Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 26-февралы № 61
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2021-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 22-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтардын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2021-жылдын март-майында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15, 17, 21 жана 31-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматчылары запаска бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен бирдикте (макулдашуу боюнча):
1) чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары жок, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган эркек жарандарды 2021-жылдын март-майында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу боюнча иш-чараларды уюштурсун;
2) райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын түзсүн, аларды жабдылган чакыруу (жыйноо) пункттары, медициналык күбөлөндүрүү үчүн зарыл болгон медициналык мүлк жана шаймандар менен камсыз кылсын;
3) кабарлоо жана жарандардын аскер комиссариаттарына уюшкандыкта келишин камсыздоо боюнча чараларды көрсүн жана зарыл болсо аларды автотранспорт менен жеткирүүнү уюштурсун.
3. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин жана ага райондук (шаардык) чакыруу комиссияларын жетектөө, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо, райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимин тандап текшерүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктар жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги:
1) аскер комиссариаттарынын өтүнмөлөрү боюнча райондук (шаардык) чакыруу комиссияларында чакырылуучуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүү үчүн квалификациялуу дарыгер-адистерди жана орто медициналык персоналды бөлүп берсин;
2) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөө жерине жөнөтөр алдында контролдук медициналык кароодон өткөрүү үчүн Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы, Талас жана Кадамжай шаарларындагы жыйноо пункттарын дарыгер-адистер (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, окулист, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) жана орто медициналык персонал менен камсыз кылсын;
3) ден соолугунун абалы кошумча изилдөөлөрдү талап кылган чакырылуучуларды дарылоо-профилактикалык мекемелерде кезексиз стационардык (амбулаториялык) медициналык текшерүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
1) аскердик милдетти аткаруудан качкан адамдарды издөө, кармоо жана райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына алып келүү иштерин жүргүзсүн;
2) райондук (шаардык) аскер комиссариаттарына жарандардын соттолгондугу, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылгандыгы жөнүндө маалыматтарды берсин;
3) аскер комиссариаттарында, жыйноо пункттарында жана чакырылуучуларды салтанаттуу узатуу жерлеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыялангандан күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-мартындагы № 16 (3195) жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |
|
| Тиркеме |
Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы
Мамбетсеитов Н.М. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын чакыруу башкармалыгынын башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Бакиров Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Ибраева Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси; |
Джабаров Н.Г | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн ыкчам өкүлү; |
Туменбаев Т.М. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Назаралиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Алымбаев М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Айдралиев Дж.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын офицери; |
Акматалиев Р.М. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Бишкек шаарынын Республикалык жыйноо пунктунун башчысы; |
Урмамбетов У.А. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Балыкчы шаарынын жыйноо пунктунун башчысы; |
Абдраимов Т.О. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Ош шаарынын жыйноо пунктунун башчысы; |
Сапаралиев И.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Жалал-Абад шаарынын жыйноо пунктунун башчысы; |
Мамбеталиев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын башкы адиси, улук дарыгер (Республикалык жыйноо пункту); |
Ромашов А. | - | Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын уролог дарыгери (Ош жыйноо пункту); |
Алымбаева А.Ч. | - | Жалал-Абад облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы (Жалал-Абад жыйноо пункту); |
Гапаров Н.С. | - | Баткен облусунун Кадамжай шаарынын үй-бүлөлүк медицина борборунун лор дарыгери (Кадамжай жыйноо пункту); |
Ташмамбетова Г.Б. | - | Балыкчы үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт дарыгери (Балыкчы жыйноо пункту); |
Жумабекова И.М. | - | Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт дарыгери (Талас облустук жыйноо пункту). |
Резерв | ||
Дуйшекеев Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын улук инспектору |
Абдылдаева Г.М. | - | Улуттук фтизиатрия борборунун амбулатордук-диагностикалык бөлүмүнүн башчысы (Республикалык жыйноо пункту); |
Таранчиев К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Республикалык жыйноо пунктунун башчысынын орун басары; |
Максутов А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Балыкчы шаарынын жыйноо пунктунун башчысынын орун басары; |
Джузумалиев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Ош шаарынын жыйноо пунктунун башчысынын орун басары; |
Темирбаев К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын Жалал-Абад шаарынын жыйноо пунктунун башчысынын орун басары; |
Матазов Б.А. | - | Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын уролог дарыгери (Ош жыйноо пункту); |
Баймуратов М. | - | Жалал-Абад облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынын дарыгери (Жалал-Абад жыйноо пункту); |
Бакиров М. | - | Баткен облусунун Кадамжай шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун хирург дарыгери (Кадамжай жыйноо пункту); |
Самакова Н.Ж. | - | Балыкчы үй-бүлөлүк медицина борборунун терапевт дарыгери (Балыкчы жыйноо пункту); |
Умаралиев М.Б. | - | Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун хирург дарыгери (Талас облустук жыйноо пункту). |