ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 19 «Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объектилердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция20.01.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2021-жылдын 20-январы № 19

Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объектилердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө

Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган объекттерди эксплуатациялоо учурунда коопсуздукту камсыздоо жана авариялык кырдаалдардын тобокелдиктерин төмөндөтүү максатында, "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 23-февралындагы № 14 (3193) жарыяланды

 

Премьер-министр

А.Э. Новиков