдоо, майлоо ж.б. иштер мезгилинде тейлөө үчүн каралган, алардын иш мейкиндигине кирүүчү жерге кооптуу жакындыкта болгон корпустарда жасалган аянтчаларды пайдаланууга тыюу салынат. Мындай аянтчаларга кирүү майдалагычты иштетүү системасы менен блоктолгон каалга же кичине эшик менен чектелиши керек.
107. Орто жана майда өлчөмдө майдалагычтарды күч келтирбестен иштетүү зарыл.
108. Баскычтуу жүргүзүү үчүн түзүлүшү же атайын көмөкчү иштеткич кыймылдаткычы жок жаактуу майдалагычты иштетүү негизги вал менен шатундун эксцентрдик бөлүгү жогорку абалга орнотулгандан кийин жүргүзүлөт. Алдын ала буруу үчүн лебёдка, аркан жана башка тартуучу түзүлүштөр пайдаланылышы мүмкүн.
109. Конусунун диаметри 500 мм болгон кесек майдалагычтарды иштетүү күч келтирбестен жүргүзүлүүгө тийиш; конусунун диаметри 900 мм жана андан жогору болгон кесек майдалагычтарды иштетүүнү ширендинин астында жүргүзүүгө жол берилет.
110. Майдалагычты конусун заводдук нускамада көрсөтүлгөндөн тескери тарапка тегеретүү менен иштетүүгө тыюу салынат.
Иш мейкиндигинин кысылуусун жоюу үчүн майдалагычты кыска убакытка тескери багытта иштетүүгө уруксат берилет.
111. Майдалагычты жана аны менен байланышкам жабдууларды ишке киргизүүнүн жана токтотуунун тартиби фабриканын башкы инженери тарабынан бекитилген технологиялык нускамада жана кесип боюнча нускамада белгиленет.
112. Майдалагычты иштетүүнүн алдында төмөнкүлөрдү кошумча текшерүү зарыл: иштеткичтин курларынын тартылышын, чаңга каршы тыгыздоонун жана сактоочу түзүлүштөрдүн оң экендигин.
113. Жаактуу майдалагычтардын майынын температурасы 35 градус Цельсийден төмөн түшкөн, ал эми конустуктардыкы - 25 градус Цельсийден төмөн түшкөн учурда майды жылыткычты иштетүү керек.
114. Майдалагычка материалды берүүгө кыймылдуу майдалагыч орган термелүүнүн номиналдуу жыштыгына жеткенден кийин уруксат берилет.
115. Траверстин кырынын вертикалы боюнча өлчөнгөн материалдын бөлүктөрүнүн түшүп кетүүсүнө жол берилген максималдуу бийиктиги 6 метрден ашпоого тийиш.
116. Майдалагыч жабдууну тейлеген технологиялык персонал (майдалагычтардын машинисттери) төмөнкүлөргө милдеттүү:
9) майдалагычка текши жүктөлүшүнө көз салууга;
10) баштапкы руданын жана майдаланылуучу продуктунун кесектигин контролдоого;
11) майдалагычтын жүк түшүрүүчү жылчыгын жөндөөгө.
117. Кесек майдалоочу жаактуу жана конустук майдалагычтардын баштапкы кубаттануу чоңдугу жүктөөчү (кабыл алуучу) жылчыктын туурасынан 0,8 ашпоого, ал эми орто жана майда майдалоочу майдалагычтардыкы 0,85 ашпоого тийиш.
118. Материал майдалагычтын оозуна текши эмес (бир тараптуу) жүктөлгөн учурда аны эксплуатациялоого тыюу салынат.
119. Иштеткичтин валдарынын тегиздиги жылына бир жолу текшерилүүгө тийиш. Иштеткичтин жана шкивдин валдарынын радиалдык жылышуусу 0,5 миллиметрден; электр кыймылдаткычтардын жана шкивдин валдарыныкы - 0,15 миллиметрден ашпашы керек.
120. Майдалоочу мейкиндик рудадан толугу менен бошотулгандан кийин гана майдалагычты токтотууга жол берилет.
121. Тейлөөчү персонал руданы бөлүштүрүүчү тарелканын борборуна берилишин камсыздоого тийиш. Майдалагычтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн механикалык руда жүктөгүчтү пайдалануу сунушталат.
122. Чаңга карты тыгыздагычы бузулган же өчүрүлгөн, шынааланган курлары бош тартылган, жөндөөчү шакеги шанааланган эмес, кулпулоочу түзүлүшү бузулган орто жана майда өлчөмгө бөлүүчү майдалагычтарды иштетүүгө тыюу салынат.
123. Майдалагычтардын иш мейкиндигинде руданын чоң бөлүктөрү тыгылып калган учурда аларды майдалагычтын ичинен атайын шаймандары бар (кыскыч, илгич) көтөрүүчү каражаттардын жардамы менен алып салуу зарыл. Майдалагычтын иш мейкиндигинде тыгылып калган руданын бөлүктөрүн кол менен алып чыгууга жана аларды балкалар же барскандар менен майдалоого тыюу салынат.
Майдалагычтын ичине түшүп кеткен металлды кесүү техникалык көзөмөлдөөчү адамдын көзөмөлү алдында наряд-уруксат боюнча жүргүзүлүшү керек.
124. Адамдарды майдалагычтардын иш мейкиндигине түшүрүүдө ушул Эрежелердин талаптарын сактоо, коргоочу курларды пайдалануу жана майдалагычтардын жүктөөчү тешиктеринин үстүнө адамдарды бөтөн предметтердин кокусунан түшүп кетүүсүнөн коргоочу убактылуу төшөмөлөрдү орнотуу милдеттүү.
125. Майдалагычтар "ширендинин" алдында авариялык токтоп калган учурда аны бошотуу жана иштетүү фабриканын жетекчиси (жетекчинин орун басары же башкы инженер) тарабынан бекитилген, атайын иштелип чыккан нускамалар боюнча жүргүзүлүшү керек.
126. Титирөөчү калбырлар жайгашкан калкалар менен аянтчалар жабдуулар иштеп жатканда пайда болуучу титирөөгө туруктуу жана титирөөлөрдү сиңирип алууга эсептелиши керек.
127. Калбырлар менен майдалагычтарда адамдарды руданын бөлүктөрүнүн кокусунан ыргып кетүүсүнөн сактоочу коргоочу шаймандар каралышы керек:
1) конустук майдалагычтар үчүн - чечилме туюк тосмолор, "ширенди алдында" иштөөчү 1 даражадагы кесек майдалоочу майдалагычтардан сырткары;
2) жаактуу майдалагычтар үчүн - калканчы бар, бийиктиги 1 мден жапыс эмес каптал жактуу туюк тосмолор.
128. Кубаттандыргычтар жана калбырлар иштеп жатканда жүктөөчү жана жүк түшүрүүчү воронкаларда калбырга руданы берүүчү кубаттангычтардын чыгаруучу тешиктерин ичкештирүү атайын шаймандар жана түзүлүштөр болгон учурда гана мүмкүн.
129. Калбырлардын жүк түшүрүүчү воронкаларын кол менен тазалоого, аларга адамдарды түшүрүүгө ушул Эрежелердин 103-пункту сакталган учурда гана уруксат берилет. Мында бирка системасынын талаптарына ылайык калбырлардын электр кыймылдаткычтары өчүрүлүүгө тийиш жана иштеткич түзүлүштөрдө "Иштетпегиле! Адамдар иштеп жатат!" деп жазылган эскертүүчү плакаттар илинүүгө тийиш.
130. Ар бир калбыр баштапкы монтаждоодон өткөндөн кийин кабыл алуу-тапшыруу сыноолорунан өтүүгө тийиш. Кабыл алуу-тапшыруу сыноолорунда калбырдын иштөөсү милдеттүү түрдө эки саат бош жүргүзүү жана 4 саат күч келтирүү менен текшерилет. Мында термелүүлөрүнүи амплитудасы жана калбырдын термелүүлөрүнүн жыштыгы текшерилиши керек.
131. Нөөмөттү кабыл алууда төмөнкүлөрдү кошумча текшерүү керек:
1) электин жана анын бекитүү түйүндөрүнүн абалы;
2) калбырдын титирөөчү бөлүктөрүнүн болт менен бириктирилишинин абалы;
3) иштеткич түзүлүштүн оң абалда экендиги;
4) подшипниктердин температурасы жана алардын майлангандыгы;
5) амортизациялоочу түзүлүштөрдүн жана алардын бекитилүү абалы.
132. Майдалагыч менен бирге иштеп жаткан калбырды иштетүү жана токтотуу майдалагычты иштетүүнүн жана токтотуунун технологиялык нускамасына ылайык жүргүзүлөт.
133. Электин бетинде майдаланылуучу материал болгон учурда калбырды иштетүүгө жана токтотууга уруксат берилбейт.
134. Калбыр калбырлануучу продуктулар үчүн кабыл алуучу түзүлүштөр иштетилгенден кийин иштетилет.
135. Калбырга материалды берүүгө калбыр титирөөлөрдүн белгиленген жыштыгына жеткенден кийин уруксат берилет.
136. Ширендинин алдындагы калбыр мажбурлап токтотулган учурда тирөөчү пружиналардын виткаларынын ортосунда көңдөйлөр болгондо гана иштетүүгө уруксат берилет; эгерде жок болсо электен калбырланып жаткан продуктуну тазалаганга чейин калбырды иштетүүгө уруксат берилбейт.
137. Инерциялык калбырдын титиреткичинин айлануу багыты заводдук нускамага шайкеш келиши керек; өзүн-өзү баланстоочу калбырларды иштетүүдө электр кыймылдаткычтардын ар түрдүү багытта айланышын камсыздоо зарыл.
138. Төмөнкү учурларда калбырларды эксплуатациялоого тыюу салынат:
1) титиреткичтердин айлануу жыштыгы калбырдын паспортунда белгиленгенден жогору болсо;
2) дебаланстардын массасы жана геометриялык өлчөмдөрү жогору болсо;
3) ар бир титиреткичте манжалардын саны ар кандай болсо же алар ар кандай жайгашкан болсо;
4) өткөрүп берүүчү курлар жылмышкан учурда.
139. Электр титиретип кубаттандыргычтардын ноолорун алар иштеп жаткан учурда тазалоого, кубаттандыргычтын бортуна турууга, аларга тийүүгө, ошондой эле титиретип иштеткичтердин көңдөйлөрүн тазалоого тыюу салынат.
140. Урчуктуу, горизонталдуу жана вертикалдуу балкалуу майдалагычтардын майдалагычты корпусунун капкагы ачык кезде ишке киргизүү мүмкүндүгүн болтурбоочу блоктогучу болушу керек. Капкагынын массасы 50 кг жогору болгон урчуктуу жана горизонталдуу балкалуу майдалагычтардын корпусун механизацияланган ыкма менен ачуу жана жабуу зарыл.
141. Талкалаганда сапырылуу коркунучу бар чаңды пайда кылган рудаларды майдалоо чаңдын сапырылышын болтурбоочу иш-чараларды аткаруу менен жүргүзүлүүгө тийиш.
142. Орто жана майда өлчөмгө бөлүүчү майдалагычтарга металлдын түшүп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн аларды руда менен камсыздаган ленталуу конвейерлер металл издегичтер, чыгаргычтар, магниттик шайбалар жана башка атайын шаймандар менен жабдылууга тийиш.
143. Иш зонасынан чыгарыла элек конвейердин лентасынан жана магниттик чыгаргычтан металлды конвейер токтулгандан жана магниттик система өчүрүлгөндөн кийин гана алууга уруксат берилет.
144. Майдалагыч иштеп жаткан учурда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) майдалагычтын машинистинин иш ордунан кетүүсүнө;
2) майдалагычты иштетүүнү жана иштешине байкоо жүргүзүүнү башка адамга кайра тапшырууга;
3) коргоочу каптоочун жана тосмосун чечүүгө;
4) майдалагычтын майдалоочу органдарынын ортосундагы көңдөйлөрдү жөндөөгө жана башка бузулууларды жоюуга;
5) майдалагычтын люгун ачууга.
145. Майдалагычты бөтөн предметтерден тазалоо электр иштеткичтен чыңалуу алынгандан жана "Иштетпегиле! Адамдар иштеп жатат!" деп жазылган плакат илингенден кийин мастердин жазуу жүзүндөгү уруксаты (наряд-уруксат) боюнча гана жүргүзүлөт.
Майдалагычтын жана өтүүчү жердин иш мейкиндигин майдалагычтын электр иштеткичин мезгил-мезгили менен иштетүү жана өчүрүү жолу менен бошотууга тыюу салынат.
146. Материалды майдалагычка майдалоочу органдар айлануунун (термелүүнүн) зарыл болгон жыштыгына жеткенден кийин гана берүү керек.
147. Коргоочу курларды жана майдалагычтардын жүктөөчү тешиктеринин үстүнө убактылуу төшөмөлөрдү колдонбостон майдалагычтын иш мейкиндигине адамдарды түшүрүүгө тыюу салынат.
148. Калбырлар менен майдалагычтарда адамдарды руданын бөлүктөрүнүн кокусунан ыргып кетүүсүнөн сактоочу коргоочу шаймандар каралышы керек:
1) конустук майдалагычтар үчүн - чечилме туюк тосмолор, "ширенди алдында" иштөөчү 1 даражадагы кесек майдалоочу майдалагыч гардан сырткары;
2) жаактуу майдалагычтар үчүн - майдалагычтын оозунан руданын бөлүктөрүнүн ыргып кечүү мүмкүндүгүн болтурбоочу калканчы же карап туруучу терезелери бар, бийиктиги 1 мден төмөн эмес каптал жактуу туюк тосмолор.
Калбырларды тейлеген жумушчулар ызы-чууга каршы кулак каптарды пайдаланууга тийиш.
149. Титирөөчү калбырлар жайгашкан калкалар менен аянтчалар титирөөгө туруктуулукка карата эсептелинүүгө тийиш. Калбырлар жабдуулар иштеп жатканда пайда болуучу титирөөлөрдү сиңирип алуучу титирөөнү изоляциялоочу таянычтарга орнотулушу керек.
150. Ширендинин алдындагы калбыр мажбурлап токтотулган учурда тирөөчү пружиналардын ниткаларынын ортосунда көңдөйлөр болгон учурда гана иштетүүгө уруксат берилет; эгерде жок болсо калбырлануучу продукт электен алып салынганга чейин калбырды иштетүүгө уруксат берилбейт.
151. Төмөнкү учурларда калбырларды эксплуатациялоого тыюу салынат:
1) титиреткичтердин айлануу жыштыгы калбырдын паспортунда белгиленгенден жогору болсо;
2) дебаланстардын массасы жана геометриялык өлчөмдөрү жогору болсо;
3) ар бир титиреткичте манжалардын саны ар кандай болсо же алар ар кандай жайгашкан болсо;
4) өткөрүп берүү курлары жылышкан учурда;
5) коргоочу тосмолор жок же бузулган болсо жана элей турган беттери бекитилиши жана керилиши бош болсо;
6) коргоочу тосмосу алынган учурда;
7) подшипниктерди оңдоо, майлоо, электерди керүү, болтторду бекитүү учурунда;
8) иштеткичтеги курларды жөндөөдө жана чечүүдө;
9) электерин тазалоодо жана алмаштырууда;
10) иштин жүрүшүндө термелүүнүн параметрлерин өзгөртүү аркылуу калбырдын иштөө режимин жөнгө салууда.
152. Электр титиретип кубаттандыргычтардын ноолорун алар иштеп жаткан учурда тазалоого, кубаттандыргычтын бортуна турууга, аларга тийүүгө, ошондой эле титиретип иштеткичтердин көңдөйлөрүн тазалоого тыюу салынат.
153. Барабандык калбырды эксплуатациялоодо перфорацияны тазалоого, роликтерди тазалоого же алмаштырууга тыюу салынат.
154. Майдалагычтарды жана калбырларды тейлеген машинист нөөмөттү кабыл алууда түйүндөр менен механизмдердин деталдарынын абалын текшерүүгө тийиш.
155. Материалды калбырга берүү куту менен элөөчү бетинин титирөөсү талап кылынган жыштыкка жеткенден кийин гана жүргүзүлүүгө тийиш.
9-§. Талкалоо жана классификациялоо
156. Тегирмендердин жана классификаторлордун иштетүүчү түзүлүштөрү ордунан башкарылган учурда тегирменди жана классификаторду күйгүзгөн адам алардын ишине байкоо жүргүзө алгандай жайгаштырылууга тийиш.
157. Тегирмендин ичинде иштөөгө наряд-уруксат боюнча техникалык көзөмөлдөөчү же бригадирдин көзөмөлү алдында иштин коопсуз методдору боюнча нускамалардын талаптары аткарылгандан кийин гана уруксат берилет.
158. Тегирмен люгу төмөн жакты караган абалда турганда люктун капкагынын гайкаларын башка жакка бурууга же аларды бошотууга, ошондой эле тегирмендин жүрүшүндө үлүл сымал кубаттангычтардын каптоочунун болтторун бекитүүгө тыюу салынат.
159. Шарларды контейнерлерге жүктөөдө жүктөөчү жер тосулууга жана "Кооптуу!" деген плакат илинүүгө тийиш. Контейнерди көтөрүү учуруда адамдар андан коопсуз аралыкта турушу керек. Шарлар контейнерлерге бортторунан 100 мм төмөн деңгээлде жүктөлөт.
160. Шар түрүндөгү кубаттангычтарды, ошондой эле стержндерди жүктөө боюнча механизмдерди пайдалануу учурунда алардын коопсуз иштөөсү боюнча тартипти аныктоочу атайын нускамалар иштелип чыгышы керек.
161. Классификаторду спираль көтөрүлүп турган абалда гана ишке киргизүүгө уруксат берилет. Спираль ишке киргизилгенден кийин ал нормалдуу иштөө абалына чейин жай түшүрүлөт.
162. Төмөнкү учурларда классификаторду ишке киргизүүгө жол берилбейт:
1) спиралдын валы катуу титиреген учурда;
2) спиралдын иштеткич механизминин же деталдарынын бекитүүсү бошоп кеткен учурда;
3) спиралда футерлөөчү плиталар жарым-жартылай жок болгон же бош бекитилген учурда;
4) көтөрүүчү механизмдин иймектери багыттоочу оюктун алкагынан чыгып кеткен учурда;
5) спиралдын төмөнкү таянычтарынын гидравликалык тыгыздоосуна суу берилбеген учурда.
163. Классификаторду токтотуунун алдында классификатор байланыштырылган тегирменге руданы берүүнү токтотуу, кумдарды анын тепшисинен толук иштетип чыгаруу, спиралды иштебеген абалга көтөрүү керек.
164. Классификатор иштен жаткан учурда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) тепшинин бортуна турууга, спиралды тазалоого;
2) төгүүчү босогонун решеткасына турууга жана анда иштерди жүргүзүүгө;
3) кандайдыр бир оңдоо иштерин жүргүзүүгө.
165. Аркан илмекти орнотпостон көтөрүлүп турган спиралда оңдоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Спиралдын төмөнкү учу үчүн аркан илмектин, аны колдонуунун алдында ушул классификатордун спиралынын массасынан 25%га жогору оорчулук келтирүү менен сыналышы жана жүк көтөрүмдүүлүгү жана ошондой эле сыноо жүргүзүлгөн дата көрсөтүлгөн биркасы болушу керек.
166. Фабрикада спиралды көтөрүү схемасы иштелип чыгууга тийиш.
167. Классификаторлорду тейлөө үчүн иш аянтчаларын классификатордун ваннасынын бортунан 600 мм төмөн эмес деңгээлде жайгаштыруу керек. Классификаторлордун ваннасына карама-каршы тараптан иш аянтчалары бийиктиги 1000 мм болгон металл перилалар менен жабдылат.
Ушул Эрежелердин талаптарына ылайык классификаторлордо спиралдардын же рейкаларын айлантуу жана көтөрүү механизмдерин коопсуз тейлөө, ошондой эле иштеткич элементтерин тосуу үчүн периласы менен көпүрөлөр (аянтчалар) болууга тийиш.
168. Орто жана майда майдалоочу майдалагычтарга металлдын түшүп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн аларды руда менен камсыздаган лента конвейерлер металл издегичтер, чыгаргычтар, магнит шайбалар жана башка атайын шаймандар менен жабдылууга тийиш. Иш зонасынан чыгарыла элек конвейердин лентасынан жана магниттик чыгаргычтан металлды алууга конвейер токтотулгандан жана магниттик система өчүрүлгөндөн кийин гана уруксат берилет.
169. Төмөнкү учурларда флотациялык машинаны ишке киргизүүгө тыюу салынат:
1) кыймылдоочу бөлүктөрүнүн, пульпанын деңгээлин жөнгө салгычтардын жана аэратордун блогунун коргоочу тосмолору бузулганда;
2) камерада бетон предметтер болгондо.
170. Электр кыймылдаткычты көп жолу күйгүзүү менен аэратордун тунма толуп калган блогун ишке киргизүүгө тыюу салынат.
171. Төмөнкү учурларда флотациялык машиналардын иштөөсүнө тыюу салынат:
1) ширетилип бириктирилген жерлерде пульпа алып калганда;
2) кумдуу тешиктер толугу менен жабылып калганда;
3) аэратордун блогунун шынааланган курлары толу к болбогондо;
4) аэраторлордун айрым блоктору катуу титирегенде.
172. Флотациялык машина төмөнкүдөй ырааттуулукта токтотулат:
1) пульпанын берилишин токтотуу;
2) камераларда калган пульпаны иштеп чыгуу;
3) камералардагы төгүүчү тешикти ачуу;
4) аэраторлордун жана көбүк айдагычтын блокторунун электр кыймылдаткычтарын өчүрүү;
5) камералардагы төгүүчү тешикти жабуу;
6) абанын берилишин токтотуу.
Кыска мөөнөткө токтотууда аэраторлорго тунма толуп калуусуна каршы чаралар көрүлгөн шартта камерадан пульпаны чыгарбоого уруксат берилет.
173. Фабрикада аэратордун блогун көтөрүүнүн жана аны оңдоо аянтчасына орнотуунун схемасы иштелип чыгууга тийиш.
Тегирменди жана аны менен бирге иштеген агрегаттарды (кубаттангычтар, насостор, классификаторлор ж.б.) ишке киргизүүнүн жана токтотуунун тартиби технологиялык нускамада аныкталат, ал фабриканын башкы инженери тарабынан бекитилет.
174. Төмөнкү учурларда тегирменди ишке киргизүүгө тыюу салынат:
1) үн жана жарык сигнализациясы, кыймылдоочу бөлүктөрүнүн коргоочу тосмолору, таяныч подшипниктердин температурасын жана суюк майлоо системасында майдын болушун контролдоочу приборлор бузук учурда;
2) футерлөөчү болттор үчүн көзөнөктөр аркылуу жана барабандын фланецтеринин ортосунда пульпа агып калган, тегирмендин капкагынын жана барабанынын цапфаларында жана ширетилген бириктирилген жерлеринде, ачык тиштүү бергичтин тиштеринин беттериндеги пульпадагы жаракалар болгон учурда.
175. Тегирмен жогору өндүрүмдүү жана ишенимдүү иштешин камсыздоо үчүн төмөнкүдөй автоматтык түзүлүштөр менен жабдылышы керек:
1) келип түшүүчү материалдын санын эсепке алуучу жана жөнгө салуучу;
2) баштапкы материалдын берилишине жараша сууну берүүнү жөнгө салуучу;
3) электр кыймылдаткыч тарабынан керектелүүчү кубаттуулукту каттоочу;
4) тегирменди ишке киргизүүнүн үн жана жарыктык сигнализациясы;
5) подшипниктердин температурасын контролдоочу;
6) циркуляциялык суюк майлоочу системада майдын болушун жана таяныч подшипниктердин ысышынын чектүү жол берилген температурасын контролдоочу аппаратура менен иштеткич электр кыймылдаткычты блоктоочу.
176. Тейлөөчү персонал мүмкүн болгон бузулууларды, алардын келип чыгуу себептерин жана аларды жоюунун жолдорун билүүгө милдеттүү.
177. Барабанды керектүү абалда орнотуу үчүн негизги электр кыймылдаткычты көп жолу күйгүзүү жолу менен башка тарапка бурууга тыюу салынат.
178. Тегирмен оңдоо үчүн токтотулганга чейин анын узактыгына жана жүргүзүлүүчү жерге карабастан руданы иштетип чыгуу жана барабандын ички көңдөйүн кылдат жуун чыгуу зарыл.
179. Фабрикада тегирмендин негизги деталдарын көтөрүү схемалары иштелип чыгышы керек.
180. Тегирмендерди кайра футерлөө фабриканын башкы механиги тарабынан иштелип чыккан жана башкы инженери тарабынан бекитилген атайын нускама боюнча жүргүзүлүшү керек.
Нускама чакан механизациянын каражаттарын (гайковерттер, электр көтөрмөлөрү, көчмө крандар ж.б.) жана атайын шаймандарды максималдуу пайдаланууну эсепке алуу менен түзүлүшү керек.
181. Оңдоочу стендде тегирмендердин барабандарын айлантуу жана тегирмендердин көмөкчү иштеткичи үчүн иштеткич механизмдери барабанды керектүү абалда ишенимдүү токтотууну камсыздоочу токтоткучтар менен жабдылууга тийиш.
182. Тегирмендердин айлануучу бөлүгүн көтөрүү үчүн чечилме жүк чеңгелдөөчү шаймандары ар бир көтөрүүнүн алдында кароодон өтүшү керек.
183. Тегирмендин айланып жаткан бөлүгүн көтөрүү жана ташуу үчүн багытталган жүктөөчү жана жүк түшүрүүчү капкактардын илгичтерин жана илмектерин пайдалануу менен көтөрүүгө тыюу салынат.
184. Тегирмендин барабанында оңдоочу жана тейлөөчү персоналдын келиши менен байланышкан иштерди жүргүзүү үчүн иштегендердин коопсуздугун камсыздоочу атайын аянтчаларды жана тепкичтерди колдонуу зарыл.
185. Иштеп жаткан тегирменге түздөн-түз жакын жерде болгон тейлөөчү персоналдын ызы-чуудап коргоочу жеке коргоо каражаттары болууга тийиш. Ызы-чуудап коргоочу жеке каражаттары жок Тейлөөчү персоналдын тегирменге жакын жерде болуусуна нөөмөтүнө 1 сааттан ашык эмес гана убакытка уруксат берилет.
186. Тегирмендерди жана классификаторлордун иштеткич түзүлүштөрү ордунан башкарылган учурда тегирмен менен классификаторду күйгүзүүчү жумушчу алардын иштөөсүнө байкоо жүргүзө ала тургандай жайгаштырылууга тийиш.
187. Тегирмендин ичинде иштөөгө технологиялык картага (иштерди өндүрүшүнүн долбооруна) ылайык анда белгиленген бардык коопсуздук талаптары аткарылгандан кийин наряд-уруксат боюнча гана уруксат берилет.
188. Тегирмен люгу төмөн жакты караган абалда турганда люктун капкагынын гайкаларын чыгарууга же аларды бошотууга, тегирмен иштеп жатканда үлүл сымал кубаттангычтардын каптоочунун жана тиштүү венецтин каптоочунун болтторун бекитүүгө тыюу салынат.
189. Шарларды контейнерлерге жүктөөдө жүктөөчү жер тосулушу жана "Кооптуу!" деген плакат илиниши керек. Контейнерди көтөрүү учурда адамдар андан коопсуз аралыкта турушу керек. Шарлар контейнерлерге бортторунан 100 мм төмөн деңгээлге чейин жүктөлөт.
10-§. Гравитациялык байытуу
190. Адамдардын чайкоочу барабандардын, оор суспензияда байытуучу аппараттардын жана гравитациялык байытуучу аппараттардын ичине кароо, оңдоо жана аппараттардын ички бетин шламдардан жана калган материалдардан тазалоо үчүн кирүүсүнө уруксат берүү коркунучтуу газ иштерин коопсуз жүргүзүү талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
191. Гравитациялык байытуу аппараты иштеп жаткан учурда анын кыймылдап жана айланып жаткан бөлүктөрүнө тийүүгө, подшипниктерин майлоого, аппараттан бөтөн предметтерди алып чыгууга тыюу салынат.
192. Гравитациялык байытуунун продуктуларын жана жуулган руданын сынамдарын кол менен алууга аппараттардын жана көмөкчү жабдуунун атайын ушул максат үчүн каралган жерлеринде гана уруксат берилет.
193. Түздөн-түз кыймылдагы механизмдерден байытуу продуктуларынын сынамдарын кол менен алууга тыюу салынат.
194. Ротордук типтеги золотник түзүлүштөрүн эксплуатациялоодо абаны атмосферага чыгаруучу терезелер металл тор менен жабылууга тийиш.
195. Кургатуучу элеватордун башмагын оңдоо же тазалоо менен бир убакта шибердик түзүлүштүн электерин оңдоо же алмаштыруу, бөлүп байытуучу машинанын ички корпусун тазалоого жана оңдоого тыюу салынат. Машинанын корпусунда аталган иштерди жүргүзүүдө элеваторлордун электр схемасы ажыратылууга жана эскертүүчү плакат илинүүгө тийиш.
196. Материалды аппаратка коё берүүчү жана байытылуучу продуктуларды алып баруучу кобулдар 45°тен ашык градуска жантайган учурда рудалардын жана пульпалардын чачырабашы үчүн үстү жабык болушу керек.
11-§. Флотациялык бөлүмдөр
197. Флотациялык бөлүмдөрдүн жабдуулары баскычтуу (каскаддуу) жайгашкан жайларында агып кирүүчү аба төмөнкү аянтчалар тарабынан берилиши керек.
198. Флотациялык машинанын иштеткич түзүлүштөрү тосулушу керек, ал эми электр кыймылдаткычтарын тейлөө үчүн өтүүчү жерлер перилалар бар аянтчалар менен жабдылууга тийиш.
199. Флотациялык бөлүмдөрдөгү полдордун дренаждык коолорго жууган суулардын ишенимдүү агып кетишин камсыздаган жантаюусу болушу керек. Иш аянтчалары жыгач решеткалуу төшөмөлөр менен жабдылууга тийиш. Машиналарды мажбурлап бошотуу жана пульпаны чыгаруу үчүн авариялык зумпфалар каралышы керек.
200. Флотациялык машиналардын кобулдарынын жантайыштары болушу керек, жантаюунун бурчу катуу бөлүкчөлөрдүн тунмасынын жоктугу менен аныкталат. Кобулдарга көбүктү жоготуу үчүн бүрккүчтөрдү орнотуу сунушталат. Кобулдардан көбүк же пульпа полго чачыраган учурда аны шлангадагы суу менен жууп салуу талап кылынат.
201. Реагенттерди контакттык чандарга, флотациялык машиналарга жана башка агрегаттарга берүү системасы жабык коммуникациялар аркылуу жүргүзүлүшү керек жана peaгенттердин полго түшүүсүн алдын алууну камсыздашы керек. Флотациялык машиналардын кобулдарынын борттору аркылуу пульпанын чачыран жана төгүлүп кетүүсүнүн алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.
202. Реагенттик кубаттандыргычтын кыймылдап жаткан бөлүктөрүн иштеп жаткан процессте анын жөнгө салууга, оңдоого тыюу салынат.
203. Реагенттер флотациялык машинага келип түшүүчү точкаларда алардын чыгымдалышын өлчөөгө тыюу салынат. Флотациялык процесске келип түшүүчү реагенттердин санын контролдук эсептөө реагенттик аянтчада гана жүргүзүлүшү керек.
204. Реагенттердин камералардын ортосундагы тосмолордун капталдарына, флотациялык машиналардын башка бөлүктөрүнө, полго, флотациялык бөлүмдүн иш аянтчаларына чачырашына жол берилбейт.
205. Флотациялык машинанын айлануучу элементтеринин иштеткичтеринин - аэратордун блогунун, көбүртүүчү түзүлүштүн импеллерлери, ошондой эле контакттык чандардын, пульпаны кондициялоочу аппараттардын иштеткичтеринин коргоочу тосмолору жана коргоочу тосмолор алынган учурда ишке киргизүүнү блоктогучу болушу керек.
206. Флотациялык машиналардын, контакттык чандардын, пульпаны кондициялоочу аппараттардын корпустары жылчыксыз болушу керек.
207. Пульпаны чыгаруу үчүн чорголор, тыгындар тыгыз жана тейлөөгө жеткиликтүү болушу зарыл.
208. Сепараторду ишке киргизүүнүн алдында электромагниттик система оромдун изоляциясынын каршылыгы нормалдуу чоңдукка жеткенге чейин төмөндөтүлгөн чыңалууга күйгүзүлүшү керек.
209. Электр магниттик сепараторлорду оңдоо иштерин сепаратордун оромдорунда туруктуу ток өчүрүлгөндөн кийин жана ал толук токтогондон кийин гана жүргүзүүгө болот.
210. Фабриканы реконструкциялоодо жана жаңы электр магниттик сепараторлорду орнотууда процессти сынап көрүү жана жөндөө, жаңы режимдик картаны иштеп чыгуу керек.
211. Даярдоочу заводдун шайкештик сертификаты жана саламаттык сактоо органдарынын Кыргыз Республикасынын аймагында реагентти колдонууга уруксаты болгон реагенттерди гана пайдаланууга уруксат берилет.
212. Флотациялык машиналардын чандарына жана кубаттангычтарына реагенттерди берүү механикалык жол менен жүргүзүлүүсү керек. Кол менен ылгоодо кармагычынын узундугу 0,2 мден кем болбогон кружка колдонулушу керек.
213. Реагенттер технологиялык процесске өзү агып берилген учурда кубаттангычтар жана чыгымдалуучу челектер флотациялык машиналардын жанында жайгашышы керек.
214. Реагенттик аянтчалардын агып чыгуучу суулары флотациялык бөлүмдүн дренаждык түзүлүштөрүн кайпып өтүү менен өткөргүч түтүктөр аркылуу чыгарылышы керек.
215. Реагенттик аянтчалар суу өткөргүч каналдар, брандспойттуу шлангалар, авариялык жарыктандыруу же көтөрүп жүрүүчү аккумуляторлуу чырактар менен жабдылууга тийиш.
216. Нөөмөттүн башчысы же мастер жумасына экиден кем эмес жолу реагенттик аянтчалардын тейлөөчү персоналдагы жеке коргоочу каражаттардын абалын текшериши керек. Нөөмөттү тапшырууда-кабыл алууда мастер сигнализациянын оң экендигин, реагенттик челектердин толтурулушун, реагенттик бөлүмдөн реагенттерди берүүчү насостук кыймылдаткычтарды автоматтык өчүрүүчү түзүлүштөрдүн, реагенттик аянтчалардын желдетилишин текшериши керек.
217. Төмөнкү учурларда флотациялык машинаны ишке киргизүүгө тыюу салынат:
1) кыймылдоочу бөлүктөрүнүн, пульпанын деңгээлиндеги жөнгө салгычтардын жана аэратордун блогунун коргоочу тосмолору бузулганда;
2) камерада бөтөн предметтер болгондо.
218. Электр кыймылдаткычты көп жолу иштетүү менен аэратордун тунма толуп калган блогун ишке киргизүүгө тыюу салынат.
219. Төмөнкү учурларды флотациялык машиналардын иштөөсүнө тыюу салынат:
1) ширетилип бириктирилген жерлерде пульпа агып калганда;
2) кумдуу тешиктер толугу менен жабылып калганда;
3) аэратордун блогунун шынааланган курлары толук эмес болгондо;
4) аэраторлордун айрым блоктору катуу титирегенде.
220. Флотациялык машина төмөнкүдөй ырааттуулукта токтотулууга тийиш:
1) пульпанын берилишин токтотуу;
2) камераларда калган пульпаларды иштетип чыгуу;
3) камералардагы төгүүчү тешикти ачуу;
4) аэраторлордун жана көбүк айдагычтардын блокторунун электр кыймылдаткычтарын өчүрүү;
5) камералардагы төгүүчү тешикти жабуу;
6) абанын берилишин токтотуу.
Кыска мөөнөткө токтотууда аэраторлорго тунма толуп калуусуна каршы чаралар көрүлгөн шартта камерадан пульпаны чыгарбоого уруксат берилет.
221. Фабрикада аэратордун блогун көтөрүүнүн жана аларды оңдоо аянтчасына орнотуунун схемасы иштелип чыгууга тийиш.
222. Суюк реагенттерди жана реагенттердин эритмелерин орто аралык челектерге жана чыгымдалуучу аянтчаларындагы кубаттангычтарга берүү насостордун жардамы менен өткөргүч түтүктөр аркылуу жүргүзүлүшү керек.
Реагенттерди флотациялык бөлүмдүн ичинде атайын бул максат үчүн арналган идиштерде гана ташууга уруксат берилет.
223. Реагенттердин сынамдарын механизацияланган шаймандардын жардамы менен гана алуу зарыл. Реагенттердин сынамдарын кол менен алуу учурунда жумушчулар кармагычынын узундугу 200 ммден кем болбогон сынам алгычтарды пайдаланышы керек.
224. Реагенттердин чандарынын, орто аралык жана чыгымдалуучу челектеринин жана алар менен байланышкан коммуникациялардын авариялык сыйымдуулуктары болушу керек, зарыл болгон учурда аларга реагенттерди толук куюп салуу керек.
225. Кислоталарды цианиддердин, ксантогенаттардын, аэрофлоттордун, күкүрттүү натрийдин жана гидросульфиддин эритмелери менен аралаштырууга жол берилбейт.
Реагенттик аянтчалардын агып чыгуучу суулары флотациялык бөлүмдүн дренаждык түзүлүштөрүн кайпып өтүү менен атайын өткөргүч түтүктөр аркылуу чыгарылышы керек.
Жез, цинк жана темир купоросторунун, хлордуу цинктин жана хлордуу кальцийдин эритмелерин күкүрттүү натрийдин, гидросульфиддин жана цианиддин эритмелери менен аралаштырууга жол берилбейт, анткени мында өтө уулуу газдар - күкүрт суутеги жана синил кислотасы, ошондой эле өткөрмө түтүктөргө толуп калуучу эрибей турган тунмалар бөлүнүп чыгышы мүмкүн.
226. Объектиде реагенттер бар орто аралык жана чыгымдалуучу челектердин жабык абалда болушу жана реагенттик аянтчадагы чыгаруучу желдетүүнүн абалы контролдонууга тийиш. Реагенттердин толуп калуусун алдын алуу үчүн кабыл алуучу воронкаларга суунун берилишин кароо зарыл.
227. Дозалоочу аянтчаларда жайгашкан чыгымдалуучу идиштердеги реагенттерди контакттык чандарга, флотациялык машиналарга жана башка агрегаттарга берүү жабык коммуникациялар аркылуу автоматтык жылчыксыздалган дозаторлордун жардамы менен жүргүзүлөт.
228. Жумушчулар флотореагенттер менен байланышы мүмкүн болгон бөлүмдөрдө муздак жана жылуу суу берилүүчү жуунгучтар орнотулушу, териге тийген заттарды суунун агымы менен жууп салуу аркылуу ылдам тазалоо үчүн түзүлүш, көздөрдү жуу үчүн чакан оргумалар каралууга тийиш.
229. Цианиддердин чыгымдалуучу челектери ички чыгаруучу желдетүү менен жабдылган изоляцияланган жайдагы реагенттик аянтчаларда туруусу керек. Жайды кулпулап жабуу зарыл.
230. Цианиддердин реагент өткөргүч түтүктөрүн берүү точкаларына киргизүү цианиддин эритмесине эркин жетүү мүмкүн болбогондой ишке ашырылышы керек. Реагенттердин санын аларды берүү точкаларында эсептөөгө тыюу салынат.
231. Суюк реагенттерди жана реагенттердин эритмелерин чыгымдалуучу аянтчаларындагы орто аралык челектерге жана кубаттангычтарга берүү насостордун жардамы менен өткөргүч түтүктөр аркылуу же реагент өткөргүч түтүкчөлөр зарыл болгондой жантайган шартта өзү агып баруусу аркылуу жүргүзүлүшү керек.
Цианиддерди жана күкүрттүү натрийди кургак түрдө түздөн-түз процесстин кубаттандыруу түйүндөрүнө берүүгө тыюу салынат.
232. Камералар шламдалын калган учурда флотациялык машинанын импеллеринин блогунун ишинделин кол менен ачууга ажыратылма жыгач секичеден көбүк айдагыч токтотулган шартта гана уруксат берилет. Жумушчулар секичеден кеткенден кийин гана кыймылдаткычты иштетүүгө уруксат берилет.
233. Флотациялык машиналарды авариялык бошотуу жана агынды сууларды чогултуу үчүн насостору бар зумпфалар (приямкалар) каралышы зарыл.
234. Пневматикалык флотациялык машиналардагы аэролифттик түтүкчөлөрдү алмаштырууда же тазалоодо жумушчулар коргоочу көз айнектерди кийиши керек.
235. Иштеп жаткан флотокамеранын өзүнөн пульпанын технологиялык сынамдарын кобук айдагычты милдеттүү түрдө токтотуу менен атайын бул үчүн арналган сынам алгычтар менен алууга уруксат берилет.
236. Пневмомеханикалык жана пневматикалык флотомашиналардын камераларына абаны берүүчү аба үйлөгүчтөр үндү изоляциялоо жана ызы-чууну сиңирип алуу каралган атайын жайларда жайгашуусу тийиш.
237. Нөөмөттүн начальники (мастер) бекитилген нускамага ылайык реагенттик аянтчаларды тейлөөчү персоналда жеке коргоо каражаттарынын болушун жана оң экендигин текшерүүгө милдеттүү.
Чакан өлчөмдөгү реагенттерди флотациялык бөлүмдүн ичинде атайын жабык идиштерде ташууга уруксат берилет.
12-§. Магниттик сепарациялоо жана Байытуунун электрдик методдору бөлүмү
238. Электр магниттик жана магниттик сепараторлорду эксплуатациялоодо магниттик системага металл предметтерди жакын алып барууга тыюу салынат. Электр магниттик сепараторлор токтогондо магниттик системанын оромдорундагы чыңалуу өчүрүлүшү керек.
239. Кургак магниттик жана электр магниттик сепарациялоодо аппаратура чыгаруучу желдетүү системасына кошуу үчүн патрубкалар менен жылчыксыз каптоочко салынууга тийиш. Желдетүү бузулган же өчүрүлгөн учурда сепараторлорду эксплуатациялоого тыюу салынат.
240. Иштеп жаткан учурда кобулдар менен сепараторлордун кароочу жана ичкештирүүчү люктары жабык болушу керек. Кубаттангычтардын лотокторунан чамындыны жана башка предметтерди кол менен иргеп алууга тыюу салынат.
241. Сепаратордун астына бөтөн предметтерди салуу менен анын көңдөйүн жана лентасынын туура жүрүшүн жөнгө салууга тыюу салынат.
242. Бөтөн адамдардын электр сепараторлору жайгашкан жайларга кирүүсүнө тыюу салынат.
243. Электр сепараторунун корпусу чаң жана ным өткөрбөгөндөй болушу керек. Эгерде анын корпусунун жана бардык люктарынын (кароочу тешиктер) каптоосу жана башка тыгыздоолору жылчыксыз болбосо сепараторду иштетүүгө тыюу салынат.
244. Сепаратордун ички электр бөлүктөрүнө кирүүнү камсыздаган каалгалары сепаратор иштеп жаткан учурда аларды ачууга мүмкүн болбогондой электр блоктогуч менен жабдылышы керек.
245. Электр сепараторунун жогорку чыңалуу тармактарынан өчүрүлгөн ток өткөрүүчү бөлүктөрүнө разряддалганга жана индикатор менен текшерилгенге чейин тийүүгө тыюу салынат.
246. Экинчи адамдын катышуусуз электр сепараторунун каптоосундагы каалгаларды ачууга жана жабдууларды учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилбейт (сактагычтарды алмаштыруудан, аппаратуранын чыңалуусу төмөн болгон тарабындагы контакттарды сүрүүдөн жана тартуудан сырткары). Мындай учурда бул аппараттан чыңалууну алдын ала чыгаруу зарыл.
247. Электр сепараторунун машинистинин жана түздөөчү түзүлүштөрдүн операторунун иш орундары атайын диэлектрикалык изоляторлор менен жабдылышы керек.
13-§. Рудаларды байытуунун жана аларды кайра иштетүү процесстерин контролдоонун радиометрикалык, рентгенлюминесценттик методдору
248. Радиоактивдүү жана иондоштуруучу нурлануу булактарын (гамма- жана бета нурланууларынын изотоптук булактарын, нейтрондорду, ошондой эле рентген түтүкчөлөрүн ж.б.) пайдалануу менен байытуунун жана контролдоонун радиометрикалык методдору колдонулган фабрикаларда Радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануунун башка булактары менен иштөөнүн негизги санитардык эрежелеринин, Радиациялык коопсуздук ченемдеринин жана Радиоактивдүү заттарды ташуудагы коопсуздук эрежелеринин талаптары сакталышы керек.
249. Нурлануу булактары пайдаланылуучу иштер менен процесстер, ошондой эле аларды пайдаланууга негизделген сепарациялоо, контролдоо жана талдоо методдору жана тиешелүү орнотмолор, сепараторлор, приборлор радиациялык коопсуздук боюнча нускамаларга так шайкештикте ишке ашырылууга тийиш.
Аталган нускамалар ишкана тарабынан өзүнүн конкреттүү шарттары үчүн жогоруда келтирилген радиациялык коопсуздуктун санитардык эрежелери менен ченемдеринин негизинде иштелип чыгууга жана санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын жергиликтүү органдары менен макулдашылууга тийиш.
250. Нурлануу булактары пайдаланылган байытуучу фабрикаларда иондоштуруучу нурлануунун радиоактивдүү булактары менен иштөөдө адамга нурдун таасиринин бардык түрлөрүн эске алган жана сырткы жана ички нурланууну жараткан бардык булактардан суммардык дозаны адамдардын тиешелүү категориялары үчүн чектүү жол берилген дозадан ашпаган деңгээлдерге чейин төмөндөтүүнү камсыздоочу коргоо иш- чараларын караган иш-чаралардын комплекси иштелип чыгышы жана ишке ашырылышы керек.
251. Радиоактивдүү препараттар коюлган жерлердеги сырткы радиоактивдүү нурлануунун бардык мүмкүн болуучу түрлөрү тиешелүү дозиметрикалык приборлор менен контролдонууга тийиш.
252. Иш орундарындагы радиациянын деңгээли радиациялык коопсуздук ченемдеринде каралган чектүү жол берилген чоңдуктардан ашпашы керек.
Иш орундарында радиоактивдүү изотоптордун болушуна жана сакталышына тыюу салынат.
253. Радиоактивдүү изотоптор менен иштөөчү персоналдын атайын окуудан өткөндөн кийин гана иштөөсүнө уруксат берилет.
254. Радиоактивдүү жана иондоштуруучу нурлануу булактарын (гамма жана бета нурланууларынын изотоптук булактарын, нейтрондорду, ошондой эле рентген түтүкчөлөрүн ж.б.) пайдалануу менен байытуунун жана контролдоонун радиометрикалык методдору колдонулган фабрикаларда радиациялык коопсуздук боюнча эрежелердин талаптары сакталышы керек.
4-глава. Күкүрт рудаларын байытуудагы кошумча талаптар
14-§. Жалпы жоболор
255. Көп сандагы жарылууга кооптуу же уулуу парлар менен газдардын бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон жарылуу жана өрт коркунучу боюнча А, Б категорияларына киргизилген өндүрүштүк жайлар үчүн, ошондой эле майдалагычтардагы чаңдар сапырылган учурда күкүрт газдары бөлүнүп чыгуучу балкалуу майдалагычтардын бөлүмдөрүндө авариялык чыгаруучу желдеткичти орнотуу каралышы керек.
256. Балкалуу майдалагычтардын иш мейкиндигинде күкүрт рудасынын чаңынын сапырылышын алдын алуу үчүн төмөнкүлөрдү камсыздоо зарыл:
1) иштеп жаткан майдалагычтардын майдалоочу зонасына иштелген парды же майда себилген сууну (туман пайда кылуучулар, бүрккүчтөр) үзгүлтүксүз берүүнү;
2) майдалагыч бөлүмүндөгү бардык электр техникалык жабдууларды, өткөргүч түтүктөрдү, металл аба өткөргүчтөрдү, алкактарды, конвейерлерди, металл конструкцияларды жердетүү чынжырынын үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо жолу менен майдалагычтарда статикалык электрдин топтолушунан коргоону.
257. Жылытылуучу майдалагыч бөлүмдөрүндө жана конвейердик галереяларда (кургак майдалоодо) рудада күкүрттүн же күкүрттүн чаңдарынын күйүү очокторун өчүрүү үчүн өрт өчүрүүчү крандары бар өрткө карты суу түтүктөрү, ал эми жылытылбай турган бөлүмдөр менен галереяларда - өрт өчүргүчтөр каралууга тийиш.
258. Балкалуу майдалагычтардын бөлүмдөрүндө жумушчуларга майдалагычтын көңдөйүндө "шак эткенде" пайда болуучу күкүрттүү газдардан коргоочу изоляциялоочу противогаздар берилиши керек.
259. Күкүрт рудаларын орточо майдалоочу майдалагычтарды нөлдүк белгиден төмөн беттерде жайгаштырууга тыюу салынат.
15-§. Коюлтуу, суусуздандыруу жана кургатуу
260. Эгерде радиалдык коюлткучтардын, пирамидалык жана тепшилик тундургучтардын бортунун үстүңкү жээги иш аянтчасынын деңгээлинен 1000 мм аз бийиктикте жайгашса аларды тосуу зарыл.
261. Бортунун узатасынан үстүнөн жабылган пирамидалык тундургучтарды тоспой коюуга болот, бирок көзөнөктөр, оңдоочу тешиктер менен люктар металл капкактар менен жабылууга тийиш.
262. Пульпанын тыгыздыгын өлчөөдө жана сынамдарды алууда тегерек кобулга турууга жана ферманын аянтчасынын тосмосуна кирүүгө тыюу салынат. Коюлткучтардын кыймылдуу фермасынын жүктүү аягын тегерек кобулдун сыртына тейлөөчү (өтмө) аянтчаларга чыгарууга тыюу салынат.
263. Коюлткучтун кыймылдуу фермасына көтөрүлүү перилалуу атайын тепкич менен жүзөгө ашырылат. Коюлткучтун тегерек кобулун кыймылдуу алкактын иштеткичи өчүрүлгөндөн кийин гана тазалоого болот.
264. Материалды суусуздандыруучу калбырлардын эни боюнча текши бөлүштүрүүнү камсыз кылуучу түзүлүштөрдүн конструкциясы суусуздандырылуучу материалды таштоо жана пульпанын чачыроо мүмкүндүгүн болтурбоого тийиш.
265. Барабандуу жана дискалуу вакуум-чыпкалардын иштөөсүндө секторлорду тартууга жана тартып байлоочу зымдын үзүлгөн жерлерин калыбына келтирүүгө тыюу салынат.
266. Алкактарды жана полотнолорду кектерден тазалоо үчүн чыпкалоочу аппараттарды эксплуатациялоодо атайын күрөкчөлөрдү колдонуу керек.
267. Чыпка-пресстин тээктик түзүлүшүнүн иштөөсү убагында алкактарды, плиталарды жана чыпкалоо салфеткаларын ондоп-түзөөгө тыюу салынат.
268. Чыпка-прессти кектерден бошотуунун алдында суюктукту максималдуу түрдө жок кылуу үчүн кысылган аба менен үйлөтүү керек.
269. Чыпка-прессти үйлөтүүдө эритменин чачыроосун болтурбоо максатында кездеме менен жабуу керек.
270. Чыпкалоочу аппараттардын зыяндуу бөлүп чыгаруулар менен иштөөсүндө сордуруучу желдетүү үзгүлтүксүз иштөөгө тийиш.
271. Тунманы жуун салуу үчүн түзүлүштөр менен жабдылган барабандуу чыпкаларда тейлөөчү персоналды чачыроолордон коргоо үчүн тосмолор болушу керек.
272. Жылдырма алкактар менен темир чыпкалар тунманы жуунун ыңгайлуулугу үчүн стационардык аянтчалар менен жабдылууга тийиш.
273. Борбордон четтетин бөлгүч капкагы ачык болгондо, катуу титирөөдө, кайра жүктөөдө жана туруксуз кубаттанууда анын иштөөсүнө жол бербөөчү блоктоо менен жабдылууга тийиш.
274. Бузулган бекитүүчү арматурага, сактагыч клапандарга жана манометрлерге ээ бууландыруучу аппаратта, ошондой эле өчүрүлгөн чыгаруучу желдетүүдө, ачык аппаратта иштөөгө тыюу салынат.
Бууландыруучу аппараттардын люктары өтмө желдетүүнү камсыз кылгандай, ал эми сактагыч клапандардын түтүн чыгуучу түтүктөрү сыртка чыгып тургандай болуп жайгашууга тийиш.
275. Иштөө убагында бууландыруучу аппаратты кароочу терезе аркылуу гана кароого уруксат берилет.
Аппараттардын ширетилип бириктирилген жерин карап чыгуу үчүн көчмө түзүлүш каралууга тийиш.
276. Иштөө убагында деңгээлдерин, тыгыздыктарын текшерүү жана сынамдарды алуу зарыл болгон бууландыруучу аппараттар бул операцияларды аткаруу үчүн коопсуз система менен жабдылууга жана аларды жүзөгө ашыруу үчүн өчүрүлүүгө тийиш.
277. 60° С жогору температурада тазалоо жана оңдоо үчүн адамдардын мештин ичинде болуусуна тыюу салынат.
278. Меш күйгүзүлгөн учурда мештин эшиктерин ачык кармоого, полдорду тазалоого жана кектерди түшүрүүгө тыюу салынат.
279. Мештин жанына төгүлгөн мазутка дароо кум себилүүгө жана тазаланууга тийиш.
280. Чыгымдалуучу бактагы суюк отун күйгөн учурда суюк отунду дароо авариялык идишке куюп, атайын каражаттар менен өрттү өчүрүү чараларын көрүү жана өрт өчүрүү кызматын чакыруу керек.
281. Концентрациялык столду иштетүүнүн алдында төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
1) столдо жана анын жанында бөтөн предметтердин жоктугуна ынануу;
2) столдун кыймылдуу бөлүктөрүнүн анын кыймылсыз бөлүктөрүнө тийбегендигин текшерүү;
3) илме столдордун иштеткич механизминин тиштүү дөңгөлөктөрүнүн стопорунун абалын текшерүү (стопордун тиштери өйдө каратылып орнотулушу керек);
4) системада суунун бар экендигин текшерүү;
5) кийинки аппараттардын концентрациялык столдордун продуктуларын кабыл алууга даярдыгын текшерүү.
282. Столдун декасынын 2 мм ашык эмес, ал эми иштеткич механизми 0,5 мм ашык эмес вертикалдык титирөөлөрүнө жол берилет.
283. Концентрациялык столдорду эксплуатациялоодо төмөнкүлөргө уруксат берилбейт:
1) бузук же начар тросторду колдонууга (илме столдор үчүн);
2) деканын жүктөөчү бурчуна турууга;
3) декалардын же иштеткич механизминин астында турууга;
4) стол иштеп жатканда декалардын үстүндө турууга же басууга;
5) столдун үстүнө бөтөн предметтерди, аспаптарды, деталдарды коюуга;
6) дебаланстардын жүктөрүн түшүрүүгө же стопорлонбогон тиштүү дөңгөлөктөрдө иштеткич механизминин корпусунун ичинде иштерди жүргүзүүгө.
5-глава. Гидрометаллургиялык процесстер жана үймөктөн бөлүп алуу
16-§. Жалпы талаптар
284. Фабрикаларды долбоорлоодо, фабрикаларды реконструкциялоодо жана иштеп жаткан фабрикаларда амальгамациялоо процессин колдонууга жол берилбейт.
285. Өтө уулуу реагенттерди (цианиддерди ж.б.) колдонуучу цехтердин жана фабрикалардын бөлүмдөрүнүн полдору, дубалдары, потолоктору жана курулуш конструкциялары калың, жылмакай болууга жана эритмелерди сиңирбөөчү, оңой жуулуучу, гидрофробдуу каптоолорго ээ болууга тийиш.
Кабаттардын ортосундагы туташ эмес тосуулардын бош турган четтерин, перилалардан тышкары, бийиктиги 20 см кем эмес ным өткөрбөөчү тосмолор менен жабдышат.
286. Фабрикалардын полдору (анын ичинде идиштердин жана жабдуулардын алды) дренаждык каналдар жана зумпфалар тарапка эритмелердин жана пульпалардын чогулуусуна жол бербөөчү жантайыңкы болууга тийиш. Аянтчаларда жана кабаттардын ортосундагы тосмолордо орнотулган жабдуулардын астында төмөндө жайгашкан зумпфаларга же идиштерге агып кетүү менен дренаждык системанын түзүлүшү милдеттүү.
Полдордун каналдардан жана насостуу зумпфалардан турган дренаждык системасы бардык агындылардын топтолушун жана аларды технологиялык процесске кайтарууну камсыз кылууга тийиш.
287. Бир жайда цианирлөөнү кычкыл чөйрөдө өтүүчү процесстер менен айкалыштырууга болбойт. Эки процесс бир технологиялык чынжырчаны түзгөндө тана буга жол берилет. Мындай учурда өзгөчө сактык чараларын көрүү керек (вакуум алдындагы аппараттардын иштөөсү, иш орундардагы абанын курамын үзгүлтүксүз контролдоо).
288. Технологиялык процесстери кычкыл чөйрөдө өтүүчү бөлүмдөр фабриканын калган бөлүгүнөн дренаждык системалар менен обочолонууга тийиш: кычкыл дренаждык сууларды чыгарып таштоонун алдында нейтралдаштыруу зарыл.
Бул бөлүмдөрдүн полдору, дубалдары, курулуш конструкциялары жана жабдуулары кычкылга туруктуу болушу керек.
289. Төмөнкүлөрдө жергиликтүү аба сордурууну кароо зарыл:
1) фабриканын майдалоо бөлүмүндө - цианиддүү чөйрөдө тартылуучу тегирмендердин жүктөөчү жана түшүрүүчү ооздорунан тартып;
2) концентратты кургатуу бөлүмүндө - кургатуучу мештердин (барабандардын) жүктөөчү жана түшүрүүчү тешиктеринен тартып;
3) цинктүү тунмаларды кургатуу бөлүмүндө - кургатуучу шкафтардын (мештердин) жүктөөчү люктарынан тартып;
4) реагенттик бөлүмдө - уулуу реагенттер бар тараларды ачуу жана бошотуу камераларынан, реагентгердин кубаттандыргычтардан, мутилкалардан жана чогултуучу чандардан тартып;
5) өндүрүштүк агындыларды зыянсыздандыруу бөлүмүндө - зыянсыздандыруу аппаратынан тартып;
6) сорбция бөлүмүндө - чайыр бөлүп чыгаруу үчүн пачуктардан жана калбырлардан тартып;
7) регенерациялык бөлүмдө - регенерациялык колонкалардан жана реагенттердин идиштеринен тартып;
8) электролиз бөлүмүндө - электролизердерден жана графиттелген ватинди жагуучу мештерден тартып.
290. Чыгуучу газдарды чыгаруу шарттары (саны, орду, бийиктиги) мамлекетгик санитардык көзөмөлдөө органдары менен макулдашылууга тийиш.
291. Жарылууга жана өрттөнүүгө кооптуу жогору концентрациядагы заттардын (суутек, күкүрт көмүртеги, цианисттүү суутек) бөлүнүп чыгуусу мүмкүн болгон аппараттардын чыгаруучу желдетүү системалары жарылууга коопсуз жүргүзүлүүгө тийиш.
17-§. Төмөнкү басымдагы жабдуулар
292. Реакторлор жана эритип бөлгүчтөр алардын эритмелер менен толтурулуусунун деңгээлин контролдоонун техникалык каражаттары, белгиленген деңгээлден ашып кетүүсүнө жол бербөөчү сигнализация жана блоктоо менен жабдылууга тийиш.
Эритмелердин компоненттерин дозалоону жана аларды аралаштырууну газдарды болуп чыгаруу жана аралашмаларды чыгаруу менен дуулдаган реакцияны жок кылуучу автоматташтырылган ыкмалар менен жүргүзүү зарыл.
293. Реактордун агызуучу штуцерлерин аралаштыргыч толук токтогондо, реактордо эритме жок болгондо жана кубаттандыруучу өткөргүч түтүктөр жабылгандан кийин гана тазалоо керек.
Эритмелерди реактордун конструкцияларына авариялык төгүү үчүн тиешелүү коммуникацияларга же идиштерге ээ атайын чыгаруу каралышы керек.
294. Реакторлордун иштөө убагында алардын капкактары бекем жабылышы жана бекитилиши керек.
Реакторду иштетүүнүн алдында сордуруучу жана жалпы алмашуучу желдетүүнү күйгүзүү керек. Реактордун желдетүү системасы иштетилгенге чейин иштөөсүн болтурбоо үчүн тиешелүү блоктоо жана сигнализация орнотулууга тийиш.
295. Агрессивдүү чөйрөлөр менен иштөөдө тейлөөчү персоналды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо жана тиешелүү реактивдер менен иштөө боюнча нускама берүү керек.
18-§. Жогору басымдагы жабдуулар
296. Жогору басымдагы аппараттарды долбоорлоону, даярдоону жана эксплуатациялоону Ашыкча басым алдында иштеген жабдууларды пайдалануучу кооптуу өндүрүштүк объекттердин коопсуздук эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
297. Жогору басымдагы бардык аппараттар аппараттын иштөө режиминин (басымы, температурасы) жол берилген чоңдуктардан четтөө мүмкүндүгүн болтурбоочу контролдук-өлчөөчү приборлор жана сактоочу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.
298. Атмосферасында адамдардын ден соолугуна зыяндуу газдар, аэрозолдор жана башка аралашмалардын пайда болушу мүмкүн болгон бардык жайларды чыгаруучу желдетүү менен, зыяндуу заттардын ЖБЧК ашып кеткендиги тууралуу сигнализация системалары бар контролдук-өлчөөчү приборлор менен жабдуу зарыл.
Жайлардагы атмосферада зыяндуу заттардын концентрациясы ЖБЧКдан ашып кеткен учурда адамдардын жүрүм-турумунун, ошондой эле алардын жеке коргонуу каражаттарын пайдалануунун тартиби, анын ичинде авариялык чыгарууларда фабриканын жетекчиси тарабынан бекитилген тиешелүү нускама менен аныкталууга тийиш. Ошондой эле нускамада адамдарды жайдан тез арада алып чыгуу жана жумушчу зонада зыяндуу газдардын концентрациясы санитардык ченемдерге чейин темөндөгөндө гана иштерди улантуу каралууга тийиш.
299. Жогору басымдагы аппараттарда иштөөнү фабриканын жетекчиси тарабынан бекитилген тиешелүү иускамага ылайык жүргүзүшөт. Нускамада төмөнкүлөр каралууга тийиш:
1) жаңылыш иштөөсүнө жол бербей турган чараларды камсыздоо менен аппаратты токтотууга даярдоо;
2) аппарат авариялык токтоп калган учурда тейлөөчү персоналдын иш-аракеттеринин тартиби;
3) аппаратты оңдоо же тейлөө боюнча иштерди уюштуруу;
4) адамдарга аппаратта иштөөгө уруксат берүүнүн тартиби жана алардын коопсуздук чаралары;
5) аппаратта аткарылуучу иштердин коопсуздугун жана сапатын контролдоонун тартиби;
6) аппаратты ишке киргизүүнүн тартиби.
300. Жогору басымдагы аппараттарды жүктөө жана бошотуу механизацияланууга тийиш. Жогору басымдагы аппараттарды кол менен бошотууга авариялык учурларда гана жол берилет.
301. Мышьяктуу ангидриддерди өндүрүүдө бардык технологиялык операцияларды жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу менен жылчыксыз системаларда жүргүзүү зарыл.
302. Концентрацияланган шакарларда эритип кошуу жана концентрацияланган кислоталарда эритүү менен байланышкан иштер технологиялык нускамалардын талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
303. Үймөктөп бөлүп алуу боюнча иштер жүргүзүлгөн жер тосулууга жана сырт тарабынан эскертүүчү жазуулар менен белгиленүүгө тийиш.
304. Цианисттүү эритмелер жана кислоталар бар бардык өткөргүч түтүктөрдө, идиштерде жана жабдууларда "УУ" деген жазуу болушу керек, ал эми цианисттүү эритмелер жана кислоталар бар ачык тундургуч көлмөлөрдө коргоочу тосмолор болууга тийиш.
305. Өндүрүштүк аянтчадагы потенциалдуу кооптуу жерлер иш зонасындагы абада цианиддер менен кислоталар ЖБЧК жогорулап кеткенде үн жана жарык сигналдарын берүүчү автоматтык сигнализаторлор менен жабдылууга тийиш.
306. Үймөктүн үстүндө жүргүзүлүүчү иштердин бардык түрлөрү (тешилген түтүктөрдү которуу, агууларды жоюу, көзөнөктөрдүн сиңирип алуусу) керектүү жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу менен экиден кем эмес жумушчу тарабынан аткарылышы керек.
307. Цианисттүү эритмелерди даярдоо, алтынды тундуруу же сорбция, тунмаларды, эритиндилерди иштетүү, эритүү бөлүмдөрүндөгү коопсуздук чаралары пайдалуу компоненттерди цианисттүү технология менен фабрикалардын бөлүмдөрү үчүн талаптарга шайкеш келиши керек.
19-§. Цианирлөө бөлүмдөрү
308. Тейлөөчү персоналдын цианисттүү эритмелер (пульпа) менен түздөн-түз байланышын болтурбоо жана иш зоналарына уу бөлүп чыгарууларды азайтуу үчүн цианирлөө бөлүмүнүн жабдуулары менен идиштери максималдуу түрдө тыгыздалышы керек же жергиликтүү соргучтары бар жабуулар менен жабдылууга тийиш.
Технологиялык процессти контролдоо жана жабдууларды башкаруу толугу менен автоматташтырылышы керек же аралыктан башкарылууга тийиш.
309. Цианисттик процесстин жабдуулары менен идиштери аралашмалардын (пульпа) кокустан төгүлүп кетүүсүнүн алдын алуучу автоматтык түзүлүштөр менен жана куюучу өткөргүч түтүктөр, бийиктиги долбоордук эсептик параметрлерге ылайык келүүчү, бирок 0,3 м кем эмес болгон поддондуу борттору бар бетон поддондор менен жабдылууга тийиш.
310. Цианисттүү эритмелер (пульпа) же алардын жуптары менен тийишкен жабдуунун деталдары, өткөргүч түтүктөр, арматуралар жана башка түзүлүштөр цианга туруктуу материалдардан жасалышы керек; электр өткөрмө, түстүү металлдардан жана алардын эритиндилеринен (жездин, жездүү цинктин, алюминийдин) цианиддер менен контакт болуудан изоляцияланууга тийиш.
311. Жабылбаган жана аба сорбоочу жабдуулардагы жана идиштердеги цианисттүү эритмелердеги (пульпа) коргоочу шакардын концентрациясы дайыма СаО боюнча 0,01-0,025% төмөн эмес деңгээлде кармалууга тийиш.
312. Цианирлөө жана цианисттүү эритмелерди даярдоо бөлүмдөрүндө чыгаруучу желдетүү аркылуу чыгарылган аба имараттардын жогорку зонасынан чыгарылышы керек.
Агылып келүүчү желдетүү системасындагы аба иш зонасына белгиленген иш орундарына жана өтмөктөргө берилиши керек.
313. Вакуум насостор менен сорулуучу газ менен абанын аралашмасы атмосферага чыгарылганга чейин зыяндуу компоненттерден жана майлардан тазаланышы керек жана агып келүүчү желдетүү системалардын абаны чогултуучу түзүлүштөрүнө кирбеши керек.
Вакуум насостордун жана аба чогултуучу түзүлүштөрдүн сыртка чыгаруучу чекиттеринин өз ара жайгашуусун колдонуудагы курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык тандоо зарыл.
314. Түсүн жоготуучу жана тундуруучу орнотмолордун чыпкаларынан чыпкалоочу каптамаларды (бетин) алуудан мурун аларды цианиддер толугу менен кеткенге чейин суу менен жуу керек.
315. Чыпкалоочу кездемени (каптамаларды, энди) жалпы алмашуучу желдетүү менен жабдылган изоляцияланган жайда гана кислота менен жууга уруксат берилет.
316. Чыпка кездемесин регенерациялоо (кислота менен иштетүү, жуу, кургатуу) боюнча бардык иштер максималдуу түрдө механизацияланууга тийиш.
317. Чыпкалоочу кездемени чыпканын өзүндө кислота менен жууга өзгөчө учурларда чыпка пульпадан ажыратылгандан кийин жана аны цианиддер толугу менен кеткенге чейин суу менен жуугандан кийин гана уруксат берилет.
318. Цинк тунмаларын кургатуу, майдалоо, сынам алуу жана таңгактоо үчүн жайлар цианирлөө бөлүмдөрүнөн изоляцияланууга тийиш жана чыгарууларды технологиялык жана санитардык тазалоочу жалпы алмашуучу желдетүү менен жабдылууга тийиш.
319. Цинк тунмалары тыгыздалган кургатуучу шкафтарда (мештерде) вакуум алдында кургатылат. Цинк тунмаларын ачык плиталарда кургатууга тыюу салынат.
320. Кургатылган цинк тунмалары салынган табаларды тыгыздалган шкафтарда вакуум алдында муздатуу зарыл.
321. Цианид камтылган өндүрүштүк агындыларды зыянсыздандыруу үчүн жайлар фабриканын башка жайларынан изоляцияланууга тийиш жана аралыктан башкаруу менен жалпы алмашуучу жана авариялык желдетүү менен жабдылышы керек.
322. Цианид камтылган өндүрүштүк агындыларды хлордуу продуктулардын жана башка реагенттерди (суутек перекиси, озонду) пайдалануу менен зыянсыздандырууга аба соргуч, контролдоо жана аралыктан башкаруу приборлору менен жабдылган тыгыз жабылган жабдууда гана уруксат берилет.
323. Уулуу заттардан зыянсыздандырылбаган атайын кийимдерди фабриканын аймагынан алып чыгууга жана атайын кийим менен чегинен тышкары чыгууга тыюу салынат.
Атайын кийимдер алдын ала зыянсыздандырылгандан кийин жуулат жана борборлоштурулуп оңдолот.
324. Цианисттүү эритмелер (пульпа) менен желим кол каптарда, фартук жана өтүктөрдө гана иштөөгө уруксат берилет. Шымды өтүктүн сыртынан кымтышат. Цианисттүү эритмелер менен иштеген жерлер жергиликтүү чыгаруучу желдетүү менен жабдылууга тийиш.
325. Кечиктирилгис жардам көрсөтүү үчүн цианирлөө бөлүмүнүн бардык кайра иштетүүлөрүндө профилактикалык пункттар түзүлүшү керек, аларды бардык иш аянтчаларына алардан кайсы болбосун цианид камтыган жабдууга чейинки аралык 25 м ашпагандай эсеп менен жайгаштырылат.
Пункттарга кире бериш жерлер жакшы жарыктандырылышы, кирүүгө оңой болушу, жабдуулар жана коммуникациялар менен тосулбашы керек.
326. Профилактикалык пункт ууга карты заттардын топтому, медикаменттер жана таңуучу каражаттар, ошондой эле керектүү идиш, ууга каршы заттарды пайдалануу боюнча нускама менен алгачкы жардам аптекасы менен жабдылууга тийиш.
Профилактикалык пунктка полдон 2 м деңгээлде орнотулган чыгымдалуучу патрубокторго чабыштыргыч аркылуу берилүүчү муздак жана ысык суу өткөрүлүүгө тийиш.
Чыгымдалуучу патрубокторго чачкычтарды орнотууга жол берилбейт.
20-§. Сорбция, десорбция, регенерациялоо жана электролиз бөлүмдөрү
327. Иштөөчү жайлардын атмосферасына өтө уулуу заттардын кирүүсүнүн алдын алуу үчүн бөлүмдүн жабдуулары (пачуктар, колонкалар, калбырлар) толугу менен жылчыксыздалышы керек, ал эми газдарды соруу түздөн-түз жабуулардын астынан жүргүзүлүшү керек.
328. Десорбция жана регенерациялоо процесстерин контролдоо жана башкаруу автоматташтырылууга тийиш.
329. Реагенттерди сорбция, десорбция, регенерациялоо, сактоо жана даярдоо жайларын иш орундарында синил кислотасынын бууларынын камтылышы ЖБЧКдан жогорулагандыгы тууралуу кабарлоочу блоктолгон сигнализация системасы (үн жала жарык) менен үзгүлтүксүз иштөөчү аба чөйрөсүн контролдоочу автоматтык приборлор менен жабдуу керек.
Өлчөө каражаттары болуп саналган приборлор өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо жаатындагы мыйзамдарга ылайык бекитилген типте болушу жана текшерилиши керек. Өлчөө каражаттарын текшерүү метрология боюнча улуттук орган жана юридикалык жактардын ыйгарым укуктуу метрологиялык кызматтары тарабынан жүргүзүлөт.
330. Десорбция, регенерациялоо жана электролиз жайында үзгүлтүксүз иштөөчү жалпы алмашуучу желдетүүдө гана иштөөгө уруксат берилет. Желдетүү системалары иштен чыккан учурда тейлөөчү персонал дароо жайдан чыгып кетүүгө тийиш. Жалпы алмашуучу желдетүүнүн иши кайра жаңылангандан кийин жана жайдын атмосферасындагы зыяндуу аралашмалардын (мисалы, синил кислотасынын) камтылышы ЖБЧК чейин азайгандан кийин жайга кирүүгө уруксат берилет.
331. Чайырды колонкалар боюнча которуштурууда колонкалардын терезелери менен капкактары жылчыксыз жабылышы керек.
332. Чайырды чөйрөнүн башка курамы (шакардуу чөйрөдөн кычкыл чөйрөгө жана тескерисинче) бар колонкага ташуу процессинде эритмелер толугу менен бөлүнүшү керек. Эритмелерди чайыр менен чогуу ташууга тыюу салынат.
333. Колонкалардан чайырлардын жана эритмелердин сынамдарын капкактардагы люктары же колонкалардын капталындагы эшикчелери аркылуу алууга гана уруксат берилет. Сынам алуу үчүн колонкалардын капкактарын ачууга тыюу салынат.
334. Десорбциянын жана регенерациялоонун кычкыл жуулуучу эритмелерин цианисттүү процесске кайтарууга алар алдын ала шакарлар (акиташ, жегич натрий) менен нейтралдаштырылгандан кийин гана жол берилет.
335. Товардык регенератты электролиздөө жайы жалпы алмашуучу жана авариялык желдетүү системалары менен жабдылууга жана абада кислота менен суутектин буулары ЖБЧКдан ашып кеткен концентрацияларда камтылышы тууралуу сигнал берүүчү приборлор менен комплекттелүүгө тийиш.
336. Электролизерде катоддук блокторду алмаштыруу боюнча иштерде жумушчулар атайын резина кийимдерин, желим өтүктөрдү, фартук, кол кап кийиши жана коргоочу көз айнектерди тагынууга тийиш.
4-глава. Реагенттик бөлүмдөрдү жана реагент камналарын эксплуатациялоодогу коопсуздук талаптары
21-§. Жалпы жоболор
337. Реагентти колдонуучу бардык ишканаларда жетекчи (жетекчинин орун басары) тарабынан бекитилген аларды коопсуз сактоо, эсепке алуу жана реагенттердин (алардын технологиялык аралашмаларынын) кооптуулук классын, санитардык талаптарды жана ушул Эрежелерди эске алуу менен реагенттик режимди жүргүзүү боюнча нускамалар болууга тийиш.
338. Реагенттерди сактоочу жана алар менен иштөөчү жайлар бул жайлардын атмосферасындагы зыяндуу заттарды ЖБЧКдан ашпаган деңгээлде камтылышын камсыздоочу желдетүү менен жабдылууга тийиш. Реагенттик жайлардан чыгарылган аба атмосферага коё берилгенге чейин тазаланууга жана нейтралдашууга тийиш.
339. Реагент бөлүмүндө желдеткичтердин иши токтогону тууралуу кабарлоочу үн жана жарык сигнализациясы каралууга тийиш.
Желдетүү түзүлүшү токтогондо же аба чөйрөсүндө зыяндуу заттардын камтылышы ЖБЧКдан ашык жогорулаганда жайда иш дароо токтотулат жана жумушчуларды таза абага чыгарышат.
Жалпы алмашуучу желдетүүнүн иши калыбына келтирилгенден кийин жана иш чөйрөсүндөгү абадагы зыяндуу заттардын камтылышы ЖБЧК деңгээлине чейин төмөндөтүлгөндөн кийин гана имаратка кирүүгө уруксат берилет.
340. Жайды жалпы желдетүүдөн тышкары, реагенттерди түшүрүү, тараларды жана идиштерди ачуу жайында зыяндуу заттарды бөлүп чыгышы мүмкүн болгон эритме чаңдар, тундургучтар жана башка аппараттар тыгыздалган жана жабылган соргучтары бар жергиликтүү сордургуч түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
341. Реагенттер менен иштөөдө алардын жер кыртышына, полго, жабдууларга, идиштерге жана кийимдерге чачыроо, куюлуп кетүү жана чаңдоо мүмкүндүктөрүнүн алдын алуучу чаралары көрүлүүгө тийиш.
Полго же аппаратурага түшкөн реагенттер техникалык нускамага ылайык тазаланууга, нейтралдашууга жана суу менен кылдат жуулууга тийиш.
Реагенттерди сактоо, жүктөө жана түшүрүү жайларында төгүлгөн жана куюлган реагенттерди зыянсыздандыруу үчүн жетиштүү сандагы каражат болушу керек.
342. Реагенттик бөлүмдөрдө химикаттарды териден тезинен кетирүү үчүн авариялык душ же суу толтурулган ванна болушу керек, ошондой эле көздү жууп салуу үчүн кичинекей оргумалар болушу керек. Бул көрсөтмөлөрдү түздөн-түз дайындоо боюнча гана колдонуу керек.
343. Реагенттер сакталган же алар менен иштөөчү жайга бөтөн адамдардын кирүүсүнө тыюу салынат.
344. Оңдоо иштеринин жүргүзүүгө, желдетүү системасын жана реагент өткөргүчтөрүн тазалоого, реагент бөлүмдөрүндөгү, ошондой эле кампалардагы идиштерди карап чыгууга, тазалоого жана зыянсыздандырууга иштин жетекчиси тарабынан алдын ала инструктаж өткөрүлөт, алар иштин көлөмүн жана коопсуздук чараларын көрсөтүү менен атайын уруксат берүүчү кийим кийиши керек.
345. Иштетилген сүртүүчү материалдарды ыргытып салууга, ошондой эле аларды чаңдардын жана аппараттардын ичинде калтырууга тыюу салынат. Бардык иштетилген сүртүүчү материалдарды чогултуп жок кылышат.
346. Реагенттер бар имараттарда жеке кийимдерди жана тамак-аш азыктарын сактоого, ошондой эле персоналдын чылым чегүүсүнө жана тамак ичүүсүнө тыюу салынат.
347. Эритмелерди сактоо, даярдоо, ташуу жана флотореагенттерди колдонуу ишканада иштелип чыккан жана фабриканын жетекчиси (жетекчинин орун басары) бекиткен чыгымдын салыштырма ченемдерине (технологиялык регламент) ылайык жүзөгө ашырылат.
348. Реагенттердин пайдаланууга жараксыз, булганган калдыктарын жана реагент бөлүмүнүн агындыларын химиялык тазалоо же зыянсыздандыруу технологиялык циклдин башка жайларынан обочолонгон жайда ишке ашырылат. Бөтөн адамдардын бул жайларда болуусуна тыюу салынат.
Өз ара аракеттенүүдө уулуу заттар (күкүрт суутеги, цианисттүү суутек, мышьяк суутеги) пайда болуучу же өткөргүч түтүктөрдү толтуруучу эрибеген тунмалар пайда болуучу агындылардын кошулуусуна жол берилбейт.
22-§. Реагенттерди даярдоо бөлүмдөрү
349. Сууда же башка эриткичтерде суюк жана катуу химиялык продуктулар эритилүүчү, тундурулуп, даярдалып бүткөн эритмелерди чыгымдалуучу бактарга берилүүчү реагент бөлүмдөрү фабриканын бардык башка объекттеринен изоляцияланууга тийиш.
350. Реагенттерди даярдоо бөлүмдөрүндө жана алардын өзүнчө жайларында температуралык режимди ошол жайларда даярдалуучу реагенттердин физикалык-химиялык касиеттерин эске алуу менен белгилөө зарыл.
351. Капысынан олуттуу көлөмдө зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон реагент бөлүмдөрүндө авариялык чыгаруучу желдетүү каралууга тийиш. Сменада иштегендердин максималдуу тизмесиндеги курамдан 50%га көп болууга тийиш болгон противогаздардын запасы белгилүү бир жерде сакталышы керек.
352. Эритме чаңдар жана тундургучтар, ошондой эле алар менен байланышкан коммуникациялар зарыл болгон учурда аларда камтылган реагенттерди эритүү бөлүмдөрүндө каралган авариялык идиштерге толук куюлгандай орнотулушу керек.
Реагенттик бөлүмдөрдө үндүк же жарыктык сигнализация менен эритме чаңдарды толтуруулун деңгээлин автоматтык түрдө контролдоо каралууга тийиш.
353. Органикалык жана башка өрткө, жарылууга кооптуу заттарды эритүү үчүн аппаратура учкундун пайда болушуна жол бербегидей иштөөгө тийиш.
354. Цианисттүү эритмелерди даярдоо үчүн жай реагенттүү бөлүмдүн башка жайларынан изоляцияланууга жана дайыма жабык болууга тийиш, ал эми агынды суулардын жана анын калдыктарынын дренажы - башка реагенттердин бөлүмдөрүнүн дренажынан обочолонууга тийиш.
Көрсөтүлгөн бөлүмдөрдө иштөөгө уруксат берилген адамдар иштөөнүн коопсуз методдоруна окутулууга жана атайын күбөлүктөргө ээ болууга тийиш.
Бардык аппаратура жана цианид бар банкаларды ачуу, аны бункерге жана чаң эритмелерге түшүрүү үчүн, ошондой эле эритүү жана даяр эритмелерди сактоо үчүн багытталган орнотмолор кылдат жабылып, тыгыздалууга тийиш, резервдик желдеткич орнотмолор менен блоктолгон жергиликтүү тартын чыгарууга ээ болушу керек.
355. Чаңдар жана тундургучтар ар бир реагент үчүн куюучу түтүктөр жана деңгээлди өлчөгүчтөр, ошондой эле реагенттин так аталышы менен жазуу менен жабдылышы керек.
356. Бардык өткөргүч түтүктөрдү жана идиштерди "Сигналдык түстөр коопсуздук белгилери" МАСТ талаптарын сактоодо колдонуудагы тармактык стандарттарга ылайык коопсуздук белгилериндеги символикалык сүрөттөр жана түшүндүрүүчү жазуулар менен шарттуу түстөргө сырдалышы керек.
357. Барабандарды ачууда, чоң кесиндилерди майдалоодо, аларды эриткич бактарга жүктөөдө коопсуздук чаралары жумуш нускамаларында баяндалууга тийиш.
358. Жергиликтүү жарыктандыруу үчүн флотореагенттердин эритмелерин даярдоодо чыңалуусу 12 В ашпаган алып жүрүүчү лампаларды колдонууга уруксат берилет.
359. Реагенттер менен иштөөдө төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) коргоочу көз айнексиз, резина кол капсыз, резина алжапкычсыз, резина өтүксүз иштөөгө;
2) полго эритмени төгүүгө жана аны коргоо каражатысыз жууп-тазалоого;
3) реагенттер толтурулган идиштерди ачык калтырууга;
4) бузук идиштерди, механизмдерди жана приборлорду колдонууга;
5) химиялык реагенттер менен иштеп жаткан жайда тамак ичүүгө.
360. Реагент менен атайын кийимде жана коргоочу шаймандарды колдонуу менен гана иштөөгө болот.
361. Реагенттердин полго, дубалга жана машинанын сырткы бөлүктөрүнө тийүүсүнө жол берилбейт. Төгүлгөн реагенттер таарынды же сүрүндүлөр менен чогултулууга, ал эми жабдуулар кылдат сүртүлүүгө тийиш. Таарындылар жана чүпүрөктөр пайдаланылгандан кийин дароо цехтен өрттөлгөн өндүрүш калдыктарынын үйүндүсүнө чыгарылууга тийиш.
362. Реагенттерди колдонуу жерине жеткирүү жана түшүрүү механизацияланууга тийиш.
363. Эритмелерди сактоону, даярдоону, ташууну жана флотореагенттерди пайдаланууну иштелип чыккан технологиялык регламенттерге ылайык жүзөгө ашыруу зарыл.
364. Реагенттердин пайдаланууга жараксыз, булганган калдыктарын жана реагент бөлүмүнүн агындыларын химиялык тазалоо же зыянсыздандыруу технологиялык циклдин башка жайларынан обочолонгон жайда ишке ашырылат.
Өз ара аракеттенүүдө уулуу заттар (күкүрт суутеги, цианисттүү суутек, мышьяк суутеги) пайда болуучу же өткөргүч түтүктөрдү толтуруучу эрибеген тунмалар пайда болуучу агындылардын кошулуусуна жол берилбейт.
365. Уулуу продуктуларды пайдалануу менен орнотмолорду тейлөөчү жумушчулар алар менен коопсуз иштөө ыкмаларына окутулууга тийиш.
23-§. Реагент кампалары
366. Реагенттер атайын нускамаларга ылайык жабык кампа жайларында же бастырманын алдында сакталышы керек. Аэрофлотторду, майларды, туздуу кислотаны, натрий сульфгидратын, керосинди, оксалды (Т-80) тосулган реагент кампасынын аймагында күндүн нурларынан жана атмосфералык жаан-чачындан коргоочу бастырма алдында металл резервуарларда жана цистерналарда сактоого жол берилет.
Ачык кампаларда туздуу кислотаны бөтөлкөлөрдө сактоого жол берилет.
Өз ара аракеттенүүчү реагенттерди бир кампада чогуу сактоого жол берилбейт.
Ошондой эле реагенттерди кампаларда бүтүн эмес идиштерде сактоого жол берилбейт. Реагенттерди кайрадан таңгактоону, кабыл алууну жана берүүнү атайын бөлүнгөн аянттарда жүргүзүү зарыл.
367. Суюк реагенттерди сактоо үчүн идиштер жана аны менен байланышкан коммуникациялар реагенттерди толук тазалоо үчүн түзүлүштөр менен жабдылышы керек.
Агрессивдүү (кислоталарды, щелочторду) жана уулуу реагенттерди ташуу үчүн өткөргүч түтүктөр жумушчу өтмөктөрдүн жана иш орундарынын үстүнө жайгаштырылбоого тийиш.
368. Ксантогенаттардын, күкүрттүү натрийдин жана цианиддердин кампалары үчүн жайларда температура 25° С жогору эмес кармалып турууга тийиш. Өтө күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды атайын өзүнчө жайларда сактоо керек. Уулуу реагенттерди жана чыланбаган акиташтарды башка реагенттер менен чогуу сактоого жол берилбейт. Чыланбаган акиташты сактоо үчүн акиташтын суу менен байланышына жол бербей турган күйбөөчү жай бөлүнүүгө тийиш.
369. Жарылууга кооптуу бууларды жана ууландыруучу таасирге же жагымсыз жыттарга ээ газдарды болуп чыгаруучу реагенттерди сактоочу жайларда сорун чыгаруучу жайдын төмөнкү жана жогорку зоналарынан аба туруп калган зоналардын панда болушун жок кылгандай болуп жүргүзүлүүгө тийиш.
370. Реагент кампаларынын жана реагент чарбаларынын бардык жайларынын полдору, дубалдары жана тийиштүү химиялык коргоого ээ болушу керек.
Дубалдары, потолоктору чаң, буу топтолбогудай жана алардын үстү тазалангыдай, жулгандай болуп жасалууга тийиш. Полдордо нукчалар, ошондой эле акыркы нейтралдаштыруучу эритмелердин келүүсү менен дренаж чуңкурларга суулар агып түшө тургандай жана буруп кетүү үчүн жетишерлик жантайыңкы болууга тийиш.
371. Аэрофлотторду, натрий сульфгидраттарын, аммиактарды жана башка аябай жыттануучу реагенттерди металл тыгындар менен тыгыз жабылуучу бузулбаган цистерналарда же металл челектерде гана ташуу жана сактоо зарыл.
372. Суюк, агрессивдүү жана өтө уулуу реагенттерди ишкананын аймагында атайын жабдылган транспортто же химикаттардын коромжу болуу мүмкүндүгүн жок кылуучу идиште ташышат.
Бөтөлкөлөр сакталган идиштердин саманы, сүртүндүлөрү жана жыгачы хлордуу цинктин же күкүрт кычкыл натрийдин эритмеси менен сиңирилиши керек. Суюк реагенттер куюлган бөтөлкөнүн тыгыны бекем, бирок, жылчыксыз болбошу керек.
373. Реагент кампасына алдын ала чыгаруучу желдетүү алдын ала 10 мүнөт бою үзгүлтүксүз иштегенден кийин гана кирүүгө болот. Желдеткич токтогон учурда жабык реагент кампаларда иштөөгө тыюу салынат. Желдеткичти иштеткич кампанын сырткы эшигинин жанында болушу керек.
Желдеткич бузулган учурда аны оңдоо үчүн кампага противогаз кийген экиден кем эмес адам бир убакта кирүүгө тийиш.
374. Ар бир реагентти топтоо жайы анда сакталган реагенттин аталышын жазуу менен аныкталышы керек. Реагенттерди сорттолбогон түрдө сактоого тыюу салынат.
375. Реагенттерди кампада сактоо жана пайдалануу мөөнөттөрү аларга даярдоочу завод белгилеген жарамдуулук мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
376. Кислоталарды, аммиак суусун, аэрофлотторду, натрий сульфгидратын жана башка суюк флотореагенттерди механизациялаштырылган ыкма менен түшүрүү керек.
Цистерналардан суюк реагентти агызгандан кийин шлангдан анын калдыктары чыгарылат, шлангды чечип, суу менен чайкашат.
Күйүүчү реагенттерди цистернадан куюуда өткөргүч түтүктөр жана цистерналар жердетилүүгө тийиш.
Суюк флотореагенттерди жана химикаттарды сордуруп куюштуруунун алдында идишти толтуруу деңгээлин контролдоо системасынын ишенимдүүлүгүн текшерүү керек.
377. Кампада, ошондой эле жарылууга кооптуу реагенттердин кампасынын жанында жана насос жайларында коопсуздук чараларын көрсөтүү менен фабриканын жетекчисинин атайын (жазуу түрүндөгү) уруксаты менен ширетүү иштерин аткарууга болот. Мында жеңил учуучу химикаттар кампадан алдын ала жок кылынууга тийиш.
378. Реагенттердин кампаларында төмөнкүлөр болушу керек:
1) жалпы алмашуучу жана жергиликтүү чыгаруучу желдетүүнүн иши токтотулгандыгы жөнүндө кабарлоочу үн жана жарык сигнализациясы. Мындай сигнализация уулуу эмес жана жарылууга кооптуу бууларды бөлүп чыгарбаган реагенттердин кампалары үчүн милдеттүү эмес;
2) фабриканын жетекчилиги, өрттүн алдын алуу жана өчүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жакынкы бөлүмү жана медициналык пункт менен түз телефондук же фабриканын (диспетчери) оператору аркылуу байланыш;
3) суюк реагенттерди сактоо үчүн стационардык идиштердеги деңгээл өлчөгүчтөр.
Цианиддер бар банкаларды ачуу процесстери, ошондой эле күчтүү таасир этүүчү уулуу заттар менен байланышкан бардык иштер, анын ичинде эритмелерди даярдоо механизациялаштырылууга тийиш.
24-§. Кумдарды байытуу
379. Конвейердик-скруббердик жуугуч приборлордо иштөөдө тейлөө персоналынын (оператордун, бункерчинин жана насостук станциянын машинистинин) ортосундагы байланыш эки тараптуу жана бири-бирин кайталоочу болууга тийиш.
380. Жуучу прибордун конвейердик лентасынын валундарды ыргытуу үчүн атайын лотоктор орнотулууга тийиш.
Валундар топтолгон жер тосулушу керек.
381. Бункерлердеги өндүрүш приборлорунун туруп калуусун жоюу суунун оргуштап агышы же атайын шайман менен чечилет.
Бункерден валундарды алууга крандын же атайын түзүлүштөрдүн (блок, трос ж.б.) жардамы менен кубаттандыргыч жана конвейер токтогондон кийин гана жол берилет.
382. Гидромониторщиктин иш орду кумду дезинтеграциялоо, гидровашгерд лотогунун жана майда таш үйүндүнүн, ошондой эле гидроэлеваторго жакын жайгашкан башка жабдыктар жакшы көрүнүп тургандай жайгашууга тийиш.
383. Кыш мезгилинин шарттарында иштөөгө багытталган жылууланган өндүрүш приборлору үчүн ар бир өзүнчө учурда персоналдардын коопсуздугун жана жабдыктардын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуучу иш-чаралар каралууга тийиш.
5-глава. Күйгүзүүчү, кургатуучу жана агломерациялоочу бөлүмдөрдү эксплуатациялоодогу коопсуздук талаптары
25-§. Агломерация жана кесектөө
384. Ар бир фабрикада агломерация жана кесектөө процесстерин киргизүүнүн технологиялары боюнча нускамалар иштелип чыгууга жана бекитилүүгө тийиш, алар энергия алып жүрүүчүлөрдү (газ ж.б.) жогорку температурадагы операцияларды колдонуу, газ жана чаң бөлүп чыгарууларды жана коопсуздугу боюнча жагымсыз башка факторлордун болушу менен байланышкан конкреттүү шарттар үчүн рудаларды жана концентраттарды бүлүктөргө бөлүүнүн методдорун тактайт.
385. Баштапкы сырьенун, шихтанын, кайтаруунун жана постелдин бункерлери, ошондой эле бункерлерди жүктөөчү жайлар чаң, буу, газ бөлүп чыгаруулардын алдын алуучу аспирациялык орнотмолор менен жабдылууга тийиш.
386. Бункерлердин оюктары өлчөмү 200×200 мм болгон ячейкалуу решеткалар менен жабылууга жана бийиктиги 1 м кем эмес тосмо менен тосулууга тийиш.
387. Чаңды кармап калуучу түзүлүштөрдөгү чаңды тазалоону гидро, пнемвотранспорт же башка ыкма менен жүргүзүшөт. Чаңды басаңдатуучу түзүлүштөрдөгү чаңды гидро же пневмотранспорт системасына чыгаруу ыкмасы аны курчап турган мейкиндикке күбүп салуу жана таратуу мүмкүндүгүнө жол бербөөгө тийиш.
388. Адамдардын тазалоо жана оңдоо учурунда аралаштыруучу барабандарга жана муздатуучу барабандарга кирүүлөрү үчүн арналган люктун эшиктери жергиликтүү да, аралыктан да башкаруу учурунда барабанды ачык эшиги менен иштеп баштоо мүмкүндүгүн жок кылуучу блоктоо менен жабдылууга тийиш.
Аралаштыргыч иштеп жаткан учурда түздөн-түз барабандан сынам алууга тыюу салынат. Барабандан кийин шихтанын агымынан сынамды автоматтык сынам алгычтардын жардамы менен жана айрым учурларда кол менен алуу керек.
389. Бөлүктөргө бөлүүчү жана кесектөөчү машиналардын көрүктөрүнүн күйгүчүнө газды жана бууну кабыл алуу Газ чарбасындагы коопсуздук эрежелерине жана Буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүнүн түзүлүшүнун жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
Көрүктүн газ күйгүчүн тутандыруу жана өчүрүү тартиби, контролдоо орду жана параметрлери, зарыл болгон коопсуздук чаралары ишкананын башкы инженери тарабынан бекитилген атайын нускамада берилиши керек.
390. Бөлүккө бөлүүчү машиналар (агломерациялык машиналар жана окатыштарды күйгүзүү боюнча машиналар) шашылыш жана пландуу токтотулганда шихтаны, газды жана абаны берүүнү токтотуу керек. Мында газ күйгүчтөрү газдын келүүсүн токтотуучу автоматтык блоктоо менен камсыздалууга тийиш.
Соруучу-үйлөөчү машиналарды (эксгаустерлер, желдеткичтер, түтүн чоргучтар) машинадагы отун толук күйгөндөн кийин өчүрүү керек.
391. Коллекторлордун жана күйгүчтөрдүн тээктерин тейлөө үчүн ыңгайлуу жеткиликтүүлүк болушу керек. Магистралдык шиберлерди аралыктан, оператордук жайдан башкарышат. Мындан тышкары аларды кол менен ыңгайлуу башкаруу мүмкүндүгү каралууга тийиш.
392. Күйгүзүүчү машиналардын от алдыруучу көрүктөрүнүн капталдарын жана төбөсүн жылуу изоляциялоо керек. Тышкы бетинин температурасы 45° С жогору болгон көрүктөрдүн үстүнө имараттын эң бийик бөлүгүнөн 1-2 метр жогору чыгарылган жана дефлекторлор менен жабдылган соруучу түтүктөр менен зонттор орнотулушу керек.
Күйгүзүүчү көрүккө тыгыз туташ болгон агломерациялык машинага бойлой жабуу жок болгон учурда, шихтанын ысык бетин толук экрандоону камсыз кылган муздатуучу пардаларды жабдуу зарыл.
393. Фабриканын газ чарбасын тейлеген адамдар зарыл болгон газ коргоочу аппаратура менен камсыз болушу керек, аны жумуш орундарынын жанында атайын бөлүнгөн жерлерде сактоо жана системалуу түрдө текшерип туруу керек.
394. Шихтаны күйгүзүү үчүн суюк отун менен иштеген бөлүккө бөлүү орнотмолорун эксплуатациялоону ушул Эрежелердин жана иштин бул түрү боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык ишке ашырышат.
395. Постелди жана шихтаны арабага жүктөөчү жерлерде агломерациялык жана күйгүзүүчү машиналардын жумушчу аянтынын зонасында, ошондой эле ролик төшөгүчтүн роликти кыймылга келтиргичтеринде жана машинанын кууш бөлүгүндө тейлөөчү персоналдын иштеп жаткан машинанын колосниктерин алмаштыруу үчүн арабанын жумушчу тармагына чыгуу мүмкүндүгүн жокко чыгарган тосмо болушу керек.
Бул жерлерге жетүү күйгүзүүчү машина жана тийиштүү блоктоочу түзүлүш токтотулгандан кийин камсыз кылынышы керек.
396. Бөлүккө бөлүүчү фабрикалардагы бардык жумуш орундарында жарык үн сигнализациясы жана телефондук байланыш керек.
397. Фабрикаларда шихтаны жылытуу үчүн ысык кайтарымды колдонууга адистештирилген уюм тарабынан аткарылган долбоор боюнча санитардык ченемдерге ылайык эмгектин санитардык-гигиеналык шарттары камсыз кылынган учурда гана жол берилет.
Фабрикаларды долбоорлоодо ысык кайтарым процессин колдонууга жол берилбейт.
398. Кайтарым түйүнү фабриканын башка участокторунан бөлүнүүгө тийиш.
Күйгүзүү (бышыруу) бөлүм менен кайтарым түйүнүнүн ортосунда туз телефондук байланышты кармоо зарыл.
399. Агломератты бышыруу технологиясы кайтарымды алууну камсыз кылуусу керек, ал кайтарым бункеринде туруп калуунун пайда болуусун жокко чыгарат.
Бункерде ысык кайтарым туруп калган учурда, аны атайын каражаттар менен (пневмоталкалоо) талкалоо керек.
Бункердеги кайтарым материалын суу менен муздатууга таптакыр тыюу салынат.
Бункердин конструкциясын жана агымын суу менен муздатууга кайтарымдан бошотулган бункерде жана кошумча коопсуздук чаралары көрүлгөн учурда гана мүмкүн. Ысык кайтарым бункерлери жылуу изоляцияланууга тийиш.
400. Ысык кайтарымды ташуу үчүн галереядагы буунун пайда болушун азайтуу максатында тартуучу-чыгаруучу желдетүүнү жабдуу керек, ал эми кирген аба жылдын муздак мезгилинде алдын ала жылытылышы керек.
401. Муздатуучу-барабанда кайтарымды муздатууда буунун пайда болушун жок кылуу үчүн материалды жүктөө жана түшүрүү жайларында акыркысы аспирациялык системалар менен жабдылышы керек.
402. Машинанын кайтарым бункериндеги кобулду тазалоого шаймандардын жардамы менен атайын аянтчаларда гана уруксат берилет.
403. Ысык кайтарымды лента конвейер менен ташууда аны берүү конвейердин лентасына алдын ала жаткырылган шихтанын катмарында жүргүзүлүүгө тийиш.
Конвейердеги кайтарымды берүү жана муздак шихтанын болушу автоматиканын атайын системасы менен камсыз кылынууга тийиш.
404. Окатыштарды (агломераттын) вагондорго жүктөө үчүн темир жолдорду чатыр (зонт) менен жабуу керек, анын алдындагы чаңдаган аба атайын желдеткич менен сордурулат, ал эми чыгындыларды тазалоо атайын түзүлүштөр менен ишке ашырылат.
405. Жүктөөгө байкоо жүргүзүү үчүн телевизиондук же башка автоматтык түзүлүштөрдү орнотуу керек. Жүктөөнү башкаруу атайын изоляцияланган жайда жүргүзүлүшү керек, айда эмгектин санитардык-гигиеналык шарттары камсыз кылынууга тийиш.
406. Окатыштардын сынамын алуу атайын жайларда автоматтык үлгү алгычтар тарабынан ишке ашырылат, окатыштарды конвейердик берүү жок болгон учурда - темир жол вагондорундагы мосттук крандын грейфери тарабынан берилет.
407. Окатыштарды (агломераттын) муздатуу процесси алардын калориметрикалык ыкма менен аныкталуучу 140° C төмөн эмес температурасын төмөндөтүүнү камсыз кылат.
408. Даяр окатыштарды элөө жайлары күйгүзүү корпусунан имараттын бүт бийиктиги боюнча дубал менен бөлүнүшү керек. Элөө бөлүмүнө жана түшүрүүчү аянтка кирүү үчүн эшиктер тешигин бекем жаап турушу керек.
409. Кесектөө фабрикасынын күкүрттүү рудаларынан окатыштарды (агломераттын) өндүрүүдө күкүрт кармоочу орнотмолор менен жабдылышы керек.
410. Бөлүнүп чыккан газдардын газ-аба коллекторлору жана рециркуляция жана рекуперация системалары, ага ылайык күйгүзүү корпусунун ичинде, чийки затты даярдоо бөлүмүндө жана башка жайларда жайгашкан чаң топтоо үчүн алардын бункерлери жылуу изоляцияланышы зарыл.
Жылуулук изоляциясынын бетин мезгил-мезгили менен чаңдан тазалап туруу керек.
411. Жаңыдан долбоорлонгон күйгүзүү корпустарында күйгүзүүчү машиналардын соруучу-үйлөөчү орнотмолору өзүнчө корпуста (пролетто) жайгашуусу керек же күйгүзүү корпусунун курамына кирген жайдын туташ дубалдары менен изоляцияланган жайда жайгашууга тийиш.
Соруучу-үйлөөчү орнотмолордун жайы күйгүзүүчү бөлүм менен жарык-добуш сигнализациясы жана телефон байланышы менен байланышта болушу керек, ал үндү изоляциялоочу кабинада орнотулат.
412. Бөлүнүп чыгуучу газдардын жана рекуперация газдарынын коллекторлорунда орнотулган тээкти соруучу-үйлөөчү жабдууга чейин же андан кийин башкаруу механизацияланууга жана электрофикацияланууга тийиш.
413. Күйгүзүүчү машиналардын конструкциясы менен "тоодо күйгүзүүчү арабалар" түйүнүндө натыйжалуу бекемделүүнү камсыз кылышы керек, ал имаратка окатыштардын ысыган катмары менен жылуулукту таратуу жана газды чыгарууну эксплуатациялоо процессинде жокко чыгаруу максатын көздөйт.
414. Күйгүзүүчү машинанын түтүн соргучу же желдеткичи авариялык токтотулган учурда:
1) отунду берүү дароо автоматтык түрдө өчүшү керек жана шамдын тээги ачылышы керек;
2) күйгүзүүчү машина автоматтык түрдө токтотулат. Иштеп жаткан соруучу-үйлөөчү орнотмолор отун толук күйгөнгө чейин иштөөсүн улантат.
26-§. Акиташты күйгүзүү
415. Акиташты күйгүзүү жана акиташты даярдоо үчүн орнотмолорго агломерациялык машинаны эксплуатациялоодо коопсуздук талаптары жайылтылат.
416. Аки ташты күйгүзүү жана акиташты даярдоо орнотмолорунда санитардык ченемдерге ылайык эмгектин нормалдуу санитардык-гигиеналык шарттарын камсыз кылуучу натыйжалуу чаңды басаңдатуучу каражаттарды колдонуу зарыл.
417. Акиташты талкалоо үчүн сууну колдонуу кошумча коопсуздук чараларын коруу шартында жол берилет.
418. Акиташты ташуу анын чаңдашын жок кылган шарттарда (атайын идиштерде), жабык автотранспорттордо жана темир жол каражаттарында жүргүзүлүүгө тийиш.
Жетишсиз же бузук желдетүүдө акиташты күйгүзүү бөлүмдөрүндө иштөөгө тыюу салынат.
27-§. Кургатуучу бөлүмдөр
419. Кургатуучу орнотмолор жана аларды эксплуатациялоо колдонулуп жаткан отундун түрүнө жараша ушул Эрежелердин, бул иштин түрү боюнча ченемдик документтердин жана технологиялык нускамалардын талаптарына жооп бериши керек.
420. Бийик температурага чейин ысытылган кургатуучу орнотмолордун бардык беттери жылуулук изоляциясына же тосмого ээ болушу керек, ал эми жумуш орундары - аба душтары менен жабдылышы керек.
421. Кургатуучу мешке материал бериле турган кобулдар жана түтүктөр жабык болуп, чаңды пайда кылууга жол бербөө үчүн бекемделиши керек.
Айлануучу барабандардын мештер жана түшүрүү камералары менен бириккен жерлери бекем жабылышы керек.
422. Кургатуучу орнотмолор жана мештер газды санитардык ченемдерге чейин чаңдан жана зыяндуу аралашмалардан тазалоону камсыз кылган түзүлүштөрү бар газ сордуруу системасы менен жабдылышы керек.
423. Соруучу-үйлөөчү системаны өчүргөндө кургатуучу орнотмонун (мештин) иштешине тыюу салынат. Соруучу-үйлөөчү орнотмолор жумуш бөлмөлөрүнө газ кирбегендей иштеши керек.
424. Кургатуучу орнотмону ишке киргизүү жана токтотуу технологиялык нускаманын талаптарына ылайык ишке ашырылышы керек.
425. Мазутту куюу үчүн авариялык бак бузулганда же өтө толтурулганда ысытуучу түзүлүштөрдү иштетүүгө жол берилбейт.
426. Өндүрүштүк жайларда кургатуучу орнотмону тутандыруу үчүн мазуттун запасын бир күндүк керектөөдөн көп эмес санда алууга уруксат берилет. Мазутту сактоочу жай аталган максаттар үчүн өрттүн алдын алуу жана өрт чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
6-глава. Руданы, концентратты жана рудалык эмес материалдарды эксплуатациялоодогу коопсуздук талаптары
28-§. Руданын, концентраттын жана рудалык эмес материалдардын кампалары
427. Кампаларды жайгаштыруу жана аларды эксплуатациялоо Ачык ыкма менен пайдалуу кендерди казуу өндүрүштүк процессинин коопсуздугу жөнүндө эрежелердин талаптарына ылайык келиши керек.
Штабель алдындагы галереялар жылытуу, дренаждык системаларга жана чаңды тосуу менен аспирациялык системаларга ээ болушу керек.
428. Кыркадагы кампаларды штабель тизгичтердин жардамы менен калыптандырууда алардын толуп калышына, ошондой эле жумушчу аянттардын, траптардын, тепкичтердин муз болуп калбашына жол бербөө менен рельс жолдорунун жана суу топтоочу арыктардын абалын контролдоо керек.
Штабель тизгичтер иштеген район караңгы учурда жарыкталышы керек.
429. Чубурма материалдарды кампага өткөргүч түтүктөр менен жеткирүүдө алардын бириккен жерлеринин жылчыксыздыгын жана жүктөлгөн жерлердин бекем жабылышын камсыздоо керек. Технологиянын шарттары боюнча бекем жабуу мүмкүн болбогон жерлерде аспирация системасынын сордуруу орнотмосун караштыруу керек.
430. Караңгы учурда кампага баруучу жолдор жарыкталышы керек, жарык эмес жолдо иштөөгө тыюу салынат.
431. Экскаватор иштеп жаткан учурда адамдарга (анын ичинде тейлөөчү персоналга да) сузгу, трос, блок, скрепер иштеген аймакта турууга тыюу салынат. Сузгу (ротор) экскаваторду токтоткон учурда жана экскаватордун машинистинин уруксаты менен гана тазаланат. Сузгу (ротор) бул учурда жерге түшүрүлүшү керек.
Материалдарды экскаватор же жүктөгүчтөр менен жүктөөдө бригада экскаватордун машинистинин же жүктөгүчтүн сигналдарына баш ийиши керек.
Жумуш убагы эмес мезгилде экскаватордун сузгусу (жүктөгүчтүн ротору) жерге түшүрүлөт, кабинасы бекитилип, электр энергиясы өчүрүлүшү керек.
432. Көп сузгулуу экскаваторлор жана жүктөгүчтөр иштеп жаткан учурда адамдар жүктөлүүчү, жүктөөчү люктардын, конвейердин жана кайра жүктөөчү орнотмолордун алдында турбашы керек.
433. Экскаваторлор менен жүктөөдө кампалар үчүн руданын жана концентраттардын штабелинин бийиктиги Ачык ыкма менен пайдалуу кендерди казуу өндүрүштүк процессинин коопсуздугу жөнүндө эрежелердин талаптарына ылайык келиши керек.
434. Материалдарды жүктөөдо жана түшүрүүдө жумуш аймагындагы абаны санитардык ченемдерге чейин төмөндөтүүнү камсыз кылган чаңды басаңдатуу же чаңды тосуу боюнча чараларды көрүү зарыл.
Абадагы чаңды санитардык ченемдердин чегинде кармап турууга мүмкүн болбогон учурда жумушчулар респираторду колдонушу керек.
435. Бычагы көтөрүлгөн жана иштеп турган кыймылдаткычы менен бульдозерди кампаларда кароосуз калтырганга, ал эми иштөө учурунда - тросту багыттоого, асма раманын жана бычактын алдына турууга болбойт. Бульдозерде кыймыл бөлүштүрүүчү кутуча иштеп турганда кыймылдаткычтын иштеп кетүүсүнө жол бербеген блоктоосуз же кабинадан кыймылдаткычты от алдыруучу орнотмо болбогондо иштөөгө тыюу салынат.
436. Кампага жыйылган материалдын максималдык жантаюу бурчу бульдозер өйдөгө чыгууда 25 градустан, ал эми жантайышта иштегенде (жүк менен түшкөндө) 30 градустан ашпашы керек. Материалды жүктөөдө бункерге айланып өтүүчү жолдордун жантайышы 6 градустан ашпашы керек.
437. Жөө жүрүүчү жала шоссе жолдорун кесек рудалардын кампасы жактан бруствер же тосмо менен тосуу керек.
438. Тасма конвейерлердин, өзү жүрүүчү бункерлердин же ротордук экскаваторлордун жардамы менен жүктөлгөн кампаларда материал кампага ыргытылуучу үстүңкү галереянын узата жылчыктары туруктуу перилалар менен тосулушу керек же көзөнөгү 200×200 мм ашык эмес өлчөмдөгү решетка менен жабылышы керек.
7-глава. Электротехникалык орнотмолор
29-§. Жалпы талаптар
439. Фабрикалардагы электротехникалык орнотмолор (мындан ары - ЭТО) Электр орнотмолордун түзүлүш эрежелери, Керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун техникалык эксплуатациялоо эрежелери жана Керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун техникалык эксплуатациялоодогу коопсуздук техникасынын эрежелеринин (мындан ары - ТЭЭ жана КТЭ) талаптарына жооп бериши керек.
440. Имараттар жана курулмалар Имараттарды жана курулмаларды чагылгандан коргоону долбоорлоо жана орнотуу боюнча нускамага ылайык чагылган коргогуч менен камсыздалышы керек.
Чагылганды тоскучтун абалын жана жердетүү орнотмосунун каршылыгын карап чыгуу жана текшерүү иштери журналда жыйынтыктарды тийиштүү каттоо менен жаан-чачындуу мезгилдин алдында жүргүзүлүшү керек.
441. Электр механикалык жабдууларды оңдоо, токтотуу тартиби жана иштетүү ишкананын башкы инженери тарабынан бекитилген нускамага ылайык так жүргүзүлүшү керек.
Жардыруудан корголгон электр жабдууларын оңдоо алардын эксплуатациясы боюнча нускаманын талаптарына ылайык ишке ашырылат.
442. Ар бир ЭТО үчүн иштин кадимки жана авариялык режиминин эксплуатациялык схемалары түзүлүшү керек. Электр бириктиргичтеринин схемаларына киргизилген бардык өзгөртүүлөрдү, ошондой эле жердетүү орнотмосунун орундарын өзгөртүүнү бир күндүн ичинде схемада белгилөө керек. Эксплуатациялык электр схемалары жана аларга киргизилген өзгөртүүлөр фабриканын электр чарбасы үчүн жооптуу адам тарабынан бекитилиши керек.
443. Электр схемаларында керектөөчүлөрдүн ашыра жүктөөдөн жана чукул туташуулардан коргоолуусу каралышы керек.
444. Жарылуу өрт коркунучу бар жана өрт чыгууга кооптуу материалдар өндүрүлгөн, кайра иштетилген же сакталган жайлар жана тышкы орнотмолор жардырууга жана өрт чыгууга кооптуулугу боюнча классификацияланышы керек.
30-§. Чыңалуусу 1000 В га чейинки электр орнотмолору
445. Карап чыгуу процессинде ТЭЭ жана КТЭ ылайык бир гана адам тарабынан оңдотулбай турган бузук жерлери табылган учурда кызматкер бул жөнүндө түздөн-түз жетекчисине билдириши керек жана эксплуатациялык журналга тийиштүү жазуу калтырышы керек.
Буга окшогон бузуулар жогоруда турган жетекчинин көрсөтмөсү боюнча ишти коопсуз аткарууну камсыз кылган чаралардын аталган эрежелерин сактоо менен экинчи жактын байкоосу алдында оңдолот жана коргоочу каражаттар колдонулат.
446. Коргоочу каражаттарды колдонуунун алдында аларды кылдат карап, тазалап чыгышат. Алардын тышынын бузулбагандыгын, ошондой эле эн-тамгасына ылайык бул орнотмонун чыңалуусуна туура келишин жана мезгилдүү сыноо мөөнөтүнүн бүтө электигин текшерүү керек.
Бузук же текшерүүнүн эн-тамгасында көрсөтүлгөн мөөнөтү бүткөн коргоочу каражаттар табылган учурда аларды колдонуудан дароо алып салуу керек.
Коргоочу каражаттардын номенклатурасын, аларды сактоочу жайды жана жайгашкан жерин электр орнотмолорун эксплуатациялоого жооптуу кызматкер аныктайт жана фабриканын жетекчиси бекитет.
447. Бөлүштүрүүчү орнотмолордун бөлмөсүнө узун предметтерди (түтүктөр, тепкичтер ж.б.) алып кирүү жана алар менен иштөө чыңалуу алдында турган бөлүктөрдүн кокусунан тийип кетүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу тосмолор менен жабылбаган электр орнотмолорунун жанында өндүрүүчүнүн же бөлүнүн берилген байкоочунун үзгүлтүксүз байкоосу алдында өзгөчө кылдаттык менен аткарылышы керек.
448. Оңдоо иштери үчүн колдонулган төшөлмөлөр жана тепкичтер бекем жана бышык болууга тийиш, жылмакай беттерге орнотулган тепкичтердин резина менен капталган негизи, ал эми жерде орнотулгандардын - металлдан жасалган уч каптагычтары болушу керек. Тепкичтер үстүңкү учтары менен бышык таянычка бекем такалып турушу керек. Байланган тепкичтерди колдонууга жол берилбейт.
Жөлөмө тепкичтерди край алдындагы устундардын бийиктигинде металл конструкциялардын элементтерине ж.б. орнотууда тепкичтин өйдө жана ылдый жагын конструкцияларга ишенимдүү бекитүү керек. Электр орнотмолорун тейлөөдө, ошондой эле оңдоодо металл тепкичтерди колдонууга тыюу салынат. Жөлөмө тепкичтер текшерилип, сыноодон өткөндүгү жөнүндө тийиштүү биркага ээ болушу керек.
449. Ишке киргизүүчү аппаратуранын жардамы менен өзүнчө өндүрүштүк машиналарды жана механизмдерди күйгүзүүнү жана өчүрүүнү бул машиналарды жана механизмдерди тейлөөгө уруксат алган, тийиштүү инструктаждан өткөн жана аларды өз алдынча тейлөөгө укугу бар адамдар жүргүзүшөт. Ишке киргизүүчү орнотмолордо, аларды өчүргөн убакта "Күйгүзүүгө болбойт!" деген плакат болушу керек.
450. Убактылуу өчүрүлгөн жабдууну ишке киргизүүнүн алдында карап чыгуу керек, анын чыңалууну кабыл алууга даярдыгын текшерип, иштеп жаткан персоналга жабдуунун күйгүзүлө тургандыгын эскертүү керек.
451. Убактылуу тосмолордо "Токто! Жашоо үчүн коркунучтуу!" деген эскертүүчү плакаттар илинип турушу керек.
452. Фабрикаларда мамлекеттик стандарттардын талаптарына же техникалык шарттарга жооп берүүчү электр механикалык жабдууну, электр кыймылдаткычтарын, трансформаторлорду, аппараттарды, ченөөчү приборлорду, коргоочу аппараттарды, кабелдерди, өткөргүчтөрдү ж.б. колдонууга жол берилет.
453. Коммутациялык аппараттардын иштеткичтеринде каптооч менен жабылган же калкан менен бекитилген аппараттарда күйгүзүү жана өчүрүү жоболору так көрсөтүлүшү керек.
454. Жарык бергичтерди электр жабдуудан чыңалууну албай туруп, коопсуз тейлөөгө болгудай жайгаштыруу керек. Бул талаптар жабык бөлүштүрүүчү орнотмонун камераларында жайгаштырылган лампага жайылтылбайт.
455. Жалпы жарыктандыруучу жарык бергичтерди кубаттандыруу үчүн 220 В жогору эмес чыңалуу колдонулат.
456. Кооптуулугу жогору болгон жана өзгөчө кооптуу жайларда полдон 2,5 м жетпеген бийиктикте чыңалуу лампалары менен жарык бергичтерди орнотууда атайын конструкциядагы жарык бергичтерди же 42 В жогору эмес чыңалуудагы жарык бергичтерди колдонуу керек. Бул талаптар крандардан же квалификациялуу персонал гана барган аянттардан тейленген жарык бергичтерге жайылтылбайт.
Эгерде жарык бергичтер жогорку бийиктиктеги цехтерде жайгашкан болсо, аларды крандын жардамы менен тейлөөгө болот, мында ишти диэлектр мээлейи менен экинчи жактын катышуусунда аткаруу керек. 127-220 В чыңалууга люминесценттик лампалар менен жарык бергичтерди алардын байланыш бөлүктөрүнүн кокусунан тийип кетишин болтурбоо шартында 2,5 м төмөн эмес орнотууга жол берилет.
457. Чыңалуу лампалары менен стационардык жергиликтүү жарыктандыруучу жарык бергичтерди кубаттандыруу үчүн: кооптуулугу жогору болбогон жайларда - 220 В ашык эмес жана кооптуулугу жогору болгон жана өзгөчө кооптуу жайларда - 42 В ашык эмес чыңалууну колдонуу керек.
Атайын конструкциядагы жарык бергичтер үчүн эрежеден тышкары катары 220 В га чейин чыңалууга жол берилет:
1) токтун көз карандысыз булагынан кубаттануу алган, авариялык жарыктандыруунун курамдык бөлүгү катары саналган;
2) кооптуулугу жогору болгон (бирок өзгөчө кооптуу эмес) жайларда орнотулган.
458. 42 В жогору чыңалуу менен жарык бергичтердин металл арматурасы ишенимдүү жердетилиши керек.
459. 127-220 В чыңалуудагы люминесценттик лампалары менен жарык бергичтерди алардын ток алып жүрүүчү бөлүктөрүнүн кокусунан тийип кетишин болтурбоо шартында жергиликтүү жарыктандыруу үчүн колдонууга жол берилет. Нымдуу, өзгөчө нымдуу, ысык жана химиялык активдүү чөйрөлү жайларда жергиликтүү жарыктандыруу үчүн люминесценттик лампаларды колдонуу атайын конструкциядагы арматурада гана жол берилет.
460. 42 В жана андан төмөн чыңалуудагы жарык бергичтер биринчи жана экинчи чыңалуудагы өзүнчө электр түрмөктөрү бар трансформаторлордон кубаттанууга тийиш.
461. Адамдардын көп убакытта жүрүүсүнө арналбаган жайлардан сырткары өндүрүштүк жайларда ачык (корголбогон) люминесценттик лампаларды колдонууга жол берилбейт.
462. Электринструмент (электр дрель, электр гайка бурагыч, электр шпильковерт, жылмалоочу жана сүрүүчү машиналар, электр каңдагычтар, сай кескичтер, вибраторлор ж.б.) төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) электр түйүнүнө тез туташууга жана андан тез ажыроого, өз алдынча күйбөөгө жана өчпөөгө;
2) коопсуз иштөөгө жана кокусунан тийип кетпөө үчүн жеткиликсиз ток жүрүүчү бөлүктөрүнүн болушу.
463. Алып жүрүүчү электринструменттин чыңалуусу төмөнкүдөй болууга тийиш:
1) кооптуулугу жогору болбогон жайларда 220 В ашык эмес;
2) кооптуулугу жогору болгон жайларда жана анын сыртында 42 В ашык эмес.
Кооптуулугу жогору болгон жайларда кол жарык бергичтерди кубаттандыруу үчүн 42 В ашык эмес чыңалуу колдонулушу керек.
464. Электринструмент чукул туташканда же жердетүүчү өткөргүч үзүлүп кеткен учурда аралыктан башкарууну жана электринструменттин электр түйүнүнөн дароо ажыратууну камсыз кылган коргоочу иштеткич болгондо, ал жайдын кооптуулук категориясына карабастан, ошондой эле жайдын сыртында 220 В чыңалуудагы электринструментти колдонууга жол берилет. Электринструменттин 42 В чыңалуудагы ишин камсыз кылуу мүмкүн болбогондо 220 В чыңалуудагы электринструмент менен иштөөгө жол берилет, бирок сөзсүз түрдө коргоочу каражаттарды (мээлейди) колдонуу жана электринструменттин корпусун ишенимдүү жердетүү зарыл.
465. 42 В жогору чыңалуудагы электринструменттин корпусунда жердетүүчү өткөргүчтү туташтыруу үчүн "З" же "Земля" айырмалоочу белгиси менен атайын кынчыткычы болушу керек.
466. Өзгөчө кооптуу жайларда жана анын сыртында, ошондой эле жакшы жердетилген үстүңкү металл беттер менен иштеген жумушчунун абалынын ыңгайсыздыгы, иштеген жердин тардыгы электр тогуна урунуп калууну күчөткөн өзгөчө жагымсыз шарттарда (от казандарда, бактарда, цистерналарда ж.б. иштегенде) кол жана алып жүрүүчү жарык бергичтерди кубаттандыруу үчүн 12 В ашык эмес чыңалууну колдонуу керек.
467. Электринструментти туташтырууга арналган штепселдик бириктирүүчүлөрдүн тийишүүгө мүмкүн болбогон ток жүрүүчү бөлүктөрү жана кошумча жердетүүчү контакты болушу керек.
468. 12 жана 42 В чыңалууга колдонулуучу штепселдик бириктиргичтер (розеткалар, вилкалар), өзүнүн конструктивдүү аткарылышы боюнча 127 жана 220 В чыңалуу үчүн арналган кадимки штепселдик бириктиргичтерден айырмаланып турушу керек жана 12 менен 42 В вилкаларды 127 жана 220 В штепселдик розеткаларга туташуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруусу керек. 12 жана 42 В штепселдик бириктиргичтер 127 жана 220 В штепселдик бириктиргичтердин түсүнөн кескин айырмалган түстө болушу керек.
469. Жумушчунун колуна электринструментти берүүнүн алдында корпусунда чукул туташуу, жердетүүчү зымдын (өткөргүчтүн) үзүлүшү жана өткөргүчтүн изоляцияланган абалы жок экендигин текшерүү керек.
470. Электринструментти түйүнгө туташтыруу үчүн шланг өткөргүчүн колдонуу керек; резина шлангга киргизилген 500 В төмөн эмес чыңалууга эсептелген изоляциясы менен көп зымдуу ийкем өткөргүчтөрдү (ПРГ тибиндеги) колдонууга жол берилет.
471. Электринструмент менен иштеп жатканда ток берилбей калганда же иштеги тыныгууда электринструмент электр түйүнүнөн ажыратылышы керек.
31-§. Чыңалуусу 1000 В жогору болгон электр орнотмолору
472. Чыңалуусу 1000 В жогору электр орнотмолорун бир адам караганда кандай болбосун иштерди аткарууга, ошондой эле тосмонун ичине кирүүгө, бөлүштүрүүчү орнотмонун камерасына жана май өчүргүчтөрдүн жардыруучу камераларына кирүүгө тыюу салынат. Жабдууну, аппаратураны жана ошиновканы камеранын босогосунан же тосмонун алдында туруп кароого уруксат берилет.
473. Электр орнотмонун кандайдыр бир ток алып жүрүүчү бөлүгү жер менен биригип калганда ал өчүрүлгөнгө чейин мындай бузулуу болгон жерге жабык бөлүштүрүүчү орнотмолордо 4-5 метрге жана ачык подстанцияларда 8 10 метрге чейин аралыкта жакындоого тыюу салынат.
Андан жакын аралыкка жакындоого жердеги чукул туташууну жоюуга мүмкүндүк берген коммутациялык аппаратура менен операцияны аткарууга, ошондой эле жабыркоочуга биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө гана жол берилет. Мындай учурларда адам сөзсүз түрдө өзүн кадамдык чыңалуунун аракетинен коопсуздоого тийиш: диэлектр боталарды кийин, килемчелерди же жерден изоляциялаган каражаттарды салышы керек. Бардык операцияларды диэлектр мээлейи менен же изоляциялоочу штангдын жардамы менен аткаруу зарыл.
474. Убактылуу тосмолордо "Токто! Жогорку чыңалуу!" деген плакаттар илиниши керек.
475. 1000 В жогору чыңалуудагы электр орнотмолорундагы оңдоо иштерин техникалык эксплуатациялоо жана коопсуздук техникаларынын эрежелеринде каралган уюштуруучу жана техникалык иш-чараларды аткаргандан кийин гана жүргүзүү керек.
476. Иш өндүрүүчү (байкоочу) көзөмөл жүргүзүү менен дайыма жумуш ордунда болушу керек. Чыңалуусу 1000 В жогору болгон орнотмолору бар жайда же ачык подстанцияда оңдоо бригадасындагы бир адамга, анын ичинде иш өндүрүүчүгө (байкоочуга) жалгыз калууга уруксат берилбейт. Эгерде иш өндүрүүчүнүн (байкоочунун) сыртка чыгып келиши зарыл болуп, бул убакыттын ичинде анын ордуна жооптуу жетекчи тура албаса, ал өзү жок мезгилде бригаданы ал жерден чыгарын, эшикти сыртынан бекитип кетиши керек.
477. Жумуш күндүн аралыгындагы иштеги тыныгууда (түшкү тамакка эке иш өндүрүшүнүн шарттары боюнча) бригада электр орнотмолору бар жайдан же ачык подстанциядан чыгышы керек. Плакаттар, тосмолор жана жердетүү ордунда калат. Тыныгуудан кийин иш өндүрүүчү же байкоочу жок учурда иштегендердин бири да 1000 В жогорку чыңалуу менен электр орнотмолору бар жайга же ачык подстанцияга кирүүгө укуктуу эмес.
Мындай тыныгуудан кийин бригаданы оперативдүү персонал алып кирбейт. Иш өндүрүүчү (байкоочу) бригаданын иш ордун өзү көргөзөт.
478. Ишти толук аяктагандан кийин бригада өзүнүн жумуш орундарын тазалайт, андан кийин аны иштин жооптуу жетекчиси карайт.
479. Көчмө тосмолор (тор же калкан) иштеп жаткандардын чыңалуу алдына турган ток алып жүрүүчү бөлүктөргө же ток алып жүрүүчү бөлүктөрдүн тосмосуна кокусунан же жаңылышып тийип кетүү мүмкүндүгүн жокко чыгаргандай конструкцияга ээ болушу керек. Тосмону коопсуз жана туруктуу орнотуу мүмкүндүгү да каралышы керек.
32-§. Электр кыймылдаткычтары
480. Ушул Эрежелер 1000 В чейинки жана 1000 В жогорку электр кыймылдаткычтарына (мындан ары - электр кыймылдаткычтары) жайылтылат.
481. Электр кыймылдаткычтарына жана алар кыймылга келтирген механизмдерге электр кыймылдаткычынын жана механизмдин айлануу багыты көрсөтүлгөн жебе тартылышы керек.
482. Электр кыймылдаткычы төмөнкү учурларда түйүндөн авариялык түрдө өчүрүлүшү керек:
1) адам катышкан кырсык учуру (же анын болуу тобокелдиги);
2) электр кыймылдаткычынан же анын от алдыруучу-жөнгө салуучу аппаратурасынан түтүндүн же оттун пайда болушу;
3) жол берилген ченемдерден ашкан электр кыймылдаткычынын бүтүндүгүнө коркунуч келтирген вибрация;
4) кыймылга келтирүүчү механизмдин бузулушу;
5) подшипниктин өндүрүүчү заводдун нускамасында көрсөтүлгөн уруксат берилген температурадан жогору ысып кетиши;
6) электр кыймылдаткычынын тез ысып кетиши менен коштолгон айлануу жыштыгынын бир топ төмөндөшү.
Башкы энергетик тарабынан бекитилген нускамада электр кыймылдаткычтарынын авариялык өчүрүлө турган башка учурлары, ошондой эле авариялык абалды четтетүү жана электр кыймылдаткычын иштетүү тартиби да көрсөтүлүшү мүмкүн.
Электр машиналарынын жана от алдыруучу-жөнгө салуучу аппаратурамын сыртка чыгуучу кутусу атайын шаймандарды колдонуусуз ачылбагандай бекемделин, капкак менен жабылышы керек.
483. Статордук түрмөктүн сыртка чыгуучусун жана электр машиналарынын кабелдик воронкаларын бекитип, тосмолор менен коргоо керек, машина иштеп жатканда аларды чечүүгө тыюу салынат.
Электрдик машиналардын жана от алдыруучу-жөнгө салуучу аппаратуранын выводдорунун кутусу атайын шаймандардын жардамысыз ачылбагыдай бекемделин, капкак менен жабылышы керек.
484. Статордук түрмөктүн, якордун жана уюлдардын выводдору маркаланышы керек. От алдыруучу-жөнгө салуучу орнотмолордо "Ишке киргизүү" жана "Токтотуу" абалдары белгиленүүгө тийиш.
485. Өчүргүчтөрдө, контакторлордо, магниттик иштеткичтерде, рубильниктерде ж.б. топтук щиттерде монтаждалган сактагычтарда алардын кайсы кыймылдаткычка таандык экендиги көрсөтүлгөн жазуулар болушу керек.
486. Электр кыймылдаткычы токтотулгандан кийин кубаттандыруучу кабелди оңдоодо щитте же түйүндө чыңалуу алынышы керек, ал эми өчүргүчтүн иштеткичинде: "Күйгүзүүгө болбойт! Адамдар иштеп жатат!" деген плакат илиниши керек.
Ишти аткарып жаткан адам иштин аякташы жөнүндө журналга жазгандан кийин жана ишти кабыл алган адам электр кыймылдаткычын күйгүзүүгө уруксат бергенден кийин гана "Күйгүзүүгө болбойт! Адамдар иштеп жатат!" деген плакатты чечүүгө жана машинаны өчүрүүгө уруксат берилет.
33-§. Атайын электр орнотмолору
487. Имараттарда туруктуу электр ширетүүчү иштерди бул үчүн атайын бөлүнгөн, өрт өчүрүүчү каражаттар менен жабдылып, желдетилген жайларда жүргүзүү керек.
Ширетүү үчүн жайда тез өрттөнүп кетүүчү каражаттарды жана материалдарды сактоого тыюу салынат.
488. Электр ширетүүчү орнотмолорду фабриканын бөлүмдөрүндө жана цехтеринде дайыма кулпуга бекитилген атайын коммутациялык аппараттарга (рубильниктерге) гана туташтырууга болот. Башка ток кабыл алгычтарды аппараттарга туташтырууга тыюу салынат.
489. Электр ширетүүчү орнотмонун корпусу, ошондой эле буюмга кетүүчү өткөргүч (кайтарым өткөргүч) туташтырыла турган ширетүүчү трансформатордун экинчи түрмөк кыпчыткычы жердетүүнүн жалпы контуруна жердетилиши керек.
490. Туюк жана жетүүгө кыйын болгон жерлерде, кооптуу шарттарда (бийиктикте), сыйымдуулуктарда, нымдуу жайларда ж.б. жерлерде ширетуү эреже катары туруктуу токту пайдалануу менен өзгөчө кооптуу иштерге уруксат берүүчү наряд боюнча гана жүргүзүлөт. Ширетүүчү аппараттар ширетүүчү чынжыр үзүлүп кеткен учурда куру жүрүштүк чыңалууну чектөөчү же автоматтык өчүрүүчү түзүлүшкө ээ болушу керек.
Жабык сыйымдуулуктарда ширетүү иштерин электр коопсуздугу боюнча аттестациядан өткөн экиден кем эмес адам атайын наряд менен аткарат. Мында алардын электр коопсуздугу боюнча III квалификациялык топко ээ болгону ширетилген сыйымдуулуктун сыртында болуп, иштин коопсуз аткарылышын контролдошу керек.
Сыйымдуулуктун ичинде иштеп жаткан адамды милдеттүү түрдө арканы бар сактагыч кур менен камсыздашат, анын учу сыйымдуулуктун сыртында турган экинчи адамда болушу керек.
491. Чыңалуу алдында ширетүүчү орнотмолорго кандайдыр бир оңдоо жүргүзүүгө тыюу салынат.
492. Ширетүүчү электр кармагычынын конструкциясы ЭТО эрежелерине жана мамлекеттик стандартка ылайык келүүгө тийиш.
493. Жаа сымал ширетүү иштерин аяктоодо кубаттандыруу булагы электр тармагынан өчүрүлөт, электр кармагычы бар өткөргүч кубаттандыруу булагынан ажыратылат жана жабыла турган кутуга (жайга) салынат.
494. Устаканаларда, кабиналарда, ширетүүчү жумуш орундарында эскертүүчү плакаттарды илүү зарыл. Электрдик ширетүү жайларын жарык өтпөөчү щиттер же күйбөс материалдан жасалган парда менен тосуу зарыл.
495. Ширетүү иштерин басымга ээ болгон жабык түтүктөрдө (от казандар, баллондор, өткөргүч түтүктөр) же тез күйүүчү жана жарылууга кооптуу заттарды камтыган түтүктөрдө жүргүзүүгө тыюу салынат.
Цистерналарды, бактарды, челек резервуарларын жана башка күйүүчү жана тез күйүүчү суюктуктар, ошондой эле күйүүчү жана жарылууга кооптуу газ куюлган идиштерди алдын ала кылдаттык менен тазалабай, буулабай жана желдетүү менен газдарды чыгарбай туруп электрдик ширетүүгө жана кесүүгө жол берилбейт.
496. Газды электрдик тазалоо жана чаңды тосуу боюнча орнотмолор Электр түзүмдөрүн орнотуу эрежелерине ылайык аткарылууга тийиш.
497. Жогорку-түзөтүүчү агрегаттардын уячаларынан жана 1000 В жогору чыңалууга ээ болгон бөлүктөр жайгашкан жерлердин ачкычтарын бир учурда тийиштүү эрежелердин талаптарына ылайык квалификациялык топко ээ экиден кем эмес адам колдоно алат.
498. Бир нөөмөтчүгө аткарылуусу электр чыпкасын тейлөө боюнча тийиштүү нускамада каралгандан башка кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө уруксат берилбейт.
499. Электр агрегаттарын жана түздөлгөн чыңалуу линияларын күйгүзүү жана өчүрүү боюнча операцияларды, ошондой эле резервдеги агрегаттарга өтүүнү оперативдүү персоналдын бирөө аткара алат. Газ тазалоочу түзүм боюнча нөөмөтчүнү бригаданын мүчөсү (экинчи адам) катары тартуу зарыл.
500. Электр чыпкасын же анын секцияларын ички кароо жана оңдоо электр чыпкасынын эки жагын тең калың жана бузук эмес шибер же тоскуч менен жабуу аркылуу газдан өчүрүү, чыңалууну жоюу, контролдоочу системаны жердештирүү, газдын калдыктары толук кеткенге чейин корпусту желдетүү жана электр чыпкасында уулуу газдардын жок болуусун текшерүү шартында электр чыпкасын эксплуатациялоого жоопкерчиликтүү адамдын түздөн-түз кароосунда же катышуусунда жүргүзүлүүгө тийиш.
501. Электр чыпкасынын чаңды тосуучу жогорку бөлүгүндө иштөөдө үстүңкү люктарды гана ачуу керек. Электр чыпкасынын чаңды тосуучу төмөнкү бөлүгүндө иштөөдөн мурда электроддорду күбүү жана бункерди чаңдан толук арылтуу зарыл.
502. Электр термикалык орнотмолорду (мештерди) орнотуу жана жайгаштыруу электр жабдууларын орнотуу эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
503. Электр термикалык орнотмолор (мештер) техникалык эксплуатациялоо жана коопсуздук техникасынын эрежелеринин талаптарына ылайык эксплуатацияланууга тийиш.
504. Колдонуудагы коопсуздук эрежелери жана ченемдери менен орнотуусу жана иштетүүсү туура келбеген электр жылыткыч приборлорун жана сериялык түрдө даярдалбаган электр жабдууларын фабрикаларда колдонууга тыюу салынат.
34-§. Байланыш, сигнализация жана автоматика
505. Фабрикаларда байланыш, сигнализация жана автоматика түзүмдөрү күчтүк тармактан, аккумулятордук, батареядан же түздөөчү түзүмдөрдөн 220 В жогору болбогон чыңалууда кубаттандырылууга тийиш.
506. Бардык телефон линиялары эки өткөргүчтөн кем болбошу керек.
507. Байланыш, сигнализация жана автоматика түзүмдөрүн жогорку чыңалуудагы линиялардын, чагылгандуу разряддардын жана жылуучу токтордун таасиринен коргоону камсыз кылуу зарыл.
508. Байланыш, сигнализация жана автоматика түзүмдөрүнүн чынжырчасындагы иш аткаруу схемасы боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш.
8-глава. Транспорт
35-§. Темир жол жана автомобиль транспорту
509. Ишкананын карамагындагы темир жол тилкелери, курулмалар, кыймылдуу курам, байланыш, сигнализация жана блоктоо, ошондой эле жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүү курулуш ченемдерине жана эрежелерине жооп берүүгө тийиш.
510. Жүктөө-түшүрүү участокторундагы вагондорду берүүчү жана тазалоочу механизация түзүлүштөрүнүн жабдуулары жана курулмалары алардын ишинин коопсуздугун камсыз кылган кыймылдоочу жана айлануучу бөлүктөрүнүн жана зоналарынын тосмолору жана жабуулары менен корголуусу зарыл.
511. Темир жол тилкелерине жакын жайгашкан жайлардан чыгуучу эшиктер жолго параллелдүү салынууга тийиш. Эгерде эшиктер фабриканын темир жол транспортунун полотносу тарапка түздөн-түз багытталган болсо, жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылын жакынкы жолго же жабдылган өтмөккө чейин багыттоо менен рельстик жолду имараттын узундугу боюнча перила менен тосуу зарыл.
Темир жол аркылуу өтүүчү жерлерде фабрикада өтүүчү көпүрө же тоннель каралууга тийиш. Эгерде аларды курууга мүмкүн болбосо, кыймылдуу курамдын келе жатканын билдирген жарык же үн сигнализациясын коюу зарыл.
512. Темир жол вагондорун бошотуу үчүн аларды корпустун тейлөөчү персоналы тарабынан уруксат берүүчү жарык сигналы күйгүзүлгөндөн кийин фабриканын корпусуна берүү зарыл.
513. Кабыл алуу түзүлүштөрүнүн (бункерлердин) жанында кыймылдуу курам келе жаткан учурда адамдардын турушу үчүн коопсуз жер каралууга тийиш. Адамдарга жүктөө жана түшүрүү учурунда кабыл алуу бункеринин жүк түшүрүүчү тарабында болууга тыюу салынат.
Вагондорду руданы кабыл алуучунун көрсөтмөсү жана сигналы боюнча гана бошотуу зарыл. Түшүрүү иштерин жүргүзүүдө бункерлерди толтуруунун керектүү деңгээлин контролдоону камсыз кылуу керек.
514. Кабыл алуучу жайлардын иш аянттарында жайгашкан вагон көңтөрүүчү бекем решеткалары бар перилалар менен тосулушу керек. Вагон көңтөрүүчү түшүрүү аянты жакшы көрүнгөн атайын жабдылган жайда башкарылат.
515. Руданы контакттык электр ташуучулар менен жеткирүүдө түшүрүү жайларына электр тогунан жабыркоо коркунучу жөнүндө эскертүү плакаттарын илүү зарыл.
516. Вагондорду бошотуу, жабышкан рудаларды жана башка материалдарды тазалоо механизацияланган ыкма (көңтөрүү, сүрүү, суу менен жуу) менен же бул иштердин коопсуздугун камсыз кылган аспаптар жана түзүлүштөр менен жүргүзүлүүгө тийиш. Адамдарга жүктөрдү түшүрүү зонасында болууга тыюу салынат.
517. Темир жол тилкелерин, кабыл алуу түзүлмөлөрүн тазалоодо иш жүрүп жаткан жер транспорт каражатын токтотуу жолунан кем эмес аралыкта токтотуу белгиси менен тосулушу керек, ал эми станциянын нөөмөтчүсү жүргүзүлгөн иштер тууралуу өз учурунда эскертилүүгө тийиш. Токтоп турган курамдын вагондорун бошотуу учурунда тилкелерди тазалоого тыюу салынат.
518. Металлургияны иштетүүдөн чыккан калдыктар (колошник чаңы, агломераттын майда фракцияларынын элендиси) фабрикага атайын өзү түшүрүүчү вагондордо же автосамосвалдарда жеткирилүүсү зарыл.
519. Чаңдоочу материалдарды жүктөөдө жана түшүрүүдө чаңды басаңдатуу боюнча чараларды коруу жана чаңдан коргоочу жеке каражаттарды колдонуу зарыл.
520. Автомобиль транспортун фабрикаларды эксплуатациялоо Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
528. Автомобилдердин кыймылы жол кыймылынын коопсуздугунун белгилери менен жөнгө салынууга тийиш.
521. Фабриканын аймагында автомашиналардын жана поезддердин ылдамдыгынын жана кыймылынын тартиби жергиликтүү шартты эске алуу менен ишкананын нускамасына ылайык белгиленет жана жөнгө салынат.
522. Кабыл алуу бункеринин түшүрүү аянтында руданы автотранспорт менен жеткирүүдө төмөнкүлөр талап кылынат:
1) автомашинанын бункерге жылып кетишине жол бербеген тирөөч орнотуу;
2) түшүрүүчү жерге чейин 30 м көп эмес аралыкта арты менен айдоону караштыруу;
3) техникалык бузулуудан улам автомобилди өйдөгө көтөрүлгөндө же өйдөдөн түшүп жатканда токтотууда анын өз алдынча жүрүүсүнө жол бербөөчү (машинаны токтотуу, кыймылдаткычты өчүрүү, дөңгөлөктүн түбүнө тирөөч коюу) жана аны оңдоого чейин участокто коопсуздукту камсыз кылуучу чараларды көрүү.
Бошотулгандан кийин бардык учурларда автосамосвалдардын көтөрүлгөн кузову менен кыймылына, ошондой эле үзгүлтүксүз үн сигналын бербестен аркага айдоосуна жол берилбейт.
524. Аркан жолдорду орнотууну жана эксплуатациялоону Жүк ташуучу асма аркан жолдорду орнотуу жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин талаптарына ылайык жүзөгө ашыруу зарыл.
525. Руданы аркан жол менен жеткирүүдө кабыл алуу бункерлеринин түшүрүү воронкалары 400×400 мм ашпаган уячасы бар тор менен тосулушу зарыл.
526. Аркам жолдун станциядан чыгуу аймагындагы түшүрүү воронкаларынын жумуш орундары вагонетканын тартуучу аркандан өз алдынча бошоп кетүү учурунда иштин коопсуздугун камсыз кылган тосмолор менен курчалышы зарыл. Контр жүктүн алдындагы аянт 2 м кем эмес бийиктикте тосулушу, ал эми контр жүктүн кудуктары төшөлмө менен жабылышы зарыл.
527. Түшүрүү воронкасынын жанындагы жумуш аянттары жана аркан жолдун станцияларынын ортосунда түз телефондук байланыш жана сигнализация менен камсыз болушу, ошондой эле машинистке сигнал берүү менен аркан жолдун иштеткичин токтотуу мүмкүндүгүнө ээ болушу керек.
Аркан жолду күтүүсүздөн токтотууда аны токтотуунун себебин аныктабастан жана кемчиликтерди жойбостон кайра ишке киргизүүгө тыюу салынат.
528. Ишкананын администрациясы тарабынан фабрикадагы конвейер жана башка үзгүлтүксүз транспортун абалын жана коопсуз эксплуатациялоону контролдогон жактардын тобу аныкталышы зарыл.
529. Ленталуу конвейерлерде лента үзүлгөн жана буксировкаланган учурда, ошондой эле түшүрүүчү воронкаларды жана кобулчаларды кагууда иштеткичти өчүрө турган түзүлүштөр каралууга тийиш.
530. Ленталуу конвейерлерде лентаны жана барабанды жабышкан материалдардан механикалык тазалоо үчүн түзүлүштөр болушу зарыл.
531. Конвейерлерде түшүрүү арабалары үчүн аягындагы өчүргүчтөр, ал эми рельс жолдорунда - атайын тирөөчтөр керек.
Арабаларды автоматтык түрдө таштоочу электр кыймылдаткычтарын жана кыймылдуу челнок конвейерлерин кубаттандыруу асма шлангдык кабелдер менен тартылышы зарыл. Арабаларды автоматтык түрдө таштоочу электр кыймылдаткычтарын жана кыймылдуу челнок конвейерлерин полдон 3,5 м кем эмес бийиктикте жайгашкан контакттык өткөргүчтөр же тейлөөчү аянттар аркылуу кубаттандырууга жол берилет. Троллей өткөргүчүнүн асмасы төмөн жайгашкан (3,5 дан 2,2 м чейин) учурда атайын тосмо тартуу зарыл.
Түшүрүүчү арабалар алардын өз алдынча жүрүүсүнүн алдын алган түзүлүштөр менен жабдылуусу зарыл.
532. Ленталуу конвейерлерден төгүлгөн материалдар механизацияланган жол менен жыйналышы зарыл (гидравликалык тазалоо ж.б.). Башкы, аяккы жана кабыл албоочу барабандардын материалдарын кол менен жыйноого конвейер токтоп турганда, анын иштеткичинин электрдик схемасы бөлүктөргө бөлүнгөндө, ал эми ишке киргизүүчү түзүлүштөрдө "Күйгүзбө! Адамдар иштеп жатат!" деген эскертүүчү плакаттар илинген учурда гана уруксат берилет. Конвейердин кыймылдаткычын ишке киргизүү системасы башкы жана аяккы барабандардын тосмолору алынганда кыймылдаткычтын иштеп кетүүсүнө жол бербөөчү блокко ээ болууга тийиш.
533. Конвейердин лентасы кыймылдоо учурунда барабандардын жана ролик таянычтын чегинен чыгып, капталга тайып кетпеши керек.
Конвейер лентанын кыймылынын багытын жөнгө салуу үчүн атайын борборлоштурулган түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.
Конвейер иштеп жатканда лентанын кыймылын кол менен багыттоого, ошондой эле капталдагы тыгыздоолорду оңдоого тыюу салынат.
534. Конвейердин лентасынын буксировкаланышын барабан менен лентаны тазалоодон жана лентаны тийиштүү созмо түзүлүштөрү менен созгондон кийин жоюу зарыл. Конвейердин лентасынын буксировкаланышын барабанга материалды чачуу менен жоюуга тыюу салынат. Кыймылдаган жана айланган бөлүктөрү (лента, барабандар, роликтер) ташылган материалдар менен толтурулган конвейерлерди күйгүзүүгө жана эксплуатациялоого тыюу салынат.
Конвейерлердин иштеткич барабандарынын огу полдун деңгээлинен 1,5 м жогору болгон бийиктикте жайгашканда иштеткичтерди тейлөө үчүн перила жана тепкичтер менен жабдылган аянтчалар салынышы зарыл.
535. Полдун деңгээлинен галереялардын жана эстакадалардын конструкцияларынын асты жагына чейинки бийиктиги 2 м кем болбоого тийиш. Галереялардын жана эстакадалардын туурасы өтүүнү камсыз кылуу шарттарына ылайык келүүсү зарыл: конвейердин бир тарабынан 800 мм кем эмес (адамдардын өтүшү үчүн); экинчи жагынан - лентанын 1400 мм чейинки кеңдигинде 700 мм кем эмес жана лентанын 1400 мм ашык кеңдигинде конвейердин эки тарабынан 800 мм кем эмес; эки же андан көп параллель конвейерлердин ортосунда - 1000 мм кем эмес, ал эми галереянын дубалы менен конвейердин станинасынын ортосунда - лентанын 1400 мм чейинки кеңдигинде 700 мм кем эмес жана лентанын 1400 мм ашык кеңдигинде 800 мм кем эмес.
536. Пластина конвейерлерин орнотууда аларды эки тараптан тең тейлөө мүмкүндүгү каралууга тийиш. Конвейерлердин ортосундагы бош өтмөктөрдүн туурасын 1,2 м кем эмес, ал эми имараттын дубалы менен конвейердин ортосундагыны - 1 м кем эмес кабыл алуу зарыл.
537. Жантайыңкы абалда орнотулган пластина жана кыргыч конвейерлер полотно үзүлгөн учурда анын чыгып кетишин алдын алган транспорттук бөлүктөрдү кармоочулар менен жабдылууга тийиш.
538. Шнектерди жана кыргыч конвейерлерди орнотууда аларды 0,8 м кем болбогон кеңдиктеги бош өтмөк менен бир тараптуу тейлөөгө жол берилет.
Шнектердин жана кыргыч конвейерлердин айланган жана кыймылдаган бөлүктөрүнө алар иштеп жаткан учурда жетүүгө мүмкүн болбошу үчүн шнектердин жана кыргыч конвейерлердин каптоочторунун капкактарын (атайын кароочу терезелерден жана люктардан башка) блоктоо менен жабдуу зарыл.
539. Ленталуу конвейерде барабандык көңтөрүүчү арабаны же көчмө кубаттандырууну орнотууда конвейердин эки тарабынан тең өтмөк каралууга тийиш.
540. Жер үстүндөгү-жер астындагы конвейердик галереялардын үстүнө чыкканда аларда тышкы эшиктер жана конвейер аркылуу өтмөктөр орнотулушу керек.
541. Галереялардын жана эстакадалардын эвакуациялык чыгуулары жана конвейердин үстүндөгү көпүрөлөр ар бир 100 м кем эмес аралыкта жайгашуусу зарыл. Көпүрөлөр баштан аяк төшөлүп, түбүндөгү 0,15 м борту бар 1 м кем эмес бийиктиктеги перила менен курчалышы керек. Көпүрөлөрдүн туурасы - 0,8 м.
542. Конвейердик галереялардын 7 градустан жогору жантайынкы болгон өтмөктөрүндө тепкичтер же жыгач шатылар орнотулушу керек.
543. Чаң, газ бөлүп чыгаруучу материалдар ташылган конвейердик галереяларда алар имараттарга ыкташкан жерде өзү жабылуучу эшиги бар тосмолорду жайгаштыруу зарыл.
544. 6 градустан жогору жантайыңкы болгон бардык ленталуу жана пластина конвейерлер алар токтогон учурда лентанын жүктүү бөлүктөрүнүн артка кетүүсүнө тоскоолдук кылган тирөөчтөр менен жабдылуусу зарыл.
545. Руданы кол менен бөлүштүрүүдө конвейер лентасынын кыймылынын ылдамдыгы 0,5 м/с ашпоого тийиш. Руда кол менен бөлүштүрүлгөн жерлерде лентаны тосуу зарыл.
546. Конвейерлер өтмөктөрдүн жана жабдуунун түбүндө жайгашканда төгүлүүчү материалдардын түшпөшү үчүн алардын төмөнкү бөлүктөрүн бүтүндөй каптап жабуу керек.
547. Ленталуу конвейерлер менен кургак жана чаңдоочу материалдарды, жогорку температурадагы жана буу бөлүп чыгаруучу материалдарды ташууда жүктөө жана түшүрүү жерлерин жабуу, ошондой эле бул бөлүп чыгарууларга каршы күрөшүүчү кошумча иш-чараларды: абада зыяндуу аралашмалардын курамын ЖБЧК чегинде камсыздоочу аспирация түзүлүшүн, сугарууну, полдорду жууну ж.б. караштыруу зарыл.
Кургак порошок сыяктуу чаңдоочу материалдарды ташууда аларды көчүрүү аймагы жылчыксыздандырылышы керек.
548. Конвейерди оңдоп-түзөгөн соң же көп убакытка туруп калуудан кийин ишке киргизүүдөн мурда төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
1) анын иштеткичин, майлоочу түзүмдөрүн карап чыгуу жана анын майы бар экендигин аныктоо;
2) сактоочу тосмолордун болушун жана абалын, аспирациялык түзүмдөрдүн оң абалда болуусун текшерүү;
3) калган башка түзүлүштөрдүн (механизмдердин) ишке жарактуулугун жана бункерлерде бош орундун болушун текшерүү.
549. Төмөнкү учурларда конвейерди ишке киргизүүгө тыюу салынат:
1) үн жана жарык сигнализациясы, кыймылдуу бөлүктөрдүн коргоочу тосмолору, редуктордо мандын болушун контролдогон приборлор жана түзүмдөр бузук учурда;
2) лентада узунунан жана туурасынан кеткен айрылган же кесилген жерлер болгон учурда;
3) редуктордон май аккан учурда;
4) конвейердин панелине материал толуп калган учурда.
550. Лентага материалды берүүгө конвейерди 5-10 мүнөт куру иштеткенден кийин гана уруксат берилет.
551. Кургак жана чаңдоочу материалдарды ташыган элеваторлорду, кыргыч конвейерлерди жана шнектерди калың каптооч менен узунунан бүтүндөй жабуу зарыл; жүктөө жана түшүрүү жерлери да калың тосмолор менен жабдылууга тийиш. Механизмдердин иштөө органдарын мезгил-мезгили менен текшерүү үчүн каптоочтордо көз салууга мүмкүндүк берген бекем жабылган эшиктери бар кароо терезелери (люктар) коюлат.
552. Нымдуу продуктуларды ташыган элеваторлор пульпанын чачырап кетпеши үчүн узунунан бүтүндөй коргоочу щит же каптооч менен жабылышы керек. Элеваторлорго жүктөөчү жана түшүрүүчү жерлерде авариялык өчүргүчтөр орнотулушу керек.
553. Материалдарды ырааты менен ташыган бир нече конвейерлер технологиялык секциялардын (чынжырчасынын) башка жабдыгы менен бир учурда иштегенде айрым аппараттардын жана машиналардын электр иштеткичтери бекитилиши зарыл. Мында:
1) ишке киргизүү жана токтотуу фабриканын аппараттарынын жана технологиянын чынжырчасынын схемасына ылайык ырааттуулукта аткарылууга тийиш;
2) кандайдыр бир жабдуу же конвейер күтүүсүздөн токтогон учурда схема боюнча мурдагы конвейерлер жана түзүлүштөр автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш;
3) конвейерди же машинаны башкаруу пульту менен аралыктан ишке киргизүүнүн алдын алуучу блоктоо орнотулушу керек.
554. Бардык конвейерлер иштеткичти негизги өтмөктөрдөн конвейердин узундугу боюнча каалаган чекиттен авариялык токтотууну камсыз кылган түзүлүшкө ээ болушу керек.
Механизмдерде блоктоо жана авариялык токтотуу түзүлүштөрүн аларды ишке киргизүүнү башкаруу аппараты катары колдонууга тыюу салынат.
555. Бардык элеваторлор сузгуч чынжырынын артка кетүүсүнүн алдын алган токтотуучу түзүлүштөр жана ал үзүлгөн учурда токтотуучулар менен жабдылууга тийиш.
556. Материалдын иштеп жаткан бөлүктөн түшүп кетүүсү мүмкүн болгон конвейерлерде алдын алуучу бекемдөөлөр орнотулушу керек.
557. Жүктү өзү түшүрүүчү арабалардын жана өзү жүрүүчү конвейерлердин окто турган дөңгөлөктөрү тосулууга тийиш. Тосмо менен рельстин башынын ортосундагы көңдөй 10 мм ашпоого тийиш.
558. Конвейерлердин керилген түзүлмөлөрүнүн жүктөрү, ошондой эле керилген барабандар лента же аркан үзүлгөн учурда жүк же барабан төмөнкү кабаттардагы адамдарга же жабдууларга түшпөгөндөй абалда тосулушу жана жайгашуусу зарыл.
36-§. Кургатуу жана суу-шлам чарбасы
559. Центрифуганы ишке киргизүүдөн мурда себеттердин бекитилиштеринин бүтүндүгүн жана бекемдигин кылдаттык менен текшерүү зарыл.
560. Себеттери текши эмес жүктөлгөн центрифуганы ишке киргизүүгө; иш учурунда ротордун үстүндөгү капкакты ачууга, иштеткичтин тосмосу жок иштетүүгө, иштеткичтин курун кийүүгө, чечүүгө, оңдоого тыюу салынат.
Центрифуганы бошотуу аны токтоткондон кийин гана ишке ашырылат.
561. Тейлөөчү персоналга коркунуч жаратуучу иштеткичтин, вибрациялоочу иштеткичтин, май насосунун айланма элементтеринин коргоочу тосмосу болушу зарыл. Тосмо алынган учурда ишке киргизүүнү токтотуучу блоктоо болушу керек.
562. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) ротордун номиналдык айлануу ылдамдыгына жетишине чейин жүктөм берүүгө;
2) центрифуганы башкарууну бейтааныш жактарга берүүгө;
3) центрифуга бош абалда жала басым алдында иштеп жаткан учурда аны оңдоого.
563. Жүктөм берилген центрифуганы өчүрүүгө төмөнкү авариялык абалда гана жол берилет:
1) центрифуганын түйүндөрү бузулганда;
2) центрифуганын артындагы аппараттар бузулганда же токтогондо;
3) авариянын же кырсыктын алдын алуунун зарылдыгында.
564. Жардамчы жабдуулар (вакуум насостор, аба үйлөткүчтөр) изоляцияланган жайга жайгаштырылышы керек.
565. Чыпкалоо процессин контролдоо жана талдоо үчүн төмөнкүлөр орнотулушу керек:
1) вакуум насостордогу, ресиверлердеги жана бөлүштүрүүчүнүн башындагы вакуумметрлер;
2) бөлүштүрүүчүнүн башындагы манометрлер;
3) ресиверлердеги деңгээлди сигнализациялоо приборлору.
566. Берилген жүктөмдө вакуум чыпканы өчүрүүгө инциденттин же кырсыктын алдын алуу зарылдыгы келип чыккан авариялык абалда гана жол берилет.
567. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) иштен жаткан түзүлүштө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө;
2) түзүлүштүн иштен жаткан учурунда коргоочу тосмолорду алууга, чыпкалоочу тосмолорду оңдоого жана аларды тазалап чыгууга;
3) вакуум чыпканын ваннасына техникалык сууну берүүгө;
4) вакуум чыпканын ваннасынын кырына чыгууга;
5) тейлөөчү аянтты пульпа, сектор, май менен булгоого.
568. Ленталуу вакуум чыпка иштен жаткан учурда аны оңдоп-түзөөгө жана жөнгө салууга.
Ленталуу вакуум чыпка иштен жатканда төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
1) вакуумметрдин көрсөткүчү боюнча вакуумдун чоңдугуна көз салуу;
2) тунманын панда болуусуна көз салуу;
3) багытталган жана аралык валкалардын атайын кийимди тартып кетүүсүн жокко чыгаруу.
569. Ленталуу вакуум чыпка төмөнкү учурларда мажбурдуу түрдө токтотулууга тийиш:
1) вакуумдун чоңдугунун жол берилбеген деңгээлге чейин төмөндөшүндө;
2) лентанын октон чыгын кетишинде же кыйшаюсунда;
3) жаракаттын же инциденттин алдын алууда.
570. Камералык чыпка прессти монтаждоодон кийин жылчыксыздыгын текшерүү максатында жабдууну долбоордук-конструктордук документтердин талаптарына ылайык пресстөө зарыл.
571. Басым алдындагы өткөргүч түтүктөрүндө жана идиштерде басымды контролдоочу приборлор жана коргоочу клапандар орнотулушу керек.
572. Чыпка прессти иштетүүдөн мурда жараксыз кездемени алмаштыруу жана аны булгануудан тазалап, оңдоп-түзөөчү жана жөнгө салуучу иштерди токтотууга тыюу салган эскертүүчү сигналды берүү зарыл.
573. Чыпка прессти ажыратууда жана аны түшүрүүдө камераларды жана өткөргүч түтүктөрдү суспензия калдыктарынан тазалоо үчүн аны кысылган аба менен үйлөө зарыл. Түшүрүүдө калдыкты жок кылуу үчүн атайын күрөктөрдү колдонуу керек. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) иштеп жаткан чыпка пресстин механизмдерин жана түйүндөрүн техникалык тейлөөгө жана оңдоп-түзөөгө;
2) чыпкалоочу плиталардын ортосуна колду ж.б. предметтерди салууга, айрыкча сыгуу, плиталарды белгилөө жана калдыктарды түшүрүү учурунда.
574. Ленталуу чыпка пресс төмөнкүлөр менен жабдылышы керек:
1) чыпкалоочу торлорду керүү механизминин пневмоцилиндри менен компрессордун басымын контролдоо үчүн манометр;
2) лентанын кыймылын контролдоо датчиктери жана торлорду борборлоштуруу механизмдери;
3) тунманын калыңдыгынын датчиги;
4) лентанын, чыпка пресстин кыймылынын ылдамдыгын автоматтык жөнгө салуу системасы жана датчики;
5) чыпканын иштеткичин керүүнү контролдоо прибору.
575. Ленталуу чыпка пресс жана жардамчы жабдуулар төмөнкү учурларда автоматтык режимде авариялык түрдө токтошу керек:
1) зумпфада пульпанын уруксат берилген эң төмөнкү деңгээлге чейин төмөндөшүндө;
2) фильтрациялык лентанын чыгышында;
3) фильтр-пресстин иштеткичинин токтошунда.
576. Абанын басымы нормалдуудан төмөн болгон чоңдукта вентилдер, тээктер жана тыгындуу крандар бузулган абалда торду керүү механизмин ишке салууга тыюу салынат.
577. Радиалдык коюуланткычтын үстү металл капкак менен жабдылган оңдоочу көзөнөктөр, лаздар, люктар менен жабылышы керек.
578. Электр кыймылдаткычынан калактуу түзүлүштөрдү ремендик, клиноремендик же тиштүү берүүчү аркылуу алып келүү коргоочу тор менен тосулушу зарыл.
579. Коюуланткычтан шламды түшүрүү диафрагмалык насостор же башка механизацияланган диафрагмалык түшүрүүчү түзүлүштөр менен аткарылууга тийиш.
Коюуланган шламды сордуруп чыгаруу үчүн насостор коюуланткыч пульпанын деңгээлинде, бирок бул деңгээлден 0,8 м жогору эмес орнотулушу керек.
580. Коюуланткычтын түшүрүүчү көзөнөктөрүнө шлам толуп калган учурда бул көзөнөктөрдү жууш үчүн суунун күчү 20 Н/м2 кем болбогон суу түтүктөрү тагылышы зарыл.
Түшүрүүчү көзөнөктөрдө коюуланган шламдарды жок кылуу тармагы жана шламдарды тышкы тундургучка сүрүп чыгаруучу авариялык тармактар каралууга тийиш.
581. Калактуу алкактын иштеткичин авариялык токтотууда калактарды автоматтык түрдө көтөрүүчү түзүлүштөр каралууга тийиш.
582. Коюуланткычтардын жайлары салыштырмалуу нымдуулукту төмөндөтүү үчүн кургак абанын агымы алып келген желдеткич менен жабдылышы керек.
583. Коюуланткычтан сынам алууга сынамдарды алуучу жер тырмалгандап кийин гана уруксат берилет.
584. Шлам тундургучунун авариясыз иштөөсүн камсыз кылуу үчүн аларга жанынан көз салуу жана инструменталдык контроль жүргүзүү зарыл.
37-§. Өндүрүш продуктуларын сыноодо жана таңгактоодо коюлган талаптар
585. Өндүрүш продуктуларын сыноо автоматтык режимде же алыстан башкарылуучу механикалык сынам алуучулар менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Кол менен сынам алуу фабриканын жетекчисинин (жетекчисинин орун басарынын) буйругу менен аныкталуучу технологиялык схеманын белгиленген чекиттеринде гана жүргүзүлөт. Сынамдарды алуу үчүн жарык жана тосулган, ыңгайлуу жана коопсуз жер (аянттар) жабдылышы керек. Туш келди, жабдылбаган жерди сынам алууга тыюу салынат.
586. Өлчөн-ороо-таңгактоо автоматтарынын жана таңгактоо тилкелеринин машинистинин иш ордунун аймагында баштыктарга, ящиктерге же каптарга таңгакталган даяр продуктуну жыйноо бул иш ордунун белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген паспортунун негизинде жүргүзүлөт.
587. Таңгактоочу машиналар турган жай товардык продуктунун кампасынан конвейердик ленталар өтүүчү оюгу бар дубалдар менен бөлүнүп турушу зарыл. Оюктар продуктунун конвейер боюнча өтүүсүнө тоскоолдук жаратпаган атайын фартук же парда түрүндөгү калың материал менен тосулууга тийиш.
588. Таңгактоочу машинанын машинистинин иш ордуна таңгактоочу материалды ташып келүү механизацияланган ыкма менен жүргүзүлүшү керек.
Даяр продукту салынган каптарды жөнөтүү үчүн пресс-конвейердин алдына атайын жөнөтүүчү түзүлүштөрдү жайгаштыруу зарыл.
589. Тейлөөчү персонал эркин кирип-чыгуучу жайда жайгашкан шнек кайра жүктөгүчтөр түшүрүүчү оюктарды жабуучу кыймылдуу түзүлүш менен жабдылышы керек.
Шнек кайра жүктөгүчтө арабанын жүрүшүн чектөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл.
9-глава. Оңдоо-монтаждык жана такелаждык иштер
38-§. Жалпы талаптар
590. Фабрикаларда мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилген графикте каралган мөөнөттөрдө жабдууларды профилактикалык кароону жана оңдоону дайыма жүргүзүп туруу зарыл.
591. Фабрикаларды жабдууларды капиталдык жана кезектеги оңдоону уюштуруу жана өткөрүү мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилген атайын жобонун, Жабдууларды жана транспорттук каражаттарды пландалган алдын алуу оңдоо жөнүндө жобонун талаптарына ылайык келүүсү зарыл.
592. Негизги жабдууларды капиталдык жана кезектеги оңдоо өндүрүш иштерин уюштуруунун иштелип чыккан жана бекитилген долбоорлору (ӨИД) боюнча жүргүзүлөт.
ӨИДде оңдоо иштерин жүргүзүүдө коопсуздук талаптарын жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды сактоого жоопкерчиликтүү адамдар, ошондой эле оңдоо иштерин аткаруунун тартиби жана ырааттуулугу көрсөтүлүшү керек.
593. Ар бир фабрикада объекттердин жана жабдуулардын тизмеси түзүлүшү керек, алардын оңдоо иштери биркалык системаны, уруксат наряддарын колдонуу менен жүзөгө ашырылат, тизмени фабриканын башкы инженери бекитет.
594. Оңдоо иштерин механизациялоо үчүн салмагы 50 кг ашык болгон оор жабдууларды, түйүндөрдү жана деталдарды көтөрүүгө жана түшүрүүгө мүмкүндүк берген, керектүү жүк көтөрүүчү каражаттар жана ыңгайлашкан түзүлүштөр каралышы зарыл.
Жүк көтөрүүчү каражаттарды эксплуатациялоо Жүк көтөрүүчү крандарды орнотуу жана коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринин жана тийиштүү нускамалардын талаптарына жооп бериши керек.
595. Жабдууларды, агрегаттарды, аппараттарды жана коммуникацияларды ички кароо, тазалоо жана оңдоо үчүн токтотуу, ошондой эле аларды жүргүзүү фабриканын башкы. инженери тарабынан бекитилген нускамалардын талаптарына ылайык ишке ашырылат.
596. Ички кароо, тазалоо жана оңдоо үчүн токтотулган жабдууларды, агрегаттарды, аппараттарды жана коммуникацияны буу, суу жана технологиялык өткөргүч түтүктөрдөн, газ түтүктөрүнөн жана электр менен камсыздоо булактарынан өчүрүү зарыл; бардык өткөргүч түтүктөргө бекиткичтерди орнотуу зарыл; жабдууларды, агрегаттарды, аппараттарды жана коммуникацияны технологиялык материалдардан бошотуу керек. Аппарат иштеп турган режимде уулуу же жарылуу коркунучу бар газдар, буулар же чаң болсо, аларды үйлөтүп чыгаруу керек, андан кийин абада зыяндуу жана коркунучтуу заттардын калып калбоосу үчүн анализ алып, текшерүү зарыл. Абаны контролдук текшерүүнү оңдоо процессинде мезгил-мезгили менен жүргүзүү керек.
Иштеткичтердин электрдик схемалары ажыратылышы, коё берүүчү түзүлүштөрдө "Күйгүзбөңүз! Адамдар иштеп жатат!" деген плакаттар илиниши, ошондой эле түзүлүштөрдү жаңылыш же өз алдынча күйгүзүүнүн алдын алган чаралар көрүлүшү керек.
597. Оңдоо иштерин жүргүзүү аймагын иштеп жаткан жабдуулардан жана коммуникациядан тосуу зарыл. Аймакка коопсуздук белгилери, плакаттар, сигнал берүүчү каражаттар илинет жана алар санитардык ченемдердин талаптарына ылайык жарыктандырылат.
598. Бардык оңдоо иштерин фабриканын, цехтин администрациясы тарабынан дайындалган инженердик-техникалык жумушчулардын жетекчилиги алдында аткаруу зарыл. Оңдоо иштерин аткарган адамдар тийиштүү атайын кийим жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушу керек.
599. Оңдоо-монтаждоо аянттарынын көлөмү машиналардын, шаймандардын жана инструменттердин көлөмдүү түйүндөрүн жана деталдарын, ошондой эле оңдоо иштерин аткарууга керектүү материалдардын жайгашуусун камсыздагыдай болуусу зарыл. Оңдоо-монтаждоо аянтына машиналардын түйүндөрүн жана деталдарын жайгаштырууда ченемдерге ылайык алардын ортосунда өтмөктөрдү калтыруу зарыл. Аянтты үймөктөн салууга болбойт, ага жайгаштырылуучу жүктүн салмагы эсеп боюнча уруксат берилген көлөмдөн ашпоосу керек.
600. Жүктөрдү ташуудагы бардык иштер ишти коопсуз аткаруу жана жүктөрдү ташуу боюнча жоопкерчиликтүү адамдын көрсөтмөсү жана уруксаты менен жүргүзүлүүгө тийиш. Ири көлөмдүү жана оор жүктөрдү көтөрүү, ташуу жана коюу оңдоо иштери боюнча жоопкерчиликтүү адамдын көзөмөлүндө жүргүзүлөт.
601. Жыгачтарды, тактайдан жасалган аянттарды, тепкичтерди пайдалануу менен аткарылган иштер тийиштүү эрежелердин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
602. 1,3 м жогорку бийиктикте тепкич менен иштөөдө төшөөлөрдү жана тактайдан жасалган аянттарды орнотууга мүмкүн болбогондо жумушчулар коопсуздук арканы бар коргоочу курду колдонушу керек. Бийиктикте иштөөдө коргоочу курлардын бекитилген жерлери конструкцияда белгилениши жана нарядда көрсөтүлүшү зарыл.
603. Эки же андан көп ярустуу бийиктикте оңдоо иштерин аткарууда материалдар жана предметтер иштеп жаткандарга түшүп кетпөөсү үчүн алардын ортосуна бекем тосмо орнотулушу же тор тартылышы керек.
604. Оңдоо-монтаждоо жана такелаждык иштерди фабриканын башкы инженери тарабынан бекитилген технологиялык карта боюнча аткаруу зарыл, айда аларды өндүрүү боюнча айрым операцияларды аткарууда коопсуздук чаралары каралышы керек. Аталган карта жок болсо, оңдоо иштери жазуу жүзүндөгү наряддар боюнча, ал эми зарыл учурларда - коопсуздук чаралары так көрсөтүлгөн уруксат-наряд боюнча жүргүзүлөт.
605. Фабриканын иштеп жаткан цехтеринде жана бөлүмдөрүндө оңдоо-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө оңдоо иштеринин жетекчиси цехтин же бөлүмдүн администрациясы менен бирге бул иштердин коопсуз аткарылышын камсыздоочу иш-чараларды, ошондой эле иштеп турган жабдууну техникалык жактан оң жана коопсуз эксплуатациялоону иштеп чыгууга милдеттүү.
Оңдоо иштерин подряддык уюм аткарган учурда иш жүргүзүү долбооруна ылайык уруксат наряд боюнча же оңдоо иштерин аткаруу үчүн участокту берүү акты боюнча жүзөгө ашырылат.
Оңдоо иштерин жүргүзгөн уюмдун жетекчиси акт боюнча кабыл алган участокту оңдоодо коопсуздук эрежелеринин сакталышына жоопкерчилик тартат, ал эми уруксат наряд боюнча оңдоо иштерин жүргүзүүдө фабриканын жетекчиси менен бирге жоопкерчилик тартат (уруксат нарядда сүйлөшүлүп, макулдашылган шарттарды камсыз кылуу боюнча).
606. Талкалагыч машинаны оңдоо иштерин аткарууда адамдарды көтөрүү жана түшүрүү тепкичтерди пайдалануу менен жүргүзүлүшү керек; коргоочу кур жана коопсуздук арканы жок адамдарды иш аянтына түшүрүүгө тыюу салынат.
607. Айлануучу-кыймылдоочу ротору жана деталдары бар (балта сыяктуу, уркугуй, катуу сокку менен майдалагыч, барабандык калбыр ж.б.у.с.) жабдууларда ар кандай ишти жүргүзүүгө (оңдоо же кароо) механизмдердин кыймылдуу бөлүктөрүм, ошондой эле бул жабдуунун корпустарынын (каптоочторунун) ачык капкактарын мажбурлоо же өз алдынча жылып кетүү мүмкүндүгү болбогудай абалда бекиткенден кийин, ошондой эле уруксат наряд таризделгенден кийин гана уруксат берилет.
608. Футеровкаларга эриген цинктерди куюуну атайын окутулган, инструкцияланган жана мындай иштерди аткарууга тажрыйбасы бар, атайын кийим жана жеке коргоочу каражаттар менен камсыз болгон адамдар аткаруусу зарыл. Цинкти милдеттүү түрдө мастердин же бригадирдин катышуусунда куюу зарыл.
609. Бункерлердеги футеровканы оңдоо жана алмаштыруу үчүн бункердин жантайынкы дубалдарында иштин коопсуздугун камсыздоочу шаймандарды колдонуу зарыл.
610. Оңдоо иштери жүргөн аймакта бункерлерге жүктөөгө тыюу салынат. Оңдоо жүрүп жаткан участоктун үстүндө жайгашкан жогорку жүктөөчү жылчыктар оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн коопсуз аянтта тосулуусу зарыл.
611. Элеваторлордун чынжырларынын учтарын алмаштыруу, улоо жана конвейердик ленталарды вулканизациялоо заводдун нускамасына ылайык ишкананын техникалык жетекчиси тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген нускамалардын талаптарын сактоо менен тийиштүү жүк көтөрүүчү такелаждык түзүлүштөрдүн жардамы менен аткаруу зарыл.
612. Тегирменди шарлар жана октор менен толтуруу, ошондой эле тегирменден шарларды түшүрүү механизацияланышы керек.
613. Тегирмендин барабанынын айланышына, ошондой эле тегирмендин барабанына жары футеровканы жайгаштырууда футеровка болтторун чыгарууга анда адамдар болгон учурда тыюу салынат.
614. Тегирмендин барабанынын ичиндеги футеровка плиталарын жылдыруучу жана коюучу механизм жок болсо, бул иштер коопсуздуктун зарыл чараларын аныктоочу атайын нускаманын талаптарына ылайык аткарылуусу зарыл.
615. Тегирмендин барабанынын ичиндеги футеровка плиталарын ширетүү жана кесүү газ коркунучу бар иштерди коопсуз аткаруу боюнча нускамага ылайык ишке ашырылат.
616. Уулуу реагенттердин (цианиддер ж.б.) чөйрөсүндө иштеген жабдууну оңдоодон мурда кылдаттык менен тазалоо жана бул реагенттерден зыянсыздандыруу зарыл.
617. Күйгүзүүчү орнотмолордо иштөөдө газ коммуникацияларында жана контролдоо-өлчөөчү аппаратурада оңдоо иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
618. Күйгүзүүчү машинанын очогун коюуну оңдоого аны уруксат-наряд боюнча табигый муздатуудан жана машинанын, аба үйлөөчү каражаттардын иштетмесинин электрдик схемасын ажыраткандан кийин, ошондой эле муздак аба үйлөө үчүн алып жүрүүчү желдеткичти койгондон кийин уруксат берилет.
Күйгүзүүчү машинанын очогунда иштөөдө коргоочу тору бар 12 В ашпаган чыңалуудагы алып жүрүүчү электрдик жарык берүүчүлөрдү пайдалануу зарыл.
619. Бардык оңдоо иштерин фабриканын, цехтин администрациясы тарабынан дайындалган инженердик-техникалык жумушчулардын жетекчилиги алдында аткаруу зарыл. Оңдоо иштерин жүргүзгөн адамдар ылайыктуу атайын кийим жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушу керек.
620. Оңдоо-монтаждоо аянттарынын көлөмү машиналардын, шаймандардын жана инструменттердин көлөмдүү түйүндөрүн жана деталдарын, ошондой эле оңдоо иштерин аткарууга керектүү материалдарды жайгаштырууну камсыздоосу керек. Оңдоо-монтаждоо аянтында машиналардын түйүндөрүн жана деталдарын жайгаштырууда ченемдерге ылайык алардын ортосунда өтмөктөрдү калтыруу зарыл. Аянтка үйүп салууга болбойт, ага жайгаштырылган жүктүн салмагы эсеп боюнча уруксат берилген көлөмдөн ашпоосу керек.
39-§. Газ-жалын иштери
621. Газ-жалын иштерин Кыргыз Республикасынын Өрт коопсуздугунун эрежелеринин жана фабриканын башкы инженери бекиткен нускаманын талаптарына ылайык аткаруу зарыл.
622. Жарылуу жана өрт чыгуу коркунучу менен өндүрүшү бар жайларда ачык отту колдонуу менен оңдоо иштерин Жарылуу жана өрт чыгуу коркунучу бар объекттерде от чыгуучу иштерди коопсуз жүргүзүүнү уюштуруу боюнча типтүү нускаманын талаптарына ылайык ишке ашыруу зарыл.
623. Бардык тез күйүүчү материалдарды (май, тазалоочу материалдар ж.б.у.с.) ширетүү жана от чыгуучу иштер аткарылган жерден 10 м кем эмес аралыкка алып коюу зарыл.
624. Ширетүүдө андан 2 м чейинки аралыкта жайгашкан курулмалардын бардык жыгач же башка күйүүчү бөлүктөрүн асбест же болот листтер менен тосуу керек.
625. Ширетүү, газ-жалын иштерин аткарган жерлерде өрт өчүрүүчү, жакынкы өрт түтүгүнө уланган өрт өчүрүүчү машинанын түтүгү же 0,2 м3 кем болбогон суунун запасы бар челек жана кум салынган ящик болушу керек.
626. Ширетүү бөлүмүндө тез жалбырттап күйүүчү заттарды сактоого тыюу салынат.
627. Газ-жалын иштерин аткарууга арналган күйгүчтөр жана кесүүчүлөр кайтарым клапандар менен жабдылууга тийиш.
10-глава. Кенди кайра иштетүүдө радиациялык коопсуздук талаптары
40-§. Жалпы жоболор
628. Өндүрүштүн радиациялык коркунучтуу факторлору менен кенди кайра иштетүүчү ишканаларда "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө", "Радиациялык коопсуздук жөнүндө" техникалык регламент" тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн радиоактивдүү жана радиоактивдүү эмес кендерди казуу жана иштетүү тармагында кабыл алынган радиациялык коопсуздук боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарын камсыздоочу уюштуруу-техникалык иш-чаралардын комплексин жыл сайын ишке ашыруу зарыл.
Кенди кайра иштетүү боюнча ишканаларды радиациялык коркунучтуу өндүрүшкө киргизүү, ошондой эле аталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана бекитүүнү ишкананын администрациясы радиациялык коопсуздукту камсыздоо боюнча жөнгө салуучу орган, мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө органдары менен макулдашуу боюнча адистештирилген уюмдарды тартуу аркылуу ишке ашырат.
Иондоштуруучу нурлануу булактарын пайдалануучу ишкана Радиациялык-гигиеналык паспортту иштеп чыгууга тийиш.
629. Радиациялык контролдоо кызматы ар бир кызматкер үчүн нурлануунун жекече дозасын аныктоо менен радиациялык кырдаалды туруктуу контролдоону камсыздоого милдеттүү.
Радиациялык фонду текшерүүнү жумуш орундарында жана башка зоналарда ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилген тизмеге ылайык, контролдоо жыйынтыктарын атайын журналга каттоо менен жүргүзүү керек.
630. Радиациялык контроль төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш:
1) жумушчу жана жумуштарды жүргүзүүчү чектеш зоналардагы радиациялык коркунучтуу факторлордун деңгээлин;
2) радиациялык кырдаалдын радиациялык коопсуздуктун жол берилген ченемдерине шайкеш келишин;
3) жогорку радиациялык коркунучтун негизги булактарын аныктоо жана баалоо;
4) радиациялык коркунучтуу факторлордун комплексинин иштеп жаткандарга таасир этүү даражасы;
5) тышкы чөйрөнүн радиоактивдүү заттар менен булгануу деңгээлин жана кенди кайра иштетүүчү ишкана жайгашкан райондо жашап жаткан персоналга жана калкка радиациялык факторлордун таасир этүү даражасын баалоону.
631. Радиоактивдүү нурлануу булактары менен ишканага жумушка кирип жаткан жумушчулар радиациялык коопсуздук боюнча окутуудан сөзсүз өтүшөт жана андан кийин бул боюнча билимдери текшерилет. Кайталап окутууну үч жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүү керек.
632. Жогорку радиациялык кырдаалдагы кенди кайра иштетүүчү ишканаларды долбоорлоодо жана пайдаланууда иштеп жаткандарды иондоштуруучу нурлануунун таасиринен коргоо, ишканадан абага бөлүнүп чыккан радиоактивдүү жана башка зыяндуу заттардын саркындыларынан тазалоо боюнча кошумча чаралар каралууга тийиш.
633. Ишкананын өнөр жай аянттарынын айланасына долбоор тарабынан өлчөмдөрү аныкталган санитардык-коргоо зонасын орнотушат.
Ишкананын санитардык-коргоо зонасына көмөкчү жана кошумча чарба объекттерин жайгаштырууга, ошондой эле магистралдык автомобиль жолдорун төшөөгө жол берилет. Аталган объекттерди булгоочу заттардын негизги булактарынан же радиоактивдүү аэрозолдордун уюштурулбаган келип түшүүлөрүнөн коопсуз аралыкка жайгаштыруу керек.
Санитардык-коргоо зонасындагы жерлерди айын чарба жерлери үчүн пайдаланууга мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө органдары менен макулдашуу боюнча уруксат берилет.
634. Радиация жогору болгон кендерди узак мөөнөткө сактоо үчүн кампаларды атайын аянттарга жайгаштыруу керек, алардын аймагы тосулууга тийиш. Кен кампаларын жайгаштырууну желдетүү үчүн абдан жакшы шарттарды түзүү зарылчылыгын эске алуу менен караштыруу керек. Өз-өзүнчө кампа жайларынын ортосундагы аралыктын кеңдиги 20-25 м кем болбоого тийиш.
Өнөр жай аянтынын аймагындагы кендин чыгымдоо кампалары негизги цехтердин имараттарынан 50 м кем эмес жана административдик-чарбалык жана көмөкчү имараттар жана курулмалардан 100 м кем эмес аралыкта жайгашууга тийиш.
635. Технологиялык процессти башкаруу механизациясы жөнгө салууда же оңдоодо тейлөөчү персоналга иондоштуруучу нурлануунун жогорку деңгээлдериндеги же тегиздиктер жана абанын радиоактивдүү булгануусундагы жерлерге кирүү талап кылынбагыдай конструкцияланууга тийиш.
636. Бөлүнүп чыккан чаңдын, радиоактивдүү аэрозолдордун жана радондун ар бир бөлүмдөгү бөлүнүп чыккан өлчөмү белгиленген методикалар боюнча же башка өндүрүштөргө окшош эсептөө менен аныкталуусу керек.
637. Өзүнүн мүнөзү боюнча толугу менен жылчыксыз бекитилбей турган жана ага ылайык өндүрүштүк жайлардын радиоактивдүү газдар жана аэрозолдор менен булгануусунун себеби болушу мүмкүн болгон технологиялык операцияларга обочолонгон жайлар бөлүнүп берилиши керек.
638. Бир технологиялык участоктон экинчисине негизги жана орто аралык продуктуларды берүүнү пульпа же эритме түрүндөгү күч менен түртүүчү же күч менен түртүлбөй турган өткөргүч түтүктөр боюнча ишке ашыруу зарыл. Күкүм сыяктуу кургак продуктулар үчүн пневмотранспорт, вибрациялык түзүлүштөрдү жана өзгөчө учур катары жылчыксыз бекитилүүчү контейнерлерге салууну колдонуу керек.
639. Чыпкалоо процесстери үчүн тунмаларды чыгаруу жана тазалоо боюнча кол менен жасалган операцияларды жокко чыгаруучу тынымсыз иштөөчү аппараттарды колдонуу зарыл.
640. Чаң жана радон (торон) бөлүп чыгаруунун булагы болуп саналган бардык аппараттарды жабуулар менен жабдуу керек, алардын жумушчу эшиктери атайын методика боюнча эсептелген минималдуу керектүү көлөмдө болуусу керек.
Радиоактивдүү заттарды өтө көп камтыган тузду кургатуу жана кактоо бөлүмдөрүндө механизацияланган жана автоматташтырылган жүктөө жана түшүрүүсү менен тынымсыз иштеген мештерди пайдалануу керек.
Кургатуу жана кактоо бөлүмдөрүнүн бардык аппараттары даяр продукциядан чаңды карман калуу системасы менен жабдылышы, андан кийин бул чаң процесске кайтарылышы зарыл.
641. Чаңдаган даяр продукцияны контейнерлерге салууну автоматтык жүктөө, вибрациялык тыгыздоо жана жүктөлгөн материалдын деңгээлин жана салмагын контролдоо менен иштеген жылчыксыз камераларда жүргүзүлүүгө тийиш.
642. Айландыруучу суу менен жабдуу системасындагы суу байытуу объекттеринде негизги технологиялык процесстерде колдонулушу мүмкүн. Радондун суудагы (аны пайдаланган жердеги) концентрациясы 1×10-8 Ки/л (3,7×105 Бк/м3) ашпоосу зарыл.
643. Кенди кайра иштетүүчү ишканалардын негизги технологиялары үчүн эгерде техникалык шарттарды канааттандырса, уран эмес кендердин шахта (карьер) сууларын колдонушат. Шахта сууларын ошондой эле жалпы узак жашаган суммалык альфа-активдүүлүктө 3-10(-9) Кюри/л орточо бир жылдык концентрацияны сактоо менен контролдонуучу зонада иштеп жаткан транспортту жууш үчүн да колдонууга болот.
644. Суудагы табигый радионуклиддердин камтылышы Радиациялык коопсуздук ченемдеринин талаптарына ылайык уруксат кылынган концентрациялардан ашпашы керек.
Радиоактивдүү заттарды камтыган саркынды суулар бар өткөргүч түтүктөр адам жашаган райондон 200 м кем эмес аралыкта жайгашууга тийиш.
645. Суюк радиоактивдүү калдыктарды ташууга жана сактоого арналган коммуникацияларга карата чарбалык-ичүүчү суу түтүгүнүн трассасынын жайгашуусу жана өткөргүч түтүктөрдү төшөө системасы кандай гана кырдаалда болбосун суу өткөргүчкө радиоактивдүү заттардын келип түшүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруусу зарыл.
646. Ишканалардын аймагынын чегинен өтүүчү атайын канализация линиясынын трассасында таануучу белгилер болууга тийиш. Ушул трассаларда кыртышты бузуу менен байланышкан кандайдыр бир курулуш иштеринин өндүрүшүнө тыюу салынат.
647. Радиоактивдүү изотопторду камтыган саркынды суулар эреже катары технологиялык процесске кайтарылышы керек, ал эми алар ачык көлмөлөргө куюлуп кеткен учурларда суу үчүн уруксат берилген концентрацияга чейин тазалоо зарыл.
648. Технологиялык процессте булганбаган саркынды сууларды техникалык суу менен камсыздоо системаларында колдонууга болот.
Өнөр жай объекттеринин суюк технологиялык радиоактивдүү калдыктары долбоорго ылайык канализациянын өзүнчө системасы боюнча калдыктарды сактоочу жайларга ташталат.
Жалпы канализацияга шарттуу "таза" жана тиричилик саркынды сууларын агызууга алар толук биологиялык жактан тазаланган шартта, ошондой эле эгерде алардагы радиоактивдүү жана уулуу заттардын камтылышы (саркынды суулардын негизги массасы менен аралаштыргандан же кошкондон кийин) уруксат кылынган концентрациялардан ашпаган болсо жол берилет.
649. Кенди кайра иштетүүчү объекттердин бардык корпустарында механикалык кыймылга келтирүү менен агып тартуучу-чыгаруучу желдетүү каралышы керек, зыяндуу суюктуктар жок болсо, өзүнчө бөлмөлөрдү табигый желдетүүгө жол берилет.
Бункерлердеги жогорку радиоактивдүү булгануудагы кендерди сактаган учурда аларда суюлууну пайда кылуу үчүн чыгаруучу механикалык желдетүүнү караштыруу керек. Ачык люктардагы соруу ылдамдыгы 1 м/с ашпоосу керек.
Чаңдаган жабдуунун жабууларынан сорулуп алынган абанын көлөмү эсептөө аркылуу аныкталат, мында абаны соруу ылдамдыгы 1,5-2,0 м/с менен кабыл алынууга тийиш.
650. Өндүрүштүк жайларды желдетүү үчүн абанын керектүү көлөмү радиоактивдүү заттар боюнча уруксат берилген концентрациянын (УК) деңгээлине чейин зыяндуу суюктуктарды аралаштыруу шарттарына карата жана уулуу заттар боюнча ЧУК (чегине жеткен уруксат берилген концентрация) жана башка параметрлер (температура, абанын нымдуулугу ж.б.) боюнча талап кылынган ченемдерди камсыздоо боюнча аныкташат. Аталган эсептөөлөрдө ошондой эле иштеп жаткандардын тышкы нурлануу факторун да эске алуу керек.
651. Тартуучу желдетүү системасы үчүн аба алуу атмосфералык абада радиоактивдүү жана уулуу заттардын камтылышы жумушчу бөлмөлөр үчүн 0,1 УК жана 0,3 ЧУК ашпаган деңгээлде болгон зоналарда жүргүзүлүшү керек. Аталган чоңдуктардан ашкан учурда кирген аба сөзсүз тазаланууга тийиш.
652. Жергиликтүү сордуруп алуу аркылуу чыгарылган жана чаңды, радиоактивдүү, химиялык жана жагымсыз жыттанган заттарды камтыган абаны атмосферага чыгаруунун алдында тазалоо зарыл.
Жалпы алмашуучу желдетүү аркылуу чыгарылуучу, радиоактивдүү жана химиялык заттарды камтыган абанын саркындыларын топтолгон жана чачыратылган түзүлүштөр аркылуу чыгарууну жана бул заттарды чачыратканды эсептеген учурда акыркылардын атмосферадагы топтолушу төмөнкүдөн ашпоосун кароо зарыл:
1) калктуу конуштардагы жана санитардык-коргоочу зоналардагы атмосфералык абада - калк үчүн колдонуудагы санитардык ченемдерге ылайык фонду эсепке алуу менен максималдуу бир жолку ЧУК;
2) атмосфералык абада: химиялык заттар үчүн - 0,3 ЧУК, радионуклиддер үчүн - абадагы уруксат берилген концентрация.
653. Бардык технологиялык жабдууларды металл сыныктарына өткөрүүнүн алдында тазалоо жана дезактивдештирүү керек, булгануусун 50 мкР/с барабар болгон экспозициялык гамма-нурлануу дозасынын кубаттуулугунун деңгээлине чейин азайтышат. Оңдоого жөнөтүлгөн жабдуу гамма-нурлануунун ошол эле дозасына жана эрежелердин талаптарына ылайык үстүрт булганууга ээ болушу керек.
Белгиленген ченемге чейин тазаланбай турган жабдууну радиоактивдүү калдык катары кароо керек.
654. Кенди кайра иштетүүчү объекттерди эксплуатациялоодо жалпы санитардык эрежелерге ылайык иштеп жаткандарды жекече коргоо жана жеке гигиена боюнча иш-чараларды караштыруу зарыл.
Аэрозолдор бөлүнүп чыгып жаткан жайларда иштегендер жекече коргонуу каражаттары (атайын кийимдер, респираторлор) менен камсыздалат.
655. Санитардык-коргоо зонасынын аймагына жакын жайгашкан турак жайлар тарабынан калдыктарды сактоочу жайлардын дамбаларынан 200 м кем эмес аралыкта туурасы 15-20 м болгон коргоочу токой тилкелерин отургузууну кароо зарыл.
Гидрометаллургиялык өндүрүштүн калдыктарын берүүнү болот түтүктөр же жабык темир бетон лотоктору аркылуу гидротранспорт менен ишке ашыруу керек.
Чаңдын пайда болушунан жана сайроон жантайманын бетинен радиоактивдүү аэрозолдордун жайылышын болтурбоо үчүн акыркыны долбоордогу белгиленген жерлерге чейин таза топурак менен көмүү зарыл. Ташталган катмардын калыңдыгы 0,5 м кем болбоого тийиш. Топурак ташталган беттерге чоң себүү керек.
656. Чарбалык-ичүүчү суу түтүгүнүн трассасынын суюк радиоактивдүү калдыктарды ташуу жана сактоого арналган коммуникацияларга карата жайгашуусу жана өткөргүч түтүктөрдү төшөө системасы кандай гана кырдаалда болбосун радиоактивдүү заттардын суу түтүгүнө келип түшүүсүн болтурбоого тийиш.
657. Кыртыш сууларынын радиоактивдүүлүк деңгээлин контролдоо үчүн калдыктарды сактоочу жайды бойлото жана кыртыш сууларынын агымынын багыты боюнча сынамдарды алуучу (байкоо жүргүзүүчү) скважиналар каралышы керек. Скважиналардын жайгашкан жери жана саны скважиналардын ортосундагы аралык 300 м кем эмес болгондой эсептөө менен гидрогеологиялык шарттарга жараша аныкталат. Мында бир-эки скважина санитардык-коргоо зонасынын чегинен тышкары жайгашуусу керек.
658. Жумушчу жайлардагы, транспорттогу, жабдуулардагы жана аппаратуралардагы радиоактивдүү булгануулар белгиленген санитардык ченемдерден ашпоосу керек.
Бардык технологиялык жабдууларды металл сыныктарына өткөрүүнүн алдында тазаланууга жана дезактивацияланууга тийиш, ошондой эле үстүндөгү булгануулар катып калбаган (тазалануучу) болуусу керек. Металл сыныктарына жөнөтүлүп жаткан жабдуунун бетиндеги гамма-нурлануунун экспозициялык дозасынын кубаттуулугу 50 мкР/с ашпоого тийиш.
Оңдоого жөнөтүлүп жаткан жабдуу белгиленген ченемдерге ылайык үстүрт булгануудай эле тышкы гамма-нурлануу дозасына ээ болуусу керек.
11-глава. Өнөр жай санитариясы
41-§. Жалпы талаптар
659. Фабрикаларды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана пайдаланууну ушул Эрежелердин, колдонуудагы санитардык эрежелердин жана ченемдердин талаптарына ылайык ишке ашыруу керек.
660. Фабрикалардын бардык жаңыдан курулуп жана реконструкцияланып жаткан объекттеринде жумуш орундарында санитардык шарттарды камсыздоочу жана колдонуудагы ченемдерге жана долбоорлорго шайкеш келген желдетүү, газ тазалоо, чаңды карман калуу жана абаны желдетүү боюнча натыйжалуу системалар болуусу керек.
Ар бир фабрикада санитардык-техникалык системаларды пайдалануу жана контролдоо боюнча кызматтар (участоктор, бригадалар, цехтер) болушу жана жооптуу адамдар дайындалышы керек.
Фабриканын ар бир участогунда (цехте, бөлүмдө) керектүү дары-дармектер жана таңуучу материалдар салынган аптечкалар болууга тийиш.
Иштеп жаткан фабрикаларда жумуш орундарында эмгек шарттарын үзгүлтүксүз жакшыртуу боюнча иш-чаралар иштелип чыгууга тийиш. Бардык жумуш орундарын колдонуудагы ченемдерге ылайык келтирүүнүн мөөнөттөрү санитардык көзөмөлдөө органдары менен макулдашуу боюнча бекитилет.
661. Пайдалуу жер кендерин байытуу менен алектенген жумушчуларды атайын кийимдер, атайын бут кийим жана жекече коргоо каражаттары (ЖКК) менен Жумушчуларга жана кызматкерлерге атайын кийимдерди, атайын бут кийимдерди жана сактоочу шаймандарды акысыз берүү ченемдерине ылайык камсыздашат.
Жогорку табигый радиоактивдүүлүктөгү компоненттерди камтыган кендерди кайра иштетүүдө жана байытууда ЖКК Радиоактивдүү заттар жана иондоштуруучу нурлануулардын башка булактары менен иштөөдөгү негизги санитардык эрежелердин талаптарына ылайык келүүсү зарыл.
ЖКК берилип жаткан бардык жумушчулар жана кызматкерлер аларды пайдалануу боюнча инструктаждан өтүүлөрү керек.
662. Өндүрүштүк имараттарды желдетүүнү жана жылытууну Өнөр жай ишканаларын долбоорлоонун санитардык эрежелеринин талаптарына ылайык долбоорлошот.
Адамдар дайыма же узак убакытка чейин (2 с ашык) болуучу байытуучу фабрикалардын бардык өндүрүштүк жайларындагы аба чөйрөсүнүн параметрлери "Жумушчу зонанын абасы. Жалпы санитардык-гигиеналык талаптар" МАСТтын талаптарына шайкеш келүүсү керек.
Желдетүүчү жана аспирациялык жабдуулар аркылуу тазалануучу абаны атмосферага чыгаруунун алдында андагы чаңдын санитардык ченемдерде каралгандан ашып кетпеген концентрациясына чейин тазалоо керек. Тазалоочу түзүлүштөрдү чаңдын физикалык-химиялык касиеттерин (скрубберлерде, циклон-жуугучтарда, электр чыпкаларда, түтүк чыпкаларда) эске алуу менен тандоо зарыл.
663. Реагенттик бөлүмдөрдө шорголоп аккан суу менен жууп салуу аркылуу теринин бетинен кислотаны же щелочту тез тазалоо, ошондой эле көздү жууш үчүн түзүлүш болууга тийиш.
664. Бети ачык чоң суу тегиздиги менен жабдуу жайгашкан жайларда (флотация машиналары, классификаторлор, коюлтуучу чаңдар, концентрациялык столдор) конденсаттын уюшкандыкта агып кетишин камсыз кылуучу түзүлүштүн болушун караштыруу зарыл.
665. Имараттардын дубалдары, шыптары жана ички конструкциялары жеңил тазалоону камсыздоочу, цианиддердин жана башка заттардын топтолушун, сиңирилишин болтурбоочу тегиздикке жана жабууга ээ болушу керек.
Кычкыл чөйрөдө технологиялык операциялар ишке ашырылып жаткан бөлмөлөрдүн дубалдары, полдору, панелдери жана кабаттардын ортосундагы тосмолордун жабуулары "Курулуш конструкцияларын дат басуудан коргоо" СЧжЭ жана "Полдор. Долбоорлоо ченемдери" СЧжЭ талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
666. Фабрикалардын бардык жайларындагы чаңды соруучу пневматикалык жабдуулардын же гидрожуугучтун жардамы менен механизацияланган ыкма аркылуу тазалоо керек.
667. Полдорду нымдап тазалоо каралган цехтердеги, ошондой эле нымдуу технологиялык процесстеги бардык цехтердеги полдор суу өткөрбөгүдөй беттелип төшөлүүсү керек. Суунун агып кетиши үчүн полдун жантаюусу 0,02 (1,8 градус) кем болбоого тийиш. Негизги өткөөлдөрдө полдордун жантайышы 0,04 (2,6 градус) ашпоосу жана кызматтык өткөөлдөрдө - 0,1 (6 градус) ашык болбоосу керек.
668. Фабриканын аймагынан үстүрт агып кетүүчү сууларды жана полдордон агуучу сууларды көлмөлөргө коё берүүнүн алдында жергиликтүү тазалашат же Үстүрт агып кетүүчү сууларды тазалоо үчүн курулмаларды долбоорлоо боюнча убактылуу нускамага ылайык жалпы тазалоо курулмаларына багытташат.
669. Цианид камтыган өнөр жай саркындыларын хлор продуктуларын жана башка реагенттерди пайдалануу менен аспирация, контролдоо приборлору жана аралыктан башкаруу менен камсыздалган жылчыксыз жабдуунун ичинде гана зыянсыздандыруу керек.
670. Көп жылуулук бөлүн чыгарган бөлмөлөрдө чатыр түзүлүштөрү булганган абанын кайтадан топтолушун болтурбоого тийиш. Ашыкча жылуулук бөлүнгөн (20 ккал/м2 көп) учурда корпустарда шамалдан коргоочу панелдер менен жарык берүүчү аэрациялык чырактарды долбоорлоо зарыл. Ачылуучу эшиктердин аянты, ошондой эле алардын жайгашуусу Өнөр жай ишканаларын долбоорлоонун санитардык ченемдерине шайкеш келиши керек.
671. Өнөр жай бөлмөлөрүндө оңдоо, айнек коюу жана айнектерди эки тарабынан тең тазалоо боюнча жумуштарды ыңгайлуу жана коопсуз аткаруу, аэрациялык чырактарды жана жарык берүүчү арматураны курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына ылайык тейлөө боюнча өткөөлдөрдү, аянттарды, ошондой эле атайын түзүлүштөрдү кароо зарыл.
672. Жылуулукту көп бөлүн чыгаруунун булагы болуп саналган өндүрүштүк жабдуунун (кургатуучу, күйгүзүүчү мештер ж.б.) беттери санитардык ченемдердин талаптарына ылайык тегиздиктин температурасын камсыздоочу термоизоляцияга ээ болууга тийиш.
673. Кургак продуктуларды жана концентраттарды жүктөө жана түшүрүү, даяр концентраттарды даярдоо (шихтовка) жана таңгактоо механизацияланышы жана жылчыксыз жасалышы керек.
674. Кендин кабыл алуучу бункерлерин кендин жабышып калуусуна, тоңуп калышына, тыгылышына бөгөт коюучу жабдуулар менен жабдуу керек. Бункерлерге жүктөө жана андан түшүрүү үчүн жумушчу зонага чаңдын келүүсүн болтурбоо максатында материалдын бирдей эмес келишин болтурбоочу өлчөөчү жабдууларды колдонуу зарыл. Топтоочу бункерлер жана кургак кен үчүн идиштер алардын ашыкча толуп кетишин жана толук түшүрүлүшүн болтурбоочу автоматтык түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш; бункердеги материалдын калдык катмарынын бийиктиги 1 м кем болбоого тийиш.
675. Майдалагычтарды, кен жана орто аралык продуктуларды берүү үчүн транспортердик тасмаларды, аларды түшүрүү жана жабдуунун ичине салуучу жерлерди (азыктандыруучулар, кургатуу үчүн агрегаттар, электростатикалык жана электромагниттик сепараторлор, флотомашиналардын көбүктү кабыл алуучу кобулу, реагент эритмелери куюлган идиштер ж.б.) аспирациялык системалар же гидрочаңдан тазалагыч системалары бар жабуулар менен жабдуу керек, алардын иштеши өндүрүштүк жабдуу менен бөгөттөлүүгө тийиш. Системанын түзүлүштөрүн блокко коюу иш башталганга чейин 3-5 мүнөт калганда, аларды иштетүүнү жана аларды жабдууну токтоткондон же жүктөмсүз иштегенден 5 мүнөттөн кийин өчүрүүнү камсыздоого тийиш.
676. Реагенттик, флотация, регенерация, сорбция, коюлтуу, кургатуу жана калдыктарды зыянсыздандыруу бөлүмдөрүнүн жайларында абада 1 жана 2-класстагы коркунучтагы уулуу заттардын уруксат берилген чектен ашкан концентрацияларда бар экендиги тууралуу белги берүүчү газоанализаторлор орнотулууга тийиш.
677. Титирөөнү (майдалагыч, тегирмен, калбырлар ж.б.) башкаруучу жабдуу үчүн "Вибрация. Жалпы коопсуздук талаптары" МАСТтын талаптарына чейин вибрацияны азайтууну камсыздоочу курулуш, технологиялык жана санитардык-техникалык иш-чаралардын комплекси пайдаланылышы керек.
678. Дүрүлдөөнүн булагы болуп саналган жабдуу жайгаштырылган бош орундарды башка участоктордон үндү угузбай турган тосмолор менен бөлүшөт.
Жогорку деңгээлдеги дүрүлдөөнү пайда кылуучу негизги технологиялык жабдууну "Дүрүлдөө. Жалпы коопсуздук талаптары" МАСТтын талаптарына шайкеш келген үндү угузбай турган өзүнчө тосмолор менен жабдуу зарыл.
679. Өлчөөчү аянттарда жайгашкан чыгымдалуучу идиштердеги реагенттер байланыштагы чандарга, флотация машиналарына жана башка агрегаттарга жабык коммуникациялар боюнча автоматтык жылчыксыз жабылган дозаторлор аркылуу берилет.
680. Жумушчулардын флотореагенттер менен байланышта болушу мүмкүн болгон бөлүмдөрдө муздак жана ысык суу берүүчү жуунгучтар орнотулушу, териге тийген заттарды суунун агымы менен жууп кетирүү аркылуу тез тазалоо үчүн түзүлүштөр, көздү жууш үчүн оргумалар каралышы керек.
681. Кургатуу процесстерин жала концентратты тоголоктоо процессин башкаруу, аны жүктөгөнгө берүү, ошондой эле желдетүүчү жана чаң-газ тазалоо системаларын башкарууну оператордук бөлмөдө орнотулган пульттардан ишке ашыруу зарыл. Кургатуу агрегаттарын тейлөөчү жерлерде берилген абанын температурасын автоматтык түрдө жөнгө салуучу душ жабдуулары орнотулушу керек.
42-§. Желдетүүчү орнотмолордун түзүлүшүнө жана пайдаланылышына карата жалпы талаптар
Фабрикалардан цехтеринин, кампаларынын жана башка жайлардын желдетүү түзүлүштөрү долбоорго шайкеш келиши керек.
682. Жаңы орнотулган жана реконструкцияланган желдетүүчү орнотмолорду фабриканын (ишкананын) жетекчилиги тарабынан дайындалган комиссия же фабриканын техникалык тейлөө бөлүмүнүн мастерлери кабыл алышы керек.
Желдетүүчү орнотмолор аягына чейин жасалбаган болсо жана натыйжасыз иштеген учурда пайдаланууга кабыл алууга тыюу салынат.
683. Желдетүүчү орнотмолорду пайдалануу жана кам көрүү тартиби фабриканын жетекчилиги тарабынан бекитилген өзүнчө нускамалар менен аныкталууга тийиш.
684. Технологиялык жабдуулар иштеп жаткан убакта фабриканын бардык негизги тартуучу-чыгаруучу желдетүү жана аспирациялык орнотмолору тынымсыз иштеп турууга тийиш.
Иштөөсү чаң жана газ бөлүн чыгаруу менен коштолгон технологиялык жабдуулардын желдетүү системалары бузук болсо, пайдаланууга тыюу салынат.
Желдетүүчү орнотмо токтоп калганда же зыяндуу заттардын топтолушу санитардык ченемдерден жогорулаганда бөлмөдөгү ишти ошол замат токтотуу, ал эми адамдарды таза абага чыгаруу керек.
685. Негизги жана көмөкчү жабдуулар менен желдетүүчү жана аспирациялык орнотмолордун ишин блокко койгон учурда түздөн-түз желдетүүчү же аспирациялык жабдууда кошумча иштетүүчү түзүлүштөрдүн болуусун кароо керек.
Технологиялык жабдууну аны менен чогуу блокко коюлган желдетүү системасын иштетмейинче иштетүүгө тыюу салынат.
686. Желдетүүчү орнотмолор аба чыгаруучулардагы жана түзүлүштөрдөгү абанын ылдамдыгын, басымын жана температурасын контролдоо жана өлчөө, кирген абанын көлөмүн жөнгө салуу үчүн шаймандар (люктар, штуцерлер) менен жабдылышы керек.
687. Абадагы чаңдын камтылышын, ошондой эле жумуш орундарындагы абанын температурасын, нымдуулугун жана кыймылынын ылдамдыгын текшерүү үчүн абанын сынамдарын алууну нормалдуу пайдалануу шарттарында дагы, ошондой эле желдетүүчү жана аспирациялык орнотмолорду реконструкциялоодон жана капиталдык оңдоодон кийин технологиялык режим өзгөргөн учурларда дагы системалуу түрдө ишке ашырат.
Абанын сынамдарын алуучу жер жана мезгилдүүлүгү фабриканын жетекчиси (жетекчинин орун басары) тарабынан бекитилген план же график менен белгиленет.
688. Өндүрүш имараттарынын тышкы тосмолорундагы улам-улам же узак убакытка ачылуучу транспорттук эшиктери аба-жылуулук берүүчү жабуу жана механикалык түрдө жабылуучу дарбазалар менен жабдылууга тийиш.
Транспорттук галереялардын өндүрүштүк имараттар менен ашташкан жерлери адамдар өтүшү үчүн өзү ачылуучу эшиктери болушу, транспорттук тасманы өткөрүү үчүн изоляцияланган жабуусу бар тосмолор менен жабдылышы керек.
689. Технологиялык процесстерди жана жабдууну аралыктан контролдоо жана башкаруу пункттары, диспетчердик пункттар, фабрикалардын контролдоо-өлчөө приборлорунун бөлүмдөрү өндүрүш цехтеринен обочолонгон жайларга жайгашууга жана ушул Эрежелерге шайкеш келген микроклиматтын параметрлерине ээ болууга тийиш. Диспетчердик пункттарга өндүрүштүк жабдуунун иши, ошондой эле бардык желдетүүчү системалардын жана суу менен чаңдан тазалагычтын иши жөнүндө автоматтык сигнализация орнотулат.
43-§. Административдик-тиричилик комбинаттарынын түзүлүштөрү боюнча коопсуздук талаптары
690. Пайдалуу жер кендерин кайра иштетүүчү жана байытуучу ар бир объектте административдик-тиричилик комбинаттары (АТК) жабдылууга тийиш.
АТК жайларында ишкананын долбоордук кубаттуулугун толук өздөштүрүүгө чейин жумушчулардын долбоорлонуучу санына эсептелген эркектер жана аялдар үчүн бөлүмдөрү болууга тийиш.
691. Административдик-тиричилик комбинаттарынын курамына жумушчу жана үстүнкү кийимдер үчүн гардеробдор, жумушчу кийимдерди кургатуу жана чаңдан арылтуу үчүн бөлмөлөр, душ, кир жуучу жай, атайын кийимдерди жана атайын бут кийимдерди оңдоочу жайлар, бут кийимди тазалоо жана жууш үчүн бөлмөлөр, ичүүчү суу үчүн кайнатуу станциясы, респиратордук бөлмө, жеке гигиена ж.б. үчүн бөлмөлөр кирүүсү керек.
692. АТКнын бардык бөлмөлөрүндө ушул бөлмөлөрдөгү абада зыяндуу аралашмалардын колдонуудагы ченемдердин чегинде камтылышын камсыздоочу кирүүчү-соруучу желдетүү болууга тийиш.
693. Душ бөлмөсүндө жана атайын кийимдерди сактоо үчүн бөлүмдөрдүн дубалдары, полу жана шыптары суу кирбей турган материалдан жасалууга тийиш. Ушул бөлмөлөрдө пол жана дубалдарды жууш үчүн шланг менен крандар орнотулушу керек.
Үйдө кийүүчү жана атайын кийимди сактоо үчүн бөлүмдө бут кийимди сактоо үчүн өзүнчө түзүлүш менен шкафтар же ачык кийим илгичтер орнотулууга тийиш.
694. Брезент атайын кийимдерди айына бир жолудан кем эмес, ал эми пахтадан тигилген кийимдерди - айына эки жолу жууп-тазалоо керек. Ичи жылуу курткалар кварталына бир жолудан кем эмес химиялык тазалоодон өтүүгө тийиш.
695. Жаңы курулуп жаткан объекттердеги АТК пайдалуу жер кендеринин ачык кампаларынан, майдалагыч-ылгоочу фабрикалардан, эстакадалардан жана башка чаңдаган тилкелерден 50 м кем эмес аралыкта, бирок негизги өндүрүштүк имараттардан 500 м алыс эмес аралыкта жайгашуусу керек.
696. Ар бир уюм иштеп жаткандардын бардыгын ичүүчү суу менен камсыздоого милдеттүү. Жумуш жүрүп жаткан объекттин аймагында жайгашкан булактардагы суудан пайдаланууга суунун курамы колдонуудагы санитардык ченемдерге шайкеш келишин текшергенден кийин жол берилет.
44-§. Персоналдарды медициналык тейлөө
697. Ар бир кенди кайра иштетүү ишканасында (кен, фабрика) санитардык ченемдерге жана саламаттык сактоо органдарынын атайын макулдашууларына ылайык саламаттык сактоо пункттары жабдылышы керек жана телефон же башка байланыш жабдуулары менен жабдылууга тийиш.
698. Жумушчулардын саны 100дөн аз болгон уюмдарда жумушчуларды жакын арадагы дарылоо мекемесинде медициналык тейлөөгө уруксат берилет. Ар бир участокто, цехте, өнөрканаларда, ошондой эле транспорттук агрегаттарда жана санитардык-тиричилик жайларында алгачкы жардам көрсөтүүчү аптечкалар болууга тийиш.
699. Жумуш учурунда жабыркагандарды жана капыстан ооруп калгандарды медициналык жардам көрсөтүү пунктунан дарылоо мекемесине жеткирүү үчүн ар бир ишканада башка максаттарга пайдаланууга тыюу салынуучу атайын транспорт каражаттары - санитардык автомобиль болуусу керек.
Кыш мезгилинде жабыркагандарды жеткирүү үчүн ар бир автомобиль жылуу кийим жана жылуу жууркандар менен жабдылышы керек.
700. Медициналык пункттарда тез жардам машинасына орнотууга ылайыкташтырылган замбилдер болушу керек. Жумушчулар жана ишкананын техникалык көзөмөлдөөчү адамдары дарыгерге чейинки алгачкы жардам көрсөтүүгө окутулушу зарыл.
45-§. Айлана-чөйрөнү коргоо талаптары
701. Пайдалуу катуу кен байлыктарды кайра иштетүүдө жана байытууда суу ресурстары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык пайдаланылышы керек.
702. Өнөр жай объекттерин суу менен камсыздоо схемаларында айландыруу циклдерин, арыктарды жергиликтүү тазалоо, саркынды суулардан өндүрүштүн баалуу калдыктарын чыгарууну уюштуруу каралууга тийиш.
703. Көлмөлөргө саркынды сууларды коё берүүгө тунган жана суудагы эриген химиялык заттардан натыйжалуу тазалагандан кийин гана жол берилет.
Саркынды сууларды тазалоо боюнча курулуштардын өндүрүмдүүлүгү казып алуучу жана байытуучу ишканалардын кубаттуулугуп мүмкүн болушунча көбөйтүү максатында эсептелиши керек (20 жылдык мөөнөттөн кем эмес).
704. Пайдалуу катуу кендерди байытуу боюнча ишканалардын өндүрүштүк саркынды сууларын, эгерде саркынды суулардагы зыяндуу заттардын камтылышы гигиеналык ченемдерден ашса, аларды калктуу конуштардын чет жакаларына, курорттордун биринчи жана экинчи алкагындагы коргоо зоналарына, ичүүгө арналган булактардын санитардык коргоо зонасынын экинчи алкагына коё берүүгө тыюу салынат.
705. Тиешелүү гигиеналык ченемдер белгиленбеген флотореагенттерди жана башка химиялык заттарды колдонууга жана көлмөлөргө коё берүүгө жол берилбейт.
706. Бийик тоолуу райондордо (белгилерде 3000 метрден ашык) жайгашкан кем казуу ишканаларынын тазалоо курулмалары жабык типтеги тундургучтарды камтышы жана ишканаларды, имараттарды жана курулмаларды бийик тоолуу курулуш-климаттык зонанын, түбөлүк тоңгон кыртыштардын жана терс температуралардын шарттарында долбоорлоо жана куруу боюнча ченемдик талаптарга шайкеш келиши керек. Бул талаптар мезгилге жараша (жылдын жылуу мезгилинде) иштеген тазалоочу курулмаларга жайылтылбайт.
707. Ишканалардын аймактарын санитардык тазалоо, өнөр жай калдыктарын өз учурунда топтоо, чыгаруу жана утилдештирүүнү алардын кооптуулук классына жана сапаттык курамына карабастан камсыздоого тийиш.
708. Өнөр жай объекттеринин аймактарындагы үстүрт саркынды сууларды жана полдон агып келген сууларды көлмөгө коё берүүнүн алдында жергиликтүү түрдө тазаланышы же жалпы тазалоо курулмаларына багытталышы керек.
12-глава. Коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
709. Пайдалуу кен жана кен эмес казын алынуучуларды кайра иштеткен уюм (ишкана, жалдоочулар), ошондой эле ушул уюмдар үчүн долбоорлоо жана башка кызматтарды ишке ашыруучулар өндүрүш коопсуздугу, санитардык-гигиеналык ченемдер, жумушчулардын жана калктын ден соолугун коргоо боюнча талаптар жаатында ушул Эрежелерди бузуу менен келтирилген зыяндар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
710. Уюмдардын (ишканалардын) администрациясы, инженердик-техникалык кызматкерлер, жумушчулар жана кызматкерлер, ошондой эле жалдоочулар ушул Эрежелердин талаптарын бузууда кетирген кемчиликтердин мүнөзүнө жана алардын кесепеттерине жараша Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.