Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-февралындагы № 35 токтомуна) |
Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү, токтотуу жана Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен (мындан ары - КМТУБМР) кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча катталган талап укугу жөнүндө маалыматтарды берүү тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат, ошондой эле КМТУБМР жүргүзүүнү камсыздайт.
3. Ушул Нускамада төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) маалыматтар базасынын администратору - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын КМТУБМРди пайдалануучулардын эсептик жазууларын каттоону жүзөгө ашыруучу жооптуу кызматкери;
2) күрөө кармоочулар-каттоочулар тобунун администратору - күрөө кармоочулардын жана күрөө кармоочулар-каттоочулар топторунун администраторлорунун эсептик жазууларын түзүүчү күрөө кармоочунун (жеке же юридикалык жактын) ыйгарым укуктуу адамы;
3) автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - КМТУБМРдин иштөөсүн камсыз кылуучу программалык камсыздоо;
4) авторизациялоо - КМТУБМРде пайдалануучуну идентификациялоо, ал маалыматтар базасында белгилүү бир иш-аракеттерди аткарууга укук берет;
5) АМСте аутентификациялоо - пайдалануучуну автоматташтырылган маалыматтык системада идентификациялоочу маалыматтардын аныктыгын текшерүү жол-жобосу;
6) көчүрмө - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча катталган же катталбаган талап укугу жөнүндө маалыматты камтыган документ;
7) кыймылдуу мүлк күрөөлөрү боюнча бирдиктүү мамлекеттик реестр - кыймылдуу мүлктүн катталган күрөөлөрүнүн маалыматтар базасы, ал КМТУБМР колдонууга киргизилгенге чейин катталган күрөө кабарлоолору жөнүндө маалыматтарды камтыйт;
8) кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри (КМТУБМР) - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) катталган талап укуктарынын бирдиктүү электрондук маалыматтар базасы;
9) күрөө кабарлоосу - КМТУБМРде электрондук формада катталуучу жазуу, ал кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жөнүндө маалыматтарды камтыйт;
10) күрөө кармоочу - негизги милдеттенмеси боюнча талаптары күрөө менен камсыздалган жак;
11) күрөө кармоочу-каттоочу - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоочу, катталган күрөө кабарлоосун өзгөртүү жөнүндө жазууну жана күрөө кабарлоосуна кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун токтотуу жөнүндө жазууну киргизүүчү жана КМТУБМРден көчүрмөнү өз алдынча алуучу ыйгарым укуктуу жак (жеке же юридикалык жактын);
12) арыз ээси - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо же КМТУБМРден көчүрмөнү алуу үчүн кайрылган жеке же юридикалык жак. Күрөө кармоочу гана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо боюнча арыз ээси боло алат;
13) арыз - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу жөнүндө негизги маалыматты камтыган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга күрөө кармоочу тарабынан берилүүчү белгиленген үлгүдөгү бланк, ал КМТУБМРде катталат;
14) КМТУБМРди пайдалануучунун жеке кабинети - корголгон кошулуу боюнча кирүүгө мүмкүн болгон АМСтеги өзүнчө бөлүм. Жеке кабинет катталган күрөө кабарлоолору, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аларды токтотуу жөнүндө жазуулар, белгилүү бир мезгилдеги иш-аракеттердин саны жана төлөмдөр жонүндө маалыматтарды камтыйт;
15) логин - КМТУБМРде пайдалануучуну идентификациялоо жана маалыматтар базасына кирүү мүмкүндүгү үчүн зарыл болгон тамгалардын жана/же цифралардын уникалдуу топтому;
16) маалыматтарды миграциялоо - кыймылдуу мүлк күрөөлөрү боюнча бирдиктүү мамлекеттик реестрден маалыматтарды тандоо, даярдоо, алуу, кайра түзүү жана КМТУБМРге берүү процесси;
17) пароль - символдордун жашыруун топтому, ал КМТУБМРди пайдалануучунун эсептик жазуусун коргойт;
18) КМТУБМРди пайдалануучулар - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери (адис-каттоочулар, маалыматтар базасынын администраторлору, башка ыйгарым укуктуу адамдар), жеке же юридикалык жактардын КМТУБМРге кирүүгө уруксаты бар ыйгарым укуктуу адамдары (күрөө кармоочулар-каттоочулар, күрөө кармоочулар-каттоочулар топторунун администраторлору);
19) күрөө кабарлоосунун каттоо номери - цифралардын жана/же тамгалардын башка күрөө кабарлоолорунан айырмалоо үчүн бул объектти билдирүүчү уникалдуу топтому. Күрөө кабарлоосунун каттоо номери КМТУБМРде маалыматтар сакталган бүткүл мезгил ичинде өзгөрүүсүз калат.
20) кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо - электрондук формада жүргүзүлүүчү жол-жобо, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугу КМТУБМРде катталат;
21) адис-каттоочу - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын күрөө кармоочунун арызынын негизинде кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоочу, катталган күрөө кабарлоосун өзгөртүү жөнүндө жазууну жана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун токтотуу жөнүндө жазууну күрөө кабарлоосуна киргизүүчү жана КМТУБМРден көчүрмөнү берүүчү кызматкери;
22) эсептик жазуу - пайдалануучуну идентификациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтар;
23) электрондук документ жүргүзүү - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо процессинде маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды колдонуу менен электрондук документтерди түзүү, иштеп чыгуу, жөнөтүү, берүү, алуу, сактоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү, жок кылуу процесстеринин жыйындысы;
24) QR-код - кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткарууну талап кылуу укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн штрихкоддун эки өлчөмдүү символу. Код АМС тарабынан күрөө кабарлоосуна автоматтык түрдө берилет, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгыш номерин жана мөөрүн алмаштырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 205 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күрөө предмети болушу мүмкүн:
1) кайсы кыймылдуу мүлккө болбосун менчик укугу же башка буюмдук укук, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте ажыратылышы мүмкүн болгон буюмдар же укуктар;
2) кайсы кыймылдуу мүлк болбосун, анын ичинде кайсы болбосун товарлар, негизги фонддор жана жүгүртмө каражаттар, жабдуулар, товардык-материалдык запастар, даяр продукция, кандайдыр бир чектөөлөрсүз баалуу металлдар, көчөттөр, материалдык маданияттын объекттери жана рухий маданияттын предметтери, акча каражаттары (улуттук, чет өлкөлүк валютада да), кредиттик-акча инструменттери жана алардын туундулары, баалуу кагаздарга сертификаттар, жарандык жүгүртмөдөн алынбаган башка кыймылдуу мүлк;
3) күрөө берүүчүгө таандык мүлк укуктары, мүлк укугун пайдаланууга роялтини, акча алуу укугун, пайдалануу укугун кошкондо, анын ичинде ижарачынын укуктары, күрөө берүүчүгө менчик укугунда таандык болбогон буюмдардан пайда табуу укуктары, интеллектуалдык менчик укуктары, жазуу формасындагы баалуу кагаздарга укуктар, карыз талаптары жана келишимдик милдеттенмелерден келип чыгуучу башка укуктар (талаптар). Белгилүү колдонуу мөөнөтүнө ээ болгон укук анын иш-аракетинин мөөнөтү аяктаганга чейин гана күрөө предмети боло алат;
4) келечекте пайда болуучу буюмдар же укуктар, анын ичинде күрөө берүүчүнүн өндүрүлгөн продукциясынын келечектеги запастары же кандайдыр бир чектөөлөрсүз дебитордук карыз;
5) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык менчик ээси мамлекет болуп саналган пайдалуу кен чыккан жерлерди жана башка жаратылыш ресурстарын иштетүү жана пайдалануу укуктары.
5. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо өзүнө төмөнкү иш-аракеттерди камтыйт: катталган күрөө кабарлоосун алдын ала каттоо, каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү, токтотуу. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо күрөө кармоочунун артыкчылыктуу укугун аныктайт.
2-глава. Эсептик жазууну түзүү
6. КМТУБМРде кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо эсептик жазуусу бар адис-каттоочу же күрөө кармоочу-каттоочу тарабынан жүргүзүлөт.
7. Адис-каттоочунун эсептик жазуусун түзүү үчүн маалыматтар базасынын администратору жеке кабинетте аны КМТУБМРде каттайт, ага логинди жана паролду берет, авторизациялоону жүргүзөт.
8. Күрөө кармоочулар-каттоочулар тобунун администраторунун эсептик жазуусу күрөө кармоочунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзгөн келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ага кол коюлган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде маалыматтар базасынын администратору тарабынан түзүлөт.
Күрөө кармоочулар-каттоочулар тобунун администраторунун эсептик жазуусун түзүү үчүн маалыматтар базасынын администратору түзүлгөн келишимдин негизинде күрөө кармоочу тууралуу маалыматтарды маалыматтар базасына киргизет, күрөө кармоочулар-каттоочулар тобунун администраторун КМТУБМРде каттайт, ага логинди жана паролду берет, аны авторизациялоону жүргүзөт.
Авторизациялоодон кийин маалыматтар базасынын администратору күрөө кармоочуга логинди жана паролду электрондук формада берет.
9. Күрөө кармоочулар-каттоочулар тобунун администратору жеке кабинетте күрөө кармоочулардын жана күрөө кармоочулар-каттоочулар топторунун администраторлорунун эсептик жазууларын кошумча түзөт.
10. КМТУБМРдин маалыматтар базасына кирүү күрөө кармоочу-каттоочуну же адис-каттоочуну аутентификациялоочу жана активдештирүүчү логин менен пароль АМСке киргизилгенден кийин гана жүргүзүлөт.
11. Логин жана пароль АМСке үч жолу туура эмес киргизилген учурда КМТУБМРдин маалыматтар базасына кирүү блоктонот. Паролду калыбына келтирүү жана пайдалануучуларды блоктон чыгаруу маалыматтар базасынын администратору же күрөө кармоочулар-каттоочулар тобунун администратору (алар тарабынан түзүлгөн күрөө кармоочулардын-каттоочулардын эсептик жазууларына карата) тарабынан пайдалануучунун кайрылуусунун негизинде ишке ашырылат.
12. Логиндин жана паролдун жардамы менен күрөө кармоочу-каттоочу же адис-каттоочу:
1) КМТУБМРдин маалыматтар базасына кирүү мүмкүндүгүнө ээ болот;
2) КМТУБМРде маалыматтарды издейт;
3) күрөө кабарлоосун түзөт;
4) күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизет;
5) күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө жазууну киргизет;
6) көчүрмөнү түзөт.
13. Күрөө кабарлоосун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу боюнча күрөө кармоочулардын-каттоочулардын жана адис-каттоочунун бардык иш-аракеттери адис-каттоочунун же күрөө кармоочулардын-каттоочулардын, ошондой эле маалыматтар базасынын администраторунун жана күрөө кармоочулар-каттоочулар тобунун администраторунун жеке кабинетинде чагылдырылат.
3-глава. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоонун жалпы шарттары
1-§. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде алдын ала каттоо
14. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун алдын ала каттоо электрондук формада ишке ашырылуучу жол-жобо болуп саналат, ал аркылуу адис-каттоочу же күрөө кармоочу-каттоочу күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосундагы күрөө жөнүндө келишим түзүү ниети пайда болгон учурда күрөө берүүчүнүн (карызкордун) макулдугу менен күрөө кармоочу, күрөө берүүчү (карызкор) жана күрөө предмети жөнүндө маалыматтарды КМТУБМРге киргизет.
15. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде алдын ала каттоодо АМСте алдын ала каттоону билдирүүчү айырмалоочу бир (Р) латын тамгасы менен каттоо номери берилет.
16. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун алдын ала каттоо кыймылдуу мүлккө артыкчылыктуу талап укугун бербейт.
17. Эгерде күрөө кармоочу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугу КМТУБМРде алдын ала катталган күндөн тартып 30 (отуз) жумуш күндүн ичинде каттоону ырастабаса, АМСте алдын ала каттоо жөнүндө жазуу деактивдештирилет (өчүрүлөт).
18. Күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ортосунда күрөө жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө макулдашуу жетишилбеген учурда, күрөө кармоочу КМТУБМРде күрөө кабарлоосун алдын ала каттоону жокко чыгарат.
2-§. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоо
19. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо электрондук формада ишке ашырылуучу жол-жобо болуп саналат, ал аркылуу адис-каттоочу же күрөө кармоочу-каттоочу КМТУБМРге түзүлгөн күрөө жөнүндө келишим, күрөө кармоочу, күрөө берүүчү (карызкор), камсыз кылынган милдеттенме, күрөө предмети, күрөөнү башкаруучу жана күрөө предметин соттук эмес тартипте өндүрүп алуу тууралуу макулдашуунун бар экендиги жөнүндо маалыматтарды киргизет.
20. КМТУБМРге маалыматтарды киргизүү адистин-каттоочунун же күрөө кармоочунун-каттоочунун жеке кабинети аркылуу жүргүзүлөт.
21. КМТУБМРге киргизилген маалыматтардын негизинде АМСте күрөө кабарлоосу түзүлөт, ал кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо фактысын ырастайт. Күрөө кабарлоосу ушул главанын 6-параграфынын талаптарына ылайык түзүлөт.
22. Күрөө кабарлоосун КМТУБМРде каттоодо АМСте күрөө кабарлоосуна автоматтык түрдө каттоо номери берилет жана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча катталган артыкчылыктуу талап укугунун датасы (күнү, айы, жылы), убактысы (сааттары, мүнөттөрү жана секунддары) аныкталат.
23. КМТУБМРде каттоо номери, убактысы жана датасы АМСте берилген учурдан тартып күрөө кабарлоосу катталды деп эсептелет.
3-§. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча КМТУБМРде мурда катталган талап укугу боюнча күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү
24. Катталган күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү электрондук формада ишке ашырылуучу жол-жобо болуп саналат, ал аркылуу адис-каттоочу же күрөө кармоочу-каттоочу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча КМТУБМРде мурда катталган талап укугу боюнча маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизет.
25. Өзгөртүүлөр күрөө келишимине кошумча макулдашууга жана/же камсыздалган милдеттенмеге ылайык ушул Нускаманын 19-пунктунда каралган маалыматтарга киргизилиши мүмкүн.
26. Катталган күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү адис-каттоочунун же күрөө кармоочунун-каттоочунун жеке кабинети аркылуу ишке ашырылат.
27. АМСте күрөө кабарлоосун издөө адис-каттоочунун же күрөө кармоочунун-каттоочунун жеке кабинетиндеги каттоо номеринин жардамы менен жүргүзүлөт.
28. Баштапкы катталган күрөө кабарлоосунда датасын жана убактысын көрсөтүү менен катталган күрөө кабарлоосу токтотулганга чейин жасалган кийинки иш-аракеттердин таржымалы сакталат.
29. Катталган күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин ушул главанын 6-параграфынын талаптарына ылайык АМСте күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө толуктоо түзүлөт. КМТУБМРде күрөө кабарлоосуна толуктоолорду каттоодо АМСте автоматтык түрдө бул толуктоого ылайык өзгөртүүлөр киргизилип жаткан күрөө кабарлоосуна каттоо номери берилет жана датасы (күнү, айы, жылы), убактысы (сааттары, мүнөттөрү жана секунддары) аныкталат.
4-§. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча КМТУБМРде мурда катталган талап укугу боюнча күрөө кабарлоосун токтотуу
30. Катталган күрөө кабарлоосун токтотуу электрондук формада ишке ашырылуучу жол-жобо болуп саналат, ал аркылуу адис-каттоочу же күрөө кармоочу-каттоочу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча КМТУБМРде мурда катталган талап укугу боюнча күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө жазууну киргизет.
31. АМС 10 (он) календардык күн мурун адис-каттоочуга же күрөө кармоочуга-каттоочуга катталган күрөө милдеттенмесин токтотуу мөөнөтүнүн жакындап калгандыгы жөнүндө кабарлайт.
32. Катталган күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө жазуу күрөө кармоочунун алдындагы бардык милдеттенмелер күрөө берүүчү тарабынан аткарылганда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана күрөө жөнүндө келишимде каралган учурларда адис-каттоочу же күрөө кармоочу-каттоочу тарабынан киргизилет.
33. Катталган күрөө кабарлоосун колдонуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча катталган талап укугу менен камсыздалган кредит боюнча милдеттенмелер мөөнөтүнөн мурда аткарылган учурда күрөө берүүчүнүн арызы боюнча анын мөөнөтү аяктаганга чейин токтотулушу мүмкүн.
34. Катталган күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө жазуу КМТУБМРге киргизилгенден кийин АМСте ушул главанын 6-параграфынын талаптарына ылайык талап укугун токтотуу жөнүндө күрөө кабарлоосуна толуктоо түзүлөт. Күрөө кабарлоосуна толуктоону КМТУБМРде каттоодо АМСге бул толуктоого ылайык колдонуу токтотулуп жаткан күрөө кабарлоосуна каттоо номери автоматтык түрдө берилет жана датасы (күнү, айы, жылы), убактысы (сааттары, мүнөттөрү жана секунддары) аныкталат.
5-§. КМТУБМРден көчүрмө
35. КМТУБМРден көчүрмө берүү адис-каттоочу тарабынан ишке ашырылуучу жол-жобо болуп саналат, ал аркылуу кызыкдар жактарга кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча катталган же катталбаган талап укугу жөнүндө маалыматтар берилет. Күрөө кармоочу-каттоочу КМТУБМРден көчүрмөнү өз алдынча алат.
36. КМТУБМРден көчүрмө ушул главанын 6-параграфынын талаптарына ылайык кызыкдар жактарга жазуу же электрондук түрдө берилет.
37. Көчүрмөнү кызыкдар тарап көчүрмө берүү үчүн акы төлөөнү ырастаган документти тиркөө менен АМСте арыздын электрондук формасын толтуруу аркылуу КМТУБМР аркылуу өз алдынча алышы мүмкүн.
6-§. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун МТУБМРде каттоодо пайдаланылуучу документтер
38. Күрөө кабарлоосу КМТУБМРде электрондук формада катталуучу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо жөнүндө маалыматтарды камтыган жазуу болуп саналат.
39. Күрөө кабарлоосу КМТУБМРде катталган учурдан тартып жана аны токтотуу жөнүндө жазуу киргизилгенге чейин колдонулат.
40. Күрөө кабарлоосу толтуруу үчүн милдеттүү болгон сааттарды камтыйт. АМСте милдеттүү болгон саптар туура эмес же толук эмес толтурулган учурда күрөө кабарлоосун каттоо мүмкүн эместиги тууралуу маалымат берилет.
41. Күрөө кабарлоосу төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) күрөө келишими жөнүндө маалыматтарды:
- күрөө келишиминин номерин;
- күрөө келишими түзүлгөн датаны жана ордун;
2) күрөө кармоочу же күрөөнү башкаруучу (дайындалган болсо), күрөө берүүчү жана эгерде ал күрөө берүүчү болуп эсептелбесе күрөө менен камсыздалган милдеттенме боюнча карызкор жөнүндө маалыматтарды:
- жеке жактар үчүн - фамилиясын, атын, атасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, туруктуу жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номерин (мындан ары - ИЖН);
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын фирмалык аталышын, юридикалык дарегин, идентификациялык салык номерин (мындан ары - ИСН);
3) күрөө менен камсыздалган милдеттенмени баяндоону:
- келишимдин түрүн;
- келишимдин номерин жана түзүлгөн датасын;
- келишимди колдонуу башталган датаны;
- күрөө менен камсыздалган милдеттенменин суммасын жана аны аткаруу мөөнөтүн;
4) күрөө предметин баяндоону:
- күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү идентификациялоо үчүн зарыл болгон баяндоону;
- менчик укугу жөнүндө маалыматтарды;
- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөө кармоочуларга жазуу жүзүндөгү кабарлоо каралган болсо, күрөөгө коюлган мүлктүн кийинки күрөөсү (кайрадан күрөөгө коюу) жөнүндө маалыматтар;
- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөөгө коюуга (кайрадан күрөөгө коюуга) тыюу салуу каралган болсо, кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө (кайрадан күрөөгө коюуга) тыюу салуу жөнүндө маалыматтарды.
5) күрөө предметин соттук эмес тартипте өндүрүп алуу тууралуу макулдашуунун бар экендиги жөнүндө маалыматтарды;
6) күрөө кабарлоосу катталгандан кийин автоматтык түрдө АМС тарабынан берилүүчү күрөө кабарлоосунун каттоо номери.
Күрөө кабарлоосунун каттоо номери төмөнкүдөй түзүмгө ээ:
КНКАЖ, мында:
КН - катар номери;
КАЖ - күнү, айы, жылы.
Күрөө кабарлоосу АМСте, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бланкында, pdf форматында түзүлөт жана ушул пунктта көрсөтүлгөн маалыматтарды, ошондой эле QR-кодду камтыйт.
42. Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө күрөө кабарлоосуна толуктоо КМТУБМРде электрондук формада катталуучу, күрөө кармоочу, күрөө берүүчү (карызкор) жана кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча КМТУБМРде мурда катталган талап укугу боюнча күрөө кабарлоосуна киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды камтыган жазуу болуп саналат.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө күрөө кабарлоосуна толуктоо АМСте, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бланкында, pdf форматында түзүлөт жана ушул пунктта көрсөтүлгөн маалыматтарды, ошондой эле QR-кодду камтыйт.
43. Катталган күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө күрөө кабарлоосуна толуктоо КМТУБМРде электрондук формада катталуучу күрөө кармоочу, күрөө берүүчү (карызкор) жөнүндө маалыматтарды, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча КМТУБМРде мурда катталган талап укугу боюнча күрөө кабарлоосун токтотуунун негиздерин камтыган жазуу болуп саналат.
44. Катталган күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө күрөө кабарлоосуна толуктоо АМСте, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бланкында, pdf форматында түзүлөт жана ушул пунктта көрсөтүлгөн маалыматтарды, ошондой эле QR-кодду камтыйт.
45. КМТУБМРден көчүрмө кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча КМТУБМРде катталган же катталбаган талап укугу жөнүндө маалыматтарды камтыган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бланкында берилүүчү документ болуп саналат.
46. Көчүрмө төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) көчүрмөнүн каттоо номерин, көчүрмө берилген датаны жана убакытты;
2) күрөө кабарлоосунун каттоо номерин, катталган датаны жана убакытты:
- катталган жерин;
- күрөө берүүчү тууралуу маалыматтарды;
- карызкор (эгерде ал күрөө берүүчү болбосо) тууралуу маалыматтарды;
- күрөө кармоочу тууралуу маалыматтарды;
- күрөөнү башкаруучу (дайындалган болсо) тууралуу маалыматтарды;
- күрөө предмети жана анын жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды;
- бардык өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө белгини;
- мурдагы күрөө милдеттенмесинин бар экендиги тууралуу маалыматтарды.
3) QR-кодду.
47. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоого арыз күрөө кармоочунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндөгү кайрылуусу болуп саналат.
48. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоого арыз төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) күрөө кармоочу жөнүндө маалыматтарды:
- жеке жактар үчүн - фамилиясын, агын, атасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, аны берген органдын аталышын жана датасын, ИЖН, жашаган жеринин дарегин;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын фирмалык аталышын, юридикалык дарегин, ИСН;
- ишеним каттын негизинде иштеген ыйгарым укуктуу жак жөнүндө маалыматтарды (фамилиясын, атын, атасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, аны берген органды жана датасын, ИЖН, жашаган жеринин дарегин, ишеним каттын номерин жана берилген датасын);
2) күрөө берүүчү жөнүндө маалыматтарды:
- жеке жактар үчүн - фамилиясын, атын, атасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, аны берген органды жана датасы, ЖИН, жашаган жеринин дарегин;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын фирмалык аталышын, юридикалык дарегин, ИСН;
3) карызкордун маалыматтарын (эгерде ал күрөө берүүчү болбосо);
- жеке жактар үчүн - фамилиясын, атын, атасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, аны берген органды жана датасын, ИЖН, жашаган жеринин дарегин;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын фирмалык аталышын, юридикалык дарегин, ИСН;
4) күрөө жөнүндө келишим түзүлгөн датаны;
5) камсыздалган милдеттенмени баяндоону:
- камсыздалган милдеттенменин суммасын жана аны аткаруу мөөнөтүн;
- күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү идентификациялоо үчүн зарыл болгон баяндоону;
- менчик укугу жөнүндө маалыматтарды;
6) күрөөнү башкаруучуну (дайындалган болсо):
- жеке жактар үчүн - фамилиясын, атын, агасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, аны берген органды жана датасын, ИЖН, жашаган жеринин дарегин;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышын, юридикалык дарегин, ИСН;
7) эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөө кармоочуларга жазуу жүзүндө кабарлоо каралса, кийинки күрөөнүн (кайрадан күрөөгө коюу) мүмкүндүгү жөнүндө маалыматтарды;
8) эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөөгө (кайрадан күрөөгө коюуга) тыюу салуу каралса, кыймылдуу мүлктүн кийинки күрөөсүнө (кайрадан күрөөгө коюуга) тыюу салуу жөнүндө маалыматтарды;
9) күрөө берүүчүнүн (карызкордун) жеке маалыматтарын КМТУБМРде жайгаштыруу жана банктык сырды түзгөн маалыматты берүү (финансы-кредиттик уюмдар үчүн) жөнүндө макулдугунун бар экендиги тууралуу маалыматтарды;
10) күрөө предметин соттук эмес тартипте өндүрүп алуу тууралуу макулдашуунун бар экендиги жөнүндө маалыматтарды;
11) арыз менен коюлуучу негизделген талапты (арыздын предметин);
12) реквизиттери менен тиркелген документтердин тизмесин;
13) арыз берилген датаны, арыз ээсинин колун жана байланыш маалыматтарын (телефон номерин, электрондук почтасынын дарегин).
49. Катталган күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз күрөө кармоочунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндөгү кайрылуусу болуп саналат.
50. Катталган күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыз төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) күрөө кармоочу жөнүндө маалыматтарды:
- жеке жактар үчүн - фамилиясын, атын, атасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, аны берген органды жана датасын, ИЖН, жашаган жеринин дарегин;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын фирмалык аталышын, юридикалык дарегин, ИСН;
- ишеним каттын негизинде иштеген ыйгарым укуктуу жактын маалыматтарын (фамилиясын, атын, атасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, аны берген органдын аталышын жана датасын, ИЖН, жашаган жеринин дарегин, ишеним каттын номерин жана берилген датасын);
2) арыз менен коюлуучу негизделген талапты (арыздын предметин);
3) тиркелген документтердин тизмесин (реквизиттери менен);
4) толтурулган датаны, арыз ээсинин колун жана байланыш маалыматтарын (телефон номерин, электрондук почтасынын дарегин).
