Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 19 токтомуна ылайык) |
Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздук
Эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелери (мындан ары - Эрежелер) объекттерди эксплуатациялоо учурунда коопсуздукту камсыз кылуу жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу максатында "Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Эрежелер төмөнкү чөйрөлөрдөгү 0,05 мегапаскалдан (МПа) жогору ашык басым алдында иштеп туруучу жабдууну эксплуатациялоо процессинде колдонуучу объекттердеги өнөр жайлык коопсуздукту камсыздоого, авариялардын, инциденттердин, өндүрүштүк жаракаттардын алдын алууга багытталган:
1) буу, газ (газ сымал, суюк газ абалында);
2) 110 градус Цельсиядан (С) ысык температурадагы суу;
3) 0,05 мегапаскалдан ашык басымда кайноо температурасынан ашкан температурадагы башка суюктуктар.
3. Ушул Эрежелер кооптуу өндүрүштүк объекттин (мындан ары - КӨО) технологиялык процесстерин иштеп чыгуу, техникалык кайра жабдуу учурунда, ошондой эле ушул Эрежелердин 2-пунктунун 1, 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн бир же бир нече белгилерге жооп берүүчү ашык басым алдында иштей турган төмөнкү жабдууларды (мындан ары - басым алдындагы жабдуу) жайгаштыруу, куроо, оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо), жөнгө салуу жана эксплуатациялоо, техникалык күбөлөндүрүү, техникалык аныктоо учурунда колдонууга арналган:
1) буу казандарын, анын ичинде казан-бойлерлердин, ошондой эле автономдуу бууну катуу ысытуучуларды жана экономайзерлерди;
2) суу ысытуучу жана буу менен суу ысытуучу казандарды;
3) энерготехнологиялык казандарды: буу жана суу ысытуучу, анын ичинде, содорегенерациялоочу казандарды;
4) казан-утилизаторлорду (буу жана суу ысытуучу);
5) жылып жүрүүчү жана ташылуучу түзүлүштөрдүн казандарын;
6) жогорку температурадагы органикалык жана органикалык эмес жылуулукту алып жүрүүчүлөр менен иштей турган буу жана суюктук казандарын;
7) электр казандарын;
8) буу жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүн;
9) газ сымал, буу сымал жана суюк чөйрөлөрдү ташып жүрүү үчүн технологиялык өткөргүч түтүктөрүн;
10) буунун, газдын, суюктуктардын ашык басымы алдында иштеп турган идиштерди;
11) кысылган, суюлтулган жана басым алдында эритилген газдар үчүн арналган баллондорду;
12) кысылган жана суюлтулган газдар үчүн цистерналарды жана челектерди;
13) аларда ашык басым мезгил-мезгили менен аларды бошотуу үчүн жаратыла турган кысылган, суюлтулган газдар, суюктуктар жана куюлма телолор үчүн цистерналарды жана идиштерди;
14) барокамераларды.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул Эрежелер төмөнкү жабдуулар пайдалана турган басым алдындагы объекттерге карата колдонулбайт:
1) казандар, электр казандарын кошо алуу менен, ошондой эле автономиялуу буу ысыткычтар жана экономайзерлер, буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрү, деңиз жана дарыя кемелеринде жана башка каражаттарда (драгалардан жана сүзүүчү бургулоо түзүлүштөрүнөн башкалар) жана суу алдында колдонулуучу объекттерде орнотула турган идиштер;
2) темир жолдун кыймылдуу курамынын жылытуучу жана буу менен ташуучу казандары;
3) буулук жана суу мейкиндигинин 0,001 куб. метр (м3) жана андан аз көлөмдөгү казандар, аларда көлөмгө (м3) карата жумушчу басымды (МПа) өндүрүү 0,002 жогору болбойт;
4) 0,025 м3 ашык эмес сыйымдуулуктагы электр казандары;
5) мунайзаттарын кайра иштеп чыгаруучу жана мунайзат химиялык өнөр жай ишканаларынын түтүктүү мештери жана түтүктүү мештердин буу менен ысыткычтары;
6) илимий-эксперименталдык максаттар үчүн колдонулуучу 0,025 м3 жогору эмес сыйымдуулуктагы идиштер басымынан көз карандысыз; сыйымдуулугун аныктоо учурунда идиштин жалпы көлөмүнөн футеровка, түтүктөр жана башка ички түзүлүштөр тарабынан ээлене турган көлөмдү чыгарып салышат; идиштер топтору, ошондой эле өз алдынча корпустардан турган жана өз ара 100 мм жогору эмес ички диаметри менен туташтырылган идиштер бир идиш катары каралат;
7) аларда сыйымдуулукка (м3) карата басым маанилеринин (МПа) көбөйтүндүсү 0,02 ашпаган, сыйымдуулугу 0,025 м3 жогору эмес идиштер жана баллондор;
8) жогорку температурадагы синтез режиминде күйүү же өзү таркалуучу технологиялык процесске ылайык алардын ичиндеги жарылуу учурунда жаралган басым алдында иштей турган идиштер;
9) вакуум алдында иштей турган идиштер жана өткөргүч түтүктөр;
10) самолеттордо жана башка учуучу аппараттарда орнотула турган идиштер;
11) темир жол транспортунун, автомашиналардын жана башка жылып жүрүү каражаттарынын кыймылдуу курамынын тормоздук жабдуусунун аба резервуарлары;
12) мамлекеттин коргонуу кызыкчылыктарын жана коопсуздугун, жарандык жана аймактык коргонууну камсыздоо үчүн, ошондой эле жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды жоюу шарттарында колдонулуучу курал-жабдыктардын жана аскер техникасынын курамына кире турган, жалпы өнөр жай багытындагы жабдуулардан тышкары басым алдындагы жабдуу;
13) атомдук электр станцияларынын өткөргүч түтүктөрүн туташтыруу, радиоактивдүү чөйрө менен иштей турган идиштерди ошондой эле жылуулук энергетикалык жабдууларды, идиштерди жана атомдук энергетикалык өткөргүч түтүктөрүн орнотуу;
14) буу жана суу жылытуу приборлору;
15) ички диаметри 150 мм ашык эмес түтүктөн турган, коллекторлорсуз, ошондой эле ички диаметри 150 мм ашык эмес түтүктөн жасалган коллекторлуу идиштер;
16) өз алдынча идиштери жок машиналар бөлүгү (насостордун же турбиналардын корпустары, буулуу кыймылдаткычтар цилиндрлери, гидравликалык, аба машиналары жана компрессорлор);
17) темир жол, автомашина транспортунун кыймылдуу курамында орнотула турган буу жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрү;
18) тышкы диаметри 76 мм эмес буу жана ысык суу өткөргүч түтүктөрү, алардан жумушчу чөйрөдөгү параметрлери 450°C температурасынан жана 8 МПадан басымынан жогору болбойт;
19) жумуш чөйрөсүнүн басымы 8,0 МПа басымдагы тышкы диаметри 51 мм жетпеген, аларда жумуш чөйрөсүнүн температурасы 450°C ашпаган, ошондой эле аларда жумуш чөйрөсүндөгү температурасы 450°C ашкан жумушчу чөйрөнүн басымын чектөөлөрсүз буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрү;
20) атмосфера менен бириктирилген от казандар, өткөргүч түтүктөр, идиштер, редукциялык-муздатуучу жана башка түзүлүштөн куюлуучу, түтүн чыгаруучу жана үйлөтүүчү өткөргүч түтүктөрү;
21) газды, мунайзатын жана башка продуктуларды ташып жүрүүгө арналган магистралдык өткөргүч түтүктөрү, өндүрүш ичиндеги жана жергиликтүү бөлүштүрүүчү өткөргүч түтүктөр;
22) газ бөлүштүрүү тармактарынын жана газды керектөө тармактарынын өткөргүч түтүктөрү;
23) металл эмес ийкемдүү (эластикалуу) кабыкчадан жасалган жабдуу.
5. Ушул Эрежелердин талаптары менчик формаларынан көз карандысыз бардык уюмдар тарабынан, жеке ишкерлер (мындан ары - уюмдар) жана Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Эрежелердин 3-пунктунда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырышкан уюмдардын кызматкерлери тарабынан аткарууга милдеттүү болуп саналат.
6. Аларда басым алдындагы жабдуу колдонула турган объекттердеги өнөр жай коопсуздугун камсыздоо, авариялардын, инциденттердин, өндүрүштүк жаракат алуучулуктун алдын алууну камсыздоо төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) ушул Эрежелерде уюмдар жана алардын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алына турган башка ченемдик укуктук актылар менен белгиленген талаптарды сактоо;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өнөр жай коопсуздугу тармагындагы контролдоочу жана көзөмөлдөөчү функциялар боюнча ыйгарым укук берилген ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу контролдоочу орган) компетенциясынын чегинде өнөр жай коопсуздугу тармагындагы мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруу.
7. Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Эрежелердин 3-пунктунда көрсөтүлгөн, ашык басым алдында иштеп турган, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүштөгү жабдууну колдонууну караштырган ишти жүзөгө ашыруу ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
8. Ушул Эрежелердин 3-пунктунда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашыруу учурунда ошондой эле "Өрт коопсуздугу жана өрткө каршы шаймандарга карата талаптар жөнүндө" ЕАЭБ ТР 043/2017 Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин, Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, электр коопсуздугу жана эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптары дагы аткарылууга тийиш.
9. Ушул Эрежелерде, анын ичинде Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2013-жылдын 2-июлундагы № 41 чечими менен кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагында 2016-жылдын 12-февралынан тартып күчүнө кирген "Ашыкча басым алдында иштеп туруучу жабдуунун коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР 032/2013 Бажы бирлигинин Техникалык регламентинде (мындан ары - ББ ТР 032/2013) келтирилген төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулган:
монтаж - жыйналган түрдө келген жабдууну долбоордогудай орнотуу, ошондой эле колдонуу объектинде жабдууну даяр бөлүктөрдөн жана элементтерден долбоордогудай орнотуу менен ажыратылгыс ширетилген бирикмелерди колдонуу менен куроо;
реконструкциялоо (модернизациялоо) - жабдуунун техникалык мүнөздөмөлөрүн анын кээ бир элементтерин, түйүндөрүн, башкаруу түзүлүшүн жана иштөө режимин камсыздоо (технологиялык процесстерди башкаруу системасын автоматташтырылган жөнгө салуучу түзүлүшүн, күйүүчү түзүлүшүн) жана (же) (ширетилген) бирикмелерди колдонуу элементтеринин ажыратылгыс жолу менен, жана басым алдындагы жабдуулар конструкцияларын өзгөртүү жана жабдуунун зарыл болгон бекемдик эсептөөлөрүн жүргүзүүгө чакыруу жана эксплуатациялоо боюнча колдонмону (нускаманы) жана паспорттук жабдууну түзөтүү, эксплуатациялоо боюнча колдонмону жана жаңы паспортту тариздөө;
оңдоо - басым алдындагы жабдуунун ар кандай себептер менен эскирген же жараксыз абалга келген элементтерин аны иштей турган жагдайга алып келүү максатында ажыратылбай турган (ширетилген) биригүүлөрдү колдонуу менен калыбына келтирүү;
адистештирилген уюм - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, ушул Эрежелердин 3-бөлүгүнүн талаптарына жооп берген, анын ишинин предмети болуп ушул Эрежелердин 92-пунктунда саналып кеткен иштин бир же бир нече түрлөрүн жүзөгө ашыруучу болгон юридикалык жак (жеке ишкер);
басым алдындагы жабдууну техникалык күбөлөндүрүүнү өткөрүү үчүн ыйгарым укуктуу, өз курамында визуалдык-өлчөөчү жана талкалабай турган контролдоо боюнча тиешелүү квалификацияга ээ болгон адистери бар, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптарын, жабдууну эксплуатациялоо боюнча колдонмолорду (нускамаларды) эске алуу менен техникалык күбөлөндүрүүнү өткөрүүнү камсыздоо үчүн зарыл болуучу сандагы түзүлүштөр, приборлор жана жабдуулар комплектине ээ болгон адистешкен уюм;
техникалык аныктоо (диагностика кылуу) - эксплуатациялоо боюнча колдонмодо белгиленген учурларда аныкталган дефекттердин мүнөздөрүн жана өлчөмдөрүн тактоо үчүн техникалык күбөлөндүрүү учурунда, ошондой эле басым алдындагы жабдуунун кызмат кылуусунун эсептик мөөнөтү аяктаганда же ушул жабдуунун андан ары эксплуатациялануу мүмкүндүктөрүн, параметрлерин жана шарттарын аныктоо максаттарында коопсуз иштөөнүн эсептик ресурсу аяктагандан кийин кызмат кылуу мөөнөтүнүн чектериндеги эксплуатациялоо процессинде аткарылуучу бузуу жана бузбай контролдоо методдорун колдонуу операцияларынын комплекси;
техникалык тейлөө - аны багыты боюнча колдонуу учурундагы басым алдындагы жабдуунун ишке жөндөмдүүлүгүн же оң болушун колдоп туруу боюнча операция же операциялар комплекси;
техникалык күбөлөндүрүү - эксплуатациялоодогу басым алдындагы жабдуунун ишке жөндөмдүүлүгүн жана өнөр жай коопсуздугун тастыктоого багытталган административдик-техникалык чаралар комплекси;
Эксплуатациялоочу уюм - анда басым алдында иштей турган жабдуу колдонулган (эксплуатацияланган) КӨОну эксплуатациялоону, ага тиешелүү менчик укугунан, чарбалык ээлик кылуу укуктарынан, ыкчам башкаруудан улам же болбосо башка негиздер боюнча (ижарага алуу келишими боюнча, жогорулатылган коркунуч булагын өткөрүп берүү жөнүндө компетенттүү органдын буйругуна жараша) жүзөгө ашыруучу юридикалык жак (жеке ишкер).
Өткөргүч түтүк - чөйрөнү булактан (от казан, турбина, насос, бойлер, жылуулук электр борбору (мындан ары - ЖЭБ), от казан жайы) керектөөчүлөргө чейин ташып жүрүүгө багытталган, алардын курамдары болуп саналган элементтери (үчкө бөлгүчтөр, которгучтар, алып чыгуулар, арматура) бар түтүктөрдөн турган деталдар жана жыйноочу бирдиктер жыйнагы.
Мештин чек аралары (чектери) - камсыздоочу, дренаждоочу жана башка өткөргүч түтүктөрдүн тыгындоочу түзүлүштөрү, ошондой эле мештин элементтеринин жана аларга туташтырылган өткөргүч түтүктөрдүн ички көңдөйлөрүн чектей турган сактоочу жана башка клапандар жана жылдырып жапкычтар.
Идиштин чеги - кирүүчү жана чыгуучу штуцерлер.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Басым алдындагы жабдууну орнотууга, жайгаштырууга жана байлап бекитүүгө карата коюлуучу талаптар
1-§. Жалпы талаптар
10. Арналган объекттердеги басым алдындагы жабдууну орнотуу, жайгаштыруу жана байлап бекитүү өнөр жай коопсуздугу жана шаар куруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын эсепке алуу менен адистештирилген долбоордук уюмдар тарабынан иштелип чыгарылган долбоордук документтердин негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш. Долбоордук документтерден четтөөлөргө жол берилбейт.
11. От казандарды жана идиштерди орнотуу, жайгаштыруу, таңып байлоо, буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүн, технологиялык өткөргүч түтүктөрүн салып чыгуу - аларды тейлөөнүн, карап чыгуунун, оңдоонун, жууп-тазалоонун жана тазалоонун коопсуздугун камсыздоого тийиш.
Арматура башкаруу, тейлөө жана оңдоо үчүн ыңгайлуу жерлерге орнотулууга тийиш.
12. Басым алдындагы жабдууларды тейлөөнүн, карап чыгуунун, оңдоонун ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн долбоор тарабынан стационардык металл аянтчалардын жана тепкичтердин орнотулушу караштырылууга тийиш. Жабдууну оңдоп туруу жана техникалык тейлөө үчүн, туруктуу тейлөөнү талап кылбаган жерлерде, долбоордук документтерде, эксплуатациялоо боюнча колдонмолордо жана өндүрүштүк нускамалар менен караштырылган учурларда жылып жүрүүчү, орнотула турган аянтчаларды жана тепкичтерди, курулуш шатыларын колдонууга жол берилет.
Ушул Эрежелерде белгиленген жабдууну тейлөө үчүн керектүү аянтчаларга жана тепкичтерге карата коюлуучу талаптар имараттардын куруучу конструкциясына кире турган, аларды куруу долбоордук документациялардын, шаар куруу иши жана өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга шайкеш келиши керек болгон тепкичтерге, аянтчаларга жана өтмөктөргө жайылтылбайт.
13. Басым алдындагы жабдууну тейлөө, карап чыгуу, оңдоо үчүн аянтчалар жана тепкичтер 0,9 м кем эмес бийиктиктеги, ылдый жагы боюнча 100 мм кем эмес жалпы капталган кармагычтары (перилалары) менен жасалган болууга тийиш.
Өтмөк аянтчалар жана тепкичтердин эки тарабынан тең кармагычтары болушу керек. Тепкичтин туюк учуна чейинки (чыга бериш) аралык 5 м жогору болгон учурда аянтчаларда бири-бирине карама-каршы жайгашкан экиден кем эмес тепкич (эки чыга бериштен) болбошу керек.
Жылмакай аянтчаларды жана тепкичтердин бут басуучу жерлерин колдонууга, ошондой эле аларды чыбыкталган (тегерек) болоттон жасоого тыюу салынат.
14. Тепкичтердин туурасы 600 мм кем болбошу керек, басылуучу тепкичтердин ортосундагы бийиктик 200 мм, баскычтарынын туурасы 80 мм кем болбошу керек. Жогорку бийиктиктеги тепкичтер орто аралык аянтчаларга ээ болушу керек. Аянтчалардын ортосундагы аралык 4 м ашык болушу мүмкүн эмес.
1,5 метрден бийик тепкичтер горизонталга карата жантаюунун 50° жогору эмес бурчуна ээ болушу керек.
15. Аянтчалардын эркин өтмөгүнүн туурасы 600 мм, ал эми арматураны, контролдоочу-өлчөөчү приборлорду жана башка жабдууларды тейлөө үчүн - 800 мм кем болбошу керек.
Аянтчалардын жана тепкичтердин баскычтарынын полдун үстүнөн болгон эркин бийиктиги 2 м кем болбошу керек.
2-§. От казан жайынын орнотмосунун от казандарын жана көмөкчү жабдуусун орнотуу, жайгаштыруу, байлап бекитүү
16. Стационардык от казандар, алардын конструкциясы долбоордук документтерге, Кыргыз Республикасынын шаар куруу иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарга шайкеш келиши керек болгон, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык от казандарды коопсуз эксплуатациялоону камсыздай турган имараттарда жана жерлерде орнотулат.
От казандарды имараттан тышкары орнотууга, эгерде от казандын долбоору менен берилген климаттык шарттарда ачык абада иштөө мүмкүндүгү караштырылган учурда гана жол берилет.
17. От казандардын үстүнөн имараттарды жана чатыр тосулмаларын орнотууга жол берилбейт. Бул талап алар үчүн долбоор жана ушул Эрежелер тарабынан аларды өндүрүш имараттарынын ичине орнотууга жол бериле турган от казандарга жайылтылбайт.
18. Өндүрүштүк имараттардын ичине төмөнкүлөрдү орнотууга жол берилет:
1) ар биринин буу өндүрүмдүүлүгү саатына 4 тоннадан ашпаган (т/с) бууну түз агыза турган от казандар;
2) (t - 100) x V ≤ 100 (ар бир от казан үчүн) шартын канааттандыруучу от казандар, мында t - жумушчу басым учурундагы каныккан буунун температурасы, °C; V - от казандагы суунун көлөмү, м3;
3) ар биринин жылуулук өндүрүмдүүлүгү 10,5 ГДж/ч (2,5 Гкал/ч) ашпаган, барабандары болбогон суу жылытуучу от казандар;
4) ар биринин электрдик кубаттуулугу 2,5 МВт жогору эмес суу жылытуучу электр от казандар;
5) от казан-утилизаторлор - чектөөлөрсүз.
19. Аларда от казандар орнотулган имараттан чыгуу үчүн эшиктер тышты карай ачылууга тийиш. От казан жайына карата кызматтык, тиричиликтик, ошондой эле көмөкчү-өндүрүштүк имараттардын эшиктери от казан жайын карай ачылууга тийиш.
20. Өндүрүштүк имараттардын ичинде от казандарды орното турган жер имараттын башка бөлүгүнөн күйүп кетпей турган тосулгучтар менен от казандын толук бийиктигинде, бирок эшиктерди орнотуу менен 2 м кем эмес ажыратылган болушу керек. Чыга бериштерди жайгаштыруу орундарын жана эшиктерди ачуу багытын долбоордук уюм аныкташы керек.
От казан-утилизаторлор өндүрүштүк имараттын калган бөлүгүнөн алар менен технологиялык процесстер байланышта болгон мештер же агрегаттар менен чогуу бөлүнүп коюлушу мүмкүн.
21. Электр казандары бар от казан жайынын кабаттуулугу, анын пландаштырылышы жана жабдуусунун топтолуусу тейлөөчү персоналдын басым алдында боло турган электр казанынын элементтери менен тийишүүсүнөн коргоону камсыздоосу керек.
Обочолонгон корпусу бар электр казандары үчүн коргоочу түзүлүштөр катары күйбөй турган тосулмалар (тосмолор) - торчолуу кутучалардын өлчөмдөрү 25 х 25 мм жогору эмес, же от казандардын ишине байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган, бүтүн айнектелген көзөнөктөрү менен алдын ала караштырылат. Колдонулуучу тосулмалар (тосмолор) бийиктиги 2 м кем болбошу жана персоналдын өтүүсү үчүн эшиктер менен жабдылууга тийиш.
Тосулманын (тосмонун) артында кире бериште от казан күйүп турганда эшикти ачууга жана от казандын эшиги ачык учурда от казандын иштетилишине тыюу сала турган тосмого ээ болушу керек. Тосмо бузулганда же эшиктери ачылып кеткен учурларда от казан камсыздандыруучу электр түйүнүнөн автоматтык түрдө өчүрүлүүгө тийиш.
22. От казан жайынын имараттарында жана от казандар орнотулган имараттарда от казандарды тейлей турган персоналга арналбаган тиричиликтик жана кызматтык бөлмөлөрдү, ошондой эле от казан жайынын жабдуусун оңдоого арналбаган устаканаларды жайгаштырууга уруксат берилбейт.
23. От казанды орнотуу үчүн аянтчалар от жагуучу имараттарга жакын жайгашкан аймактын пландаштыруу белгисинен төмөн болбоого тийиш.
От казан жайларында чуңкурчаларды орнотууга жол берилбейт. Технологиялык зарылдыктар менен негизделген айрым учурларда, долбоордук документацияны иштеп чыгуучу-уюмдун чечими боюнча жанчып тазалоо жабдуусун, жылуулук трассаларынын кире бериш жана чыга бериш түйүндөрүн, сепараторлорду, кеңейткичтерди жайгаштыруу үчүн чуңкурчалар орнотулушу ыктымал.
24. Аларда от казандар орнотулган имараттар жеткиликтүү табигый жарык менен, ал эми түн мезгилинде - электрдик жарык берүү менен камсыздалууга тийиш.
Техникалык себептерден улам табигый жарык менен камсыздоого болбогон жерлер, электрдик жарык берүүгө ээ болууга тийиш. Жарык берүүчүлүк КР КЧ 23-05:2019 "Табигый жана жасалма жарык берүү" курулуш ченемдеринин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
25. Жумушчу жарык берүүдөн тышкары долбоор тарабынан авариялык электрдик жарык берүү караштырылууга тийиш.
Авариялык жарык берүү менен төмөнкү жерлер милдеттүү түрдө жабдылууга тийиш:
1) от казандардын алды жагы (фронт), ошондой эле от казандардын арасындагы, артындагы жана от казандардын үстүндөгү өтмөктөр;
2) щиттер жана башкаруу пульттары;
3) сууну көрсөтүүчү жана өлчөөчү приборлор;
4) күл төгүлүүчү бөлмөлөр;
5) желдетүүчү аянтчалар;
6) түтүндү сордуруучу аянтчалар;
7) бактар жана деаэраторлор үчүн бөлмөлөр;
8) сууну даярдоо жабдуусу;
9) от казан аянтчалары жана тепкичтери;
10) насос бөлмөлөрү.
26. От казандардын алды жагынан же от жаккычтардын чыгып туруучу бөлүктөрүнөн тартып меш турган имараттардын карама-каршы дубалдарына чейинки аралык 3 м кем эмес аралыкты түзүүгө тийиш, мында газ сымал жана суюк отунда иштей турган от казандар үчүн, күйүүчү түзүлүштөрдүн чыгып турган бөлүктөрүнөн тартып от казан жайынын дубалдарына чейинки аралык 1 м кем болбошу керек, ал эми механизацияланган от жаккычтар менен жабдылган мештер үчүн, от жаккычтардын чыгып турган бөлүктөрүнөн тартып аралык 2 м кем болбоого тийиш.
Буу өндүрүмдүүлүгү 2,5 т/с ашпаган от казандар үчүн от казандардын фронтунан же от казан жайларынын чыгып турган бөлүктөрүнөн тартып от казан жайынын дубалдарына чейинки аралык төмөнкү учурларда 2 м чейин кыскартылган болушу мүмкүн:
1) эгерде катуу отунду кол менен жүктөөчү меш алды жагынан тейлене турган болсо жана 1 м ашпаган узундукка ээ болсо;
2) мештин оозун алды жагынан тейлөө зарылдыгы жок болгон учурда;
3) эгерде от казандар газ сымал же суюк отун менен иштей турган болсо (күйүүчү түзүлүштөрдөн тартып меш турган имараттын дубалына чейинки аралыкты 1 м кем эмес сактаган учурда).
Электр казандарынын алды жагынан тартып от казан жайынын карама-каршы дубалына чейинки аралык 2 м кем эмес аралыкты түзүүгө тийиш. Электрдик кубаттуулугу 1 МВт ашпаган от казандар үчүн бул аралык 1 м чейин кыскартылган болушу ыктымал.
27. Бири бирине каршы жайгашкан от казандардын алды жагынын жана от жагуучу мештердин чыгып турган бөлүктөрүнүн ортосундагы аралык, төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:
1) механизацияланган от жаккыч мештери менен жабдылган от казандар үчүн - 4 м ден кем эмес;
2) газ сымал же суюк отунда иштей турган от казандар үчүн - 4 м кем эмес, мында, күйүүчү түзүлүштөрдүн ортосундагы аралык 2 м кем болбоого тийиш;
3) катуу отун кол менен жүктөлгөн от казандар үчүн - 5 м эмес.
Бири бирине каршы жайгашкан электр казандарынын алды жагындагы аралык 3 м кем болбоого тийиш.
28. От казан жайларынын алды жагына от казандын көмөкчү жабдуусун жана башкаруу щиттерин орнотуу учурунда алды жагын бойлоп өтүүчү эркин өтмөктөрдүн туурасы 1,5 м кем эмес камсыз болууга тийиш, жана орнотулган жабдуу от казандарды тейлөөгө тоскоолдук кылбоого тийиш.
29. Алар үчүн от жагуучу мештер же от казанды капталынан тейлөө (отту ичкерилештирүү, үйлөтүү, газ кирүүсүн, барабандарын жана коллекторлорду тазалоо, экономайзердин, буу ысыткычтын жана түтүктөрдүн баштыктарын алып чыгуу, күйүүчү түзүлүштөрүн, реперлерин, от жаккычтын оозунун элементтерин тейлөө, маал-маалы менен үйлөтүп тазалоо) талап кылына турган от казандарды орнотуу учурунда, каптал өтмөгүнүн туурасы тейлөө жана оңдоо үчүн жеткиликтүү, бирок төмөнкүдөн кем болбошу керек:
1) буу өндүрүмдүүлүгү 4 т/с төмөн от казандар үчүн 1,5 м;
2) буу өндүрүмдүүлүгү 4 т/с жана андан жогору от казандар үчүн 2 м.
30. От жаккыч мештерди жана от казандарды капталдан тейлөө талап кылынбаган учурларда, четки от казандар жана от казан жайынын дубалдарынын ортосундагы өтмөктөрдү куруу милдеттүү. Бул өтмөктөрдүн туурасы, ошондой эле от казандар жана от казан жайынын арткы дубалынын ортосундагы өтмөктүн туурасы 1 м кем эмести түзүүгө тийиш.
Каптал өтмөгүнүн, ошондой эле электр казандарынын жана от казан жайынын арткы дубалынын ортосундагы өтмөктүн туурасы 1 м кем эмес аралыкты түзүүгө тийиш.
Долбоор жана жабдууну эксплуатациялоо боюнча колдонмо (нускама) тарабынан караштырылган учурларда, электр казандарын от казан жайынын дубалынын алдына орнотууга, эгерде бул аларды эксплуатациялоо жана оңдоо учурунда тейлөөгө тоскоолдук кылбай турган болсо жол берилет.
От казандардын кынаптоосунан өз алдынча чыгып турган бөлүктөрдүн (каркастар, түтүктөр, сепараторлор) ортосундагы, ошондой эле ушул бөлүктөр жана имараттын чыгып турган бөлүктөрү (кронштейндер, колонналар, тепкичтер, жумушчу аянтчалар) ортосундагы өтмөктүн туурасы 0,7 м төмөн болбоого тийиш.
31. От казан жайындагы өтмөктөр 2 м кем эмес эркин бийиктикке ээ болууга тийиш. Алардан от казанды тейлөө жүргүзүлө турган аянтчалардан, анын арматурасынан, контролдоочу-өлчөөчү приборлордон жана башка жабдуудан тартып шыптын тосулмасына же имараттын чыгып турган конструктивдүү элементтерине, от казандын жана анын каркасынын металл конструкцияларынын элементтерине чейинки аралык 2 м кем болбоого тийиш.
От казан аркылуу, ошондой эле барабан, кургак буу чыгаргыч же экономайзер аркылуу өтүү зарылдыгы жок болгон учурда, алардан тартып от жагуучу имаратынын каптоосунун төмөнкү конструктивдүү бөлүктөрүнө чейинки аралык 0,7 м кем болбоого тийиш.
32. Чыгарылып алынма чатырга орнотулган электроддук топтогу от казандар үчүн, от казандын жогорку бөлүгүнөн тартып тосулманын төмөнкү конструктивдүү элементтерине чейинки вертикаль боюнча аралык от казандын корпусунан электроддук топту алып чыгуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
От казандардын ортосундагы же электр казанынын дубалдарынын ортосундагы аралык электр жылытуу элементтеринин чыгарып алынма блогу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
33. От казандар жана жабдуунун экономайзерлери менен бир имаратта от казандарды тейлөөгө жана оңдоого же бууну жана (же) ысык сууну алуу технологияларына тике катнашы болбогон жабдууну орнотууга тыюу салынат (ушул Эрежелер менен караштырылган өндүрүштүк имараттарда от казандарды орнотуу учурларынан башка кездерде).
Электр станцияларынын от казандары турбоагрегаттар менен жалпы имаратта же коңшу жайгашкан имараттарда от казан жайынын жана машина залынын ортосунда бөлүштүрүү дубалдарын курбастан орнотулушу мүмкүн.
34. От казандарды жана көмөкчү жабдууну блок-контейнерлерде, жылып жүрүүчү жана ташылуучу түзүлүштөрдө жайгаштыруу долбоорго ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
35. Вертикаль боюнча сууну көрсөтүүчү приборлорду тейлөө үчүн аянтчадан тартып сууну көрсөтүүчү айнектин (шкаланын) ортосуна чейинки аралык 1 м кем эмес жана 1,5 м ашык болбоого тийиш. Барабандардын 1,2 м төмөн жана 2 м жогору диаметри учурундагы аралыкты 0,6 дан 1,8 м чейинки чектерде кабыл алууга тийиш.
36. От меши турган имараттын нөлдүк белгисинен тартып от казандардын жогорку аянтчасына чейинки аралык 20 м ашкан учурларда, адамдарды жана 1000 кг кем эмес жүктөрдү көтөрүү үчүн көтөрүүчү түзүлүштөр орнотулган. Көтөрүүчү түзүлүштөрдүн саны, тиби жана орнотулуучу жерлери долбоор тарабынан аныкталган болууга тийиш.
37. От казандарды коопсуз эксплуатациялоо үчүн өткөргүч түтүктөрдүн төмөнкү системасы караштырылууга тийиш:
1) камсыздоочу же түйүндүк сууну алып келүү;
2) от казанды үйлөтүү жана от казан токтотулган учурда сууну төгүп салуу;
3) аны суу менен толтуруу жана от жагуу учурунда от казандан абаны чыгарып салуу;
4) буу ысыткычты жана буу өткөргүчтү үйлөтүү;
5) суунун жана буунун пробаларын алуу;
6) от казан суусун коррекциялоочу реагенттерди эксплуатациялоо мезгилинде жана от казанды химиялык тазалоо учурунда жуугуч реагенттерди кошуу;
7) отту тамызуу жана токтотуу учурундагы сууну же бууну чыгаруу;
8) отту жагуу учурунда барабандарды жылытуу (эгерде бул от казандын долбоору менен караштырылган болсо);
9) Коргоочу клапандар иштеп кеткен учурда иш чөйрөсүн клапандардан чыгаруу;
10) отунду, от казандын күйүүчү түзүлүштөрүнө алып келүү.
38. От казандын элементтерине үйлөтүүчү, түшүрүүчү, дренаждоочу жана аба өткөргүч түтүктөрүн туташтыруулардын саны жана түйүндөрү, сууну, конденсатты жана калдыктарды от казандын эң төмөнкү жана абаны эң жогорку бөлүктөрүнөн чыгаруу жана агызууну камсыздай тургандай кылып тандалууга тийиш. Иштөө чөйрөсүн алып салуу өзү агуунун эсебинен камсыздалышы мүмкүн болбогон учурларда, жабдууну эксплуатациялоо боюнча колдонмо (нускама) тарабынан караштырылган аны мажбурлап буу, кысылган аба, азот же башка ыкмалар менен үйлөтүп кетирүүнү караштыруу керек.
39. Үйлөтүүчү өткөргүч түтүгү сууну төмөнкүлөргө кетириши керек:
1) басымсыз иштеп турган идишке;
2) басым алдында иштеп турган идиштерге, тиешелүү эсептер тарабынан ишенимдүүлүгү жана натыйжалуулугу тастыкталган учурларда.
40. Буу түтүгүнүн тыгындоочу органдар (түзүлүштөр) тарабынан өчүрүлүшү мүмкүн болгон бардык участокторунда, төмөнкү чекиттеринде конденсатты чыгарып салууну камсыздай турган дренаждар орнотулган болушу керек.
41. Үйлөтүүлөр, төгүүлөр, дренаж, реагентти киргизүү системасынын конструктивдүү жана топтоочу кызматтары, от казанды эксплуатациялоонун ишенимдүүлүгү авариялык режимдерди, ошондой эле аны токтоп туруу учурундагы ишенимдүү консервациялоосун кошо алуу менен камсыздоого тийиш.
42. Сактоочу клапандар тейлөөчү персоналдын коопсуздугун камсыздоо үчүн алып чыгуучу өткөргүч түтүктөргө ээ болууга тийиш. Бул өткөргүч түтүктөр тоңуп калуудан корголууга жана аларда топтолуп кала турган конденсатты төгүү үчүн дренаждар менен жабдылган болушу керек. Дренаждарга тыгындоочу түзүлүштөрдү орнотууга жол берилбейт.
43. Суу жылытуучу казандын, экономайзердин сактоочу клапандарынан суу чыгарыла турган түтүк сууну эркин төгүү сызыгына туташтырылган болушу керек, бул учурда анда дагы, төгүү сызыгында дагы эч кандай тыгындоочу органдар (түзүлүштөр) болбоого тийиш. Суу чыгаруучу түтүктөр системасын жана эркин агызуу сызыгынын түзүлүшү адамдардын күйүп калуу мүмкүндүгүн болтурбоого тийиш.
Сууну көрсөтүүчү приборлорду үйлөтүү учурундагы сууну агызуу үчүн коргоочу буюму жана эркин куюлушу үчүн чыгаруучу түтүгү бар оозу тар куйгучтар караштырылган болушу керек.
44. От казандын камсыздоочу өткөргүч түтүгүндө төмөнкүлөр орнотулушу керек: суунун от казандан чыгуусунун алдын алуучу кайтуучу клапан, жана тыгындоочу орган. Кайтарым клапан жана тыгындоочу орган суу боюнча өчүрүлбөй турган экономайзерге чейин орнотулган болушу керек. Суу боюнча өчүрүлө турган экономайзерде кайтарым клапан жана тыгындоочу органды ошондой эле экономайзерден кийин дагы орнотулууга тийиш.
45. Суу жылытуучу казанга суу кире беришинде жана от казандан суунун чыга беришинде бирден тыгындоочу органды орнотуу керек.
46. Ар бир үйлөтүүчү, дренаждык өткөргүч түтүктө, ошондой эле жумушчу басымы 0,8 МПадан ашык жумушчу басымы менен болгон от казандардын суу (буу) пробаларын алуунун өткөргүч түтүгүндө экиден кем эмес тыгындоочу орган, же болбосо бир тыгындоочу орган жана бир жөнгө салуучу орган орнотулган болушу керек.
От казандардын 10 МПадан ашык басымы менен ушул эле өткөргүч түтүктөрүндө, көрсөтүлгөн арматурадан тышкары, дросселдик шайбаларды орнотууга жол берилет. Жабдууну эксплуатациялоо боюнча колдонмо (нускама) менен караштырылган учурларда, буу жылыткычтарынын камераларын үйлөтүү үчүн бир тыгындоочу органды орнотууга жол берилет. Үйлөтүүчү өткөргүч түтүктөрүнүн жана аларга орнотулган арматуранын шарттуу өтмөгү төмөнкүдөй кем болбоого тийиш:
1) 20 мм - 14 МПага чейинки басымдагы от казандар үчүн;
2) 10 мм - 14 МПа жана андан жогору басымдагы от казандар үчүн.
47. Чөйрөнү от казандан, от казандагыга караганда азыраак басым менен болгон топтоочу бакка (сепаратор, кеңейткич) агызуу учурунда, топтоочу бак эсептелгенден жогору басымдан корголгон болууга тийиш. Коргоо ыкмасы, ошондой эле арматуранын, контролдоочу-өлчөөчү приборлордун, сактоочу түзүлүштөрдүн саны жана орнотуу жери долбоор тарабынан аныкталат.
48. Өндүрүмдүүлүгү 4 т/с жогору суу казандарынын башкы буу тыгындоочу органдары от казанды тейлей турган персоналдын жумушчу ордун башкарууну чыгаруу менен аралыктан туруп иштетүү менен жабдылган болушу керек.
49. Ар бир от казандын камсыздоо сызыктарында жөнгө салуучу арматура орнотулуусу керек.
От казанды камсыздандырууну автоматтык жөнгө салуу учурунда от от казанды тейлеген персоналдын жумуш ордунан жөнгө салуучу камсыздоочу арматураны башкаруу үчүн аралыктан иштетүү караштырылууга тийиш.
50. Буу өндүрүмдүүлүгү 2,5 т/с жана андан төмөн болгон от казандардын камсыздоо сызыктарында жана жөнгө салынуучу арматура, эгерде от казандын долбоору менен насосту иштетүү жана өчүрүү менен суу деңгээлин автоматтык жөнгө салуу караштырылган шартта орнотулбайт.
51. Жалпы сордуруучу жана шыкап толтуруучу өткөргүч түтүктөрү бар болгон бир нече камсыздоочу насосторду орнотуу учурунда, ар бир насосто соруу жагында дагы жана шыкап толтуруу жагында дагы тыгындоочу органдар орнотулууга тийиш. Ар бир борбордон качма насостун шыкап толтуруу жагында тыгындоочу органга чейин кайтарым клапан орнотулууга тийиш.
52. От казандарды камсыздоо же болбосо өткөргүч түтүгүнүн (топтук камсыздоо) туташтырылган от казандары үчүн жалпы, же болбосо бир от казан үчүн (жекече камсыздоо) камсыздандыруу өткөргүч түтүгүнөн жүзөгө ашырылат.
От казандарды камсыздоо боюнча бир топко кошууга, ар түрдүү от казандардагы жумушчу басымдардын айырмасы 15% жогору болбогон шарттарда гана жол берилет.
Жалпы магистралга (топтук камсыздоо) туташтырыла турган камсыздоочу насостордун удаалаш иштөөсүнө жол бериле турган мүнөздөмөлөргө ээ болууга тийиш.
53. От казандардын суу менен камсыздалышы үчүн төмөнкүлөр колдонулат:
1) электрдик иштетүүсү менен борборлоштурулган жана поршендик насостор;
2) буу менен иштетиле турган борборлоштурулган жана поршендик насостор;
3) буу инжекторлору;
4) кол менен иштетиле турган насостор;
5) суу түтүгүнүн түйүнү, суу түтүгүнүн түйүнүндөгү суунун минималдуу басымы от казандын камсыздоо органынын алдында от казандагы эсептик же уруксат берилген басымдан 0,15 МПадан кем эмес ашып турган шартта.
Буу агызуучу инжектор буу менен иштетилүүсү бар насоско теңдештирилет.
54. Суу ысытуучу казандары бар от казан жайларында өз ара алмаштырыла турган айлануусу бар эки түйүндүк насостон кем эмес насостор орнотулууга тийиш. Насостордун басымын жана берилишин, насостордун бири иштен чыккан учурда жылуулук менен жабдуу системасынын үзгүлтүксүз иштөөсү камсыздалгандай кылып эсептеп тандашат.
Буу өндүрүмдүүлүгү 2 т/с жогору эмес от казандардын электр менен иштетиле турган бир камсыздоочу насосу менен иштеп турушуна жол берилет, эгерде от казандар суу деңгээлинин төмөндөө жана жол берилген мааниден жогору басымдын жогорулоо мүмкүндүгүн болтурбай турган коопсуздук автоматы менен жабдылган болсо.
55. Насос тарабынан жаратыла турган кысуучу күч от казандын камсыздалуусун от казандан тышкары жумушчу басым учурунда гидростатикалык бийиктикти жана түзүлүштү жөнгө сала турган от казан трактындагы жана камсыздоочу суу жолундагы басымды жоготууну эске алуу менен камсыздоого тийиш.
Насостун мүнөздөмөсү ошондой эле от казанды камсыздоодогу тыныгуулардын аларды толук ачуу учурундагы басымдын эң жогорку жогорулоосун эске алуу менен сактоочу клапандары иштеп кеткен учурларда жок болушун камсыздоого тийиш.
От казандардын топтук камсыздоо учурунда насостун кысуучу күчү жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды эске алуу менен, ошондой эле от казандын камсыздалуусун эң жогорку жумушчу басымы менен же камсыздоочу өткөргүч түтүгүндөгү кысуучу күчтү эң жогорку жоготуу менен жабдуу шарттарынан улам тандалууга тийиш.
56. Камсыздалуучу түзүлүштөрдү берүү от казандардын номиналдуу буу өндүрүмдүүлүгү боюнча үзгүлтүксүз же мезгилдүү үйлөтүүгө, бууну муздатууга, редукциялык-муздатуучу жана муздатуучу түзүлүштөргө, сууну же бууну жоготууга карата суунун сарпталышын эске алуу менен аныкталууга тийиш.
57. Айландыруучу жана бир аздан камсыздоочу насостор менен жаратыла турган суунун кысуу күчү жана сарпталышы суу ысытуу казанында жана жылуулук менен жабдуу системасындагы суунун кайнап кетүү мүмкүндүгүн чыгарып салууга тийиш. Минималдуу кысуу күчү жана суунун сарпталышы долбоор тарабынан аныкталат.
58. Камсыздалуучу түзүлүштөрдүн тибин, мүнөздөмөсүн, санын жана иштетүү схемасын от казандын, авариялык токтоп калууну кошо алуу менен алардын иштөөсүнүн бардык режимдеринде ишенимдүү жана коопсуз эксплуатациялоону камсыздоо максаттарында аныктоо зарыл.
59. Сактоочу клапан камсыздоочу өткөргүч түтүктө тыгындоочу орган жана анда сактоочу клапаны жок поршендик насостун ортосунда, жана качан жаратыла турган кысуучу күч өткөргүч түтүктүн эсептик басымынан ашып турган учурларда орнотулган болууга тийиш.
60. От казандарга экономайзерлерди орнотуу жана туташтыруу, ошондой эле аларды контролдоочу-өлчөөчү приборлор менен, тыгындоочу жана жөнгө салуучу арматура, сактоочу түзүлүштөр менен жабдуу долбоордук документтердин жана жабдуунун эксплуатациялоо боюнча колдонмосунун (нускамасынын) талаптарына ылайык, аларда сунушталган экономайзерлердин иштетүү схемаларын эсепке алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш. Мында долбоор тарабынан кабыл алынган экономайзерди жана аны кошуу схемасын тандоо боюнча чечимдер бышыктыкка карата эсептелип орнотулган жана паспортунда даярдоочу тарабынан көрсөтүлгөн жабдуудан ашпаган жумуш чөйрөсүнүн (басым, температура) параметрлери менен жабдууну эксплуатациялоо мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
61. Буу өндүрүмдүүлүгү 2,5 т/с жана андан жогору, катуу отун менен иштей турган от казандар үчүн от казанга жана от жаккычка отунду механизацияланыштырып берүү камсыздалууга тийиш. Шлактын жана күлдүн 150 кг/с санында жана андан жогору бардык от казандардан жалпы чыгуу учурунда (от казандардын өндүрүмдүүлүгүнөн көз карандысыз), күлдү жана шлакты чыгарып салуу механизацияланган болууга тийиш.
Күлдү кол менен чыгаруу учурунда шлак жана күл бункерлери же вагонеткалар күлгө жана шлакка суу куюучу түзүлүштөр менен жабдылган болууга тийиш. Аларга күлдү жана шлакты түшүрүүгө чейин бункердин алдына вагонеткаларды орнотуу үчүн изоляцияланган камераларды уюштурушат. Камералар айнектелген көзөнөктөрү (карап туруу жерлери) бар, тыгыз жабыла турган эшиктерге ээ болууга жана желдетүү жана жарык берүү менен жабдылууга тийиш. Бункерди бекитүүнү жана шлакты куюп салууну башкаруу камеранын чектеринен тышкары тейлөө үчүн коопсуз жерге чыгарылган болууга тийиш. Вагонетка жылып жүргөндө эркин өтмөктүн бийиктиги 2 м, ал эми каптал көңдөйчөлөрү - 0,7 м кем болбоого тийиш.
Эгерде күл жана шлак от жаккыч мештен жумушчу аянтчага тике алып чыгарыла турган болсо, анда от казан жайында очок калдыктарын алып чыгуучу жана куюучу жеринин үстүндө сормо желдеткич орнотулууга тийиш.
Жыгач отуну же торф салынуучу шахтанын мештеринин алдында капкагы жана ачылып салынма түбү бар жүктөөчү бункерлер орнотулууга тийиш.
62. От казандар иштеп жаткан учурда жарылуу, өрт чыгуу коопсуздугун камсыздоо үчүн күйгүчтөргө отунду алып келүү, тыгындоочу, жөнгө салуучу жана тып токтотуучу (сактоочу) арматурага карата коюлуучу талаптар, зарыл болуучу коргоолор жана бөгөттөөлөрдүн (блокировкалардын) тизмеги, ошондой эле отунду даярдоого жана берүүгө карата коюлуучу талаптар отундун ар бир түрү үчүн долбоордук документтердин, от казанды эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптары жана өрт коопсуздугунун ченемдери менен аныкталышат.
63. От казандардын мештеринде, экономайзерлерде жана отундун күйүү продукттарын от казандардан морго алып кете турган газ жолдорунда орнотулган (долбоор менен каралган учурларда) от казандын от жаккычындагы жана газ жолундагы жарылуулар, тарсылдоолор учурундагы ашыкча басымды жеңилдетүүгө персонал үчүн коопсуз багытта чыгарылышын камсыздай турган түзүлүштөр (каптоолор, патрубкалар) каралууга тийиш. Чыгарып салуучу түзүлүштүн конструкциясы аны эксплуатациялоо процессиндеги жарылгыч клапандын абалын жана тыгыздыгын контролдоо мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
3-§. Идиштерди орнотуу, жайгаштыруу жана байлап бекитүү
64. Идиштер ачык аянтчаларда адамдар топтолбогон жерлерде же өз алдынча турган имараттарда орнотулууга тийиш.
Аба топтогучтар же газ коллекторлору камсыздандыруучу булактын имаратынан тышкары пайдубалда орнотулууга тийиш. Алар орнотулган жерлер тосмо менен тосулушу керек.
Аба топтогучтардын ортосундагы аралык 1,5 метрден кем болбоого, ал эми аба топтогучтар жана имараттын ортосундагы аралык - 1 метрден кем болбоого тийиш. Газ топтогучтардын ортосундагы аралыкты долбоордук уюм аныктайт.
Аба топтогучтун тосмосу өтүү жолуна же өтүү тарабына карата аба топтогучтан 2 метрден кем эмес аралыкта турууга тийиш.
Жарылуу коркунучу бар чөйрөлөр менен идиштерди уюмдардын өндүрүштүк аянтчаларында, ошондой эле калктуу пункттардын (автомашинага газ куюу станциялары) аймагында (негизделген учурларда) жайгашкан объекттерде орнотуу учурунда, идиштердин имараттардан жана курулмалардан долбоор менен аныкталган жайгаштыруулардын коопсуз аралыктары, идиштин авариялык ачылып кетүүсү учурундагы кооптуу зонанын радиусун, өрт коопсуздугунун жана санитардык-коргоочу зоналардын талаптарын эске алуу менен сакталууга тийиш.
65. Төмөнкүлөрдө идиштерди орнотууга жол берилет:
1) өндүрүштүк имараттарга туташ жайгаша турган имараттарда, аларды, идиштердин талкалануу (авария) учурунда пайда болушу мүмкүн болгон максималдуу мүмкүн болгон жүк келүүсүн эске алуу менен анын конструктивдүү бышыктыгы долбоордук документтер тарабынан аныкталган капиталдык дубал менен бөлүп коюу учурунда;
2) өндүрүштүк имараттарда, от жагуучу жана жылуулук электр станцияларынын имараттарын кошкондо, долбоор тарабынан ушул объекттерди долбоорлоштуруу ченемдерин эске алуу менен караштырылган учурларда, идиштерге карата алар үчүн технологиялык процесстин шарттары же эксплуатациялоо шарттары боюнча аларды өндүрүштүк имараттардан тышкары орнотууга мүмкүн болбогон учурларда;
3) топуракка тереңдетип киргизүү менен арматурага карата жеткиликтүүлүктү жана идиштин дубалдарын коррозиядан коргоону камсыздоо шарттарында.
66. Турак жай, коомдук жана тиричилик имараттарында, ошондой эле аларга жакын жайгашкан имараттарда аймактык ыйгарым укуктуу контролдоочу органдарда эсепке алынууга тийиш болгон идиштерди орнотууга уруксат берилбейт.
67. Идиштерди кулап кетпегидей кылып орнотуу керек.
68. Тыгындоочу жана тыгындоо-жөнгө салуучу арматуралар идишке түз туташтырылышкан штуцерлерде же, түздөн-түз идишке алып келе турган же андан алып чыга турган өткөргүч түтүктөрүндө орнотулууга тийиш. Бир нече идиштерди биринен кийин бирин туташтыруу учурунда алардын ортосундагы арматураны орнотуу долбоордук документтерде аныкталган учурларда жүзөгө ашырылат.
Колдонулуучу арматуранын саны, түрү жана аны орнотуу жерлери эксплуатациялоонун конкреттүү шарттарынан улам идиштин долбоордук документтерине шайкеш келүүгө тийиш.
ББ ТР 032/2013кө ылайык идиштерге 1-топко киргизилген жумушчу чөйрөсүн алып келүү тилкесинде, ошондой эле жумушчу чөйрөсүн от же газ менен жылытылуучу бууландыргычтарга алып келүү сызыгында, идиштен басым менен автоматтык түрдө жабыла турган кайтарым клапан орнотулууга тийиш. Кайтарым клапан насос (компрессор) жана идиштин тыгындоочу арматурасынын ортосунда орнотулууга тийиш. Ушул пункттун иштеши суюлтулган жаратылыш газы менен идиштерге таркатылбайт.
4-§. Өткөргүч түтүктөрүн салуу
69. Технологиялык өткөргүч түтүктөрүн салууну, ошондой эле аларды арматура, дренаж жана үйлөтүү үчүн түзүлүштөр менен жабдуу долбоордун негизинде жүзөгө ашырышат.
70. Буунун жана ысык суунун горизонталдык участоктору 0,004тен кем эмес жантаюуга ээ болууга тийиш; жылуулук түйүндөрүнүн өткөргүч түтүктөрү үчүн жантаюу 0,002ден кем болбоого тийиш.
Өткөргүч түтүктөрүн трассировкалоо суунун токтоп калуучу участокторунун пайда болуу мүмкүндүгүн болтурбоого тийиш.
71. Буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүн салуу учурунда жарым өткөргүч каналдардагы көрүнүп турган каналдардын бийиктиги 1,5 м кем эмес болуп, изоляцияланган өткөргүч түтүктөрүнүн арасындагы өтмөктүн туурасы - 0,6 м кем эмес болууга тийиш.
Жылуулук түйүндөрүнүн автомашина жолдорунун алдындагы өткөргүч түтүктөрүн салууну темирбетон өтмөк эмес, жарым өтмөк же өтмөк каналдарда жасашат. Бир жагында жылуулук камерасы, экинчи жагында - узундугу 10 м келген, алардын саны 4 даанадан кем болбой турган люктары бар монтаждоочу канал караштырылат.
72. Буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүн салуу учурунда өтмөк тоннелдерде (коллекторлордо) көрүнүп турган тоннелдин (коллектордун) бийиктиги 2 м кем болбоого, ал эми изоляцияланган өткөргүч түтүктөрдүн ортосундагы өтмөктүн туурасы - 0,7 м кем болбоого тийиш.
Тыгындоочу арматура (жабдуу) жайгашкан жерлерде тоннелдин туурасы орнотулган арматураны (жабдууну) ыңгайлуу тейлөө үчүн жеткиликтүү болушу керек. Тоннелдерде бир нече өткөргүч түтүктөрүн салуу учурунда алардын өз ара жайгаштырылышы өткөргүч түтүктөрүн оңдоону жана алардын өз алдынча бөлүктөрүн алмаштырууну ыңгайлуу жүргүзүүнү камсыздоого тийиш.
73. Жылуулук түйүндөрүндө электр жабдуусун (насостук, жылуулук пункттары, тоннелдер, камералар) орнотуу жерлеринде, ошондой эле электр менен иштетилүүчү арматураны, жөнгө салгычтарды жана контролдоочу-өлчөөчү приборлорду орнотуу жерлеринде электрдик жарык берүү караштырылат.
74. Буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүн жер үстүнө ачык салуу учурунда алардын ар түрдүү багыттагы технологиялык өткөргүч түтүктөр менен бирге салынуусуна, качан мындай салуу өрт коопсуздугунун ченемдерине карама-каршы келген учурлардан башка кездерде жол берилет.
75. Буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрү үчүн өтмөк каналдар тепкичи же скобалары бар кире бериш люктарга ээ болууга тийиш. Люктар арасындагы аралык 300 м жогору, ал эми башка өткөргүч түтүктөр менен чогуу салуу учурунда - 50 м ашык болбоого тийиш. Кире бериш люктар туюк участоктордун бардык түпкү чекиттеринде, трассанын бурулуштарында жана арматураны орнотуу түйүндөрүндө караштырылууга тийиш. Жылуулук түйүндөрүнүн өтмөк каналдары агып келүү-соруу желдетүүсү менен долбоордук документтерге ылайык жабдылууга тийиш.
76. Жер алдындагы өткөргүч түтүктөр коррозиядан корголууга тийиш. Коргоонун түрү жана ыкмасы долбоордук документтер менен конструктивдүү аткарылышына жараша аныкталат.
77. Жер алдындагы буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүн тейлөө үчүн камералар тепкичтери же скобалары экиден кем эмес люктарга ээ болууга тийиш. Өткөргүч түтүктөр камеранын дубалы аркылуу өткөн учурда камерада суу толуп калуу мүмкүндүгү болбоого тийиш.
78. Жумушчу чөйрөсүнүн параметрлери: 450°C температурадан, 8 МПа басымдан ашып турган буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүн жер алдына, башка технологиялык өткөргүч түтүктөр менен чогуу бир каналга салууга жол берилбейт.
79. Буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүнүн арматурасы аны тейлөө жана оңдоо ыңгайлуу жана коопсуз болушу үчүн жеткиликтүү жерлерге орнотулууга тийиш. Зарыл болгон учурларда долбоордук документтерге ылайык стационардык тепкичтер жана аянтчалар орнотулушу керек. Жылып жүрүүчү аянтчаларды жана жөлөп коймо шатыларды чанда гана колдонулуучу (айына бир жолудан аз) арматура үчүн, аларды башкарууга жеткиликтүүлүк өткөргүч түтүгүн оңдоо үчүн өчүрүү жана аны оңдогондон кийин туташтыруу үчүн зарыл болгондо колдонууга жол берилет. Жөлөп коймо шатыларды арматураны чечип жана демонтаждоо менен оңдоо үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
Буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүнүн орнотулуучу чоюн арматурасы ийилүү чыңалуусунан корголууга тийиш.
80. Тыгындоочу арматураны жөнгө салуучу арматура катары колдонууга жол берилбейт.
81. Ички диаметри 150 м жана андан жогору жана буунун 300°C жана андан жогору температурасы менен болгон буу өткөргүчтөрүнүн долбоорунда жылыштыруулардын көрсөткүчтөрүн орнотуу жерлери жана алар боюнча жылышуунун эсептик маанилери көрсөтүлүүгө тийиш. Жылыштыруулардын көрсөткүчтөрүнө карата эркин жеткиликтүүлүк караштырылышы керек.
82. Тыгындоочу арматураны жылуулук түйүндөрүндө орнотуу төмөнкү учурларда караштырылат:
1) жылуулук алып жүрүүчүлөрдүн параметрлеринен көз карандысыз жылуулук түйүндөрүнүн жылуулук булактарынан чыгууларынын бардык өткөргүч түтүктөрүндө;
2) шарттуу диаметри 100 мм жана андан жогору жана 1000 м ашык эмес аралыкта (секциялаштыруучу жылдырмалар) берүүчү жана кайтарым өткөргүч түтүктөрүнүн ортосундагы тоскуч түзүлүшү менен болгон суу түйүндөрүнүн өткөргүч түтүктөрүндө;
3) суу жана буу жылуулук түйүндөрүндө, шарттуу диаметри 100 мм жогору тармактоо өткөргүч түтүктөрүнүн түйүндөрүндө, ошондой эле өз алдынча турган имараттарга карай өткөргүч түтүктөрүнүн тармактануу түйүндөрүндө, өткөргүч түтүктүн диаметринен көз карандысыз;
4) конденсаттын жыйноочу багына карай кире бериштеги конденсат өткөргүчтөрүндө.
83. Диаметри 500 мм жана андан жогору болгон тээктер жана илгичтер электр иштеткич менен жабдылышы керек. Жылуулук түйүндөрүн жер үстүндө салган учурда электр иштеткичтери бар тээктерди имаратта орнотушат же арматураны жана электр иштеткичин атмосфералык жаан-чачындардан коргой турган каптоого киргизет жана чоочун адамдардын аларды колдонуу мүмкүндүгү болбой тургандай кылып жашырышат.
84. Ташылып жаткан продуктудан көз карандысыздыкта бардык өткөргүч түтүктөр гидравликалык сыноодон кийин сууну агызып салуу үчүн дренаждарга жана газды чыгарып салуу үчүн өткөргүч түтүктөрдүн жогорку чекиттериндеги аба жылчыкчаларына ээ болууга тийиш. Өткөргүч түтүктөрдүн аба жана дренаждык түзүлүштөрүнүн жайгашкан жерлери жана конструкциясы долбоордук документтер менен белгиленилет.
85. Аларда продукттун конденсациялануусу мүмкүн болгон технологиялык өткөргүч түтүктөр суюктукту үзгүлтүксүз чыгарып салуу үчүн дренаждык түзүлүштөргө ээ болууга тийиш.
Конденсатты үзгүлтүксүз чыгарып туруу каныккан буунун буу түтүктөрү үчүн жана катуу ысып кете турган буу түтүктөрүнүн туюк участоктору үчүн милдеттүү.
Жылуулук түйүндөрү үчүн конденсатты трассанын төмөнкү чекиттеринде үзгүлтүксүз чыгарып туруу буунун абалына карабастан милдеттүү түрдө болот.
Дренаждоочу түзүлүштөрдүн конструкциясы, түрү жана орнотулуучу жерлери долбоор тарабынан аныкталат.
86. Суу жылуулук өткөргүч түтүктөрүнүн жана конденсат өткөргүчтөрүнүн төмөнкү чекиттеринде, ошондой эле секциялануучу участоктордо сууну агызып салуу үчүн тыгындоочу арматурасы бар штуцерлерди (агызып салуучу түзүлүштөрдү) кошо орнотушат.
87. Жылуулук түйүндөрүнүн буу өткөргүчтөрүнүн төмөнкү чекиттеринде жана вертикалдуу көтөрүлүштөрүнүн алдында пайда болгон конденсат конденсат чыгаргыч аркылуу үзгүлтүксүз чыгарылууга тийиш.
Ушул жерлерде, ошондой эле буу өткөргүчтөрдүн тике участокторунда кошо кетүүчү жантаюуда 400-500 м кийин жана бет алдынан чыгуучу жантаюуда 200-300 м кийин буу өткөргүчтөрүнүн иштетүүчү дренажы түзүлүшүн кошо орнотушат.
88. Суу жылуулук өткөргүч түтүктөрүнөн сууну агызып салуу үчүн өткөргүч түтүк каналынан башка жайгашкан, саркынды суулар (канализация) системасына суунун төгүлүүчү кудукчаларды караштырышат.
89. Тыгындоочу органдар менен өчүрүлүшү мүмкүн болгон буу өткөргүчтөрүнүн бардык участоктору, аларды жылытуу жана үйлөтүү мүмкүн болушу үчүн, учтарында вентили бар штуцер менен жабдылышы керек, ал эми 2,2 МПадан жогору басым учурунда - штуцер жана эки удаалаш жайгашкан: тыгындоочу жана жөнгө салуучу вентилдер менен жабдылууга тийиш. 20 МПа жана андан жогору басымы менен буу өткөргүчтөр катарынан жайгаштырылган тыгындоочу жана жөнгө салуучу вентилдер жана дросселдик шайба менен камсыздалышы керек. Буу түтүгүнүн участогу эки багытка тең ысып чыккан учурда үйлөтүү участоктун эки учунан тең каралышы керек.
Дренаждык түзүлмө өткөргүч түтүктөрү жылытуу учурунда алардын иштешин контролдоо мүмкүнчүлүгүн караштырышы керек.
90. Буу өткөргүчтөрүнүн төмөнкү учундагы чекиттери жана алардын бүгүлүүсүнүн төмөнкү чекиттери үйлөтүп туруучу түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
91. Диаметри 500 мм жана андан ашык болгон жана 1,6 МПа жана андан жогору, диаметри 300 мм жана андан ашык болгон жана 2,5 МПа жана андан жогору басым учурунда суу жылуулук түйүндөрүндө, диаметри 200 мм жана айдан ашык болгон жана 1,6 МПа жана андан жогору буу түтүктөрүндө тээктери жана илгичтери жактан тыгындоочу арматурасы бар айландырып өтүүчү өткөргүч түтүктөр (байпастар) караштырылат.
3-глава. КӨОну техникалык кайра жабдып чыгууга, басым алдындагы жабдууну монтаждоо, оңдоо, реконструкциялоого (модернизациялоого) карата коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун талаптары
1-§. Жалпы талаптар
92. КӨОну техникалык кайра жабдуу, басым алдындагы жабдууну монтаждоо, оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо), жөнгө салуу юридикалык жактын статусуна ээ болгон адистештирилген уюмдар, ошондой эле жеке ишкерлер (мындан ары - адистештирилген уюмдар) тарабынан жүргүзүлүшү керек.
93. Басым алдындагы жабдууну монтаждоо, оңдоо, жөнгө салуу учурунда жабдууну даярдоочунун жабдууну эксплуатациялоо боюнча колдонмосунда (нускамасында) көрсөтүлгөн талаптар аткарылууга тийиш.
94. Басым алдындагы жабдууну реконструкциялоо (модернизациялоо) жабдууну даярдоочу-уюм же долбоордук уюм тарабынан иштелип чыгарылган долбоор боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш. Эгерде реконструкциялоо (модернизациялоо) жабдууну эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарынан четтөөлөр менен жүргүзүлүп жатса, анда бул четтөөлөр эксплуатациялоо боюнча колдонмону (нускаманы) иштеп чыгуучу менен макулдашылуусу керек. Эгерде реконструкциялоо (модернизациялоо) боюнча иштердин көлөмү жана мүнөзү жабдуунун жаңы паспортун жана эксплуатациялоо боюнча колдонмону (нускаманы) тариздетүү зарылдыгын жаратуучу жабдуунун негизги элементтеринин жана техникалык мүнөздөмөлөрүнүн конструкцияларын өзгөртүүнү караштыра турган болсо, анда иштер аякталгандан кийин ушул Эрежелердин талаптарына ылайык эксплуатациялоого андан ары киргизүү менен ББ ТР 032/2013 талаптарына жабдуунун шайкештигин тастыктоо камсыздалууга тийиш.
95. Басым алдындагы жабдууну монтаждоо, оңдоо жана реконструкциялоо (модернизациялоо) учурунда колдонула турган материалдар жана чала фабрикаттар алардын механикалык сапаттарына, химиялык курамына, даярдоо технологиясына, сыноолор методдору жана көлөмдөрү менен, сапатты контролдоо, эсептик жана технологиялык мүнөздөмөлөрдүн кепилденген деңгээли менен аныктала турган коопсуз эксплуатациялоо параметрлерин камсыздоого тийиш жана даярдоочунун жана долбоордук документтердин техникалык документтеринин талаптарына шайкеш келиши керек. Жабдууну оңдоо учурунда башка материалдарды пайдаланууга аларды колдонуу мүмкүндүктөрүн долбоорду иштеп чыгуучу жана (же) даярдоочу менен макулдашылган шартта, ал эми алар жок болгон учурларда, материал таануу тармагында адистешкен илимий-изилдөө уюмунун корутундусунун негизинде жол берилет.
96. Басым алдындагы жабдуунун иши менен байланышкан жетектөөчү адамдар жана персонал, ошондой эле басым алдындагы жабдууну монтаждоо (демонтаждоо), оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) жана жөнгө салуу боюнча иштерди жүзөгө ашыра турган адистештирилген уюмдардын кызматкерлери даярдыктан жана аттестациялоодон өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо иштерин уюштуруу жөнүндөгү жобого жана Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын жумушчуларын окутуу жана билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндөгү жобого ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
97. Басым алдындагы жабдуулардын иши менен байланышкан жумушчулар, кырсык окуялары учурунда жабыр тартуучуларга биринчи жардамды көрсөтүү ыкмаларына ээ болууга тийиш.
2-§. Жабдууну монтаждоону, оңдоону, реконструкциялоону (модернизациялоону), калыпка салууну жүзөгө ашыруучу уюмдарга жана ушул уюмдардын жумушчуларына карата коюлуучу талаптар
98. Адистештирилген уюмдагы башкаруу түзүмү ар бир жумушчуга иштин конкреттүү чөйрөсүн жана анын ыйгарым укуктарынын чектерин камсыздоого тийиш. Адистештирилген уюмдун жумушчуларынын жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү адистештирилген уюм жөнүндөгү жободо белгилениши керек.
99. Адистештирилген уюм:
1) ушул Эрежелердин 96-пунктунун талаптарын канааттандыра турган жетекчилерге жана адистерге ээ болууга тийиш, алардын кызматтык милдеттенмелеринин жана ыйгарым укуктарынын алкагында иштерди аткарууну, анын ичинде иш сапаттарынын талаптарынан, иштерди аткаруу жол-жоболорунан четтөө учурларын жана мындай четтөөлөрдүн алдын алуу же кыскартуу боюнча чараларды кабыл алуу боюнча иштерди аткарууну камсыздоо үчүн;
2) адистештирилген уюмдун бөлүштүрүүчү документтери тарабынан аныктала турган жана тиешелүү иштерди жүргүзүү учурунда технологиялык процесстерди аткарууну камсыздоого мүмкүндүк бере турган санда персоналга ээ болууга;
3) басым алдындагы жабдууну монтаждоо (демонтаждоо), калыпка салуу же оңдоо же реконструкциялоо (модернизациялоо) боюнча иштерди өндүрүүгө, он сегиз жаш курагына толо элек адамдарга, же болбосо көрсөтүлгөн иштерди аткарууга карата медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар адамдарга жол бербөөгө;
4) технологиялык процесстерди сактоону контролдоо жол-жоболорун аныктоого;
5) иштерди аткарууну башкарууда, аткарууда же текшерүүдө алектенишкен кызматкерлердин жоопкерчилигин, ыйгарым укуктарын жана өз ара мамилелешүү тартибин аныктоого тийиш болот.
100. Адистештирилген уюмдагы өндүрүштүн технологиялык даярдыгы жана өндүрүү процесси шайкештигин жана сапатын тастыктоочу документтери (сертификаттары, паспорттору) жок болгон материалдарды жана буюмдарды колдонууга жол бербеши керек.
Жабдууну монтаждоо, оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) учурунда мурда колдонууда болгон болот түтүктөрдү пайдаланууга тыюу салынат.
101. Адистештирилген уюм иштердин жарыя кылынган түрлөрүн аткарууну камсыздай турган төмөнкү зарыл болуучу документтерге ээ болууга тийиш:
1) адистештирилген уюмда өнөр жай коопсуздугу жаатындагы колдонула турган, мыйзамдар жана ушул Эрежелерде белгиленген, адистештирилген уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген тиешелүү иштерди аткаруу учурунда колдонула турган ченемдик документтердин тизмеги;
2) аны монтаждоо (демонтаждоо), калыпка салуу, оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) жүзөгө ашырылып жаткан басым алдындагы жабдуунун долбоордук жана техникалык документтери (жумушчу чиймелеринин комплектин кошо алуу менен);
3) адистештирилген уюм тарабынан иштелип чыккан жана уюмдун жетекчиси тарабынан ушул иштер башталганга чейин бекитилген иштердин жарыяланган түрлөрүн өндүрүү боюнча технологиялык документтер;
4) иштер аяктагандан кийин жүргүзүлө турган монтаждалган (оңдолуп жаткан, реконструкциялануучу) басым алдындагы жабдууну сыноолордун программалары-методикалары.
102. Монтаждоо (демонтаждоо), калыпка салуу же болбосо оңдоо же реконструкциялоо (модернизациялоо) боюнча иштерди аткаруу учурунда технологиялык процесстерди камсыздоо үчүн адистештирилген уюм, иштин жүзөгө ашырылуучу түрлөрүнө жараша төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
1) басым алдындагы жабдуунун техникалык абалын контролдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн иштер башталганга чейин жана аларды аткаруудан кийин зарыл болуучу жабдуулар комплекттерине;
2) металлды кесүү, түзөтүү, ширетүү жана термикалык иштеп чыгуу боюнча иштерди аткаруу үчүн зарыл болуучу жыйноочу-ширетүүчү, термикалык жабдууга, ошондой эле зарыл болуучу ширетүүчү материалдарга;
3) ширетүү биригүүлөрүнүн жол берилбей турган дефекттерин аныктоо үчүн зарыл болуучу контролдук жабдууга, приборлорго жана курал-аспаптарга. Ширетилген бириктирүүлөрдүн сапатын талкалабоочу жана талкалоону контролдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн адистештирилген уюм лабораторияга ээ болушу керек же келишимдик негизде ишке тартуусу керек;
4) метрологиялык текшерүүдөн өткөн жана калыпка салуу иштерин аткарууга, ишке жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө, оңдоону, реконструкциялоону (модернизациялоону) аткарууга мүмкүндүк бере турган өлчөө жана контролдоо каражаттарына;
5) монтаждоо (демонтаждоо) оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) боюнча иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон такелаждык жана монтаждоочу аспаптар, ошондой эле иштерди жүргүзүү учурунда колдонулушу мүмкүн болгон көмөкчү буюмдар (бутка төшөгүчтөр, тосулмалар, шатылар).
103. Басым алдындагы жабдууну монтаждоо (демонтаждоо), калыпка салуу, оңдоо же реконструкциялоо (модернизациялоо) боюнча иштерди тике аткаруучу адистештирилген уюмдун жумушчулары аны эксплуатациялоо процессинде, төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) жумушчу адистиктердин тиешелүү түрлөрү боюнча кесиптик окутуудан өткөндүгүн тастыктоочу документтерге, ошондой эле өз алдынча ишке кирүү уруксаты жөнүндө күбөлүккө (жумушчулар үчүн) ээ болуу;
2) аттестациядан өтүү жөнүндө документтерге ээ болуу (жетекчилер жана адистер үчүн);
3) технологиялык документтердин жана нускамалардын жарыяланган иштерди өткөрүү боюнча талаптарын билүү жана сактоо;
4) көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүү учурундагы коркунучтардын негизги булактарын билүү, алардан практика жүзүндө коргонуу ыкмаларын, ошондой эле иштерди аткаруунун коопсуз методдорун билүү жана колдонуу;
5) монтаждоо, оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) процессинде дефекттерди аныктоо жана технологиялык четтетүү ыкмаларын билүү жана колдонуу;
6) жабдууну монтаждоону (демонтаждоону), оңдоо жана реконструкциялоону (модернизациялоону) аткаруу үчүн такелаждык жана монтаждоочу аспаптарды, жүк көтөрүүчү механизмдерди, стропторду, жүк көтөрүмдүүлүгү боюнча монтаждалуучу (демонтаждалуучу), оңдолуучу жана реконструкциялануучу (модернизациялануучу) элементтерди билүү жана колдонуу;
7) жабдууну монтаждоого ишке тартылышкан жумушчу, монтаждоону (демонтаждоону) жетектөөчү жана калган кызматкерлердин ортосундагы шарпуу сигналдарды алмашуунун нускамаларда белгиленген тартибин билүү жана колдонуу;
8) строповкалоонун эрежелерин, жүктөрдү строповкалоонун негизги схемаларын (стопальщиктин милдеттерин аткарган учурларда), ошондой эле жүктөрдү көтөрүү жана жылыштыруу учурундагы өнөр жай коопсуздугунун талаптарын билүү жана аткаруу;
9) жабдууну калыпка салуу жана жөнгө салуу боюнча иштерди аткаруу тартибин жана методдорун билүү;
10) текшерүү, калыпка салуу жана сыноолор учурундагы контролдоочу каражаттарды, приборлорду, түзүлүштөрдү колдоно билүү.
3-§. Жабдууну монтаждоого, оңдоого жана реконструкциялоого (модернизациялоого) карата коюлуучу талаптар
104. Басым алдындагы жабдууну ширетүүнү жана термикалык иштеп чыгууну колдонуу менен монтаждоо, оңдоо жана реконструкциялоо (модернизациялоо) адистештирилген уюм тарабынан иштерди өндүрүү башталганга чейин иштелип чыккан технология жана жумушчу чиймелер боюнча жүргүзүлүшү керек.
Кабыл алынган технологиянын жоболору бардык технологиялык жана контролдоочу операциялардын мазмунун жана аткаруу тартибин регламенттештирүүчү технологиялык документтерде чагылдырылышы керек.
105. Ширетүүнү жана термикалык иштеп чыгууну колдонуу менен монтаждоо, оңдоо жана реконструкциялоо (модернизациялоо) учурунда ушул Элерге жана адистештирилген уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген технологиялык документтерге ылайык иштердин аткарылышын камсыздоочу сапатты контролдоо (кире бериш, операциялык, кабыл алуучулук) системасы колдонулууга тийиш.
106. Жабдуунун ширетүүнү жана термикалык иштеп чыгууну талап кылбай турган утурумдук алдын алуучу оңдоосун жана техникалык тейлөөсүн эксплуатациялоочу же адистештирилген уюмдун жумушчулары (оңдоочу персонал) аткарышат. Иштерди аткаруу тартиби, көлөмү жана аткарылуу мезгилдүүлүгү жабдуунун факт жүзүндөгү абалын эсепке алуу менен иштетилип чыгарылган жана эксплуатациялоочу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген өндүрүштүк жана технологиялык нускамалар менен аныкталышат.
4-§. Жарым фабрикаттарды кесүү жана деформациялоо
107. Баракчаларды, түтүктөрдү жана башка жарым фабрикаттарды кесүү, ошондой эле көзөнөктөрдү кесүү каалагандай ыкма менен (механикалык, газжалындуу, электр догоолуу, плазмалуу) жүргүзүлүшү мүмкүн. Кесүүнүн конкреттүү ыкмасын жана технологиясын болоттордун класстарына (материалынын мүнөздөмөлөрүнө) жараша белгилешет.
108. Жергиликтүү ысытууга жана муздатууга карата сезимтал материалдарды термикалуу кесүүнүн колдонулуп жаткан технологиясы жээктериндеги жаракалардын пайда болуусун болтурбай жана термикалык таасир кылуу зонасындагы металлдын сапаттарын начарлатпоого тийиш. Материалдардын мүнөздөмөлөрүндө караштырылган учурларда, алдын ала жылытып алууну жана андан ары материалдардын жээктерин кесүү процессиндеги начар сапаттагы металлдын катмарын алып салуу максаты менен механикалык иштеп чыгууну караштыруу керек болот.
109. Түтүктөрдү ийүүнү технологиялык документтердин талаптарына шайкеш келе турган сапаттуу ийүүнү камсыздандыруучу каалагандай ыкма менен жүргүзүүгө жол берилет.
110. Түтүктөрдүн туурасынан кеткен кошулган жерлерин туташтырууну камсыздандыруу үчүн түтүктөрдүн учтарын жонуу, кесип салуу же кысып коюуга жол берилет. Жонуунун маанилери, кесип салуунун деформациясы же кысуулары технологиялык документтер менен белгиленген чектерде кабыл алынат.
111. Өткөргүч түтүктөрдүн муздак керилүүсү, эгерде ал долбоор менен караштырылган болсо, бардык биригүүлөрү ширетилгенден кийин, муздак керилүүгө тийиш болгон участоктун учтарындагы кыймылсыз таканчыктарды туюктоочу, толук бекитүүдөн башка, ошондой эле термикалык иштетип чыгуудан (аны өткөрүү зарыл болгон учурда) жана анда муздак керүүнү жүргүзүү зарыл болгон участоктун бүткүл узундугу боюнча жайгашкан ширетүү биригүүлөрүнүн сапатын контролдоодон кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
5-§. Ширетүү
112. Басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоо, монтаждоо, оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) жеринде ийине жеткире даярдоо учурунда технологиялык документтер менен караштырылган ширетүү технологиясы колдонулушу керек.
113. Технологиялык документтер металлды ширетүү (анын ичинде карматып коюу боюнча дагы) технологиясы боюнча, карматыла турган материалдарды колдонуу, контролдоо түрлөрү жана көлөмү, ошондой эле алдын ала жана коштоп жүрүүчү жылытуу жана термикалык иштеп чыгуу боюнча көрсөтмөлөрдү камтып турууга тийиш. Ширетүүгө карата коюлуучу талаптар ошондой эле эри тилмелерге дагы таркатылат.
114. Ширетүүнү аткаруу үчүн технологиялык документациянын талаптарын сактоону камсыздай турган оң абалдагы түзүлүштөр, аппаратура жана аспаптар колдонулушу керек.
115. Басым алдында иштөөгө арналган жабдуунун элементтерин ширетүү жана карматып коюу боюнча иштерди өндүрүүгө мындай ширетүү иштерин аткаруу укугуна карата күбөлүккө ээ болушкан ширетүүчүлөргө уруксат берилет. Ширетүүчүлөр аларга күбөлүккө ылайык уруксат берилген түрлөрдөгү гана ширетүү иштерин аткарууга тийиш болушат.
Аталган адистештирилген уюмда алгачкы жолу басым алдындагы жабдууну жана анын элементтерин ширетүүгө киришип жаткан ширетүүчү, күбөлүгүнүн бардыгынан көз карандысыз, ишке киришүүгө уруксат алуунун алдында сынак ширетүү биригишүүсүн ширетүү жана контролдоо жолу менен текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Сынак ширетүү биригишүүлөрүнүн конструкциясы ширетүүчүнүн күбөлүгүндө көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүнө шайкеш келүүгө тийиш. Сынак ширетүү биригишүүсүнүн сапатын контролдоо методдору, көлөмдөрү жана ченемдери технологиялык документациянын талаптарына жооп берүүгө тийиш.
116. Ширетүү биригишүүлөрүн чогултуу, ширетүү жана сапатын контролдоо боюнча иштерге жетекчилик кылуу ушул иштерди аткаруу укугуна карата күбөлүккө ээ болгон адиске жүктөлүүгө тийиш.
117. Ширетүүнү баштоонун алдында туташтырыла турган элементтерди чогултуунун сапаты, ошондой эле бириктириле турган жээктеринин жана ага жакын жайгашкан үстүңкү беттердин абалы текшерилүүгө тийиш. Чогултуу учурунда жээктерин ургулоо ыкмасы же жергиликтүү жылытуу менен дал келиштирүүгө жол берилбейт.
118. Ширетүү үчүн жээктерди жана үстүңкү беттерди даярдоо механикалык иштеп чыгуу же термикалуу кесүү же андан аркы механикалык иштеп чыгуу (кесилиш, фреза, абразивдүү аспап) менен сүргүлөө (кислороддук, аба-догоолуу, плазма-догоолуу) жолу менен аткарылган болууга тийиш. Термикалык кесүүдөн (сүргүлөө) кийинки механикалык иштеп чыгуунун тереңдиги болоттун конкреттүү маркасынын кесүүнүн (сүргүлөөнүн) термикалык циклине карата кабыл алгычтыгына жараша көрсөтүлүүгө тийиш.
119. Жээктерин бир жактуу кесип чыгуу жана төшөгүч шакекчелерсиз жана тигиш тамырын ширетип эритүүсүз ширетиле турган түтүктөрдүн биригишүү кошулмаларын чогултуу учурунда, ички жээктеринин жылышуусу (дал келишпөөсү) технологиялык документацияларда белгиленген маанилерден ашпоого тийиш.
120. Ширетилүүгө тийиш болушкан деталдардын жээктери жана аларга жакын жайгашкан участоктор эрип катып калуудан, сырдан, майдан жана башка булгануулардан технологиялык документтердин талаптарына ылайык тазаланган болууга тийиш.
121. Көмөкчү элементтерди (чогултуучу түзүлүштөрдүн, убактылуу бекиткичтердин) ширетип карматуу жана алып салуулар чиймелердин жана технологиялык документтердин басым алдындагы жабдуунун металлындагы жаракалардын жана каныктыруу зоналарынын пайда болуусун болтурбоочу технология боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Бул элементтерди ширетип карматууну басым алдындагы ушул жабдууда ширетүү иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген ширетүүчү аткарууга тийиш.
122. Ширетүүгө карата чогултулган элементтерди карматуу ушул бириктирүүнү ширетүү үчүн колдонула турган (же колдонууга карата жол бериле турган) ошол эле ширетүү материалдарын пайдалануу менен аткарылууга тийиш.
Карматып коюлгандарды ширетүү иштерин андан ары өткөрүү учурунда алып салышат же негизги тигиш менен кайра эритип салышат.
123. Ашык басым алдында иштей турган, дубалынын калыңдыгы 6 мм ашуун элементтерди ширетип туташтыруулар ширеткен ширетүүчүнүн фамилиясын аныктоого мүмкүндүк бере турган маркировкаланууга (эн салынууга) тийиш. Маркировкалоо системасы технологиялык документтерде көрсөтүлөт. Маркировкалоо ыкмасы бөрктөөнү, кызытууну же металлдын калыңдыгынын жол берилбей турган жукаруусун болтурбоого жана маркировкалоонун жабдууну эксплуатациялоонун бүткүл мезгилинде сакталып туруусун камсыздоого тийиш.
Ширетүү биригишүүлөрүнүн дубалынын 6 мм жана андан төмөн калыңдыгы менен маркировкалоонун зарылдыгы жана ыкмасы технологиялык документтердин талаптары менен аныкталышат.
124. Эгерде ушул жабдуунун бардык ширетилген биригүүлөрү бир ширетүүчү тарабынан аткарылган болсо, анда ар бир ширетүү биригүүсүн маркировкалоону жүргүзбөй эле коюуга жол берилет. Бул учурда ширетүүчүнүн эн тамгасын фирмалык табличкага жакын же жабдуунун башка ачык участогунда коюп, ал эми эн тамга салуу жерин кетпей турган сыр менен тартыла турган рамкага салып коюу керек болот. Эн тамга салуу жерлери жабдуунун паспортунда (же паспортко кошо тиркелүүчү чогултуу чийиндеринде) көрсөтүлүүгө тийиш.
125. Эгерде ширетүү биригишүүлөрүн бир нече ширетүүчү аткарган болсо, анда ага аны аткарууга катышкан ар бир ширетүүчүнүн эн тамгасы, технологиялык документтерде белгиленген тартипте коюлууга тийиш.
126. Басым алдындагы жабдууну монтаждоо, оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) учурунда ширетүү үчүн колдонула турган ширетүүчү материалдар долбоордук документтердин жана эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
127. Ширетүүчү материалдардын маркасы, сорттогучу, сактоо шарттары жана колдонууга карата даярдоо технологиялык документтердин талаптарына шайкеш келип турууга тийиш.
128. Ширетүүчү материалдар төмөнкүлөргө карата контролдонууга тийиш:
1) тийиштүү коштомо документтеринин болушуна;
2) электроддордун ар бир партиясы - ширетүүчү-технологиялык сапаттарына, ошондой эле эритилген, легирленген электроддор менен аткарылган металлдын стилоскопировкалоо жолу менен ченемдештирилген курамдын легирленүүчү элементтеринин мазмунуна шайкештигине карата (же башка металлда легирленүүчү элементтердин бар болушун тастыктоону камсыздоочу спектралдык метод менен);
3) күкүм зымдарынын ар бир партиясы - ширетүүчү-технологиялык сапаттарына;
4) легирленген ширетүү зымынын ар бир бухтасы (ором, катушка) - негизги легирлөөчү элементтердин бардыгыпа карата стилоскопирлөө же башка металлда легирлөөчү элементтердин бардыгын тастыктоону камсыздоочу спектралдык метод жолу менен;
5) флюс алдында автоматтык ширетүү үчүн бирге колдонула турган зымдын ар бир партиясы флюстун ар бир партиясы менен - тигиштин металлынын механикалык сапаттарына карата.
129. Басым алдындагы жабдууну монтаждоо, оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) учурундагы ширетүү технологиясын колдонууга карата анын реалдуу буюмдардагы технологиялуулугу тастыкталгандан, ширетүү биригүүлөрүнүн талап кылынуучу сапаттарынын бүткүл комплекси текшерилгенден жана алардын сапатын контролдоонун натыйжалуу методдорун өздөштүргөндөн кийин жол берилет.
130. Ширетүү технологиясын аттестациялоону изилдөөчүлүк жана өндүрүштүк деп бөлүштүрүшөт. Изилдөөчүлүк аттестациялоону шаар куруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын алдындагы курулуштагы сертификациялоочу орган жүргүзөт. Өндүрүштүк аттестациялоону изилдөөчүлүк аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча берилген сунуштардын негизинде адистештирилген уюм жүргүзөт.
131. Ширетүү технологиясын изилдөөчүлүк аттестациялоону долбоорлоо жана технологиялык сунуштарды берүү учурундагы эсептөөлөр үчүн зарыл болуучу ширетүү биригишүүлөрүнүн мүнөздөмөлөрүн аныктоо максаттарында жүргүзүшөт (технологияны колдонуу тармагы, ширетүү материалдары, жылытуу, ширетүү жана термикалык иштеп чыгуу режимдери, ширетүү биригишүүлөрүнүн кабыл алуу-тапшыруу мүнөздөмөлөрүнүн кепилдене турган көрсөткүчтөрү, контролдоо методдору).
Изилдөөчүлүк аттестациялоо учурунда аныктала турган ширетүү биригишүүлөрүнүн мүнөздөмөлөрүн, негизги металлдын түрүнө жана багытына жараша, жана ширетүү биригишүүлөрүн эксплуатациялоонун төмөнкү шарттарынан көз карандысыз тандашат:
1) ченемдүү (20±10°C) жана жумушчу температура учурундагы механикалык сапаттар, анын ичинде айрылууга убактылуу каршылык кылуу, агымдуулук чеги, тигиш металлынын салыштырмалуу узаруусу жана салыштырмалуу кысылуусу, тигиш металлынын жана ширетүүнүн термикалык таасир кылуу зонасынын күчтүү илээшкектиги, айрылууга карата убактылуу каршылык жана ширетүү биригүүсүнүн ийүү бурчу;
2) узак бышыктык, ийкемдүүлүк жана агуучулук;
3) циклдик бышыктык;
4) металл тигишинин жана ширетүүнүн термикалык таасир зонасынын морттугунун критикалык температурасы;
5) жумушчу температурасы учурундагы термикалык эскирүүдөн кийинки ширетүү биригишүүлөрүнүн сапаттарынын туруктуулугу;
6) жумушчу чөйрөдөгү кычкылдануунун интенсивдүүлүгү;
7) жол берилбей турган дефекттердин жоктугу;
8) кристалл аралык коррозияга каршы туруктуулук (аустениттик класс болотторунан жасалган элементтердин ширетүүчү биригүүлөрү үчүн);
9) алардын изилдөөчүлүк аттестациялоосун өткөрүп жаткан уюм тарабынан белгилене турган ширетүү биригүүлөрүн аткаруу үчүн өзгөчөлүү болгон мүнөздөмөлөр.
132. Ширетүү технологиясын өндүрүштүк аттестациялоону ал боюнча өндүрүштүн конкреттүү шарттарында аткарылган ширетүү биригүүлөрүнүн ушул Эрежелердин жана технологиялык документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү максаттарында аны колдонуу башталганча чейин жүргүзүшөт. Өндүрүштүк аттестациялоо ушул адистештирилген уюмда аткарылып жаткан бир типтүү ширетүү бириктирүүлөрүнүн ар бир тобу үчүн жүргүзүлүүгө тийиш.
133. Өндүрүштүк аттестациялоону ушул уюм тарабынан иштелип чыккан жана комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилген программага ылайык адистештирилген уюмда түзүлгөн аттестациялоо комиссиясы жүргүзөт.
Программа ширетүү бириктирүүлөрүнүн талкалабай турган жана талкалоочу контролдоосун жүргүзүүнү, контролдоонун жыйынтыктары боюнча ширетүүнүн сапатына баа берүүнү жана өндүрүштүк аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча жыйынтыктоочу документти тариздетүүнү караштырат.
Өндүрүштүк аттестациялоонун тартиби технологиялык документтер тарабынан аныкталат.
Эгерде ширетүү технологиясы өндүрүштүк аттестациялоо учурунда сыноолордун кайсы бир түрү боюнча канааттандырарлык эмес жыйынтыктарды алса, аттестациялык комиссия алынган жыйынтыктардын белгиленген талаптарга шайкеш келбөөсүнүн себептерин аныктоо боюнча чараларды кабыл алууга жана кайталанган сыноолорду жүргүзүү керектигин же аталган технология өндүрүштүк бириктирүүлөрдүн ширетүүсү үчүн колдонушу мүмкүн эместиги жана ийине жеткире иштеп чыгууга муктаж экендигин чечүүгө тийиш болот.
134. Ширетүү биригүүлөрүнүн мүнөздөрү же сапаттары изилдөөчүлүк аттестациялоо тарабынан белгиленген деңгээлге карата начарлаган учурда, адистештирилген уюм ширетүү технологиясын колдонууну токтотууга, алардын начарлоосун пайда кылган себептерин аныктоого жана четтетүүгө жана кайталап өндүрүштүк аттестациялоону, ал эми зарыл болгон учурда - изилдөөчүлүк аттестациялоосун дагы жүргүзүүгө тийиш.
135. Басым алдындагы жабдууну монтаждоо, оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) учурунда каалагандай аттестацияланган ширетүү технологиялары колдонулушу мүмкүн.
Мартенситтик жана мартенситтик-ферриттик класстагы аустениттик болоттордон жана жогорку хромдуу болоттордон жасалган деталдар үчүн газ ширетүүсүн колдонууга жол берилбейт.
136. Ашык басым алдында иштеп турган элементтерди ширетүү курчап турган абанын оң маанидеги температурасы учурунда жүргүзүлүүгө тийиш. Ширетүүнү технологиялык документтердин талаптары сакталган жана ширетүү жерин жана ширетүүчүнү шамалдын жана атмосфералык жаан-чачындардын таасиринен коргоо үчүн зарыл болуучу шарттарды түзүү учурунда аткарууга жол берилет. Курчап турган абанын терс температурасы учурунда ширетүүнүн алдындагы ширетүү биригүүсүнүн районундагы металлды кургатуу жана температураны оң мааниге чейин жеткирүү менен ысытылышы керек.
137. Ширетилип жаткан деталдардын алдын ала жана коштомо жылытууларынын зарылдыгы жана режими ширетүү технологиясы менен аныкталышат жана технологиялык документтерде көрсөтүлүшү керек. Курчап турган абанын терс температурасы учурунда жылытууну, оң температура учурларындагыдай эле жүргүзүшөт, мында жылытуу температурасы 50°C жогору болушу керек.
138. Ширетүүдөн кийин кошулган жери жана ага жакын участоктор шлактан, металлдын чачыроосунан жана башка булгануулардан таза болушу керек.
Контакт ширетүүсү менен аткарылган түтүктөрдүн кошулган жериндеги ички грат берилген өтмөк кесилишин камсыздоо үчүн алынып салынган болушу керек.
139. Монтаждоо, оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) учурунда жабдуунун элементтерин термикалык иштеп чыгуу, технологиялык документтерде белгиленген учурларда, даярдоочунун эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) көрсөтүлгөн сунуштарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
6-§. Ширетип бириктирүүнүн сапатын контролдоо
140. Басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоо, монтаждоо, оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) жеринде ийине жеткире даярдоо учурунда, жол берилбей турган дефекттерди аныктоону, ушул жабдуунун жана анын элементтеринин жогорку сапатын жана эксплуатациялоонун ишенимдүүлүгүн кепилдей турган ширетүү биригүүлөрүнүн сапатын контролдоо системасы колдонулган болууга тийиш.
141. Контролдоо методдору ушул Эрежелердин талаптарына ылайык тандалган жана технологиялык документтерде көрсөтүлүүгө тийиш.
142. Ширетип бириктирүүнүн сапатын контролдоо долбоордук жана технологиялык документтерде караштырылган тартипте жүргүзүлүшү керек.
143. Ширетип бириктирүүнүн сапатын контролдоону төмөнкү методдор менен жүргүзүшөт:
1) визуалдык карап чыгуу жана өлчөөлөр;
2) ультрадобуш дефектоскопиясы;
3) радиография (ренттен-, гаммаграфирлөө);
4) капиллярдык жана магнит-күкүмдүк контролдоо;
5) стилкөчүрмөлөө же металлдын факт жүзүндөгү маркасын жана анда легирлөөчү элементтердин бар болушун тастыктоону камсыздоочу башка спектралдык метод;
6) катуулугун өлчөө;
7) механикалык сапаттарын контролдоо, кристалл аралык коррозияга каршы туруктуулугун сыноо, металлографиялык изилдөөлөр (талкалоочу контролдоо);
8) гидравликалык сыноолор;
9) акустикалык эмиссия;
10) радиоскопия;
11) ток-бороондук контролдоо;
12) металл тигишиндеги ферриттик фазанын камтылышын аныктоо;
13) пневматикалык сыноолор, эгерде гидравликалык сыноолорду даярдоочунун көрсөтмөсү боюнча жүргүзүшпөсө;
14) металл шарын айлантуу (ширетүүнү монтаждоо же оңдоо учурунда аларды чогултуу үчүн колдонуу учурундагы от казандарды жылытуунун түтүк үстүңкү беттеринин элементтери үчүн).
144. Ширетип бириктирүүнүн сапатын кабыл алуучу контролдоо бардык технологиялык операцияларды аткаруудан кийин жүргүзүлүшү мүмкүн.
145. Визуалдык жана өлчөөчү контролдоо, ошондой эле технологиялык документтерде караштырылган стилдик көчүрмөлөө (же башка металлдын факт жүзүндөгү маркасын же анда легирлөөчү элементтердин бардыгын тастыктоону камсыздоочу спектралдык метод) башка методдор менен контролдоонун алдында өткөрүлүшү керек.
146. Өткөрүлүүчү контролдоонун ар бир түрү жана контролдоо жери боюнча жыйынтыктар отчеттук документтерде катталууга тийиш (журналдар, формулярлар, протоколдор, маршруттук паспорттор).
147. Контролдоо каражаттары белгиленген тартипте метрологиялык текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш.
148. Дефектоскопия үчүн материалдардын ар бир партиясы (пенетранттар, күкүм, суспензиялар, радиографикалык пленка, химиялык реактивдер) аларды колдонуу башталганга чейин кире бериш контролдоого алынууга тийиш.
149. Ички басым алдында иштебей турган ширетилип карматылуучу деталдардын ширетүү биригүүлөрүн контролдоо методдору жана көлөмдөрү технологиялык документтер тарабынан аныкталышы керек.
150. Эгерде контролдоонун каалагандай алдын ала караштырылган түрүндө долбоордук жана технологиялык документтерде белгиленген жол берилген ченемдердин чектеринен тышкары чыга турган ички жана үстүртөн дефекттер табылбай турган болсо, ширетип бириктирүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыктарын оң деп таанышат
7-§. Визуалдык карап чыгуу жана өлчөөлөр
151. Бардык ширетүүчү биригүүлөр төмөнкү дефекттерди аныктоо максаттарында визуалдык карап чыгууга жана өлчөөлөргө тиешелүү болушат:
1) бардык түрлөрдөгү жана багыттардагы жаракалар;
2) тигиштин тышкы бетинин тешиктери жана борпоң көңдөйчөлөрү;
3) кесилиштер;
4) эрип агуулар, күйүп тешилүүлөр, эритилбей калган кратерлер;
5) ширетилүүчү элементтердин геометрикалык өлчөмдөрү жана өз ара жайгашуусу боюнча четтөөлөр;
6) ширетилүүчү элементтердин жээктеринин караштырылган ченемдерден жогору жылышуусу жана биргелешкен жээктен чыгарылышы;
7) бириккен жеринин формаларынын жана өлчөмдөрүнүн технологиялык документтердин талаптарына шайкеш келбестиги;
8) негизги металлдык жана ширетилүүчү биригүүлөрдүн үстүңкү беттериндеги дефекттер (чуңкурайып калуулар, катмарланып чыгуулар, раковиналар, жеткире ширетилбей калуу, борпоңдуктар, кошулуп кетүүлөр).
152. Ширетүү тигишинин үстүңкү бети жана ага жакын жайгашкан негизги металлдын туурасы тигиштен эки тарапка тең 20 мм кем эмес участоктору визуалдык карап чыгуунун алдында шлактан жана башка булгануулардан тазаланууга тийиш.
Ширетүү биригүүлөрүн карап чыгуу жана өлчөө тигиштин бүткүл узундугу боюнча тышкы жана ички тараптарынан (конструктивдүү мүмкүндүктөрү бар учурда) жүргүзүлүүгө тийиш. Эки тараптан ширетүү биригүүсүн карап чыгуу жана өлчөө мүмкүн болбогон учурда аны контролдоо долбоорду иштеп чыгуу тарабынан караштырылган тартипте жүргүзүлүшү керек.
153. Визуалдык карап чыгуу жана өлчөө учурунда аныкталышкан үстүртөн дефекттер башка талкалабоочу методдор менен контролду жүргүзүүгө чейин оңдолууга тийиш.
8-§. Ультрадобуш дефектоскопия жана радиографиялык контролдоо
154. Ультрадобуш дефектоскопиясы жана радиографиялык контролдоо ширетүү биригүүлөрүндөгү ички дефекттерди (жаракаларды, эрибей калууларды, шлак кошулуп кетүүлөрүн) аныктоо максаттарында жүргүзүлөт.
Контролдоо методун (ультрадобуш, радиографиялык, эки ыкма айкалыштыкта) металлдын физикалык сапаттарынын жана контролдоонун ушул методунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ширетүү биригүүлөрүнүн конкреттүү түрүнүн дефекттерин эң эле толук жана так аныктоону камсыздоо мүмкүндүгүнөн улам тандашат.
Басым алдындагы жабдуунун ар бир конкреттүү түрү үчүн контролдоо көлөмү долбоордук жана технологиялык документтерде көрсөтүлөт.
155. Оңдоочу кайра ширетүүгө туштан кошулган ширетүү биригүүлөрү (ширетүү биригүүсүнүн дефектин кетирүү), ультрадобуш дефектоскопиясы же радиографиялык контролдоо менен ширетүү биригүүлөрүнүн бүткүл узундугу боюнча текшерилүүгө тийиш.
Металлдын тандалмаларынын оңдоп ширетип коюулары ультрадобуш дефектоскопия же ширетип коюунун бүткүл участогу боюнча, негизги металлдагы ширетүүнүн термикалык таасиринин зонасын кошо алуу менен радиографикалык контролдоо менен текшерилиши керек, андан тышкары участоктун үстүңкү бети магнит күкүмү же капиллярдык дефектоскопия методу менен текшерилиши керек. Дубалдын бүткүл калыңдыгы боюнча ширетип коюу учурунда үстүңкү бетти контролдоо эки тарабынан тең жүргүзүлүүгө тийиш, контролдоо үчүн ички тарабынын жеткиликсиз учурларынан башка кездерде.
156. Эгерде ширетүүчү тарабынан аткарылган ширетүү биригүүлөрүн тандалма контролдоо учурунда жол берилбей турган дефекттер табыла турган болсо, анда ушул ширетүүчү тарабынан аткарылган бүткүл ширетүү биригүүлөрү боюнча бардык бир типтүү ширетүү биригүүлөрү контролдонуп чыгууга тийиш болот.
157. Кошулган жеринин ширетүү биригүүлөрүн ультрадобуштук дефектоскопиялоо жана радиографикалык контролдоо долбоордук документтерди иштеп чыгуусу менен макулдашуу боюнча талкалабай турган контролдоонун ички дефекттерди ширетүү бириктирүүлөрүнөн аныктоого мүмкүндүк бере турган башка методдор менен алмаштырылышы мүмкүн.
9-§. Капиллярдык жана магнит күкүмдүк контролдоо
158. Ширетүү бириктирүүлөрүн капиллярдык жана магнит күкүмдүк контролдоо методдору үстүртөн же үстүңкү беттин алдындагы дефекттерди аныктоо максаттарында технологиялык документация менен аныктала турган контролдоонун кошумча методдору болуп саналышат.
Капиллярдык жана магнит күкүмдүк контролдоонун классы жана сезимталдуулук деңгээли технологиялык документация тарабынан белгиленүүгө тийиш.
10-§. Стилоскопиялык контролдоо
159. Стилоскопиялык же металлдын иш жүзүндөгү маркасын тастыктоону же анда легирленүүчү элементтердин болушун камсыздоочу башка спектралдык методу менен контролдоону басым алдындагы жабдуунун ширетүү бириккен жерлеринин жана элементтеринин металлынын легирленүүсүнүн чиймелердин жана технологиялык документтердин талаптарына шайкештигин тастыктоо максаттарында жүргүзүшөт.
11-§. Катуулугун өлчөө
160. Ширетүү биригүүсүнүн металлынын катуулугун өлчөөнү ширетүү биригүүлөрүн термикалык иштеп чыгууну аткаруу сапатын текшерүү максаттарында жүргүзүшөт. Перлиттик жана мартенситтик-ферриттик класстардын легирленген жылуулук туруктуулук болотторунан, технологиялык документтер тарабынан белгиленген көлөмдө жана методдор менен жасалган ширетүү биригүүлөрүнүн бириккен жеринин металлынын катуулугу өлчөнүүгө тийиш.
12-§. Механикалык сыноолор, металлографиялык изилдөөлөр, кристаллдар аралык коррозияга каршы туруктуулугуна жүргүзүлүүчү сыноолор
161. Контролдук бириккен жерлердин ширетүү биригүүлөрү алардын механикалык сапаттарынын конструктордук жана технологиялык документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү максаттарында механикалык сыноолорго туш кылынууга тийиш. Механикалык сыноолордун милдеттүү түрлөрү болуп статикалык керилүүгө, статикалык ийилүүгө же бырышып-тырышып калууга карата сыноолор эсептелишет. Басым алдында иштей турган идиштер үчүн сыноолордун милдеттүү түрү болуп ошондой эле соккудан ийилип кетүүгө карата сыноо эсептелет. Соккудан ийилип кетүүгө карата сыноолорду ширетүү учурунда кызууга жакын болгон болоттордон жасалган идиштер үчүн, ошондой эле 5 МПадан жогору басым учурунда же 450°C жогору температурада, минус -20°C төмөн температурада иштөөгө арналган башка идиштер үчүн жүргүзүшөт.
Механикалык сыноолорду төмөнкү учурларда жүргүзүшөт:
1) ширетүү технологиясын аттестациялоо;
2) газ жана контакт ширетүү менен ширетилип бириктирилген кошулмаларды контролдоо;
3) флюс алдында ширетүү жана электршлак ширетүүсү учурунда колдонула турган ширетүү материалдарын кире бериште контролдоо.
Механикалык сыноолордун кайсы бир түрү боюнча канааттандырарлык эмес жыйынтыктар алынган учурда ошол эле контролдук ширетүү биригүүлөрүнөн кесилип алынган үлгүлөрдүн эки эселенген санына, алар боюнча канааттандырарлык эмес жыйынтыктар алынган сыноолордун түрлөрү боюнча кайталап сыноо жасоого жол берилет. Эгерде кайталап сыноо учурунда үлгүлөрдүн жок дегенде бирөөндө белгиленген ченемдерди канааттандырбай турган сапат көрсөткүчтөрү алына турган болсо, анда сыноолордун ушул түрүнүн жалпы баасы канааттандырарлык эмес болуп эсептелет.
162. Куйма жана соккуланып жасалган элементтердин, куйма деталдары бар түтүктөрдүн, ар түрдүү класстардагы болоттордон жасалган элементтердин ширетүү биригүүлөрүн, ошондой эле башка жалгыздан жасалган ширетүү биригүүлөрүнүн механикалык сыноолорун өткөрүү зарылдыгы, көлөмү жана тартиби долбоордук жана технологиялык документтер тарабынан белгиленет.
163. Металлографиялык изилдөөлөрдү мүмкүн болгон ички дефекттерди (жаракаларды, жетишсиз эритилүүлөрдү, борпоңдукту, шлак жана металл эмес кошулмаларды), ошондой эле ширетүү биригүүлөрүнүн сапаттарына терс таасир көрсөтө турган металлдын түзүлүшү менен болгон участокторду аныктоо максаттарында жүргүзүшөт.
Металлографиялык изилдөөлөрдү төмөнкү учурларда жүргүзүшөт:
1) ширетүү технологиясын аттестациялоо;
2) газ жана контакт ширетүү менен аткарылган ширетип бириктирилген кошулмаларды, ошондой эле ар түрдүү түзүмдүк класстардагы болоттордон жасалган деталдарды (ширетүү ыкмасынан көз карандысыз) контролдоо;
3) ширетилме бурчтук жана таврдык биригүүлөрдү, анын ичинде барабандар, коллекторлор, өткөргүч түтүктөр менен түтүктөрдү (штуцерлерди) бириктирүүлөрдү, ошондой эле үчилтик биригүүлөрдү контролдоо;
4) көмүртектүү болоттордон даярдалган жана жумушчу чөйрөсүнүн 350°C жогору температурасы менен иштей турган жабдуунун элементтеринин ширетүүчү биригүүлөрүнүн графитизациялоо даражасын контролдоо.
Металлографиялык изилдөөлөрдү төмөнкү учурларда жүргүзбөөгө жол берилет:
1) аустениттик класстагы болоттордон жасалган, калыңдыгы 20 мм чейинки идиштердин жана алардын элементтеринин ширетүү биригүүлөрү үчүн;
2) перлиттик класстагы болоттон даярдалган от казандардын жана өткөргүч түтүктөрдүн ширетүүчү биригүүлөрү үчүн, ушул биригүүлөрдүн 100% көлөмдө ультрадобуштук дефектоскопия же радиографикалык контролдоо менен контролдук кылуу гарттарында;
3) от казандардын жана өткөргүч түтүктөрдүн ысуучу беттеринин, иштердин автоматташтырылган цикли менен контакт бириктирүү ширетүүсү үчүн атайын машиналарда контакт ширетүү менен аткарылган ширетүү биригүүлөрү үчүн машинаны калыпка салуунун сапатын нөөмөт сайын контролдоочу үлгүлөрдү сыноо жолу менен.
164. От казандар, өткөргүч түтүктөр жана алардын элементтери үчүн кристаллиттер аралык коррозияга каршы туруктуулукка карата сыноолорду, технологиялык документтер менен караштырылган учурларда аустениттик болоттон жасалган ширетүүчү биригүүлөрдүн коррозиялык туруктуулугун тастыктоо максаттарында жүргүзүшөт.
Ширетүүчү биригүүлөр кристаллиттер аралык коррозияга каршы туруктуулукка карата сыноо аустениттик, ферриттик, аустениттик-ферриттик класстардагы болоттордон жана аустениттик жана ферриттик болоттордон жасалган коррозиялык-туруктуу катмары бар эки катмарлуу болоттордон даярдалган идиштер жана алардын элементтери үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн. Үлгүлөрдүн формалары, өлчөмдөрү, саны, сыноо методдору жана үлгүлөрдүн кристаллиттер аралык коррозияга жакын болуусуна баа берүү критерийлери долбоордук жана технологиялык документтердин талантарына шайкеш келүүгө тийиш.
165. Механикалык сыноолор, металлографиялык изилдөөлөр, кристаллиттер аралык коррозияга каршы туруктуулукка карата сыноолор контролдук ширетүү биригүүлөрүнөн даярдалган үлгүлөрдө аткарылышы керек. Контролдук ширетүүчү биригүүлөр контролдонуучу өндүрүштүк ширетүүлөргө (болоттун маркасы боюнча, баракчасынын калыңдыгы же түтүктөрүнүн өлчөмдөрү, жээктерин жасоонун формасы, ширетүү методу, ширетүүчү материалдары, мейкиндиктеги бириккен жеринин абалы, жылытуу режимдери жана температурасы, термоиштетип чыгарылуусу боюнча) окшош болушу керек жана ошол эле ширетүүчү тарабынан жана ошол эле ширетүү жабдуусунда контролдонуучу өндүрүштүк бириктирүү менен бир маалда аткарылышы керек.
Контролдук ширетүүчү биригүүнү 100% контролго, контролдоонун ошол эле талкалабоочу методдоруна туш кылышат, алар өндүрүштүк ширетүү бирикмелери үчүн караштырылышкан. Контролдоонун канааттандырарлык эмес жыйынтыктары учурунда контролдук биригүүлөр кайрадан эки эселенген санда даярдалууга тийиш. Эгерде кайталанган талкалабоочу контролдоо учурунда канааттандырарлык эмес жыйынтыктар алына турган болсо, анда жалпы жыйынтык дагы канааттандырарлык эмес болуп эсептелет. Бул учурда материалдардын сапаты, ширетүүчүнүн жабдуусу жана квалификациясы кошумча текшерүүдөн өткөрүлүүгө тийиш болот.
Контролдук биригүүлөрдүн өлчөмдөрү алардан сыноолордун жана изилдөөлөрдүн бардык караштырылган түрлөрү, ошондой эле кайталанган сыноолор жана изилдөөлөр үчүн жетиштүү сандагы үлгүлөрдү кесип алуу үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
Ширетип бириктирилген ар бир контролдук кошулмадан төмөнкүлөр кесилип алынууга тийиш:
1) статикалык керилүүгө карата сыноо үчүн эки үлгү;
2) статикалык ийилүү же жалпайып калууга карата сыноолор үчүн эки үлгү;
3) соккудан ийилүүсүнө карата сыноо үчүн үч үлгү;
4) көмүртектүү жана төмөнкү легирленген болоттон жасалган ширетүүчү биригүүлөрдү контролдоо учурунда металлографиялык изилдөөлөр үчүн бир үлгү (шлиф) жана экиден кем эмес - жогорку легирленген болоттон жасалган ширетилүүчү биригүүлөрдү контролдоо үчүн, эгерде бул технологиялык документация тарабынан караштырылган болсо;
5) кристалл аралык коррозияга каршы туруктуулукка карата сыноолор үчүн эки үлгү.
166. 100 мм кем түтүктөрдүн шарттуу өтмөгү жана дубалынын 12 мм кем эмес калыңдыгы менен болгон түтүктүү элементтердин контролдук кошулган жерлерин статикалык ийилүүгө карата сыноолор жалпайып калууга карата сыноолор менен алмаштырылышы мүмкүн.
13-§. Гидравликалык (пневматикалык) сыноо
167. Гидравликалык сыноону басым алдындагы жабдуунун тыгыздыгын жана бышыктыгын текшерүү, ошондой эле бардык ширетилген жана башка биригүүлөрүн текшерүү максаттарында төмөнкү учурларда жүргүзүшөт:
1) монтаждоочу жерге (ийине жеткире даярдоого) карата өз алдынча деталдар, элементтер же блоктор менен ташыла турган жабдууну орнотулуучу жеринде монтаждоодон (ийине жеткире даярдалгандан) кийин;
2) басым алдында иштей турган элементтерди ширетүүнү колдонуу менен жабдууну реконструкциялоодон (модернизациялоодон) кийин;
3) ушул Эрежелер менен белгиленген учурларда техникалык күбөлөндүрүүнү жана техникалык аныктоолорду жүргүзгөн учурларда.
Жабдуунун өз алдынча деталдарын, элементтерин же блокторун монтаждоочу жерде (ийине жеткире даярдоо) гидравликалык сыноо милдеттүү болуп саналбайт, эгерде алар даярдоочу жерлерде гидравликалык сыноодон өткөн болсо же ультрадобуш менен 100% контролдоого туш кылынса же башка ушуга теңдеш бузбай турган дефектоскопия методу менен текшерилген болсо.
Эгерде монтаждоо (ийине жеткире даярдоо) шарттарында аларды сыноону жабдуудан бөлөк өткөрүү мүмкүн болбой турган болсо, жабдуу менен чогуу өз алдынча жана чогултуу элементтерин гидравликалык сыноону өткөрүүгө жол берилет.
Жабдуунун жана анын элементтеринин гидравликалык сыноосун контролдоонун бардык түрлөрүнөн кийин, ошондой эле табылган дефекттерди четтетүүдөн кийин жүргүзүшөт.
168. Коргоочу каптоого же изоляциялоого ээ болгон идиштерди каптоосун кийгизгенге же изоляциялаганга чейин гидравликалык сыноого туш кылышат.
Тышкы каптоосу бар идиштерди ал каптоосун орнотконго чейин гидравликалык сыноодон өткөрүшөт.
Эмалданган идиштерди эмалдагандан кийин жумушчу басым менен гидравликалык сыноого туш кылууга жол берилет.
169. Буу жана суу ысытуучу казандар, буу ысыткычтар, экономайзерлер үчүн, ошондой эле өткөргүч түтүктөр үчүн от казандын чектеринде гидравликалык сыноо учурунда Рпр сынак басымынын минималдуу маанисин төмөнкүдөй кабыл алышат:
1) 0,5 МПадан жогору жумушчу басымы учурунда - 1,5 жумушчу басым, бирок 0,2 МПадан кем эмес;
2) 0,5 МПадан жогору жумушчу басымы учурунда - 1,25 жумушчу басым, бирок жумушчу басымынан кем эмес плюс 0,3 МПа.
Барабан казандардын, ошондой эле буу ысыткычтарынын жана экономайзерлердин гидравликалык сыноосун өткөрүү учурунда жумушчу басым катары сынамык басымдын маанилерин аныктоо учурунда казандын барабанындагы басымды кабыл алышат, ал эми барабансыз жана түз агып чыгуучу мажбурлап айландыруусу бар от казандар үчүн - от казанга кире беришиндеги ичилүүчү суунун долбоордук документтер тарабынан белгиленген басымын кабыл алышат.
Сынамык басымынын максималдуу маанисин буу жана суу жылытуучу казандардын бышыктыгына карата эсептөөлөр менен белгилешет.
Сынамык басымынын мааниси (максималдуу жана минималдуунун ортосунда) гидравликалык сыноого туш кылынып жаткан от казандын жана анын элементтеринин дефекттеринин же көп аныкталуучулугун камсыздоого тийиш.
170. Рпр сынамык басымынын маанисин металл идиштерди (куймаларынан башкаларын), ошондой эле электр казандарын гидравликалык сыноо учурунда төмөнкү формула боюнча аныкташат:
Рпр = 1,25 Р ([σ]20 / [σ]t), (1)
мында
Р - эксплуатациялоо жериндеги ийине жеткире даярдоо учурундагы эсептик басым, ал эми калган учурларда - жумушчу басым, МПа;
[σ]20, [σ]t - идиштин (электр казанынын) же анын элементтеринин материалы үчүн тиешелүүлүгүнө жараша 20°С жана эсептик температура (t) учурундагы жол бериле турган чыңалуулар, МПа.
Басым алдында иштей турган идиштин (электр казанынын) ([σ]20 / [σ]t) чогултуу бирдиктеринин материалдарынын катышын, ал үчүн бул эң төмөнкү болуп эсептелген идиштин элементтеринин, болтторду (шпилкаларды) чыгарып салуу менен, ошондой эле каптоотүтүктүү жылуулук алмаштыруучу аппараттардын жылуулук алмаштыруучу түтүктөрүнүн колдонулган материалдарынын ичиндегиси боюнча кабыл алышат.
Идишти сыноо учурундагы зоналар боюнча эсептелинген сынамык басымын анын эсептик басымы же эсептик температурасы эң аз мааниге ээ болгон зонаны эске алуу менен аныктоо керек болот.
Ар түрдүү эсептик параметрлери бар бир нече режимдер шарттарында иштөөсүнө арналган идишти сыноо үчүн сынамык басымын, ар бир режим үчүн сынамык басымдарынын белгилүү маанилеринен алынган максималдуусуна барабар катары кабыл алуу керек.
Эгерде сыноолор учурунда бышыктык жана герметикалуулук шарттарын камсыздоо үчүн фланец биригүүлөрүнүн болтторунун (шпилкаларынын) диаметрин, санын жогорулатуу же материалын алмаштыруу зарылдыгы пайда болгон учурда, сынамык басымын, анда сыноолорду өткөрүү учурунда болттордун (шпилкалардын) бышыктык шарттары алардын диаметрин, санын жогорулатпастан же материалын алмаштырбастан камсыздала турган максималдуу чоңдукка чейин төмөндөтүүгө уруксат берилет.
Эгерде идиш бүтүндөй же анын өз алдынча бөлүктөрү агып жылуучулук температуралар диапазонунда иштеген жана жол берилүүчү чыңалуу ушул бөлүктөрдүн материалдары үчүн [σ]1 эсептик температурасы учурунда узакка созулуучу бышыктын чегинин же агып жылуучулук чегинин базасында аныктала турган учурда, (1), (7) формулаларында [σ]t ордуна, убакыт мүнөздөмөлөрүнөн көз карандысыз: агып чыгуучулуктун чегинен жана жылып чыгуучулукту жана узакка созулган бышыктыкты эске албастан убакыт каршылыгынын базаларынан гана алынган [σ]m эсептик температурасы учурундагы жол бериле турган чыңалуунун чоңдугун пайдаланууга уруксат берилет.
Технологиялык өткөргүч түтүктөрүн гидравликалык сыноо учурундагы Рпр сынамык басымынын мааниси (1) формуласы боюнча аныкталат.
171. Куйма жана соккуланып жасалган идиштерди гидравликалык сыноо учурундагы Рпр сынамык басымынын мааниси төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Рпр= 1,5 Р ([σ]20 / [σ]t) (2)
Куйма жасалмаларын сыноону кураштырылган түйүндөгү чогултуудан жана ширетүүдөн кийин же даяр идиште идиштер үчүн кабыл алынган сынамык басымы менен, куйма жасалмаларын талкалабай турган методдор менен 100% контролдоо шарттарында жүргүзүүгө уруксат берилет.
172. Сокку илээшкектиги 20 Дж/см2дан ашык болгон металл эмес материалдардан даярдалган идиштерди жана деталдарды гидравликалык сыноо төмөнкү формула боюнча аныктала турган сынамык басымы менен жүргүзүлгөн болууга тийиш:
Рпр = 1,3 Р ([σ]20 / [σ]t) (3)
Сокку илээшкектиги 20 Дж/см2 жана андан төмөн болгон металл эмес материалдардан даярдалган идиштерди жана деталдарды гидравликалык сыноо төмөнкү формула боюнча аныктала турган сынамык басымы менен жүргүзүлгөн болууга тийиш:
Рпр= 1,6 Р ([σ]20 / [σ]t) (4)
173. Криогендик идиштерди гидравликалык сыноо учурундагы Рпр сынамык басымынын маанисин изоляциялоочу мейкиндикте вакуум бар болгон учурда төмөнкү формула боюнча аныкташат:
Рпр= 1,25 Р - 0,1 (5)
174. Металлпластик идиштерди гидравликалык сыноо төмөнкү формула менен аныктала турган сынамык басымы менен жүргүзүлгөн болууга тийиш:
Рпр = [1,25 Км + α (1 - Км)] Р ([σ]20 / [σ]t), (6)
мында
Км - металл конструкциясынын салмагынын идиштин жалпы салмагына карата катнашы;
α = 1,3 - сокку илээшкектиги 20 Дж/см2дан ашык болгон металл эмес материалдар үчүн;
α = 1,6 - сокку илээшкектиги 20 Дж/см2 жана андан төмөн болгон металл эмес материалдар үчүн.
175. Вертикалдуу орнотула турган идиштерди гидравликалык сыноону горизонталдык абалда өткөрүүгө уруксат берилет, мында идиштин корпусунун бышыктыгына карата эсептөө гидравликалык сыноону өткөрүү үчүн таканчыктын кабыл алынган ыкмасын эске алуу менен аткарылышы керек.
Комбинацияланган эки жана андан ашык жумушчу көңдөйлөрү бар, ар түрдүү басымдарга эсептелинген идиштерде, гидравликалык сыноого ар бир көңдөй көңдөйдүн эсептик басымына жараша аныктала турган сынамык басымы менен туш кылынууга тийиш.
Мындай идиштерди сыноолорду өткөрүү тартиби долбоордук техникалык документтерди иштеп чыгуучу тарабынан белгиленген жана идишти эксплуатациялоо боюнча колдонмодо көрсөтүлгөн болууга тийиш.
176. Буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүн, алардын блокторун жана өз алдынча элементтерин гидравликалык сыноо учурундагы сынамык басымынын минималдуу чоңдугу 1,25 жумушчу басымды түзүүгө тийиш, бирок 0,2 МПадан кем эмес болушу керек. Өткөргүч түтүктөрдүн арматурасы жана фасондук деталдары гидравликалык сыноого технологиялык документтерге ылайык сынамык басымы менен туш кылынууга тийиш. Сынамык басымдын максималдуу маанисин өткөргүч түтүктөрүнүн бышыктыгына карата эсептөөлөр менен белгилешет.
Сынамык басымдын мааниси (максималдуу жана минималдуунун ортосунда) гидравликалык сыноого туш кылына турган өткөргүч түтүктүн же анын элементтеринин дефекттеринин эң жогорку аныкталуучулугун камсыздоого тийиш.
177. Басым алдындагы жабдууну гидравликалык сыноо үчүн сууну колдонуу керек. Эгерде жабдууну даярдоочунун техникалык документтеринде борпоң талкалануунун алдын алуу шарттары боюнча жол бериле турган температуранын конкреттүү мааниси көрсөтүлбөсө, суунун температурасы 5°С төмөн эмес жана 40°С жогору болбошу керек.
10 МПа жана андан жогорку басым менен иштей турган буу өткөргүчтөрүн гидравликалык сыноо учурунда, алардын дубалдарынын температурасы 10°С кем болбоого тийиш.
Буу жана суу жылытуучу казандарды гидравликалык сыноо учурунда суунун температурасынын жогорку чеги долбоордук уюм менен макулдаштыруу боюнча 80°С чейин жогорулатылышы мүмкүн. Эгерде барабандын жогору жагынын металлынын температурасы 140°С ашып турса, анын гидравликалык сыноону жүргүзүү үчүн суу менен толтурулушуна жол берилбейт.
Гидравликалык сыноо үчүн колдонула турган суу жабдууну булгабоого же интенсивдүү коррозияны пайда кылбоого тийиш.
Гидравликалык сыноо маалындагы металлдын жана курчап турган абанын температураларынын айырмасы жабдуунун дубалдарынын үстүңкү бетиндеги нымдын конденсациясына алып келбөөгө тийиш.
Даярдоочу тарабынан караштырылган техникалык негизделген учурларда идиштерди эксплуатациялоо учурунда гидравликалык сыноолорду өткөрүү учурунда башка суюктукту колдонууга жол берилет.
178. Жабдууну суу менен толтуруу учурунда андагы аба толугу менен чыгарылууга тийиш.
Сыналып жаткан жабдуудагы басымды акырындык менен текши көтөрүү керек. Басымды көтөрүүнүн жалпы убактысы (сынамык маанисине чейин) технологиялык документтерде көрсөтүлгөн болууга тийиш. Гидравликалык сыноо учурунда суунун басымын эки манометрден кем эмес контролдоп туруу керек. Эки манометрди тең бир типте, өлчөө чеги, тактыктын бирдей класстары (1,5 тен кем эмес) жана бөлүштүрүү баасынан улам тандашат.
Кысылган абаны же башка газды суу менен толтурулган жабдуудагы басымды көтөрүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт.
Буу жана суу жылытуучу казандарды, анын ичинде электр казандарын, буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүн, ошондой эле кураштырылган түрдө орнотуу жерине коюлган идиштерди сынамык басым алдында кармап туруу убактысын даярдоочу эксплуатациялоо боюнча колдонмодо белгилейт жана ал 10 мүнөттөн кем болбоого тийиш.
Монтаждоо учурунда эксплуатациялоо жеринде ийине жеткире даярдалган элементтик блок алдына салгычтын идиштеринин сынамык басымы алдындагы кармап туруу убактысы төмөнкүдөн кем болбоого тийиш:
1) идиштин дубалынын 50 мм чейинки калыңдыгы учурунда 30 мүнөт;
2) идиштин дубалынын 50дөн 100 мм чейинки калыңдыгы учурунда 60 мүнөт;
3) идиштин дубалынын 100 мм жогору калыңдыгы учурунда 120 мүнөт.
Куйма, металл эмес жана көп катмарлуу идиштер үчүн дубалынын калыңдыгынан көз карандысыз кармап туруу убактысы 60 мүнөттөн кем болбоого тийиш.
Гидравликалык басым учурунда сынамык басым алдында технологиялык өткөргүч түтүктөрүнүн кармап туруу убактысы 15 мүнөттөн кем болбоого тийиш.
Эгерде технологиялык өткөргүч түтүгүн ал ага туташтырылган идиш (аппарат) менен чогуу сынап жатышкан болсо, кармап туруу убактысын идиш (аппарат) үчүн талап кылынуучу убакыт боюнча кабыл алышат.
179. Сынамык басымдын алдында кармап тургандан кийин басым эсептөө менен негизделген бышыктыкка карата, бирок анда жабдуунун тышкы үстүңкү бетин жана анын бардык ажыратыла турган жана ажыратылбас бириктирүүлөрүн визуалдык контролдоо жүргүзүлө турган жумушчу басымдан төмөн эмес мааниге чейин төмөндөйт.
180. Гидравликалык сыноонун жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталбаган учурда буу казандары сыноодон өткөн деп эсептелет:
1) көрүнүп турган калдык деформациялар;
2) жаракалар же айрылуу белгилери;
3) ширетүү, ажыратуу биригүүлөрүндө жана негизги металлдагы агып чыгуулар;
4) манометр боюнча басымдын түшүп кетүүсү.
От казандардын ажыратылма биригүүлөрүндө, алар убакытты кармап туруу учурунда өлчөмдөрүндө жогорулабай турган өз алдынча тамчылардын пайда болуусуна жол берилет.
181. Гидравликалык сыноонун жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталбаган учурда өткөргүч түтүк сыноодон өткөн деп эсептелет:
1) ширетүү биригүүлөрүндө жана негизги металлдагы агып чыгуулар, тердөөлөр;
2) көрүнүп турган калдык деформациялар;
3) жаракалар же айрылуу белгилери;
4) манометр боюнча басымдын түшүп кетүүсү.
