Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 26-февралы № 60
Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджетинде турган Мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө" токтому;
2) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган Мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 51 токтому;
3) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган Мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-октябрындагы № 586 токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-мартындагы № 16 (3195) жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |