Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 5-марты № 76
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын
дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун,
сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторун тариздөөнүн колдонуудагы механизмин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |
| Тиркеме |
|
Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык
паспорттору жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Дипломаттык жана кызматтык паспорттор жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын дипломаттык паспорту (мындан ары - дипломаттык паспорт) - Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууда, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары убактылуу жүрүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастоочу документ;
2) Кыргыз Республикасынын кызматтык паспорту (мындан ары - кызматтык паспорт) - Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууда, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары убактылуу жүрүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын ким экендигин ырастоочу документ;
3) консулдук кызмат - тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын түзүмдүк бөлүмү;
4) калкты тейлөө борборлору (мындан ары - КТБ) - Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун тариздөөгө документтерди кабыл алууну жана аны берүүнү, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрсөтүлүүчү башка кызматтарды жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган мамлекеттик ишканалардын аймактык бөлүмдөрү;
5) Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы - Кыргыз Республикасынын калкын жана жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияны жүзөгө ашырган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
6) командировкага жиберүүчү уюмдар - өз кызматкерлерин кызматтык командировкага жиберүүчү бийликтин сот, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бутактарынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик жогорку окуу жайлар, мамлекеттик ишканалар жана акционердик коомдор;
7) персоналды башкаруу кызматы - командировкага жиберүүчү уюмдун кадрлар маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү;
8) даярдоочу ишкана - Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспортун даярдоону (жекелештирүүнү) (мындан ары - даярдоо) жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органдын карамагында турган мамлекеттик ишкана.
2. Ушул Жободо Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторун тариздөө, берүү, алмаштыруу, эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, алып коюу жана жок кылуу тартиби аныкталат.
3. Дипломаттык жана кызматтык паспорттор мамлекеттик маанидеги документ жана Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, ал эми алардын ээлери Кыргыз Республикасынын коргоосунда болот.
4. Дипломаттык жана кызматтык паспорттор кызматтык иш сапарлар үчүн арналган жана 5 жылдык мөөнөткө берилет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломаттык жана кызматтык паспортторду алардын ээлери жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү жана банктык операцияларды жасоо үчүн документтер катары колдоно албайт.
6. Дипломаттык паспортту жана кызматтык паспортту күрөө үчүн кабыл алууга жана калтырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралгандан башка учурларда алып коюуга тыюу салынат.
7. Чет мамлекеттердин аймагына кирүүнүн жана анда жүрүүнүн тартиби тийиштүү чет мамлекеттин мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен жөнгө салынат.
8. Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору анын ээсине дипломаттык иммунитетти же артыкчылыктарды бербейт.
9. Дипломаттык паспорт төмөнкүлөргө берилет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине жана аны менен бирге чет өлкөгө бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына, ошондой эле бул курактан улуу анын багуусунда болгон, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына);
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана анын жубайына;
3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жана анын жубайына;
4) экс-президентке жана анын жубайына;
5) Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи же Кичи элчи дипломаттык рангы ыйгарылган адамдарга;
6) ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык же башка кызмат орундарын ээлеген адамдарга;
7) мамлекеттин биринчи адамдарын жеке коргоону камсыз кылуучу жана аларды чет өлкөлүк иш сапарларга коштоп жүрүүчү Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик кайтаруу органынын офицерлерине жана ыкчам кызматкерлерине;
8) компетенциясына эл аралык кызматташуу маселелери кирген Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине;
9) тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дипломаттык жана консулдук кызмат орундарын ээлеген кызматтык командировкаларга чыгуучу кызматкерлерине;
10) тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дипломаттык жана консулдук кызматтарын ээлеген, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелерине узак мөөнөттүү чет өлкөлүк командировкага жиберилген кызматкерлерине жана алар менен узак мөөнөткө чет өлкөлүк командировкага бирге бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына, ошондой эле бул курактан улуу ата-энесинин же ата-энесинин биринин багуусундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына, ошондой эле кызматкердин багуусунда болгон ата-энелерине);
11) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан командировкага жиберилген чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине жана алар менен бирге чет өлкөгө бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына, ошондой эле бул курактан улуу ата-энесинин же ата-энесинин биринин багуусундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына жана кызматкердин багуусунда болгон ата-энесине).
