Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 16-февралы № 46
Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартибин бекитүү жөнүндө
Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусунун сапатын жакшыртуу жана рационун кеңейтүү максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте өзүнүн компетенциясынын чегинде ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 16-февралындагы № 13 (3192) жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов | ||
|
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-февралындагы № 46 токтомуна) | |
Мектеп алдындагы чарбалардын ишин уюштуруунун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул тартип мектеп алдындагы чарбалардын ишин түзүү жана уюштуруу маселелерин жөнгө салат.
2. Мектеп алдындагы чарбалар "Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле билим берүү, санитардык-эпидемиологиялык тазалыкты камсыздоо, жерди пайдалануу, тамак-аш жана тамак-аштык эмес айыл чарба продукциясын өндүрүү жана иштетүү талаптарын сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга ылайык түзүлөт.
3. Мектеп алдындагы чарбалардын иши коммерциялык эмес болуп саналат жана жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануу сапатын жакшыртууга жана рационун кеңейтүүгө, ошондой эле алардын ишин туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоого багытталат.
2-глава. Мектеп алдындагы чарбалардын ишин түзүүнүн жана уюштуруунун тартиби
4. Жалпы билим берүү уюмунун директору жалпы билим берүү уюмунун аймагында тиешелүү жер участогу жана материалдык-техникалык база болгон учурда мектеп алдында чарба түзүүгө укуктуу.
Мектеп алдында чарба түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда жалпы билим берүү уюмунун директору мектеп алдында чарба түзүү жөнүндө буйрук чыгарат, ал жөнүндө 10 жумуш күндөн кечиктирбестен (жазуу түрүндө) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүмүнө билдирет.
5. Жер участогу жок болгон учурда жалпы билим берүү уюмунун директору мектеп алдындагы чарба түзүү үчүн "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына жер участогун берүү жөнүндө арыз менен кайрылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы 14 күндүн ичинде жалпы билим берүү уюмунун директорунун арызын карап чыгат жана жер участогу болгон учурда жалпы билим берүү уюмуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобого ылайык түздөн-түз пайдаланууга берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жер участогу берилгенден жана жер участогуна карата укуктук ырастоочу документти алгандан кийин жалпы билим берүү уюмунун директору бөлүнүп берилген жер участогунда мектеп алдында чарба түзүү жөнүндө чараларды көрөт.
7. Мектеп алдындагы чарбаны башкаруунун үстүнөн көзөмөл байкоочу кеңеш тарабынан жүргүзүлөт. Байкоочу кеңеш мектеп алдындагы чарбанын байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн тандоо боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) тарабынан түзүлөт. Комиссиянын курамы жалпы билим берүү уюмунун администрациясы тарабынан бекитилет.
8. Комиссиянын курамына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү коомчулуктун, окутуучулук курамдын, жалпы билим берүү уюмунун көзөмөлчүлүк кеңешинин жана/же ата-энелер комитетинин өкүлдөрү кире алат.
9. Жалпы билим берүү уюмунун администрациясы байкоочу кеңеш түзүү тууралуу кулактандырууну жалпыга маалымдоо каражаттары же жалпы билим берүү уюмунун сайты аркылуу ачык түрдө жана бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү формада берет.
10. Комиссия байкоочу кеңештин сапаттуу курамын тандоону жана түзүүнү ишке ашырат, ал комиссиянын чечими менен бекитилет.
11. Байкоочу кеңештин курамына 5-11 адам кирет. Байкоочу кеңештин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бекитилген учурдан тартып 4 жылды түзөт.
12. Жалпы билим берүү уюмунун уюмдаштыруучусу же жетекчиси болгон адам байкоочу кеңештин мүчөсү боло албайт.
13. Байкоочу кеңеш өз ишин көз карандысыздык, ачык-айкындуулук, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптеринин негизинде жүргүзөт.
14. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- байкоочулар статусунда мектеп алдындагы чарба маселелери боюнча жалпы билим берүү уюмунда өткөрүлүүчү чогулуштарга жана жыйындарга катышууга;
- байкоочу кеңештин төрагасынын жана башка мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну демилгелөөгө.
15. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- байкоочу кеңештин жыйындарына катышууга;
- байкоочу кеңештин мүчөсүнүн жүрүм-турум этикасын сактоого;
- байкоочу кеңештин чечимдерин аткарууга.
16. Байкоочу кеңештин төрагасы ачык добуш берүү менен, байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бир жылдык мөөнөткө шайланат.
Байкоочу кеңештин төрагасына талапкерлер байкоочу кеңештин мүчөлөрү тарабынан же болбосо өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлөт.
Байкоочу кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал шайланган күндөн тартып башталат жана жаңы төрага шайланган күнгө чейин бир күн мурда токтотулат.
Төрага болбогон учурда төраганын милдеттерин аткаруу байкоочу кеңештин төрагасынын чечими менен мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт, ал эми мындай тапшырманы берүү мүмкүн болбогондо - байкоочу кеңештин чечими менен, жалпы курамдын көпчүлүк добушу менен мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
17. Байкоочу кеңештин төрагасы:
- байкоочу кеңештин ишин уюштурат;
- байкоочу кеңештин жыйындарын чакырат, байкоочу кеңештин жыйындарында кароо үчүн киргизилүүчү маселелерди аныктайт;
- байкоочу кеңештин жыйындарына төрагалык кылат;
- байкоочу кеңешке берилген материалдарды текшерүүнү уюштурат;
- байкоочу кеңештин ишинин натыйжаларын жалпылайт жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;
- байкоочу кеңештин чечимдерине ылайык башка функцияларды аткарат.
18. Байкоочу кеңештин төрагасы өзүнүн функциялык милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда анын ыйгарым укуктары байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экисинин чечими менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
19. Байкоочу кеңеш курамдын ичинен байкоочу кеңештин катчысын шайлайт.
20. Байкоочу кеңештин катчысы:
- байкоочу кеңештин жыйындарын даярдоону камсыз кылат;
- байкоочу кеңештин мүчөлөрүнө жыйындын өткөрүлүүчү күнү, убактысы жана өтүүчү жер жөнүндө маалымдайт, байкоочу кеңештин жыйындарынын протоколун жүргүзөт;
- байкоочу кеңеште иш кагаздарын уюштурат жана жүргүзөт, ошондой эле анын чечимдерин аткаруу мөөнөттөрүн контролдойт;
- байкоочу кеңештин жана анын төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды аткарат.
21. Байкоочу кеңеш:
- мектеп алдындагы чарбанын бизнес-планын бекитет жана жылына кеминде бир жолу анын аткарылышын угат;
- мектеп алдындагы чарбанын бизнес-планына ылайык финансылык ресурстардын бөлүштүрүлүшүн контролдойт;
- келип түшкөн кирешени мектептик тамактанууга, мектептин инфраструктурасын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кошумча тамак-аш берүүгө ушул Тартиптин 44-пунктуна ылайык бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- мектеп алдындагы чарбанын участогунда келерки мезгилде айдоого үрөн материалынын запастарын камсыз кылуу үчүн финансылык жана башка каражаттардын резервин бекитет;
- бизнес-планга ылайык мектеп алдындагы чарбанын чыгымдары жана кирешелери, ишинин натыйжалары жөнүндө финансылык отчетторду карайт.
22. Байкоочу кенештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда токтотулат:
- ал шайланган мөөнөт аяктаганда;
- өз каалоосу боюнча ыйгарым укуктарынын токтотулушу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берилгенде;
- ал Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн көчүп кеткен учурда;
- ага карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголду же өлдү деп таанылганда;
- медициналык корутундуга ылайык деп соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;
- жүйөлүү себептерсиз катары менен байкоочу кеңештин бештен ашуун жыйынына катышпаган учурда.
23. Байкоочу кеңештин мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
24. Байкоочу кеңеш байкоочу кеңештин ишин уюштуруу үчүн финансылык каражаттарды тартууга укугу жок. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү өз ишин коомдук негизде жүргүзөт.
25. Байкоочу кеңештин биринчи жыйынында, ачык добуш берүү менен байкоочу кеңештин төрагасы жана катчысы шайланат.
26. Байкоочу кеңештин жыйынында байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот.
27. Байкоочу кеңештин жыйыны ага байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышканда укуктуу болуп саналат.
28. Байкоочу кеңештин жыйындары ачык өткөрүлөт. Байкоочу кеңештин жыйындарын өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү байкоочу кеңештин бир жылдык иш планы менен аныкталат.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талабы боюнча байкоочу кеңештин кезексиз жыйынын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.
29. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү жыйындарга жеке өздөрү катышат. Байкоочу кеңештин жыйынына катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда байкоочу кеңештин мүчөсү күн тартибине киргизилген маселе боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө жиберүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн пикир байкоочу кеңештин жыйынында каралууга тийиш жана добуш берүүдө эске алынат.
30. Байкоочу кеңештин чечими боюнча анын жыйындарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, кесиптик бирлик жана башка уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле мектеп алдындагы чарбалар участогунда иш жүргүзүү жаатында адистештирилген эксперттер жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
31. Байкоочу кеңештин чечимдери байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага төрага жана катчы кол коёт.
32. Байкоочу кеңештин мүчөсүнүн өзгөчө пикири жазуу жүзүндө түзүлөт жана байкоочу кеңештин чечимине тиркелет.