51.Кыймылдуу мүлк күрөөлөрү боюнча бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган күрөө кабарлоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн арыз ээси күрөө берүүчү жөнүндө төмөнкү маалыматтарды кошумча берет:
1) күрөө берүүчү жөнүндө маалыматтарды:
- жеке жактар үчүн - фамилиясын, атын, атасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, аны берген органды жана датасын, ЖИН, жашаган жеринин дарегин;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын фирмалык аталышы, юридикалык дарегин, ИСН;
2) карызкордун маалыматтарын (эгерде ал күрөө коюучу болбосо);
- жеке жактар үчүн - фамилиясын, атын, атасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, аны берген органды жана датасын, ИЖН, жашаган жеринин дарегин;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын фирмалык аталышын, юридикалык дарегин, ИСН;
3) күрөө берүүчүнүн (карызкордун) жеке маалыматтарын КМТУБМРде жайгаштыруу жана банктык сырды түзгөн маалыматты берүү (финансы-кредиттик уюмдар үчүн) жөнүндө макулдугунун бар экендиги тууралуу маалыматтарды.
52. Катталган күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө арыз күрөө кармоочунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча КМТУБМРде мурда катталган талап укугу боюнча күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусу болуп саналат.
53. Күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө арыз төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) күрөө кармоочу жөнүндө маалыматтарды:
- жеке жактар үчүн - фамилиясын, атын, атасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, жашаган жеринин дарегин, ИЖН;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышын, юридикалык дарегин, ИСН;
- ишеним каттын негизинде иштеген ыйгарым укуктуу жактын маалыматтарын;
2) арыз менен коюлуучу негизделген талапты (арыздын предметин);
3) тиркелген документтердин тизмесин (реквизиттери менен);
4) толтурулган датаны, арыз ээсинин колун жана байланыш маалыматтарын (телефон номерин, электрондук почтасынын дарегин).
54. Кыймылдуу мүлк күрөөлөрү боюнча бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган күрөө кабарлоолорун токтотуу үчүн арыз ээси күрөө берүүчү жөнүндө төмөнкү маалыматтарды кошумча берет:
1) күрөө берүүчү жөнүндө маалыматтарды:
- жеке жактар үчүн - паспортунун сериясын жана номерин, ИЖН;
- юридикалык жактар үчүн - ИСН;
2) карызкордун маалыматтарын (эгерде ал күрөө берүүчү болбосо);
- жеке жактар үчүн - паспортунун сериясын жана номерин, ИЖН;
- юридикалык жактар үчүн - ИСН.
55. Күрөөнү токтотуу жөнүндө билдирүү күрөө кармоочу тарабынан жазуу жүзүндө түзүлгөн жана төмөнкү маалыматтарды камтыган документ болуп саналат:
1) күрөө берүүчүнүн (карызкордун) аталышын (атын) жана жайгашкан жерин (жашаган жерин);
2) күрөө кармоочунун аталышын (атын) жана жайгашкан жерин (жашаган жерин);
3) күрөөнү токтотуу үчүн негиз болгон жагдайларды;
4) күрөө берүүчүнүн (карызкордун) жана/же күрөө кармоочунун пикири боюнча зарыл болуп саналган башка маалыматтарды;
5) билдирүү түзүлгөн датаны жана күрөө кармоочунун колун.
56. Ишеним кат кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо, катталган күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу боюнча иш-аракеттерди жасоодо күрөө кармоочунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы кызыкчылыктарын билдирүү үчүн жакка берилүүчү жазуу жүзүндөгү ыйгарым укук болуп саналат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ишеним каттын түп нускасы же болбосо анын нотариалдык жактан же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын 24-пунктунда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет.
57. КМТУБМРден көчүрмөнү алуу жөнүндө арыз суралып жаткан кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча КМТУБМРде катталган талап укугунун бар экендиги же жок экендиги жөнүндө маалыматты алууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кызыкдар жактын жазуу жүзүндөгү кайрылуусу болуп саналат.
58. КМТУБМРден көчүрмөнү алуу жөнүндө арыз төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) мүлктүн аталышын;
2) мүлктүн жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды;
3) мүлктүн менчик ээси тууралуу маалыматтарды:
- жеке жактар үчүн - фамилиясын, атын, атасынын атын, паспортунун сериясын жана номерин, жашаган жеринин дарегин, ИЖН;
- юридикалык жактар үчүн - юридикалык жактын аталышын, юридикалык дарегин, ИСН;
4) толтурулган датаны, арыз ээсинин колун жана байланыш маалыматтарын (телефон номерин, электрондук почтасынын дарегин).
59. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү формаларды бекитет:
1) күрөө кабарлоосунун;
2) катталган күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө толуктоонун;
3) катталган күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө толуктоонун;
4) КМТУБМРден көчүрмөлөрдүн;
5) кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо жөнүндө арыздын;
6) кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча КМТУБМРде мурда катталган талап укугу боюнча күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздын;
7) кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча КМТУБМРде мурда катталган талап укугу боюнча күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө арыздын;
8) КМТУБМРден көчүрмөлөрдү алуу жөнүндө арыздын.
4-глава. Адис-каттоочулар жана күрөө кармоочулар-каттоочулар тарабынан кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоонун, өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жана токтотуунун өзгөчөлүктөрү
1-§. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адис-каттоочусу тарабынан кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоонун, өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жана токтотуунун өзгөчөлүктөрү
60. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери гана адис-каттоочу боло алат.
61. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо ушул Нускаманын 3-главасынын 6-параграфынын талаптарына ылайык таризделген күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде адис-каттоочу тарабынан КМТУБМРде жүргүзүлөт, ага төлөөнү ырастоочу документ, ошондой эле арыз күрөө кармоочунун өкүлү тарабынан берилген учурда - ишеним каттар тиркелет.
62. Кыймылдуу мүлккө карага милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо ушул Нускаманын 72-пунктунда көрсөтүлгөн негиздердин жоктугуна жазуу жүзүндөгү арыз текшерилгенден кийин адис-каттоочу тарабынан ишке ашырылат.
63. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугу катталгандан кийин адис-каттоочу ушул Нускаманын 3-главасынын 6-параграфынын талаптарына ылайык таризделген күрөө кабарлоосун күрөө кармоочуга берет.
64. Катталган күрөө кабарлоосуна өзгөртүү ушул Нускаманын 3-главасынын 6-параграфынын талаптарына ылайык таризделген катталган күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө күрөө кармоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде адис-каттоочу тарабынан киргизилет, ага күрөө кабарлоосунун көчүрмөсү, өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болгон документтер, ошондой эле арыз күрөө кармоочунун өкүлү тарабынан берилген учурда - ишеним каттар тиркелет.
65. Кыймылдуу мүлк күрөөлөрү боюнча бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул реестрде камтылган архивдик маалыматтарды иштеп чыгуу аркылуу, аларды кийин КМТУБМРге миграциялоо, жаңы каттоо номерин ыйгаруу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
66. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун токтотуу ушул Нускаманын 3-главасынын 6-параграфынын талаптарына ылайык таризделген катталган күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө күрөө кармоочунун арызынын, токтотуу жөнүндө билдирүүнүн негизинде адис-каттоочу тарабынан жүргүзүлөт, ага күрөө кабарлоосунун көчүрмөсү, ошондой эле арыз күрөө кармоочунун өкүлү тарабынан берилген учурда - ишеним каттар тиркелет.
67. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде күрөө кабарлоосун токтотуу адис-каттоочу тарабынан жүргүзүлөт.
68. Адис-каттоочу ушул Нускаманын 31-пунктунда каралган күрөө милдеттенмесин токтотуу мөөнөтү жакындап калгандыгы жөнүндө АМСтин билдирүүсүн алган учурдан тартып 3 күндүк мөөнөттө күрөө кармоочуга күрөө милдеттенмесин токтотуу мөөнөтү жакындап калгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө же электрондук формада кабарлама жөнөтүүгө милдеттүү.
69. Күрөө кармоочу же анын өкүлү адис-каттоочудан кабарламаны алгандан кийин күрөө милдеттенмесин токтотуу мөөнөтү аяктаганга чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Нускаманын 3-главасынын 6-параграфынын талаптарына ылайык таризделген катталган күрөө кабарлоосуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө же катталган күрөө кабарлоосун токтотуу жөнүндө арыз менен кайрылууга милдеттүү.
70. Кыймылдуу мүлк күрөөлөрү боюнча бирдиктүү мамлекеттик реестрде катталган күрөө кабарлоосун токтотуу ушул реестрде камтылган архивдик маалыматтарды иштеп чыгуу аркылуу аларды кийин КМТУБМРге миграциялоо, жаңы каттоо номерин ыйгаруу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
71. КМТУБМРден көчүрмөлөрдү берүү акы төлөөнү ырастоочу документти тиркөө менен ушул Нускаманын 3-главасынын 6-параграфынын талаптарына ылайык таризделген арыздын негизинде адис-каттоочу тарабынан ишке ашырылат.
72. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда арызды кайтарып берет:
1) баяндоо түшүнүксүз болгон учурда же ушул Нускаманын 3-главасынын 6-параграфынын көрсөтүлгөн кандайдыр бир маалымат жок болгон учурда;
2) арыз ээсинин же анын өкүлүнүн ким экендигин күбөлөндүргөн документ жок болгон учурда;
3) күрөө кармоочунун өкүлүнө ишеним кат жок болгон учурда;
4) күрөө кармоочунун арызында күрөө берүүчүнүн (карызкордун) жеке маалыматтарын КМТУБМРде жайгаштырууга жана банктык сырды түзгөн маалыматты берүүгө (финансы-кредиттик уюмдар үчүн) макулдугу жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда;
5) акы төлөнгөндүгүн ырастоочу документтер же маалыматтар жок болгон учурда.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ошол эле күнү арызды кайтарып берүүнүн себептерин жана/же жагдайларын көрсөтүү менен кабарлама жөнөтөт.
Арызды кайтарып берүү жол берилген кемчиликтер жоюлгандан кийин жалпы тартипте экинчи жолу кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
73. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жол-жоболорун токтотот, эгерде:
1) арыз ээси өз арызынан жазуу жүзүндө баш тартса;
2) арызга ылайык катталууга тийиш болгон кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугу, катталган күрөө кабарлоосун өзгөртүү жана токтотуу КМТУБМРде катталган болсо.
74. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу орган тарабынан себептерин жана/же жагдайларды көрсөтүү менен ал кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жиберилет.
75. Эгерде арыз күрөө кармоочу же ишеним кат боюнча анын өкүлү болуп саналбаган адамдын атынан берилсе ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КМТУБМРде кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жөнүндө арызды канааттандыруудан баш тартат.
76. Арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан себептерин жана/же жагдайларды көрсөтүү менен ал кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жиберилет.
77. Арызды кайтарып берүүдө, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жол-жоболорун токтотууда, ошондой эле арызды канааттандыруудан баш тартууда ушул Нускаманын 5-главасына ылайык арыз ээси тарабынан төлөнгөн акы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте кайтарып берилет.
78. Арызды кайтарып берүү, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жол-жоболорун токтотуу жөнүндө, ошондой эле арызды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечимдер расмий бланкта түзүлөт жана күрөө берүүчү, күрөө кармоочу жана күрөө келишими, арызды кайтарып берүү, тиешелүү жол-жобону токтотуу же арызды канааттандыруудан баш тартуунун себептери жана/же жагдайлары жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
79. Арызды кайтарып берүү, ошондой эле кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечимдер Кыргыз Республикасынын административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
2-§. Күрөө кармоочу-каттоочу тарабынан кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоонун, өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жана токтотуунун өзгөчөлүктөрү
80. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу, ошондой эле жазуу жүзүндө көчүрмөнү алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген акы төлөнгөндөн кийин жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын келип түшкөндүгү ырасталгандан кийин күрөө кармоочу-каттоочу тарабынан ишке ашырылат.
81. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу күрөө келишиминин негизинде күрөө кармоочу-каттоочу тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.
82. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 759 "Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу" токтомунун талаптарына ылайык күрөө кармоочу-каттоочу күрөө берүүчүнүн (карызкордун) анын жеке маалыматтарын КМТУБМРде жайгаштыруу жөнүндө анын жазуу жүзүндөгү макулдугун жана банктык сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө (финансы-кредиттик уюмдар үчүн) күрөө берүүчүнүн (карызкордун) макулдугун алууга милдеттүү. Күрөө берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу күрөө кабарлоосуна кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу киргизилгенге чейин күрөө кармоочуда сакталат.
83. Күрөө кармоочу-каттоочу ушул Нускаманын 31-пунктунда каралган күрөө милдеттенмесин токтотуу мөөнөтүнүн жакындагандыгы тууралуу АМСте кабарламаны алган учурда төмөнкү иш-аракеттердин бирин аткарууга тийиш:
1) күрөө берүүчү бардык милдеттенмелерин аткарган учурда - күрөө кабарлоосуна күрөөнү токтотуу жөнүндө жазууну киргизүүнү;
2) күрөө берүүчү милдеттенмелерин аткарбаган учурда - күрөө кабарлоосуна мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө жазууну киргизүүнү.
84. КМТУБМРден көчүрмө алуу көчүрмө үчүн акы төлөнгөндөн кийин күрөө кармоочу-каттоочу тарабынан өз алдынча ишке ашырылат.
85. Катталган күрөө кабарлоосунда күрөө предметин өндүрүп алуу жол-жобосун козгоо үчүн күрөө кармоочу күрөө кабарлоосуна өндүрүп алуу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө жазууну киргизүүгө милдеттүү.
5-глава. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу, ошондой эле КМТУБМРден көчүрмө берүү үчүн акы төлөө
86. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу, ошондой эле КМТУБМРден көчүрмө берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө бир жолку акы төлөө менен жүргүзүлөт.
87. Көрсөтүлгөн иш-аракеттерди ишке ашыруу үчүн акы төлөө арыз ээси тарабынан гана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине киргизилет.
6-глава. КМТУБМРде маалыматтарды издөө
88. Жеке жана юридикалык жактар жеке маалыматтарга таандык болгон маалыматтарды кошпогондо КМТУБМРде маалыматтарды Интернет тармагы аркылуу акысыз издөөнү ишке ашырышат, аларды пайдалануу тартиби жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталат.
89. Күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү издөө суроо-талабы төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) күрөө предмети (транспорт каражатынын мамлекеттик номери, VIN-коду, транспорт каражатынын шассисинин номери, мүлктүн сериялык номери жана мүлктү идентификациялоо үчүн зарыл болгон башка маалыматтар);
2) күрөө кабарлоосунун каттоо номери;
3) юридикалык жак үчүн ИСН;
4) жеке жак үчүн ИЖН.
КМТУБМРден издөө жүргүзүлүүчү күрөө кабарлоосуна киргизилүүчү маалыматтар анык маалыматтарды чагылдырууга тийиш.
90. Адис-каттоочу техникалык ката кетирген, күрөө кабарлоосуна толук эмес жана/же так эмес маалыматтарды киргизген учурда, күрөө кармоочунун арызынын негизинде күрөө кабарлоосунан мындай маалыматты алып салат же катаны четтетет.
7-глава. Жоопкерчилик
91. Күрөө кармоочу-каттоочу жана адис-каттоочу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун КМТУБМРде каттоодо, өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана токтотууда көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн, ошондой эле кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча талап укугун каттоонун жүрүшүндө алынган маалыматтарды ачыкка чыгаруу же үчүнчү жактарга берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартышат.
92. КМТУБМРде издөө жүргүзүлүүчү туура эмес маалыматтар киргизилген учурда жана/же КМТУБМРде күрөө предмети, каттоо номери, ИСН жана ИЖН боюнча издөө мүмкүн болбогон жана анын натыйжасында үчүнчү жактардын кызыкчылыктарына зыян келтирилген учурда кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди (келишим боюнча) аткаруу боюнча артыкчылыктуу талап укугу сот тартибинде талашылат.
93. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган АМСтеги жеке мүнөздөгү маалыматтарга кирген маалыматтарды сактоону жана купуялуулугун камсыздоо үчүн "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жоопкерчилик тартат.
94. Ушул Нускаманын талаптарын аткаруу максатында эсептик жазууларды түзүүнүн, АМС менен иштөөнүн, АМСте жеке кабинеттерди түзүүнүн техникалык өзгөчөлүктөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.