Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Правительства КР от 26 февраля 2021 года № 60
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 31-октябры № 586
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы № 248 "Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган Мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы "республикалык" деген сөздөн кийин "же жергиликтүү" деген сөз менен толукталсын;
- преамбуласындагы "2009-2013-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик финансыны башкаруу системасын реформалоо боюнча иш-аракеттердин Орто мөөнөттүү планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-октябрындагы № 396 Жарлыгына ылайык, кабыл алынган бюджеттик" деген сөздөр жана цифралар "Бюджеттик" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
"2010-жылдын 1-октябрынан тартып республикалык" деген сөздөр жана цифралар "Республикалык же жергиликтүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде турган мекемелердин контракттарын жана бюджеттик милдеттенмелерин каттоонун тартиби жөнүндө нускамада:
- аталышы жана 1, 3, 4, 17-19, 24, 27, 31-пункттары түрдүү жөндөмөдөгү "республикалык" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөдө "же жергиликтүү" деген сөз менен толукталсын;
- 3-пунктунда:
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарын алуучу (мындан ары - алуучу) - аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын фонддору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бюджеттен бөлүнгөн акча каражатын алууга жана республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен бюджеттик милдеттенмелерди аткарууга укуктуу бюджеттик мекемелер;";
төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- жергиликтүү бюджеттен турган бюджеттик мекемелер - башкаруучулук, социалдык-маданий, илимий-техникалык же коммерциялык эмес мүнөздөгү башка функцияларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн уюм, анын иши кирешелер жана чыгашалар сметасынын негизинде тиешелүү бюджеттен каржыланат;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |