Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы № 60 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2010-жылдын 18-октябры № 248
Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджетинде турган Мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-октябрындагы № 586 токтомунун редакциясына ылайык)
Бюджеттик милдеттенмелерди талаптагыдай эсепке алууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-октябрындагы N 586 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Республикалык же жергиликтүү бюджетте турган мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин милдеттүү түрдө каттоо киргизилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-октябрындагы N 586 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тиркелген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө Нускама бекитилсин жана 2010-жылдын 1-октябрынан тартып колдонууга киргизилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | Р.Отунбаева |