182. Гидравликалык сыноонун жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталбаган учурда идиш сыноодон өткөн деп эсептелет:
1) ширетүү биригүүлөрүндө жана негизги металлдагы агып чыгуулар, жаракалар, тамуулар, тердөөлөр;
2) ажыратылуучу биригүүлөрүндөгү агып калуулар;
3) көрүнүп турган калдык деформациялар, манометр боюнча басымдын түшүп кетүүлөрү.
183. Гидравликалык сыноолорду жүргүзгөндөн кийин сыналып жаткан жабдуулардан сууну кетирүү зарыл.
Аларда гидравликалык сыноо учурунда дефекттер табылган жабдууну жана анын элементтерин, дефекттер четтетилгенден кийин сынамык басым менен кайталап гидравликалык сыноолорго туш кылышат.
184. 10 МПадан жогору эмес басымы менен болгон технологиялык өткөргүч түтүктөрүн, ошондой эле идиштерди гидравликалык сыноону пневматикалык сыноо менен (кысылган аба, инерттик газ же инерттүү газ менен абанын аралашмасы) акустикалык эмиссия методу менен бир маалда контролдогон шартта алмаштырууга уруксат берилет.
Пневматикалык сыноо учурундагы сынамык басымды төмөнкү формула менен аныктоо керек:
Рпр= 1,15 Р ([σ]20 / [σ]t),
мында
Р - жумушчу басым.
Эгерде пневматикалык сыноо учурунда, жумушчу шарттарга караганда борпоң бузулуу мүмкүндүгү учурунда жана анын кесепеттери олуттуу коркунуч туудуруп турса, сынамык басым техникалык негизделген деңгээлге чейин, бирок жумушчу басымдан кем эмес деңгээлге чейин төмөндөтүлүшү керек.
Даярдоочу тарабынан караштырылган техникалык негизделген учурларда, пневматикалык сыноолорду өткөрүү учурунда, жабдуунун эксплуатациялоо учурунда жүктөөчү чөйрө катары сыноолор объектинин газ сымал жумушчу чөйрөсүн пайдаланууга жол берилет, мында сынамык басымды (7) формуласы боюнча аныкташат.
Сынамык басым алдында идишти (технологиялык өткөргүч түтүгүн) кармап туруу убактысы пневматикалык сыноо учурунда 15 мүнөттөн кем болбошу жана технологиялык документтерде көрсөтүлүшү керек.
Сынамык басым алдында кармап туруудан кийин басымды эсептөөлөр менен негизделген бышыктык маанисине, бирок анда тышкы үстүңкү бетин визуалдык контролдоону жана ширетилген жана ажыратыла турган биригүүлөрүнүн герметикалуулугун текшерүүнү жүргүзүшө турган жумушчу басымдан кем эмес мааниге чейин төмөндөтүшөт.
14-§. Ширетилген кошулмалардагы дефекттерди оңдоо
185. Монтаждоо (ийине жеткире даярдоо), оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) сыноолор процессинде табылган, жол берилбей турган дефекттер оңдолгон участокторун андан ары контролдоо менен четтетилиши (оңдолушу) керек.
Дефекттерди четтетүү технологиясы технологиялык документтер менен белгиленет. Дефекттерди оңдоонун кабыл алынган технологиясынан четтөөлөр аны иштеп чыгуучулар менен макулдашылышы керек.
Дефекттерди четтетүү методдору жана сапаты жабдуунун зарыл болгон ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоосу керек.
186. Дефекттерди четтетүүнү тандоо жерлериндеги жай өтүүлөрдү камсыздоо менен механикалык ыкмада жүргүзүү керек. Ширетилиши керек болгон тандалмалардын максималдуу өлчөмдөрү жана формалары технологиялык документтер менен белгилешет.
Ички дефекттерин тандалманын үстүңкү бетин андан ары механикалык ыкма менен иштеп чыгуу менен кетирүү үчүн термикалык кесүү (кыруу) ыкмаларын колдонууга уруксат берилет.
Дефекттерди кетирүүнүн толуктугу визуалдуу жана талкалабай турган контролдоо методу (капиллярдык же магнит күкүмдүк дефектоскопия же ойдуруу) менен контролдонгон болушу керек.
187. Дефекттердин андан ары ширетилбестен табылган жерин тандоого деталдын дубалынын минималдуу жол бериле турган калыңдыгы тандоонун максималдуу тереңдиги жеринде сакталган шарттар учурунда жана эсептөө менен бышыктыкка карата тастыктоо учурунда уруксат берилет.
188. Эгерде оңдолгон участокту контролдоо учурунда дефекттер табыла турган болсо, анда кайталап оңдоо биринчисиндей эле тартипте жүргүзүлүүгө тийиш.
Дефекттерди ширетүү биригүүлөрүнүн бир эле участогундагы оңдоону үч иреттен көп эмес жүргүзүүгө уруксат берилет.
Түтүктөрдүн ширетүү биригүүлөрүн дефекттик кесип алуу учурунда жана андан кийин түтүктүн кесиндиси түрүндөгү салынманы ширетүүдө эки жаңы жасалган ширетүү биригүүлөрүн дефекттерди оңдоо деп эсептешпейт.
15-§. Аткарылган иштердин сапатын контролдоо. Жыйынтыктоочу документтерге карата коюлуучу талаптар
189. Монтаждоонун (ийине жеткире даярдоонун) сапатын контролдоо монтаждын сапаты жөнүндө күбөлүк менен тастыкталышы керек. Монтаждоонун сапаты жөнүндө күбөлүк монтаждоону жүргүзгөн уюм тарабынан түзүлөт, ушул уюмдун жетекчиси тарабынан, ошондой эле эксплуатациялоочу уюмдун жетекчиси тарабынан кол коюлат жана мөөрлөр басылат.
Монтаждоонун сапаты жөнүндө күбөлүктө төмөнкү маалыматтар бар болууга тийиш:
1) монтаждоочу уюмдун аталышы;
2) эксплуатациялоочу уюмдун аталышы;
3) жабдууну даярдоочу-уюмдун аталышы жана анын заводдук номери;
4) монтаждоочу уюм тарабынан колдонулган, даярдоочунун ташып жеткирүү көлөмүнө кирбей калган жана кошумча түрдө жабдуунун паспортунда көрсөтүлгөн маалыматтар;
5) ширетүүнүн түрүн, электроддордун тибин жана маркасын камтый турган ширетүү жөнүндө маалыматтар;
6) ширетүүчүлөрдүн фамилияларын жана алардын күбөлүктөрүнүн номерлерин камтыган ширетүүчүлөр жөнүндө маалыматтар;
7) ширетүү биригүүлөрүнүн термоиштетүүсү жөнүндө маалыматтар (түрү, режими);
8) ширетүү биригүүлөрүнүн сапатын контролдоо методдору, көлөмдөрү жана жыйынтыктары;
9) негизги арматура, фланецтер жана бекитүү деталдары, фасондук бөлүктөрү жөнүндө маалыматтар;
10) монтаждоо (ийине жеткире даярдоо) боюнча жүргүзүлгөн иштердин ушул Элердин, эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын), технологиялык документтердин талаптарына шайкештиги жана жабдуунун паспортто көрсөтүлгөн параметрлеринин учурунда эксплуатациялоого жарактуулугу тууралуу жалпы корутунду.
Жабдууну монтаждоонун сапаты жөнүндө күбөлүк анын ББ ТР 032/2013 талаптарына шайкештигин тастыктоо учурундагы далилдөөчү материалдардын бири болуп эсептелет.
Эксплуатациялоочу уюмга өткөрүп берүү учурунда монтаждоо сапаты жөнүндө күбөлүккө жабдуунун элементтерин даярдоо жөнүндө күбөлүктөр; ББ ТР 032/2013 талаптарына жабдуунун элементтеринин шайкештигин тастыктоочу документтер; монтаждоо учурунда колдонулган негизги жана ширетүүчү материалдарга карата документтердин (сертификаттардын) көчүрмөлөрү; ушул Элерге ылайык аткарылган, адистештирилген уюмда бекитилген формалар боюнча тариздетилген иштердин сапатын контролдоонун жыйынтыктары боюнча документтер (талкалабай турган, талкалоочу контролдоону жана гидравликалык же пневматикалк сыноолорду жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдор, корутундулар, отчеттор жана акттар).
190. Ширетүүнү жана термикалык иштеп чыгууну колдонуу менен оңдоо сапатын контролдоо төмөнкүлөрдү камтый турган аткарылган иштердин жыйынтыктары боюнча жыйынтыктоочу документтер менен тастыкталышы керек: ушул Элерге ылайык аткарылган, адистештирилген уюмда бекитилген формалар боюнча тариздетилген иштердин сапатын контролдоонун жыйынтыктары боюнча документтер (талкалабай турган, талкалоочу контролдоону жана гидравликалык же пневматикалык сыноолорду жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча протоколдор, корутундулар, отчеттор жана акттар); оңдоонун жумушчу чиймелери жана формулярлары, зарыл болгон учурда удаалаштык, иштерди аткаруу күндөрү жана жооптуу операциялар жөнүндө, аларды аткарышкан жумушчулар жөнүндө маалыматтар.
Оңдоочу жумушчу чиймелерде төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:
1) оңдоого же алмаштырууга тийиш болгон бузулган участоктор;
2) алмаштыруу учурунда колдонула турган материалдар;
3) түзөтүү менен, түзөтүү ыкмасын дайындоо менен оңдоого тийиш болгон деформацияланган элементтер жана элементтердин участоктору;
4) ширетүү биригүүлөрүнүн түрлөрү жана аларды аткаруу ыкмалары;
5) ширетүүдөн кийин ширетүү биригүүлөрүн иштеп чыгуу түрлөрү;
6) ширетүү биригүүлөрүн контролдоо методдору жана ченемдери (контролдоого же текшерилүүгө тийиш болгон жерлер);
7) номиналдуу өлчөмдөрдөн жол бериле турган четтөөлөр.
191. Оңдоого, оңдоо жумушчу чиймелерине карата технологиялык документтердин талаптарын сактоону контролдоону жабдууну оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) боюнча иштерди аткаруучу уюмдун техникалык контролдоо түзүлүшү жүзөгө ашырат.
192. Басым алдындагы жабдууну оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) боюнча иштерди аткаруу аяктагандан кийин, ушул иштерди жүргүзгөн уюм, жүргүзүлгөн иштердин мүнөзү жөнүндө маалыматтарды, ушул Элердин 190-пунктуна ылайык оңдоо документтеринин комплектин кошо тиркөө менен колдонулган материалдар жөнүндө маалыматтарды бериши керек, алардын негизинде эксплуатациялоочу уюмдун ыйгарым укуктуу адамы аткарылган иштер жөнүндө жазууну жабдуунун паспортуна жана оңдоо журналына жазат.
193. Басым алдындагы жабдууну монтаждоону (ийине жеткире даярдоону), оңдоону, реконструкциялоону (модернизациялоону) сапатсыз аткарган уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
16-§. Ишке киргизүүгө даярдоо талаптары
194. Эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) каралган учурларда ишке киргизүүгө даярдоо иштерин басым алдындагы жабдууда монтаждоонун сапаты жөнүндө күбөлүктү тариздөө жана алгачкы техникалык күбөлөндүрүү менен монтаждоо иштерин аяктагандан кийин жүргүзүшөт.
195. Басым алдындагы жабдууну ишке киргизүүгө даярдоо иштери өндүрүү башталганга чейин иштелип чыккан программа боюнча аткарылууга тийиш. Программаны тиешелүү иштерди аткаруучу уюм иштеп чыгат. Бул программа эксплуатациялоочу уюм менен макулдашылган болууга тийиш. Программада долбоор тарабынан белгиленген иштин бардык режимдеринде ишке киргизүүнү камсыздоо менен бардык технологиялык жана контролдоочу операцияларды аткаруу мазмуну жана тартиби чагылдырылышы керек.
Электр энергетика объекттеринде ишке киргизүүнү даярдоону диспетчердин башкаруусунда (иш алып баруусунда) турган жабдууда өткөргөн учурда, калыпка салуу иштеринин программасы энергетика системасынын аймактык диспетчердик түзүлүшү менен макулдаштырылышы керек.
196. Ишке киргизүүгө даярдоо учурунда ушул Эрежелерге жана программаларга ылайык иштерди аткарууну камсыздоочу сапатты контролдоо системасы колдонулууга тийиш.
197. Ишке киргизүүнү калыпка салуу иштерин жүргүзүүнүн узактыгы программа тарабынан жабдуунун татаалдыгына жараша аныкталат. Иштетүүнү калыпка салуу иштерин жүргүзүү үчүн жабдууну иштетүү, программа тарабынан белгиленген тартипте эксплуатациялоочу уюм жана жөнгө салуу уюму тарабынан биргелешип, төмөнкүлөрдү текшерүүдөн кийин жүзөгө ашырылат:
1) техникалык регламенттердин, долбоорлордун жана ушул Элердин талаптары менен караштырылган контролдоочу-өлчөөчү приборлору, коопсуздук жана сигнализация приборлору бар жана оң болушу;
2) билимдерин текшерүүдөн өткөн, окутулган тейлөөчү персоналдын жана аттестацияланган адистердин бардыгы;
3) жумушчу орундарында бекитилген өндүрүштүк нускамалардын жана зарыл болуучу эксплуатациялоочу документтердин болушу;
4) азыктандыруучу приборлорунун оң болушу жана ичилүүчү суунун зарыл болуучу сапаттарын камсыздоо (от казандар үчүн);
5) от казанды жалпы буу өткөргүчүнө кошуунун тууралыгы, ошондой эле азыктандыруучу үйлөтүүчү жана дренаждык сызыктарды туташтыруу;
6) отун берүү жабдуусун кабыл алуу акты (от казандар үчүн);
7) ишке киргизүүгө даярдоону жүргүзүүгө тоскоолдук кылуучу бардык монтаждоо иштерин аяктоо.
198. Басым алдындагы жабдууда ишке киргизүүгө даярдоо иштеринде аны тейлөө коопсуздугу үчүн жоопкерчилик ишке киргизүүгө даярдоо иштеринин программасы менен аныкталышы керек.
199. Ишке киргизүүгө даярдоо учурунда төмөнкүлөр жүргүзүлөт:
1) долбоор жана эксплуатациялоо боюнча колдонмо менен аныкталган учурларда жабдууну жана өткөргүч түтүктөрүн жууп тазалоо жана үйлөтүү;
2) жабдууну жана көмөкчү жабдууну сыноо, жумушчу чөйрөлөрүнүн айлануусун жөнгө салуу, тыгындоо арматурасынын жана жөнгө салуучу түзүлүштүн кол режиминде иштөөсүн текшерүү;
3) өлчөөчү приборлорду текшерүү, автоматташтыруу, сигнализация, коргоо, блокировкалоо, башкаруу системаларынын ишке жөндөмдүүлүгүн калыпка салуу жана текшерүү, ошондой эле сактоочу клапандарды жөнгө салуу;
4) технологиялык режимди иштеп чыгуу жана турукташтыруу, технологиялык режимдин сапаттык көрсөтмөлөрүнө талдоо жүргүзүү;
5) технологиялык процессти долбоордук талаптарга шайкеш келе турган өндүрүмдүүлүгү менен иштөөнүн туруктуу режимине чыгаруу.
От казандар үчүн кошумча күйүү режимин калыпка салууну жана суу-химиялык режимди калыпка салууну жүргүзүшөт.
200. Программада кооптуу заттарды колдонуу менен жабдууну калыпка салуу учурунда жана жарылгыч кооптуу зоналарда коопсуздук чаралары көрсөтүлүшү керек, ошондой эле инерттүү чөйрөлөрдө андан ары жумушчу чөйрөлөрдө калыпка салуу менен технологиялык процесстин стадияларын алдын ала сыноо караштырылышы керек.
201. Ишке киргизүүгө даярдоо иштери аяктаганда басым алдындагы жабдууну комплекстүү сыноону, ошондой эле көмөкчү жабдууну тиешелүү иштерди өткөрүүчү уюм тарабынан иштелип чыккан жана эксплуатациялоочу уюм менен макулдаштырылган комплекстүү сыноо программасы боюнча номиналдуу жүктөө учурунда жүргүзүшөт. Комплекстүү сыноонун башталышы жана аяктоосу жабдууну эксплуатациялоочу уюм жана ишке киргизүүнү даярдоо иштерин өткөрүүчү уюмдун биргелешкен буйругу менен белгиленет. От казандар үчүн комплекстүү сыноону 72 сааттын ичинде, ал эми жылуулук түйүндөрүнүн өткөргүч түтүктөрүн - 24 сааттын ичинде жүргүзүшөт.
Комплекстүү сыноонун аяктоосун басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоого тапшыруу каттоочу акт тарабынан таризделет. Акт менен бирге түзүлүштөрдү калыпка салуу жана жөндөө боюнча белгиленген жана факт жүзүндө алынган маалыматтарды чагылдыруучу таблицалары жана нускамалары, режимдик карталары, графиктери жана башка материалдары менен ишке киргизүүгө даярдоо жөнүндө техникалык отчет, ишке киргизүүгө даярдоо баскычында киргизилген бардык өзгөрүүлөрдүн сүрөттөөлөрү жана чиймелери менен берилүүгө тийиш.
4-глава. Эксплуатациялоого киргизүү, иштете баштоо (иштетүү) жана жабдууну эсепке алуу тартиби
202. Ушул Эрежелердин 3-пунктунда көрсөтүлгөн басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоого киргизүү жөнүндө чечимди, эксплуатациялоочу уюмдун жетекчиси жабдуунун иштетиле баштоосуна карата даярдыгын текшерүүнүн жыйынтыктарынын негизинде кабыл алат:
1) жабдуунун коопсуз эксплуатациялануусун өндүрүштүк контролдоону жүзөгө ашырууга жооптуу адис тарабынан ушул Эрежелердин 203-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардагы оң абалына жана коопсуз эксплуатациялануусуна жооптуу менен биргеликте;
2) эксплуатациялоочу уюмдун буйругу менен дайындала турган комиссия тарабынан ушул Эрежелердин 204-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда.
203. Жооптуу адистер тарабынан жүзөгө ашырыла турган текшерүүлөрдү:
1) эксплуатациялоо объектине чогултулган түрдө ташып келинген басым алдындагы жабдуунун ажыратылгыс биригүүлөрүн колдонуусуз монтаждоодон кийин;
2) демонтацияланып жана жаңы орунга орнотулган басым алдындагы жабдуунун ажыратылгыс биригүүлөрүн колдонбостон монтаждоодон кийин;
3) басым алдындагы ташылып жүрүлүүчү жабдууну колдонууну баштаганга чейин жүргүзүшөт.
204. Комиссия тарабынан жүзөгө ашырыла турган текшерүүлөрдү:
1) өз алдынча деталдар, элементтер же блоктор менен ташылып келине турган, анын ажыратылгыс биригүүлөрүн колдонуу менен толук чогултуусун (ийине жеткире даярдоосун) аны орнотуу (пайдалануу) ордунда монтаждоо учурунда жүргүзүшө турган жабдууну монтаждоодон кийин;
2) анын шайкештигин тастыктоо ББ ТР 032/2013 караштырылбаган басым алдындагы жабдууну монтаждоодон кийин;
3) жабдуунун негизги элементтерин алмаштыруу менен реконструкциялоо (модернизациялоо) же капиталдык оңдоодон кийин;
4) КӨОну жана (же) басым алдындагы жабдууну башка эксплуатациялоочу уюмдун колдонуусу үчүн өткөрүп берүү учурунда.
205. Жабдуунун иштетиле баштоого даярдыгын текшерүү комиссиясын жана анын эксплуатациялоого көзөмөлдүк кылууну уюштурууну төмөнкү курамда түзүшөт:
1) комиссиянын төрагасы - эксплуатациялоочу уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү;
2) комиссиянын мүчөлөрү, анын ичинде:
3) эксплуатациялоочу уюмдун өндүрүштүк контролдоону жүзөгө ашырууга жана жабдуунун оң абалда болушуна жана коопсуз эксплуатациялануусуна жооптуу адистери;
4) монтаждоочу уюмдун ыйгарым укуктуу өкүлү (ушул пункттун 1-пунктчасында белгиленген учурда);
5) ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын ыйгарым укуктуу өкүлү (ыйгарым укуктуу контролдоочу органдарда ушул Элердин 212-пунктуна ылайык эсепке алынууга тийиш болгон басым алдындагы жабдууну текшерүүнү жүзөгө ашыруу учурунда).
Макулдашуу боюнча комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү киргизишет: баштапкы техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүчү уюмду; даярдоочу жана (же) жабдууну ташып жеткирүүчү уюмду, ошондой эле мурда жабдууну эксплуатациялаган уюмду (ушул пункттун 4-пунктчасында белгиленген учурда).
Комиссиянын ишин уюштурууну эксплуатациялоочу уюмга жүктөшөт. Комиссиянын мүчөлөрүнө анын иши башталганга чейин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен расмий түрдө билдирилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
206. Жабдуунун ишке киргизилишине карата даярдыгын текшерүүнү жүргүзүү учурунда төмөнкүлөрдүн бар болушун контролдошот:
1) жабдууну даярдоочунун документтерин, монтаждоо сапатын күбөлөндүрүүчү документтерди (оңдоо же реконструкциялоо боюнча иштердин толуктугун жана сапатын), ишке киргизүүнү жөнгө салуу иштерин аяктагандан кийин жабдууну кабыл алууну тастыктоочу документтерди (зарыл болгон учурда аларды жүргүзүүнү), ошондой эле жабдуунун Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин тастыктоочу документтерин;
2) техникалык күбөлөндүрүүнүн оң жыйынтыктарын;
3) ишке киргизүүнү калыпка салуунун жана жабдуунун комплекстүү сыналуусунун (белгиленген учурларда) жыйынтыктары боюнча документтерди.
Басым алдындагы жабдууну текшерүүнү жүргүзүү учурунда төмөнкү параметрлер контролдонот:
1) долбоор менен шайкештикте арматуранын, контролдоочу-өлчөөчү приборлордун, коопсуздук приборлорунун жана технологиялык коргоолорунун бардыгын жана оң экендигин;
2) жабдуунун орнотуунун өнөр жай коопсуздук талаптарына шайкештигин жана анын жабдууну даярдоочунун эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) көрсөтүлгөн талаптарына ылайык иштетилишинин тууралыгын;
3) окутулган жана белгиленген тартипте иштөөгө уруксат берилген тейлөөчү персоналдык жана белгиленген тартипте аттестацияланган адистердин болушу;
4) жабдууну эксплуатациялоону жүзөгө ашырып жатышкан жооптуу адамдар жана адистер үчүн кызматтык нускамалардын болушу;
5) тейлөөчү персонал үчүн өндүрүштүк нускамалардын, ошондой эле ушул Элер менен караштырылган эксплуатациялоочу документтердин (журналдар, графиктер, нускамалар, акттар) болушу;
6) от казандын азыктандыруу приборлорунун оң болушу жана алардын долбоорго шайкеш келиши;
7) от казандын суу-химиялык режиминин ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келүүсү.
207. Жабдуунун иштетүүгө карата даяр болушун текшерүүлөрдүн жыйынтыктары басым алдындагы жабдуунун эксплуатациялоого киргизилишине карата даярдык акты менен таризделет. Актка текшерүүлөргө катышып жаткан бардык адистер (ыйгарым укуктуу өкүлдөр) кол коюшат жана басым алдындагы жабдуунун паспортуна кошо тиркешет. Басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоого киргизүү жөнүндө кабыл алынган чечимди эксплуатациялоочу уюмдун буйругу менен тариздетишет (тескөөчү документ) жана ал басым алдындагы жабдуунун эксплуатациялоого киргизүүгө карата даярдык актында көрсөтүлгөн корутундуларга карама-каршы келбөөгө тийиш.
Кабыл алынган чечим жөнүндө маалыматтар жабдуунун паспортуна жазылат жана эксплуатациялоочу уюмдун тескөө документтери менен ага тиешелүү кызматтык милдеттенмелер жүктөлгөн эксплуатациялоочу уюмдун жооптуу адисинин кол тамгасы же болбосо комиссиянын төрагасынын кол тамгасы менен күбөлөндүрүлөт (ушул Эрежелердин 205-пунктунда аталган учурларда).
208. Негизделген учурларда, аракеттеги объектинин шарттарында басым алдындагы жабдуунун жаңы эксперименттик үлгүлөрүнө изилдөөчүлүк сыноолорду жүргүзүү зарыл болгон учурда, ошондой эле басым алдындагы жабдууну ишке киргизүүгө даярдоону аяктоо долбоор тарабынан белгиленген бардык режимдерде баскычтуу туташтырыла турган керектөөчүлөр объекттеринин же технологиялык түзүлүштүн жана (же) технологиялык процесстин курамында аны менен биргеликте иштетүүгө арналган технологиялык жабдуунун даяр эместигинен улам мүмкүн болбогон учурда, эксплуатациялоочу уюмдун жетекчиси тарабынан басым алдындагы жабдууну тажрыйбалык колдонуу режиминде (алты айдан ашык эмес мезгилге) эксплуатациялоо мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.
Муну менен бирге жабдууну тажрыйбалык колдонуу режиминде эксплуатациялоо мүмкүндүгү жөнүндө чечимди кабыл алуу учурунда убактылуу эксплуатациялоо документтери (нускамалар, режимдик карталар жана технологиялык процесстин шарттары боюнча зарыл болгон учурларда убактылуу технологиялык регламенттер) долбоордук документтердин, эксплуатациялоо боюнча колдонмонун жана башка долбоорду иштеп чыгуучу уюмдун жана жабдууну даярдоочунун техникалык документтеринин негизинде иштелип чыгышы жана бекитилиши, ошондой эле тиешелүү квалификациядагы персоналдын жана адистердин болушу менен камсыздалышы керек.
Эксплуатациялоочу уюм басым алдындагы жабдууну тажрыйбалык колдонуу режиминде эксплуатациялоо боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө ыйгарым укуктуу контролдоочу органга жабдууну тажрыйбалык колдонуу режиминде эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар жана мөөнөттөрү тууралуу маалыматты берүү менен билдирүүгө тийиш.
Жабдууну тажрыйбалык колдонуу режиминде эксплуатациялоо аяктагандан кийин убактылуу эксплуатациялоочу документтердин негизинде мында алынган жыйынтыктарды эске алуу менен өндүрүштүк нускамалар, режимдик карталар жана туруктуу технологиялык регламенттер (технологиялык процесстин шарттары боюнча зарыл болгон учурларда) иштелип чыгууга жана бекитилүүгө тийиш жана жабдууну ушул Эрежелерде белгиленген тартипте эксплуатациялоого киргизүү жүзөгө ашырылууга тийиш.
209. Аны эксплуатациялоого киргизүү жөнүндө чечимдин негизинде жабдууну иштете баштоо (ишке киргизүү), ошондой эле аны эксплуатациялоо процессинде жабдууну иштете баштоо (ишке киргизүү) жана штаттык токтотуу анын оң абалы жана коопсуз эксплуатациялануусу үчүн жооптуу адамдын жазуу жүзүндөгү тескемесинин негизинде, эксплуатациялоочу уюмдун өндүрүштүк нускамалары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
210. Иштете баштоонун (ишке киргизүүнүн) алдында жабдуунун ар бир бирдигинде (100 литрге чейинки сыйымдуулугу менен ташылып жүрүүчү баллондордон тышкары) төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен табличка илинүүгө же жазуулар жазылып коюуга тийиш:
1) жабдуунун номерлери (эксплуатациялоочу уюмда кабыл алынган номерлештирүү системасы боюнча);
2) уруксат берилген параметрлер (басымы, температурасы);
3) кийинки тышкы жана ички карап чыгуулардын жана гидравликалык сыноонун күндөрү.
211. Дайындалышына жана чөйрөнүн параметрлерине жараша өткөргүч түтүктөр тиешелүү түскө боёлууга (таанытуу боёгу сүртүлүүгө) жана ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде аталган талаптарды эске алуу менен долбоордук документтерге жана өткөргүч түтүктүн схемасына ылайык маркалоочу жазууларга жана шарттуу белгилерге ээ болууга тийиш.
212. Басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоого киргизүү жана иштете баштоо (ишке киргизүү) жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин (ушул Эрежелердин 213-пунктунда аталган жабдууну кошпогондо) эксплуатациялоочу уюм КӨОну эксплуатациялоо жери боюнча ыйгарым укуктуу контролдоочу органга басым алдындагы жабдууну эсепке алууну жүзөгө ашыруу үчүн ушул Эрежелердин 214-пунктуна ылайык маалыматты жөнөтөт. Транспорттолуучу идиштер (цистерналар) анда аталган жабдууну оңдоо, техникалык тейлөө жана күбөлөндүрүү боюнча иштер өткөрүлө турган эксплуатациялоочу уюмдун аянтчасы турган жер боюнча ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга жатат. Ташууга ыңгайлуу (жылдырылма) от казан орнотмолорунун казандары бул жерде аларды үч айдан ашуун эксплуатациялоо мөөнөттөрүндө аларды эксплуатациялоо жери боюнча ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга жатат.
213. Басым алдындагы төмөнкү жабдуу ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга жатпайт:
1) капталынын температурасы 200°C жогору болбогон, басымды (МПа) сыйымдуулукка (м3) карата өндүрүү 0,05тен ашпаган 1-топтогу чөйрө менен (ББ ТР 032/2013 ылайык) иштей турган идиштер, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн температурада, басымды (МПа) сыйымдуулукка (м3) карата өндүрүү 1,0дөн ашпаган 2-топтогу чөйрө менен иштей турган идиштер (ББ ТР 032/2013 ылайык);
2) жылуулук сактоочу каптоочтун ичинде жайгаштырылган аба бөлүштүрүүчү орнотмолордун жана газдарды бөлүштүрүү аппараттары (регенераторлор, колонналар, жылуулук алмаштыргычтар, конденсаторлор, адсорберлер, бөлгүчтөр, бууланткычтар, чыпкалар, буу муздаткычтар жана жылыткычтар);
3) аба жана элегаздык электр өчүргүчтөрдүн резервуарлары;
4) стационардык орнотулган, ошондой эле кысылган, суюлтулган жана эритилген газдарды ташууга жана (же) сактоого арналган 100 литрге чейинки сыйымдуулуктагы баллондорду кошо эсептегенде суюлтулган газдарды ташуу үчүн челектер;
5) гидрометеорологиялык кызмат тарабынан колдонулуучу суутекти алуу үчүн генераторлор (реакторлор);
6) газды жана газ конденсатын ташууга жана утилдештирүүгө даярдоонун технологиялык процессине киргизилген идиштерге кирген мунайзатын жана газды казып алуунун жабык системасына киргизилген идиштер (скважинадан тартып магистралдык өткөргүч түтүккө чейин): сепарациялоонун бардык баскычтарынын сепараторлору, соккулоочу сепараторлор (газ линиясында, факелдерде), абсорберлер жана адсорберлер, конденсатты, абсорбентти жана ингибиторду газдан бошотуу идиштери, конденсат топтогучтар, мунайзаттын, газдын жана конденсаттын контролдук жана өлчөөчү идиштери;
7) басым алдында турган суюлтулган газдарды, суюктуктарды жана төгүлмө телолорду сактоо жана ташып жүрүү үчүн идиштер аларды мезгилдүү бошотуу учурунда;
8) алар орнотулган транспорт каражаттарынын кыймылдаткычтарын отун менен камсыздоого арналган кысылган жана суюлтулган газдары бар идиштер;
9) жер алдындагы тоо иштетмелерде орнотулган идиштер;
10) жумуш чөйрөсүнүн температурасы жумушчу чөйрөнүн 8,0 МПадан жогору басым учурунда 450°C ашпаган, ошондой эле жумушчу чөйрөсүнүн температурасы жумуш чөйрөнүн басымын чектөөсүз 450°C ашкан, шарттуу өтмөгү 70 мм жана андан аз болгон буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрү;
11) жумуш чөйрөсүнүн температурасы жумушчу чөйрөнүн 0,07 МПадан жогору 1,6 МПага чейинки басымы учурунда 250°C жогору 450°C чейинди түзгөн, ошондой эле жумуш чөйрөсүнүн температурасы жумушчу чөйрөнүн 1,6 МПадан жогору 8,0 МПага чейинки басымы учурунда 115°C жогору 450°C чейинди түзгөн, шарттуу өтмөгү 100 мм жана андан аз буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрү;
12) жумушчу чөйрөсүнүн параметрлери 250°C температурадан жана 1,6 МПа басымдан ашпаган буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрү (жылуулук электр станцияларынын, от казан жайларынын жана ишканалардын өндүрүштүк жайларынын имараттарынын чегинде жайгашкан 100 мм көп шарттуу өтмөгү бар өткөргүч түтүктөрдү кошпогондо, ошондой эле ушул Эрежелердин 2-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында аталган кооптуулук белгиси бар кооптуулуктун III классындагы КӨОнун курамындагы жылуулук тармактарынын өткөргүч түтүктөрүн кошпогондо);
13) технологиялык өткөргүч түтүктөр.
214. Басым алдындагы жабдууну эсепке алууга коюу үчүн бул жабдууну эксплуатациялоочу уюм ыйгарым укуктуу контролдоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) стационардык жабдууну орнотуу жерин, ташууга ыңгайлуу жабдууну колдонуу жерин жана көрсөтүлгөн жерде аны эксплуатациялоонун пландалган мезгилин, ошондой эле оңдоо үчүн өндүрүштүк аянтчанын жайгашкан жерин жана цистерналарды техникалык күбөлөндүрүүнү жана аларды колдонуунун пландалган регионун көрсөтүү менен эксплуатациялоочу уюм тууралуу маалыматты камтыган арыз;
2) басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоого киргизүүгө карата даярдык актысынын жана аны эксплуатациялоого киргизүү жөнүндө буйруктун (тескөө документинин) көчүрмөлөрү;
3) паспортто көрсөтүлгөн, эсепке алынууга тийиш болгон жабдуу жөнүндө кыскача маалыматтар, анын ичинде:
- жабдуунун аталышы же белгилениши, даярдалган жылы, завод-даярдоочу, заводдук номери (даярдоочунун номерлештирүү системасы боюнча);
- жабдуунун негизги техникалык мүнөздөмөлөрү, эсептик жана жумушчу (максималдуу, номиналдуу, минималдуу) параметрлери жана иштөө шарттары, жумушчу чөйрө жөнүндө маалыматтар, кызмат өтөөнүн эсептик мөөнөтү, эсептик ресурсу (өткөргүч түтүктөр, от казандар жана алардын негизги бөлүктөрү үчүн), иштетип баштоолордун эсептик саны (өткөргүч түтүктөр жана от казандар үчүн), идиштин иш циклдеринин (эгерде аныкталган болсо) же баллондорду толтуруунун максималдуу саны;
- техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү күнү жана кийинки техникалык күбөлөндүрүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө маалыматтар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
215. Басым алдындагы жабдуу колдонула турган КӨО Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 356 токтому менен бекитилген Объекттерди кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестрине каттоо жана мамлекеттик реестрди жүргүзүү жөнүндө жобого ылайык мамлекеттик реестрге катталууга тийиш.
5-глава. Басым алдында иштеген жабдууну эксплуатациялоого коюлган өнөр жай коопсуздугунун талаптары
1-§. Басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдарга жана ушул уюмдардын жумушчуларына коюлган талаптар
216. Басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюм, жеке ишкер (эксплуатациялоочу уюм) басым алдындагы жабдуунун оң абалда кармалып турушун жана аны эксплуатациялоонун коопсуз шарттарын камсыздоого тийиш.
Бул максаттарда төмөнкүлөр зарыл:
1) Кыргыз Республикасынын КӨОнун өнөр жайлык коопсуздугу тармагындагы мыйзамдарынын, ошондой эле ушул Эрежелердин жана Кыргыз Республикасынын өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо;
2) ушул Эрежелердин 222-пунктуна ылайык өнөр жай коопсуздугу тармагында аттестациялоодон өткөн адистердин арасынан басым алдындагы жабдууну коопсуз эксплуатациялоого өндүрүштүк контролду жүзөгө ашыруу үчүн жооптууну (жооптууларды), ошондой эле басым алдындагы жабдуунун оң абалына жана коопсуз эксплуатациялануусуна жооптууларды буйрук менен дайындоо. Басым алдындагы жабдууну коопсуз эксплуатациялоого өндүрүштүк контролду жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адис басым алдындагы жабдуунун оң абалы жана коопсуз эксплуатациялануусуна жооптуунун милдеттерин айкалыштыра албайт;
3) жабдууну тейлөөчү персоналдын (жумушчулардын) он сегиз жаштан кичүү эмес, квалификациялык талаптарды канааттандырган, көрсөтүлгөн ишке карата медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок жана белгиленген тартипте өз алдынча иштөөгө жол берилген адамдардын керектүү санын дайындоо;
4) басым алдындагы жабдууну тейлөө боюнча милдеттер жүктөлгөн жумушчулар аны оң абалда кармап тургандай жана аларга тапшырылган басым алдындагы жабдууга карап чыгуунун жана текшерүүнүн жыйынтыктарын нөөмөт журналына жазуу менен аны карап чыгуу, арматуранын, контролдоочу-өлчөөчү приборлордун, сактоочу жана тосмолоочу түзмөктөрдүн, сигнализация жана коргоо каражаттарынын аракетин текшерүү жолу менен байкоо жүргүзгүндөй тартипти белгилөө;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Эрежелер менен белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын камсыздоо үчүн эксплуатациялоочу уюмда колдонулуучу ченемдик документтердин тизмесин бекитүү;
6) басым алдындагы жабдуунун коопсуз эксплуатациялануусуна өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырууга жооптуу адис үчүн жана анын оң абалы жана коопсуз эксплуатациялануусуна жооптуу адис үчүн нускамаларды, ошондой эле долбоордук жана технологиялык документтер менен белгиленген технологиялык процесстин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жабдуунун конкреттүү түрүн эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) негизинде иштелип чыга турган жабдууну тейлөөчү жумушчулар үчүн өндүрүштүк нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү;
7) басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу жумушчуларды алардын милдеттерин, иштерди коопсуз өндүрүү тартибин жана жоопкерчилигин аныктоочу өндүрүштүк нускамалар менен камсыздоо. Персоналга өндүрүштүк нускамалар аларга иштөөгө уруксат берүүнүн алдында кол койдуруп алуу менен берилүүгө тийиш;
8) басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоо менен байланышкан адистерди өнөр жай коопсуздугу тармагында аттестациялоо, ошондой эле жумушчулардын билимдерин өндүрүштүк нускамалардын көлөмүндө текшерүү жана аларга иштөөгө уруксат берүү тартибин жана мезгилдүүлүгүн камсыздоо. Бул максаттарда белгиленген тартипте аттестацияланган жетекчилер менен башкы адистерден турган аттестациялоо боюнча комиссияны түзүү керек. Жумушчулардын билимдерин текшерүү боюнча комиссиянын курамына эксплуатациялоочу уюмдун аттестациялоо комиссиясынан аттестациялоодон өткөн оң абал жана коопсуз эксплуатациялоого жооптуу адистер киргизилет;
9) ушул Эрежелердин талаптарына жана эксплуатациялоочу уюмда кабыл алынган иштерди жүргүзүү системасына ылайык басым алдындагы жабдууну техникалык күбөлөндүрүү, диагностикалоо, техникалык тейлөө боюнча жана пландык-алдын алуучу оңдоо иштерин жүргүзүүнү камсыздоо;
10) эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) белгиленген даярдоочунун талаптарын сактоо, бузук болгон (ишке жөндөмсүз) жана анын иштөөсүнүн коопсуздугуна таасирин тийгизген дефекттер (бузулуулар) аныкталган, өнөр жай коопсуздугунун талаптарына шайкеш келбеген, арматурасы, контролдоочу-өлчөөчү приборлору, сактоочу жана тосмолоочу түзмөктөрү, сигнализация жана коргоо каражаттары бузук болгон, ошондой эле эгер техникалык диагностикалоону жүргүзүүсүз эксплуатациялоо мезгили даярдоочу тарабынан билдирилген, жабдуунун паспортунда көрсөтүлгөн кызмат өтөө мөөнөтүнөн (коопсуз эксплуатациялоо мезгилинен) ашып кеткен басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоого жол бербөө;
11) эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоо процессинде металлдын абалын контролдоо;
12) өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуулар аныкталган учурда аларды четтетүү жана андан ары алдын алуу боюнча чараларды көрүү;
13) 032/2013 ББ ТРнын, өнөр жай коопсуздугу тармагындагы башка ченемдердин жана эрежелердин талаптарына ылайык басым алдындагы жабдууну пайдалануу менен технологиялык процесстерди жүзөгө ашырууга арналган имараттарды жана курулмаларды карап чыгуу, тейлөө, иликтөө, оңдоо жүргүзүүнү камсыздоо.
Жабдуунун оң абалына жана коопсуз эксплуатациялануусуна жооптууну дайындоо жөнүндө буйруктун номери жана күнү жабдуунун паспортуна жазылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
217. Басым алдындагы жабдууну оң абалда (ишке жарактуу) кармап турууну камсыздоо жана авариялык кырдаалдар коркунучун алдын алуу үчүн эксплуатациялоочу уюм өз бөлүмдөрүнүн күчү жана (же) адистештирилген уюмдарды тартуу менен пландык-алдын алуучу оңдоолорду жүргүзүүнү жүзөгө ашырат. Басым алдындагы жабдууну жана анын элементтерин оңдоо жана техникалык тейлөө боюнча иштердин көлөмү жана мезгилдүүлүгү эксплуатациялоочу уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитиле турган графикке ылайык эксплуатациялоо боюнча колдонмолордо (нускамаларда) көрсөтүлгөн талаптарды, ошондой эле басым алдындагы жабдууну техникалык күбөлөндүрүүнүн (диагностикалоонун) жана иштөө учурунда эксплуатациялык контролдоонун жыйынтыктары боюнча алынган жабдуунун учурдагы абалы жөнүндө маалыматты эске алуу менен аныкталат.
218. Эксплуатациялануучу жабдууну оңдоо, реконструкциялоо (модернизациялоо) жана жөндөө боюнча иштерди аткарууну жүзөгө ашыруучу эксплуатациялоочу уюм өз курамында ушул Эрежелердин 3-главасында аталган тиешелүү талаптарга жооп бере турган адистештирилген бөлүмгө (бөлүмдөргө) ээ болууга тийиш.
219. Басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоо менен тике байланышкан жумушчулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) белгиленген тартипте өнөр жай коопсуздугу боюнча аттестациялоодон (адистер), анын ичинде ушул Эрежелердин талаптарын билүүсүн (аны эксплуатациялоого аларга уруксат бериле турган конкреттүү жабдуунун тибине жараша) текшерүүдөн өтүүгө жана иштерди аткаруу процессинде өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузбоого;
2) квалификациялык талаптарга (жумушчулар) шайкеш келүүгө жана белгиленген тартипте берилген иштин тиешелүү түрлөрү боюнча өз алдынча иштөө укугуна карата күбөлүккө ээ болууга жана өндүрүштүк нускамалардын талаптарын бузбоого;
3) басым алдындагы эксплуатациялануучу жабдуунун ишке жөндөмдүүлүк критерийлерин билүүгө, технологиялык процессти сактоону контролдоого жана авариялык кырдаал коркунучу пайда болгон учурда бул тууралуу өзүнүн тике жетекчисине маалымдоо менен жабдуунун ишин токтотууга;
4) авариялык кырдаалга алып келиши мүмкүн болгон басым алдындагы жабдуунун бузулуулары белгилүү болгон же жабдуунун жумушка жараксыз абалы далилденген учурда басым алдындагы жабдууну ишке жарактуу абалга келтиргенге чейин ишке киришпөөгө;
5) басым алдындагы жабдуунун коопсуз эксплуатациялануусу камсыздалбаган шарттарда жана технологиялык процесстен четтөөлөр белгилүү болгон жана басым алдындагы жабдуунун иш параметрлеринин маанилеринин жол берилбеген жогорулоо (төмөндөө) учурларында ишке киришпөөгө же ишти токтотууга;
6) басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоо учурунда авариялар жана инциденттер пайда болгон учурларда нускамаларда белгиленген талаптарга ылайык аракеттенүүгө.
220. Ушул Эрежелердин 216-пунктунун 2-пунктчасында аталган жооптуу адамдардын саны жана (же) өндүрүштүк контролдоо кызматынын саны жана анын түзүмү эксплуатациялоочу уюм тарабынан жабдуунун түрүн, анын санын, эксплуатациялоо шарттарын жана эксплуатациялык документтердин талаптарын эске алуу аркылуу эксплуатациялоочу уюмдун кызматтык нускамалары жана тескөө документтери менен жооптуу адамдарга жүктөлгөн милдеттерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн зарыл болгон убакытты эсептөөнү негиз кылып алуу менен аныкталууга тийиш.
Эксплуатациялоочу уюм жооптуу адистердин аларга жүктөлгөн милдеттерин аткаруусу үчүн шарттарды түзүп берүүгө тийиш.
221. Басым алдындагы жабдуунун оң абалы жана коопсуз эксплуатациялануусу үчүн жоопкерчилик бул жабдууну тейлөөнү жана оңдоону камсыздоочу адистер жана жумушчулар түз баш ийген техникалык кесиптик билимге ээ болгон адистерге жүктөлүүгө тийиш, бул үчүн эксплуатациялоочу уюмдун түзүмүн эске алуу менен басым алдындагы жабдуунун оң абалына жооптуу адистер жана анын коопсуз эксплуатациялануусуна жооптуу адистер дайындалышы мүмкүн.
Жооптуу адистердин өргүүдө, иш сапарында болгон, ооруп калган мезгилинде же ордунда жок болгон башка учурларында алардын милдеттерин аткаруу буйрук менен аларды кызмат орду боюнча алмаштырып жаткан, тиешелүү квалификацияга ээ, белгиленген тартипте өнөр жай коопсуздугу боюнча аттестациялоодон өткөн жумушчуларга жүктөлөт.
222. Басым алдындагы жабдуунун оң абалы жана коопсуз эксплуатациялануусу үчүн жооптуу адистерди, ошондой эле иши басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоо менен байланышкан башка адистерди аттестациялоо эксплуатациялоочу уюмдун аттестациялык комиссиясында, ошондой эле ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссияларында (борбордук аттестациялык комиссия, аймактык аттестациялык комиссиялар) жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссияларында уюмдардын жетекчилери жана башкы адистери аттестациядан өтүшөт. Уюмдардын тилкелик инженердик-техникалык курамы аттестациялануучулар иштеген уюмдардын (эксплуатациялоочу уюмдардын) комиссияларында аттестациядан өтүшөт. Эксплуатациялоочу уюмдун аттестациялык комиссиясынын курамына басым алдындагы жабдуунун коопсуз эксплуатациялануусу үчүн өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырууга жооптуу адис киргизилүүгө тийиш.
Мында ушул Эрежелердин 96-пунктунда келтирилген ченемдик документтерди жетекчиликке алуу зарыл.
223. Басым алдындагы жабдууну коопсуз эксплуатациялоо үчүн өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырууга жооптуу адис төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) басым алдындагы жабдууну карап чыгууга жана аны эксплуатациялоодо белгиленген режимдердин сакталышын текшерүүгө;
2) басым алдындагы жабдууну күбөлөндүрүү үчүн даярдоого жана өз убагында көрсөтүүгө контролду жүзөгө ашырууга жана басым алдындагы жабдууну эсепке алууну жана аны күбөлөндүрүүлөрдү кагаз жана электрондук түрдө эсепке алууну жүргүзүүгө;
3) ушул Эрежелердин жана Кыргыз Республикасынын басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоодо өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырууга, өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуулар белгилүү болгон учурда аткарууга милдеттүү болгон бузууларды жоюу боюнча эскертмени берүүгө жана алардын аткарылышын контролдоого, ошондой эле ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын жана башка ыйгарым укуктуу органдардын өкүлү тарабынан берилген эскертмелерди аткарууга;
4) оңдоону (реконструкцияны) жүргүзүүнүн өз убагында жана толук болуусун контролдоого, ошондой эле оңдоо иштерин жүргүзүүдө ушул Эрежелердин талаптарын сактоого;
5) жумушчуларга уруксат берүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын, ошондой эле аларга өндүрүштүк нускамалардын берилишин текшерүүгө;
6) басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоо жана оңдоо учурунда техникалык документтерди жүргүзүүнүн тууралыгын текшерүүгө;
7) басым алдындагы жабдууну изилдөөлөргө жана күбөлөндүрүүлөргө катышууга;
8) өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган жумушчуларды ишинен четтетүүнү жана билимдерин кезектен тышкары текшерүүнү талап кылууга;
9) аварияга каршы машыгуулардын өткөрүлүшүн контролдоого;
10) анын кызматтык милдеттенмелерин аныктай турган документтердин башка талаптарын аткарууга.
224. Басым алдындагы жабдуунун оң абалына жана коопсуз эксплуатациялануусуна жооптуу адис төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) басым алдындагы жабдууну оң (ишке жарактуу) абалда кармап турууну, тейлөөчү персоналдын өндүрүштүк нускамаларды аткаруусун, оңдоолордун өз убагында жүргүзүлүүсүн жана жабдууну техникалык күбөлөндүрүүгө жана диагностикалоого даярдоону камсыздоого;
2) басым алдындагы жабдууну кызматтык нускамада белгиленген мезгилдүүлүк менен карап чыгууга;
3) нөөмөт журналындагы жазууларды ага кол коюу менен текшерип турууга;
4) басым алдындагы жабдуунун паспортторун жана монтаждоо жана эксплуатациялоо боюнча уюмдардын-даярдоочулардын колдонмолорун (нускамаларын) сактоого, эгерде документтерди сактоонун башка тартиби эксплуатациялоочу уюмдун тескөөчү документтери менен белгиленбеген болсо;
5) басым алдындагы жабдууну изилдөөлөргө жана техникалык күбөлөндүрүүлөргө катышууга;
6) тейлөөчү персонал менен аварияга каршы машыгууларды өткөрүүгө;
7) белгилүү болгон бузулууларды жоюу боюнча эскертмени өз убагында аткарууга;
8) циклдик режимде эксплуатациялануучу басым алдындагы жабдууну жүктөөнүн циклдерин иштеп чыгууларды эсепке алууну жүргүзүүгө;
9) анын кызматтык милдеттерин аныктоочу документтердин башка талаптарын аткарууга.
225. Квалификацияларды ыйгаруу менен жумушчуларды кесиптик окутуу жана жыйынтыктоочу аттестациялоолор билим берүү уюмдарында, ошондой эле эксплуатациялоочу уюм тарабынан Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык атайын түзүлө турган курстарда жүргүзүлүүгө тийиш. Иштерди аткаруунун коопсуз методдору боюнча билимдерин текшерүү жана өз алдынча ишке уруксат берүү тартиби эксплуатациялоочу уюмдун тескөөчү документтери менен аныкталат.
226. Басым алдындагы жабдууну тейлөөчү персоналдын (жумушчулардын) билимин мезгилдүү текшерүү 12 айда бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш. Билимдерин кезектен тышкары текшерүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) башка уюмга өткөн учурда;
2) жабдуу алмаштырылган, реконструкцияланган (модернизацияланган), ошондой эле технологиялык процесске жана нускамаларга өзгөртүүлөр киргизилген учурда;
3) жумушчулар башка типтеги от казандарды тейлөөгө которулган учурда, ошондой эле алар тейлөөчү от казанды отундун башка түрүн жагууга которуу учурунда.
Жумушчулардын билимдерин текшерүү боюнча комиссия эксплуатациялоочу уюмдун буйругу менен түзүлөт, анын ишине ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын өкүлүнүн катышуусу милдеттүү эмес.
Тейлөөчү персоналдын (жумушчулардын) билимдерин текшерүүнүн жыйынтыктары комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн колу коюлган протокол менен өз алдынча ишке уруксат берүү жөнүндө күбөлүктө белгилөө менен таризделет.
227. Кесиптик окутуудан кийин өз алдынча ишке алгачкы жолу уруксат берүүнүн алдында, ушул Эрежелердин 226-пункту менен каралган билимдерди кезектен тышкары текшерүүдөн кийин өз алдынча ишке уруксат берүүнүн алдында, ошондой эле адистиги боюнча ишинде 12 айдан ашуун тыныгуу жасаган учурда, тейлөөчү персонал (жумушчулар) билимдерин текшергенден кийин практикалык көндүмдөрдү алуу (калыбына келтирүү) үчүн стажировкадан өтүүгө тийиш. Стажировканын программасын эксплуатациялоочу уюмдун жетекчилиги бекитет. Стажировканын узактыгы технологиялык процесстин жана басым алдындагы жабдуунун татаалдыгына жараша аныкталат.
Персоналга басым алдындагы жабдууну өз алдынча тейлөөгө уруксат берүү цех же уюм боюнча буйрук (тескеме) менен таризделүүгө тийиш.
2-§. От казандарды эксплуатациялоого коюлган талаптар
228. От жагуучу имаратта саат жана бууну жана ысык сууну керектөөчүлөр, ошондой эле техникалык кызматтар жана эксплуатациялоочу уюмдун администрациясы менен байланышуу үчүн телефон болууга тийиш. Казан-утилизаторлорду эксплуатациялоо учурунда, мындан тышкары казан-утилизаторлордун жана жылуулук булактарынын пульттарынын ортосунда телефондук байланыш орнотулууга тийиш.
229. От казандар эксплуатациялануучу имараттарга жана жайларга от казандарды жана басым алдындагы жабдууларды эксплуатациялоого тиешеси жок адамдар киргизилбеши керек . Зарыл болгон учурларда чоочун адамдар аталган имараттарга жана жайларга эксплуатациялоочу уюмдун уруктагы жана анын өкүлүнүн коштоосу менен гана киргизилиши мүмкүн.
230. От казандарды тейлөө боюнча нөөмөттө турган адистерге жана жумушчуларга от казан иштеп жаткан убакта от казанды жана технологиялык көмөкчү жабдууну эксплуатациялоо боюнча өндүрүштүк нускамада каралбаган кандайдыр бир башка иштерди аткарууга тапшырма берүүгө тыюу салынат.
231. От казанды тейлөөчү персоналга от казан иштеп жаткан убактагыдай эле, аны токтоткондон кийин да андагы басым атмосфералык басымдын маанисине тең болуп төмөндөгөнгө чейин дайыма байкоо жүргүзүп туруусуз калтырууга тыюу салынат.
Алардын ишине тейлөөчү персонал тарабынан дайыма байкоо жүргүзбөстөн от казандарды эксплуатациялоого төмөнкүлөрдү камсыздоочу автоматика, сигнализация жана коргоо болгон учурда жол берилет:
1) иштин долбоордук режимин жүргүзүү;
2) авариялык кырдаалдарды жоюу;
3) от казандын бузулуусун пайда кылуучу иш режимдери бузулган учурда от казанды токтотуу.
232. Үстүңкү бетинин температурасы жогору болгон от казандардын жана өткөргүч түтүктөрдүн тейлөөчү персоналдын тике тийишип кетүүсү мүмкүн болгон элементтеринин участоктору айлана-чөйрөнүн температурасы 25°C ашпаган учурда тышкы бетинин температурасынын 55°C ашпай тургандыгын камсыздаган жылуулук сактоочу менен капталууга тийиш.
233. Чоюн экономайзерлери бар от казандарды эксплуатациялоодо чоюн экономайзерден чыга беришинде суунун температурасынын мааниси буу казанындагы каныккан буунун температурасынын же суу ысытуучу казандагы суунун болгон жумуш басымындагы буу жаратуунун температурасынын 20°C кем эмес болуусун камсыздоо зарыл.
234. Отунду жагуу учурунда от казандарда төмөнкүлөр камсыздалууга тийиш:
1) мешти анын капталдарына ыргытпай шамана менен текши толтуруу;
2) мештин көлөмүндө туруп калуучу жана начар желдетилүүчү зоналардын пайда болуусун болтурбоо;
3) отундун иш режимдеринин берилген диапазонунда жалындын үзүлбөстөн жана тез күйүп кетпестен туруктуу күйүүсү;
4) суюк отундун тамчыларынын полго жана мештин капталдарына тамуусун, ошондой эле көмүр чаңынын сепарациялануусун (эгерде мештин көлөмүндө аны аягына чейин күйгүзүү боюнча атайын чаралар каралбаган болсо) болтурбоо. Суюк отунду жагууда форсункалардын алдына отундун казандар туруучу жайдын полуна тамып калуусун алдын алуу үчүн кум салынган идиштерди орнотуу керек.
Чаң-көмүр күйгүчтөрүнүн от жагуучу түзмөктөрү үчүн от жагуучу отун катары от жагуучу мазут же жаратылыш газы колдонулууга тийиш.
Тамызылуучу температурасы 61°C төмөн эмес суюк отундун башка түрлөрүн колдонууга жол берилет.
Отундун жеңил тутануучу түрлөрүн тамызуучу катары колдонууга жол берилбейт.
235. Эксплуатациялоо процессинде эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) белгиленген тартипте жүктөмдүн бөлүштүрүлүшүнүн текшилигине көз салып туруу жана илме системанын элементтеринин абалын контролдоо, ошондой эле монтаждан кийин жана от казанды эксплуатациялоо процессинде илмектердин керилүүсүн жөнгө салууну камсыздоо зарыл.
236. Сактоочу элементти коргоочу түзмөк менен туташтыруучу патрубоктон же өткөргүч түтүктөн чөйрөнү тандап алууга жол берилбейт.
237. Бууну клапандарга алып келүүсүндө жана импульстук жана импульстук сактоочу түзмөктөрдүн башкы клапандарынын ортосундагы өткөргүч түтүктөрдө тыгындоочу органдарды орнотууга тыюу салынат.
238. Вертикалдуу же алдыга карай 30°C ашпаган бурч менен жантайып орнотулган, тике таасир берүүчү суу деңгээлинин көрсөткүчтөрү суунун деңгээли от казандарды тейлеген персоналдын жумуш ордунан жакшы көрүнгөндөй кылып жайгаштырылууга жана жарык кылынууга тийиш.
Персоналды 4 МПадан жогору басымы бар от казандардагы тунук пластиналардын бузулуусунан коргоо үчүн тике таасир берүүчү суунун деңгээлинин көрсөткүчтөрүндөгү коргоочу каптоонун бар экендигин жана бүтүндүгүн контролдоо керек.
239. Эгерде буу казанындагы суунун деңгээлине байкоо жүргүзүлө турган аянтчадан тартып тике таасир берүүчү суунун деңгээлинин көрсөткүчтөрүнө чейинки аралык 6 м ашыкты түзсө, ошондой эле приборлор начар көрүнгөн учурларда деңгээлдин эки төмөндөтүлгөн аралык көрсөткүчтөрү орнотулууга тийиш. Бул учурда казандын барабандарында тике таасир берүүчү суу деңгээлинин бир көрсөткүчүн эксплуатациялоого жол берилет.
Деңгээлдин төмөндөтүлгөн аралык көрсөткүчтөрү казандын барабанына өзүнчө штуцерлерде суунун деңгээлинин башка көрсөткүчтөрүнөн көз карандысыз туташтырылууга жана тынчытуучу түзмөккө ээ болууга тийиш.
Казан-утилизаторлор жана энергия технологиялык от казандар үчүн деңгээлдин аралык көрсөткүчтөрүнүн көрсөтмөлөрү от казанды башкаруу пультуна чыгарылууга тийиш.
240. Эгерде от казандын долбоору менен тике таасирдин деңгээлинин көрсөткүчтөрүнүн (суу көрсөтүүчү айнеги менен) ордуна башка конструкциядагы деңгээл көрсөткүчтөрү (деңгээлдин магниттик көрсөткүчү) каралган болсо же аларды орнотуу от казанды реконструкциялоо (модернизациялоо) учурунда жүргүзүлгөн болсо, анда өндүрүштүк нускамага от казанды эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) же орнотулган деңгээл көрсөткүчүн тейлөө жана анын көрсөткүчтөрүн алуу тартиби боюнча реконструкциялоого (модернизациялоого) долбоордук документтерде каралган көрсөтмөлөр киргизилүүгө тийиш.
241. Манометр шкаласын жумуш басымында манометрдин жебеси шкаланын үчтөн экисинде тургандай шартты негиз кылып алуу менен тандашат.
Манометрдин шкаласында суюктук мамысынын салмагынан кошумча басымды эске алуу менен ушул элемент үчүн жумуш басымына туура келүүчү бөлүү деңгээлинде кызыл сызык сызылууга тийиш.
Кызыл сызыктын ордуна манометрдин корпусуна металлдан (же тиешелүү бекемдиктеги башка материалдан) жасалган кызыл түскө боёлгон жана манометрдин айнегине тыгыз жабыштырыла турган пластинканы жабыштырууга жол берилет.
Манометр анын көрсөткүчтөрү тейлөөчү персоналга даана көрүнгөндөй кылып орнотулууга тийиш, мында анын шкаласы вертикалдуу же көрсөткүчтөрдүн көрүнүүсүн жакшыртуу үчүн алдыга карай 30°C жантайтуу менен жайгаштырылууга тийиш.
Манометрге байкоо жүргүзүү аянтчасынын деңгээлинен 2 м чейинки бийиктикте орнотула турган манометрлердин номиналдык диаметри 100 мм кем болбоого, 2ден 5 м чейинки бийиктикте орнотула тургандарында - 160 мм кем эмес; 5 м жогору бийиктикте орнотула тургандарында - 250 мм кем эмес болууга тийиш. Манометрди 5 м жогору бийиктикте орнотууда аны кайталоочу катары төмөндөтүлгөн манометр орнотулууга тийиш.
242. Манометрди үйлөтүү, текшерүү жана өчүрүү үчүн ар бир манометрдин алдында үч жүрүшү бар кран же башка ушуга окшош түзмөк орнотулууга тийиш; буу басымын өлчөөгө арналган манометрдин алдында мындан тышкары диаметри 10 мм кем болбогон сифон түтүкчө орнотулууга тийиш.
Басымы 4 МПа жана андан жогору болгон от казандарда манометрди казандан өчүрүүгө, анын атмосфера менен байланышын камсыздоого жана сифон түтүкчөсүн үйлөтүүнү жүргүзүүгө мүмкүндүк бере турган вентилдер орнотулууга тийиш.
243. От казандарды эксплуатациялоодо төмөнкүлөр камсыздалууга тийиш:
1) бардык негизги жана көмөкчү жабдуулардын иштөөсүнүн ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу;
2) от казандардын номиналдуу буу өндүрүмдүүлүгүнө, буунун жана суунун параметрлерине жана сапатына жетүү мүмкүндүгү;
3) иштетип жөндөлүүчү жана режимдик сыноолордун жана эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) негизинде белгиленген иш режими;
4) от казандын ар бир тиби жана күйгүзүлө турган отундун түрү үчүн аныкталган жүктөмдөрдүн жөнгө салуучу диапазону;
5) от казандардын автоматика түзмөктөрүнүн таасири алдында жөнгө салуучу диапазондун чегинде буу өндүрүмдүүлүгүнүн өзгөрүүсү;
6) минималдуу жол бериле турган жүктөмдөр.
244. Эксплуатациялоого жаңыдан киргизиле турган, басымы 10 МПа жана андан жогору болгон буу казандары монтаждоодон кийин суу-буу жолунун негизги өткөргүч түтүктөрү жана башка элементтери менен бирге тазалануусу керек. Тазалоо ыкмасы эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) көрсөтүлөт. Басымы 10 МПадан төмөн болгон от казандар жана суу жылытуучу от казандар эксплуатациялоого киргизүүнүн алдында эксплуатациялоо боюнча колдонмодогу (нускамадагы) көрсөтмөлөргө ылайык щелочтоого же башка тазалоого кабылууга тийиш.
245. От казанды оңдоодон кийин иштетүүгө киргизүүнүн алдында негизги жана көмөкчү жабдууларынын, контролдоочу-өлчөөчү приборлорунун, аралыктан жана автоматтык башкаруу каражаттарынын, технологиялык коргоо, тосмолоо түзмөктөрүнүн, маалымат жана ыкчам байланыш каражаттарынын оң болушу жана иштетүүгө даярдыгы текшерилүүгө тийиш. Мында белгилүү болгон бузулуулар иштетилгенге чейин жок кылынууга тийиш.
От казан үч суткадан ашык резервде тургандан кийин иштетүүнүн алдында төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш:
1) жабдуунун, контролдоочу-өлчөөчү приборлордун, аралыктан жана автоматтык башкаруу каражаттарынын, технологиялык коргоо, тосмолоо түзмөктөрүнүн, маалымат жана байланыш каражаттарынын ишке жөндөмдүүлүгү;
2) бардык аткаруучу түзмөктөргө карата технологиялык коргоо командаларынын өтүүсү;
3) токтотулуп турган мезгилде оңдоо иштери жүргүзүлгөндө ошол түзүлүштөр жана жабдуулардын иштетүүгө карата оң болушу жана даярдыгы.
Мында белгилүү болгон бузулуулар от казан иштетилгенге чейин жок кылынууга тийиш.
От казандын токтотулушуна таасирин тийгизүүчү коргоочу тосмолоолор жана коргоо түзмөктөрү бузулган учурда аны иштетүүгө жол берилбейт.
246. От казанды иштетүү жана токтотуу - оң абалы жана коопсуз эксплуатациялануусу үчүн жооптуу адистин көрсөтмөсү боюнча гана өндүрүштүк нускамаларда жана режимдик карталарда белгиленген тартипте бул тууралуу ыкчам журналда тиешелүү жазуулар менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Иштетүү убактысы жөнүндө иштетилүүчү от казанды эксплуатациялоо менен байланышкан бардык персоналга маалымдалат.
247. От тамызыла баштоонун алдында барабан от казаны химиялык тазартылган жана деаэрирленген азыктандыруучу суу менен толтурулууга тийиш, мында суунун сапаты ушул Эрежелердин жана эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
От жагуучу имаратта деаэрациялык орнотмо жок болгон учурда чоюн от казандарды химиялык тазартылган суу менен толтурууга жол берилет.
Түз агып чыгуучу от казан сапаты азыктандыруучу сууну иштеп чыгуу схемасына жараша эксплуатациялоо боюнча нускамага дал келген азыктандыруучу суу менен толтурулууга тийиш.
248. Муздай элек барабан казанын толтурууга бошотулган барабандын жогорку жагынын металлынын температурасы 160°C жогору болбогон учурда уруксат берилет.
249. Түз агып чыгуучу от казанды суу менен толтуруу, андан абаны чыгарып салуу, ошондой эле булгануулардан жууп салуу операциялары от казандын трактына кошо орнотулган тээктерге чейинки участокто от жагуунун сепаратордук режиминде же бүткүл тракт боюнча от жагуунун тике агызып жагуу учурунда жүргүзүлүшү мүмкүн.
Суунун ысытуу чыгымы номиналдык чыгымдын 30% барабар болууга тийиш. Жагып ысытуу чыгымынын башка мааниси завод-даярдоочунун эксплуатациялоо боюнча колдонмосу (нускамасы) же сыноолордун жыйынтыктарынын негизинде түзөтүлгөн эксплуатациялоо боюнча нускама менен гана аныкталат.
250. Тармактык суунун суу жылытуучу казанды жылытуунун алдындагы чыгымы белгиленүүгө тийиш жана андан ары иштетүү учурунда от казандын ар бир тиби үчүн даярдоочу тарабынан аныкталуучу минималдуу жол берилгенден төмөн эмес кармалып турууга тийиш.
251. Блок орнотмолорунун түз агып чыгуучу от казандарын тамызып жагуу учурунда от казандын трактына кошо орнотулган тээктердин алдында басым 14 МПа жумуш басымы бар от казандар үчүн 12-13 МПа деңгээлинде жана эң жогорку кооптуу басымы бар от казандар үчүн 24-25 МПа деңгээлинде кармалып турууга тийиш.
Бул маанилерди өзгөртүүгө же өзгөрүлмө басымда от тамызууга атайын сыноолордун негизинде завод-даярдоочу менен макулдашуу боюнча жол берилет.
252. От казандын отун тамызуунун алдында жана токтоткондон кийин меш жана рециркуляциялыктарын кошо алганда газ чыккычтар, түтүн соргучтар, үйлөтүлүүчү желдеткичтер жана рециркуляция түтүн соргучтары менен газ аба трактынын ачык шиберлери учурунда 10 мүнөттөн кем эмес номиналдуунун 25% кем эмес абаны чыгымдоо менен, эгерде башка көрсөтмөлөр даярдоочу же жөндөөчү уюм тарабынан аныкталбаган болсо желдетилүүгө тийиш.
Үйлөтүп туруу менен иштөөчү казандарды, суу жылытуучу казандарды түтүн соргучтары жок учурда желдетүү үйлөтүүчү желдеткичтер жана рециркуляция түтүн соргучтары менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
Буу суу трактындагы сакталып калган ашыкча басым учурунда муздай элек абалдагы от казандардын отун тамызуунун алдында желдетүү күйгүчтөрү тамызылганга чейин 15 мүнөттөн эрте башталбоого тийиш.
253. Газ менен иштей турган казанга от тамызуунун алдында күйгүчтөрүнүн алдындагы тыгындоочу арматураны жабуунун герметикалуулугу колдонуудагы нускамаларга ылайык текшерилүүгө тийиш.
От жагуучу имараттын ичинде газ толуп калуу белгилери болгон учурда электр жабдууларын иштетүүгө, от казанды тамызып от жагууга, ошондой эле ачык отту пайдаланууга жол берилбейт.
254. От казандарга от тамызуу учурунда түтүн соргуч жана үйлөтүүчү желдеткич иштетилүүгө тийиш, ал эми түтүн соргучтарсыз иштөөсү каралган от казандарга от тамызуу учурунда - үйлөтүүчү желдеткич иштетилүүгө тийиш.
255. От казанга от тамызылып баштаган учурдан тартып барабандагы суунун деңгээлин контролдоо уюштурулууга тийиш.
Жогорку суу көрсөтүүчү приборлорду үйлөтүү төмөнкүлөр үчүн аткарылууга тийиш:
1) 4 МПа жана андан төмөн басымы бар от казандар үчүн - от казандагы 0,1 МПа ашык басым учурунда жана башкы буу өткөргүчкө кошуунун алдында;
2) 4 МПадан жогору басымы бар от казандар үчүн - от казандагы 0,3 МПа ашык басым учурунда жана 1,5-3,0 МПа басым учурунда.
Суунун деңгээлинин төмөндөтүлгөн көрсөткүчтөрү от тамызуу процессинде (түзөтүүлөрдү эске алуу менен) суу көрсөтүүчү приборлор менен салыштырылууга тийиш.
256. Ар түрдүү жылуулук абалдарынан казанга от жагуу завод-даярдоочунун эксплуатациялоо боюнча колдонмосунун (нускамасынын) жана иштетип баштоо режимдерин сыноолордун жыйынтыктарынын негизинде түзүлгөн иштетип баштоо графиктерине ылайык аткарылууга тийиш.
257. От казанды оңдоодон кийинки муздак абалда от тамызуу процессинде, бирок жылына бир жолудан кем эмес экрандардын, барабандардын, буу өткөргүчтөрдүн жана коллекторлордун баштапкы чекиттери боюнча жылуулуктун өтүүсү текшерилүүгө тийиш.
258. Эгерде от казанды иштеткенге чейин анда фланец биригүүлөрүн жана лючкаларын чечүү менен байланышкан иштер жүргүзүлгөн болсо, анда 0,3-0,5 МПадан ашык басым учурунда болт менен бириктирүү бекитилип тартылууга тийиш.
Басым көп болгон учурда болт менен бириктирүүнү бекитип тартууга жол берилбейт.
259. От казандарга от тамызуу жана токтотуу учурунда барабандын температуралык режимин контролдоо уюштурулууга тийиш. Барабандын төмөнкү түзүүчүсүн жылытуу жана муздатуу ылдамдыгы жана барабандын жогорку жана төмөнкү түзүүчүлөрүнүн ортосундагы температуралардын айырмасы эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) белгиленген маанилерден ашпоого тийиш.
10 МПадан жогору басымы бар от казандар үчүн жогоруда аталган параметрлер төмөнкү жол берилген маанилерден ашпоого тийиш:
1) от казанга от жагууда жылытуу ылдамдыгы, °C/10 мүнөт - 30;
2) от казанды токтотууда муздатуу ылдамдыгы, °C/10 мүнөт - 20;
3) от казанга от жагууда температуралардын айырмасы, °C - 60;
4) от казанды токтотууда температуралардын айырмасы, °C - 80.
От казандардын бардык типтеринде тездетилген муздатууга жол берилбейт.
260. От казанды жалпы буу өткөргүчкө туташтыруу - туташтыруучу буу өткөргүчтү дренирлөөдөн жана жылытып алгандан кийин жүргүзүлүүгө тийиш. Иштетилген учурда от казандын артындагы буу басымы жалпы буу өткөргүчтөгү басымга барабар болууга тийиш.
261. Учуп чыгуулары 15% төмөн болгон отун менен иштей турган от казандарда катуу отунду жагууга өтүүгө (чаңды от жаккычка берүүнүн башталышы) от жаккычтын от тамызуу отунунда номиналдуудан 30% төмөн эмес жылуулук жүктөмүндө уруксат берилет. Учуп чыгуулары 15% ашык болгон отун менен иштеген учурда чаңды төмөнүрөөк жылуулук жүктөмүндө берүүгө уруксат берилет, ал өндүрүштүк нускамада чаңдын туруктуу жалындоосун камсыздоону негиз кылып алуу менен белгиленүүгө тийиш.
Кыска мөөнөткө туруп калуудан (30 мүнөткө чейин) кийин от казанды иштетип баштоодо учуп чыгуулары 15% төмөн от жаккычтын номиналдуудан 15% төмөн эмес жылуулук жүктөмүндө катуу отунду жагууга өтүүгө уруксат берилет.
262. От казандын иштөө режими жабдууну сыноонун жана эксплуатациялоо боюнча нускаманын негизинде түзүлгөн режимдик картага дал келүүгө тийиш. От казанды реконструкциялоо (модернизациялоо) жана отундун маркасы менен сапатын өзгөртүү учурунда иштетип жөндөө же отчетту жана жаңы режимдик картаны түзүү менен режимдик жөндөө жүргүзүлүүгө тийиш.
263. От казанды иштетүүдө алгачкы жана аралык буу жылыткычтардын ар бир баскычында жана ар бир агымында буунун жол берилген температурасын кармап турууну камсыздаган жылуулук режимдери сакталууга тийиш.
264. От казанды иштетүүдө барабандагы суунун жогорку чектик деңгээли эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) жана жабдууну сыноолордун негизинде белгилене турган деңгээлдерден жогору эмес, ал эми төмөнкү чектик деңгээли төмөн болбоого тийиш.
265. Казан орнотмолорунун жылып чыгуучу үстүңкү беттери газ тарабынан эксплуатациялык таза абалда комплекстүү тазалоонун оптималдуу режимдерин кармап туруу жана механикалаштырылган системаларын колдонуу жолу менен кармалып турууга тийиш (буу, аба же суу аппараттары, испульстук тазалоо, вибротазалоо, бөлүкчөлөп тазалоо түзмөктөрү). Буга арналган түзмөктөр, ошондой эле аларды аралыктан жана автоматтык башкаруу каражаттары иштетүүгө дайыма даяр болууга тийиш.
Ысып кетүү беттерин тазалоонун мезгилдүүлүгү график же эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) регламенттелүүгө тийиш.
266. От казандарды эксплуатациялоодо бардык иштей турган тартуу, үйлөтүү машиналары иштетилүүгө тийиш. Тартуу, үйлөтүү машиналарынын бөлүгү өчүп калган учурда узакка иштөөгө (эгерде бул эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) жана режимдик картада белгиленген учурда) от казандын капталдары боюнча бирдей газ аба жана жылуулук режими камсыздалган шартта жол берилет. Мында күйгүчтөрдүн ортосундагы абаны бөлүштүрүүнүн текшилиги камсыздалууга жана аба (газдын) токтотулган желдеткич (түтүн соргуч) аркылуу чыкпоого тийиш.
267. Негизги отун катары 0,5% көп күкүрт камтыган мазутту жагуучу буу казандарында аны жүктөмдөрдүн жөнгө салуучу диапазонунда күйгүзүү от жаккычтан чыга беришиндеги абанын ашыкча коэффициенти 1,03дөн төмөн абанын ашык коэффициенттери учурунда жүзөгө ашырылууга тийиш, эгерде өндүрүштүк нускамада башка белгиленбеген болсо. Мында казандарды ушул режимге (отунду даярдоо, күйүүчү түзмөктөрдүн жана форсункалардын тиешелүү конструкцияларын колдонуу, от жаккычты жылуулоо, казанды контролдоонун кошумча приборлору жана күйүү процессин автоматташтыруу каражаттары менен жабдуу) которуу боюнча иш-чаралардын белгиленген комплексин аткаруу милдеттүү.
268. Жумуш ордуна орнотуунун алдында мазуттук форсункалар суу стендинде алардын өндүрүмдүүлүгүн, чачыратуу сапатын жана шамананын ачылуу бурчун текшерүү максатында сыналууга тийиш. Мазуттук казанга орнотула турган комплекттеги өзүнчө форсункалардын номиналдуу өндүрүмдүүлүгүндөгү айырма 1,5% жогору болбоого тийиш. Ар бир казан форсункалардын запастык комплектиси менен камсыздалууга тийиш.
Мазуттук форсункалардын аларга абаны уюштуруп алып келүүсүз иштөөсүнө, ошондой эле таңгакталбаган форсункаларды колдонууга жол берилбейт.
Форсункаларды жана буу мазут өткөргүчтөрүн эксплуатациялоодо от казан жайында мазуттун буу өткөргүчүнө кирип кетүүсүн болтурбай турган шарттар аткарылууга тийиш.
269. От казандардын орнотулган очоктору оң абалда болууга тийиш, көрүнүп турган сынуулары (жаракалар, деформациялар) болбоого тийиш, от жаккычтын тыгыздыгын жана очогунун үстүңкү беттериндеги температура от казанды иштеп чыгуучу тарабынан белгиленген жана даярдоочу тарабынан эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) көрсөтүлгөн маанилерден ашпаган температураны камсыздоого тийиш.
270. От жаккычтын оозу жана от казандардын бүткүл газ тракты тыгыз болууга тийиш. Буу өндүрүмдүүлүгү 420 т/с болгон буу газ мазуттук казандар үчүн от жаккычка жана газ трактына абаны соруп киргизгичтер буу жылыткычтардан чыга беришине чейин 5% ашык эмес, өндүрүмдүүлүгү 420 т/с жогору казандар үчүн - 3%, чаң көмүр казандары үчүн тиешелүүлүгүнө жараша - 8 жана 5% болууга тийиш.
Бүтүн ширетилген экрандары бар от жаккычтар жана газ өткүчтөр сордургучтарсыз болушу керек.
Экономайзерге кире беришинен тартып (чаң көмүр суу жылыткыч казандар үчүн - абаны жылыткычына кире беришинен тартып) түгүң соргучтан чыга беришине чейинки участокто газ трактына чапташкан соргучтар (күлдү кармап калуучу орнотмолорду эсепке албаганда) түтүктүү аба жылыткыч болгон учурда 10% жогору эмес, ал эми регенеративдүү учурда - 25% жогору болбошу керек.
Суу жылыткыч газ мазуттук казандардын от жаккычына жана газ трактына чапташкан соргучтар 5% жогору эмес, чаң көмүрдүүлөр (күлдү кармап калуучу орнотмолорду эсепке албаганда) - 10% жогору болбошу керек.
Электр чыпкаларына карата аба соргучтар 10% жогору эмес, ал эми башка типтеги күлдү кармап калуучуларда - 5% жогору болбоого тийиш.
Аба соргучтардын ченемдери казандардын номиналдуу жүктөмү үчүн теориялык керектүү абанын өлчөмүнүн пайыздары менен берилген.
271. От казандын жана газ өткүчтөрдүн тосмо үстүңкү беттеринин тыгыздыгы, анын ичинде жарылгыч клапандардын (алар бар болсо) оң болушу аба соргучтарды карап чыгуу жана аныктоо жолу менен өндүрүштүк нускамада белгиленген мезгилдүүлүктө контролдонууга тийиш, бирок айына бир жолудан кем эмес. От жаккычка карата аба соргучтар ошондой эле аспаптар менен жылына бир жолудан кем эмес, ошондой эле оңдоого чейин жана кийин аныкталууга тийиш. Казандын от жаккычынын жана газ өткүчтөрүнүн тыгыз эместиги жок кылынууга тийиш.
272. Манометрлердин, сактоочу клапандардын, суу деңгээлин көрсөткүчтөрдүн жана азыктандыруучу насостордун аракетинин оң экендигин текшерүү төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлүүгө тийиш:
1) 1,4 МПаны кошо алгандагы басымга чейинки жумуш басымы бар от казандар үчүн - нөөмөттө бир жолудан кем эмес;
2) 1,4 жогору 4,0 МПаиы кошо алгандагы басымга чейинки жумуш басымы бар от казандар үчүн - суткасына бир жолудан кем эмес (жылуулук электр станцияларында орнотулган от казандардан тышкары);
3) жылуулук электр станцияларында орнотулган казандар үчүн электр станциясынын техникалык жетекчиси (башкы инженери) тарабынан бекитилген графикке ылайык нускама боюнча.
Текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө нөөмөт журналында жазуулар жазылат.
273. Манометрдин оң болуусун текшерүү үч жүрүштүү крандын же манометрдин жебесин нөлгө келтирүү жолу менен аны алмаштыра турган тыгындоочу вентилдердин жардамы менен жүргүзүлөт, 12 айда бир жолудан кем эмес (эгерде манометрдин конкреттүү тибине карата документтер менен башка мөөнөттөр белгиленбесе).
Манометрлерди колдонууга төмөнкү учурларда жол берилбейт:
1) эгерде манометрде текшерүү жүргүзүлгөндүгү тууралуу белги бар пломба же клеймо жок болсо;
2) эгерде манометрди текшерүү мөөнөтү өтүп кеткен болсо;
3) эгерде манометрдин жебеси аны өчүрүү учурунда ушул манометр үчүн жол бериле турган четтөөнүн жарымынан ашып турган чоңдукка карата шкаланын нөлдүк белгисине кайтпай турган болсо;
4) эгерде айнек сынган болсо же анын көрсөткүчтөрүнүн тууралыгына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон манометрдин башка бузулуулары бар болсо.
274. Суу деңгээлинин көрсөткүчтөрүн текшерүү аларды үйлөтүү жолу менен жүргүзүлөт. Деңгээлдин төмөндөтүлгөн көрсөткүчтөрүнүн оң экендигин алардын көрсөтмөлөрүн тике таасир берүүчү суунун деңгээлинин көрсөткүчтөрүнүн көрсөтмөлөрү менен салыштырып текшерилет.
275. Сактоочу клапандардын оң болушу аларды мажбурлап кыска мөөнөткө ачуу (жардыруу) менен текшерилет.
276. Резервдик азыктандыруучу насостордун оң экендигин текшерүү аларды кыска мөөнөттүү ишке киргизүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
277. Сигнализациянын жана автоматтык коргогучтардын оң экендигин текшерүү эксплуатациялоочу уюмдун техникалык жетекчиси (башкы инженери) тарабынан бекитилген графикке жана нускамага ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
278. Арматуранын маховиктеринде арматураны ачууда жана жабууда айлануу багытынын белгилеринин сакталып туруусу камсыздалууга тийиш.
279. От казандын эксплуатациялоочу сыноолору режимдик картаны түзүү жана эксплуатациялоо боюнча нускаманы тууралоо үчүн аны эксплуатациялоого киргизүү учурунда, конструктивдүү өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн кийин, отундун башка түрүнө же маркасына өтүү учурунда, ошондой эле берилген маанилерден параметрлердин четтөө себептерин айкындоо үчүн жүргүзүлүүгө тийиш.
От казандар эксплуатациялоочу сыноолорду жүргүзүү үчүн зарыл болуучу аспаптар менен жабдылууга тийиш.
280. От казанды резервге же оңдоого чыгаруу учурунда от казандын жана калориферлердин ысытуучу үстүңкү беттерин консервациялоо үчүн чаралар жылуулук энергетикалык жабдууну консервациялоо боюнча колдонуудагы көрсөтмөлөргө ылайык көрүлүүгө тийиш.
От жагуу сезону аяктагандан кийин от казандарды жана жылуулук тармактары консервацияланат, эгерде оңдоону жүргүзүү зарылдыгы жок болсо. Оңдоо жүргүзүлгөнгө чейин жана оңдоо жүргүзүлгөндөн кийин жабдууну консервациялоо үчүн чаралар көрүлүүгө тийиш.
От жагуу сезону аяктагандан же токтотулгандан кийин суу жылытуучу казандар жана жылуулук тармактары консервацияланат. Консервациялоо ыкмалары жергиликтүү шарттарга жараша, эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) негизинде казандын ээси тарабынан тандалат жана эксплуатациялоочу уюмдун техникалык жетекчиси тарабынан бекитиле турган консервациялоо боюнча нускамага киргизилет. Суу жылытуучу казандарды эксплуатациялоого киргизүү учурунда, ошондой эле от жагуу сезону башталардын алдында жылуулук тармактары жана жылуулук керектөөнүн ички системалары алдын ала жуулат.
281. От казандардын ысытуучу үстүңкү беттеринен ички катмарланып калуулары чайкоо жана токтотуу же тазалоо учурларында суу менен чайкалып кетирилүүгө тийиш. Тазалоо ыкмалары эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) көрсөтүлөт.
Химиялык тазалоолордун мезгилдүүлүгү ички катмарланып калууларга сандык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарын эске алуу мененэксплуатациялоо боюнча колдонмо (нускама) менен аныкталууга тийиш.
282. Барабандын муздоосун тездетүү максатында сууну дренирлөө менен токтотулган от казанды азыктандырууга жол берилбейт.
283. Токтотулган табигый айлануусу бар буу казанынан сууну төгүүгө андагы басым төмөндөгөндөн кийин уруксат берилет:
1) 1 МПага чейин - жылуулук электр станцияларында эксплуатациялануучу энергетикалык казандар үчүн;
2) атмосфералык басымга чейин - калган казандар үчүн.
Токтотулган казанда вальцовкалоочу биригүүлөрү бар учурда андан сууну агызууга суунун 80°Cден жогору эмес температурасы учурунда уруксат берилет.
Токтотулган суу түз агып чыгуучу казандан сууну атмосфералык басымдан жогору учурда төгүүгө уруксат берилет, бул басымдын жогорку чеги дренаждар жана кеңейткичтер системасына жараша эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) белгиленүүгө тийиш.
Сууну жылытуучу казандан сууну агызууга андагы сууну, кайтарым өткөргүч түтүктөрдөгү суунун температурасына барабар, бирок 70°C жогору эмес температурага чейин муздатуудан кийин уруксат берилет.
Блоктуу электр станцияларынын казандары токтотулган учурда аралык буу жылыткычтын буусу турбинанын конденсаторуна чыгарылууга тийиш.
284. От казанды резервге токтотуу учурунда, от жаккыч жана газ өткүчтөр желдетилгенден кийин 15 мүнөттөн кем эмес мезгилде соруп үйлөтүүчү машиналар (түзмөктөр) токтотулууга тийиш. Газабаөткөргүчтөрүндөгү бардык өчүрүлүп жаткан шиберлер, лазалар жана лючкалар, ошондой эле соруу-үйлөтүү машиналарынын (түзмөктөрүнүн) багыттоочу аппараттары бекем жабылууга тийиш.
285. Кыш мезгилинде резервде же оңдоодо турган от казанда абанын температурасына байкоо жүргүзүү белгиленүүгө тийиш.
От казан жайынын абанын температурасынын (же ачык компоновка учурундагы тышкы температуранын) мааниси 0°Cден төмөн болгон учурда от жаккычтагы жана газ өткөргүчтөрдөгү, барабандын жанындагы жабууларда, үйлөтүүчү жана дренаждоочу түзмөктөрдүн райондорунда, калориферлерде, импульстук сызыктарда жана контролдоочу-өлчөөчү приборлордун көрсөткүчтөрүндө абанын оң температурасын кармап туруу үчүн чаралар көрүлүүгө тийиш, ошондой эле от казандардагы суу жылытуу же анын экран системасы аркылуу айландырылышы уюштурулууга тийиш.
286. Аларды оңдоого чыгаруу учурундагы токтотуудан кийинки от казандарды муздатуу режими эксплуатациялоо боюнча колдонмо (нускама) менен аныкталууга тийиш. Табигый айландыруусу бар казандарды соргуч-үйлөтүүчү машиналар менен муздатууга барабандын жогорку жана төмөнкү түзүүчүлөрүнүн ортосундагы металлдын температурасынын жол берилген айырмачылыгын камсыздоо учурунда уруксат берилет. Барабандагы суу деңгээлин кармап туруу жана кармап туруусуз режимдерге жол берилет.
Түз агып чыгуучу от казандарды муздатуу токтотулгандан кийин тикелей жүзөгө ашырууга мүмкүн болот.
287. Токтотулган от казанды нөөмөтчү персоналдын көзөмөлдөөсү андагы басым толук төмөндөтүлгөнгө чейин жана электр кыймылдаткычтарынын чыңалуусу алып салынганга чейин уюштурулууга тийиш; аба жылыткыч районундагы газдын жана абанын температурасын жана кетип жаткан газдарды контролдоо токтотулгандан кийин 24 саат өткөн соң токтотулууга тийиш.
288. От казандар качан мазут резервдик же от тамызуучу отун болуп саналган катуу же газ сымал отунда иштеген учурда, мазут чарбачылыгынын жана мазут өткөргүчтөрүнүн схемалары мазуттун от казандарга токтоосуз берилүүсүн камсыздоочу абалда болууга тийиш.
289. Мазут өткөргүч же газ өткөргүч от казан жайынын чектеринде ажыраган учурларда же мазут (газ) катуу агып чыккан учурларда отундун бузулган участоктор аркылуу агып чыгуусунун алдын алуу үчүн мазут насостук арматураны өчүрүү жана тыгындоочу арматураны газ бөлүштүрүү пунктунан жабууга чейин, ошондой эле өрт чыгуунун же жарылуунун алдын алуу үчүн бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.
290. Кебээр же шлам туруп калуунун, от казан суусунун салыштырмалуу щелочтуулугунун кооптуу чектерге чейин жогорулоосунун кесепетинен же металлдын дат басуусунун натыйжасында алардын элементтерин талкалап албастан от казандын жана азыктандыруу трактынын ишин камсыздоо үчүн эксплуатациялоочу уюм өзүнө суунун от казанга чейинки жана от казандын ичиндеги иштеп чыгуусун, казан суусунун сапатын жөнгө салууну камтыган суу-химиялык иш режимин киргизүүгө, ошондой эле суу-химиялык режимди сактоого химиялык контролду камсыздоого тийиш болот.
Буу өндүрүмдүүлүгү 0,7 т/с жана андан жогору болгон табигый жана көп жолку мажбурлоочу айландыруусу бар буу казандары, түз агып чыгуучу буу казандары буу өндүрүмдүүлүгүнөн көз карандысыз, ошондой эле суу ысытуучу казандар сууну казанга чейин иштетүү үчүн орнотмолор менен жабдылууга тийиш.
Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн бузулууларсыз от казандын ишин жана азыктандыруу трактын камсыздоочу сууну иштетип чыгуунун башка натыйжалуу ыкмаларын колдонууга да жол берилет.
Буу өндүрүмдүүлүгү 0,7 т/с төмөн болгон от казандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн тазалоолор ортосунда эң көбүрөөк жылуулук чыңалуусу бар от казандын ысытуучу үстүңкү беттеринин участокторундагы катмарланып топтолуунун калыңдыгы аны токтотуу учуруна карата 0,5 мм ашпагандай мезгил белгилениши керек.
Сууну от казанга чейин жана от казандын ичинде иштетип чыгаруу технологиясы жана ыкмалары долбоордук документация тарабынан долбоорду иштеп чыгуучунун жана от казанды даярдоочунун от казанды эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) белгиленген сунуштамаларынын негизинде, ошондой эле от казанды аны камсыздоо үчүн колдонулуп жаткан технологиялык процесстин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныкталат.
291. Сууну казанга чейин иштеп чыгуу үчүн түзмөктөр менен жабдылган казандарды чийки суу менен толтурууга жол берилбейт.
Долбоордо авариялык кырдаалдар учурунда от казанды чийки суу менен толтуруу каралган учурларда, жумшартылган кошулуучу суунун же конденсаттын сызыктарына, ошондой эле азыктандыруучу бактарга туташтырылган чийки суунун сызыгында, экиден тыгындоочу орган жана алардын ортосунда контролдоочу кран орнотулууга тийиш. Тыгындоочу органдар нормалдуу эксплуатациялоо маалында жабык абалда жана пломба басылган, ал эми контролдоочу кран - ачык болууга тийиш.
От казандарды чийки суу менен толтуруунун ар бир учуру толтуруунун узактыгын жана ушул мезгилдеги азыктандыруучу суунун сапатын көрсөтүү менен сууну даярдоо (суу-химиялык режим) боюнча журналга катталууга тийиш. Мында от казандар казандын чыга беришинде 60°C жогору эмес жылуулук алып жүрүүчүнүн температурасы менен төмөндөтүлгөн температуралык параметрлерде иштөөгө тийиш.
292. Сууну казанга чейинки жана казандын ичиндеги иштетип чыгуу, суунун сапатын жөнгө салуу суу-химиялык режимди жүргүзүү боюнча жөндөөчү уюмдар тарабынан иштелип чыгарыла турган нускамалар жана режимдик карталар боюнча жүзөгө ашырылат жана азыктандыруучу, от казандык, толтуруучу жана түйүндүк суунун сапатын, долбоордук документтерди иштеп чыгуучу, казанды даярдоочу тарабынан белгиленген ченемдерге жана ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык камсыздалууга тийиш.
Сууну казанга чейинки иштеп чыгуу орнотмолорун эксплуатациялоо долбоордук жана технологиялык документтердин талаптарын эске алуу менен уюмдардын-даярдоочулардын эксплуатациялоо боюнча колдонмолорунун (нускамаларынын) негизинде иштелип чыгарылган өндүрүштүк нускамалар боюнча жүзөгө ашырылат.
Нускамалар жана режимдик карталар эксплуатациялоочу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилүүгө жана персоналдын жумуш орундарында турууга тийиш.
293. От казандарды эксплуатациялоо учурундагы химиялык контролдоо төмөнкүлөрдү камсыздоого тийиш:
1) дат басууга, кебээрдин пайда болушуна жана топтолуп калууларга алып келе турган суу даярдоочу, жылуулук энергетикалык жана жылуулук тармактык жабдуулардын иштөө режимдеринин бузулууларын өз убагында аныктоо;
2) суунун, буунун, конденсаттын, топтолуп калуулардын, реагенттердин, консервалоочу жана жууп салуучу эритиндилердин, отундун, шлактын, күлдүн, газдардын, майлардын жана агынды суулардын сапатын (курамын) аныктоо.
294. Баштапкы, химтазаланган, казандык, тармактык, азыктандыруучу жана толтуруучу суунун, конденсаттын жана буунун сынамдарын алуунун мезгилдүүлүгүн жөндөөчү уюм казандык жабдуунун түрүнө, анын иштөө режиминен жана баштапкы жана азыктандыруучу суунун сапатынан жана сууну иштеп чыгаруу схемасына жараша белгиленет.
295. от казандарды жана көмөкчү жабдууну ички карап чыгуунун, топтолуп калуулардын сынамдарын тандап алуунун, түтүктөрдүн үлгүлөрүн кесип алуунун негизинде (зарыл болгон учурларда) ички бетинин абалы тууралуу, эксплуатациялоочу тазалоону жүргүзүүнүн жана башка дат басууга жана топтолуп калуулардын пайда болушуна тоскоолдук кылуучу чараларды көрүү тууралуу актылар түзүлөт.
296. Эксплуатациялоочу уюм пландык-эскертүүчү оңдоонун бекитилген графиги боюнча от казандардын өз убагында оңдолуусун камсыздоого тийиш.
Ар бир от казанга карата оңдоо журналы ачылышы керек, ага от казандын оң абалы жана коопсуз эксплуатациялануусу үчүн жооптуу адам аткарылган оңдоо иштери, колдонулган материалдар, ширетүү жана ширетүүчү, от казандардын тазалоого жана жууп салууга токтотулушу тууралуу маалыматтарды жазат. Түтүктөрдү, бөрктөгүчтөрдү алмаштыруу жана барабандар жана коллекторлор менен түтүктөрдүн биригүүлөрүнүн вальцовкаланышы оңдоо журналына карата кошо тиркеле турган түтүктөрдүн (бөрктөгүчтөрдүн) жайгашуу схемасында белгиленүүгө тийиш. Оңдоо журналында ошондой эле от казанды тазалоого чейинки карап чыгуунун жыйынтыктары кебээрдин жана шламдын туруп калуу калыңдыгын жана оңдоо маалында аныкталган бардык дефекттерди көрсөтүү менен чагылдырылат.
297. Башка иштөөчү от казандар менен өткөргүч түтүктөр (буу өткөргүч, азыктандыруучу, дренаждык, түшүрүүчү сызыктар) аркылуу туташтырылган барабандын же от казандын коллекторунун ичинде иштерди өндүрүү башталганга чейин, ошондой эле басым алдында иштөөчү элементтерди ички карап чыгуунун же оңдоонун алдында, от казан бардык өткөргүч түтүктөрдөн тыгындагычтар менен ажыратылган болууга тийиш, эгерде аларда фланец арматурасы орнотулган болсо.
Буунун жана суунун өткөргүч түтүктөрүнүн арматуралары фланецсиз болгон учурда, от казанды өчүрүү атмосфера менен түз туташкан, алардын ортосунда 32 мм кем эмес диаметр шарттуу өткөргүчү бар дренаждык түзүлүшү болгон учурда эки тыгындоочу орган менен жүргүзүлгөн болууга тийиш. Тээктердин, ошондой эле ачык дренаждардын вентилдеринин жана барабандан сууну авариялык төгүү сызыгынын иштеткичтери кулпуланып, жабык кулпу учурунда алардын тыгыздыгынын алсыздануу мүмкүндүгүн болтурбай тургандай кылып бекитилип коюлган болушу керек. Кулпулардын ачкычтары от казандын оң абалы жана коопсуз эксплуатациялануусу үчүн жооптуу адамда сакталып турушу керек, эгерде ишканада аларды сактоонун башка тартиби аныкталбаган болсо.
298. От казанды өчүрүү үчүн колдонулган тыгындагычтардын калыңдыгын бышыктыкка карата эсептөөлөрдөн улам белгилешет. Тыгындагыч ал боюнча анын бар экендигин аныкташа турган чыгып турган учуна ээ болууга тийиш. Фланецтердин жана тыгындагычынын ортосундагы төшөгүчтөрдү орнотуу учурунда төшөгүчтөр учсуз болушу керек.
299. От казандын ичине адамдардын кирүүсүнө уруксат берүү, ошондой эле от казандан адамдар чыгарылгандан кийин тыгындоочу арматураны ачуулар эксплуатациялоочу уюмдун тескөөчү документтери менен белгиленген тартипте бериле турган жазуу жүзүндөгү уруксат (наряд-уруксат) боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш.
3-§. Басым алдындагы идиштерди эксплуатациялоого карата коюлуучу талаптар
300. Басым алдындагы идиштерди эксплуатациялоо эксплуатациялоочу уюмдун жетекчилиги тарабынан иштелип чыгарылган жана бекитилген идиштердин иштөө режими жана коопсуз тейленүүсү боюнча өндүрүштүк нускамага ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш. Нускамада, анын ичинде, төмөнкүлөр регламенттелген болууга тийиш:
1) идиштерге колдонула турган нускама, алардын багыты;
2) идиштин иштешине байкоо жүргүзүү жана контролдоо боюнча нөөмөт маалындагы персоналдын милдеттенмелери;
3) тейленүүчү идиштердин жана аларга тиешелүү болгон жабдуулардын жумушчу абалда оң болушун текшерүү тартиби;
4) арматураны, сактоочу түзүлүштөрдү, коргоонун жана сигнализациянын автоматикасынын приборлорун текшерүүнүн тартиби, мөөнөттөрү жана ыкмалары;
5) идишти ишке киргизе баштоо жана токтотуу (иштин токтотулушу) тартиби;
6) жабдууну оңдоого чыгаруу учурундагы коопсуздук чаралары, ошондой эле 1-топтогу жумушчу чөйрөсү бар идиштер (ББ ТР 032/2013 ылайык) үчүн коопсуздуктун кошумча чаралары;
7) ушул Элер менен караштырылган идишти токтоосуз токтотууну талап кылуучу, ошондой эле идиштин иштешинин өзгөчөлүгү менен шартталган башка учурлар. Авариялык токтотуу жана басымды атмосфералыкка чейин төмөндөтүү тартибин идишти иштетүүнүн жана технологиялык процесстин конкреттүү схемасына жараша белгилешет;
8) авариялык кырдаалдарды жоюу учурундагы персоналдык аракеттенүүсү;
9) нөөмөт журналын жүргүзүү тартиби (нөөмөттүү кабыл алуу тапшырууну тариздетүү, идиштин оң абалы жана коопсуз эксплуатациялануусу үчүн жооптуу адамдын жазууларын текшерүү).
301. Өндүрүштүк нускамада тез алына турган капкактары бар автоклавдардын иш режими жана коопсуз тейлөө боюнча кошумча түрдө төмөнкү көрсөтмөлөр киргизилген болууга тийиш:
1) ачкыч-марка жана кулпуну пайдалануу тартиби жөнүндө;
2) автоклавды жылытуу жана муздатуунун жол бериле турган ылдамдыктары жана аларды контролдоо методдору жөнүндө;
3) жылуулуктун автоклавда жылып жүрүүлөрүнө байкоо жүргүзүү жана кыймылдуу таканчыктардын кысылып калууларынын жоктугун контролдоо тартиби жөнүндө;
4) конденсаттын үзгүлтүксүз чыгарылып турушун контролдоо жөнүндө.
302. Эксплуатациялоочу уюмдун жетекчилиги тарабынан идишти иштетүүнүн схемасы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен бекитилген болууга тийиш: басым булагы; параметрлери; жумушчу чөйрөсү; арматурасы, контролдоочу-өлчөөчү приборлор, автоматтык башкаруу каражаттары; сактоочу жана блокировкалоочу түзүлүштөр. Идиштерди иштетүү схемалары жумуш орундарында болууга тийиш.
303. Ысык газ менен жылытылуучу идиштерди эксплуатациялоо учурунда, басым алдында турган капталдарын ишенимдүү муздатуу зарыл болот, капталынын температурасынын жол берилген маанилерден жогорулашына жол бербөө керек.
304. Капкактары тез ачылуучу идиштерди (автоклавдарды) капкагы толук жабылбаган учурда иштетүү жана аны идиште басым болгон учурда ачуу мүмкүндүгүн болтурбоо максатында мындай идиштерди ачкыч-маркасы бар кулпулар менен жабдуу зарыл. Ачкыч-марканы сактоо жана колдонуу тартиби идиштердин иштөө режими жана коопсуз тейлөө боюнча өндүрүштүк нускамада көрсөтүлүүгө тийиш.
305. Жумушчу басымы 2,5 МПага чейин болгон идиштерди эксплуатациялоодо 2,5тен төмөн эмес тактык классына ээ болгон түздөн-түз таасир этүүчү манометрлерди колдонуу зарыл, ал эми жумушчу басымы 2,5 МПадан жогору болгон учурда колдонулуучу манометрлердин тактык классы 1,5дан төмөн болбоого тийиш.
306. Манометрдин шкаласында идиштин ээси тарабынан идиштеги жумушчу басымды көрсөтүүчү кызыл чийин түшүрүлүшү керек. Кызыл чийиндин ордуна манометрдин корпусуна кызыл түскө боёлгон жана манометрдин айнегине тыкыс чапташып турган пластинаны (металлдан же башка жетиштүү түрдө бышык материалдан жасалган) чаптап коюуга уруксат берилет.
Манометр жумушчу басымды өлчөө чеги шкаланын үчтөн экисинде тургандай шкала менен тандалууга тийиш.
307. Манометрди идишке орнотуу анын көрсөткүчтөрүнүн тейлөөчү персоналга так көрүнүп туруусун камсыздоого тийиш.
Аларга байкоо жүргүзүү аянтчасынын деңгээлинен 2 м чейинки бийиктикте орнотулуучу манометрлердин корпусунун номиналдуу диаметри 100 мм кем эмес, 2 м - 3 м чейинки бийиктикке - 160 мм кем болбоого тийиш.
Манометрлерди аянтчанын деңгээлинен 3 м жогорку бийиктикке орнотууга уруксат берилбейт.
308. Жумушчу манометрди мезгил-мезгили менен текшерүү үчүн манометр менен идиштин ортосуна үч жүрүштүү кранды же аны алмаштыруучу түзүлүштү орнотуу зарыл.
Зарыл болгон учурда манометр иштөө шарттарына жана идиштеги чөйрөнүн касиеттерине жараша сифон түтүгү менен же майлуу буфер, же аны чөйрөнүн түздөн-түз таасиринен жана температурадан коргоочу жана анын ишенимдүү иштөөсүн камсыздоочу башка түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.
Манометрлер жана аларды идиш менен туташтыруучу өткөргүч түтүктөр тоңуп калуудан корголууга тийиш.
309. 2,5 МПадан жогору басым алдында же чөйрөнүн 250°C жогору температурасында иштеген, ошондой эле 1-топко киргизилүүчү чөйрөсү бар (БК ТР 032/201 ылайык) идиштердеги үч жүрүштүү крандын ордуна экинчи манометрди туташтыруу үчүн бекитүүчү органы бар өзүнчө штуцерди орнотууга жол берилет.
Манометрди белгиленген мөөнөттөрдө аны стационардык идиштен чыгаруу жолу менен текшерүү мүмкүн болгон учурда үч жүрүштүү кранды же аны алмаштыруучу түзүлүштү орнотуу милдеттүү эмес.
310. Төмөнкү учурларда манометрлерди идиштерде колдонууга жол берилбейт, эгерде:
1) манометрде текшерүү жүргүзүлгөнү жөнүндө пломба менен эн-тамга жок болсо;
2) манометрди текшерүү мөөнөтү өтүп кетсе;
3) манометрдин жебеси аны өчүрүү учурунда ушул манометр үчүн жол берилүүчү четтөөнүн жарымынан ашкан чоңдукта шкаланын нөлдүк белгисине кайтып келбесе;
4) манометрдин айнеги сынган же анын көрсөткүчтөрүнүн тууралыгына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка бузулуулары болсо.
311. Манометрлерди пломбалоо же эн-тамгалоо менен текшерүү, эгерде манометрдин документтеринде башка мөөнөттөр белгиленбесе 12 айда жок дегенде бир жолу жүргүзүлүүгө тийиш. Тейлөөчү персонал манометрдин оң экендигин текшерүүнү манометрдин жебесин нөлгө орнотуу жолу менен үч жүрүштүү крандын же аны алмаштыруучу бекитүүчү вентилдердин жардамы менен жүргүзүүгө тийиш. Идиштерди эксплуатациялоо процессинде манометрлердин оң экендигин тейлөөчү персонал тарабынан текшерүү тартиби жана мөөнөттөрү эксплуатациялоочу уюмдун жетекчиси тарабынан бекитилген идиштердин иштөө режими жана коопсуз тейлөө боюнча өндүрүштүк нускама менен аныкталышы керек.
312. Капталдарынын температурасы өзгөрүп туруучу температурада иштеген идиштерди эксплуатациялоодо идиштерди ысытуунун жана муздатуунун жол берилүүчү ылдамдыктары боюнча талаптардын сакталышын контролдоо зарыл, алар эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) көрсөтүлөт.
313. Пружиналуу сактоочу клапандын оң абалда иштеши төмөнкү жолдор менен текшерилет:
1) жабдуу иштеп жаткан учурда анын сактоочу клапандарды эксплуатациялоо боюнча өндүрүштүк нускамада белгиленген мезгилдүүлүк менен мажбурлап ачылышын карап чыгуу;
2) эгерде клапанды мажбурлап ачуу же иш чөйрөсүнүн касиеттери боюнча (жарылуу коркунучу бар, ысык, уулуу) же технологиялык процесстин шарттары боюнча ылайыксыз болсо, стенддердеги клапандын иштөөсүн текшерүү.
Пружиналуу сактоочу клапанды эксплуатациялоодо анын пружинасы жол берилбеген ысып кетүүдөн (муздоодон) жана эгерде ал пружинанын материалына зыяндуу таасирин тийгизе турган болсо иш чөйрөсүнүн түздөн-түз таасиринен корголууга тийиш.
314. Даярдоочу тарабынан паспортто белгиленген жумушчу басымы кубаттандыруучу булактын басымына тең же андан жогору болгон идиште жана бул идиште химиялык реакциядан же ысытуудан, анын ичинен өрт учурунда басымдын жогорулоо мүмкүндүгү жокко чыгарылган шарттарда манометрди жана сактоочу клапанды орнотуу милдеттүү эмес.
315. Идиштин кубаттандыруучу булактын басымынан аз басымга эсептелген бириктирүүчү өткөргүч түтүгүндө редуцирлөөчү түзүлүштөн кийин басым азыраак болгон тарапта орнотулган манометри жана сактоочу түзүлүшү бар автоматтык редуцирлөөчү түзүлүштү орнотуу зарыл. Айланып өтүүчү линияны (байпасты) орнотуу учурунда ал да редуцирлөөчү түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
Бир эле басымда иштеген идиштердин тобу үчүн жалпы бириктирүүчү өткөргүч түтүккө идиштердин бирине карата биринчи тармактанууга чейин манометри жана сактоочу клапаны бар бир редуцирлөөчү түзүлүштү орнотууга жол берилет. Мында эгерде аларда басымдын жогорулоо мүмкүндүгү жок болсо, идиштердин өздөрүнө сактоочу түзүлүштөрдү орнотуу милдеттүү эмес.
Эгерде жумушчу чөйрөнүн физикалык касиеттеринин натыйжасында улам автоматтык редуцирлөөчү түзүлүштүн ишенимдүү иштөөсү камсыздалбаса, анда чыгымды жөнгө салгычты орнотууга жол берилет жана басымдын жогорулашынан коргоо каралат.
316. Сактоочу клапандардын өткөрүү мүмкүндүгү сактоочу клапандын паспортунда көрсөтүлгөн ар бир клапан үчүн (кысылуучу жана кысылбоочу чөйрөлөр, ошондой эле ал киргизилген аянт үчүн) чыгымдын коэффициентин эске алуу менен колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык аныкталат.
Сактоочу клапандар иштеп жаткан учурда идиштеги басымдын уруксат берилген басымдан төмөнкүдөй жогору болушуна жол берилбейт:
1) уруксат берилген басымдан 0,05 МПга жогору - 0,3 МПага чейинки басымдагы идиштер үчүн;
2) уруксат берилген басымдан 15%га жогору - 0,3дон 6 МПага чейинки басымдагы идиштер үчүн;
3) уруксат берилген басымдан 10%га жогору - 6 МПадан жогору басымдагы идиштер үчүн.
Сактоочу клапандар иштеп жаткан учурда идиштеги басымды жумушчу басымдан 25%дан жогору эмес жогорулатууга, бул жогорулоо долбоордо каралган жана идиштин паспортунда көрсөтүлгөн шарттарда жол берилет.
Эгерде эксплуатациялоо процессинде идиштеги жумушчу басым төмөндөтүлсө, анда иштин жаңы шарттары үчүн сактоочу түзүлүштөрдүн өткөрүү мүмкүнчүлүгүн эсептөө зарыл.
317. Идиштердин коопсуз иштөөсүн камсыздоо максатында сактоочу клапандардын туташтыруучу өткөргүч түтүктөрүн (бириктирүүчү, буруп кетүүчү жана дренаждык) алардагы жумушчу чөйрөнүн тоңуп калуусунан коргоо керек.
Аларда сактоочу түзүлүштөр орнотулган патрубоктордон (жана идиштен клапандарга чейинки туташтыруучу өткөргүч түтүктөрдүн участокторунда) жумушчу чөйрөнү алууга жол берилбейт.
318. Бир патрубкага (өткөргүч түтүккө) бир нече сактоочу түзүлүштөр орнотулган учурда патрубканын (өткөргүч түтүктүн) туурасынын кеткен кесилишинин аянты ага орнотулган клапандардын кесилишинин 1,25 суммаланган аянтынан кем болбоого тийиш. Узундугу 1000 мм ашык болгон туташтыруучу өткөргүч түтүктөрдүн кесилишин аныктоодо алардын каршылашуу чоңдугун да эске алуу зарыл.
319. Идиш менен сактоочу түзүлүштүн ортосунда, ошондой эле анын артына бекитүүчү арматураны орнотууга жол берилбейт.
Сактоочу түзүлүштөрдүн (эки жана андан ашык) топтору үчүн сактоочу түзүлүштүн (түзүлүштөрдүн) алдында (артында) арматура сактоочу түзүлүштөр клапандарды (клапанды) өчүрүүнүн долбоордо каралган кандай болбосун вариантында күйгүзүлгөн бойдон калган сактоочу түзүлүштөр ушул Эрежелердин 316-пунктунун талантарын аткарууну камсыздоочу суммаланган өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондой ыкмада жасалган блоктоо менен жабдылган шартта орнотулушу мүмкүн. Эки сактоочу түзүлүш орнотулган учурда блоктоо алардын бир убакта өчүп калуу мүмкүндүгүн болтурбоого тийиш.
320. Сактоочу түзүлүштөрдөн чыгуучу чөйрө коопсуз жерге чыгарылууга тийиш. Чыгуучу уулуу, жарылуу жана өрт коркунучу бар технологиялык чөйрөлөр андан ары утилдештирүү үчүн жабык системаларга же уюштурулган түрдө өрттөө системасына жөнөтүлүүгө тийиш.
Долбоордук документтер менен негизделген учурда чыгаруучу өткөргүч түтүктөр аркылуу уулуу эмес жарылуу жана өрт коркунучу бар чөйрөлөрдүн атмосферага чыгарылышына алардын конструкциясы жана жайгаштырылуучу жерлер өрт коопсуздугунун жана айлана-чөйрөнү коргоо ченемдеринин талаптарын эске алуу менен чыгарылуучу чөйрөнүн жарылуу жана өрт коркунучу жок таралышын камсыздаган шартта жол берилет.
Аралаштырууда жарылуу коркунучу бар аралашмаларды же туруксуз бирикмелерди пайда кылууга жөндөмдүү болгон заттарды камтыган чыгарууларды бириктирүүгө тыюу салынат.
321. Конденсатты чыгарууну камсыздоо үчүн сактоочу түзүлүштөрдүн буруп кетүүчү өткөргүч түтүктөрү жана импульстук сактоочу клапандардын импульстук линиялары конденсат топтолушу мүмкүн болгон жерлерде дренаждык түзүлүштөр менен жабдылышы керек. Дренаждык өткөргүч түтүктөрдөн конденсат коопсуз жерлерге алып кетилүүгө тийиш.
Дренаждык өткөргүч түтүктөрдө бекитүүчү органдарды же башка арматураны орнотууга жол берилбейт.
322. Мембрандык сактоочу түзүлүштөр карап чыгуу жана монтаждоо-демонтаждоо үчүн ачык жана жеткиликтүү жерлерде идишке түздөн-түз туташтырылган патрубкаларда же өткөргүч түтүктөрдө орнотулууга тийиш.
Мембрандар алар үчүн багытталган бекитүү түйүндөрүндө гана жайгаштырылууга тийиш.
Туташтырылуучу өткөргүч түтүктөр алардагы жумушчу чөйрөнүн тоңуп калуусунан корголууга тийиш.
323. Мембрандык сактоочу түзүлүштү сактоочу клапан менен удаалаш орнотууда (клапандын алдында же андан кийин) мембран менен клапандын ортосундагы көңдөй сигналдык манометри бар, буруп кетүүчү түтүк менен байланыштырылууга тийиш (мембрандардын оң экендигин контролдоо үчүн).
Мембрандык түзүлүштөр эки эсе болгон учурда мембрандык сактоочу түзүлүштөрдүн алдында которуучу түзүлүштөрдү орнотууга идишти которуучу түзүлүштүн кандай абалында болбосун басымдын жогорулашынан коргоону камсыздоо менен жол берилет.
324. Технологиялык процесстин шарттарына жараша сактоочу түзүлүштөрдүн стендинде иштөөсүнүн оң экендигин текшерүү, оңдоо жана иштөөсүн жөндөөнү текшерүү тартиби жана мөөнөттөрү эксплуатациялоочу уюмдун жетекчилиги тарабынан бекитилген сактоочу түзүлүштөрдү эксплуатациялоо боюнча өндүрүштүк нускамада көрсөтүлүүгө тийиш.
Сактоочу түзүлүштөрдүн оң экендигин текшерүүнүн жыйынтыктарын, аларды башка жөндөө жөнүндө маалыматтарды нөөмөт журналына жазышат, аларды жөндөө жөнүндө маалыматтарды аталган операцияларды аткаруучу адамдар актылар менен тариздешет.
325. Суюктуктун деңгээлин контролдоо зарыл болгон чөйрөлөрдү бөлүштүрүү чегине ээ идиштерди эксплуатациялоодо төмөнкү талаптар аткарылышы керек:
1) суюктук деңгээлинин көрсөткүчүнүн көрсөткүчтөрүнүн жакшы көрүнүп туруусун камсыздоо;
2) суюктук деңгээлин жалын же ысык газдар менен ысытылуучу идиштердеги жол берилгенден төмөндөтүү мүмкүн болгон учурда, деңгээлди түздөн-түз таасирдин эки көрсөткүчү боюнча контролдоо;
3) суюктук деңгээлинин тунук көрсөткүчүнүн бийиктиги суюктуктун жол берилүүчү деңгээлдеринин төмөнкүсүнөн төмөн жана жогоркусунун жогору тиешелүүлүгүнө жараша 25 мм кем эмес болууга тийиш болгон шарттар сакталган учурда суюктук деңгээлинин көрсөткүчүнө жол берилген жогорку жана төмөнкү деңгээлдерин так белгилөө;
4) идишти бийиктиги боюнча деңгээлдин көрсөткүчтөрдүн бир нечеси менен жабдууда аларды суюктук деңгээлинин көрсөткүчтөрүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздагандай жайгаштыруу;
5) деңгээлди көрсөткүчтө орнотулган арматураны (крандарды, вентилдерди) үйлөтүүдө жумушчу чөйрөнү коопсуз жерге бөлүп чыгарууну камсыздоо;
6) деңгээлди көрсөткүчтө колдонулуучу айнектен же слюдадан жасалган тунук элемент жарылган учурда персоналды жаракат алуудан сактоо үчүн коргоочу түзүлүштү колдонуу;
7) үн, жарык жана башка сигнализаторлорду жана блоктогучтарды долбоордо каралган жана деңгээлди көрсөткүчтөр менен катар орнотулган деңгээл боюнча ишенимдүү иштөөсүн камсыздоо.
326. Идиштерди оң абалда кармоо үчүн эксплуатациялоочу уюм оңдоо графигине ылайык идиштерди өз учурунда оңдоону уюштурууга милдеттүү. Мында басым алдында турган идиштерди жана алардын элементтерин оңдоого жол берилбейт. Идиштин ичиндеги иштин өндүрүшү менен байланышкан оңдоо иштеринде коопсуздукту камсыздоо максатында бул иштер башталганга чейин жалпы өткөргүч түтүк менен башка иштеп жаткан идиштерге бириктирилген идишти алардан туюктагыч менен бөлүүгө же ажыратууга тийиш. Ажыратылган өткөргүч түтүктөр туюкталышы керек. Идишти өчүрүү үчүн фланецтердин ортосунда орнотулуучу жана ал боюнча туюктагычтын болушу аныкталуучу чыгып туруучу бөлүгү (учу) бар тиешелүү бекемдиктеги туюктагычтарды гана колдонууга жол берилет. Фланецтердин ортосуна төшөлмөлөрдү орнотууда алардын учу болбоого тийиш.
327. Идиштин ичинде иштөө учурунда (ички карап чыгуу, оңдоо, тазалоо) 12 Вдан жогору эмес чыңалуудагы коопсуз жарык бергичтер колдонулууга тийиш, ал эми жарылууга кооптуу чөйрөлөрдө - жарылуудан коопсуз аткарылат. Зарыл болгон учурда зыяндуу же чектүү жол берилген концентрациядан ашкан башка заттардын жоктугуна карата аба чөйрөсүнө талдоо жүргүзүлүшү керек. Идиштин ичиндеги иштер наряд-уруксат боюнча аткарылууга тийиш.
328. Айлана-чөйрөдөгү абанын температурасы терс болгон учурда, ачык абада же от жагылбаган имараттарда эксплуатациялануучу идиштерди иштетүү, токтотуу же жылчыксыздыгын сыноо өндүрүштүк нускамада белгиленген, эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) жана долбоордук документтердин талаптарынын негизинде иштелип чыккан кышкы мезгилде иштүү регламентине ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
Идиш жасалган материалдын бышыктык мүнөздөмөлөрүнө, болот (же башка материал) жана ушул идиштин ширетилген биригүүлөрү басым алдында иштөө үчүн жол берилген температурадан, ошондой эле минималдуу температурадан көз карандылыгын эске алуу менен идишти (бирдей шарттарда иштөөчү идиштердин конструкциясы боюнча бир типтүүлөрдүн топторун) кышкы мезгилде иштетүү регламенти төмөнкүлөрдү аныктоого тийиш:
1) жумушчу чөйрөнүн басымынын жана идишти иштетүү мүмкүн болгон абанын температурасынын минималдуу маанилери;
2) иштетүү учурунда идиштеги басымды (иштетүүнүн минималдуу басымынан жумушчу басымга чейин) жогорулатуу жана токтотуу учурунда - төмөндөтүү тартиби;
3) иштетүү учурунда идиштин капталынын температурасын жогорулатуунун жана токтотуу учурунда - төмөндөтүүнүн жол берилүүчү ылдамдыгы.
4-§. Өткөргүч түтүктөрдү эксплуатациялоого карата талаптар
329. Өткөргүч түтүктү эксплуатациялоо үчүн эксплуатациялоочу уюм өткөргүч түтүктүн аткаруучулук схемасын иштеп чыгат жана бекитет, анда төмөнкүлөрдү көрсөтүшөт:
1) болоттордун маркаларын, түтүктөрдүн диаметрлерин, жоондугун, өткөргүч түтүктүн узундугун;
2) таянычтардын, компенсаторлордун, илинмелердин, арматуранын, абаны чыгаруучу жана дренаждоочу түзүлүштөрдүн жайгашуусу;
3) алардын ортосундагы аралыктарды көрсөтүү менен ширетип бириктирүүлөр;
4) жылуулуктун өтүүсүнүн долбоордук чоңдуктарын, жылып жүрүүсүн өлчөө үчүн түзүлүштөрдү көрсөтүү менен жылуулуктун өтүүсүн контролдоо үчүн көрсөткүчтөрдүн жайгашуусу (металлдын ордунан жылып кетүүсүн пайда кылуучу температураларда иштөөчү өткөргүч түтүктөр үчүн).
330. Металлдын ордунан жылып кетүүсүн пайда кылуучу температурада иштөөчү өткөргүч түтүктөрдүн аварияларын алдын алуу үчүн эксплуатациялоочу уюм калдык деформациялардын өсүшүнө системалуу түрдө байкоо жүргүзүүгө милдеттүү. Бул талап 400°C жана андан жогору буу температурасында иштеген көмүртектүү, марганцовкалуу, кремнемарганцовкалуу жана молибден болотунан жасалган, 500°C жана андан жогору буу температурасында легирленген хроммолибден жана хроммолибденанадий болотторунан жана 530°C жана андан жогору буу температураларында хромникель (аустениттик) болотторунан жасалган өткөргүч түтүктөргө тиешелүү. Ошондой эле көрсөтүлгөн өткөргүч түтүктөр эксплуатациялоочу уюм тарабынан кабыл алынган эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада), өндүрүштүк нускамаларда жана башка тескөөчү документтерде белгиленген талаптарга ылайык техникалык диагностоодон, бузбоочу, бузуучу контролдон өтүүгө тийиш, анын ичинде алар дайындалган ресурсту (жарактуулук мөөнөтүн) иштеп чыкканга чейин.
331. Капиталдык оңдоодон, ошондой эле өткөргүч түтүктөрдүн участокторун кесүүгө жана катуу кызытууга, арматураны алмаштырууга, таянычтарды тууралоого жана жылуулук изоляциясын алмаштырууга байланышкан оңдоодон кийин, жабдууну иштетүүнүн алдында төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш:
1) убактылуу монтаждоочу жана оңдоочу таңгычтардын, конструкциялардын жана түзүлүштөрдүн, баскычтардын жоктугу;
2) кыймылсыз жана жылмакай таянычтардын жана пружиналуу бекиткичтердин, өткөргүч түтүктөрдү жана арматураны тейлөө шатыларынын жана аянтчаларынын оң болушу;
3) илмелердин жана таянычтардын пружиналарынын муздак абалда тартылган өлчөмү;
4) жылуулуктун өтүү индикаторлорунун оң абалда болушу;
5) Өткөргүч түтүктөрдү аларды ысытуу жана башка эксплуатациялоо режимдеринде эркин жылдыруу мүмкүндүгү;
6) дренаждардын жана аба чыгаруучулардын, сактоочу түзүлүштөрдүн абалы;
7) өткөргүч түтүктөрдүн горизонталдык участокторунун жантаюу чоңдуктары жана алардын ушул Эрежелердин жоболоруна шайкештиги;
8) арматуранын жылуучу бөлүктөрүнүн жүрүшүнүн жеңилдиги;
9) бекитүүчү арматуранын четки абалдарынын (ачык-жабык) көрсөткүчтөрүнүн башкаруу щиттериндеги анын иш жүзүндөгү абалына шайкештиги;
10) жылуулук изоляциясынын оң абалда болушу.
332. Өткөргүч түтүктөрдү жана арматураны эксплуатациялоодо колдонуудагы нускамаларга ылайык төмөнкүлөрдү контролдоо зарыл:
1) өткөргүч түтүктөрдүн жылуулукту өткөрүү чоңдуктары жана алардын индикаторлордун (реперлердин) көрсөткүчтөрү боюнча эсептик маанилерге шайкештигин;
2) өткөргүч түтүктөрдүн кысылып калуусунун жана катуу титирешинин жоктугун;
3) сактоочу түзүлүштөрдүн, арматуранын жана фланецтик бириктирүүчүлөрдүн тыгыздыгын;
4) иштетүү жана токтотуу учурунда металлдын иштөөсүнүн температуралык режимин;
5) эки жылда бирден кем эмес жолу илмелердин жана таянычтардын пружиналарынын жумушчу жана муздак абалдагы тартылуу даражасын;
6) арматуранын сальник тыгыздагычтарынын жылчыксыздыгын;
7) башкаруу щиттериндеги жөнгө салуучу арматуранын абалдарынын көрсөткүчтөрүнүн көрсөтмөлөрүн анын иш жүзүндөгү абалына шайкештигин;
8) подшипниктердин, иштетүүчү механизмдердин түйүндөрүнүн, "шпиндель-сайлуу втулка" жуптуу винттеринин, арматуранын электр иштеткичтеринин редукторлорундагы майлагычтын болушун.
333. Муздай элек буу өткөргүчтөрдү чөйрө менен толтурууда өткөргүч түтүктөрдүн капталдарынын жана жумушчу чөйрөнүн температураларынын айырмасы контролдонууга тийиш, ал эсептик маанилердин чектеринде кармалышы керек.
334. Дренаждар системасы өткөргүч түтүктөрдү жылытуу, муздатуу жана бошотуу учурунда нымдуулуктун толук кетишин камсыздоого тийиш.
Өткөргүч түтүктөрдүн деталдарын жана элементтерин алмаштырууда өткөргүч түтүктүн огунун долбоордук абалы сакталууга тийиш.
Дренаждык линияларды салууда өткөргүч түтүктөрдүн кысылуусун болтурбоо үчүн жылуулуктун өтүү багыты эске алынышы керек.
Бир нече өткөргүч түтүктөрдүн дренаждык линияларын бириктирүү учурунда алардын ар биринде бекитүүчү арматура орнотулууга тийиш.
335. Арматурада же атайын металл биркада өткөргүч түтүктөрдүн технологиялык схемаларына ылайык аталыштары жана номерлери, ошондой эле штурвалды айландыруу багыттарынын көрсөткүчтөрү жазылууга тийиш.
Жөнгө салуучу клапандар жөнгө салуучу органды ачуу даражасынын көрсөткүчтөрү менен, ал эми бекитүүчү арматура - "Ачык" жана "Жабык" көрсөткүчтөрү менен жабдылууга тийиш.
Арматура тейлөө үчүн жеткиликтүү болууга тийиш. Арматура жана буу өткөргүчтөрдүн жылуулук өтүү индикаторлору орнотулган жерлерде тейлөө аянтчалары орнотулууга тийиш.
Арматура анын функциялык багытына ылайык гана колдонулушу керек.
336. Манометрлердин жана сактоочу клапандардын (жарылуу жана өрт коркунучу бар, химиялык кооптуу заттарды ташуу үчүн багытталган технологиялык өткөргүч түтүктөрдүн сактоочу клапандарынан тышкары) оң абалда иштешин текшерүү төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлүүгө тийиш:
1) 1,4 МПаны кошо алуу менен жумушчу басымдагы өткөргүч түтүктөр үчүн - нөөмөттө бир жолудан кем эмес;
2) 1,4дан жогору 4,0 МПаны кошо алуу менен жумушчу басымдагы өткөргүч түтүктөр үчүн - суткасына бир жолудан кем эмес;
3) 4 МПадан жогору жумушчу басымдагы өткөргүч түтүктөр үчүн, ошондой эле жылуулук электр станцияларында орнотулган бардык өткөргүч түтүктөр үчүн - уюмдун техникалык жетекчиси (башкы инженери) тарабынан белгиленген тартипте бекитилген нускама менен белгиленген мөөнөттөрдө.
Текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө нөөмөт журналына жазышат.
337. 2,5 МПага чейинки жумушчу басымдагы өткөргүч түтүктөрдү эксплуатациялоодо 2,5тен төмөн эмес тактык классындагы манометрлерди колдонуу зарыл.
2,5тен жогору 14 МПага чейинки жумушчу басымдагы өткөргүч түтүктөрдү эксплуатациялоодо 1,5тен төмөн эмес тактык классындагы манометрлерди колдонуу зарыл.
14 МПадан жогору жумушчу басымдагы өткөргүч түтүктөрдү эксплуатациялоодо 1ден төмөн эмес тактык классындагы манометрлерди колдонуу зарыл.
Манометрлердин шкаласын жумушчу басымда маномегрдин жебеси шкаланын үчтөн экисинде тургандай шартта тандашат.
Манометрдин шкаласында жол берилген басымды көрсөтүүчү кызыл чийин түшүрүлүүгө тийиш.
Кызыл чийиндин ордуна манометрдин корпусуна металл пластинканы же кызыл түскө боёлгон композиттик материалдардан жасалган жана манометрдин айнегине бекем чапталган пластинканы жабыштырууга жол берилет.
338. Манометр анын көрсөткүчтөрү тейлөөчү персоналга так көрүнүп тургандай орнотулууга тийиш, мында анын шкаласы вертикалдуу же көрсөткүчтөрдүн көрүнүүсүн жакшыртуу үчүн 30° чейин алдыга жантаюу менен жайгаштырылышы керек.
Манометрлерге байкоо жүргүзүү аянтынын деңгээлинен 2 м чейинки бийиктикте орнотулуучу манометрлердин номиналдуу диаметри 100 мм кем эмес болушу керек, 2ден 3 м чейинки бийиктикте - 150 мм кем эмес жана 3төн 5 м чейинки бийиктикте - 250 мм кем эмес. Манометр 5 м жогору бийиктикке жайгашкан учурда кайталоочу катары бийиктиги төмөндөтүлгөн манометр орнотулууга тийиш.
339. Ар бир манометрдин алдында үч жүрүштүү кран же манометрди үйлөтүү жана өчүрүү үчүн башка ушуга окшош түзүлүш болушу керек. Буунун басымын өлчөө үчүн багытталган манометрдин алдында 10 мм кем эмес диаметрдеги сифон трубка болууга тийиш.
340. Тейлөөчү персонал өткөргүч түтүктү эксплуатациялоо процессинде манометрдин оң экендигин текшерүүнү өндүрүштүк нускамада белгиленген мезгилдүүлүк менен, манометрдин жебесин нөлгө орнотуу жолу менен үч жүрүштүү крандын же аны алмаштыруучу бекитүүчү вентилдердин жардамы аркылуу жүргүзөт.
Манометрлер 12 айда бирден кем эмес жолу (эгерде манометрдин документтеринде башка мөөнөт белгиленбесе) текшерилүүгө тийиш жана алардын ар биринде эн-тамга же пломба орнотулушу керек.
Манометрлерди төмөнкүдөй учурларда колдонууга жол берилбейт, эгерде:
1) манометрде текшерүү жүргүзүлгөнү жөнүндө эн-тамга жана пломба жок болсо;
2) манометрди текшерүү мөөнөтү өтүп кетсе;
3) манометрдин жебеси аны өчүрүү учурунда ушул манометр үчүн жол берилүүчү четтөөнүн жарымынан ашкан чоңдукта шкаланын нөлдүк белгисине кайтып келбесе;
4) манометрдин айнеги сынган же анын көрсөткүчтөрүнүн тууралыгына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка бузулуулар болсо.
341. Сактоочу клапандардын оң экендигин аларды мажбурлап кыска мөөнөткө үзгүлтүккө учуратуу (ачуу) же эгерде клапанды мажбурлап ачуу технологиялык процесстин шарттары боюнча ылайыксыз болсо, стенддердеги клапандын иштеп кетүүсүн текшеришет.
Сактоочу түзүлүштөр коргоочу элементтеги басым уруксат берилгенден 10% ашпагандай, ал эми 0,5 МПага чейинки уруксат берилген басымда - 0,05 МПадан ашпагандай эсептелүүгө жана жөнгө салынууга тийиш.
Сактоочу клапанды толук ачууда басымды уруксат берилгенден 10% ашыкка жогорулатууга, эгерде бул өткөргүч түтүктүн бышыктыгын эсептөөдө каралган учурда гана жол берилиши мүмкүн.
Эгерде өткөргүч түтүктү төмөндөтүлгөн басымда эксплуатациялоого уруксат берилсе, анда сактоочу түзүлүштөрдү жөнгө салуу ушул басым боюнча жүргүзүлүүгө тийиш, мында түзүлүштөрдүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү эсептөө менен текшерилиши керек.
Сактоочу түзүлүш орнотулган патрубоктон чөйрөнү алууга жол берилбейт. Сактоочу клапандарда персоналды клапандар иштеп кеткен учурда күйүп калуудан сактоочу, буруп кетүүчү өткөргүч түтүктөр болууга тийиш. Бул өткөргүч түтүктөр тоңуп калуудан корголууга жана аларда топтолуучу конденсатты төгүү үчүн дренаждар менен жабдылууга тийиш. Дренаждарда бекитүүчү органдарды орнотууга жол берилбейт.
342. Эсептик басымы аны кубаттандыруучу булактын басымынан төмөн болгон өткөргүч түтүктү эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыздоо үчүн басым азыраак тарапта орнотулган манометри жана сактоочу клапаны бар редуцирлөөчү түзүлүш колдонулушу керек (редукциялык-муздатуучу түзүлүш же башка редуцирлоөчү түзүлүштөр). Редуцирлөөчү түзүлүштүн басымды автоматтык түрдө жөнгө салгычы, ал эми редукциялык-муздатуучу түзүлүштүн мындан тышкары - температураны автоматтык түрдө жөнгө салгычы болушу керек.
343. Эксплуатациялоочу уюм оңдоо иштеринин журналын жүргүзүүгө тийиш, ага өткөргүч түтүктөрдүн оң абалына жана коопсуз эксплуатациялоого жооптуу адамдын колу менен кезексиз техникалык күбөлөндүрүү зарылдыгын пайда кылбоочу аткарылган оңдоо иштери жөнүндө маалыматтар киргизилүүгө тийиш.
Өткөргүч түтүктү кезексиз күбөлөндүрүү зарылдыгын пайда кылуучу оңдоо иштери жөнүндө, оңдоо учурунда колдонулган материалдар, ошондой эле ширетүүнүн сапаты жөнүндө маалыматтар өткөргүч түтүктүн паспортуна киргизилүүгө тийиш.
344. Өткөргүч түтүктү оңдоо иштери башталганга чейин ал бардык башка өткөргүч түтүктөрдөн туюктагычтар менен бөлүнүүгө же ажыратылууга тийиш.
Эгерде буу жана ысык суу өткөргүч түтүктөрүнүн арматурасы фланецтен эмес болсо, анда өткөргүч түтүктү өчүрүү эки бекитүүчү орган менен, алардын ортосунда 32 мм кем эмес диаметрдеги шарттуу өтмөгү, атмосфера менен түздөн-түз байланыштыргычы бар дренаждоочу түзүлүш болгон учурунда жүргүзүлүүгө тийиш. Тээктердин, ошондой эле ачык дренаждардын вентилдеринин ишгеткичтери кулпу менен жабык учурда алардын тыгыздыгы бошобогудай кылып кулптанууга тийиш. Кулпулардын ачкычтары өткөргүч түтүктүн оң абалына жана коопсуз эксплуатациялоого жооптуу адамда сакталууга тийиш.
Өткөргүч түтүктү өчүрүүдө колдонулуучу туюктагычтардын жана фланецтердин жоондугу бышыктыкка карата эсептөө менен аныкталууга тийиш. Туюктагычтын ал боюнча анын болушун аныктоочу, чыгып туруучу бөлүкчөсү (учу) болушу керек.
Фланецтер менен туюктагычтардын ортосундагы төшөлмөлөр учсуз болушу керек.
345. өткөргүч түтүктөрдү, арматураны жана арматураны аралыктан башкаруу элементтерин оңдоо, өткөргүч түтүктүн оңдолуучу участогун бөлүп турган туюктагычтарды орнотуу жана алып салуу эксплуатациялоочу уюм тарабынан белгиленген тартипте наряд-уруксат боюнча гана аткарылууга тийиш.
346. Арматура оңдоодон кийин жылчыксыздыкка карата ордунан чыгарылуучу арматура үчүн 1,25 жумушчу басымга барабар басым жана ордунан чыгарбастан оңдолуучу арматура үчүн жумушчу басым менен сыналууга тийиш.
347. Өткөргүч түтүктөрдүн жана арматуранын жылуулук изоляциясы оң абалда болууга тийиш. Анын үстүңкү бетинин температурасы курчап турган абанын температурасы 25°C болгон учурда 55°C жогору болбоого тийиш.
348. Фланецтик бириктиргичтердин, арматуранын жана мезгил-мезгили менен контролдонуучу өткөргүч түтүктөрдүн участокторунун (ширетилген биригүүлөрүн, жылып жүрүшүн өлчөө үчүн бобышкалар) жылуулук изоляциялары алып салынгандай болушу керек.
349. Ачык абада жана май бактарынын, май өткөргүчтөрдүн, мазут өткөргүчтөрдүн жанына жакын жайгашкан өткөргүч түтүктөрдүн жылуулук изоляциясынын аны нымдуулукту же күйүүчү мунай продуктуларын сиңирип алуусунан коргоо үчүн металл же башка каптоосу болууга тийиш. Кабель линияларына жакын жайгашкан өткөргүч түтүктөрдүн да металл каптоосу болууга тийиш.
350. Жумушчу чөйрөнүн температурасы курчап турган абанын температурасынан төмөн болгон өткөргүч түтүктөр коррозиядан корголууга, гидро жана жылуулук изоляциясы болууга тийиш.
Жылуулук изоляциясы үчүн өткөргүч түтүктөрдүн металлынын коррозиясын пайда кылбоочу материалдар колдонулушу керек.
5-§. Жабдууну басым алдында эксплуатациялоодо авария же инцидент болгон учурдагы иш-аракеттердин тартиби
351. От казан коргоо иш-аракети менен же персонал тарабынан нускамада каралган, атап айтканда төмөнкү учурларда токтоосуз токтотулууга жана өчүрүлүүгө тийиш:
1) сактоочу клапандын бузук экендиги аныкталганда;
2) эгерде от казандын барабанындагы басым уруксат берилгенден 10% жогору көтөрүлсө жана көтөрүлүү уланса;
3) суунун деңгээли эң төмөнкү жол берилген деңгээлден төмөндөсө;
4) суунун деңгээли эң жогорку жол берилген деңгээлден жогору көтөрүлсө;
5) бардык кубаттандыруучу насостордун иштөөсү токтосо;
6) түздөн-түз таасир этүүчү суунун деңгээлинин бардык көрсөткүчтөрүнүн иш-аракети токтосо;
7) эгерде от казандын негизги элементтеринде (барабанда, коллектордо, камерада, буу айланып өтүүчү жана суу коё берүүчү түтүктөрдө, буу жана кубаттандыруучу өткөргүч түтүктөрдө, ысык өткөрүүчү түтүктө, от кутусунда, от жаккычтын каптоосунда, түтүктүү решёткада, тышкы сепаратордо, арматурада) жаракалар, көөп калуулар, алардын ширетилип бириктирилген жерлеринде бирикпей калуулар, анкер болтунун же байланышынын үзүлүп кетүүсү аныкталса;
8) түз агызуучу от казандын трактындагы басымдын кошо орнотулган тээктерге чейин жол берилбеген жогорулоосу же төмөндөөсү;
9) отунду камералык жагуу учурунда от жаккычтагы факелдердин өчүп калуусу;
10) суу ысытуучу от казан аркылуу суунун сарпталышынын минималдуу жол берилген мааниден төмөндөөсү;
11) суу ысытуучу от казандын трактындагы суунун басымынын жол берилгенден төмөндөөсү;
12) суу ысытуучу от казандан чыга бериштеги суунун температурасынын от казандын чыга бериш коллекторундагы суунун жумушчу басымына шайкеш келүүчү каныгуу температурасынан 20°C чейин жогорулоосу;
13) коопсуздуктун же авариялык сигнализациянын автоматикасынын бузулуусу, анын ичинен ушул түзүлүштөрдөгү чыңалуунун жок болуп кетүүсү;
14) тейлөөчү персоналга же от казанга коркунуч туудурган өрттүн от казан жайында келип чыгышы.
352. Идиш иштөө режими жана коопсуз тейлөө боюнча нускамада каралган учурларда токтоосуз токтотулууга тийиш, атап айтканда:
1) эгерде идиштеги басым уруксат берилгенден жогору көтөрүлсө жана персонал тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан төмөндөбөсө;
2) басымдын жогорулашынан улам сактоочу түзүлүштүн бузулуулары аныкталса;
3) идиште жана анын басым алдында иштеген элементтеринде тыгыз эместиктер, көөп калуулар, төшөлмөлөрдүн айрылып кетүүсү аныкталган учурда;
4) манометр бузулган же башка приборлор боюнча басымды аныктоого мүмкүн болбогон учурда;
5) суюктуктун деңгээли от менен ысытылуучу идиштердеги жол берилгенден төмөн түшүп кеткен учурда;
6) суюктуктун деңгээлинин бардык көрсөткүчтөрү иштен чыккан учурда;
7) блоктоочу сактоочу түзүлүштөр бузулган учурда;
8) басым алдында турган идишке түздөн-түз коркунуч туудурган өрт келип чыккан учурда.
353. Өткөргүч түтүк коргоо иш-аракети менен же персонал тарабынан нускамада каралган, атап айтканда төмөнкү учурларда токтоосуз токтотулууга жана өчүрүлүүгө тийиш:
1) сактоочу түзүлүштүн басымдын жогорулашынан улам бузулуусу аныкталган учурда;
2) эгерде өткөргүч түтүктөгү басым уруксат берилгенден жогору көтөрүлсө жана персонал тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан төмөндөбөсө;
3) эгерде өткөргүч түтүктүн негизги элементтеринде жаракалар, көөп калуулар, алардын ширетилип бириктирилген жерлеринде бирикпей калуулар, анкер болтунун же байланышынын үзүлүп кетүүсү аныкталса;
4) манометр бузулган жана басымды башка приборлор менен аныктоо мүмкүн болбогон учурда;
5) блоктоочу сактоочу түзүлүштөр бузулган учурда;
6) өткөргүч түтүк кысылган жана катуу титиреген учурда;
7) суюктукту үзгүлтүксүз алып салуу үчүн дренаждык түзүлүштөр бузулган учурда;
8) өткөргүч түтүккө түздөн-түз коркунуч жаратуучу өрт келип чыккан учурда.
354. Басым алдындагы жабдууну авариялык токтотуу себептери нөөмөт журналдарында катталууга тийиш.
355. Басым алдындагы жабдуу колдонулуучу КӨОлордо жумушчулардын авариялык кырдаалдагы иш-аракеттерин белгилөөчү нускамалар иштелип чыгууга жана бекитилүүгө тийиш. Нускамалар басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоо менен байланышкан ар бир жумушчуга кол койдуруу аркылуу жумуш ордуна берилүүгө тийиш. Нускамаларды билүү адистерди аттестациялоо жана жумушчуларга өз алдынча иштөөгө уруксат берүү учурунда текшерилет.
Нускамалардын көлөмү технологиялык процесстин өзгөчөлүктөрүнө жана басым алдында эксплуатациялануучу жабдуунун тибине жараша болот.
356. Жумушчулардын авариялык кырдаалдагы иш-аракеттерин белгилөөчү нускамаларда, КӨО өзгөчөлүктөрү менен аныкталуучу талаптар менен катар басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоочу жумушчулар үчүн төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
1) авариялардын алдын алуу жана локалдаштыруу боюнча ыкчам иш-аракеттер;
2) аварияларды жоюу ыкмалары жана методдору;
3) эгерде авариялык кырдаалды локалдаштыруу же жоюу мүмкүн болбосо, жабдуу эксплуатацияланып жаткан имаратта же аянтчада жарылуу, өрт, уулуу заттардын чыгуусу келип чыккан учурда эвакуациялоо схемалары;
4) КӨО жабдуулары локалдуу өрттөнгөн учурда өрт өчүрүү системасын пайдалануу тартиби;
5) басым алдындагы жабдууну иштебей турганда коопсуз абалга келтирүү тартиби;
6) электр кубаттандыргычты киргизүүнү өчүрүүчү жер жана өчүрүүгө укуктуу адамдардын тизмеси;
7) алгачкы жардам аптечкалары жайгашкан жер;
8) электр чыңалуусуна туш болгон, күйүп калган, күйүүчү продукттар менен ууланган жумушчуларга алгачкы жардам көрсөтүү методдору;
9) КӨО жана аварияларды локалдаштыруу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга тартылган адистештирилген кызматтардын жумушчуларына маалымдоо тартиби.
Аталган нускамалардын болушу үчүн жоопкерчилик басым алдындагы жабдуу колдонулуучу КӨО жетекчилигине, ал эми аларды авариялык кырдаалдарда аткаруу - КӨОнун ар бир кызматкерине жүктөлөт.
357. Басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоо учурунда инцидент келип чыккан учурдагы иш-аракеттердин тартибин эксплуатациялоочу уюм аныктайт жана өндүрүштүк нускамаларда белгилейт.
6-глава. Басым алдындагы жабдууну техникалык күбөлөндүрүү, техникалык диагностикалоо
1-§. Жалпы талаптар
358. Ушул Эрежелердин 3-пунктунда аталган басым алдындагы жабдуу төмөнкүдөй учурларда техникалык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш:
1) монтаждоодон кийин эксплуатациялоого киргизүүгө чейин (баштапкы техникалык күбөлөндүрүү);
2) эксплуатациялоо процессинде мезгил-мезгили менен (мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүү);
3) мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүү мөөнөтү келгенге чейин, ушул Эрежелерде белгиленген учурларда (кезексиз техникалык күбөлөндүрүү).
359. Басым алдындагы жабдуунун жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде техникалык күбөлөндүрүү иштеринин көлөмү, тартиби жана мезгилдүүлүгү эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) жана ушул Эрежелерде аныкталат.
360. Басым алдындагы жабдууну техникалык күбөлөндүрүүнү адистештирилген уюм, ошондой эле жабдууну коопсуз эксплуатациялоого өндүрүштүк контролдоо үчүн жооптуу адам жабдуунун оң абалы жана коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адам менен биргеликте ушул Эрежелерде белгиленген учурларда жүргүзөт.
361. Басым алдында иштеген жабдууну кезексиз техникалык күбөлөндүрүүнү төмөнкү учурларда жүргүзүшөт, эгерде:
1) жабдуу 12 айдан ашык, ал эми өткөргүч түтүктөр - 24 айдан ашык эксплуатацияланбаса;
2) бир эле уюм тарабынан эксплуатацияланган ташылып жүрүүчү жабдуудан тышкары, жабдуу демонтаждалса жана жаңы орунга орнотулса;
3) жабдууну оңдоо басым алдында иштеген элементтерди ширетүү, эритүү жана термикалык тазалоо менен жүргүзүлсө.
362. Эксплуатациялоонун максималдуу уруксат берилген параметрлери (басым, температура), кийинки күбөлөндүрүү мөөнөттөрү көрсөтүлгөн техникалык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары техникалык күбөлөндүрүү жүргүзүшкөн адамдар тарабынан басым алдындагы жабдуунун паспортуна жазылууга тийиш. Кийинки мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүнүн мөөнөтү даярдоочу тарабынан же жабдуунун жарактуулук мөөнөтү узартылган учурда техникалык диагностикалоонун жыйынтыктары боюнча таризделген корутундуда белгиленген жабдуунун жарактуулук мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
363. Эгерде күбөлөндүрүү учурунда дефекттер аныкталса, анда алардын мүнөзүн жана өлчөмдөрүн белгилөө үчүн ушул Эрежелерде каралган тартипте бузбоочу контролдоо методдорун колдонуу менен техникалык диагностикалоо жүргүзүлүүгө тийиш. Эгерде жүргүзүлгөн техникалык диагностикалоонун жыйынтыктары боюнча басым алдындагы жабдуунун бышыктыгын төмөндөтүүчү дефекттер аныкталса, анда аны дефекттери четтетилгенге (оңдоо, жабдууну алмаштырууга) чейин эксплуатациялоого төмөндөтүлгөн параметрлерде (басым, температура) уруксат берилиши мүмкүн. Мында жабдууну төмөндөтүлгөн параметрлерде коопсуз эксплуатациялоо мүмкүндүгү анын курамында жабдуу колдонулуп жаткан технологиялык процесс менен жол берилүүгө тийиш, ошондой эле дефекттердин мүнөзүн жана өлчөмүн эске алуу жана зарыл болгон учурда калдык ресурсту аныктоо аркылуу бышыктыгын эсептөө менен ырасталууга тийиш. Жабдууну төмөндөтүлгөн параметрлерде эксплуатациялоо режимине которуу учурунда тиешелүү эсептөө менен сактоочу клапандардын өткөрүү мүмкүндүгү текшерилүүгө тийиш, ошондой эле аларды кайра жөндөө (төмөндөтүлгөн параметрлерди эске алуу менен) же алмаштыруу (өткөрүү мүмкүндүгүн эсептөөнүн жыйынтыгы терс болгон учурда) керек.
Басым алдындагы жабдууну төмөндөтүлгөн параметрлерде пайдалануу мүмкүндүгү жана мөөнөттөрү жөнүндө чечимди техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзгөн адам жабдуунун паспортуна уруксат берилген параметрлерди төмөндөтүү себептерин көрсөтүү жана ырастоочу документтерди (диагностикалоонун жана эсептөөлөрдүн жыйынтыктарын) тиркөө менен жазат.
364. Эгерде техникалык күбөлөндүрүүдө басым алдындагы жабдуу болгон дефекттердин же бузуулардын кесепетинен улам аны андан ары эксплуатациялоо үчүн кооптуу абалда тургандыгы аныкталса, анда мындай жабдууну иштетүүгө тыюу салынышы керек.
365. Эгерде басым алдындагы жабдууну техникалык күбөлөндүрүүдө аныкталган дефекттерди талдоо учурунда (пайда болуу мүнөзүнө, өлчөмдөрүнө жана себептерине баа берүү) алардын пайда болуусу ушул эксплуатациялоочу уюмда жабдууну эксплуатациялоо режими менен же жабдуунун ушул тибинин конструкциясынын өзгөчөлүктөрү (жетишпестиктери) менен шартталгандыгы аныкталса, анда техникалык күбөлөндүрүү жүргүзгөн адам эксплуатациялоочу уюмдун жетекчисине ушул эксплуатациялоочу уюмда ушуга окшош режимде эксплуатациялануучу бүткүл жабдууну же ушуга окшош конструкциядагы жабдууну кезексиз техникалык күбөлөндүрүү зарылдыгы тууралуу маалыматты жөнөтүүгө тийиш.
Мында эксплуатациялоочу уюм аталган иштерди жүргүзүүнү камсыздоого жана аларды жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу контролдоочу органга маалымдоого милдеттүү.
Техникалык күбөлөндүрүү жүргүзгөн уюм жабдуунун конструкциясынын өзгөчөлүктөрү (кемчиликтери) менен шартталган дефекттердин аныкталган фактысы тууралуу ушул жабдууну даярдоочуга жана (же) ушул жабдуунун долбоорун иштеп чыгуучуга, ошондой эле ыйгарым укуктуу контролдоочу органга жана ушул жабдуунун ББ ТР 032/2013 талаптарына шайкештигин ырастоочу документти тариздеген уюмга (ырастоочу документтерди тиркөө менен) кабарлоого милдеттүү.
2-§. От казандарды техникалык күбөлөндүрүү
366. От казандарды, ошондой эле алардын каркастарынын металл конструкцияларын (болсо) техникалык күбөлөндүрүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) от казанды жана анын элементтерин тышкы жана ички карап чыгуу;
2) от казандын каркасынын металл конструкцияларын (болсо) карап чыгуу;
3) гидравликалык сыноо;
4) электр бөлүгүн сыноо (электр от казандары үчүн).
От казанды техникалык күбөлөндүрүүдө от казанды эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада), ушул Эрежелердин талаптарында белгиленген учурларда бузбоочу контролдун башка методдорун колдонууга жол берилет.
367. От казандарды тышкы жана ички карап чыгуу төмөнкү максатка ээ:
1) алгачкы жолку күбөлөндүрүүдө от казан ушул Эрежелердин, долбоордун жана эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарына ылайык орнотулгандыгын жана жабдылгандыгын, ошондой эле от казанда жана анын элементтеринде аларды ташуу жана монтаждоо процессинде пайда болгон бузулуулардын жоктугун текшерүү;
2) мезгилдүү жана кезексиз күбөлөндүрүүдө от казандын оң болушун жана аны андан ары иштетүү мүмкүндүгүн аныктоо.
368. От казанды техникалык күбөлөндүрүүнү (алгачкы, мезгилдүү жана кезексиз) ыйгарым укуктуу адистештирилген уюм жүргүзөт.
Даярдоочу уюм тарабынан ички карап чыгуу жана гидравликалык сыноо жүргүзүлгөн жана орнотулуучу жерге жыйналган түрдө келген от казандарды алгачкы техникалык күбөлөндүрүүнүн даярдоочу тарабынан белгиленген консервациялоо мөөнөтү өтпөгөн шартта, орнотулуучу жерде эксплуатациялоочу уюмдун адистери (жабдууну коопсуз эксплуатациялоо үчүн өндүрүштүк контроль жүргүзүүгө жооптуу жана анын оң абалы жана коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу) тарабынан жүргүзүлүшүнө жол берилет.
369. От казандарды мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүнү ыйгарым укуктуу адистештирилген уюм төмөнкүдөн кем эмес мөөнөттөрдө (эгерде эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) башка мөөнөттөр каралбаса) жүргүзүшөт:
1) төрт жылда бир жолу - тышкы жана ички карап чыгуулар;
2) сегиз жылда бир жолу - гидравликалык сыноо.
370. Жабдуунун оң абалы, коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адам пландуу оңдоо иштерин жүргүзүүнү баштоонун алдында жана ал аяктагандан кийин, бирок 12 айда бирден кем эмес жолу от казанды тышкы жана ички карап чыгууга (эгерде эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) кароо жүргүзүү мөөнөттөрү боюнча башка көрсөтмөлөр жок болсо), ошондой эле эгерде оңдоонун мүнөзү жана көлөмү кезексиз техникалык күбөлөндүрүү жүргүзүү зарылдыгын пайда кылбаса, барабанды, коллекторду ачуудан же от казанды оңдоодон кийин ар бир жолу жумушчу басым менен гидравликалык сыноону жүргүзүүгө милдеттүү.
371. Ушул Эрежелердин 361-пунктунун 3-пунктчасында каралган от казанды кезексиз техникалык күбөлөндүрүүнү төмөнкү учурларда жүргүзүшөт:
1) эгерде кайсы болбосун капталынын анкердик байланыштарынын 15% ашыгы алмаштырылса;
2) барабанды, экрандын коллекторун, буу ысыткычты, буу муздаткычты же экономайзерди алмаштыруудан кийин;
3) эгерде бир эле учурда экрандык жана кайнатуучу же түтүн чыгуучу түтүктөрүнүн жалпы санынан 50% ашыгы же 100% буу ысыткыч түтүктөр жана экономайзердин түтүктөрү алмаштырылса;
4) эгерде мындай күбөлөндүрүү жүргүзүлгөн карап чыгуунун жыйынтыктарына жана эксплуатациялоочу документке талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыктарына ылайык от казандын оң абалы жана коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын чечими боюнча зарыл болсо.
372. От казанды тышкы жана ички карап чыгууда мүмкүн болуучу жаракаларга, тешилүүлөргө, көөп чыгууларга жана капталдарынын ички жана тышкы беттериндеги коррозияларга, буулануунун тактарын жана ширетип, бөрктөп жана вальцовкалап бириктирүүлөрдөгү бирикпей калган жерлерге, ошондой эле от казандын элементтеринин металлынын ысып кетүү коркунучун пайда кылышы мүмкүн болгон каптоочтордун бузулууларын аныктоого көңүл буруу керек.
373. Жылуулук электр станцияларына монтаждалуучу от казандар техникалык күбөлөндүрүүгө берилгенге чейин бардык монтаждоочу блоктор алар капталганга чейин кылдаттык менен каралып чыккан шартта капталышы мүмкүн. Бул үчүн электр станциясынын, металлдар лабораториясынан (кызматынын) жана монтаждоочу уюмдун өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүшү керек.
Карап чыгуу учурунда төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш: деталдардын жана жыйноочу бирдиктердин уруксат берилгендей өз ара жайгаштырылышынын сакталышы, ашташкан түтүктөрдүн жээктеринин жылышуусу жана окторунун сынышы, ширетилген биригүүлөрдүн конструктивдүү элементтери, от казандын элементтеринде заводдун маркалоосунун болушу жана анын паспорттук маалыматтарга шайкештиги, ташуу учурунда деталдардын жана жыйноочу бирдиктердин бузулбагандыгы.
Комиссиянын карап чыгуусунун жана ширетилген биригүүлөрүн (заводдук жана монтаждоочу) аткарылган контролдоону текшерүүнүн жыйынтыктары оң болгон учурда ар бир монтаждоочу блокко акт түзүлүүгө жана электр станциясынын башкы инженери тарабынан бекитилүүгө тийиш. Бул акт от казанды монтаждоонун сапаты тууралуу күбөлүктүн ажырагыс бөлүгү жана от казанды техникалык күбөлөндүрүүгө чейин каптоо үчүн негиз болуп эсептелет.
Толук монтаждалган от казан ички карап чыгуу (жеткиликтүү жерлерде) жана гидравликалык сыноо үчүн берилүүгө тийиш.
Эгерде от казанды карап чыгууда блоктор монтаждоо процессинде соккуларга туш болгондугуна шектенүү жараткан каптоосунун бузулганы аныкталса, анда каптоо түтүктөрдүн абалын текшерүү жана бузуктарды четтетүү үчүн жарым-жартылай ачылышы керек.
374. Мезгилдүү тышкы жана ички карап чыгуулардын алдында от казан муздатылууга жана кебээрден, көөдөн, күлдөн жана шлак калдыктарынан кылдаттык менен тазаланууга тийиш. Барабандагы ички түзүлүштөр убактылуу демонтаждалып жана эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) каралган тартипте алып салынууга (эгерде алар карап чыгууга тоскоолдук жаратса) тийиш.
Капталдарынын же бириктирилген жерлеринин оң абалда экендигине шектенүү жаралган учурда, күбөлөндүрүүнү жүргүзүп жаткан адам каптоону ачууну жана изоляцияны толугу менен же жарым-жартылай алып салууну, ал эми от өткөрүүчү түтүктөрү бар от казанды ичинен карап чыгууда - түтүктөрдү толугу менен же жарым-жартылай алып салууну талап кылууга укуктуу.
375. От казандарды гидравликалык сыноону тышкы жана ички карап чыгуулардын жыйынтыктары канааттандырарлык болгон учурда гана жүргүзүшөт.
От казанды гидравликалык сыноо жүргүзүүдө ушул Эрежелердин 3-главасынын § 13 "Гидравликалык (пневматикалык) сыноо" тиешелүү талаптары аткарылууга тийиш.
От казан гидравликалык сыноого ага орнотулган арматура менен берилүүгө тийиш.
Жумушчу басым паспортто көрсөтүлгөнгө карата төмөндөгөн учурда гидравликалык сыноодогу сынам басымды техникалык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары боюнча белгиленген уруксат берилген басымга жараша аныкташат.
376. Электр от казандарын техникалык күбөлөндүрүү учурунда электр изоляциясынын абалын текшерүү үчүн электр от казандарынын электр бөлүгүнө кошумча сыноо жүргүзүшөт.
377. Эгерде от казанды күбөлөндүрүү учурунда барабандын металлына же башка элементтерине механикалык сыноо жүргүзүлсө жана көмүр тектүү болотту сыноонун жыйынтыгында төмөнкү көрсөткүчтөрдүн биринин болушу аныкталса:
1) 320 МПа (32 кгс/мм) төмөн убактылуу каршылык;
2) 0,75ден көп убактылуу каршылыкка карата 0,2% калдык деформациясында алмашып туруучулуктун шарттуу чегинин катнашы;
3) 14% төмөн салыштырмалуу узартуу;
4) 25 Дж/см2 төмөн учтуу кесилген үлгүлөрдө басымдуу илээшкечтик, анда ушул элементти андан ары эксплуатациялоого тыюу салынууга тийиш.
Легирленген болоттор үчүн көрсөтүлгөн мүнөздөмөлөрдүн жол берилүүчү маанилери даярдоочу уюм тарабынан ар бир конкреттүү учурларда белгиленет.
378. Эгерде от казанды күбөлөндүрүүдө үстүнкү бетинен жаракалар же тыгыз эместиктер (агуу, буулануунун издери, туздардын топтолуусу) аныкталса, анда аларды ширетүү жолу менен четтетүүнүн алдында, коррозиянын жок болушуна карата дефекттик биригүүлөрүнө изилдөөлөр жүргүзүлүүгө тийиш. Коррозия каптап кеткен участоктор алып салынууга тийиш.
379. От казандын каркасынын металлконструкцияларын күбөлөндүрүү от казанды эксплуатациялоо боюнча колдонмого (нускамага) ылайык жүргүзүлөт.
3-§. Идиштерди техникалык күбөлөндүрүү
380. Идиштерди (баллондордон тышкары) техникалык күбөлөндүрүүлөрдүн көлөмдөрү, методдору жана мезгилдүүлүгү даярдоочу тарабынан аныкталууга жана эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамаларда) көрсөтүлүүгө тийиш.
Мындай көрсөтмөлөр жок болгон учурда идиштердин жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде техникалык күбөлөндүрүүлөрдүн мезгилдүүлүгү ушул Эрежелердин 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
Баллондорду күбөлөндүрүү баллондордун конструкциясын иштеп чыгуучу тарабынан бекитилген методика боюнча жүргүзүлүшү керек, анда күбөлөндүрүүнүн мезгилдүүлүгү жана жараксыздыкка чыгаруу ченемдери көрсөтүлүүгө тийиш.
381. Аймактык ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга тийиш болгон идиштерди алгачкы, мезгилдүү жана кезексиз техникалык күбөлөндүрүүнү басым алдында иштеген идиштерди эксплуатациялоону өндүрүштүк контролдоого жооптуу адам эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) же ушул Эрежелердин 3-тиркемесинде белгиленген мөөнөттөрдө оң абалы жана коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдар менен бирге жүргүзөт.
382. Аймактык ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга тийиш болбогон идиштерди алгачкы, мезгилдүү жана кезексиз техникалык күбөлөндүрүүнү басым алдында иштеген идиштерди эксплуатациялоо үчүн өндүрүштүк контролдоого жооптуу адам эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) же ушул Эрежелердин 3-тиркемесинде белгиленген мөөнөттөрдө оң абалы жана коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдар менен бирге жүргүзөт.
383. Идиштерди алгачкы техникалык күбөлөндүрүүнүн минималдуу көлөмү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) идиштин ички (жеткиликтүү учурда) жана тышкы беттерин визуалдык жана өлчөөчү контролду;
2) коррозиялык-агрессивдүү чөйрөлөрдүн басымы алдында иштеген идиштердин элементтеринин капталдарынын калыңдыгын контролдоо, эгерде бул эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) белгиленген жана (же) анда идиштер пайдаланылуучу технологиялык процесстин өзгөчөлүгүн эске алуу менен КӨОнун долбоордук документтеринде каралган болсо;
3) монтаждын, технологиялык өткөргүч түтүктөр менен байланыштырылышынын, идиштин контролдоочу-өлчөөчү приборлор жана сактоочу түзүлүштөр менен жабдылышынын долбоордук жана техникалык документтердин талаптарына шайкештигин текшерүү;
4) гидравликалык сыноолорду жүргүзүү.
Идиштерди техникалык күбөлөндүрүүдө бузбоочу контролдун башка методдорун, анын ичинде акустикалык эмиссия методун колдонууга жол берилет.
384. Алгачкы техникалык күбөлөндүрүүдө жыйналган түрдө ташылып келинген идиштин ички бетин карап чыгуу жана гидравликалык сыноо жүргүзбөөгө жол берилет, эгерде бул эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарында белгиленген болсо жана анда көрсөтүлгөн консервациялоо мөөнөттөрү жана шарттары бузулбаса.
385. Кезексиз техникалык күбөлөндүрүүнүн көлөмү аны жүргүзүүнү пайда кылган себептер менен аныкталат.
Кезексиз техникалык күбөлөндүрүүдө идиштин паспортунда мындай күбөлөндүрүүнүн зарылдыгын пайда кылган себептер көрсөтүлүүгө тийиш.
386. Идиштин ички беттерин карап чыгуунун (визуалдык жана өлчөөчү контролдоо), идиштин ичинде башка иштерди жана аны гидравликалык сыноо жүргүзүүнүн алдында идиш токтотулган, муздатылган (жылытылган), аны толтуруп турган жумушчу чөйрөдөн желдетүү (үйлөтүү) жана нейтралдаштыруу, газсыздандыруу (зарыл болгон учурда) менен бошотулууга, кубаттандыруу булактарынан жана идишти басым булактары же башка идиштер жана технологиялык жабдуулар менен туташтырылуучу бардык өткөргүч түтүктөрдөн өчүрүлүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүү тартиби жумушчу чөйрөнүн касиеттерине, идиштин конструкциясына, аны иштетүү схемасынын жана технологиялык процесстин өзгөчөлүктөрүнө жана Эрежелердин ушул главасында көрсөтүлгөн талаптарга жараша өндүрүштүк нускамада же эксплуатациялоочу жана (же) көрсөтүлгөн иштерди аткаруучу адистештирилген уюм тарабынан бекитилген иштерди коопсуз жүргүзүү боюнча башка документтерде (технологиялык регламент, нускама) белгиленүүгө тийиш.
387. Абанын же инерттик газдардын басымы алдында иштеген идишти үйлөтүү, анын корпусунун ичинде иштерди аткаруу башталганга чейин аба менен жүргүзүлөт; күйүүчү газдардын басымы алдында иштеген идиштерди үйлөтүү - инерттүү газ жана (же) аба менен жүргүзүлөт. Үйлөтүүнүн аяктаганын зарыл болгон учурда жумушчу чөйрөнүн касиеттерин эске алуу менен үйлөтүүдөн кийин идиштин ичиндеги чөйрөнү талдоонун жыйынтыктары боюнча аныкташат.
Уулуу заттар менен иштеген идиштер иш башталганга чейин, анын ичинде визуалдык жана өлчөөчү контролдоонун алдында кылдаттык менен тазаланууга (нейтралдаштыруу, газсыздандыруу) тийиш.
388. Идишти аны басым булактары же башка идиштер жана технологиялык жабдуулар менен бириктирүүчү бардык өткөргүч түтүктөрдөн өчүрүүнү ажыратуучу-туташтыруучу биригүүлөрдө туюктагычтарды орнотуу же өткөргүч түтүктөрдүн фланецтеринде туюктагычтарды орнотуу менен ажыратуучу бириккен жерлериндеги бириктирүүчү жана буруп кетүүчү өткөргүч түтүктөрдөн түздөн-түз ажыратуу жолу менен жүргүзүлөт.
389. Идиштердин үстүңкү беттери карап чыгуу башталганга чейин визуалдык жана өлчөөчү контролдоону жүргүзүү үчүн катмарлануулардан жана булгануулардан тазаланууга тийиш.
Күбөлөндүрүү жүргүзүүчү адамдын талабы боюнча футеровкалоону, изоляциялоону жана коргоонун башка түрлөрү алып салынууга тийиш, эгерде идишти колдонуунун коопсуздугуна таасирин тийгизиши мүмкүн болгон дефекттердин болушун көрсөткөн белгилер болсо (визуалдык көрүнүп турган механикалык бузулуулар; деформация; футеровкалоонун, изоляциялоонун жана корпустун коргоочу кабыкчасынын бүтүндүгүнүн бузулушу; приборлордун көрсөткүчтөрү боюнча идиштин корпусунун же анын коргоочу кабыкчасынын жылчыксыздыгынын бузулушу). Эгерде идиштин конструкциясында жана (же) технологиялык процесстин өзгөчөлүгүндө изоляциялоону жана корпустун башка коргоочу түзүлүштөрүн кийин кайра калыбына келтирүү менен алып салуу мүмкүндүгү каралбаса, анда коргоочу каптоосун алып салуу же башка методдор менен карап көрүү үчүн жеткиликтүү болбогон жерлердеги мүмкүн болгон дефекттердин болушун диагностикалоо долбоорду иштеп чыгуучунун жана (же) идишти даярдоочунун методикасы жана технологиясы боюнча, зарыл болгон учурларда иштери аткаруу үчүн адистештирилген уюмду жана (же) идишти даярдоочу уюмду тартуу менен жүргүзүлүшү керек.
Ширетүүнү жана термикалык иштетүүнү колдонуу менен оңдоодон кийин идишти кезексиз техникалык күбөлөндүрүүдө карап чыгуу жана идиштин бекемдигин, бышыктыгын сыноо үчүн тышкы изоляцияны оңдоолуучу жерде гана жарым-жартылай алып салууга жол берилет.
390. Идишти гидравликалык сыноо эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарын эске алуу менен эксплуатациялоочу уюм тарабынан иштелип чыккан идиштин иштөө режими жана коопсуз тейлөө боюнча бекитилген схемаларга жана нускамаларга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
Идишти гидравликалык сыноо жүргүзүүдө ушул Эрежелердин 3-главасынын § 13 "Гидравликалык (пневматикалык) сыноо" тиешелүү талаптары аткарылууга тийиш. Сыноо басымынын чоңдугун идиш үчүн уруксат берилген басымдан улам аныкташат. Идишти мындай басымда кармап туруу убактысы (эгерде эксплуатациялоо боюнча колдонмодо башка көрсөтмөлөр жок болсо) төмөнкүдөн кем болбоого тийиш:
1) 10 мүнөт - капталынын калыңдыгы 50 мм чейин болгон учурда;
2) 20 мүнөт - капталынын калыңдыгы 50дөн жогору 100 мм чейин болгон учурда;
3) 30 мүнөт - капталынын калыңдыгы 100 мм жогору болгон учурда.
391. Идиштерди гидравликалык сыноо бузбоочу контролдун жана изилдөөлөрдүн эксплуатациялоо боюнча колдонмосунда (нускамасында) каралган ички жана тышкы беттин визуалдык жана өлчөөчү контролдоонун жыйынтыктары канааттандырарлык болгон учурда гана жүргүзүлүүгө тийиш.
392. Вертикалдуу орнотулган идиштерди гидравликалык сыноодо сыноо басымы идиштин жогорку капкагында (түбүндө) орнотулган манометр боюнча контролдонууга, ал эми манометрди мындай орнотууга конструктивдүү мүмкүн болбогон учурда, сыноо басымынын чоңдугу манометрди орнотуу деңгээлине жараша суунун гидростатикалык басымын эске алуу менен аныкталууга тийиш.
393. Гидравликалык сыноо жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда (пайдубалга, кабаттар аралык тосулмаларга же идиштин өзүнө карата суунун салмагынан чоң оорчулук келүүлөр; сууну кетирүүнүн татаалдыгы, идиштин ичинде фугеровканын болушу), аны ушул Эрежелердин 3-главасынын § 13 "Гидравликалык (пневматикалык) сыноо" талаптарына ылайык пневматикалык сыноо менен ушул алмаштырууга жол берилет.
394. ББ ТР 032/2013 ылайык 1-топко киргизилген чөйрөлөрдүн басымы алдында иштеген идиштер техникалык күбөлөндүрүү жана башка иштер аяктагандан кийин иштетип баштоого чейин эксплуатациялоочу уюм тарабынан бекитилген нускамага ылайык эксплуатациялоочу уюм тарабынан жумушчу басымга барабар басым алдындагы аба же инерттик газ менен жылчыксыздыкка карата сыноодон өткөрүлүүгө тийиш.
4-§. Өткөргүч түтүктөрдү техникалык күбөлөндүрүү
395. Буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүн техникалык күбөлөндүрүүдө төмөнкүлөргө тийиш:
1) тышкы карап чыгууга жана гидравликалык сыноого - жаңы монтаждалган өткөргүч түтүктү иштетүүнүн алдында, өткөргүч түтүктү ширетүүгө жана термикалык иштетүүгө байланышкан реконструкциялоо жана оңдоодон кийин, ошондой эле өткөргүч түтүк эки жылдан ашык консервациялоо абалында тургандан кийин аны иштетүүнүн алдында;
2) тышкы карап чыгууга - Эрежелердин ушул главасында белгиленген мезгилдүүлүк менен ысык жана муздак абалда эксплуатациялоо процессинде.
Өткөргүч түтүктөрдү техникалык күбөлөндүрүүдө ошондой эле бузбоочу контролдун методдорун колдонууга жол берилет.
Бууну кайра чыгаруучу турбиналардын чектериндеги буу айланып өтүүчү өткөргүч түтүктөргө жана турбинадан тартып тээктерге чейинки бууну алуучу өткөргүч түтүктөргө алардын абалын бузбоочу контролдун экиден кем эмес методунан колдонуу менен, эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) белгиленген көлөмдө баалоо шартында гидравликалык сыноо жүргүзүлбөйт.
396. Аймактык ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга тийиш болгон буунун жана ысык суунун өткөргүч түтүктөрүн алгачкы, мезгилдүү жана кезексиз техникалык күбөлөндүрүүнү ыйгарым укуктуу адистештирилген уюм жүргүзөт. Өткөргүч түтүктөрдү мезгилдүү күбөлөндүрүүнү эгерде эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) башка мөөнөттөр белгиленбесе, үч жылда бирден кем эмес жолу жүргүзүшөт.
397. Жабдуунун оң абалы жана коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адам өндүрүштүк контролдоого жооптуу адам менен биргеликте пландуу оңдоо иштерин жүргүзүүнүн алдында жана андан кийин, бирок эгерде эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) жүргүзүү мөөнөттөрү боюнча башка көрсөтмөлөр жок болсо, ошондой эле оңдоонун мүнөзү жана көлөмү кезексиз күбөлөндүрүү зарылдыгын пайда кылбаса 12 айда бирден кем эмес жолу өткөргүч түтүктү карап чыгууну жүргүзүүгө тийиш.
398. Ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга тийиш болбогон өткөргүч түтүктөрдү техникалык күбөлөндүрүүнү өткөргүч түтүктөрдүн оң абалы жана коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адам жүргүзөт.
399. Технологиялык өткөргүч түтүктөрдү техникалык күбөлөндүрүүнү (алгачкы, мезгилдүү, кезексиз) ревизиялоону долбоордук жана технологиялык документтердин, эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарына ылайык жүргүзүшөт.
400. Өткөргүч түтүктөрдү техникалык күбөлөндүрүү жүргүзүүдө өзгөчө татаал шарттарда иштеген, коррозиянын, эрозиянын, титирөөнүн жана башка себептердин кесепетинен өткөргүч түтүктөрдүн максималдуу эскирүүсү кыйла мүмкүн болгон участокторго көңүл буруу керек. Мындайларга участокторго агымдын багыты өзгөрүп турган (бурулган жери, үчилтиктер, киргизилген жерлер, дренаждык түзүлүштөр, ошондой эле арматуранын алдындагы жана андан кийинки өткөргүч түтүктөрдүн участоктору) жана коррозияны пайда кылуучу нымдуулук, заттардын топтолушу мүмкүн болгон (туюк жана убактылуу иштебей турган участоктор) участоктор киргизилет.
401. Ачык ыкма менен же өтмөк жана жарым өтмөк каналдарда салынган өткөргүч түтүктөрдү тышкы карап чыгуу изоляцияны алып салбастан жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок карап чыгууну жүргүзүүчү адамда өткөргүч түтүктүн капталдарына же ширетилип бириктирилген жерлерине карата шектенүүлөр жаралган учурда кароо жүргүзгөн адам изоляцияны жарым-жартылай же толук алып салууну талап кылууга укуктуу.
Өтмөк эмес каналдарда салуу же каналсыз салуу учурунда өткөргүч түтүктөрдү тышкы карап чыгуу айрым участоктордун кыртышын ачуу жана өткөргүч түтүктүн ар бир 2 км кем эмес жеринде изоляцияны алып салуу жолу менен жүргүзүлөт, эгерде долбоордук документтерде жана өткөргүч түтүктү эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) башкача каралбаса.
402. Өткөргүч түтүктү гидравликалык сыноо жүргүзүүдө ушул Эрежелердин 3-главасынын § 13 "Гидравликалык (пневматикалык) сыноо" тиешелүү талаптары аткарылууга тийиш. Өткөргүч түтүктүн ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган идиштерди (бекитүүчү органдары жок - чөйрө боюнча өчүрүлбөгөн) өткөргүч түтүктөр сыналуучу басым менен сынашат.
403. 3 метрден жогору бийиктикте жайгашкан өткөргүч түтүктөрдү сыноо үчүн өткөргүч түтүктү коопсуз карап чыгуу мүмкүндүгүн камсыздоочу тепкичтер жана башка түзүлүштөр орнотулууга тийиш.
404. Гидравликалык сыноо өткөргүч түтүктүн колдонуудагы магистралдын өткөргүч түтүгү, от казандын же башка технологиялык жабдуулардын чегиндеги (эгерде алардын ортосунда бир гана өчүрүүчү тээк болсо) өткөргүч түтүктөр менен ширетилип бириктирилген жеринин сапатын контролдоо, ошондой эле оңдоо учурунда аткарылган экиден ашык эмес ажыратылгыс ширетилип бириктирилген жерин контролдоо учурунда контролдоонун эки түрү менен (радиографиялык жана ультрадобуштук) алмаштырылышы мүмкүн.
405. ББ ТР 032/2013 ылайык 1-топко киргизилген чөйрөлөрдүн басымы алдында иштеген өткөргүч түтүктөр эксплуатациялоочу уюм тарабынан бекитилген нускамага белгиленген тартипте эксплуатациялоочу уюм тарабынан жумушчу басымга барабар басым алдындагы аба же инерттик газ менен жылчыксыздыкка карата сыноодон өткөрүлүүгө тийиш.
7-глава. Жогорку температурадагы органикалык жана органикалык эмес жылуулук алып жүрүүчүлөр менен иштеген от казандарды эксплуатациялоого карата өнөр жай коопсуздугунун кошумча талаптары
406. Паспортунда көрсөтүлгөндөн айырмаланган от казанды колдонуу от казанды даярдоочу уюм менен макулдашылууга тийиш.
407. От казан жайынан тышкары жайда системаны жана от казандарды жылуулук алып жүрүүчүдөн бошотуу үчүн атайын бак орнотулууга тийиш. Агызуучу линиялар жылуулук алып жүрүүчүнү өзү агып чыгуу менен тоскоолдуксуз агып чыгышын жана анын от казандан толук чыгарылуусун камсыздоого тийиш.
408. Жылуулук алып жүрүүчүнүн кайнап кетүү мүмкүндүгүн болтурбоочу ашыкча басымды камсыздоо максатында от казанда жана тышкы циркуляциялоочу системанын жогорку чекитинде жылуулук алып жүрүүчүнү инерттик газ менен басуу же зарыл болгон бийиктикте кеңейтүүчү идиш орнотулууга тийиш.
409. Арматураны жумушчу параметрлерине жана жылуулук алып жүрүүчү касиеттерине жараша тандоо керек.
От казандарда колдонулуучу арматура патрубокторго жана өткөргүч түтүктөргө ширетүүнүн жардамы менен туташтырылууга тийиш. Мында сильфондук типтеги арматура колдонулушу керек. 1,6 МПадан ашпаган басымга сальник арматурасын колдонууга жол берилет.
Жылуулук алып жүрүүчү кирүүчү жана чыгуучу тараптан от казанга орнотулуучу бекиткич арматура же тейлөө үчүн жетүүгө оңой жана коопсуз болгон жерде орнотулууга же аралыктан башкарылууга тийиш.
Фланец бириктиргичтери, арматура жана насостор карап туруучу көзөнөктөргө, тешиктерге, басымды түшүрүүчү түзүлүштөргө жана от жаккычтардын жана газ жүрүүчүлөрдүн желдетүүчү көзөнөктөрүнүн жанында орнотулбоого тийиш.
Жылуулук алып жүрүүчүнү агызуучу линияда от казандын дал жанында (1 м ашык эмес аралыкта) эки бекиткич орган ырааттуу түрдө орнотулууга тийиш.
410. Жылуулук алып жүрүүчү менен тийишүүчү деңгээлди көрсөткүчтүн элементтери, өзгөчө анын тунук элементи жылуулук алып жүрүүчүнүн жумушчу температурада жана басымда таасир этүүсүнө каршы туруктуу күйбөөчү материалдардан жасалышы керек.
Түз таасир этүүчү суюктуктун деңгээлин көрсөткүчтөрдө деңгээлдин көрсөткүчүн от казандан өчүрүү үчүн кызмат кылуучу арматуранын ички диаметри 8 мм кем болбоого тийиш.
Бекиткич арматуранын өтмө кесилиши деңгээлди көрсөткүчтүн корпусундагы көзөнөктөрдүн өтмө кесилишинен кичине болбоого тийиш.
Сынам крандарын же клапандарын буу казандагы суюктуктун деңгээлин көрсөткүчтөрдүн ордуна орнотууга жол берилбейт.
411. Суюктук казанда манометрлерди от казанга кирүүчү жана андан чыгуучу жерге орнотуу керек.
412. От казандан бууну же ысытылган суюктукту буруп кетүүчү өткөргүч түтүктө от казанда бекиткич органдын алдында температураны көрсөтүүчү жана каттоочу приборлор, ал эми бириктирүүчү өткөргүч түтүктө - температураны көрсөтүүчү прибор орнотулууга тийиш.
413. Ар бир от казанда экиден кем эмес сактоочу клапандар орнотулушу керек.
Суюктук казанда орнотулуучу сактоочу клапандардын жыйынтыкталган өткөрүү мүмкүндүгү от казандын номиналдуу жылуулук өндүрүмдүүлүгүндө кеңейип кетүүчү жылуулук алып жүрүүчүнүн көлөмүнүн өсүшүн болтурбоо үчүн жетиштүү болушу керек.
Рычагдуу-жүктүү сактоочу клапандарды колдонууга жол берилбейт. Толугу менен жабык типтеги сактоочу клапандарды гана колдонууга уруксат берилет.
Сактоочу клапандын шарттуу өтмөгү 25 мм кем болбоого жана 150 мм жогору болбоого тийиш.
От казандан өчүрүлбөгөн кеңейтүүчү идиште сактагыч түзүлүштөрдү орнотууга жол берилет.
От казан (идиш) менен сактоочу клапандардын ортосунда үч жүрүштүү вентилдин же бардык сактоочу клапандардын бир убакта өчүп калуу мүмкүндүгүн жок кылуучу башка түзүлүштү орнотууга жол берилет. Бир же бир нече сактоочу клапандар өчүрүлгөндө калгандары зарыл болгон өткөрүү мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
Кеңейтүүчү идиште орнотулуучу сактоочу клапандардын жыйынтыкталган өткөрүү мүмкүндүгү авариялык учурда идишке келүүчү инерттүү газдын агымынын массалык көлөмүнөн кем болбоого тийиш.
Сактоочу клапандардан бууну же кайноо же андан жогору температурага чейин ысытылган суюктукту буруп кетүү атмосфера менен туташтырылган конденсациялык түзүлүштөр аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш, мында каршы басым 0,03 МПадан ашпоого тийиш.
Өчүрүүчү жана бириктирүүчү өткөргүч түтүктөрдө жылуулук алып жүрүүчүнүн катып калуусунун алдын алуу үчүн ысытуучу түзүлүштөр болушу керек.
414. Суюктук казандары жана ысытуу системалары кеңейтүүчү идиштерге же аны ысытууда кеңейип кетүүчү жылуулук алып жүрүүчүнү кабыл алуу үчүн эркин көлөмгө ээ болууга тийиш.
Кеңейтүүчү идиштин геометриялык көлөмү аны жумушчу температурага чейин жылытууда от казандагы жана орнотмодогу суюк жылуулук алып жүрүүчүнүн көлөмүнүн өсүшүнөн 1,3 эседен кем эмес жогору болууга тийиш.
Кеңейтүүчү идиш орнотмонун эң жогорку чекитинде жайгаштырылышы керек.
Кеңейтүүчү идиш суюктуктун деңгээлин көрсөткүч, манометр жана басымдын жол берилген мааниден жогорулоосунан сактагыч түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
415. От казандар төмөнкү учурларда ысытууну өчүрүүчү технологиялык коргоо менен жабдылууга тийиш:
1) жылуулук алып жүрүүчүнүн деңгээли эң төмөнкү жол берилген деңгээлден төмөндөгөндө;
2) жылуулук алып жүрүүчүнүн деңгээли эң жогорку жол берилген деңгээлден жогорулаганда;
3) жылуулук алып жүрүүчүнүн температурасы долбоордо көрсөтүлгөн мааниден жогорулаганда;
4) жылуулук алып жүрүүчүнүн басымы долбоордо көрсөтүлгөн мааниден жогорулаганда;
5) кеңейтүүчү идиштеги жылуулук алып жүрүүчүнүн деңгээли жол берилген мааниден төмөндөгөндө;
6) жылуулук алып жүрүүчүнүн чыгымы паспортто көрсөтүлгөн суюктук казан жана буу казандын минималдуу буу өндүрүмдүүлүгү (жылуулук өндүрүмдүүлүгү) аркылуу минималдуу маанисине жеткенде;
7) күйгүчтөрдүн алдында газ түрүндөгү отундун басымы жол берилбеген жогорулаганда же төмөндөөсү;
8) ротациялык күйгүчтөрдөн башка күйгүчтөрдүн алдында суюк отундун басымы жол берилбеген төмөндөөсүндө;
9) от жаккычтагы суюлуунун жол берилбеген азайышында;
10) абаны мажбурлап киргизүү менен күйгүчтөрдүн алдында абанын басымы жол берилбеген төмөндөшүндө;
11) күйгүчтөрдүн факелдери өчүп калганда.
От казандын чектүү жол берилген параметрлерине жетүүдө автоматтык түрдө үн жана жарык сигнализациясы иштетилиши керек.
416. Ар бири буу казаны үчүн кубаттандыруунун жекече схемасында экиден кем эмес, бири - жумушчу, ал эми экинчиси - резервдик кубаттандыруучу насос орнотулууга тийиш. Насосторду электрдик кубаттандыруу көз карандысыз эки булактан жүргүзүлүшү керек.
Топтук кубаттандыруу схемасында кубаттандыруучу насостордун санын эң кубаттуу насос токтоп калган учурда калган насостордун жыйынтыкталган берүүсү бардык жумушчу от казандардын номиналдуу буу өндүрүмдүүлүгүнүн 110% кем эмес болгондой эсептөө менен тандашат.
Конденсат өзү агып келүү менен кайтарылуучу буу казандары үчүн кубаттандыруучу насосторду орнотуу милдеттүү эмес.
Суюктук казандары үчүн бири резервдик болууга тийиш болгон электр бергич менен экиден кем эмес циркуляциялык насос орнотулууга тийиш. Циркуляциялык насосторду берүү жана күчү от казандагы жылуулук алып жүрүүчүнүн циркуляциясынын зарыл болгон ылдамдыгы камсыздалгандай болуп тандалууга тийиш.
Суюктук казандары керектөөчүнү жарым-жартылай же толук өчүрүүдө от казандары аркылуу жылуулук алып жүрүүчүнүн туруктуу чыгымын кармап турууну камсыздоочу автоматтык түзүлүшкө ээ рециркуляциялоо линия менен жабдылууга тийиш.
Жылуулук алып жүрүүчүнү мажбурлап берүү менен буу казандар жана суюктук казандары электр энергиясы өчүрүлгөн учурда отунду берүүнү токтотуучу автоматтык түзүлүштөр менен, ал эми насостордун электр кыймылдаткычтарынын көз карандысыз эки кубаттандыруу булагы болгон учурда - бир кубаттандыруу булагынан экинчисине которулуучу түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
Системада циркуляциялоочу жылуулук алып жүрүүчүнүн чыгымын толуктоо үчүн системаны кубаттандырууну камсыздоо үчүн түзүлүш каралууга тийиш.
417. Буу жана суюктук казандары өзүнчө турган от казан жайларда же ачык аянттарда орнотулууга тийиш.
От казандарды ачык аянттарда орнотууда жылуулук алып жүрүүчүнүн муздап калуу мүмкүндүгүн болтурбоочу чараларды жүзөгө ашыруу милдеттүү.
От казандар үчүн жайда, өткөргүч түтүктөр жана жылуулук алып жүрүүчүлөр коюлган идиштер жайгашкан зонада жылуулук алып жүрүүчүнүн муздап калуусун болтурбоочу температура кармалып турууга тийиш.
От жагуучу жайда от казандарды мезгилдүү кубаттандыруу жана жылуулук алып жүрүүчүнү регенерациялоо үчүн суюк жылуулук алып жүрүүчү куюлган сарптоочу бакты орнотууга жол берилет. Бактар ысыткыч менен жабдылууга тийиш. От казандардын алдына бактарды жайгаштырууга жол берилбейт.
Иштин узактыгына, температуралык шарттарга, ысыткычтын бетиндеги салыштырмалуу жылуулук чыңалууларына жана эксплуатациялоо шарттарына жараша жылуулук алып жүрүүчүлөр мезгилдүү регенерацияланууга тийиш.
Регенерациялардын ортосундагы от казандардын иштөө убактысынын узактыгы жана жылуулук алып жүрүүчүнүн ажыроо даражасын аныктоо методикасы өндүрүштүк нускама менен белгиленет. Жылуулук алып жүрүүчүдөгү ажыроо продуктуларынын курамы 10% ашпоого тийиш.
Ар бир от казан үчүн ысыткычтын бетин техникалык карап чыгуу графиги жана топтолуп калуулардан беттерин тазалоо графиги белгиленүүгө тийиш. Ысыткычтын бетин техникалык кароо жана тазалоо системалуу, бирок от казан 8000 саат иштегенден кем эмес оңдоо журналында белгилөө менен жүргүзүлүүгө тийиш.
8-глава. Содорегенерациялык от казандарды эксплуатациялоого карата өнөр жан коопсуздугунун кошумча талаптары
418. Жумушчу Параметрлердеги (басымы 4 МПадан жогору жана өтө ысытылган буунун температурасы 440°C жогору) содорегенерациялык от казандарды (мындан ары - СРО) колдонууга ысыткычтын бетинин жогорку температуралык коррозиясынын алдын алуу боюнча атайын чараларды камсыз кылууда жол берилет.
СРОдо шакарды жана көмөкчү отунду - мазутту же жаратылыш газын жагуу каралууга тийиш.
СРО үчүн кубаттандыруучу түзүлүштөрдүн саны жана берилиши от казандар сыяктуу эле катмарлуу жагуу ыкмасы тандалууга тийиш. Мында резервдик насосторду (буу иштеткичи менен же көз карандысыз булактан электрдик иштеткич менен) берүү электрдик иштеткичи бар насостордун авариялык өчүп калуусунда СРОну нормалдуу муздатуу шарттары боюнча тандалууга тийиш.
419. СРО өзүнчө имаратта орнотулушу керек, ал эми башкаруу пульту - от жагуучу цехтен өзүнчө, СРО үчүн жайдан тышкары чыгууга ээ жайда орнотулууга тийиш.
СРОну энергетикалык, суу ысытуучу жана утилдештирүүчү от казандар менен, ошондой эле СРК менен ажыроосуз байланышкан буулануучу жана шакарлардын кычкылдандыруучу түзүлүштөрү менен бир жалпы блокто топтоого уруксат берилет.
Кара шакарда форсункалардын алдында 55% аз кургак заттар камтылган учурда СРОну шакарларда эксплуатациялоого жол берилбейт.
420. СРО төмөнкү учурларда көмөкчү отунду жагууга которулууга тийиш:
1) от жаккычка суунун же эритилген шакардын келүү коркунучу пайда болгондо;
2) эритме леткаларынын жарымы иштен чыкканда;
3) леткаларды муздатууга суу берүү токтотулганда;
4) жашыл шакардын бардык сордуруучу насостору иштен чыкканда;
5) бардык сордуруучу насостор же бардык желдеткичтер, түтүн соргучтар иштен чыкканда.
421. СРО төмөнкү учурларда коргоочу аракеттер же персонал тарабынан дароо токтотулууга жана өчүрүлүүгө тийиш:
1) от жаккычка суу келгенде;
2) аралыктан жана автоматтык башкаруу түзүлүштөрүндөгү, бардык контролдук-өлчөө приборлорундагы чыңалуу жоголуп кеткенде;
3) леткалардан тышкары же от жаккычтын тыгыз эместиги аркылуу эритме акканда же аны жоюу мүмкүн болбогондо;
4) эритменин чубуруусун майдалоо түзүлүштөрүнүн аракети токтотулганда жана эритмени эриткичтеги аралаштыргыч токтоп калганда;
5) бардык сордуруучу насостор же түтүн соргучтардын бири же желдеткичтердин бири иштен чыкканда.
Ошондой эле СРО өндүрүштүк нускамада каралган башка учурларда коргоочу аракеттер же персонал тарабынан дароо токтотулууга жана өчүрүлүүгө тийиш.
9-глава. Газ түтүктүү казандарды эксплуатациялоого карата өнөр жай коопсуздугунун кошумча талаптары
422. Газ түтүктүү казандар өндүрүштүк нускамаларда белгиленген параметрлерден ашып кеткенде алардын иштөөсүн токтотуучу автоматтык коргоо менен жабдылууга тийиш. Газ түтүктүү казандын чектүү жол берилген параметрлерине жетүүдө автоматтык түрдө үн жана жарык сигнализациясы иштетилүүгө тийиш.
423. Буу газ түтүктүү казан параметрлерден ашып кеткенде төмөнкү учурларда токтотулууга тийиш:
1) буунун басымы жогорулаганда;
2) суунун деңгээли төмөндөгөндө;
3) суунун деңгээли жогорулаганда;
4) күйгүчтөрдүн алдындагы газ түрүндөгү отундун басымы жогорулаганда же төмөндөгөндө;
5) күйгүчтөрдүн алдындагы суюк отундун басымы төмөндөгөндө;
6) күйгүчтүн алдындагы абанын басымы төмөндөгөндө;
7) от жаккычтагы суюлтулуу азайганда;
8) күйгүчтүн факели өчүп калганда;
9) от казан жайына электр энергиясын берүү токтотулганда.
424. Суу ысытуучу газ түтүктүү казан төмөнкү учурларда параметрлерден ашып кеткенде токтотулууга тийиш:
1) от казандан чыгуучу жерде суунун басымы жогорулаганда же төмөндөгөндө;
2) от казандан чыгуучу жерде суунун температурасы жогорулаганда;
3) от казан аркылуу суунун чыгымы азайганда;
4) күйгүчтөрдүн алдындагы газ түрүндөгү отундун басымы жогорулаганда же төмөндөгөндө;
5) күйгүчтүн факели өчүп калганда;
6) күйгүчтөрдүн алдындагы суюк отундун басымы төмөндөгөндө;
7) от жаккычтагы суюлтуу азайганда;
8) күйгүчтүн алдындагы абанын басымы төмөндөгөндө;
9) от казан жайына электр энергиясын берүү токтотулганда.
10-глава. Электр от казандарын эксплуатациялоого карата өнөр жай коопсуздугунун кошумча талаптары
425. Электр от казандарын эксплуатациялоодо сактоочу түзүлүштөр катары түздөн-түз аракеттеги сактоочу клапандар менен катар (рычагдуу-жүктүү, пружиналык) талкалоочу мембраналары менен сактоочу түзүлүштү (мембраналуу сактоочу түзүлүштөр) дагы колдонууга жол берилет.
426. Мембраналуу сактоочу түзүлүштөр төмөнкүчө белгиленет:
1) рычагдуу-жүктүү жана пружиналуу сактоочу клапандардын ордуна, бул клапандар колдонулушу мүмкүн болбогон учурда, мисалы, инерциялуулуктан улам;
2) сактоочу клапандар менен параллелдүү басымды түшүрүү системасынын өткөрүү мүмкүндүгүн жогорулатуу үчүн.
427. 6 МВт жогору кубаттуулуктагы от казандарда каттоочу манометрди орнотуу милдеттүү.
428. Ар бир от казан зарыл болгон коммутациялоочу аппаратура менен, ошондой эле алып чыгуучу же кошо орнотулган башкаруу пульту түрүндө конструктивдүү таризделген автоматтык башкаруу, контролдоо, коргоо жана сигнализация приборлору менен жабдылууга тийиш.
Ар бир от казандын тогун үч фазанын ар биринде өлчөө керек. Фазалардын кыйшаюусунан коргоо болгон учурда бир фазадагы токту өлчөөгө жол берилет.
429. Электрдик от казандарга ээ электр от жаккычтары азыктандыруучу (тармактык) суунун салыштырмалуу электр каршылыгын аныктоо каражаттары менен жабдылууга тийиш.
1 МВТ жогору кубаттуулуктагы суу ысытуучу казандарга ээ от казандарда чөйрөнүн температурасын өлчөөчү прибор каттоочу болууга тийиш.
430. Ар бир электрдик ысытуучу каршылык элементтери бар буу казанда суунун деңгээли чектүү жол берилген абалдан төмөндөгөндө электр кубаттандырууну автоматтык түрдө өчүрүү каралууга тийиш.
431. Ар бир от казанда анын элементтери бузулган учурда эксплуатациялоонун берилген режимдеринен жол берилбеген четтөөлөрдө от казанды өз убагында автоматтык түрдө өчүрүүнү камсыз кылуучу электрдик жана технологиялык коргоо каралууга тийиш. Коргоо орнотмолорунун түрлөрүн жана чоңдуктарын долбоорду иштеп чыгуучу уюм аныктайт.
432. Жердетилген жана жерден изоляцияланган корпуска ээ 1 кВ жогору чыңалуудагы электроддук от казандар төмөнкү учурларда от казанды өчүрүүчү коргоочу түзүлүштөргө ээ болууга тийиш:
1) от казанды кубаттандыруучу линияда көп фазалуу кыска туташууларда, анын кирүүчү жеринде жана ичинде (коргоочу түзүлүштөр убакытты кармабастан иштөөгө тийиш);
2) линияда, от казандын кирүүчү жеринде жана ичинде жерге бир фазалуу кыска туташууларда (коргоочу түзүлүштөр жердетилген корпусу бар от казандар үчүн убакытты кармабастан жана жерден изоляцияланган корпусу бар от казандар үчүн - сигналга карата иштөөгө тийиш);
3) номиналдуудан жогору ток боюнча ашыкча жүктөөлөрдө (коргоочу түзүлүштөр убакытты кармоо менен иштөөгө тийиш);
4) от казандагы басым номиналдуу эсептен жогорулаганда (коргоочу түзүлүштөр убакытты кармабастан иштөөгө тийиш);
5) чыгуучу суунун температурасы от казандын паспортунда көрсөтүлгөн максималдуудан жогорулаганда (коргоочу түзүлүштөр убакытты кармоо менен иштөөгө тийиш);
6) суу ысытуучу от казанда басым минималдуу жумушчудан төмөндөгөндө;
7) суунун минималдуу жол берилген чыгымына жетүүдө (от казан аркылуу суунун чыгымы азайганда же токтогондо);
8) буу казанда суунун деңгээли минималдуу жол берилгенге чейин төмөндөгөндө (коргоочу түзүлүштөр убакытты кармабастан иштөөгө тийиш);
9) буу казандагы суунун деңгээлинин жол берилбеген жогорулоосунда.
433. 1 кВ чейинки чыңалуудагы от казандар төмөнкү учурларда от казанды өчүрүүнү камсыздоочу коргоочу түзүлүштөргө ээ болууга тийиш:
1) от казанды кубаттандыруучу линияда көп фазалуу кыска туташууларда, анын кирүүчү жеринде жана ичинде (коргоочу түзүлүштөр убакытты кармабастан иштөөгө тийиш);
2) от казанды кубаттандыруучу линияда, жерге бир фазалуу кыска туташууларда, от казандын кирүүчү жеринде жана ичинде (коргоочу түзүлүштөр жердетилген корпусу бар от казандар үчүн убакытты кармабастан жана жерден изоляцияланган корпусу бар от казандар үчүн сигналга карата иштөөгө тийиш);
3) номиналдуудан жогору ток боюнча ашыкча жүктөөлөрдө (коргоочу түзүлүштөр убакытты кармоо менен иштөөгө тийиш). Коргоочу түзүлүштөр электрдик ысытуучу каршылык элементтерине ээ от казандар үчүн талап кылынбайт;
4) чыгуучу суунун температурасы от казандын паспортунда көрсөтүлгөн максималдуудан жогорулаганда (коргоочу түзүлүштөр убакытты кармоо менен иштөөгө тийиш);
5) буу казандагы суунун деңгээли жол берилбеген жогорулоодо (коргоочу түзүлүштөр суу жана электр энергиясы менен от казанды кубаттандырууну өчүрүүгө тийиш);
6) жүктөмдүн токторунун от казандын номиналдуу тогунан 25% жогору симметриялуу эместигинде (коргоочу түзүлүштөр убакытты кармоо менен иштөөгө тийиш). Коргоочу түзүлүштөр электрдик ысытуучу каршылык элементтерине ээ от казандар үчүн талап кылынбайт;
7) Циркуляциялык (тармактык) насостор токтотулганда (коргоочу түзүлүштөр убакытты сактоо менен аракеттенүүгө тийиш);
8) буу казандагы суу деңгээли жол берилбегенден төмөндөгөндө.
434. Жердетилген корпусу менен 1 кВ жогору чыңалуудагы электроддук от казандарда от казандарды кубаттандыруучу секцияларда же трансформатордун оромунда секциялык өчүргүчтү өчүрүүгө же болбосо бул трансформатордон кубаттануучу бардык от казандарды убакыт боюнча селективдүүлүгүн сактоо менен өчүрүүгө убакытты кармоо менен иштөөчү жерге бир фазалуу туташуулардан коргоо аткарылууга тийиш.
1 кВ чейинки чыңалуудагы от казандарда адамдарды электр тогунун уруусун болтурбоочу коргоочу өчүрүү түзүлүштөрү болууга тийиш.
435. Изоляцияланган корпусу менен чыңалуусу 1 кВ жогору болгон электроддук от казандарга ээ от казан жайлары төмөнкүлөрдөн коргоо аткарылууга тийиш:
1) от казандарды кубаттандыруучу секцияларда же трансформатордун оромунда жерге бир фазалуу туташуулардан (коргоо сигналга карата иштөөгө тийиш). Эгерде мындай коргоо багытталып аткарылып жатса, анда от казанды өчүрүүгө убакытты кармабастан иштөө менен нөлдүк ыраттуулуктуктагы токтук коргоо дагы каралууга тийиш. Бул коргоо анын корпусунун изоляциясы бузулган шарттарда бул от казандан тышкары жерге туташуу учурлары үчүн арналган. Коргоо орнотмосу бул от казандан тышкары жерге туташууда жана корпусунун изоляциясы оң болгондо анын селективдүүлүгүн камсыздоого тийиш;
2) токтун чыгуусунун жогорулашынан - эгерде электроддук от казандардын изоляциялоочу коюмдары аркылуу өтүүчү жалпы ток 20 А ашса, коргоо бул орнотмодогу бардык электроддук от казандарды өчүрүүгө карата убакытты 0,5 секундадан ашык эмес кармоо менен иштөөгө тийиш.
Эгерде тармактын электрдик байланышкан бир участогунан бир нече электр от жаккыч кубаттандырылса, анда ар бир электр от жаккыч үчүн иштеп кетүүчү коргоочу токту тармакта жерге бир фазалуу туташууда бул электр от жаккычынын электроддук от казандарынын изоляциялоочу коюмдары аркылуу өтүүчү жыйынтыкталган жол берилген токту эске алуу менен төмөнкү формула боюнча эсептешет:
Iдоп = Uф / ∑Rст,
мында
Uф - кубаттандыруучу тармактын фазалык чыңалуусу;
Iдоп - жерге бир фазалуу туташууда изоляциялоочу коюмдар аркылуу өтүүчү жыйынтыкталган жол берилген ток;
∑Rст - бул электр от жаккычынын электроддук от казандарынын бардык изоляциялоочу коюмдарынын каршылыгы.
Айрым электр от жаккычтарынын иштеп кетүүчү коргоосунун жыйынтыкталган тогу 20 А түзүүгө тийиш.
Аларды кубаттандыруу тармагында жерге бир фазалуу туташууда бул орнотмодогу бардык электроддук от казандарды өчүрүүгө убакытты кармабастан иштөөчү жерге туташуудан бир гана коргоону аткарууга жол берилет. Бул учурда ар бир электроддук от казанда жерге туташуудан коргоо аткарылбайт.
436. Изоляциялоочу корпусу менен 1 кВ жогору чыңалуудагы электроддук от казандары бар от жаккычтарда токтун чыгуу релесинен бардык от казандарды өчүрүүгө карата иштөөчү коргоо каралууга тийиш. Өткөргүч түтүктөрдөгү изоляциялоочу коюмдардын ичиндеги суунун атырылып өтүүсү токтун чыгуу релесинин аракеттенүүсүн пайда кылбоого тийиш.
437. Ар бир коргоо анын иштеп кетүүсү тууралуу сигнал берүүчү түзүлүштөргө ээ болууга тийиш.
438. Электроддук от казанды монтаждоодон же капиталдык оңдоодон кийип кубаттуулукту жөнгө салгычтын жүрүүсүнүн жеңилдигин жана жай калыпта иштөөсүн текшерүү зарыл, жол өчүргүчтөрүн жөнгө салууну жүргүзүү керек, кыйын абалдарда аралыктан башкарууда от казандын кубаттуулугун жөнгө салгычтын автоматтык түрдө токтоп калуусун текшерүү зарыл.
439. Монтаждоодон, капиталдык оңдоодон, күндөлүк оңдоодон кийин же электр жабдуусун оңдоого чыгаруу менен байланышпаган алдын алуу сыноолорунда электр казандарынын электр жабдууларын электрдик сыноолорду ушул Эрежелердин 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн ченемдерге ылайык жүргүзүү зарыл.
440. От казанды кебээрден тазалоолордун ортосундагы, ошондой эле аларда кебээрдин жол берилбеген катмарлануусунан улам электроддорду же электр ысытуучу элементтерди алмаштыруулардын ортосундагы мезгилдер от казанды пландуу кароо менен дал келүүгө тийиш.
441. От казан паспортто көрсөтүлгөн чектердеги салыштырмалуу электрдик каршылыкка ээ болгон сууда иштөөгө тийиш.
442. От казанга келүүчү суунун салыштырмалуу электрдик каршылыгын өлчөөнүн мезгилдүүлүгү ушул Эрежелердин 4-тиркемесинин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. От казандардын кубаттуулугу кескин өзгөргөн учурда (нормалдуудан 20% жана андан жогору) суунун салыштырмалуу каршылыгын кезектен тышкары аныктоо жүргүзүлөт.
443. От казан суусунун салыштырмалуу электрдик каршылык чоңдугунун зарыл болгон мааниси буу казан иштегенде үзгүлтүксүз жана мезгилдүү үйлөтүүлөрдүн жардамы менен кармалып турууга тийиш. От казандарды үзгүлтүксүз үйлөтүү автоматташтырылууга тийиш.
444. Суу даярдоочу орнотмо схемасында от казанга келүүчү сууга оңой эрип кетүүчү, от казан суусунун, буунун жана конденсаттын кебээрди пайда кылуу жөндөмүн жана коррозиялык активдүүлүгүн жогорулатпоочу туздарды ченемделген маанилерге чейин суунун салыштырмалуу электрдик каршылыгын төмөндөтүү үчүн кошуу мүмкүндүгү каралууга тийиш.
Тузду жана анын концентрациясын тандоо от казандын, жылуулук керектөөчү системалардын жана алардын курамына кирүүчү жабдуулардын техникалык мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен эсептөөнүн жана тажрыйбада текшерүүнүн негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
Кубаттандыруучу жана от казан суусуна оңой эрип кетүүчү туздарды кошуу жолу менен суунун салыштырмалуу электрдик каршылыгын төмөндөтүүнү төмөнкүлөр үчүн колдонушат:
1) 1 кВ чейинки чыңалуудагы жылуулук менен камсыздоонун (сууну топтобостон) туюк схемасы боюнча иштей турган суу ысытуучу казандар;
2) топтоону тездетүү жана кубаттуулугун кармап туруу үчүн аларды ишке киргизүүдөгү буу казандар.
11-глава. Суюлтулган газдарды ташуу үчүн цистерналарды жана челектерди эксплуатациялоого карата өнөр жай коопсуздугунун кошумча талаптары
445. Суюк аммиак менен толтурулуучу цистерналар толтуруу аяктаган учурда минус 25°C ашпаган температурада термоизоляциялоого же көлөкөдө корголууга тийиш.
Криогендик суюктуктар үчүн цистернанын термоизоляциялоочу каптоочу айрылма мембрана менен жабдылууга тийиш.
446. Темир жол цистерналарынын жогорку бөлүгүндө люктун жанында цистернанын эки тарабында тең кармагычтары менен жабдылган металл тепкичтери бар көпүрөчө каралууга тийиш.
Суюлтулган кычкылтек, азот жана башка криогендик суюктуктар үчүн темир жол цистерналарында люктун жанында көпүрөчөнү орнотпоого уруксат берилет.
447. Цистерналар төмөнкүлөр менен жабдылууга тийиш:
1) чөйрөнү агызуу жана куюу үчүн сифон түтүктөрү бар вентилдер менен;
2) цистернанын жогорку бөлүгүнөн бууларды чыгаруу үчүн вентиль менен;
3) пружиналуу сактоочу клапан менен;
4) манометрди туташтыруу үчүн штуцер менен;
5) суюктуктун деңгээлин көрсөткүч менен.
448. Цистернада орнотулган сактоочу клапан цистернанын газ фазасы менен туташууга жана клапан ачылган учурда газды чыгаруу үчүн көзөнөктөрү бар капкагы болушу керек. Калпактагы көзөнөктөрдүн аянты сактоочу клапандын жумушчу кесилишинин бир жарымдан кем эмес аянтын түзүүгө тийиш.
449. Суюлтулган газ үчүн цистернанын жана челектин ар бир куюучу жана агызуучу вентили туюктагыч менен жабдылууга тийиш.
450. Хлор жана фосген үчүн челектерден башка ар бир челекте, түптөрүнүн биринде чөйрөнү толтуруу жана агызуу үчүн вентиль орнотулууга тийиш. Челектин чуңкурайган түбүнө вентилди орнотууда капкак менен жабылууга тийиш, ал эми томпогой түбүндө орнотууда капкактан тышкары милдеттүү түрдө карматуучу тасма (юбка) болушу керек.
Хлор жана фосген үчүн челектерде сифондор менен жабдылган куюучу жана агызуучу вентилдер болууга тийиш.
451. Күйүүчү газдарды агызуу жана толтуруу үчүн вентилдин каптал штуцерлери сол сайга ээ болушу керек.
452. ТР ТС 032/2013 ылайык 1-топко киргизилген чөйрөлөрдү ташууга арналган цистерналар өткөргүч түтүк айрылып кеткенде газдын чыгуусун болтурбоочу агызуу үчүн сифондук түтүктөрдө ылдамдык клапанына ээ болууга тийиш.
453. Суюлтулган кычкылтектерди, азот жана башка криогендик суюктуктар үчүн цистерналарга орнотулуучу сактоочу клапандардын өткөрүү мүмкүндүгү суюктуктардын эсептик буулануусунун жана аны бошотууда цистернада басымды түзүү үчүн түзүлүштүн максималдуу өндүрүмдүүлүгүнүн суммасы боюнча аныкталууга тийиш.
Эсептик буулануу катары жылуулуктун таасири алдында бир сааттын ичинде бууланышы мүмкүн болгон, цистерна курчап турган чөйрөдөн тышкы абанын температурасы 50°C болгондо алган килограммдардагы суюк кислороддун, азоттун (криогендик суюктуктун) санын кабыл алышат.
Цистернадагы басымды түзүү үчүн түзүлүштүн максималдуу өндүрүмдүүлүгү катары аны бошотууда бууланткычтын же басымдын башка булагын толук жүктөмү менен иштөөдө бир сааттын ичинде цистернага киргизилиши мүмкүн болгон килограммдардагы газдын санын кабыл алышат.
454. Толтурууну жүзөгө ашыруучу уюмдар жана толтуруучу станциялар уюм (толтуруучу станция) тарабынан белгиленген форма боюнча толтуруу журналын жүргүзүүгө милдеттүү, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) толтуруу күнү;
2) цистернаны жана челектерди даярдоочунун аталышы;
3) цистерналар үчүн заводдук жана каттоо номерлери жана челектер үчүн заводдук номери;
4) толтурууну жүргүзгөн адамдын колу.
Толтуруучу станция тарабынан цистерналарды жана челектерди ар түрдүү газдар менен толтурууда ар бир газ боюнча өзүнчө толтуруунун журналы жүргүзүлөт.
455. Цистерналарды жана челектерди алар ташууга жана сактоого арналган газ менен гана толтурууга болот.
456. Цистерналарды жана челектерди газ менен толтуруунун алдында жооптуу адам тышкы бетин кылдаттык менен карап чыгууга, арматуранын оң болушу жана жылчыксыздыгы, калдык басымдын болушу жана алардагы газдын цистернанын же челектин багытына шайкештиги текшерилүүгө тийиш. Цистерналарды жана челектерди карап чыгуунун жыйынтыктары жана аларды толтуруу мүмкүндүктөрү жөнүндө корутунду журналга жазылууга тийиш.
457. Бузук цистерналарды же бочкаларды, ошондой эле төмөнкү учурларда газ менен толтурууга тыюу салынат:
1) даярдоочу тарабынан жазылган паспорттук маалыматтары жок болсо;
2) күбөлөндүрүүнүн белгиленген мөөнөтү өтүп кетсе;
3) арматура жана контролдоочу-өлчөөчү приборлор жок болсо же бузук болсо;
4) тиешелүү боёк же жазуулар жок болсо;
5) цистерналарда же челектерде алар арналгандан башка газ болсо.
458. Керектөөчү цистерналарды, челектерди бошотуп жатып, аларда газ 0,05 МПадан кем эмес ашыкча басымын калтырууга милдеттүү.
Буулардын серпилгичтиги кыш мезгилинде 0,05 МПадан төмөн болушу мүмкүн болгон суюлтулган газдар үчүн калдык басым толтурууну жүргүзүп жаткан уюмдун өндүрүштүк нускамасы менен белгиленет.
459. Цистерналарды жана челектерди газ менен толтуруу жана бошотуу цистерналарды жана челектерди даярдоочу түзгөн жана бекиткен нускама боюнча жүргүзүлүүгө тийиш. Цистерналарды жана челектерди толтуруу ченемдерин аларды даярдоочу аныктайт. Мындай маалыматтар жок болгон учурда толтуруу ченемдерин ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык аныкташат.
460. Сактоодо жана ташууда толтурулган челектер күндүн нурунун таасиринен жана ошол жердин ысып кетүүсүнөн корголууга тийиш.
461. Цистерналарды жана челектерди суюлтулган газ менен толтуруу чоңдугу таразага тартуу же эксплуатациялоо боюнча колдонмо жана толтуруучу уюмдун технологиялык документтери менен белгиленген контролдоонун башка ыкмасы боюнча аныкталууга тийиш.
462. Эгерде цистерналарды жана челектерди толтурууда газдын чыгуусу аныкталса, толтуруу токтотулуп, цистернадан же челектен газ чыгарылууга тийиш; толтуруу белгиленген бузуулар оңдолгондон кийин гана жаңыланышы мүмкүн.
Цистерналарды жана челектерди газ менен толтуруудан кийин вентилдердин каптал штуцерлерине туюктагычтар орнотулууга тийиш, ал эми цистерналардын арматурасы сактоочу капкакча менен жабылышы керек, ал пломбаланууга тийиш болот.
463. Цистерналарда жана челектерде даярдоочу паспорттук маалыматтарды эн-тамгалоо менен түшүрүүгө тийиш:
1) даярдоочунун аталышын же анын товардык белгисин;
2) цистернанын (челектин) номерин;
3) даярдалган жылы жана күбөлөндүрүү күнүн;
4) сыйымдуулугун;
5) бош абалдагы салмагын (жүргүзүүчү бөлүгүсүз цистерналар үчүн);
6) жумушчу жана сынамдык басымдын чоңдугун;
7) техникалык контролдоо бөлүмүнүн эн-тамгасын;
8) жүргүзүлгөн күбөлөндүрүү жана кийинки күбөлөндүрүү күнүн.
Цистерналарда эн-тамганы люк үчүн фланецтин тегереги боюнча, челектерде - түптөрүнө түшүрүлөт.
464. КӨОнун мамлекеттик реестринде (ашыкча басым алдында жабдууну колдонуу белгилери боюнча) эксплуатациялоочу уюмдардын технологиялык процессте газдардын басымы алдында транспорттук цистерналарды сактоо жана колдонуу жүзөгө ашырыла турган эксплуатациялоочу уюмдун гана объекттери катталууга тийиш. Цистерналарды ташуу, ошондой эле газ басымы алдындагы челектерди жалпы колдонуудагы жолдору боюнча автомобилдик (темир жол) транспорту менен ташуу өнөр жай коопсуздугу тармагындагы ишке кирбейт жана башка ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган эл аралык макулдашуулардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
12-глава. Баллондорду күбөлөндүрүүгө жана эксплуатациялоого карата өнөр жай коопсуздугунун кошумча талаптары
1-§. Жалпы жоболор
465. Баллондор моюнчасынын көзөнөгүнө же чыгымдоо-толтуруу штуцерине (моюнчасы жок атайын баллондордо) бекем буралган вентилдер менен комплекттелүүгө тийиш.
466. 100 л жогору сыйымдуулуктагы баллондор сактоочу клапандар менен жабдылууга тийиш. Баллондорду топтук орнотууда сактагыч клапанды баллондордун бардык тобуна орнотууга жол берилет.
467. Суутек жана башка күйүүчү газдар менен толтурулуучу баллондор үчүн вентилдердин каптал штуцерлери сол сайга ээ болушу керек, ал эми кычкылтек жана башка күйбөөчү газдар менен толтурулуучу баллондор үчүн - оң сайга ээ болушу керек.
468. Кычкылтек үчүн баллондордогу вентилдер кычкылтек чөйрөсүндө алар тутанып кетпей турган тыгыздоочу материалдарды колдонуу менен буралууга тийиш.
469. Баллондорду колдонууда ар бир баллондун жогорку сфералык бөлүгүндө төмөнкү маалыматтар жазылууга жана так көрүнүүгө тийиш:
1) ББ ТР 032/2013 талаптарына ылайык жазылууга тийиш болгон даярдоочунун маалыматтары;
2) жүргүзүлгөн баллонду техникалык күбөлөндүрүү тууралуу маалыматтар: күбөлөндүрүү жүргүзүлгөн күнү; техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзгөн уюмдун (жеке ишкердин) эн-тамгасы; максималдуу уруксат берилген басым; бош баллондун массасы.
Ацетилен үчүн баллондордон башка баллондордун массасын эгерде мындайлар конструкция менен каралган болсо боёлгон сырынын, капкагы жана башмагы үчүн шакектердин массасын эске алуу менен, бирок вентилдин жана капкактын массасыз көрсөтүшөт.
Кыймылдаткычты газ түрүндөгү отун (компромирленген жаратылыш газы, суюлтулган мунай газ (суюлтулган көмүркычкылтектүү газ), суюлтулган жаратылыш газы, диметил эфир отуну), газдуу баллонду кошкондо, кубаттандыруу үчүн жабдуу Бажы бирлигинин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" ББ ТР 018/2011 техникалык регламентине ылайык коопсуздук талаптарына жооп берүүгө тийиш.
470. Эритилген ацетилен үчүн баллондор көпшөк массанын жана эриткичтин тиешелүү саны менен толтурулушу керек. Көпшөк массанын сапаты жана баллондорду толтуруунун тууралыгы үчүн жоопкерчиликти баллонду көпшөк масса менен толтуруучу уюм (жеке ишкер) тартат. Эриткичтин сапаты жана аны туура дозалоо үчүн жоопкерчиликти баллондорду эриткич менен толтурууну жүргүзүүчү уюм (жеке ишкер) тартат.
Эритилген ацетилен үчүн баллондор көпшөк масса жана эриткич менен толтурулгандан кийин анын моюнчасына таранын массасы чегип жазылат (капкаксыз, бирок көпшөк масса жана эриткич менен, башмагы, шакеги жана вентили менен баллондун массасы).
471. Эксплуатациялоодо баллондорду боёону жана жазууларды түшүрүүнү даярдоочу уюмдар, толтуруучу станциялар (толтуруу пункттары) же сыноо пункттары (текшерүү пункттары) ББ ТР 032/2013 талаптарына ылайык жүргүзүшөт.
Атайын орнотмолордо колдонулуучу же атайын багыттагы газдар менен толтурууга арналган баллондор үчүн боёктун түсүн жана жазуулардын текстин, ББ ТР 032/2013 аныкталбаган аларды боёого жана жазууларга карата талаптарды долбоордук документтер жана (же) сактоо үчүн ушул баллондор багытталган продукцияга техникалык шарттар менен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген Химиялык заттардын/аралашмалардын коопсуздугун классификациялоо системасы жана опурталдуулук жөнүндө маалымат берүүнүн элементтерине: маркалоого жана Коопсуздук паспортуна талаптар жөнүндө жобого ылайык белгилешет.
100 л жогору сыйымдуулуктагы стационардык орнотулган баллондорду долбоордук документтерге жана эксплуатациялоо боюнча колдонмого (нускамага) ылайык жазууларды түшүрүү жана маркалоо менен аларды башка түстөргө боёого жол берилет.
472. Баллондорго жазууларды узуну боюнча айланта, айланасынын 1/3 кем эмес, ал эми тилкелерди - бүт айланта түшүрүшөт, мында 12 л жогору сыйымдуулуктагы баллондордо тамгалардын бийиктиги 60 мм, ал эми тилкенин туурасы 25 мм болушу керек. 12 л чейинки сыйымдуулуктагы баллондордо жазуулардын жана тилкелердин өлчөмдөрү баллондордун каптал беттеринин чоңдугуна жараша аныкталууга тийиш.
473. Баллондордун жарактуулук мөөнөтүн даярдоочу уюм аныктайт. Мындай маалыматтар жок болгон учурда баллондун жарактуулук мөөнөтүн 20 жылга белгилешет. Конструкциясы жеке долбоор менен аныкталган, баллондордун типтүү конструкцияларына жооп бербеген жана техникалык диагноздоо жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин жүргүзүлгөн атайын багыттагы баллондорду кошпогондо, ошондой эле курамындагы алар колдонгон жабдууну эксплуатациялоо боюнча колдонмо (нускама) менен белгиленген учурларда аларды белгиленген колдонуу мөөнөтүнөн ашык эксплуатациялоого жол берилбейт.
2-§. Баллондорду күбөлөндүрүү
474. Баллондорду күбөлөндүрүүнү (сыноону) даярдоочу уюмдар, ошондой эле толтуруучу станциялары (толтуруу пункттары) жана (же) сыноо пункттары (текшерүү пункттары) бар адистештирилген уюмдар аларда төмөнкүлөр болгон учурларда жүргүзүшөт:
1) өндүрүштүк имараттары, ошондой эле баллондорду күбөлөндүрүүнү жүргүзүү мүмкүндүгүн камсыздоочу техникалык каражаттары;
2) белгиленген тартипте аттестацияланган адистердин жана тиешелүү квалификациядагы жумушчулардын ичинен буйрук менен дайындалган күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн жооптуу адамдар;
3) жеке шифр менен эн-тамга;
4) долбоорду иштеп чыгуучунун жана (же) конкреттүү типтеги баллондорду даярдоочунун методикаларынын негизинде түзүлгөн иштердин көлөмүн жана жүргүзүү тартибин белгилөөчү баллондорду техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү боюнча өндүрүштүк нускама.
475. Эн-тамганын шифрин баллондорду күбөлөндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырууну пландап жаткан уюмдун жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде жүргүзүлгөн сыноо пунктунун ушул Эрежелердин талаптарына шайкештигин текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча ыйгарым укуктуу контролдоочу аймактык орган ыйгарат. Баллондорду күбөлөндүрүү боюнча ишти жүзөгө ашырууну пландап жаткан уюм ушул Эрежелердин талаптарына ылайык иштин ушул түрүнө карата уюштуруу-техникалык даярдыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен, уюм күбөлөндүрүүнү жүзөгө ашырууга даяр болгон баллондордун мүнөздөмөлөрүн (баллондун тиби же маркасы, баллондордун сыйымдуулугу, алар арналган газдардын аталыштары жана багыты) көрсөтүү менен эн-тамганын шифрин ыйгаруу жөнүндө арызды берет.
476. Баллондорду күбөлөндүрүүнү жүзөгө ашырып жаткан уюмдарда шифрлери менен эн-тамгаларды баллондорду күбөлөндүрүүнү жүргүзүү тапшырылган адистерге берүүнү/кайтарууну эсепке алуу журналын жүргүзүү камсыздалууга тийиш. Шифри бар эн-тамга өнөр жай коопсуздугу боюнча даярдыктан жана аттестациялоодон өткөн жана баллондорду күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн уюмдун жетекчисинин буйругу (тескемеси) менен дайындалган адамга берилет. Бир шифрдеги эн-тамгалар баллондорду күбөлөндүрүүнү аткаруунун бардык мезгилине бир адамга бекитилет. Баллондорго эн-тамга коюу үчүн эн-тамгаларды уюмдун жетекчисинин (жеке ишкердин) тиешелүү буйругусуз (тескемесисиз) башка адамдарга бир жолу же убактылуу берүүгө жол берилбейт. Эн-тамгалардын жана шифрлери бар эн-тамгаларды берүүнү/кайтарууну эсепке алуу журналын сактоону камсыздоо тартиби уюмдун жетекчисинин (жеке ишкердин) буйругу менен аныкталат.
477. Уюм (жеке ишкер) баллондорду күбөлөндүрүүнү токтоткон учурда шифрлери бар калган эн-тамгалар уюм (жеке ишкер) тарабынан акт боюнча жок кылынат, анын бир нускасы эн-тамганын шифрин ыйгарган аймактык ыйгарым укуктуу контролдоочу органга берилет.
478. Эн-тамгалардын шифрлери цифралык бөлүктөн - 01ден тартып 98ге чейинки сандар түрүндө араб цифраларынан жана тамгалык бөлүктөн - орус алфавитинин "З", "О", "Ч", "Е", "Й", "X", "Ь", "Ъ", "Ы" тамгаларынан башка орус же латын алфавитинин баш тамгаларынан, латын алфавитинин "W", "U", "S", "F", "L", "Z", "V", "N" баш тамгаларын колдонуу менен курулат. Эн-тамганын шифри бир өлчөмдөгү үч белгиге ээ (бийиктиги 6 мм), алар диаметри 12 мм болгон айланадагы катарда жайгаштырылат жана эки цифрадан (шифрдин цифралык бөлүгү) жана бир баш тамгадан (шифрдин тамгалык бөлүгү) турат. Шифрге кандайдыр бир башка белгилерди (анын ичинде тире, чекит) киргизүүгө, алардын бөлчөктүк жайгаштырууга же алдын ала каралбаган шифрлерди колдонууга, ошондой эле цифралардын ордун алмаштырууга (мисалы, 12 шифринин цифралык бөлүгүн 21 саны менен алмаштыруу) жол берилбейт. Баллондорду жараксыздыкка чыгаруу үчүн уюмдарда тегерек формадагы диаметри 12 мм болгон "X" тамгасы менен эн-тамга пайдаланылууга тийиш. Жараксыздыкка чыгаруучу "X" эн-тамгасын коюу орду - баллондун номеринен оң жакта 10 мм ашык эмес аралыкта.
479. Эн-тамганын шифрлеринин цифралык жана тамгалык бөлүктөрүн аймактык органдар боюнча бөлүштүрүүнү (бекитүүнү) ыйгарым укуктуу контролдоочу орган жүргүзөт. Аймактык ыйгарым укуктуу контролдоочу орган ар бир уюм үчүн эн-тамганын жекече шифрин белгилейт жана ыйгарылган шифрлерди эн-тамганын шифрлерин эсепке алуу журналында эсепке алууну жүргүзөт.
480. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу баллондорду техникалык күбөлөндүрүүнү, оңдоону жана толтурууну жүргүзүүдө өнөр жай коопсуздугун камсыздоо жана баллондордун аварияларынын (жарылууларынын) тобокелдигин азайтуу максатында ушул Эрежелердин талаптарынын сакталышын контролдоону ыйгарым укуктуу контролдоочу орган жүзөгө ашырат.
481. Басым алдында эритилген ацетилен (мындан ары - ацетилен) үчүн баллондорду күбөлөндүрүүнү кошпогондо баллондорду күбөлөндүрүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) баллондордун ички (55 л чейинки сыйымдуулуктагы суюлтулган көмүрсуутек газы (пропан-бутан) үчүн баллондорду кошпогондо) жана тышкы беттерин карап чыгуу;
2) баллондордун массасын жана сыйымдуулугун текшерүү;
3) баллондорду гидравликалык сыноо.
12 л чейинки жана 55 л жогору сыйымдуулуктагы болоттон жасалган кошулган жерлери жок баллондордун, ошондой эле сыйымдуулугуна карабастан ширетилген баллондордун массасын жана сыйымдуулугун текшерүүнү жүргүзүшпөйт.
482. Канааттандырарлык натыйжаларда күбөлөндүрүү жүргүзүлгөн уюм баллонго тегерек формадагы диаметри 12 мм болгон өзүнүн эн-тамгасын, жүргүзүлгөн күбөлөндүрүү күнүн жана кийинки күбөлөндүрүү күнүн (эн-тамга менен бир сапта) түшүрөт (жазат).
100 л жогору сыйымдуулуктагы баллондорду техникалык күбөлөндүрүүнүн натыйжаларын баллондун паспортуна киргизишет. Бул учурда баллонго эн-тамгаларды коюшпайт.
483. Ацетилен үчүн баллондорду кошпогондо баллондорду күбөлөндүрүүнүн натыйжаларын баллонду күбөлөндүргөн адам сыноолор журналына жазат, анда тактап айтканда төмөнкү графалар болот:
1) даярдоочунун товардык белгиси;
2) баллондун номери;
3) баллонду даярдоо күнү (айы, жылы);
4) жүргүзүлгөн күбөлөндүрүү күнү жана кийинки күбөлөндүрүү күнү;
5) баллонго чегилген массасы, кг;
6) күбөлөндүрүүдө белгиленген баллондун массасы, кг;
7) баллонго чегилген баллондун сыйымдуулугу, л;
8) күбөлөндүрүүдө аныкталган баллондун сыйымдуулугу, л;
9) жумушчу басымы, МПа (кгс/см);
10) баллондун жарактуулугу тууралуу белги;
11) күбөлөндүрүүнү жүргүзгөн уюмдун (жеке ишкердин) өкүлүнүн фамилиясы, инициалдары жана колу.
484. Ацетилен үчүн баллондорду күбөлөндүрүү ацетилен толтуруучу станцияларда даярдоочу тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлүүгө тийиш (бирок 5 жыл өткөндөн кем эмес) жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) тышкы бетин карап чыгуу;
2) көпшөк массасын текшерүү;
3) пневматикалык сыноо.
485. Эритилген ацетилен үчүн баллондордогу көпшөк массанын абалы ацетилен толтуруучу станцияларда 24 ай өткөндөн кем эмес текшерилүүгө тийиш.
Көпшөк массанын абалы канааттандырарлык болгондо ар бир баллондо төмөнкүлөр чегилүүгө тийиш:
1) көпшөк массаны текшерүүнүн жылы жана айы;
2) толтуруучу станциянын жекече эн-тамгасы;
3) Көпшөк массаны текшерүүнү күбөлөндүрүүчү "Пм" тамгаларынын сүрөтү менен диаметри 12 мм болгон энтамга.
486. Көпшөк масса менен толтурулган ацетилен үчүн баллондорду күбөлөндүрүүдө 3,5 МПа басымдагы азот менен сынашат.
Баллондорду сыноо үчүн колдонулуучу азоттун тазалыгы көлөмү боюнча 97% төмөн болбоого тийиш.
487. Эритилген ацетилен үчүн баллондорду күбөлөндүрүүнүн натыйжаларын сыноо журналына жазышат, анда тактап айтканда төмөнкү графалар болот:
1) баллондун номери;
2) даярдоочунун товардык белгиси;
3) баллонду даярдоо күнү (айы, жылы);
4) күбөлөндүрүүнү жүргүзгөн уюмдун (жеке ишкердин) өкүлүнүн фамилиясы, инициалдары жана колу;
5) жүргүзүлгөн баллонду күбөлөндүрүү күнү жана кийинки күбөлөндүрүү күнү.
488. Баллондорду карап чыгууну алардын капталдарында коррозияны, жаракаларды, плендерди (катмарларга бөлүнүү), чуңкурайгандарын жана башка зыянга учуроолорду (баллондордун андан ары эксплуатациялоого жарактуулугун аныктоо үчүн) аныктоо максатында жүргүзүшөт. Карап чыгуунун алдында баллондор кылдаттык менен тазаланышы жана суу менен жуулушу керек, ал эми ББ ТР 032/2013 ылайык 1-топко киргизилген чөйрөлөргө арналган баллондор үчүн тиешелүү эритме менен жуулушу же газы чыгарылышы керек.
489. Тышкы жана ички беттерин карап чыгууда күбөлөндүрүү боюнча өндүрүштүк нускамада көрсөтүлгөн жол берилбей турган дефекттер (анын ичинде жаракалар, плендер, чуңкурайгандар, көөп чыгуулар, раковиналар жана капталынын номиналдуу калыңдыгынын 10% жогору тереңдиктеги кооптонуулар; жыртыктар жана кетиктер; моюнчасынын сайынын жешилиши) аныкталган баллондор жараксыздыкка чыгарылууга тийиш.
Баллондун моюнчасындагы шакекчени бошотуу баллонду жараксыздыкка чыгаруунун себеби боло албайт. Бул учурда баллон шакекчеси бекитилгенден же жаңыга алмаштырылгандан кийин андан ары күбөлөндүрүүгө жиберилиши мүмкүн.
Башмагынын учунун кыйшык жана начар сапталганы аныкталган баллондор башмагынын учу кайра сапталганга чейин андан ары күбөлөндүрүүгө жиберилбейт.
Моюнчасындагы же башмагындагы бош шакекчени бекитүү же алмаштыруу баллон күбөлөндүрүлгөнгө чейин аткарылууга тийиш.
490. Тышкы жана ички карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча баллондорду жараксыздыкка чыгаруу өндүрүштүк нускамага жана баллонду даярдоочу ишкананын техникалык документтерине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
Ушул Эрежелердин 469-пунктунда каралган маалыматтардын бардыгы чегилбеген баллондорду эксплуатациялоого тыюу салынат.
491. Даярдоочу ишкананын жараксыздыкка чыгарууга көрсөтмөлөрү жок болгон учурда 12 л - 55 л сыйымдуулуктагы болоттон жасалган кошулган жерлери жок стандарттык баллондор массасы 7,5% жана андан ашык азайган учурда, ошондой эле алардын сыйымдуулугу 1% жогору көбөйгөн учурда жараксыздыкка чыгарылат жана эксплуатациялоодон алып салынат.
Баллондун иш жүзүндөгү сыйымдуулугун төмөнкүчө аныкташат: суу менен толтурулган баллондун массасынын жана бош баллондун массасынын айырмасы боюнча; өлчөөчү бактардын жардамы менен же өндүрүштүк нускамада белгиленген өлчөөнүн зарыл болгон тактыгын камсыздоочу башка ыкма менен.
492. Баллондорду гидравликалык сыноолор сыноолорду жүргүзүүнүн коопсуздугун камсыздоочу атайын жабдылган стенддерде жүргүзүлүүгө тийиш. Сынамдык басымдын чоңдугун жана сынамдык басым алдында баллонду кармап туруу убактысын даярдоочу белгилейт, мында сынамдык басым бир жарым жумушчу басымдан кем болбоого тийиш. Материалдан жасалган баллондор үчүн сынамдык басымы 2ден жогору болгон туруксуздук чегине убактылуу каршылыгынын катышы 1,25 жумушчу басымга чейин төмөндөшү мүмкүн.
493. Металлкомпозиттик жана композиттик материалдардан жасалган баллондорду күбөлөндүрүүнү, жараксыздыкка чыгарууну жана маркалоону долбоорду иштеп чыгуучу жана (же) баллонду даярдоочу тарабынан белгиленген жана эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) көрсөтүлгөн жараксыздыкка чыгаруу талаптарына жана ченемдерине ылайык жүзөгө ашырышат.
494. Жараксыздыкка чыгарылган баллондор алардын багытына карабастан аларды андан ары колдонуу мүмкүндүгүн болтурбай турган жараксыз абалга (моюнчасынын сайына кесик түшүрүү же корпусунда көзөнөктөрдү бургулап тешүү жолу менен) келтирилүүгө жана эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) талаптарына ылайык утилдештирилүүгө тийиш.
495. Баллондорду күбөлөндүрүү аны долбоорго ылайык жүргүзүү үчүн атайын жабдылган өзүнчө жайларда жүргүзүлүшү керек. Бул имараттардагы абанын температурасы 12°C төмөн болбоого тийиш.
Баллондорду ички карап чыгуу үчүн электрдик жарык берүүнүн көчмө булагын жана визуалдык карап чыгуу мүмкүндүгүн камсыздоочу, 12 В жогору эмес чыңалуудагы башка түзүлүштөрдү колдонууга жол берилет.
Жарылууга кооптуу газдар менен толтурулуучу баллондорду карап чыгууда кол лампанын арматурасы же анын штепсельдик биригүүсү жарылууга коопсуз аткарылууга тийиш.
496. Кампада узак убакыт сактоодо турган газ менен толтурулган баллондорду кезектеги мезгилдүү күбөлөндүрүү мөөнөттөрү келгенде тандалма тартипте, 100 баллонго чейинки партиядан 5 даанадан, 500 баллонго чейинки партиядан 10 даанадан жана 500 баллондон ашык болгон партиядан 20 даанадан кем эмес санда күбөлөндүрүүгө туура келет.
Күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары канааттандырарлык болгон учурда баллондорду сактоо мөөнөтүн күбөлөндүрүүнү жүргүзгөн адам, бирок эки жылдан ашык эмес мөөнөткө белгилейт. Тандалма күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарын тиешелүү акт менен тариздешет.
Күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары канааттандырарлык эмес болгон учурда баллондорду ушул эле санда кайрадан күбөлөндүрүү жүргүзүлөт.
Кайрадан күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары канааттандырарлык эмес болгон учурда баллондордун бардык партиясын андан ары сактоого жол берилбейт, баллондордогу газ күбөлөндүрүүнү жүргүзгөн адам тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө чыгарып салынууга тийиш, андан кийин баллондор ар бири өз алдынча техникалык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
3-§. Баллондорду эксплуатациялоо
497. Баллондорду эксплуатациялоо (толтуруу, сактоо, ташуу жана пайдалануу) уюмдун жетекчиси (жеке ишкер) тарабынан бекитилген, бул ишти жүзөгө ашыруучу уюмдун (жеке ишкердин) нускамасынын талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
498. Баллондорду тейлөөчү жумушчулар нускаманы билүүсү боюнча текшерүүдөн өтүүгө жана өз алдынча иштөөгө уруксат берүү жөнүндө күбөлүккө ээ болушу керек.
499. Газ толтурулган баллондорду жеке баллон түзүлүшү (технологиялык процессте колдонулуучу газдын ар бир түрүнөн эки баллондон ашык эмес (бири жумушчу, экинчи резервдик), топтук баллон түзүлүшү катары керектөө (пайдалануу) жайларында, ошондой эле баллондордун технологиялык запасын сактоо жайларына жайгаштыруу (орнотуу) ушул Эрежелердин талаптарын жана өрт коопсуздугунун талаптарын эске алуу менен жабдууну жайгаштыруу планына (долбооруна) ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
500. Баллондорду пайдаланууда жана сактоодо аларды адамдар өтүүчү, жүктөрдү которуучу жана транспорт каражаттары өтүүчү жерлерде орнотууга жол берилбейт.
501. Баллондор (жекече орнотууда) жылуулук радиаторлорунан жана башка жылытуучу приборлордон, мештерден 1 м кем эмес аралыкта, ачык оту бар жылуулук булактарынын 5 м кем эмес аралыкта турууга тийиш.
502. Топтук баллон орнотмолорун жайгаштыруу жана күйүүчү газдар толтурулган баллондорду сактоо долбоорго жана өрт коопсуздугунун ченемдерине ылайык атайын жабдылган жайларда же ачык аянттарда жүзөгө ашырылууга тийиш, мында күйүүчү газдар толтурулган топтук баллон орнотмолорун андагы күйүүчү газды пайдалануунун технологиялык процесси жүзөгө ашырылып жаткан жайга жайгаштырууга жана сактоого жол берилбейт.
503. Газ толтурулган баллон колдонулуп башталганга чейин колдонуу жайында вертикалдык абалда орнотулушу керек жана эксплуатациялоо боюнча өндүрүштүк нускамада белгиленген тартипте кулоодон ишенимдүү бекитилүүгө тийиш. Оңдоо же монтаждоо иштерин жүргүзүүдө кысылган кычкылтек толтурулган баллонду төмөнкүлөрдү камсыз кылуу менен отундун, майдын төгүлүүсүнүн алдын ала, толук тазаланган жерге (полго, аянтчага) жаткырууга жол берилет:
1) вентилдин баллондун башмагынан жогору жайгашуусун жана баллондун тоголонуусуна жол бербөөнү;
2) анын жогорку бөлүгүн жыгачтан же учкундун пайда болушун болтурбай турган башка материалдан жасалган оюгу бар төшөлмөгө жайгаштырууну.
Суюлтулган жана басым алдында эритилген газдар толтурулган баллондорду (пропан-бутан, ацетилен) горизонталдык абалда колдонууга жол берилбейт.
504. Баллондорду эксплуатациялоодо алардагы газды толук сарптоого жол берилбейт. Газдын конкреттүү тиби үчүн анын касиеттерин эске алуу менен баллондогу калдык басым эксплуатациялоо боюнча колдонмого (нускамага) ылайык орнотулат жана эгерде газга карата техникалык шарттарда башка каралбаса 0,05 МПадан кем эмес болушу керек.
505. Баллондордон газдарды идишке, ошондой эле азыраак жумушчу басымы менен технологиялык жабдууга чыгаруу (берүү) ушул газга арналган жана тиешелүү түскө боёлгон редуктор аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. Редукторго кирүүчү жерде баллондогу максималдуу жумушчу басымды өлчөө мүмкүндүгүн камсыздоочу шкаласы бар манометр орнотулушу керек; редуктордун төмөнкү басым камерасында газ чыгарылуучу идиштеги же технологиялык жабдуудагы тиешелүү уруксат берилген басымга карата жөнгө салынган пружиналуу сактоочу клапан, ошондой эле ушул басымга шайкеш келүүчү манометр орнотулууга тийиш. Манометрдин жана сактоочу клапандын тиби долбоорду иштеп чыгуучу жана редукторду даярдоочу тарабынан аныкталат.
506. Күйүүчү газдар жана кычкылтек толтурулган баллондордун күйүп кетүүсүнө жана жарылуусуна жол бербөө максатында ага туташтырылган жабдуу, ошондой эле аны туташтыруу үчүн колдонулуучу өткөргүч түтүктөр жана (же) ийкемдүү түтүктөр оң болушу, аларда колдонулуучу газга шайкеш келиши (материалдары жана бышыктыгы боюнча) керек.
507. Вентилдердин бузуктугунан улам керектөө жайында баллондордон газды чыгаруу мүмкүн болбогон учурда акыркылары баллондун корпусунун бүтүндүгүн бузбай турган кандай болбосун жеткиликтүү ыкма менен тиешелүү убактылуу жазууну (маркалоону) түшүрүү менен бош (куру) баллондордон өзүнчө баллондорду толтуруучу станцияга кайтарылууга тийиш. Толтуруучу станцияда мындай баллондордон газды чыгаруу толтуруучу станцияда иштелип чыккан жана бекитилген нускаманын атайын талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
508. Баллондорду кысылган, суюлтулган жана эритилген газдар менен толтуруучу станциялар тактап айтканда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек болгон баллондорду толтуруу журналын жүргүзүүгө милдеттүү:
1) толтуруу күнү;
2) баллондун номери;
3) күбөлөндүрүү күнү;
4) баллондогу газдын (суюлтулган) массасы, кг;
5) баллонду толтурган адамдын колу, фамилиясы жана инициалдары.
Эгерде баллондорду ар түрдүү газдар менен толтурушса, анда ар бир газ боюнча өз алдынча толтуруу журналы жүргүзүлүшү керек.
Автотранспорт каражаттарынын баллондорун (отун идиштерин) автомай куюучу станцияларда толтурууну (куюу) эсепке алууну жүргүзүү тартиби өндүрүштүк нускамалар менен долбоордук документтердин жана ушул Эрежелердин 511-пунктунун талаптары камсыздалган шартта көрсөтүлгөн объекттерге карата талаптарды белгилөөчү башка ченемдик укуктук документтердин талаптарында аныкталган алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленет.
509. Баллондорду газ менен толтуруу газдын касиеттерин, жергиликтүү шарттарды жана эксплуатациялоо боюнча колдонмонун (нускаманын) жана баллонду даярдоочунун башка документтеринин талаптарын эске алуу менен толтуруучу уюм (жеке ишкер) тарабынан иштелип чыккан жана бекитилген нускама боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
Кычкылтек баллондорун толтуруунун алдында аларда күйүүчү газдардын аралашмасынын жоктугун контролдоо нускамада белгиленген тартипте газанализатор менен жүргүзүлүүгө тийиш. Баллондорду медициналык кычкылтек менен толтурууда аларды толтурулуучу чөйрөнүн басымы менен нускамада белгиленген тартипте үйлөтүү жүргүзүлүүгө тийиш.
Баллондорду суюлтулган газдар менен толтуруу баллондорду даярдоочу тарабынан белгиленген ченемдерге жана (же) суюлтулган газдарга карата техникалык шарттарга шайкеш келиши керек. Мындай маалыматтар жок болгон учурда толтуруу ченемдери баллондун уруксат берилген басымын эске алуу менен ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык аныкталат.
510. Газ менен толтурулуучу баллондор толтуруучу рампага бекем бекитилүүгө жана тыгыз туташтырылууга тийиш.
511. Төмөнкүдөй баллондорду газ менен толтурууга жол берилбейт:
1) даярдоочу тарабынан белгиленген күбөлөндүрүү мөөнөтү, жарактуулук мөөнөтү (толтуруулардын саны) өткөн;
2) көпшөк массаны текшерүү мөөнөтү өткөн;
3) баллондун корпусу зыянга учураган;
4) вентилдери бузулган;
5) тийиштүү сыры же жазуулары жок;
6) газдын ашыкча басымы жок;
7) белгиленген эн-тамгалары жок.
Газдардын ашык басымы жок баллондорду толтуруу толтуруучу станциянын нускамасына ылайык алдын ала текшерилгенден кийин жүргүзүлөт.
512. Башмактардын учун жана капкактар үчүн шакектерди кайра алмаштыруу, вентилдерин алмаштыруу, тазалоо, баллондордун сырын жана жазууларын калыбына келтирүү баллондорду күбөлөндүрүү пункттарында жүргүзүлүүгө тийиш.
Вентилдин ажыратуу менен байланышкан оңдоодон кийин жумушчу басымда бышыктыгы текшерилүүгө тийиш.
513. Баллондорго башмактардын учтарын алмаштырууга газ чыгарылгандан кийин, вентилдери буруп чыгарылгандан кийин жана баллондорду тиешелүү дегезациялоодон кийин гана уруксат берилет.
Газ толтурулган баллондорду тазалоо жана сырдоо, ошондой эле алардын моюнчасындагы шакекчелерди бекемдөөгө тыюу салынат.
514. Газ толтурулган баллондор (уулуу газдар толтурулган баллондордон тышкары) атайын жайларда, ошондой эле ачык абада сакталышы мүмкүн, ачык абада сакталган учурда алар атмосфералык жаан-чачындардан жана күн нурларынан корголууга тийиш.
Кычкылтек жана күйүүчү газдар толтурулган баллондорду бир жайда кампалык сактоого тыюу салынат.
515. Уулуу газдар толтурулган баллондор атайын жабык жайларда сакталууга тийиш.
516. Орнотулган башмактары бар толтурулган баллондор, ошондой эле түбү чуңкурайган атайын конструкцияга ээ баллондор вертикалдуу абалда сакталууга тийиш. Баллондордун кулап кетүүсүнүн алдын алуу үчүн атайын жабдылган уячалар, торлор болууга тийиш же тосмо менен тосулушу керек.
517. Башмактары жок баллондор, горизонталдык абалда жыгач рамаларда же стеллаждарда сакталышы мүмкүн. Ачык аянттарда сактоодо башмактары бар баллондорду жиптен, жыгач устундардан, резинадан же башка амортизациялоочу касиеттерге ээ, металл эмес материалдардан төшөлмөлөр менен штабелдерге, горизонталдуу катарлардын ортосунда жаткырууга уруксат берилет.
Баллондорду штабелдерге жаткырууда акыркыларынын бийиктиги 1,5 м ашпоого, баллондордун вентилдери бир тарапка каратылышы керек.
518. Газ толтурулган баллондорду сактоо үчүн кампалар ушул Эрежелердин талаптарын жана өрт коопсуздугунун ченемдерин эске алуу менен иштелип чыккан долбоорго шайкеш келүүсү керек. Кампанын имараты бир кабаттуу, жеңил типтеги жабуу менен, чатырда жайы жок болушу керек. Газдарды сактоо үчүн кампалардын дубалдары, тосмолору, жабуулары долбоорго шайкеш келген күйбөөчү материалдардан жасалышы керек; терезелери жана эшиктери сыртка карай ачылууга тийиш. Эшик жана терезе айнектери жылтырабаган же ак сыр менен сырдалууга тийиш. Баллондор үчүн кампа жайларынын бийиктиги полдон тартып чатыр жабуусунун төмөнкү чыгып турган бөлүктөрүнө чейин 3,25 м кем болбоого тийиш. Кампалардын полдору тегиз, бети тайгалак эмес болуп, ал эми күйүүчү газ толтурулган баллондор үчүн кампалар - бети кайсы бир буюмга урунган учурда учкундун чыгуусун болтурбоочу материалдардан болушу керек.
519. Күйүүчү газдары бар, жарылууга кооптуу баллондор үчүн кампаларды жабдуу долбоор менен аныкталат.
520. Кампаларда кампада турган баллондорду колдонуу боюнча нускамалар, эрежелер жана плакаттар илинүүгө тийиш.
521. Газ толтурулган баллондор үчүн кампалар табигый же жасалма желдетүүгө ээ болушу керек.
522. Жарылуучу жана өрткө кооптуу газдар толтурулган баллондор үчүн кампалар чагылгандан корголгон зонада турууга тийиш.
523. Баллондорду сактоо үчүн кампа жайы күйбөй турган дубалдар менен бөлүктөргө бөлүнүшү керек, алардын ар биринде 500 баллондон (40 л) ашык эмес күйүүчү же уулуу эмес газдар толтурулган жана 1000 баллондон (40 л) ашык эмес күйбөөчү жана уулуу эмес газдар менен баллондорду сактоого жол берилет.
Күйбөөчү жана уулуу эмес газдар толтурулган баллондорду сактоо үчүн бөлүктөр бийиктиги 2,5 м кем эмес болгон адамдар өтүү үчүн ачык өтмөгү жана механизациялоо каражаттары үчүн өтмөктөрү бар күйбөөчү тосулмалар менен бөлүнүүгө тийиш. Ар бир бөлүк тышка өз алдынча чыгууга ээ болушу керек.
524. Газ менен толтурулган баллондор үчүн кампалардын, кампалардын жана ага жакын өндүрүш имараттарынын, коомдук имараттардын, турак үйлөрдүн ортосундагы ажырымдар долбоор менен аныкталат жана санитардык, шаар куруу ченемдерине шайкеш келүүгө тийиш.
525. Колдонуу объекттеринде (иштерди өндүрүү жерлеринде) баллондорду которуштуруу бул үчүн атайын ыңгайлаштырылган арабаларда же ташуунун коопсуздугун камсыздоочу башка түзүлүштөрдүн жардамы менен жүргүзүлүүгө тийиш.
526. Газдар менен толтурулган баллондорду КӨО, ишкананын өндүрүштүк аянтчасынын жана монтаждоо жана оңдоо иштерин жүргүзүүнүн башка объекттеринин чегинде ташуу рессордук транспортто же автокараларда, горизонталдык абалда, милдеттүү түрдө баллондор ортосундагы төшөлмөлөр менен жүргүзүлөт. Төшөлмөлөр катары баллондор үчүн кесилген уячалары менен жыгач устундар, ошондой эле калыңдыгы 25 мм кем эмес жип же резина шакектер (баллонго экиден шакек) же баллондордун бири-бирине урунуусунан коргой турган башка төшөлмөлөр колдонулушу керек. Бардык баллондор ташуу убагында вентилдери менен бир тарапка карата жаткырылууга тийиш.
Баллондорду атайын контейнерлерде, ошондой эле контейнерлерсиз вертикалдык абалда, алардын арасына милдеттүү төшөлмөлөр жана мүмкүн болгон кулап кетүүдөн тосуу менен ташууга уруксат берилет.
Газ менен толтурулган баллондорду жалпы колдонуудагы жолдор боюнча автомобилдик (темир жол) транспорт менен ташуу өнөр жай коопсуздугу тармагындагы ишке кирбейт жана башка ченемдик укуктук актылардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган эл аралык макулдашуулардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 токтому менен бекитилген Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
527. Баллондорду ташуу жана сактоо эгерде баллондун конструкциясы менен баллондун тыгындоочу органдын башка коргоосу каралбаса буралган капкактары менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Толтурулган баллондорду керектөөчүлөргө бергенге чейин сактоочу капкактарсыз сактоого жол берилет.
528. Металл композиттик жана композиттик материалдардан даярдалган баллондорду эксплуатациялоодо, толтурууда, сактоодо жана ташууда долбоорду иштеп чыгуучу жана (же) баллонду даярдоочу тарабынан белгиленген, эксплуатациялоо боюнча колдонмодо жана даярдоочунун башка документтеринде көрсөтүлгөн кошумча талаптар аткарылууга тийиш.
13-глава. Медициналык барокамераларга карата коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун кошумча талаптары
1-§. Жалпы талаптар
529. Эрежелердин ушул главасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан дарылоо-профилактикалык мекемелерде жана башка уюмдарда (мындан ары - ДАУ) жайгаштырылган адамдарга карата дарылоо же адаптациялык таасирди камсыздоо үчүн колдонулуучу медициналык стационардык барокамераларга карата коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун кошумча талаптары белгиленген.
530. Медициналык стационардык барокамералар абанын 0,07 МПадан жогору ашык басымында же газ сымал медициналык кычкылтекте (же газдын башка аралашмаларында) иштей турган басым алдындагы өзгөчө идиш болуп саналат, алар ичиндеги адамдардын жана жумушчу чөйрөнүн санына жараша бир орундуу жана көп орундуу болуп бөлүнөт.
531. Бир орундуу медициналык барокамералар ушул Эрежелердин талаптарына ылайык даярдалышы керек.
532. Иштетүүгө алгачкы жолу чыгарылып жаткан көп орундуу медициналык барокамералар ББ ТР 032/2013 талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. ББ ТР 032/2013 күчүнө киргенге чейин даярдалган жана пайдаланууга киргизилген барокамераларды эксплуатациялоодо алардын долбоорду иштеп чыгуучунун жана даярдоочунун ишканаларынын долбоордук жана техникалык документтеринин талаптарына шайкештиги камсыздалууга тийиш.
533. Медициналык техниканын жабдуусу болуп саналуучу медициналык стационардык барокамераларды колдонуунун коопсуздугу ушул Эрежелердин талаптарын, ошондой эле өнөр жай коопсуздугу, саламаттык сактоо жана лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу менен камсыздалууга тийиш.
534. Барокамераларды эксплуатациялоо, анын ичинде монтаждоо, калыпка салуу, эксплуатациялоого киргизүү, техникалык тейлөө жана оңдоо долбоорго, эксплуатациялоо боюнча колдонмого (нускамага) жана даярдоочунун башка документтерине, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптарына ылайык аткарылууга тийиш.
535. Барокамераны монтаждоо, калыпка салуу, техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин ушул Эрежелердин 3-главасынын талаптарына шайкеш келүүчү, медициналык техниканын ушул түрүн техникалык тейлөө лицензиясына ээ болгон адистештирилген уюмдар же ДАУнун техникалык кызматынын бөлүмүнүн адистери жүргүзүүгө тийиш (эгерде алар ДАУнун өздүк керектөөлөрү үчүн иштерди аткаруу максаттарында ДАУнун түзүмү (штаты) менен караштырылган болсо).
536. Барокамера монтаждоодон жана эксплуатациялоого киргизүүдөн кийин ушул Эрежелердин 4-главасынын талаптарына ылайык кабыл алынууга тийиш.
2-§. Бир орундуу медициналык барокамераларга карата коюлуучу талаптар
537. Бир орундуу медициналык барокамералар таза кычкылтек чөйрөсүндө жана кысылган аба чөйрөсүндө иштей турган барокамераларга бөлүнөт.
538. Бир орундуу барокамералардын конструкциялары, барокамеранын корпусунун негизги элементтеринин материалдары (металл жана металл эмес) долбоорду иштеп чыгуучу жана (же) даярдоочу тарабынан эсептердин негизинде белгиленген кызмат кылуу мөөнөтүндөгү (ресурсу) ишинин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоого тийиш. Эсептик басым жумушчу басымга караганда 10% жогору болууга тийиш. Барокамераны бышыктыкка сыноо басымы 1,5 жумушчу басымды түзүшү керек.
539. Барокамералардын конструкциясы, барокамеранын корпусунун негизги элементтеринин жана аларды жасалгалоо жана ички жабдуусу үчүн колдонулуучу материалдар (металл жана металл эмес), аларга орнотулуучу түзүлүштөр жана коммуникациялар (баскычтар, ажыраткычтар, которгучтар жана башка жабдуу), ошондой эле алардын иштөөсүндө колдонулуучу бейтапты медициналык мониторингдөө системалары жумушчу чөйрөнүн сапаттарын эске алуу менен, айрыкча таза газ сымал кычкылтекти колдонуу учурунда жарылуу-өрт жана өрт коопсуздугун камсыздоого тийиш.
540. Барокамеранын газ менен камсыздоо системасы дарылоо процесстерин коопсуз жүргүзүүнү камсыздоо үчүн зарыл болгон компрессия (басымдын жогорулашы) жана декомпрессия (басымдын төмөндөшү) ылдамдыгын камсыздоого тийиш.
541. Барокамера жумушчу басымдын 10% ашпаган иштеп кетүү басымында калыпка салынган сактоочу клапан менен жабдылышы керек.
542. Барокамеранын геометриялык өлчөмдөрү камеранын ичиндеги адамдын коопсуздугун камсыздоого тийиш. Барокамеранын узундугу 2000 мм кем эмес, жаңы даярдалуучу барокамералардын корпусунун ички диаметри 700 мм кем эмес болушу керек, ушул Эрежелерди кабыл алганга чейин даярдалган жана эксплуатациялоого берилген барокамералар үчүн 600 мм болгон ички диаметрге жол берилет. Барокамеранын ички көңдөйүндө бейтапты жайгаштыруу үчүн орундун (жатактын) геометриялык өлчөмү (туурасы, узундугу) барокамерада анын эркин жана коопсуз жайгашуусун камсыздоого тийиш.
543. Тунук куполу же иллюминаторлору менен түбү металлдан жасалган барокаманы даярдоодо конструкциясы, жайгашуусу жана куполун (иллюминаторун) даярдоодо колдонулган материал бейтаптын абалын байкап туруу үчүн жетиштүү көрүү мүмкүндүгүн, бейтаптын жакшыраак көрүнүп туруусун, ошондой эле ушул Эрежелердин 538-пунктунун талаптарына жооп берүүчү зарыл болгон бышыктыкты камсыздоого тийиш.
544. Конструкциясы менен автоматтык режимде иштөөсү каралган барокамералар автоматтык башкаруу жана контролдоо түзүлүштөрүнө, анын ичинде газ менен камсыздоо системаларына ээ болууга тийиш. Аталган автоматтык түзүлүштөрдүн кол менен иштөө режиминде компрессияны (декомпрессияны) жүргүзүүнү камсыздоочу кайталоо механикалык башкаруусу болушу керек. Автоматтык башкаруу системасы бар барокамералар системанын ишин контролдоочу жана система иштебеген учурда маалыматтык сигнал берүүчү түзүлүш менен жабдылышы керек.
545. Барокамера корпусунда орнотулган, барокамерада жана газ менен камсыздоо системасында кадимки иштөө режиминен, ошондой эле дарылоо сеансында четтөөлөр болгон учурда жумушчу чөйрөнүн барокамерага киришин жана (же) андан чыгууларды тез (бир заматта) жабуу мүмкүндүгүн камсыздай турган тыгындоочу вентилдер менен жабдылууга тийиш.
546. Барокамеранын газ менен камсыздоо системасын башкаруу органдары, приборлордун дисплейи жана башкалар бирдиктүү башкаруу панелине орнотулушу керек. Бардык башкаруу жана контролдоо органдары так жана бир мааниде окула турган маркалоого ээ болууга тийиш.
547. Барокамера андагы басымды контролдоо үчүн манометр менен жабдылышы керек. Манометрдин тактык классы барокамераны даярдоочу тарабынан белгиленгенден төмөн болбоого жана дарылоо процессинде шартталган иш режимдерин эске алуу менен басымды өлчөөнүн зарыл болгон четтөөсүн камсыздоого тийиш.
548. Барокамераны башкаруу панели секунда жебелүү механикалык саат менен жабдылууга тийиш. Убакытты контролдоонун кайталоо түзүлүшү катары санариптик дисплейлүү электрондук саатты колдонууга жол берилет.
549. Барокамера "Бас жана сүйлө" режиминде оператордун айтканын барокамерага, бейтаптыкын - операторго туруктуу (фондук) режимде уктурууну камсыздоочу байланыш системасы менен жабдылышы керек. Байланыш системасы сөздүн так угулушун камсыздоого тийиш.
550. Кысылган аба чөйрөсүндө иштөөчү барокамера көлөмү боюнча 23%дан ашык кычкылтектин концентрациясынын жогорулашы тууралуу оптикалык жана үн сигнализация түзүлүштөрү менен жабдылууга тийиш. Түзүлүш үн сигнализациясын өчүрүү мүмкүндүгүнө ээ болушу керек.
551. Барокамера: керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз кубаттандыруу системасы (булагы) менен: газды талдоо жана контролдоо системалары (бар болгон учурда); көмүр кычкыл газдан абаны тазалоо түзүлүштөрү; барокамераны жарык кылуу системасы жана байланыш системалары менен жабдылышы керек.
552. Бир орундуу медициналык барокамералар ушул Эрежелердин жана медициналык техниканы өндүрүүнү лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыздоочу; аталган барокамераларды сапаттуу даярдоо жабдуусуна ээ болгон, ошондой эле окутулган жана аттестацияланган адистери жана тийиштүү квалификациядагы жумушчулары бар адистештирилген уюмдар тарабынан өндүрүлөт.
3-§. Көп орундуу медициналык барокамераларга карата коюлуучу талаптар
553. Көп орундуу медициналык барокамералар иш режимдерине жараша 1 МПага чейинки ашыкча жумушчу басым менен колдонулат.
554. Көп орундуу медициналык барокамера кеминде эки бөлүктөн: дарылоо сеансын өткөрүү мезгилинде бейтаптарды жайгаштыруу үчүн негизги камерадан жана камерага кирүүнү камсыздоо үчүн камерага чейинки басым алдында турган бөлүктөн, медициналык персоналдан жана бейтапты зарыл болгон учурда дарылоо сеансы аяктаганга чейин камерадан чыгаруучу адистердин курамынан турууга тийиш. Ошондой эле көп орундуу барокамералар көп бөлүктүү болушу жана бейтаптардын гипербарикалык оксигенация (мындан ары - ГБО) сеанстарын өткөрүүнү, ошондой эле медициналык көрсөткүчтөр боюнча зарыл болгон учурларда ашыкча басым алдында хирургиялык операцияларды жасоону камсыздоочу гипербарикалык комплекстерди түзүүчү курама секциялардан турушу мүмкүн.
555. ДАУда колдонулуучу көп орундуу медициналык барокамералар өзүнүн конструкциясы жана өлчөмдөрү боюнча бейтаптарды коопсуз жайгаштыруу жана тиешелүү дарылоо курсун жүргүзүү мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш жана 1800 мм кем эмес өлчөмдөгү ички мейкиндикке (корпусунун геометриялык формасына жараша диаметри же бийиктиги боюнча) ээ болууга тийиш; долбоор менен негизделген учурларда барокамеранын багытына жана жайгаштырылуучу адамдардын санына жараша башка өлчөмдөр каралышы мүмкүн.
556. Барокамералардын кирүү эшиктери (люктары) илгичтерде орнотулган же жылдырылуучу механизм менен жабдылган жалпак эшик түрүндө жасалат, мында эшиктер (люктар) барокамералардын бөлүктөрүнүн зарыл болгон бышыктыгын жана жылчыксыздыгын камсыздоого тийиш. Барокамералардын жалпак эшик түрүндө жасалган эшик оюктарынын минималдуу 1,55 м кем эмес бийиктиги жана 0,7 м кем эмес туурасы болууга тийиш жана бейтапты барокамерага замбилде киргизүү мүмкүндүгүн камсыздашы керек. Тегерек формага ээ болгон люктар 0,6 м кем эмес минималдуу ички диаметрге ээ болууга тийиш. Эшиктерди жана люктарды жабуу механизмдери учкунга коопсуз материалдардан даярдалышы керек. Эгерде эшиктер же люктар автоматтык иштетүүгө ээ болушса, алар авария же электр кубаттандыруусу жок учурда эшиктерди ачууну (жабууну) камсыздоого мүмкүндүк берүүчү кол менен ачуу түзүлүштөрү менен кошумча жабдылышы керек.
557. Барокамералардын жабдуусу барокамерада жумушчу басымды түзүүнү, басымды контролдоону, зарыл болгон диапазондо басымды кармап турууну жана дарылоонун тандап алынган режимине ылайык басымды төмөндөтүү мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш. Барокамерага абанын берилиши кол менен да, автоматтык түрдө (аралыктан) да башкарылат. Автоматтык (аралыктан) башкарууну колдонуу учурунда абанын берилишин (чыгарылышын) кол менен башкаруу мүмкүндүгүн камсыздоочу клапандардын системалары каралышы керек. Барокамералар корпусунда, абаны жана медициналык кычкылтекти берүү (чыгаруу) линиясында орнотулган тыгындоочу кол клапандары менен жабдылууга тийиш. Клапандар барокамерада же газды берүү (чыгаруу) линиясында бузуулар пайда болгон учурда (жылчыксыздыгы бузулганда) клапандарды тез (бир заматта) жабууну камсыздоого жана барокамерадагы басымды жоготууга жол бербөөгө тийиш. Барокамеранын штаттык иштешинде клапандар ачык болушу керек, ал эми кармагычтары (маховиктери) чапталышы керек.
558. Барокамера долбоорго ылайык анын багытына жараша зарыл болгон жабдуу, анын ичинде иштеп турууну камсыздоо системалары, медициналык кычкылтекти дем алуу маскаларына берүүчү жана бейтап чыгарган газды барокамеранын чегинен тышкары кетирүүчү атайын дем алуу блоктору менен камсыздалат. Дем алуу блокторун башкаруу түзүлүшү барокамеранын тышында жайгаштырылат.
559. Барокамеранын ар бир бөлүгү басымдын жумушчу басымдан 10% жогорулоо учурунда иштей турган жана басымдын 15% ашык эмес төмөндөө учурунда жабылуусун камсыздаган сактоочу клапандар менен жабдылышы керек. Сактоочу клапан (клапандар) барокамеранын тышында, механикалык бузулуудан же санкцияланбаган кирүү учурунда кокусунан иштеп кетүүдөн корголгон жерде орнотулушу керек.
560. Барокамерага абаны берүүнүн же абаны барокамерадан чыгаруунун бардык түзүлүштөрү пневмобасаңдаткыч, коргоочу торлор же абаны берүү жана басымды таштоо учурунда же сактоочу клапан иштеп кеткен кезде бейтаптын кийимин же денесин соруп кетүүдө жаракат алуусуна жол бербей турган башка түзүлүштөр менен корголууга тийиш.
561. Барокамеранын бөлүктөрү барокамеранын ичиндеги басымды өлчөөнү камсыздоочу манометр менен жабдылышы керек.
562. Барокамералардын жабдуусунда күйбөгөн же начар күйгөн материалдар жана каптоолор колдонулууга тийиш. Электр жабдуусу жана барокамераны активдүү жылытуу үчүн жабдуу эксплуатациялоо жана авария учурларында катуу ысып кетүүдөн жана учкундун пайда болуусунан корголушу керек. Барокамеранын ичинде колдонулган электр жабдуусу 42 В жогору эмес максималдуу чыңалууга ээ болушу керек.
563. Барокамералар бардык бөлүктөрүндө суу аркылуу өрт өчүрүү системасы менен жабдылууга тийиш. Өрт өчүрүү системасы өзүнө бейтаптардын дем алышына кычкылтектин берилишин автоматтык түрдө өчүрүү жана аба менен дем алууга өтүү түзүлүшүн камтышы керек. Суу аркылуу өрт өчүрүү системасы өзүнө барокамеранын бөлүктөрүндө жана барокамеранын тышында жайгашкан сигнализация жана активдештирүү түзүлүштөрүн камтыйт. Суу аркылуу өрт өчүрүү системасын активдештирүү кол режиминде камсыздалууга тийиш. Суу аркылуу өрт өчүрүү системасынан тышкары барокамеранын бөлүктөрү гипербарикалык өрт өчүргүчтөр менен жабдылууга тийиш.
Өрт өчүрүүнүн өткөргүч түтүктөрү, активдештирүү түзүлүштөрү, клапандар, баскычтар жана системанын башка түзүлүштөрү алардын өрт өчүрүү системасына таандыгын барокамеранын башка системаларынан айырмалап турган тиешелүү маркалоого ээ болушу керек.
Өрт өчүрүү системасы барокамеранын газ менен камсыздоо системасынан көз карандысыз болушу жана ДАУ долбоорлоо ченемдерине жана өрт коопсуздугунун ченемдеринин талаптарына ылайык иштелип чыккан долбоорго шайкеш келиши керек.
564. Газ берүүнү башкаруу пульту барокамерадан тышкары жайгаштырылууга тийиш. Газ берүүнү башкаруу түзүлүштөрү кош чечмелөөгө же оператордун катачылыгына жол бербеген так маркаланууга тийиш.
Барокамера дем алуу газ чөйрөсүндөгү газды талдоо приборлору менен жабдылышы керек. Милдеттүү түрдө кычкылтектин жана көмүр кычкыл газынын курамын контролдоочу, газдын пайыздык курамын үзгүлтүксүз контролдоону камсыздоочу приборлор жана чектелген маанилер жогорулаганда же төмөндөгөн учурда сигнализация орнотулууга тийиш.
4-§. Барокамераларды жайгаштырууга карата коюлуучу талаптар
565. Медициналык барокамералар бейтаптарды жайгаштыруу үчүн арналган жана жабдылган имараттарда, ошондой эле атайын транспортто ташылуучу контейнерлерде стационардуу түрдө орнотулат.
566. Ар түрдүү шассилерде же стационардык түрдө орнотулган ташылуучу контейнерлерде барокамераларды жайгаштырууга, ошондой эле контейнердин конструкциясына карата коюлуучу талаптар максималдуу коопсуздукту камсыздоо талаптарынан улам, долбоорду иштеп чыгуучу жана ушундай комплекстерди даярдоочу тарабынан аныкталат.
567. Стационардык медициналык барокамералар ГБОнун бөлүмдөрүнүн атайын жабдылган жайларында (барозалдарында), ДАУнун имараттарында, шаар куруу боюнча жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарына ылайык иштелип чыккан долбоордун негизинде орнотулат. ГБОнун бөлүмүн техникалык кайра жабдуу жана (же) реконструкциялоо боюнча иштерди аткарууда ГБОнун бөлүмүн бул ДАУнун башка жайына же башка ДАУга которуу шаар куруу иши боюнча жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан долбоордук документтердин негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш.
Долбоордук документтерди бузуу менен орнотулган медициналык барокамераларды эксплуатациялоого жол берилбейт.
568. Барокамераларды подвалдык жана цоколдук кабаттарга жайгаштырууга жол берилбейт.
569. Көп орундуу медициналык барокамераларды жайгаштыруу аларды колдонуу технологиясына жана долбоордук документтерге негизделген учурлардан тышкары, имараттын биринчи кабатында монтаждоонун жана орнотуунун ыңгайлуулугун камсыздашы керек, мында барокамераларды техникалык күбөлөндүрүүнү, анын ичинде гидравликалык сыноолорду өткөрүүнү эске алуу менен барокамераны имаратта орнотуу мүмкүндүгүнө карата пайдубалдардын, тосулмалардын, колонналардын эсептөөлөрү жүргүзүлүүгө тийиш.
570. Барозалды орнотуу жана анда бир орундуу жана (же) көп орундуу барокамераларды, ошондой эле алардын ишин камсыздоочу системаларды, иштеп турууну камсыздоо түзүлүштөрүн жана башка жабдууну жайгаштыруу боюнча көлөмдүү-пландоо чечимдери ушул Эрежелердин талаптарын жана долбоордук документтерди иштеп чыгуу учуруна карата колдонуудагы өрт коопсуздугунун ченемдеринин талаптарын эске алуу менен медициналык мекемелерди долбоорлоого адистешкен долбоордук уюмдар тарабынан иштелип чыгуучу долбоордук документтери менен аныкталат.
571. Барозалдын жайынын аянты жана сыйымдуулугу барокамера орнотулган жерде медициналык персоналдын коопсуз болуу мүмкүндүгүн жана дарылоону күтүп жаткан бейтаптарды жайгаштыруу максатында анда жайгаштырыла турган барокамералардын жана башка жабдуунун санына жараша барокамеранын сыйымдуулугунан жана тейлөөчү персоналдын штаттык расписаниесинен улам долбоор менен аныкталат, мында төмөнкүлөр камсыздалышы керек:
1) экиден ашык бир орундуу барокамераларды жайгаштыруу каралган барозалдар жана көп орундуу барокамералары менен барозалдар үчүн - барозалдын имаратынан долбоор менен белгиленген, бирок экиден кем эмес сандагы эвакуациялык чыгуулардын болушу. Эгерде барозалдын имаратынын планында адамдардын авариялык жылчыксыздыгы бузулган же күйүп кеткен жабдуунун жанынан өтүү зарылдыгын болтурбоочу эвакуациялык чыгууга эки жана андан ашуун өтмөк каралган болсо, бир эвакуациялык чыгууга долбоор менен негизделген учурларда жол берилет;
2) барозалдардан эвакуациялык чыгуулардын эшик оюгунун, ошондой эле барозалдагы орнотулган жабдуунун ортосундагы өтмөктөрдүн туурасы бир орундуу барокамераларды тоскоолдуксуз жылдыруу, анын ичинде өрт же башка авариялык кырдаал жаралган учурда бейтаптар менен кошо аларды эвакуациялоо мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш;
3) барозалдагы бардык терезелер жана эшиктер тышка карай ачылууга тийиш, мында терезелердин жана эшиктердин аянты долбоорлоо учурунда эсептөө менен аныкталат жана барокамера аварияга учураганда кысылган газды авариялык чыгарууда анын мүмкүн болгон максималдуу санын чыгарууну камсыздоого тийиш;
4) барозалдын имаратында барокамераларды жайгаштыруу долбоор менен аныкталат жана аларды тейлөөнүн ыңгайлуулугун, коопсуздугун, эркин жана тоскоолдуксуз которуу мүмкүндүгүн, бейтаптарды жана персоналды эвакуациялоону камсыздашы керек. Барокамеранын чыгып турган бөлүктөрүнөн дубалга же стационардык орнотулган медициналык аппаратурага чейинки минималдуу аралыгы 1 м болууга тийиш. Барокамералардын ортосундагы минималдуу аралык 1,5 м түзүүгө тийиш. Жылуулук приборлорунан жана башка жылуулук булактарынан барокамераларга чейинки минималдуу аралык 1 м түзүүгө тийиш.
572. Барозалды жайгаштыруу медициналык мекемелерди долбоорлоо ченемдерин жана жасалгалоо материалдарына, өрт өчүрүү, электр менен жабдуу жана жердетүү, желдетүү, жарык берүү, жылытуу системаларына карата талаптар боюнча өрт коопсуздугунун ченемдеринин талаптарын, анын ичинде төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:
1) барозалды башка имараттардан бөлүп туруучу дубалдардын конструкциясында, ошондой эле барозалдын имараттарын жасалгалоодо күйүп кетпей турган, өрт коопсуздугунун ченемдерине шайкеш келүүчү отко туруктуулук даражасына ээ болгон материалдар колдонулууга тийиш; барозалдагы полдун антистатикалык төшөлмөсү болушу керек, ал полго колдонулган төшөлмөнүн материалына карата сертификат же каршылыкты өлчөө акты менен ырасталган болууга тийиш;
2) барозал агып келүүчү жана сордуруучу желдетүү же абаны кондиционерлөө системалары менен жабдылууга тийиш;
3) барозалдар байланыш, өрт сигнализациясы жана барозалдын атмосферасындагы кычкылтектин курамын контролдоо үчүн газды талдоо (сигнализаторлор) системалары, ал эми долбоордо каралган учурларда температураны жана нымдуулукту контролдоо приборлору менен жабдылууга тийиш;
4) барозалдардын электр жабдуулары жана электр менен камсыздоо системалары электр коопсуздугунун ченемдерине шайкеш келүүгө тийиш;
5) барозалда электр жабдууларынын коргоочу жердетүү системасы жана андан көз карандысыз барокамераларды жана персоналды статистикалык электр топтолуусунан коргоочу системасы каралышы керек;
6) барозалдагы барокамерадан газды чыгарып салуу үчүн газды барозалдан тышка чыгарып кетүүнү камсыздоочу атайын өткөргүч түтүктөр каралышы керек. Аба жана кычкылтек чыгаруучу өткөргүч түтүктөрдү айкаштырууга тыюу салынат. Чыгаруучу өткөргүч түтүктүн уч жагындагы бөлүгү имараттын тышкы дубалынын сыртында терезе оюктарынан жана желдетүү (кондиционерлөө) түзүлүштөрүнөн атмосферага бөлүнүп чыгуучу кычкылтектин өрттөн коопсуз таралып кетүүсүн камсыздоочу долбоор менен аныкталган бийиктикте жана аралыкта турууга тийиш. Өткөргүч түтүктөр ишенимдүү бекитилип, тиешелүү маркаланышы керек;
7) көп орундуу барокамералар орнотулган барозалдын имаратында жеке изоляциялоочу дем алуучу аппарат же өрт чыгуу, түтүн каптоо же барозалдагы кооптуу газдардын концентрациясы жогорулаган учурда жана адамдарды барокамералардан чыгарууну камсыздоо үчүн барокамеранын операторунун коргоочу аппараты (же штаттык расписаниеге жана долбоорго ылайык аппараттар) жайгаштырылууга тийиш;
8) кычкылтекти жана абаны берүүчү өткөргүч түтүктөр жумушчу басым учурунда зарыл болгон бышыктыкты камсыздап, механикалык бузулууларды болтурбагандай орнотулушу керек. Өткөргүч түтүктөрдүн тиби, материалы, диаметри долбоорлоо учурунда барокамеранын көлөмүнөн жана кычкылтектин басымынан улам аныкталат. Өткөргүч түтүктөр жердетилген болушу керек, мында өткөргүч түтүктөр башка жабдууну жердетүү үчүн пайдаланылбайт;
9) барокамераларга кычкылтек ДАУну кычкылтек менен жабдуунун жалпы системасынан же автономдуу булактан берилүүгө тийиш. Кычкылтекти барокамераларга кычкылтек менен жабдуунун жалпы системасынан берүүдө кычкылтек менен жабдууну камсыздоочу кызматтын нөөмөтчү персоналы менен ыкчам байланышты камсыздоо зарыл. Кычкылтекти берүүнүн өткөргүч түтүктөрүнүн кире беришинде барозалдын имаратынан сырткары, ошондой эле барозалда түздөн-түз ар бир барокамеранын алдында болгон манометр менен тыгындоочу арматура орнотулушу керек. Барокамеранын кире бериш штуцеринин тыгындоочу арматурага туташуу түйүнүнүн конструкциясы барозалдын имаратында авариялык кырдаал пайда болгон учурда барокамераны бейтап менен эвакуациялоо үчүн тез ажыратуу мүмкүндүгүн камсыздоосу керек;
10) барокамерага кысылган абаны берүү системасы кысылган аба булагынан (экиден кем эмес сандагы жогорку басымдын аба компрессорлору) жана абаны барокамерадагы басымды көтөрүүнү жана кармап турууну камсыздоо үчүн долбоорго ылайык зарыл болгон көлөмдө сактоону камсыздоочу аба сактоо жайынан турууга тийиш;
11) барозал температурасы 95°C ашпаган суу жылуулугун алып жүрүүчүнү колдонуу менен жылытылат.
5-§. Медициналык барокамераларды эксплуатациялоо
573. Медициналык барокамераларды эксплуатациялоочу уюм (ДАУ) аларды оң абалда кармап турууну жана иштешинин коопсуз шарттарын камсыздоо максатында төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ДАУнун бардык түзүлүштөрүндө басым алдындагы жабдууну эксплуатациялоого өндүрүштүк контролдоо үчүн жооптуу адамдын буйругу менен барокамераны коопсуз эксплуатациялоого жооптуу адамды (ГБОнун бөлүмүнүн жетекчиси), барокамеранын техникалык оң абалы үчүн жооптуу адамды дайындоо (ГБОнун бөлүмүнүн же ДАУнун техникалык кызматынын бөлүмдөрүнүн ДАУда басым алдында эксплуатациялануучу жабдууну өз күчү же келишим боюнча ишке тартылган адистештирилген уюм менен техникалык тейлөөнү камсыздоочу техникалык адистердин ичинен);
2) ГБОнун бөлүмүн окутулган жана барокамерадагы өз алдынча иштерге белгиленген тартипте уруксат берилген персонал менен комплекттөө;
3) барокамералардын жана ГБОнун бөлүмүнүн техникалык системаларын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча нускамаларды долбоордук документтердин жана жабдууну эксплуатациялоо боюнча колдонмолордун (нускамалардын) талаптарына ылайык иштеп чыгууну жана алардын болушун камсыздоо;
4) бейтаптардын барозалдын имаратына коопсуз кирүү жана алардын түздөн-түз барокамерада болуу тартибин белгилөө, ал үчүн мүмкүн болгон кооптуу факторлорду эске алуу менен жүрүм-турум эрежелери жана коопсуздуктун зарыл болгон чаралары жөнүндө маалымдоо (жабдуу басым алдында жана кычкылтектин физикалык-химиялык сапаттары) жана газ сымал кычкылтекти колдонуу менен дарылоо сеансын өткөрүү максатында барокамерадагы адамдардын коопсуздугу үчүн пахтадан тигилген кийимдин алмаштырылуучу комплектисинин болушун камсыздоо. Бейтаптын барокамерада синтетикалык, учкун жаратуучу кийимде турушуна жол берилбейт.
574. Барокамераны коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) барокамераларды, барозалдарды жана ГБОнун бөлүмүнүн ишин камсыздоочу техникалык системаларын коопсуз эксплуатациялоону камсыздоого жана аларды оң абалда кармап турууга;
2) эксплуатациялоо документтерин иштеп чыгууну, жүргүзүүнү жана сактоону, аны түздөн-түз барокамерада иштөөчү персоналга берүүнү жана анын жумуш орундарында болушун камсыздоого;
3) түздөн-түз барокамерада иштей турган персоналды окутууну уюштурууга жана өткөрүүгө, билимин текшерүүгө;
4) текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жазууларды киргизүү менен ГБОнун сеанстарын каттоо журналындагы персоналдын жазууларын күн сайын текшерип турууга;
5) барокамераны, барозалдарды жана ГБОнун бөлүмүнүн ишин камсыздоочу техникалык системаларын мезгилдүү (пландуу) контролдоого катышууга;
6) жабдууну техникалык тейлөө, оңдоо жана техникалык күбөлөндүрүү боюнча регаламенттик иштердин өз убагында өткөрүлүшүн контролдоого;
7) жазма буйруктардын аткарылышын камсыздоого;
8) эксплуатациялоо документтериндеги талаптардын бузуулары аныкталган учурда түздөн-түз барокамерада иштеген персоналга аларды четтетүү боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө;
9) коопсуз эксплуатациялоо талаптарынын бузуулары аныкталган учурда барокамеранын ишин токтотууга;
10) тиешелүү уруксаты болбогон, окуудан (билимин текшерүүдөн) өтпөгөн же барокамераны коопсуз эксплуатациялоо талаптарын жана дарылоо сеанстарын өткөрүү режимин бузган адамдарга (ГБОнун бөлүмүнүн медициналык персоналын, ДАУнун жана тышкаркы уюмдардын техникалык адистерин) барокамерадагы иштерге уруксат бербөөгө.
575. Барокамеранын техникалык оң абалы үчүн жооптуу адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) барокамераларды, барозалдарды жана ГБОнун бөлүмүнүн ишин камсыздоочу техникалык системаларын оң абалда кармап туруу жолу менен аларды коопсуз эксплуатациялоону камсыздоого;
2) имараттын, жабдуунун жана ГБОнун бөлүмүнүн техникалык системаларынын долбоордук, кабыл алуу-тапшыруу документтерин сактоого;
3) барокамералардын жана ГБОнун бөлүмүнүн техникалык системаларынын эксплуатациялоо документтерин (паспортторду, эксплуатациялоо боюнча колдонмону жана даярдоочулардын башка техникалык документтерин, өндүрүштүк нускамаларды жана журналдарды) сактоону жана жүргүзүүнү камсыздоого;
4) күн сайын барозалдын, анда орнотулган жабдуулардын жана ГБОнун бөлүмүнүн ишин камсыздоочу техникалык системаларынын эксплуатациялык даярдыгын ДАУнун нускамалары жана башка тескөөчү документтери менен белгиленген тартипте текшерүүгө;
5) мезгил-мезгили менен (жумасына бир жолудан кем эмес) барокамерадагы күнүмдүк техникалык сеансты өткөрүүнү контролдоого;
6) барокамераны, барозалдарды жана ГБОнун бөлүмүнүн ишин камсыздоочу техникалык системаларын мезгилдүү (пландуу) контролдоого;
7) барокамеранын жана анын ишин камсыздоочу техникалык системалардын алдын алуучу регламенттик иштерин (техникалык тейлөөнү) жүргүзүү пландарын эксплуатациялоо боюнча колдонмонун жана даярдоочу уюмдардын башка техникалык документтеринин талаптарына ылайык түзүүгө;
8) барокамераны жана анын ишин камсыздоочу техникалык системаларды техникалык тейлөөнү ДАУнун техникалык кызматтарынын персоналынын күчү менен же адистештирилген уюмдар менен жүргүзүүнү уюштурууга;
9) барокамеранын жумуш циклдеринин иштешин эсепке алууга;
10) барокамераны техникалык күбөлөндүрүүгө жана (же) техникалык диагностикалоого даярдоону камсыздоо.
Барокамеранын техникалык оң абалы үчүн жооптуу адам барокамера сыяктуу эле, ГБОнун бөлүмүнүн техникалык системаларынын бузуулары аныкталган учурда, ошондой эле техникалык диагностикалоонун жыйынтыктары боюнча оң корутунду берилбеген учурда барокамеранын ресурсу же кызмат кылуу мөөнөтү толук аяктаганда барокамеранын ишин токтотууга милдеттүү.
Барокамеранын, кычкылтек менен камсыздоо системасынын ишиндеги, барозалдын коопсуз иштөөсүн техникалык камсыздоодогу бардык белгиленген бузуулар же эскертүүлөр тууралуу барокамеранын техникалык оң абалы үчүн жооптуу адам барокамеранын ишин эсепке алуу журналына жазууга жана ГБОнун бөлүмүнүн жетекчисине билдирүүгө тийиш.
576. ГБОнун бөлүмүнүн жооптуу адамдары өнөр жай коопсуздугу жаатында өздөрүнүн кызматтык милдеттенмелерине шайкеш келген көлөмдөгү даярдыктан жана аттестациялоодон өтүүгө тийиш.
577. Барокамераны тейлөөгө ДАУнун жетекчисинин буйругу менен аткарып жаткан ишине шайкеш квалификацияга ээ болгон медициналык жана техникалык персоналга уруксат берилет.
Медициналык персоналдын билимин текшерүү, стажировкага жиберүү жана барокамераны тейлөө жана аны колдонуу менен сеанстарды өткөрүү иштерине уруксат берүү ДАУнун тескөөчү документтери жана ушул Эрежелердин 96-пунктунда көрсөтүлгөн ченемдик документтер менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Персоналдын билимин текшерүү боюнча комиссиянын курамына өндүрүштүк контролду жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адам, ГБОнун бөлүмүнүн жана ДАУнун борборлоштурулган техникалык кызматтарынын (бөлүмдөрүнүн) жооптуу адамдары, ошондой эле жетекчинин чечими боюнча башка адистер кирет.
Медициналык персоналдын билими алгачкы жолу стажировкадан кийин барокамераларды тейлөө жана аны колдонуу менен сеанстарды өткөрүү боюнча иштерге уруксат берүүнүн алдында текшерилет.
Билимин мезгилдүү текшерүү 12 айда бир жолу өткөрүлүп турат.
Билими кезектен тышкары төмөнкү учурларда текшерилет: жаңы типтеги барокамераны орнотууда; медициналык персоналды иштөөгө барокамера менен жабдылган башка бөлүмгө которууда; эксплуатациялоо документтерин кайра карап чыгууда; персонал тарабынан эксплуатациялоо документтеринин талаптары бузулган учурларда; коопсуздук талаптарынын бузуулары аныкталган учурларда өндүрүштүк контролду жүзөгө ашыруу үчүн жооптуу адамдын жазма буйругу боюнча.
578. Барокамераларды эксплуатациялоо жергиликтүү шарттарды эске алуу менен барокамеранын ар бир конкреттүү тибине карата техникалык документтердин талаптарынын негизинде иштелип чыгуучу эксплуатациялоо боюнча нускамага ылайык жүзөгө ашырылат. Барокамераны эксплуатациялоо боюнча нускама ДАУнун тескөөчү документтери менен белгиленген тартипте ГБОнун бөлүмүнүн жооптуу адамдары тарабынан иштелип чыгат. Барокамераны эксплуатациялоо боюнча нускамада персоналга карата коюлуучу, анын ичинде барокамеранын жана анын иштөөсүн камсыздоочу системалардын оң абалда болушуна, ишке карата даярдыгына, ишке киргизүүгө жана токтотууга, бейтаптарды барозалдын имаратына киргизүү жана аларды барокамерага жайгаштыруу тартибине, ошондой эле барокамеранын иштөө учурундагы коопсуздук талаптарына, кычкылтек менен камсыздоо системаларына, өрт коопсуздугунун чараларына карата талаптар белгилениши керек.
579. Дарылоо сеансын (ГБО, компрессиялар, декомпрессиялар) жүргүзүү технологиясы жана тартиби нускама жана (же) ДАУнун башка тескөөчү документтери менен аныкталат. Дарылоо сеансын өткөрүү тууралуу маалыматтар сеанстарды каттоо журналында жазылат. Журнал барокамера менен түздөн-түз иштеген медициналык персонал жана ГБОнун бөлүмүнүн жооптуу адамдары тарабынан ар бир барокамерага карата өз алдынча жүргүзүлөт. Журнал жумуш ордунда сакталууга тийиш.
580. ДАУда эки же андан ашык эксплуатациялануучу барокамералар болгон учурда барокамераларды эсепке алуу боюнча журнал ДАУ тарабынан бекитилген формада жүргүзүлөт, анда барокамеранын паспорттук маалыматтары, аны орнотуу убактысы жана орду, техникалык диагностикалоо мөөнөттөрү, иштелип чыккан ресурстары, кызмат кылуу мөөнөттөрү жана барокамераны эксплуатациялоого тиешеси бар башка маалыматтар көрсөтүлөт.
581. Барозалдын таанышуу үчүн ыңгайлуу болгон жеринде атайын стенд орнотулат, анда төмөнкү маалыматтар: ГБОнун бөлүмүнүн жооптуу адамдарынын аты-жөнү; билимин кезектеги текшерүү мөөнөтүн көрсөтүү менен барокамерада өз алдынча иштөөгө уруксаты бар адамдардын тизмеси; авариялык жана штаттан тышкаркы кырдаалдардагы персоналдын аракеттеринин (кычкылтекти, электр жабдуусун өчүрүү, барокамеранын же кычкылтекти өткөргүч түтүктөрүнүн жылчыксыздыгын бузуу жана башкалар) тизмеги камтылган барокамерада иштөө учурунда эмгекти коргоо боюнча, барокамераны эксплуатациялоо боюнча, өрт коопсуздугунун чаралары жана өрт учурундагы персоналдын аракети жөнүндө нускамалардан алынган көчүрмөлөр; өрт чыккан учурдагы шашылыш эвакуациялоо планы; газ жана электр менен камсыздоону авариялык өчүрүү жерлерин көрсөтүп, кычкылтек жана электр менен камсыздоонун бекитилген схемалары, ошондой эле бейтаптар үчүн барозалдын имаратында болуу эрежелери жана барокамерадагы дарылоо жол-жоболорунан өтүү учурундагы коопсуздук чаралары жөнүндө маалымат (эскертме) жайгаштырылат. Нускамалар персоналдын жумуш орундарында сакталууга тийиш.
582. Күн сайын медициналык кызматкер бейтап менен алгачкы дарылоо сеансын өткөрүүнүн алдында барокамеранын эксплуатациялык даярдыгын (учурдагы контролдоо) эксплуатациялоо боюнча нускамага ылайык техникалык жактан текшерүүгө тийиш, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ГБО сеанстарын каттоо журналындагы жазууларды текшерүүнү;
2) барокамераны карап чыгууну;
3) барокамеранын баштапкы абалын текшерүүнү;
4) техникалык сеансты өткөрүүнү (изопрессиянын 20 кПа басымында 5-10 мүнөттүн ичинде бейтап жок учурда сактоочу клапандын иштешинин оң абалын текшерүү);
5) барокамеранын ачык капкагында байланыш системасынын оң абалда экендигин текшерүүнү.
Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча ГБОнун сеанстарын каттоо журналында барокамеранын иштөөгө даярдыгы тууралуу жазылууга жана текшерүүнү жүргүзгөн адамдын колу коюлууга тийиш.
583. Барокамеранын ГБОнун сеанстарын каттоо журналында бузуулар жөнүндө жазуу болгондо барокамеранын иштешине жол берилбейт. Барокамераны эксплуатациялоого жол бербей турган бузуулардын негизги критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) барокамеранын, шлангдардын, арматуранын же кошулуучу түйүндөрдүн жылчыксыздыгы бузулгандан улам газдын чыгуулары болсо;
2) жердетүүнүн бузулушу;
3) бейтап менен байланыш системасынын бузулушу;
4) контролдоочу-өлчөөчү приборлордун жоктугу, талкаланышы же бузулушу;
5) сактоочу клапандын бузулушу же туура эмес калыпка салынуусу;
6) иштеп турууну камсыздоо (башкаруу, контролдоо, байланыш) системаларынын бузулушу;
7) авариялык сигнализациянын бузулушу;
8) басым алдындагы иш процессиндеги түйүндөрдүн бышыктыгын төмөндөтүүгө алып келиши мүмкүн болгон механикалык бузуулардын болушу;
9) кычкылтек менен камсыздоо системасынын бузулушу, анын ичинде алып келүүчү өткөргүч түтүктөгү штаттык басымдын жоктугу.
Бузуулар табылганда коопсуз эксплуатациялоо жана барокамеранын техникалык оң абалы үчүн жооптуу адистерге милдеттүү түрдө билдирүү менен ГБОнун сеанстарын каттоо журналында тиешелүү жазуулар киргизилет.
584. Барокамераны эксплуатациялоодо барокамерадагы газ чөйрөсүн көмүр кычкыл газынын (CO2) концентрациясы боюнча, ошондой эле (дарылоо сеансын жүргүзүү методикасын аныктоочу документтерде белгиленген учурларда) температурасы жана нымдуулугу боюнча туруктуу контроль жүргүзүү зарыл. Бул мүнөздөмөлөрдү контролдоо барокамеранын курамына кирген штаттык приборлор боюнча же болбосо бир орундуу медициналык барокамераларда колдонууга жол берилген автономдуу контролдоо приборлору боюнча эксплуатациялоо тууралуу нускамага ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
585. Барокамераны эксплуатациялоодо басым алдында турган элементтердин жана түйүндөрдүн жылчыксыздыгын үзгүлтүксүз контролдоо зарыл. Жылчыксыздыктын бузулушуп мүнөздөөчү факторлор болуп төмөнкүлөр эсептелет: газ чөйрөсүнүн барокамерадан же алып келүүчү өткөргүч түтүктөрүнөн атмосферага чыккандагы добушу (жел чыгуу), компрессиянын ылдамдыгынын төмөндөшү (берилгенден төмөн), барокамерадагы басымдын изопрессия режиминдеги төмөндөшү, сеанс ичиндеги кычкылтектин жогорку чыгымы, барозалдын атмосферасындагы кычкылтектин пайыздык курамынын жогорулашы жана башка көзгө көрүнгөн жылчыксыздыктын бузулуу жана барокамеранын талкалануу белгилери.
586. Барокамеранын жылчыксыздыгынын бузулушун жана талкаланышын алдын алуу үчүн төмөнкүлөр камсыздалат:
1) туташкан жерлерди жана шлангдардын сапатын иш баштоонун алдында жана иш процессиндеги манометрдин көрсөткүчтөрү боюнча карап чыгуу менен күн сайын алдын ала текшерүү;
2) ар бир дарылоо сеансын баштоо алдында берүүчү магистралдагы кычкылтектин басымын үзгүлтүксүз контролдоо;
3) барозалдагы кычкылтектин пайыздык курамын автоматтык газды талдагычты орнотууда жана көчмө газ талдагычты ДАУнун тескөөчү документтеринде белгиленген тартипте жана мезгилдүүлүктө колдонуу менен үзгүлтүксүз контролдоо;
4) мезгилдүү контролдоону жана техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүдө барокамеранын жылчыксыздыгын барокамерага карата техникалык документтерде аталган көрсөткүчкө шайкештигине текшерүү;
5) барокамерадагы газ чөйрөсүнүн басымын үзгүлтүксүз прибордук контролдоо;
6) барокамеранын техникалык абалын учурдагы жана мезгилдүү контролдоо;
7) барокамераны техникалык жактан тейлөө;
8) сеанстын алдында дефекттерди, анын ичинде барокамеранын иллюминаторлорунун "күмүштөнүүсүн" аныктоо үчүн барокамеранын корпусунун айнектенүү абалын карап чыгуу;
9) барокамералардын корпусунун тунук элементтерин күндүн тике нурланууларынан (терезелерде пардаларды же жалюзини колдонуу зарыл), иштеп жаткан бактерициддик лампалардын нурланууларынан, жеринде ысытуудан, органикалык эриткичтерден сактоо;
10) өрт коопсуздугунун ченемдеринин талаптарын аткаруу.
587. Барокамерага карата алып келүүчү өткөргүч түтүктөрдө орнотулган манометрлер 2,5 кем эмес тактык классына ээ болууга тийиш. Манометрдин шкаласында барокамераны колдонуучу тарабынан барокамерадагы жумушчу басымды көрсөтүүчү кызыл сызык чийилиши керек; манометрдин корпусуна кызыл сызыктын ордуна кызыл түскө боёлгон жана манометрдин айнегине тыгыз жабыштырылган манометрдин корпусун талкалабастан же механикалык зыян келтирбестен металл пластинаны чаптоого уруксат берилет. Барокамера үчүн манометрди тандоодо максималдуу жумушчу басымды өлчөө чеги шкаланын төрттөн үчүндө болушуна жол берилет.
588. Эгерде башка мөөнөттөр манометрге карата документте белгиленбеген болсо, манометрлерди пломбалоо же эн-тамга басуу менен текшерүү 12 айда бир жолудан кем эмес жүргүзүлүүгө тийиш. Текшерүүнүн жыйынтыктарын манометрлерди мезгилдүү текшерүүнү каттоо журналына жазышат. Журналды жүргүзүү жана сактоо барокамеранын техникалык оң абалы үчүн жооптуу адамга жүктөлөт.
589. Манометрди колдонууга төмөнкү учурларда жол берилбейт, эгерде:
1) текшерүүнүн жүргүзүлгөндүгү жөнүндө белги менен пломбасы же эн-тамгасы жок болсо;
2) текшерүү мөөнөтү өтүп кетсе;
3) жебе, аны өчүргөн учурда шкаланын нөлдүк көрсөткүчүнө, ушул прибор үчүн жол берилүүчү катачылыктын жарымынан ашкан чоңдугуна кайтпаса;
4) айнеги сынса же манометрдин көрсөткүчтөрүнүн тууралыгына таасир этүүчү бузуулар болсо.
590. Барокамералар профилактикалык техникалык тейлөөдөн өтүшөт. Техникалык тейлөөнүн түрлөрү, көлөмү, анын мезгилдүүлүгү, ошондой эле аны жүргүзүү убагында колдонулуучу материалдарды чыгыштоо ченемдери (майын кетирүү үчүн эритиндилер, майлоочу материалдар, спирт) барокамераны даярдоочу ишкананын документтеринде баяндалган талаптарга шайкеш келүүгө тийиш. Барокамераны техникалык жактан тейлөөнү анын оң абалы үчүн жооптуу адистер жана ДАУнун техникалык кызматынын барокамераны тейлөөчү адистери жана (же) адистештирилген уюмдар жүргүзүшөт.
591. Барокамераны пландуу оңдоо жана аны эксплуатациялоо, пландуу текшерүү, техникалык күбөлөндүрүү же диагностикалоо процессинде аныкталган бузууларды четтетүүнү жана оңдоону техникалык документтерге ылайык оң абалы үчүн жооптуу адистер жана ДАУнун техникалык кызматынын барокамераны тейлөөчү адистери жана (же) адистештирилген уюмдар жүргүзүшөт. Оңдоо учурунда барокамеранын конструкциясын жана технологиялык схемасын даярдоочу уюмдун же долбоордук уюмдун уруксатысыз өзгөртүүгө жол берилбейт. Түйүндөрүн жана деталдарын аларга окшош, даярдоо сапатын жана медициналык техникага карата коюлуучу талаптарга шайкештигин ырастоочу документтери бар деталдарга гана алмаштырууга уруксат берилет. Барокамералардын ички бетин жана ички элементтерин калыбына келтирип, сырдоодо эски сырты алып салынып, каптоонун ченемдик калыңдыгы камсыздалышы керек.
592. Техникалык оң абалы үчүн жооптуу адам айына бир жолудан кем эмес барокамераны коопсуз эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдын катышуусунда барокамеранын техникалык абалын жана оң болушун пландуу (мезгилдүү) контролдоого тийиш. Пландуу контролдоо барокамераны даярдоочу ишкананын техникалык документтеринин негизинде жүргүзүлүүгө жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) барокамеранын жылчыксыздыгын, анын системаларынын жана түйүндөрүнүн, анын ичинде тыгындоочу жана тыгындоо-жөнгө салуучу арматуранын жана контролдоо-өлчөөчү приборлорунун (манометрлеринин) оң абалда болушун текшерүү;
2) 30-60 мүнөт аралыгындагы жумушчу басымда жана басымды сактоочу клапандын иштеп кетүү чоңдугуна чейин аны ачуунун жана толук жабуунун иш жүзүндөгү басымдарын өлчөө менен кыска мөөнөттүү жогорулатууда барокамераны бейтапсыз иштетүүдөгү техникалык сеанс.
Техникалык абалын баалоону бузуулардын, ишке жөндөмүнүн жана техникалык документтерде белгиленген чектик абалынын критерийлеринин негизинде ар бир барокамеранын сеанстарды иштеп чыгуусун эске алуу менен жүргүзүү керек. Формулярда жазуу менен сеанстарды иштеп чыгууну эсепке алуу өндүрүүчү ишкана тарабынан пломбаланган мотосааттарды (циклдерди) эсептегич боюнча, ал эми барокамералардын бул тибинде эсептегич каралбаган учурда ГБО сеанстарын каттоо журналы боюнча жүзөгө ашырылууга тийиш.
593. Барокамеранын техникалык абалын контролдоо менен бир эле мезгилде өткөрүлүүчү барозалдын техникалык системасын жана жабдууларынын оң абалда болушун пландуу мезгилдүү контролдоо төмөнкүлөрдү текшерүүнү камтыйт:
1) барозалдын жабдууларын;
2) барокамеранын кычкылтек менен камсыздоо системасын (барозалдын чегинде);
3) башка техникалык системалардын (телефондук байланыш, өрт сигнализациясы, суу менен камсыздоо, жылытуу, кондиционерлөө, желдетүү, жалпы өрт өчүрүү системалары);
4) диагностикалык жана башка медициналык аппаратураларды.
594. Барокамераны техникалык профилактикалык тейлөөнү, оңдоону, техникалык абалын контролдоону, техникалык күбөлөндүрүүнү, барозалдын жабдууларын жана технологиялык системаларын диагностикалоо жана аларды эксплуатациялоодо пайда болгон бузуулар жөнүндө маалыматтар техникалык тейлөө жана оңдоо журналында катталууга тийиш. Техникалык тейлөө жана оңдоо журналын барокамеранын техникалык оң абалы үчүн жооптуу адам жүргүзөт жана сактайт. Эксплуатациялоону улантуу мүмкүндүгү же барокамераны оңдоо зарылдыгы жөнүндө корутунду сеанстарды каттоо журналында жазылышы керек.
595. Барокамераны техникалык күбөлөндүрүүнүн жана (же) техникалык диагностикалоонун жыйынтыктары ушул Эрежелердин 6-главасына ылайык таризделет.
596. Барокамера эксплуатациялоо процессинде барозалдын имаратында орнотулгандан кийин эксплуатациялоого киргизүүнүн алдында жана эксплуатациялоо процессинде мезгил-мезгили менен техникалык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө тийиш. Барокамераны техникалык күбөлөндүрүүдө аткарылуучу иштердин көлөмү, методдору жана мезгилдүүлүгү барокамераны даярдоочунун эксплуатациялоо боюнча колдонмосу (нускамасы) менен белгиленет, анда барокамераны карап чыгуу, анын системаларынын иштешин текшерүү, ошондой эле барокамеранын жылчыксыздыгын чөйрөнүн жумушчу басымы менен текшерүү каралышы керек.
597. Чогултулган түрдө жеткирилүүчү барокамераны алгачкы техникалык күбөлөндүрүү даярдоочу уюм же адистештирилген уюм тарабынан жүргүзүлөт. Алгачкы техникалык күбөлөндүрүү даярдоонун сапатын текшерүүнү, бышыктыгына карата гидравликалык сыноону жана жылчыксыздыгына жана тыгыздыгына карата пневматикалык сыноону камтыйт. Алгачкы техникалык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктарын барокамеранын паспортуна жазышат. Барокамераны колдонуу жеринде орноткондон кийин барозалдын имаратында: техникалык документтерди, барокамераны орнотуунун жана иштеп турууну камсыздоо системаларына туташтыруунун тууралыгын, барокамераны карап чыгып, анын иштешин жана чөйрөнүн жумушчу басымы менен жылчыксыздыгын текшеришет. Жыйынтыктарын барокамеранын паспортуна жазышат.
598. Барокамераны кезектен тышкаркы техникалык күбөлөндүрүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) ишке киргизүүнүн алдында, эгерде барокамера 12 айдан ашык эксплуатацияланбаса;
2) эгерде барокамера турган жеринен жаңы орунга которулган болсо;
3) эксплуатациялоочу уюмдун жооптуу адамдарынын талабы боюнча.
599. Барокамераны мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүдө аткарылуучу иштердин көлөмү, методдору жана мезгилдүүлүгү барокамераны эксплуатациялоо боюнча колдонмо (нускама) менен белгиленет жана анда барокамераны визуалдык карап чыгуу, анын иштешин жана иштеп турууну камсыздоо системаларынын ишин текшерүү, ошондой эле барокамеранын жылчыксыздыгына чөйрөнүн жумушчу басымы менен текшерүү каралышы керек.
600. Барокамераны техникалык диагностикалоо ушул Эрежелердин 6-главасынын талаптарына ылайык иштөөгө дайындалган (эсептик) ресурсу же кызмат кылууга дайындалган (эсептик) мөөнөтү аяктагандан кийин барокамеранын өнөр жай коопсуздугунун талаптарына шайкештигин, ошондой эле коопсуз эксплуатациялоо мүмкүндүгүн жана мөөнөтүн аныктоо максатында жүзөгө ашырылууга тийиш.
601. Техникалык аныктоо барокамераны даярдоочу ишкана тарабынан барокамеранын конкреттүү тиби үчүн иштелип чыккан атайын методикалар боюнча жүргүзүлөт.
602. Кезектен тышкаркы техникалык аныктоо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт;
1) даярдоочу тарабынан белгиленген сактоо мөөнөттөрүн жана шарттарын бузууда мурда эксплуатацияланбаган барокамераларды орнотуудан кийин;
2) реконструкциялоодон же барокамеранын негизги элементтерин алмаштыруу менен оңдоодон кийин;
3) барокамераны ташууда же эксплуатациялоо процессинде пайда болгон, эксплуатациялоо коопсуздугуна таасир этүүчү бузуулар болсо.
Кезектен тышкаркы техникалык диагностикалоонун себептери барокамеранын паспортуна жазылат.
603. Техникалык диагностикалоо түздөн-түз барокамераны орнотуучу жерде же зарыл болгон учурда ушул иштерди аткарган адистештирилген уюмда жүргүзүлөт.
604. Барокамеранын оң абалы үчүн жооптуу адам техникалык диагностикалоону жүргүзүп жаткан уюмдун адистерине төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) барокамерага техникалык документтердин толук комплектин;
2) барокамераны орнотуу жана компоновкалоо долбоорун;
3) эксплуатациялык документтерди.
605. Барокамераны техникалык диагностикалоонун жыйынтыктары ушул Эрежелердин 6-главасынын талаптарына ылайык таризделиши керек.
606. Техникалык диагностикалоонун терс жыйынтыктарында барокамера андан ары кайта техникалык диагностикалоо менен оңдолууга же утилдештирилүүгө тийиш.
607. Суучул барокамераларды медициналык көп орундуу барокамералар катары колдонуу учурунда аларды орнотуу, кайра жабдуу жана даярдоочу тарабынан белгиленгенден айырмаланган режимдерде иштөө өзгөчөлүктөрү долбоорлук документтер менен аныкталууга тийиш. Зарыл болгон учурда долбоордук документти иштеп чыгуучу уюм тарабынан ушул Эрежелерге толуктоо катары мындай барокамераларды коопсуз эксплуатациялоону камсыздоо боюнча талаптар өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык коопсуздук негиздемелерин иштеп чыгуу менен аныкталышы керек.
14-глава. Суучулдардын барокамераларына карата коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун кошумча талаптары
608. Эрежелердин ушул главасында суучулдарды машыктыруу жана дарылоо үчүн адистештирилген мекемелерде (окуу-машыктыруучу борборлордо, суучулдар мектептеринде, дарылоо-профилактикалык мекемелерде) колдонулуучу суучулдардын барокамераларына карата өнөр жай коопсуздугунун кошумча талаптары белгиленген.
609. Эксплуатациялоонун багытына жана шарттарына жараша суучулдардын барокамералары төмөнкүдөй жайгаштырылышы мүмкүн:
1) барокамераларды стационардык орнотууга арналган капиталдык, жеңил курулма жана башка имараттарда (курулуштарда) же атайын кайра жабдылган (техникалык кайра жабдуу, оңдоо же капиталдык оңдоо менен) турак эмес имараттарда, алардын шаар куруу иши жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан долбоордук документтерге шайкеш келүү шарттарында, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптарын аткаруу шарттарында;
2) транспорт каражаттарынын (көчмө) шассисине же стационардык орнотула турган ар түрдүү конструкциядагы контейнерлерде.
610. Суучулдардын барокамераларын жана башка жабдууларды орнотууда жайгаштыруу үчүн имараттарды жана бөлмөлөрдү (барозалдарды) жабдууда, ошондой эле аларды эксплуатациялоо процессинде коргоо иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын же башка ыйгарым укуктуу органдардын ведомстволук мекемелеринде аталган органдар тарабынан бекитилген суучул кызмат, суучулдардын барокамераларынын түзүлүшү жана эксплуатациялоосу боюнча жетектөөчү документтердин талаптары эске алынышы керек.
611. Суучулдардын барокамераларын долбоордук документтерге ылайык стационардык орнотууда төмөнкүлөр камсыздалууга тийиш:
1) барокамералар орнотулган имарат барокамеранын сыйымдуулугунан жана тейлөөчү персоналдын штаттык расписаниесинен улам анда суучулдардын жана тейлоөчү персоналдын болушун камсыздоого тийиш, мында зарыл болуучу эвакуациялык чыгуулар каралышы керек;
2) барокамеранын (барозалдын) имаратындагы бардык терезелер жана эшиктер тышты карай ачылууга тийиш, мында авария учурунда жабдуулардын жана өткөргүч түтүктөрдүн жылчыксыздыгы бузулган учурда терезелердин жана эшиктердин кысылган газды чыгарып салууну камсыздоочу аянттарын эсептөө зарыл;
3) барозалдар имараттагы кычкылтек жана кычкылтек камтыган аралашмалар чыгып кеткен учурда алардын концентрациясынын жогорулашын контролдоо үчүн зарыл болгон газды талдагыч системалары (сигнализатору), байланыш системалары, өрт сигнализациясы менен жабдылышы керек;
4) барозалдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы № 108 токтому менен бекитилген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерине ылайык ишенимдүүлүктүн 1-категориясы боюнча электр менен камсыздоо системасына ээ болууга тийиш;
5) барокамерадан газды чыгарып салуу үчүн барозалда газдын барозалдан тышкары чыгышын камсыздоочу атайын өткөргүч түтүктөр орнотулушу керек, мында абаны жана кычкылтекти чыгаруучу өткөргүч түтүктөрдү айкалыштырууга жол берилбейт;
6) барокамерадан адамдарды коопсуз чыгарууну камсыздоо үчүн барозалда өрт чыгуу, түтөө же кооптуу газдардын концентрациясы жогорулаган учурларда барозалдын имаратында барокамеранын операторунун жеке изоляциялоочу дем алуу аппараты орнотулууга тийиш (же штаттык расписаниеге ылайык - аппараттар);
7) барозал агып кирүүчү жана сордуруучу желдеткич системалары менен жабдылышы керек;
8) барозал жайгашкан имаратта кычкылтектин жогорку курамы менен кычкылтектин жана башка газдардын жогорку басымынын өткөргүч түтүктөрүн орнотууга тыюу салынат, мындай өткөргүч түтүктөрдөгү газдын 7 МПадан жогору эмес максималдуу басымына жол берилет;
9) барозалдын имаратын жасалгалоо технологиясына жана материалдарга карата коюлуучу талаптар долбоорлоо учурунда аныкталууга тийиш, мында статистикалык электрди топтобогон жана аны топтоштуруу үчүн шарттарды түзбөй турган антистатистикалык материалдарды колдонуу камсыздалууга тийиш;
10) Көп орундуу барокамераларды жайгаштыруу аларды колдонуу технологиясына жана долбоордук документтерге негизделген учурлардан тышкары, имараттын биринчи кабатында монтаждоонун жана орнотуунун ыңгайлуулугун камсыздашы керек, мында бардык учурларда барокамераларды техникалык күбөлөндүрүүнү, анын ичинде гидравликалык сыноолорду өткөрүүнү эске алуу менен барокамераны имаратта орнотуу мүмкүндүгүнө карата пайдубалдардын, тосулмалардын, колонналардын эсептөөлөрү жүргүзүлүүгө тийиш. Барокамераларды цоколдук жана подвалдык кабаттарда орнотууга жол берилбейт;
11) барокамера орнотулган жайдан эвакуациялык чыгуулардын саны экиден кем болбоого тийиш;
12) барозалдын долбоору менен автоматтык өрт сигнализациясы жана өрт коопсуздугунун ченемдеринин талаптарын аткарууну камсыздоочу башка каражаттар менен жабдылуусу каралышы керек.
612. Барокамераларды ар түрдүү шассиде ташылуучу же стационардык орнотулуучу контейнерлерде, ар түрдүү конструкцияларда монтаждоого жана эксплуатациялоого карата коюлуучу талаптар максималдуу коопсуздукту камсыздоо талаптарынан улам мындай комплекстерди даярдоочу тарабынан аныкталат жана эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) жана башка техникалык документтерде көрсөтүлөт. Мында комплекстерди даярдоочу тарабынан транспорт каражатынын кыймылында декомпрессия (рекомпрессия) сеанстарын жүргүзүү мүмкүндүгү жана тартиби аныкталышы керек.
613. Диаметри 1200 мм жана андан ашык болгон барокамералар анын сыртынан да, ичинен да түздөн-түз корпусуна орнотула турган тыгындоочу арматура менен жабдылышы керек, бул барокамеранын авария учурунда же суучулдардын өз алдынча декомпрессияны жүргүзүү зарылдыгында газ менен камсыздоо системасынын берүүчү (чыгарып салуучу) өткөргүч түтүктөрүн тосуп коюу мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш. Арматура жумуш абалында пломбаланган болушу керек. Барокамеранын пломба коюла турган арматураларынын жана барозалдын өткөргүч түтүктөрүнүн тизмеги жана анын жумуш абалы (ачык - жабык) эксплуатациялык документтерде көрсөтүлүшү керек.
614. Кычкылтекти берүү үчүн колдонулуучу жогорку басымдагы кычкылтекти берүүнүн бардык арматурасы (кычкылтек менен түз контакт болбогон манометрлердин жана башка буюмдардын корпустарынан сырткары) анын тутанып кетүүсүнө жана кычкылтек чөйрөсүндө (анын жогорку курамында) күйүүсүнө жол бербей турган материалдардан аткарылышы керек.
615. Кычкылтектин өткөргүч түтүктөрүнө орнотулуучу вентилдер ачылгандан кийин басымдын жай жогорулоосун камсыздоого тийиш. Шар түрүндөгү крандарды колдонууга барокамера бөлүктөрүнөн кычкылтекти берүү же чыгарып салуу авариялык токтотулган жерде гана жол берилет.
616. Бардык кайра ишке киргизүүчү вентилдер айырмаланган кызыл түстөгү кармагычтарга ээ болууга тийиш же кокусунан ачууну болтурбоо үчүн кызыл чарчы менен панелинин мнемосхемасында бөлүнүп турушу керек.
617. Жабдууну жана анын ишин камсыздоо системаларынын барокамерага туташтыруу барокамеранын корпусунда орнотулган тыгындоочу вентилдердин жардамы менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
618. Барокамеранын бөлүктөрүнөн сактоочу клапандын, ал иштебей калган (туура эмес иштеп кеткен) учурда барокамераны заматта бекитүүнү камсыздай турган тыгындоочу клапандын жардамы менен туташтырылууга тийиш, клапандардын кармагычтары ачык абалда пломбаланган жана кызыл түскө ээ болушу керек.
619. Барокамера иштегенде анын ичинде суучулдар тарабынан манометрдин (пневмотереңдикти өлчөгүчтүн) бөлүгү (бөлүктөрү) орнотулган барокамерадагы басымды контролдоо мүмкүндүгү камсыздалууга тийиш.
620. Барокамеранын манометрлери (пневмотереңдикти өлчөгүчтөр) 0,6 төмөн эмес тактык классында болууга жана манометрдин шкаласынын бардык диапазонундагы көрсөткүчтөрдү алуу мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
621. Манометрлердин (пневмотеревдикти өлчөгүчтөрдүн) вентилдери калибровкалоочу манометрди туташтыруу мүмкүндүгүнө ээ болууга тийиш.
622. Барокамеранын ичиндеги бардык кирүүлөр жана чыгуулар басаңдаткычка же камерадагы адамдардын денесинин жабышып калуусуна тоскоолдук кылуучу ажыратуучуларга (торлорго) ээ болууга тийиш.
623. Барокамераны жылытуу үчүн колдонулуучу жабдуу электр коопсуздугунун ченемдерине шайкеш келиши керек.
624. Таза медициналык кычкылтек (100%) барокамерага суучулдардын атайын кычкылтек маскалары (BIBS-маскалары) аркылуу дем алуусу үчүн, ошондой эле барокамеранын дем алуучу газ чөйрөсүндөгү (желдетүүнүн туюкталган жана жарым туюкталган циклдеринде) кычкылтектин пайыздык курамын кармап туруу үчүн берилиши керек. Кычкылтек дозаланган-аз литраждуу баллон (сыйымдуулугу 10 л жогору эмес) аркылуу гана дозалап берилет. Мында аталган вентилдердин бир убакта ачылуусуна жол бербей турган аз литраждуу баллонго магистралдан (транспорттук баллондон) кычкылтекти берүү вентилдерин тосуу түзүлүшү караштырылышы мүмкүн. Кычкылтекти башка ыкмалар менен дозалап берүүгө тыюу салынат. Кычкылтекти дем алуу маскаларына берүү учурунда кычкылтектин барокамерадан тышкары чыгаруу мүмкүндүгү камсыздалышы керек, барокамеранын ичинде кычкылтекти атмосферага чыгарууга тыюу салынат. Кычкылтекти барокамерадагы дем алуу маскаларына берүүдө маскаларды туташтыруу үчүн тез ажыратылуучу түзүлүштөр караштырылышы керек. Аталган түзүлүштөр маскаларды туташтырууда кычкылтекти дем алууга жана дем чыгарууга карата каталарды болтурбоочу ар түрдүү өлчөмдө болушу керек.
625. Барокамералардын ишин камсыздоо системалары кычкылтектин 23% жогору концентрациясына жеткен учурда үн сигналынын иштеп кетүү чеги менен газ талдагычтарга ээ болушу керек.
Барокамера бүлүктөрүндөгү көмүр кычкыл газынын (CO2) концентрациясын аныктоо үчүн газ талдагычка ээ болушу керек.
626. Барокамераларда, андагы 0,2 МПадан жогору басым учурунда иштеген дем алуу маскалары (анын ичинде жасалма дем алуу аралашмасын берүү үчүн маскалар) колдонулган учурда суучулдардын жаракат алуусуна жол бербөө үчүн дем чыгаруу тосмосуна бөгөттү (каршылыкты) камсыздоочу түзүлүш (жөнгө салгыч) каралышы керек. Дем чыгаруу тосмосуна бөгөттүн (каршылыктын) чоңдугу автоматтык түрдө барокамерадагы басымга жараша жөнгө салынууга тийиш.
627. Барокамераны эксплуатациялоодо шлюздун көңдөйүнөн басымды толук эмес түртүп чыгарууда люктун тышкы капкагынын ачылышына жол бербөөчү механикалык тосуучу түзүлүш (ал медициналык шлюздун конструкциясы менен караштырылат) оң абалда болушу керек.
628. Бөлүктөрүнө таза кычкылтек (дозалап берүү, BIBS системасы) берилүүчү барокамералар өрт өчүрүүчү стационардык суу системасы менен жабдылат же анын ар бир бөлүгүндө кол менен иштетилүүчү гипербарикалык өрт өчүргүч болушу керек. Барокамераны стационардык өрт өчүрүүчү суу системасы менен жабдууда системанын конструкциясы системаны (иштете баштоону) барокамеранын тышында да - оператор тарабынан, барокамеранын ичинде да - суучул тарабынан активдештирүү мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш, мында активдештирүү түзүлүшү пломбаланышы керек.
629. Абаны жана кычкылтекти берүү жана чыгарып салуу үчүн автоматтык же жарым автоматтык башкаруу системаларын колдонууга жол берилет. Аталган системалар колдонулган учурда бардык барокамералар абаны жана кычкылтекти барокамеранын бөлүктөрүнөн берүүнү жана чыгарып салууну кол менен иштеткен кайталоо системасы менен жабдылган болушу керек.
630. Барокамеранын бөлүктөрүнө басым түзүү үчүн газ редукциялык түзүлүштөр аркылуу берилиши керек. Редукциялык түзүлүштөрдүн кайталоо түзүлүштөрү болууга тийиш. Жогорку басымдагы газды берүү линиясын редукциялык түзүлүштү кошпой түз барокамерага туташтырууга тыюу салынат.
Бардык редукциялык түзүлүштөрдөн кийин берилген газдын басымынын эксплуатациялоо документинде көрсөтүлгөн мааниден ашык жогорулашын алдын алуучу сактоочу клапандар орнотулушу керек.
631. Иштетүү калдыктарын жок кылуу үчүн демпфердик идиши бар санитардык-фандык система менен жабдылган барокамераны эксплуатациялоодо басымдын барокамерадан демпфердик баллон аркылуу атмосферага бөлүнүп чыгуусуна жол бербөөчү демпфердик идиште орнотулган тосуу түзүлүшү бар вентилдердин оң абалда болушу камсыздалышы керек.
632. Бардык барокамераларда көмүр кычкыл газын (CO2) соргучтар болушу жана иштөө жөндөмү камсыздалышы керек.
633. Бөлүктөрдөгү люктар бөлүктөрдүн ортосундагы басымды текшилөө үчүн вентилдер менен жабдылышы керек.
634. Барокамераны эксплуатациялоодо бөлүктөрдө индукциялык типтеги же алмаштырылуучу кубаттандыруу элементтеринен иштөөчү негизги жана кайталоочу (авариялык) байланыш системаларынын болушу, ошондой эле алардын оң абалы камсыздалууга тийиш.
635. Барокамеранын бөлүктөрү айнекти кокустан болгон механикалык таасирден коргоо үчүн коргоочу капкактары же тунук щитчелери бар иллюминаторлор менен жабдылышы керек.
636. Барокамераны орнотууну жана монтаждоону адистештирилген уюмдар долбоорго жана даярдоочунун техникалык документтерине ылайык жүргүзүшөт.
637. Барокамера орнотулгандан кийин анын корпусун, түзүлүштөрүн, арматурасын, өткөргүч түтүктөрүн карап чыгуу зарыл, ошондой эле сыноолорду жүргүзүү зарыл, андан кийин барокамера ушул Эрежелердин 4-главасына ылайык эксплуатациялоого киргизилет.
638. Суучулдардын барокамераларын эксплуатациялоону уюштуруу ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш жана колдонуу өзгөчөлүгүн жана ушул Эрежелердин 611-пунктуна ылайык ченемдик документтердин талаптарын эске алуу менен эксплуатациялоочу уюмдун тескөөчү документтери менен аныкталат.
639. Барокамераны коопсуз эксплуатациялоо үчүн эксплуатациялоочу уюм баштапкы, мезгилдүү, кезектен тышкаркы техникалык күбөлөндүрүүнү, ошондой эле техникалык диагностикалоону камсыздоого тийиш. Аларды жүргүзүү көлөмү жана тартиби конкреттүү типтеги барокамерага карата эксплуатациялоо боюнча колдонмонун же башка техникалык документтердин жана ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
640. Барокамераны алгачкы техникалык күбөлөндүрүү (эгерде техникалык документтерде башка көрсөтмөлөр болбосо) төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) техникалык документтерди текшерүүнү;
2) барокамеранын корпусун тышкы жана ички карап чыгууларды;
3) бышыктыкка карата гидравликалык сыноолорду;
4) жылчыксыздыкка жана тыгыздыкка карата пневматикалык сыноолорду;
5) барокамераны иштеп жатканда текшерүүнү.
641. Бөлүктөрү менен ташылуучу жана даярдоочу ишканадан тышкары монтаждалган жеринде чогултулган барокамералар орнотуу жеринде жыйналгандан кийин 640-пунктунда көрсөтүлгөн көлөмдө алгачкы техникалык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Даярдоодон кийин толугу менен жыйналган түрдө ташылуучу барокамераларды алгачкы техникалык күбөлөндүрүүнү даярдоочу ишканада жүргүзүүгө болот. Бул учурда барокамераны эксплуатациялоочу уюмда орноткон жерде монтаждоодон кийин техникалык документтерди текшерүү, өткөргүч түтүктөрдү карап чыгуу, сыноо жана барокамераны иштеп жатканда текшерүү иштери жүргүзүлөт.
642. Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүү эксплуатациялоо боюнча колдонмодо же даярдоочунун барокамеранын конкреттүү тибинин башка техникалык документтеринде белгиленген тартипте жана мезгилдүүлүктө, бирок эксплуатациялоо башталгандан тартып 10 жылдан кечиктирбей жүргүзүлөт.
Мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) корпусун, системаларын жана түзүлүштөрүн ички жана тышкы карап чыгууларды;
2) гидравликалык (бышыктыкка карата) жана пневматикалык (тыгыздык жана герметикалуулукка карата) сыноолорду;
3) барокамеранын иштеп жаткандагы абалын, иштеп турууну камсыздоо системасын жана башка түзүлүштөрдү текшерүүнү.
643. Кезектен тышкаркы техникалык күбөлөндүрүү төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) барокамеранын бышыктыгын төмөндөтүүчү дефект табылганда (томпойгон жери, чуңкурайган жери, чийилүү, жарака кетүү, коррозиялык жешилүү);
2) ичиндеги адамдардын жана тейлөөчү персоналдын коопсуздугуна таасир этүүчү барокамеранын же анын элементтеринин бузулууларынын пайда болушуна байланыштуу эксплуатациялоо режимдеринин бузулушу.
Кезектен тышкаркы техникалык күбөлөндүрүү мезгилдүү техникалык күбөлөндүрүүнүн көлөмүндө жүргүзүлөт.
644. Барокамералардын гидравликалык сыноолору жумушчу басымдын 1,25 түзүүчү сыноо басымы алдында жүргүзүлөт. Гидравликалык сыноолорду бышыктыгына карата сыноо басымы менен жүргүзүү мезгилинде барокамеранын корпусун, тосулмаларын, шлюздарын, эшиктерин, люктарынын жана шлюздарынын капкактары текшерилет.
Бөлүктөрү менен ташылуучу жана даярдоочу ишканадан тышкары монтаждалган жеринде чогултулган барокамералардын гидравликалык сыноолору орнотуу жеринде жыйналгандан кийин жүргүзүлөт.
Чогулган түрдө жеткирилип, эксплуатациялоо объектинде орнотулган барокамералардын гидравликалык сыноолор жүргүзүлбөгөн участокторуна жана системалардын алып келүүчү өткөргүч түтүктөрүнүн ширетилип бириктирилген жерлерине гана гидравликалык сыноолор жүргүзүлөт. Барокамера менен бирдиктүү функциялык контурду түзгөн, даярдалгандан кийин монтаждык ширетилген же эксплуатациялоо объектинде чогултуу мезгилинде ширетилген өткөргүч түтүктөрдүн участоктору барокамеранын жумушчу басымынын бир жарымына барабар болгон сыноо басымы менен сыналат. Ушуга окшош сыноолор үчүн барокамераларды күбөлөндүрүүдө (эксплуатациялоо мезгилинде) барокамералардын системаларынын өткөргүч түтүктөрү үчүн сыноо басымы жумушчу басымдын 1,25ине шайкеш келүүгө тийиш.
Барокамераны эксплуатациялоо мезгилинде гидравликалык сыноолордун ордуна жабдууга жана аба же газ басымы жүктөлгөн барокамера системаларынын өткөргүч түтүктөрүнө пневматикалык сыноолорду жүргүзүүгө жол берилет. Мындай алмаштыруу мүмкүндүгүнө жабдуунун жана өткөргүч түтүктөрдүн конструкциясынын ажыратылбастыгы, ички беттерди майсыздандыруу жана санитардык тазалоо боюнча талаптар болгон учурда жол берилет.
Гидравликалык сыноолорду пневматикалык сыноолорго алмаштыруу жөнүндө чечимди эксплуатациялоочу уюм техникалык күбөлөндүрүүнү жүргүзүүчү уюм менен бирге ширетилип бириктирилген жерлердин бекемдигин тиешелүү эсептөөдөн жана ультрадобуш дефектоскопиясы же радиографикалык метод жана үстүңкү беттин дефектоскопиясы методдору менен контролдогондон (сыноолор башталганга чейин) кийин кабыл алат.
Жабдууну жана барокамеранын өткөргүч түтүк системаларын пневматикалык сыноолордогу сыноо басымы, ошондой эле ширетип бириктирүүлөрдү бузбоочу контролдоонун көлөмү долбоорду иштеп чыгуучунун жана (же) барокамераны даярдоочунун сунуштарын эсепке алуу менен түзүлгөн техникалык күбөлөндүрүү программасында аныкталышы керек.
Барокамерага бекемдикке карата гидравликалык же пневматикалык сыноо жүргүзүүдө ушул Эрежелердин 3-главасынын талаптарын аткаруу камсыздалышы керек.
Сыноолордун жыйынтыгы протокол менен таризделет жана барокамеранын паспортуна жазылат.
645. Барокамераны жана анын элементтерин жылчыксыздыкка жана тыгыздыкка карата пневматикалык сыноолор бекемдикке гидравликалык сыноолорду жүргүзгөндөн кийин жумушчу басымга барабар болгон газ чөйрөсүнүн басымы менен жүргүзүлөт.
Жылчыксыздыкка жана тыгыздыкка карата пневматикалык сыноолор барокамера арналган типтеги аба (азот) же газ менен төмөнкү ырааттуулукту сактоо аркылуу жүргүзүлөт:
1) аба (азот) менен сыноо;
2) дефекттерди жоюу;
3) гелий менен сыноо;
4) дефекттерди жоюу.
Барокамераны гелий менен сыноону даяр болгондон кийин биринчи өткөрүү зарыл.
646. Иллюминаторлор, гермобекиткичтер (сальниктер), сактоочу клапандар, барокамеранын корпусуна жакын болгон тыгындоочу клапандары бар өткөргүч түтүктөр менен толук түрдө жыйналган барокамера жылуулук изоляциялоосун жасаганга чейин жылчыксыздыкка жана тыгыздыкка карата пневматикалык сыноодон өтүүгө тийиш.
647. Газ чөйрөсүнүн жумушчу басымы учурунда иштеп жаткан барокамераны текшерүүнү барокамераны алгачкы техникалык күбөлөндүрүүнүн аяктоочу этабында сыноолордун программасында караштырылган көлөмдө, техникалык документтердин талаптарына жана коопсуздук талаптарына шайкештигин төмөнкү учурларда ырастоо максатында гидравликалык жана пневматикалык сыноолорду өткөргөндөн кийин жүргүзүшөт: даярдоочу ишкананын стендинде барокамераны монтаждоодон кийин; эксплуатациялоо объектинде барокамераны монтаждоодон кийин.
648. Иштеп жаткан барокамераны текшерүүдө төмөнкүлөр контролдонот:
1) барокамеранын, арматуранын, өткөргүч түтүктөрдүн, редукциялык клапандардын, туташтыруучу фланецтердин, электр жабдууларынын, жердетүүнүн, контролдоочу-өлчөөчү приборлордун, ишти камсыздоо системаларынын жана каражаттарынын абалы жана оң болушу, гермобекиткичтердин, иллюминаторлордун жана алардын айнектеринин оң болушу; ишти камсыздоо системаларынын жана каражаттарынын оң болушун барокамерада жумушчу басым учурунда алардын тике багыт боюнча иштөө мезгилинде текшеришет;
2) узакка туруучу барокамеранын жана анын ишти камсыздоо системаларынын жана каражаттарынын тике багыты боюнча иштөө учурундагы ишке жөндөмү: абада кадимки атмосфералык басымда; абада барокамерадагы жумушчу басымга шайкеш келген газ чөйрөсүнүн басымы алдында; барокамерадагы жумушчу басым учурунда газ чөйрөсү менен (кычкылтек-гелий);
3) сактоочу клапандардын ишке жөндөмү (жарууга жана отургузууга карата) - барокамерада же болбосо сактоочу клапандарды сыноо үчүн стендде басымды жогорулатуу;
4) тейлөөчү персоналдын даярдыгы жана алардын эксплуатациялык нускамаларды билүүсү.
649. Иштеп жаткан барокамераны монтаждоодон кийин ушул Эрежелердин 4-главасынын талаптарында белгиленген даярдыкты текшерүү боюнча иштердин көлөмүндө комиссия текшерет, анын курамына зарылдыкка жараша даярдоочу уюмдун, эксплуатациялоочу уюмдун (заказчынын), адистештирилген уюмдун өкүлдөрү кире алышат. Мезгилдүү жана кезектен тышкаркы күбөлөндүрүүдө иштеп жаткан барокамераны текшерүү боюнча комиссиянын курамы эксплуатациялоочу уюмдун тескөөчү документтери менен аныкталат.
650. Техникалык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы ушул Эрежелердин 6-главасында белгиленген тартипте таризделет.
651. Коопсуз эксплуатациялоону камсыздоо үчүн барокамераларды техникалык диагностикалоонун төмөнкү түрлөрү аткарылууга тийиш:
1) пландык техникалык аныктоо, ал кызмат кылуунун белгиленген мөөнөтү же багытталган ресурсу аяктагандан кийин барокамеранын параметрлерин жана аны андан ары коопсуз эксплуатациялоо шарттарын аныктоо максатында техникалык абалын баалоо максатында;
2) барокамеранын авариядан кийинки же аныкталган бузулууларынан кийин барокамеранын мүмкүн болгон параметрлерин жана аны андан ары эксплуатациялоо шарттарын аныктоо максатында жүргүзүлө турган пландан тышкаркы техникалык диагностикалоо.
Барокамераларды техникалык диагностикалоону белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген адистештирилген уюм иштелип чыккан программа жана методика боюнча жүргүзөт. Техникалык диагностикалоонун көлөмү, методдору, тартиби жана анын жыйынтыгын тариздөө барокамерага карата техникалык документтерге жана ушул Эрежелердин 6-главасынын талаптарына ылайык аныкталат.
|
| Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелерине 1-тиркеме |
Өткөргүч түтүктөрдөгү сырдоолор жана жазуулар
1. Өткөргүч түтүктөргө төмөнкүдөй мазмундагы жазуулар жазылууга тийиш:
а) магистралдык линияларда - магистралдын номери (рим цифрасы) жана жумушчу чөйрөнүн кыймылынын багытын көрсөтүүчү жебе. Эгерде нормалдуу режим учурунда анын кыймылы эки тарапка мүмкүн болсо, эки тарапка тең багытталган эки жебе берилет;
б) магистралдарга жакын тармактанууларда - магистралдын номери (рим цифрасы), агрегаттын номери (араб цифрасы) жана жумушчу чөйрөнүн кыймылынын багыттарын көрсөтүүчү жебелер;
в) агрегаттардын жанындагы магистралдардан тараган тармактанууларда - магистралдын номери (рим цифрасы) жана жумушчу чөйрөнүн кыймылынын багытын көрсөтүүчү жебелер.
2. Бир эле өткөргүч түтүктөгү жазуулардын саны ченемделбейт. Жазуулар вентилдерди, тээктерди ж.б.у.с. башкарган жерден көрүнүп тургандай болушу керек. Өткөргүч түтүктөрдүн башка имаратка чыгуучу жана кирүүчү жеринде милдеттүү түрдө жазуулар болот.
3. Өткөргүч түтүктүн үстүнкү бетин металл каптоо менен жабууда (алюминий, тунукеленген темир жана башка коррозияга туруктуу металлдар) бул каптоону узатасынан сырдабаса да болот. Бул учурда ташылуучу чөйрөгө жараша тиешелүү шарттуу белгилер жазылышы керек.
4. Вентилдерге, тээктерге жана алардын иштеткичтерине төмөнкүдөй мазмундагы жазуулар жазылышы керек:
а) тыгындоочу же жөнгө салуучу органдын эксплуатациялоо схемаларына жана нускамаларына шайкеш келүүчү номер же шарттуу белги;
б) жабуу тарабына (Ж) жана ачуу тарабына (А) айландыруу багытын көрсөткүч.
5. Ушул тиркеменин 4-пунктунда аталган арматурадагы жана иштеткичтердеги жазууларды төмөнкү жерлерге жазышат:
а) штурвал вентилдин (тээк) корпусуна жакын жайгашканда - корпуста же вентилдин (тээктин) изоляциясында же бекитилген табличкада;
б) штурвалдын жардамы менен дистанциялык башкарууда - мамычада же штурвалдын кронштейнинде;
в) чынжырдын жардамы менен аралыктан башкарууда - чынжыр дөңгөлөгүнүн кронштейни менен кыймылсыз бириктирилген жана башкаруу аянтчасынан эң мыкты көрүнүп туруусун камсыздоочу абалда бекитилген табличкада;
г) тейлөө аянтчасынын полунун алдына жайгашкан вентилди же тээкти чыгарып алына турган штурвалдын жардамы менен аралыктан башкарууда (валдын учу полдун ичине киргизилген жана капкак менен жабылган) - капкакта ички жана тышкы тарабынан;
д) электр иштеткичинин жардамы менен аралыктан башкарууда - ишти баштоочу иштеткичте;
е) аралыктан башкарууда "б", "в", "г", "д" пунктчаларында караштырылган жазуулардан башка жазуулар башкарылуучу арматуранын маховиктерине дагы жазылууга тийиш.
|
| Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелерине 2-тиркеме |
Азыктандыруучу жана от казан суусунун сапатына карата коюлуучу талаптар
1. Буу өндүрүмдүүлүгү 0,7 т/ч жана андан жогору болгон (табигый циркуляциялоо менен жана буунун жумушчу басымы 14 МПа болгон суу түтүктүү казандардан тышкары) табигый жана көп жолку мажбурлоочу циркуляциялоо менен буу казандар үчүн азыктандыруучу суунун сапатынын көрсөткүчтөрү төмөндө келтирилген маанилерден ашпоого тийиш:
а) буу газ түтүк казандары үчүн:
Көрсөткүч | От казандар үчүн маанилер | |
суюк отун менен иштеген | отундун башка түрү менен иштеген | |
Шрифт боюнча тунуктугу, см, кем эмес | 40 | 20 |
Жалпы катуулугу, мкг экв/кг | 30 | 100 |
Эритилген кычкылтектин камтылышы (буу өндүрүмдүүлүгү 2 т/с жана андан жогору буу казандар үчүн), мкг/кг | 50* | 100 |
(*) Экономайзерлери жок буу казандар жана чоюн экономайзерлери бар казандар үчүн эритилген кычкылтектин камтылышына 100 мкг/кг тартып жол берилет;
б) табигый циркуляциялоо (анын ичинде казан-бойлерлер) жана 4 МПага чейинки буунун жумушчу басымы менен суу түтүк казандары үчүн:
Көрсөткүч | Буунун жумушчу басымындагы маанилери, МПа | |||
0,9 | 1,4 | 2,4 | 4 | |
Шрифт боюнча тунуктугу, см, кем эмес | 30 | 40 | 40 | 40 |
Жалпы катуулугу, мкг экв/кг | ||||
Темир кошулмаларынын камтылышы (Fe кайра санап чыгууда), мкг/кг | ченемделбейт | |||
Жез кошулмаларынын камтылышы (Cu кайра санап чыгууда), мкг/кг | ченемделбейт | |||
Эритилген кычкылтектин камтылышы (буу өндүрүмдүүлүгү 2 т/с жана андан жогору буу казандар үчүн)**, мкг/кг | ||||
25°C температурадагы рН мааниси*** | 8,5-10,5 | |||
Мунай продуктуларынын камтылышы, мг/кг | 5 | 3 | 3 | 0,5 |
(*) Алымында суюк отун менен иштеген от казандар үчүн, ал эми бөлүмүндө - отундун башка түрлөрүнө маанилер көрсөтүлгөн.
(**) Экономайзерлери жок от казандар жана чоюн экономайзерлери бар от казандар үчүн эритилген кычкылтектин камтылышына 100 мкг/кг тартып отундун каалагандай түрүн жагууда жол берилет.
(***) Айрым негизделген учурларда рН маанисинин 7,0гө чейин төмөндөөсүнө жол берилиши мүмкүн;
в) табигый циркуляциялоо жана буусунун 10 МПага чейинки жумушчу басымы менен суу түтүк казандары үчүн:
Көрсөткүч | Казандар үчүн маанилер | |
суюк отун менен иштеген | суюк отун менен иштеген | |
Жалпы катуулугу, мкг экв/кг | 1 | 3 |
Темир кошулмаларынын камтылышы (Fe кайра санап чыгууда), мкг/кг | 20 | 30 |
Жез кошулмаларынын камтылышы (Cu кайра санап чыгууда), мкг/кг | 5 | 5 |
Эритилген кычкылтектин камтылышы, мкг/кг | 10 | 10 |
25°C температурадагы рН мааниси* | 9,1±0,1 | 9,1+0,1 |
Мунай продуктуларынын камтылышы, мг/кг | 0,3 | 0,3 |
(*) Буунун жана конденсаттын азайышын химиялык тазаланган суу менен толуктоодо рН маанисинин 10,5 чейин жогорулоосуна жол берилет;
г) энергия технологиялык от казандар жана буунун 5 МПага чейинки жумушчу басымы менен от казан-утилизаторлор үчүн:
Көрсөткүч | Буунун жумушчу басымындагы маанилери, МПа | ||||
0,9 | 1,4 | 4 жана 5 | |||
Жылытуучу газдын температурасы (эсептик), °C | |||||
1200 жана ага чейинки | 1200 жана ага чейинки | 1200дөн жогору | 1200 жана ага чейинки | 1200дөн жогору | |
Шрифт боюнча тунуктугу, см, кем эмес | 40 | ||||
Жалпы катуулугу, мкг экв/кг | 15 | 10 | 5 | ||
Темир кошулмаларынын камтылышы (Fe кайра санап чыгууда), мкг/кг | ченемделбейт | 150 | 100 | 50*** | |
Эритилген кычкылтектин камтылышы: | |||||
а) чоюн экономайзери менен же экономайзери жок от казандар үчүн, мкг/кг | 150 | 100 | 50 | 50 | 30 |
б) болот экономайзери менен от казандар үчүн, мкг/кг | 50 | 30 | 30 | 30 | 20 |
25°C учурундагы рН мааниси | 8,5 кем эмес**** | ||||
Мунай продуктуларынын камтылышы, мг/кг | 5 | 3 | 2 | 1 | 0,3 |
(*) Алымында суу түтүк казандары, ал эми бөлүмүндө - газ түтүк казандары үчүн маанилер көрсөтүлгөн.
(**) 1,8 МПа жумушчу басымы менен суу түтүк казандары үчүн катуулугу 15 мкг экв/кг ашык болбоого тийиш.
(***) Темирдин кошулмаларын 100 мкг/кг чейин камтылышын кебер түзүүнүн интенсивдүүлүгүн темир кошулмаларын эритиндиге которуунун эсебинен азайта турган сууну реагенттик иштеп чыгуу методдорун колдонуу шарттарында жогорулатууга жол берилет, мында буу генерациялоочу түтүктөрдүн ички бетиндеги катмарлануулардын жол берилүүчү өлчөмү боюнча ченемдер сакталууга тийиш.
(****) рН жогорку мааниси буу конденсаттык тракттын жабдуусунда колдонулуучу материалдарга жараша 9,5 жогору эмес белгиленет.
Эскертүү: Буунун жумушчу басымы менен 0,9 МПадан жогору болгон вертикалдуу типтеги газ түтүктүү казан-утилизаторлор үчүн, ошондой эле содорегенерациялоочу от казандар үчүн азыктандыруучу суунун сапатынын көрсөткүчү таблицанын акыркы колонкасынын маанилери боюнча ченемделет. Андан тышкары содорегенерациялоочу от казандар үчүн азыктандыруучу суунун тузду камтышы ченемделет, ал 50 мг/кгдан жогору болбошу керек;
д) энергия технологиялык от казандар жана буунун жумушчу басымы 11,0 МПа болгон от казан-утилизаторлор үчүн:
Көрсөткүч | Маани |
Жалпы катуулугу, мкг экв/кг | 3 |
Темир кошулмаларынын камтылышы (Fe кайра санап чыгууда), мкг/кг | 10 |
Эритилген кычкылтектин камтылышы, мкг/кг | 30 |
25°C учурундагы рН мааниси | 9,1+0,1* |
туздун шарттуу камтылышы (NaCl кайра санап чыгууда), мкг/кг)** | 300 |
25°C учурундагы салыштырмалуу электр өткөргүчтүгү, мкОм/см** | 2 |
Мунай продуктуларынын камтылышы, мг/кг | 0,3 |
(*) рН жогорку мааниси буу конденсаттык тракттын жабдуусунда колдонулуучу материалдарга жараша 9,5 жогору эмес белгиленет.
(**) туздун шарттуу камтылышы кондуктометрикалык туз өлчөгүч тарабынан алдын ала дегаздоо жана сынамды топтоштуруу менен, ал эми салыштырмалуу электр өткөргүчтүгү - сынамдын алдын ала суутек-катионирлөөсү менен кондуктометр тарабынан аныкталууга тийиш; мында көрсөткүчтөрдүн бири контролдонот;
е) буу газ түзүлүштөрүнүн жогору оргутуучу казандары үчүн:
Көрсөткүч | Буунун жумушчу басымындагы маанилери, МПа | ||
4 | 10 | 14 | |
Жалпы катуулугу, мкг экв/кг | 5 | 3 | 7 |
Темир кошулмаларынын камтылышы (Fe кайра санап чыгууда), мкг/кг | 50* | 30* | 20* |
Эритилген кычкылтектин камтылышы, мкг/кг | 20 | 10 | 10 |
25°C учурундагы рН мааниси | 9,1±0,2 | 9,1±0,1 | 9,1±0,1 |
Туздун шарттуу камтылышы (NaCl кайра санап чыгууда), мкг/кг** | ченемделбейт | 300 | 200 |
25°C учурундагы салыштырмалуу электр өткөргүчтүгү, мкОм/см** | ченемделбейт | 2 | 1,5 |
Мунай продуктуларынын камтылышы, мг/кг | 1,0 | 0,3 | 0,3 |
(*) Буу генераторунун жаратылыш газында иштөөсүндө 50% темирдин камтылышы боюнча ченемдерден ашууга жол берилет.
(**) Туздун шарттуу камтылышы кондуктометрикалык туз өлчөгүч тарабынан алдын ала дегаздоо жана сынамды топтоштуруу менен, ал эми салыштырмалуу электр өткөргүчтүгү - сынамдын алдын ала суутек-катионирлөө менен кондуктометр тарабынан аныкталууга тийиш; бул көрсөткүчтөрдүн ичинен бири контролдонот.
2. Табигый циркуляциялоо жана 14 МПа буунун жумушчу басымы менен болгон суу түтүк казандары үчүн жана энергетикалык түз агуучу от казандар үчүн азыктандыруучу суунун сапатынын көрсөткүчү төмөндө келтирилген маанилерден ашпоого тийиш:
а) табигый циркуляциялоо жана 14 МПа буунун жумушчу басымы менен суу түтүк казандары үчүн:
Көрсөткүч | Маани |
Жалпы катуулугу, мкг экв/дм3 | 1 |
Темир кошулмаларынын камтылышы, мкг/дм3 | 20 |
Деаэратор алдында суудагы жез кошулмаларынын камтылышы, мкг/дм3 | 5 |
Деаэратордон кийин суудагы эритилген кычкылтектин камтылышы, мкг/дм3 | 10 |
Мунай продуктуларынын камтылышы, мг/дм3 | 0,3 |
рН мааниси | 9,1±0,1 |
Кремний кычкылынын камтылышы, мкг/дм3: |
|
конденсациялык электр станциялары жана жылытуучу ЖЭБдер үчүн | 30 |
бууну өндүрүштүк тандоо менен ЖЭБ үчүн | 60 |
Буунун жана конденсаттын жок болушун химиялык тазаланган суу менен толтурууда рН маанисинин 10,5 чейин жогорулоосуна жол берилет.
14 МПа басымы менен от казандар үчүн натрий кошулмаларынын камтылышы 50 мкг/дм3 ашпоого тийиш. Натрийдин ЖЭБдеги азыктандыруу суусундагы камтылган ченемдерин бууну өндүрүштүк тандоо менен корректировкалоого эгерде анда газ тыгыз же экрандардын жогорулатылган локалдык жылуулук жүктөмдөрү менен башка казандар орнотулбаса жол берилет жана буунун катуу ысып кетүүсү өздүк конденсаттын чачыроосу менен жөнгө салынат.
14 МПа басымы менен от казандар үчүн Н-катиондоштурулган сынамдын салыштырмалуу электр өткөргүчтүгү 1,5 мкОм/см ашпоого тийиш. Салыштырмалуу электр өткөргүчтүк ченемдерин тиешелүү оңдоого азыктандыруу суусундагы натрийдин камтылуу ченемдерин тууралаган учурларда жол берилет.
Гидразиндин камтылышы (сууну гидразин менен тазалаганда) 20дан 60 мкг/дм3 чейинкини түзүүгө тийиш; от казанды иштеткенде жана токтоткон мезгилде гидразиндин камтылуусу 3000 мкг/дм3 чейин болуусуна (буунун атмосферага бөлүнүп чыгуусу менен) жол берилет.
Аммиакты жана анын кошулмаларын камтуу 1000 мкг/дм3 ашпоого тийиш; энергетика системасынын региондук диспетчердик бөлүмү менен макулдашылган айрым учурларда (диспетчердин башкаруусунда (иш жүргүзүүсүндө) турган жабдуу үчүн болгон учурда), аммиактын камтылышын буунун рН зарыл болгон маанисин колдоону камсыздоочу, бирок азыктандыруучу суудагы жез кошулмаларынын камтылуу ченемдерин жогорулатууга алып келбөөчү маанилерге чейин жогорулатууга жол берилет.
Эркин сульфиттин камтылышы (сульфиттөөдө) 2 мг/дм3 ашпоого тийиш.
14 МНа басымы менен болгон от казандар үчүн нитриттердин жана нитраттардын суммаланган камтылышы 20 мкг/дм3 ашпоосу керек;
б) энергетикалык түз агуучу от казандар үчүн
Көрсөткүч | Маани |
Жалпы катуулугу, мкг экв/дм3, жогору эмес | 1 |
Натрийдин камтылышы, мкг/дм3, жогору эмес | 5 |
Кремний кычкылы, мкг/ дм3, жогору эмес | 15 |
Темир кошулмалары, мкг/ дм3, жогору эмес | 10 |
Кычкылтек режимдеринде эритилген кычкылтек, мкг/ дм3 | 100-400 |
Салыштырмалуу электр өткөргүчтүгү, мкОм/см, жогору эмес | 0,3 |
Деаэратордун алдындагы суудагы жездин кошулмалары, мкг/ дм3 | 5* |
Деаэратордон кийинки суудагы эритилген кычкылтек, мкг/ дм3 | 10 |
рН мааниси төмөнкү режимдерде: |
|
гидразиндик-аммиактуу | 9,1±0,1 |
гидразиндик | 7,7±0,2 |
кычкылтек-аммиактуу | 8,0±0,5 |
Гидразин, мкг/ дм3, төмөнкү режимдерде: |
|
гидразиндик-аммиактуу | 20-60 |
гидразиндик | 80-100 |
иштетүү жана токтотуу | 3000 чейин |
Мунай продуктуларынын камтылышы (конденсат тазалоого чейин), мкг/дм3, жогору эмес | 0,1 |
(*) Конденсаттык-азыктандыруу трактында дат баспай турган болоттон же башка коррозияга туруктуу материалдардан жасалган түтүктөр менен бардык жылуулук алмаштыргычтарын орнотууда - 2 мкг/дм3 жогору эмес.
14 МПа буу басымы менен түз агуучу от казандары бар электр станцияларда долбоор тарабынан турбинанын конденсат топтогучунан чыгуучу бүткүл конденсатты тазалоо караштырылбаган болсо, от казандар иштөө учурундагы азыктандыруучу суудагы жана буудагы натрий кошулмаларынын 10 мкг/дм3 жогору эмес камтылышына жол берилет, азыктандыруучу суунун жалпы катуулугу 0,5 мкг экв/дм3 ашпоого тийиш, ал эми анда темир кошулмаларынын камтылышы - 20 мкг/дм3 жогору болбошу керек.
Басымы 10 МПа жана андан төмөн болгон түз агуучу от казандар үчүн азыктандыруу суунун, буунун жана турбина конденсатынын сапатынын ченемдери от казандар иштеген кезде энергия системалары менен эксплуатациялоонун колдо бар тажрыйбасынын негизинде орнотулушу керек.
3. Азыктандыруучу жана тармактык суунун сапатынын көрсөткүчтөрү суу жылытуучу от казандар үчүн (жылуулук электр станцияларында, жылуулук станцияларында орнотулган суу жылытуучу от казандардан тышкары) төмөндө келтирилген маанилерден ашпоого тийиш:
Көрсөткүч | Маанилер | |||||
Жылуулук менен жабдуу системасы | ||||||
ачык | жабык | |||||
Тармактык суунун температурасы, °C | ||||||
115 | 150 | 200 | 115 | 150 | 200 | |
Шрифт боюнча тунуктугу, см, жогору эмес | 40 | 40 | 40 | 30 | 30 | 30 |
Карбонаттык катуулугу, мкг экв/кг |
|
|
|
|
|
|
рН мааниси 8,5тен жогору эмес | ||||||
рН мааниси 8,5тен жогору | жол берилбейт | эсептөө боюнча | ||||
Эритилген кычкылтектин камтылышы, мкг/кг | 50 | 30 | 20 | 50 | 30 | 20 |
Темир кошулмаларынын камтылышы (Ре кайра санап чыгууда), мкг/кг | 300 | |||||
25°C температурадагы рН мааниси | 7,0дөн 8,5ке чейин | 7,0 н 11,0гө чейин** | ||||
Мунай продуктуларынын камтылышы, мг/кг | 1,0 | |||||
(*) Алымында катуу отундагы от казандар үчүн, ал эми бөлүмүндө - суюк жана газ сымал отундагы маанилер көрсөтүлгөн.
(**) Аларда суу жылытуу казандары латунь түтүктөргө ээ болгон бойлерлер менен туташ иштей турган жылуулук түйүндөрү үчүн тармактык суунун рН жогорку мааниси 9,5тен ашпоого тийиш.
4. Жылуулук электр станцияларында жана жылуулук станцияларында орнотулган суу жылытуучу от казандар үчүн тармактык суунун сапатынын көрсөткүчтөрү төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш:
Көрсөткүч | Маани |
Эркин көмүр кычкылынын камтылышы | 0 |
жылуулук менен камсыздоо системасы үчүн рН мааниси: |
|
ачык | 8,3-9 |
жабык | 8,3-9,5 |
Жылуулук менен камсыздоо системалары үчүн темир кошулмаларынын камтылышы, мг/дм3 |
|
ачык | 0,3-0,5* |
жабык | 0,5 |
Эритилген кычкылтектин камтылышы, мкг/дм3 | 20 |
Эрибеген заттардын саны, мг/дм3 | 5 |
Жылуулук менен камсыздоо системалары үчүн мунай продуктуларынын камтылышы, мг/дм3 |
|
ачык | 0,1 |
жабык | 1 |
(*) Жогорку чегине ыйгарым укуктуу контролдоочу орган менен макулдашуу боюнча жол берилет.
От жагуу сезонунун башталышында жана оңдоодон кийинки мезгилде жылуулук менен камсыздоонун жабык системалары үчүн төрт жуманын ичинде жана ачык системалар үчүн эки жумада темир кошулмаларынын камтылышы боюнча ченемдерден 1 мг/дм3 чейин, эритилген кычкылтектен 30 мкг/дм3га чейин жана эрибеген заттардан 15 мг/дм3 чейин ашык болуусуна жол берилет.
5. Жылуулук электр станцияларында жана жылуулук станцияларында орнотулган суу жылытуу от казандары үчүн азыктандыруучу суунун сапатынын көрсөткүчтөрү төмөндө келтирилген маанилерден ашпоого тийиш:
а) жабык жылуулук тармактары:
Көрсөткүч | Маани |
Эркин көмүр кычкылынын камтылышы | 0 |
Жылуулук менен камсыздоо системалары үчүн рН мааниси: |
|
ачык | 8,3-9 |
жабык | 8,3-9,5 |
Эритилген кычкылтектин камтылышы, мкг/дм3, жогору эмес | 50 |
Эрибеген заттардын саны, мг/дм3, жогору эмес | 5 |
Мунай продуктуларынын камтылышы, мг/дм3, жогору эмес | 1 |
(*) рН маанилеринин жогорку чегине сууну терең жумшартууда гана жол берилет, төмөнкүсүнө - энергия системасынын уруксаты менен жабдуудагы жана жылуулук менен камсыздоо системасынын өткөргүч түтүктөрүндөгү коррозия кубулуштарынын интенсивдүүлүгүнө жараша коррекцияланышы мүмкүн.
Жылуулук менен камсыздоонун ачык системаларынын азыктандыруучу суусунун сапаты (түздөн-түз сууну алуу менен) ичүүчү суу үчүн колдонуудагы ченемдерди дагы канааттандырууга тийиш. Эгерде суу сынамынын түстүүлүгү аны 20 мүнөткө чейин кайнатууда ичүүчү суу үчүн колдонуудагы ченемдик документтерде көрсөтүлгөн ченемдерден жогору болсо, жылуулук менен камсыздоонун ачык системалары үчүн азыктандыруучу суудан органикалык аралашмалар алып салынууга тийиш.
Ысык сууну түздөн-түз алуу менен жылуулук тармактарын азыктандыруу үчүн сууну силикаттык тазалоодо азыктандыруучу суудагы силикаттын камтылышы SiO2ге карата кайра эсептөөдө 50 мг/дм3 ашпоого тийиш.
Азыктандыруучу сууну силикаттык тазалоодо кальцийдин чектик концентрациясы сульфаттардын гана эмес (CaSO4 түшүүсүнүн алдын алуу үчүн), ошондой эле кремний кычкылынын дагы (CaSiO3 түшүүсүнүн алдын алуу үчүн) суммаланган концентрациясын эсепке алуу менен тармактык сууну ысытуунун берилген температурасы үчүн анын от казан түтүгүнүн дубалга жакын катмарында 40°Cге жогорулоосун эске алуу менен аныкталууга тийиш.
Гидразинди жана башка уулуу заттарды жылуулук тармактарынын азыктандыруучу суусуна жана тармактык сууга түздөн-түз отургузууга жол берилбейт.
6. От казан суусунун сапатынын ченемдери, аны коррекциялык тазалоонун зарыл болгон режими, үзгүлтүксүз жана мезгилдүү үйлөтүү режимдери от казанды даярдоочу уюмдун нускамасынын, суу-химиялык режимди жүргүзүү боюнча типтүү нускамалардын негизинде же жылуулук химиялык сыноолордун жыйынтыктарынын негизинде кабыл алынат. Мында 4 МПаны кошо алгандагы басым менен бөрктөөчү бириктиргичтери бар буу казандары үчүн казан суусунун салыштырмалуу щелочтуулугу 20% ашпоого тийиш; ширетилген барабандары бар жана түктүктөрү вальцовка ыкмасы менен бекитилген (же тыгыздоочу ширетүү менен вальцовкалуу) буу казандар үчүн казан суусунун салыштырмалуу щелочтуулугу 50% чейин жол берилет; ширетилген барабаны бар жана кошо ширетип койгон түтүктөрү менен буу казандар үчүн казан суусунун салыштырмалуу щелочтуулугу ченемделбейт.
Басымы 4төн жогору 10 МПа кошо кирген буу казандары үчүн казан суусунун салыштырмалуу щелочтуулугу 50% жогору болбоого тийиш, басымы 10дон жогору 14 МПа кошо кирген буу казандар үчүн 30% жогору болбоого тийиш.
7. Буу электр казандарынын азыктандыруучу суусунун сапатынын көрсөткүчтөрү төмөндө келтирилген маанилерден жогору болбошу керек:
Көрсөткүч | Маани |
Шрифт боюнча тунуктугу, см, кем эмес | 20 |
Салыштырмалуу каршылык, Ом м | буу казандын паспортунда көрсөтүлгөн чектерде |
Жалпы катуулугу, мкг экв/л, жогору эмес | 0,1* |
Эритилген кычкылтектин камтылышы, мг/кг, жогору эмес | 0,1 |
Мунай продуктуларынын камтылышы, мг/кг, жогору эмес | 5 |
(*) Долбоордук уюм негиздеген учурда жалпы катуулуктун жогорулоосуна же төмөндөөсүнө буу казанды кеберден тазалоонун ортосундагы мезгилди, ошондой эле буунун сапатына жана андан алынуучу конденсатка карата ченемдик талаптарды сактоо шарттарында жол берилет.
8. Суу жылытуучу электр казандарынын азыктандыруучу жана тармактык суусунун сапатынын көрсөткүчтөрү төмөндө келтирилген маанилерден жогору болбошу керек:
Көрсөткүч | Маани |
Шрифт боюнча тунуктугу, см, кем эмес |
|
ачык | 40 |
жабык | 30 |
Салыштырмалуу каршылык, Ом м | казандын паспортунда көрсөтүлгөн чектерде |
Жалпы катуулугу, мкг экв/л, жогору эмес | 3 |
Эритилген кычкылтектин камтылышы, мг/кг |
|
тармактык суунун температурасы 115°C болгондо | 0,05 |
тармактык суунун температурасы 150°C болгондо | 0,03 |
Эркин көмүр кычкылынын камтылышы, мг/кг | жол берилбейт |
Жылуулук менен камсыздоо системалары үчүн мунай продуктуларынын камтылышы, мг/дм3, жогору эмес |
|
ачык | 0,3 |
жабык | 1 |
Суу жылытуучу электр казандарынын азыктандыруучу жана тармактык суусунун сапатынын бул ченемдери жылытуу-желдетүү же жылуулукту коё берүүнүн кайсы бир башка ийкемдүү графиги боюнча иштей турган буу казандарга таркатылат. Жылуулукту коё берүүнүн так графиги бар өндүрүштөрдө суу жылытуучу электр буу казандарын орноткон учурда, өзгөчө казандардын чектик параметрлерде туруктуу иштөөсүндө азыктандыруучу жана тармактык суунун сапаты долбоордук уюм тарабынан кабыл алынат.
|
| Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелерине 3-тиркеме |
Эксплуатациялоо боюнча колдонмодо (нускамада) конкреттүү көрсөтмөлөр болбогон учурдагы идиштерди техникалык күбөлөндүрүүнүн мезгилдүүлүгү
Эксплуатациялоодо турган жана ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга тийиш эмес идиштерди техникалык күбөлөндүрүүнүн мезгилдүүлүгү
№ | Аталышы | Тышкы жана ички карап чыгуулар | Сынам басымы менен гидравликалык сыноо |
1 | 0,1 мм/жылдан ашпаган ылдамдыкта материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун пайда кылуучу чөйрө менен иштөөчү идиштер | 2 жыл | 8 жыл |
2 | 0,1 мм/жылдан ашуун ылдамдыкта материалдын талкалануусун жана физикалык-химиялык айлануусун пайда кылуучу чөйрө менен иштөөчү идиштер | 12 ай | 8 жыл |
Ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга тийиш болгон идиштерди техникалык күбөлөндүрүүнүн мезгилдүүлүгү
№ | Аталышы | Тышкы жана ички карап чыгуулар | Сынам басымы менен гидравликалык сыноо |
1 | 0,1 мм/жылдан ашпаган ылдамдыкта материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун пайда кылуучу чөйрө менен иштөөчү идиштер | 4 жыл | 8 жыл |
2 | 0,1 мм/жылдан ашуун ылдамдыкта материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун пайда кылуучу чөйрө менен иштөөчү идиштер | 4 жыл | 8 жыл |
3 | Күкүрт суутектин камтылышы 100 м3 карата 5 г ашпаган суюк мунай газын сактоого арналган, топуракка көмүлгөн идиштер жана вакуумдун негизинде изоляцияланган жана суюлтулган кычкылтекти, азотту жана башка коррозиялык эмес криогендик суюктуктарды ташууга жана сактоого арналган идиштер | 10 жыл | 10 жыл |
4 | Сульфиттик ширетүүчү от казандар жана ички кислотага таасир бербеген футеровкасы менен гидролиздик аппараттар | 5 жыл | 10 жыл |
5 | Автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияларга орнотулган газды аккумуляциялоо үчүн көп катмарлуу идиштер | 10 жыл | 10 жыл |
6 | Жогорку жана төмөнкү басымдагы регенеративдик жылыткычтар, бойлерлер, деаэраторлор, ресиверлер жана электр станцияларын үйлөтүүнү кеңейткичтер | Капиталдык эки оңдоодон кийинки ички карап чыгуу жана гидравликалык сыноо, бирок 12 жылда бир жолудан кем эмес | |
7 | 0,5 мм/жылдан ашпаган ылдамдыкта материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун пайда кылуучу аммиакты жана метанолду өндүрүүдөгү идиштер | 8 жыл | 8 жыл |
8 | Материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун 0,1 мм/жылдан ашпаган ылдамдыкта пайда кылуучу чөйрө менен 0,07ден 100 МПага чейинки басымда иштөөчү мунай химиялык ишканалардын суурулма түтүк системасы менен жылуулук алмаштыргычтары | 12 жыл | 12 жыл |
9 | Материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун 0,1 мм/жылдан тартып 0,3 мм/жылдан ашуун ылдамдыкта пайда кылуучу чөйрө менен 0,07ден 100 МПага чейинки басымда иштөөчү мунай химиялык ишканалардын суурулма түтүк системасы менен жылуулук алмаштыргычтары | 8 жыл | 8 жыл |
10 | Материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун 0,1 мм/жылдан ашпаган ылдамдыкта пайда кылуучу чөйрө менен иштөөчү мунай химиялык ишканалардын идиштери | 6 жыл | 12 жыл |
11 | Материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун 0,1 ден тартып 0,3 мм/жылдан ашуун ылдамдыкта пайда кылуучу чөйрө менен иштөөчү мунай химиялык ишканалардын идиштери | 4 жыл | 8 жыл |
12 | Материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун 0,3 мм/жылдан ашуун ылдамдыкта пайда кылуучу чөйрө менен иштөөчү мунай химиялык ишканалардын идиштери | 4 жыл | 8 жыл |
Эскертүү:
1. Коррозиялык эмес чөйрөсү менен, ошондой эле 5 г/100 м3 ашпаган күкүрт суутек камтылган суюк мунай газы менен топуракка көмүлгөн идиштерди техникалык күбөлөндүрүүнү аларды топурактан чыгарбай жана тышкы изоляциясын алып салбай туруп, коррозияга каршы коргоонун бузулуулары болбогон жана бузбоочу метод менен идиштердин капталдарынын калыңдыгын контролдоо шарттарында жүргүзүүгө жол берилет. Капталдарынын калыңдыгын өлчөөлөр эксплуатациялоочу уюм тарабынан иштелип чыккан нускамалар боюнча жүргүзүлүшү керек.
2. Сульфиттик ширетилме от казандарды жана ички кислотага туруктуу футеровкасы бар гидролиздик аппараттарды гидравликалык сыноону ушул от казандардын металл капталдарын жана ультрадобуш дефектоскопиясынын аппараттарын контролдоо шарттарында жүргүзбөө керек. Ультрадобуш дефектоскопиясы аларды капиталдык оңдоо мезгилинде, бирок беш жылда бир жолудан кем эмес нускама боюнча металл корпусунун үстүңкү бетинин 50% кем эмес жана каңдалган жерлеринин узундугунун 50% кем эмес көлөмүндө жүргүзүлүүгө тийиш, мында 100% ультрадобуштук контролдоо ар бир 10 жылдан кем эмес жүзөгө ашырылууга тийиш.
3. Композициялык материалдарды колдонуу менен даярдалган, топуракка көмүлгөн идиштерди долбоорду иштеп чыгуучунун жана (же) идишти даярдоочунун методикасы боюнча карап чыгышат жана сынашат.
Эксплуатациялоодо турган жана ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга тийиш болбогон цистерналарды жана челектерди техникалык күбөлөндүрүүнүн мезгилдүүлүгү
№ | Аталышы | Тышкы жана ички карап чыгуулар | Сынам басымы менен гидравликалык сыноо |
1 | Басым 0,07 МПадан жогору болгон, мезгил-мезгили менен аларды бошотуу үчүн жасала турган цистерналар жана челектер | 2 жыл | 8 жыл |
2 | Материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун 0,1 мм/жылдан ашпаган ылдамдыкта пайда кылуучу суюлтулган газдар үчүн челектер | 4 жыл | 4 жыл |
3 | Материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун 0,1 мм/жылдан ашуун ылдамдыкта пайда кылуучу суюлтулган газдар үчүн челектер | 2 жыл | 2 жыл |
Эксплуатациялоодо турган жана ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга тийиш болгон цистерналарды техникалык күбөлөндүрүүнүн мезгилдүүлүгү
№ | Аталышы | Тышкы жана ички карап чыгуулар | Сынам басымы менен гидравликалык сыноо |
1 | Пропан-бутанды жана пентанды ташуу үчүн темир жол цистерналары | 10 жыл | 10 жыл |
2 | Вакуумдун негизинде изоляцияланган цистерналар | 10 жыл | 10 жыл |
3 | 09Г2С жана 10Г2СД маркасындагы болоттон жасалган, топтолгон түрдө термо иштетүүдөн өткөрүлгөн жана аммиакты ташууга арналган темир жол цистерналары | 8 жыл | 8 жыл |
4 | Материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун 0,1 мм/жылдан ашуун ылдамдыкта пайда кылуучу суюлтулган газдар үчүн цистерналар | 4 жыл | 8 жыл |
5 | Калган бардык цистерналар | 4 жыл | 8 жыл |
Эксплуатациялоодо турган жана ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга тийиш болбогон баллондорду техникалык күбөлөндүрүүнүн мезгилдүүлүгү
№ | Аталышы | Тышкы жана ички карап чыгуулар | Сынам басымы менен гидравликалык сыноо |
1 | Материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун пайда кылуучу газ менен толтуруу үчүн эксплуатациялоодо турган баллондор: |
|
|
| 0,1 мм/жылдан ашпаган ылдамдыктагы; | 5 жыл | 5 жыл |
| 0,1 мм/жылдан ашуун ылдамдыктагы | 2 жыл | 2 жыл |
2 | Транспорт каражаттарынын кыймылдаткычтарын отун менен камсыздоого арналган баллондор, транспорт каражаттарына алар төмөнкүлөр үчүн орнотулган: а) кысылган газ үчүн: |
|
|
| легирленген болоттордон жана металлкомпозиттик материалдардан жасалгандар | 5 жыл | 5 жыл |
| көмүртектүү болоттордон жана металлкомпозиттик материалдардан жасалгандар | 3 жыл | 3 жыл |
| металлкомиозиттик материалдардан, анын ичинде алюминий лейнерлери менен жасалгандар | 3 жыл | 3 жыл |
| металл эмес материалдардан жасалгандар | 2 жыл | 2 жыл |
| б) суюлтулган газ үчүн | 2 жыл | 2 жыл |
3 | Материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун (коррозия ж.б.у.с.) 0,1 мм/жылдан төмөн ылдамдыкта пайда кылуучу чөйрөсү менен баллондор, аларда 0,07 МПа басым мезгил-мезгили менен аларды бошотуу үчүн түзүлөт | 10 жыл | 10 жыл |
4 | Стационардык түрдө орнотулган, ошондой эле ташылуучу каражаттарда туруктуу орнотулган баллондор, аларда шүүдүрүм чекитинин минус 35°C жана андан төмөн температурасы менен, 15 МПа жана андан жогору басымда өлчөнгөн кысылган аба, кычкылтек, аргон, азот, гелий сакталат, ошондой эле суусуздандырылган көмүр кычкылы бар баллондор | 10 жыл | 10 жыл |
Ыйгарым укуктуу контролдоочу органда эсепке алынууга тийиш болгон баллондорду техникалык күбөлөндүрүүнүн мезгилдүүлүгү
№ | Аталышы | Тышкы жана ички карап чыгуулар | Сынам басымы менен гидравликалык сыноо |
1 | Стационардык түрдө орнотулган, ошондой эле ташылуучу каражаттарда туруктуу орнотулган баллондор, аларда шүүдүрүм чекитинин минус 35°C жана андан төмөн температурасы менен, 15 МПа жана андан жогору басымда өлчөнгөн кысылган аба, кычкылтек, аргон, азот, гелий сакталат, ошондой эле суусуздандырылган көмүр кычкылы бар баллондор | 10 жыл | 10 жыл |
2 | Калган бардык баллондор: |
|
|
| а) материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун (коррозия жана б.у.с.) 0,1 мм/жылдан төмөн ылдамдыкта пайда кылуучу чөйрө менен; | 4 жыл | 8 жыл |
| б) материалдын бузулуусун жана физикалык-химиялык айлануусун 0,1 мм/жылдан жогору ылдамдыкта пайда кылуучу чөйрө менен | 2 жыл | 8 жыл |
|
| Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелерине 4-тиркеме |
Электр казандарынын электр жабдууларын электрдик сыноонун ченемдери
Сыноолор | Оңдоонун түрү | Ченемдик көрсөткүчтөр | Көрсөтмөлөр |
Изоляциялоочу кошулманын суу мамысынын каршылыгын өлчөө | А, К, У же М | Суу мамысынын каршылыгы (Ом) кошулмалардын ар биринде 0,06 Uф n кем болбоого тийиш, мында: Uф - электроддук от казандын фазалык чыңалуусу (В); n - от жаккычтын бардык от казандарынын изоляциялоочу кошулмаларынын саны | Электроддук казандарда 1 кВ жогору болгон чыңалуу менен өлчөнөт |
200 n, Ом кем эмес | 1 кВ чейинки чыңалуудагы от казандарда | ||
Азыктандыруучу (тармактык) суунун салыштырмалуу электрдик каршылыгын өлчөө | А, К | 20°C учурунда даярдоочу уюм тарабынан көрсөтүлгөн чектерде болушу керек | Казандар үчүн иштетүүнүн жана суу менен камсыздоо булагынын өзгөрүүсүндө өлчөнөт, ал эми ачык көлмөлөрдөн суу менен камсыздоодо - жылына төрт жолудан кем эмес |
Өнөр жай жыштыгындагы жогорулатылган чыңалуу менен сыноолор: | А, К | Сыноонун узактыгы - 1 мүнөт | - |
а) казандын корпусун суудан бошотулган изоляциялоочу кошулмалар менен бирге изоляциялоодо |
| 32 кВ - фарфордук үчүн, 29 кВ - изоляциянын башка түрлөрү үчүн | Номиналдык чыңалуусу 6 кВ болгон от казандар |
|
| 42 кВ - фарфордук үчүн, 38 кВ - изоляциянын башка түрлөрү үчүн | Номиналдык чыңалуусу 10 кВ болгон от казандар |
|
| 2 кВ | Номиналдык чыңалуусу 0,4 кВ болгон от казандар |
б) изоляциялоочу кошулмаларда |
| Эки эселенген номиналдуу чыңалуу менен жүргүзүлөт | - |
От казандын суусуз изоляциялоо каршылыгын өлчөө | А, К | 0,5 МОм кем эмес (эгерде даярдоочу уюм тарабынан өтө жогорку талаптар алдын ала эскертилбесе) | Электроддордун корпусуна карата максималдуу жана минималдуу кубаттуулук абалында мегомметр менен 2500 В чыңалууга карата өлчөнөт |
От казандын коргоочу аппаратурасынын ишин текшерүү | А, К, У, М | Өндүрүштүк нускамалар жана даярдоочу уюмдун нускамаларына ылайык | Анын ичинде, 1 кВ чейинки чыңалуусу менен электроддук казандарда жердештирилген нейтралдагы системада атайын приборлордун жардамы менен бир фазалуу кыска туташуунун тогу корпусуна карата же "фаза-нөл" илмегинин каршылыгы кыска туташуу тогун кийин аныктоо менен аныкталууга тийиш. Алынган ток кошулманы жакынкы сактагычты эритүүчү номиналдуу токтон төрт эседен кем эмес жана алты эседен кем эмес токтон кайтарым көз каранды мүнөздөмөгө ээ болуучу автоматтык өчүргүчтү ажыраткычта ашып турууга тийиш |
Эскертүү: К - капиталдык оңдоо; У - учурдагы оңдоо; А - алдын алуучу сыноолор; М - монтаж.
|
| Ашыкча басымда иштеген жабдуу пайдаланылган кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздук эрежелерине 5-тиркеме |
Цистерналарды, челектерди суюлтулган газ менен толтуруу ченемдери
Газдын аталышы | Цистернанын же челектин сыйымдуулугунун 1 л карата газ салмагы, кг, жогору эмес | Цистернанын же челектин 1 кг газга карата сыйымдуулугу, л, кем эмес |
Азот | 0,770 | 1,30 |
Аммиак | 0,570 | 1,76 |
Бутан | 0,488 | 2,05 |
Бутилен | 0,526 | 1,90 |
Пропан | 0,425 | 2,35 |
Пропилен | 0,445 | 2,25 |
Фосген, хлор | 1,250 | 0,80 |
Кычкылтек | 1,080 | 0,926 |
Бул таблицада аталбаган газдар үчүн толтуруу ченеми даярдоочу уюмдардын өндүрүштүк нускамалары менен белгиленет, алар суюлтулган газ менен толтурууда кескин температура 50°Cдан жогору болсо, цистерналарда жана челектерде газ жаздыкчасынын жеткиликтүү көлөмү болушуна, ал эми суюлтулган газ менен толтурууда кескин температура 50°C дан төмөн болсо, цистерналардагы жана челектердеги басым 50°C учурунда алар үчүн белгиленген эсептик басымдан ашпагыдай болуусуна негизделет.
Баллондорду суюлтулган газ менен толтуруу ченемдери
Газдын аталышы | Баллондун 1 л сыйымдуулугуна карата газ салмагы, кг, жогору эмес | Баллондун 1 кг газга туура келгидей сыйымдуулугу, л, төмөн эмес |
Аммиак | 0,570 | 1,76 |
Бутан | 0,488 | 2,05 |
Бутилен, изобутилен | 0,526 | 1,90 |
Этилен кычкылы | 0,716 | 1,40 |
Пропан | 0,425 | 2,35 |
Пропилен | 0,445 | 2,25 |
Күкүрт суутеги, фосген, хлор | 1,250 | 0,80 |
Көмүр кычкылы* | 0,720 | 1,34 |
Муздаткыч агент R-11 | 1,200 | 0,83 |
Муздаткыч агент R-12 | 1,100 | 0,90 |
Муздаткыч агент R-13 | 0,600 | 1,67 |
Муздаткыч агент R-22 | 1,000 | 1,00 |
Хлордуу метил, хлордуу этил | 0,800 | 1,25 |
Этилен | 0,286 | 3,50 |
(*) Баллондогу 20,0 МПа жумушчу басымындагы толтуруу ченеми көрсөтүлгөн. Башка жумушчу басымы менен баллондорду пайдаланууда толтуруу коэффициенти төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш: 10 МПа жумушчу басымында - 0,29 кг/л; 12,5 МПа жумушчу басымында - 0,47 кг/л; 15 МПа жумушчу басымында - 0,60 кг/л.
Бул таблицада аталбаган газдар үчүн толтуруу ченеми газды даярдоочунун техникалык шарттарына ылайык толтуруучу станциялардын өндүрүштүк нускамалары менен белгиленет.