33. Байкоочу кеңештин иши жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында же жалпы билим берүү уюмунун сайтында ачык түрдө жайгаштырылууга тийиш жана бардык кызыкдар тараптар үчүн жеткиликтүү болушу керек.
34. Мектеп алдындагы чарбанын ишин башкаруу үчүн жалпы билим берүү уюмунун директорунун буйругу менен башкаруучу комитет 4 жылдык мөөнөткө түзүлөт.
35. Башкаруучу комитети жалпы билим берүү уюмунун директору жетектейт.
Башкаруучу комитеттин курамына жалпы билим берүү уюмунун көзөмөлчүлүк кеңешинин жана/же ата-энелер комитетинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана окутуучулук курамдын ичинен 5 адамдан 12 адамга чейин кирет.
36. Башкаруучу комитет:
- иштин түрүнө жараша, чыгымдардын конкреттүү эсептөөлөрү менен, мүмкүн болуучу тобокелдиктердин жана күтүлгөн кирешелердин конкреттүү эсептери менен иштерди аткаруу мөөнөттөрүн жана аларды аткаруу үчүн жооптуу адамдарды белгилеп, 1 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөткө мектеп алдындагы чарбаны өнүктүрүүнүн бизнес-планын иштеп чыгат жана байкоочу кеңешке бекитүүгө киргизет;
- мектеп алдындагы чарбаны өнүктүрүүнүн бизнес-планынын аткарылышын контролдойт жана аткарат;
- мектеп алдындагы чарбаны өнүктүрүүнүн бизнес-планына ылайык финансылык ресурстарды бөлүштүрөт;
- келип түшкөн кирешени мектептик тамактанууну, мектептин инфраструктурасын жакшыртууга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына кошумча тамак-аш берүүгө багытталган сунуштарды байкоочу кеңештин кароосуна киргизет;
- жалпы билим берүү уюмунун штаттык ырааттамасынын алкагында табият таануу, биология жана эмгекке үйрөтүү предметтеринин мугалимдерине мектеп алдындагы чарбанын участогунда окуу-тажрыйбалык окутууну, ошондой эле мектеп алдындагы чарбада функциялык милдеттерин аткаруудан бош болгон убакта тейлөөчү кенже жана техникалык персоналдын иштөөсү боюнча милдеттерди жүктөөгө укуктуу;
- жалпы билим берүү уюмунун жамааты менен бирге Кыргыз Республикасынын Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартында бекитилген чекте мектеп алдындагы чарбанын участогунда окуучуларды окутууну уюттуруу үчүн шарт түзөт;
- мектеп алдындагы чарбанын участогунда айыл чарба продукцияларын өндүрүү үчүн жер кыртышынын жана сугаруучу суунун коопсуздугун сактоо боюнча талаптардын сакталышын камсыз кылат;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн органикалык өндүрүшүн киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- айыл чарба продукциясына карата техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын көзөмөлдөйт;
- айыл чарба өсүмдүктөрүн которуштуруп айдоону, колдонууга уруксат берилген сорттордун, гибриддердин Мамлекеттик реестрине киргизилген отуртузуучу материалдарды сактоо менен айыл чарба продукциясын өндүрүүнү сарамжалдуу уюштурууну камсыз кылат;
- мектеп алдындагы чарбанын участогунда иштөө пландарын бекитет жана химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык айыл чарба продукцияларынын коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу жер семирткичтерди, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана бардык операцияларды пайдалануу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- чыгымдар жана кирешелер боюнча объективдүү талдоо жүргүзүү үчүн алынган түшүмдүн эсебин жүргүзөт;
- тамак-аш жана тамак-аштык эмес айыл чарба продукциясын сатууну, кайра иштетүүнү жана сактоону уюштурат жана көзөмөлдөйт;
- мектеп алдындагы чарбанын участогунда иштөөдө эмгек коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптардын, санитариялык жана өрткө каршы коопсуздуктун сакталышын көзөмөлдөйт;
- мектеп алдындагы чарбанын участогунда жүргүзүлгөн айыл чарба иш-чараларынын процессинин документтелишин контролдоо үчүн жоопкерчилик тартат;
- мектеп алдындагы чарбанын участогунда келерки айдоого үрөндүк материалдын запастарын камсыз кылуу үчүн финансылык жана башка каражаттардын резервин камсыз кылат;
- ар бир жылдын 15-ноябрынан кечиктирбестен байкоочу кеңешке мектеп алдындагы чарбанын чыгымдары жана кирешелери жөнүндө финансылык отчетторду жана ишинин натыйжалары жөнүндө отчет берет, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жер участокторун алган учурда - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына да маалыматтарды берет.
37. Мектеп алдындагы чарбанын чарбалык иши милдеттүү түрдө билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген формалар боюнча документ түрүндө таризделүүгө тийиш.
38. Мектеп алдындагы чарбанын бардык чыгымдары жана кирешелери чыгымдар жана кирешелер сметасына ылайык документалдык түрдө эсепке алынууга тийиш.
39. Документтик эсепке алууга төмөнкүлөр кирет:
- мектеп алдындагы чарбанын ишинин башталышына карата акча каражаттарынын калдыгы;
- учурдагы жылдагы акча каражаттарынын кирешелери;
- акча каражаттарынын чыгашалары;
- жыл аягына карата акча каражаттарынын калдыгы.
Мектеп алдындагы чарбанын иши боюнча эсепке алуу материалдык каражаттарды эсепке алуунун өзүнчө китебинде жүргүзүлөт.
Түшүмдү жыйноодон/союудан кийин же жаныбарлардан алынган азыктарды сатуунун жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт, анын негизинде чогултулган продукцияны кириштөө жүргүзүлөт.
40. Документтик эсепке алуу бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук стандарттарына ылайык жалпы билим берүү уюмунун бухгалтери тарабынан ишке ашырылат, ал жок болгон учурда - билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын райондук жана шаардык бөлүмүнө (башкармалыгына) караштуу борбордоштурулган бухгалтериянын бухгалтери тарабынан жүргүзүлөт жана жалпы билим берүү уюмунун директору тарабынан кол коюлат.
Мектеп алдындагы чарбанын кирешелерин жана чыгымдарын эсепке алуу жалы билим берүү уюмунун бухгалтери тарабынан күн сайын киреше-чыгаша ведомостунда, ал эми борбордоштурулган бухгалтериянын бухгалтери тарабынан жума сайын жүргүзүлөт.
41. Каражаттардын түрлөрү боюнча кирешелер жана чыгашалар сметасын түзүүдө бардык чыгымдар көрсөтүлөт, анын ичинде:
- мектеп алдындагы чарбада иштерди аткарууда жалпы билим берүү уюмунун кызматкерлерине накталай же акчалай эмгек акы төлөө;
- дан жана жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктарын сатып алуу, дан жана жашылча өсүмдүктөрүн коргоо жана отургузуу/айдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- көмөкчү чарбаны жүргүзүүгө жана өнүктүрүүгө сарпталган чыгымдар, ошондой эле тамак-аш блогун, жабдууларды оңдоого чыгымдар жана башка чыгымдар.
42. Мектеп алдындагы чарбанын иши жөнүндө маалымат жалпы билим берүү уюмунун өндүрүлгөн кирешелери жана чыгашалары менен жалпыга маалымдоо каражаттарында же жалпы билим берүү уюмунун сайтында ачык түрдө жайгаштырылышы керек жана бардык кызыкдар таралтар үчүн жеткиликтүү болууга тийиш.
43. Мектеп алдындагы чарбанын ишине педагогикалык, кенже жана техникалык тейлөө персоналын тартуу жалпы билим берүү уюмунун директору тарабынан эки тараптын макулдугу жана эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте эмгек келишимин түзүү менен уюштурулат.
44. Кирешелер чыгымдардан ашкан учурда (мектеп алдындагы чарбанын бардык чыгымдарын алып салгандан кийин) мектеп алдындагы чарбадан келип түшкөн кирешелер төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт:
- 20 пайыздан кем эмес - мектеп алдындагы чарбанын ишине;
- 50 пайыздан кем эмес - окуучулардын тамактануусуна, алардын ичинен 10% аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн окуучулардын кошумча тамактануусуна;
- 20 пайызга чейин - мектеп алдындагы чарбанын ишине тартылган педагогикалык, кенже жана техникалык тейлөөчү персоналга сыйакы берүүгө;
- 20 пайызга чейин - ашкана инвентарын жана ашкана үчүн жабдууларды алууга, санитардык-гигиеналык шарттарды жакшыртууга, жалпы билим берүү уюмунун жайларын оңдоп-түзөөгө багытталат.
3-глава. Мектеп алдындагы чарбанын ишин токтотуу
45. Мектеп алдындагы чарбанын ишин токтотуу жөнүндө чечим башкаруучу комитет тарабынан байкоочу кеңеш менен макулдашуу боюнча кабыл алынат.
46. Мектеп алдындагы чарбанын ишин токтотууда жалпы билим берүү уюмунун директору тиешелүү буйрук чыгарат жана 5 күндөн кечиктирбестен кабыл алынган чечим жөнүндө билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө жана зарыл болсо - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына маалымдайт.
47. Мектеп алдындагы чарбанын бардык мүлкү аталган жалпы билим берүү уюмунун иши үчүн гана колдонулат.