10. Кызматтык паспорт төмөнкүлөргө берилет:
1) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик, муниципалдык же башка кызмат орундарын ээлеген адамдарга;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентине;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин президентине;
4) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин административдик-техникалык персоналына жана алар менен бирге узак мөөнөттүү чет өлкөлүк командировкага бирге бара жаткан үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына, ошондой эле бул курактан улуу ата-энесинин же ата-энесинин биринин багуусундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына жана кызматкердин багуусунда болгон ата-энесине);
5) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнө командировкага жиберилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (жубайына, 18 жашка чыга элек балдарына, ошондой эле бул курактан улуу ата-энесинин же ата-энесинин биринин багуусундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын кызматкеринин багуусунда болгон ата-энесине);
6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын ректорлоруна;
7) өзүнүн иш багыты боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары чыккан Кыргыз Республикасынын авиакомпанияларынын командалык жана учуучу-техникалык курамынын кызматкерлерине;
8) Кыргыз Республикасынын тейлеген мамлекеттик органынын жетекчисинин өтүнүч каты боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө саясатын ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик акциялардын контролдук пакетине ээ болгон акционердик коомдордун жетекчилерине.
11. Өз ишин чет мамлекеттердин аймагында жүргүзгөн эл аралык уюмдарга иштөө үчүн жиберилүүчү Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык белгилүү бир артыкчылыктар жана иммунитеттер каралган Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын тейлеген мамлекеттик органдарынын сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен макулдашуу боюнча тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын буйругу менен бекитилген Кызмат орундарынын тизмегине ылайык дипломаттык же кызматтык паспорттор берилет (чектелген жетүү грифи менен).
2. Дипломаттык жана кызматтык паспортторду тариздөө,
берүү, алмаштыруу жана өткөрүп берүү тартиби
12. Командировкага жиберген уюм ушул Жобонун 9-пунктунун 1, 2, 3, 6, 7, 8 11-пунктчаларында, 10-пунктунда (4-пунктчасында аталган адамдардан тышкары) жана 11-пунктунда аталган адамдарга дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөө же алмаштыруу үчүн консулдук кызматка командировкага жиберилүүчү кызматкердин аты-жөнүн, ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен жетекчи тарабынан кол коюлган тиешелүү паспортту тариздөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнүч катын жиберет.
Өтүнүч катка төмөнкү документтер тиркелет:
- командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн, ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган дипломаттык/кызматтык паспортту берүү жөнүндө карточка (мындан ары - карточка) бир нускада, 4х6 см өлчөмүндөгү сүрөтү менен;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспортунун түрлөрүнүн биринин көчүрмөсү;
- кызматтык иштер боюнча чет өлкөгө кетип жаткан адамдын 3х4 см өлчөмүндөгү сүрөтү менен ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган анкетасын (мындан ары - анкета) жиберүү аркылуу командировкага жиберүүчү уюмдун суроо-талабы боюнча ички иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын аймагында соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалым кат;
- 3х4 см өлчөмүндөгү сүрөтү менен ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган анкетасын жиберүү аркылуу командировкага жиберүүчү уюмдун суроо-талабы боюнча кызматтык адамга тиешелүү паспортту тариздөө үчүн улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген каршы пикирдин же компроматтык маалыматтын жоктугу жөнүндө маалым кат;
- кызматка дайындалгандыгын ырастоочу документ же командировкага жиберген уюмдун персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн аскердик кызматты өтөгөндүгү жөнүндө маалым кат;
- эл аралык уюмга дайындалган адамдар үчүн кызматка дайындалгандыгын ырастоочу документ;
- дипломаттык же кызматтык паспорттун көчүрмөсү (алмаштырган учурда).
Багууда болгон адамдар үчүн төмөнкүлөр тиркелет:
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспортунун түрлөрүнүн биринин көчүрмөсү;
- жубайлар чет өлкөгө бирге чыккан учурда никелешүү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
- ата-энеси менен чет өлкөгө бирге кетип жаткан учурда балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү.
18 жашка чыга элек жарандарга паспортту тариздөөдө же алмаштырууда арызга ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн кол тамгасы коюлат.
13. Ушул Жобонун 9-пунктунун 9 жана 10-пунктчаларында жана 10-пунктунун 4-пунктчасында аталган адамдарга дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөө же алмаштыруу үчүн тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин атына ушул Жобонун 12-пунктунда аталган документтер тиркелген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин колу коюлган кызматтык кат же чет өлкөдөгү мекеменин каты киргизилет.
Консулдук кызмат керектүү маалыматтарды алуу үчүн ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча арыз ээси тарабынан толтурулган анкетаны жиберүү аркылуу ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына суроо-талап жиберет.
14. Ушул Жобонун 9-пунктунун 4-5-пунктчаларында аталган адамдарга дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөө же алмаштыруу үчүн консулдук кызматка төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин атына тиешелүү паспортту тариздөөгө же алмаштырууга арыз;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрүнүн биринин көчүрмөсү;
- Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи же Кичи элчи дипломаттык рангы ыйгарылгандыгы жөнүндө документтин көчүрмөсү (ыйгарылган учурда);
- ички иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген соттуулугунун бардыгы/жоктугу жөнүндө маалым кат;
- дипломаттык же кызматтык паспорттун көчүрмөсү (алмаштырууда).
Консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган анкета аркылуу тийиштүү паспортту тариздөө үчүн каршы пикирдин же компроматтык маалыматтын жоктугу жөнүндө суроо-талапты жиберет.
15. Ушул Жобонун 34-пунктуна ылайык дипломаттык же кызматтык паспорт таризделүүчү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук кызматка төмөнкү документтер берилиши керек:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин же Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасы;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрүнүн биринин көчүрмөсү;
- 4х6 см өлчөмүндөгү сүрөт менен ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган карточка, бир нускада;
- ички иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген соттуулугунун бардыгы/жоктугу жөнүндө маалым кат.
Консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган анкета аркылуу тийиштүү паспортту тариздөө үчүн каршы пикирдин же компроматтык маалыматтын жоктугу жөнүндө суроо-талапты жиберет.
16. Ички иштер жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча чет өлкөгө чыгууга чектөө коюлган учурда консулдук кызмат дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөө боюнча арызды кароодон баш тартат жана материалдарды андан ары карабастан, коштомо кат менен кайтарып берет.
17. Консулдук кызматтын кызматкери ушул Жободо каралган берилген документтердин негизинде дипломаттык же кызматтык паспортту тариздөө үчүн электрондук анкетаны толтурууга реестрди (мындан ары - реестр) ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада даярдайт жана кол коюу үчүн аны паспорт алуучуга берет.
18. Мурда берилген документтер менен кандайдыр бир айырмачылыктар болбосо, паспорт алуучу 2 нускадагы реестрге кол коёт.
19. Консулдук кызматтын кызматкери 2 нускада берилген реестрге кол коёт жана күбөлөндүрөт. Реестрдин бир нускасы андан ары КТБга тапшыруу үчүн паспорт алуучуга берилет.
20. Паспорт алуучу реестрди КТБга берет.
21. КТБнын кызматкери паспорт алуучунун катышуусунда:
- берилген документтердин негизинде "Паспорт" автоматташтырылган маалымат системасында (мындан ары - "Паспорт" АМС) электрондук арыз толтурат;
- биометрикалык маалымат базасы боюнча салыштыруу үчүн эки колдогу сөөмөйлөрдүн папиллярдык оюуларын сканерлейт, биометрикалык маалымат базасында колдун манжаларынын издери жок болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдун манжаларынын издери чогултулат;
- паспорт алуучунун бети сүрөткө тартылып алынат.
22. Электрондук арыздын бардык керектүү реквизиттерин толтуруп бүткөндөн кийин КТБ кызматкери аны карап чыгуу үчүн арыз ээсине берет.
Паспорт алуучу КТБ кызматкери тарабынан электрондук арызга киргизилген маалыматтарды мурда берилген документтеги маалыматтар менен салыштырат жана өзүнүн аты менен фамилиясынын транслитерациясынын тууралыгын текшерет.
23. КТБ кызматкери керектүү жол-жоболор аяктагандан кийин ырастоо үчүн электрондук арызды "Паспорт" АМС аркылуу консулдук кызматка жиберет.
24. Консулдук кызматтын кызматкери КТБдан түшкөн электрондук арызды мурда берилген документтерде аталган маалыматтарга шайкеш келишин текшерет.
25. Электрондук арызда аталган маалыматтар мурда берилген документтерге шайкеш келген учурда консулдук кызматтын кызматкери "Паспорт" АМСти пайдалануу аркылуу электрондук кол тамга менен электрондук арызга кол коёт жана аны даярдоочу ишканага жиберет.
26. Дипломаттык же кызматтык паспорт электрондук арыз түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбей, даярдоочу ишкана тарабынан даярдалат.
Даяр болгон дипломаттык же кызматтык паспортторду даярдоочу ишкана почта байланышы аркылуу консулдук кызматка жиберет.
27. Даярдалган дипломаттык же кызматтык паспорттор ээсине берилгенге чейин консулдук кызматтагы өзүнчө сейфте, алардын толук сакталышын камсыз кылуучу шарттарда сакталат.
28. Консулдук кызматтын кызматкери дипломаттык же кызматтык паспортту талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде карточкага кол койдуруп, паспорт алуучуга же анын ишенимдүү адамына тапшырат.
29. Дипломаттык же кызматтык паспорттордун ээлери аларды алгандан соң кызматтык командировкадан кайтып келгенден кийин 3 күндүк мөөнөттө командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматына аларды тапшырууга милдеттүү.
Дипломаттык же кызматтык паспорттор командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматында сакталат жана ушул Жобонун 34-пунктунда аталган адамдардан башка чет өлкөгө командировкага жиберүү жөнүндө буйруктун негизинде алардын ээлерине берилет.
30. Дипломаттык же кызматтык паспортторду сактоо, берүү жана пайдалануу үчүн жоопкерчилик өзүнүн түздөн-түз эмгек ишин жүзөгө ашыруунун алкагында статс-катчыга жана командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматынын жетекчисине жүктөлөт.
Ушул Жобонун 9-пунктунун 4, 5-пунктчаларына жана 34-пунктуна ылайык паспортту алган адамдарга ушул Жобонун 53-пунктунда каралган дипломаттык же кызматтык паспортторду сактоо жана пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлөт.
31. Дипломаттык же кызматтык паспорт төмөнкү учурларда алмаштырылат:
- паспорттун жарактуулук мөөнөтү бүткөндө;
- аты-жөнүн өзгөрткөндө (өзгөрткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү берилет);
- паспортту жоготкондо же ал колдонууга жарабай калганда (механикалык зыянга учураганда);
- визанын бош барактары түгөнгөндө;
- жазууларда так эместиктер болгондо - дипломаттык же кызматтык паспортту жекелештирүү учурунда арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү негизги документте аталган маалыматка шайкеш келбеген жазуулар жүргүзүлгөн учурда;
- арыз ээси хирургиялык кийлигишүү жолу менен бет түзүлүшүн өзгөрткөндө.
32. Жоголгон учурду кошпогондо, дипломаттык же кызматтык паспортту алмаштырууда мурда берилген паспорт алынмайынча даярдалган паспортту берүүгө жол берилбейт.
Дипломаттык же кызматтык паспортто виза коюлуучу бош барактар жана чет мамлекеттин жарактуу визасы болгондо, паспорт алуучунун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча жарактуу визанын мөөнөтү аяктаганга чейин пайдаланууга жол берилет, кийин ал паспорт консулдук кызматка милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш.
33. Берилген дипломаттык жана кызматтык паспорттор жөнүндө маалымат базасын түзүү калкты каттоо жана тышкы иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан камсыз кылынат.
34. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин (өз номенклатурасынын алкагында) тапшырмасы боюнча милдеттүү түрдө жыл сайын кайра каттоо жол-жобосун жүргүзүү менен ушул Жободо каралбаган башка адамдарга дипломаттык же кызматтык паспорт берилиши мүмкүн.
35. Дипломаттык же кызматтык паспорт жоголгон учурда анын ээси тез арада бул тууралуу болгон байланыш каналдары аркылуу төмөнкүлөргө билдирүүгө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын аймагында - командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматына, ички иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана консулдук кызматка;
- Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары - келген өлкөдөгү укук коргоо органдарына, Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине.
36. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жүргөндө дипломаттык же кызматтык паспортун жоготуп алган учурда Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк Кыргыз Республикасына кирүү укугун берген документ катары саналат, ал Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломаттык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери тарабынан Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
3. Дипломаттык же кызматтык паспортторду эсепке алуу,
сактоо, алып коюу жана жок кылуу
37. Консулдук кызмат жыл сайын мурда берилген дипломаттык жана кызматтык паспортторду кайра каттайт жана алардын эсебин алат.
38. Командировкага жиберүүчү уюмдарда дипломаттык жана кызматтык паспортторду эсепке алууну, сактоону жана пайдаланууну контролдоо консулдук кызмат тарабынан жүргүзүлөт.
39. Командировкага жиберүүчү уюмдар квартал сайын айдын 5ине карата консулдук кызматка Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө маалыматтарды ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча жиберип турат.
40. Командировкага жиберүүчү уюмдун кызматкери ишин токтоткон учурда командировкага жиберүүчү уюмдун персоналды башкаруу кызматы 5 (беш) жумуш күндүн ичинде тиешелүү паспортту тиркөө менен жазуу жүзүндөгү билдирмени консулдук кызматка жиберет.
41. Командировкага жиберүүчү уюм берген маалыматтардын негизинде консулдук кызмат 5 (беш) жумуш күндүн ичинде Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын дипломаттык же кызматтык паспортту алып коюусу үчүн Тышкы миграцияны бирдиктүү эсепке алуу системасына тиешелүү маалыматтарды киргизет жана чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломаттык өкүлчүлүгүнө билдирет.
42. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын өткөрүү пункттарында дипломаттык жана кызматтык паспорттор мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан төмөнкү учурларда алып коюлат:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы миграцияны бирдиктүү эсепке алуу системасындагы маалыматтар болгондо;
- паспорт жасалма болгондо;
- паспорт жараксыз болгондо;
- Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын паспортту алып коюу жөнүндө ыкчам тапшырмасы болгондо;
- паспорт жасалма документтер же Кыргыз Республикасынын жарандарын жекелештирүү жана документтештирүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен алынган документтер боюнча берилген фактысы аныкталганда;
- адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда;
- адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
- паспорт ээси командировкага жиберүүчү уюмда эмгек ишин токтоткондо.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан алып коюлган дипломаттык же кызматтык паспорттор тез аранын ичинде Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коштомо каты менен консулдук кызматка жиберилет.
43. Келип түшкөн дипломаттык жана кызматтык паспорттор алардын жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин консулдук кызматта сакталат.
44. Консулдук кызматта сактоодо болгон дипломаттык жана кызматтык паспорттор жарактуулук мөөнөтү бүткөндөн кийин калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө жок кылуу үчүн жиберилет.
45. Дипломаттык жана кызматтык паспорттор төмөнкү учурларда жараксыз деп таанылат:
- паспорттун жарактуулук мөөнөтү бүткөндө;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтогондо (жарандыктан чыгуу жана жарандыкты жоготуу, "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында же Кыргыз Республикасы катышкан мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган башка негиздер);
- паспортту жаңы паспортко алмаштырганда;
- паспорт ээси каза болгондо же соттун чечими менен паспорт ээсинин каза болгондугу же дайынсыз жоголгондугу таанылганда;
- мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде паспорттун жараксыздыгы таанылганда;
- паспорт ээсинин ким экендигин идентификациялоого мүмкүн болбогондо;
- дефекттер жана механикалык бузуулар аныкталганда;
- жасалма паспорт аныкталганда;
- паспорт жана анын мазмуну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген паспорттун үлгүсүнө шайкеш келбегенде;
- паспортко чындыкка шайкеш келбеген маалыматтар, ушул Жободо каралбаган белгилер жана (же) жазуулар киргизилгенде.
Дипломаттык же кызматтык паспорт жараксыз деп таанылганда, ал үч нускада акт түзүү менен белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдар тарабынан алып коюлууга тийиш, алардын бири акт түзүлгөн жерде калат, экинчиси - паспорттун ээсине тапшырылат, үчүнчүсү тиркелген жараксыз дипломаттык же кызматтык паспорт менен бирге консулдук кызматка жиберилет.
Дипломаттык жана кызматтык паспортту кайра каттоодон өткөргөн учурда консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын тышкы миграцияны бирдиктүү эсепке алуу системасына тийиштүү маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга дароо расмий кат менен билдирет.
46. Жараксыз, талап кылынбаган, алмаштырууга жаткан, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, колдонууга жарабаган (жараксыз абалга келген), алмаштырууга жаткан дипломаттык же кызматтык паспорттор консулдук кызмат тарабынан (жок кылуу үчүн тизме менен) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмүнө жок кылуу үчүн жиберилет.
47. Дипломаттык жана кызматтык паспорттор калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан түзүлгөн жана курамы калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын буйругу менен бекитилген комиссия тарабынан өрттөө же атайын механикалык ыкмадагы кесүү жолу менен жок кылынат.
48. Дипломаттык жана кызматтык паспортторду жок кылуу жөнүндө акты түзүлөт. Актыга комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
49. Калкты каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органына консулдук кызмат тарабынан жок кылуу үчүн жиберилген дипломаттык жана кызматтык паспорттор аталган ыйгарым укуктуу органда бир кварталга сакталат.
4. Дипломаттык жана кызматтык паспортторго киргизилүүчү
маалыматтар жана белгилер
50. Дипломаттык жана кызматтык паспортторго төмөнкү жазуулар жана белгилер киргизилет:
- чет мамлекеттин визасы;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын жана/же чет өлкөнүн чек арасын кесип өткөндүгү жөнүндө белги (штамп-дата);
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын жана/же чет өлкөнүн чек арасын кесип өткөндүгү жөнүндө белгинин (штамп-дата) жокко чыгарылгандыгы жөнүндө белги;
- чет мамлекетте аккредитациялоо же каттоо жөнүндө белги.
51. Ушул Жободо каралбаган маалыматтарды, белгилерди жана жазууларды дипломаттык жана кызматтык паспортко киргизүүгө тыюу салынат.
52. Ушул Жободо каралбаган дипломаттык же кызматтык паспортко киргизилген маалыматтар, белгилер жана жазуулар жараксыз деп таанылат.
5. Ушул Жобону бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
53. Ушул Жобонун талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.
| Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Дипломаттык паспортту тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызмат орундарынын
тизмеги
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, вице-премьер-министрлери
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси жана анын орун басарлары
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси жана анын орун басарлары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр жана анын орун басарлары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен)
Министрлер жана алардын орун басарлары
Мамлекеттик комитеттин жетекчиси жана анын орун басарлары
Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген улуттук комиссиянын, комитеттин, мамлекеттик комиссиянын, мамлекеттик кызматтардын жетекчилери
Мамлекеттик органдын статс-катчысы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү
Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу
| Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кызматтык паспортту тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик, муниципалдык жана башка кызмат орундарынын
тизмеги
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты
Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси
Кыргыз Республикасынын Президентинин жардамчысы
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары
Басма сөз катчысы
Бөлүмдүн башчысы
Комиссиянын жооптуу катчысы
Бөлүмдүн башчысынын орун басары
Сектордун башчысы
Инспектор
Эксперт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчиси
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жардамчысы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иш башкаруучусу жана орун басарлары
Басма сөз кызматынын жетекчиси
Бөлүмдүн башчысы
Бөлүмдүн башчысынын орун басары
Сектордун башчысы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары
Басма сөз катчысы
Бөлүмдүн башчысы
Бөлүмдүн башчысынын орун басары
Сектордун башчысы
Инспектор
Эксперт
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы
Катчынын орун басары
Сектордун башчысы
Инспектор
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун орун басары
Протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, референти
Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мамлекеттик комитеттери
Департаменттин директору
Башкы башкармалыктын начальниги
Башкармалыктын, өз алдынча бөлүмдүн начальниги
Эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси
Борбордук казыналыктын директору
Улуттук коопсуздук органынын улук оперкызматкери
Кыргыз Республикасынын министрликтерине караштуу административдик ведомстволор (агенттиктер, кызматтар, фонддор, инспекциялар)
Жетекчи
Жетекчинин орун басары
Департаменттин директору
Башкы башкармалыктын начальниги
Башкармалыктын, өз алдынча бөлүмдүн начальниги
Эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси
Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген аткаруу бийлигинин башка органдары
Улуттук комиссиянын, комитеттин, мамлекеттик комиссиянын, мамлекеттик кызматтын жетекчилеринин орун басарлары
Кыргыз Республикасынын Сот бийлиги
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппарат жетекчиси
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын аппарат жетекчиси
Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директору
Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директорунун орун басары
Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин статс-катчысы
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Төраганын орун басары
Башкармалыктын начальниги
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппараты
Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары
Акыйкатчынын (Омбудсмендин) Аппарат жетекчиси
Башкармалыктын начальниги
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Төраганын орун басары
Комиссия мүчөлөрү
Аппарат жетекчиси
Башкармалыктын начальниги
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
Башкы прокурордун орун басары
Башкармалыктын, бөлүмдүн начальниги
Облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурору
Башкы прокурордун улук жардамчысы
Улук прокурор
Аскер прокурорунун орун басары
Улук тергөөчү
Өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү
Аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү
Аскер прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн начальниги
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы
Аудитор
Аппарат жетекчиси
Башкы мамлекеттик инспектор
Мамлекеттик инспектор
Кыргыз Республикасынын облустук мамлекеттик администрациясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
Бишкек жана Ош шаарларынын вице-мэрлери
Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту
Директор жана анын орун басарлары
Форма | Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Дипломаттык/кызматтык паспортту берүү жөнүндө
Карточка
1. _______________________________________________________________________________________ (аты-жөнү) 2. ________________________________ 3. ________________________________________ (туулган күнү, айы, жылы) (туулган жери) 4. _______________________________ 5. ________________________________________ (улуту) (үй-бүлөлүк абалы) ________________________________________________________________________________________ (никеде турса, жубайынын аты-жөнүн, никени каттаган органды жана датасын көрсөтүү зарыл) ________________________________________________________________________________________ (атасынын жана энесинин аты-жөнү - жашы жете электер үчүн) 6. _____________________________________________________________________________________ (жашаган жеринин дареги (шаары, көчөсү, үйү, үйдүн/батирдин №) 7. _____________________________________________________________________________________ (иштеген жеринин аталышы жана дареги) 8. ______________________________________________________________________________________ (кызмат орду) 9. Дипломаттык/кызматтык паспорту барбы ______________________________________________________ (паспорттун сериясын жана берилген датасын көрсөтүңүз) 10. Жалпы жарандык паспорттун сериясы, номери, берилген күнү _______________________________ 11. Кызматтык чет өлкөлүк/узак мөөнөттүү командировкага кетип жаткандыгыма байланыштуу паспорт берүүңүздү (алмаштырууңузду) өтүнөм же себебин көрсөтүңүз
___________________________________________________________________________ Кызматтык белгилер үчүн Консулдук кызматтын жетекчиси___________________ 20___ -ж. "___"____________ (колу) (дата) Дипломаттык/кызматтык паспорт Жобонун _______ пунктунун негизинде берилди. Паспорттун сериясы: ____ _________ Паспорт берилген дата: 20___-ж. "___"_________
|
Форма | Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Кызматтык иштер боюнча чет өлкөгө чыгуучу жактар үчүн
анкета
1. _________________________________________________________________ |
|
(аты-жөнү) |
|
____________________________________________________________________ | сүрөт 3x4 см |
(Аты-жөнүн өзгөртүүдө өзгөртүү жөнүндө күбөлүктүн № жана берилген датасын көрсөтүү керек) |
|
2. _______________________________ 3. _______________________________ |
|
(туулган күнү, айы, жылы) (туулган жери) |
|
4. Акыркы жолу барган чет өлкө _________________________________________ | |
(барган өлкө жана барган датасы) | |
5. Эмгек жолундагы акыркы 5 жылда аткарган иши (окуу жайларындагы билим алуусун жана аскердик кызматын кошуп алганда). Мекеменин, уюмдун жана ишкананын аталышы ошол учурда аталгандай, аскердик кызмат ордун көрсөтүү менен жазылат.
Кирүү датасы | Чыгуу датасы | Кызмат орду, иштеген жеринин аталышын көрсөтүү менен | Иштеген жеринин дареги |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
6. Баруучу болжолдуу өлкө ______________________________________________
7. Баруу мөөнөтү_______________________ баштап________________________ чейин
8. Баруучу болжолдуу маршрут __________________________________________
9.__________________________________________________________________________
(жашаган жеринин дареги (шаар, көчө, үй, үйдүн/батирдин № )
10. Байланышуучу телефон номери ____________________________________________
(кызматтык/мобилдик)
11. Жалпы жарандык паспорттогу маалымат _____________________________________
(сериясы, номери, берилген күнү)
Көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын ырастайм:
Арыз ээси: | _____________ | 20_-ж. "___"_________________ |
| (колу) |
|
|
|
|
Командировкага жиберүүчү уюмдун жетекчиси: | _____________ | 20_-ж. "___"_________________ |
| (колу) |
|
|
|
|
Персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси: | _____________ | 20_-ж. "___"_________________ |
| (колу) |
|
|
| мөөрдүн орду |
Форма | Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 5-тиркеме |
Калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Калкты тейлөө борбору |
Дипломаттык же кызматтык
паспортту тариздөө үчүн электрондук анкетаны толтурууга
реестр № ______
|
| Дипломаттык |
| Кызматтык |
1. __________________________________________________________________________
(аты-жөнү)
2. ____________________________ 3. _________________________________________
(туулган күнү, айы, жылы) (идентификациялык жеке номери)
3. __________________________________________________________________________
(иштеген жери)
4. __________________________________________________________________________
(кызмат орду)
5. __________________________________________________________________________
(мурдагы дипломаттык/кызматтык паспорттун сериясы, номери жана датасы)
6. __________________________________________________________________________
(дипломаттык/кызматтык паспортту тариздөөгө негиз)
7. Арыз ээсинин аты-жөнү транслитерациясы: _____________________________________
______________________________________ |
| ________________________________________ |
(арыз ээсинин/ишенимдүү адамынын колу) |
| (Консулдук кызматтын кызматкеринин колу) |
20___-ж. "____"_______________________ |
| 20___-ж. "____"______________________ |
|
|
|
|
| мөөрдүн орду |
Форма | Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жобого 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык
паспорттору жөнүндө маалымат
____________________________________________________________
(командировкага жиберүүчү уюмдун аталышы)
20___-ж. "____" __________ баштап "____" __________ чейин
№ | Аты-жөнү | Кызмат орду | Паспортту тариздөө жөнүндө өтүнүч каттын чыгыш номери | Паспорттун тиби, паспорттун номери жана берилген күнү | Эскертүү |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
7 |
|
|
|
|
|
8 |
|
|
|
|
|
9 |
|
|
|
|
|
10 |
|
|
|
|
|
Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын ырастайм.
Жалган маалымат киргизилсе, жеке жоопкерчилик тартам.
Командировкага жиберген уюмдун жетекчиси: | ________________________ | _________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
|
|
|
Персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси: | ________________________ | _________________ |
| (аты-жөнү) | (колу) |
|
|
|
|
| мөөрдүн орду". |