Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 22-февралы № 56
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн жаңы үлгүдөгү бланктарын берүү мөөнөтүн аныктоо, ошондой эле аларды коргоо элементтерин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшүн бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө убактылуу күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү, 3-тиркемеге ылайык.".
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө убактылуу күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү 2021-жылдын 1-апрелине чейин колдонулары;
- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү 2021-жылдын 1-апрелинен тартып колдонулары.";
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын сүрөттөлүшү ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
1-тиркеме
|
|
|
Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүктүн бланкынын СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүк (мындан ары - күбөлүк) күбөлүктүн үлгүсүнө жана ушул сүрөттөлүш менен каралган белгиленген талаптарга шайкеш келет.
Күбөлүктүн бланкынын негизги параметрлери: өлчөмү 264x124 мм учтуу бурчтары менен, ар бири 89 мм болгон үч бирдей бөлүккө бүктөлгөн түрүндө болот.
2. Күбөлүктүн бланкы (мындан ары - форма) 125 г/см кагазга типографиялык ыкма менен басылат, ал өзгөчө коргоочу касиетке ээ; а) "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символу бар эки деңгээлдүү суу белгиси; б) кагаздын курамына кошулган үч жана андан көп жана кадимки күн нурунда көрүнбөөчү түстөр менен ультракызгылт көк нурланууга бир эле мезгилде флуоресценциялоочу булалар; с) кагаздын курамындагы түрдүү түстө көрүнгөн булалар жана көрүнбөгөн флуоресценциялоочу полимердүү жиптер.
Негизги талаада сызыктын калыңдыгы 40 микрондон ашпаган спектрдин көрүнө бөлүгүндө күн желесиндей кулпурган жасалмалоодон өзгөчө коргоону талап кылган документтерди түзүү үчүн атайын программалык камсыздоону колдонуу менен 3D-эффекти, кош сызыктары, өзгөрүлүүчү бурчтары жапа башка атайын эффекттери бар рельефтүү фондук торчону камтууга тийиш.
Ультракызгылт көк спектринде жалтылдаган боёктор менен спектрдин көрүнбөгөн бөлүгүндөгү күн желесиндей кулпуруу.
Орлов мөөрү.
Бланктын катар номери 3-бетте жайгашкан.
3. Бланктын тик абалында: мукаба, 4-бет, 5-бет.
Бланктын туурасынан абалында: 1-бет, 2-бет, 3-бет.
4. Бланктын мукабасында төмөнкүлөр жайгашкан:
мукабанын үстүнкү бөлүгүндө - мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде төмөнкүдөй жазуу: "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА/ТНЕ KYRGYZ REPUBLIC";
мукабанын борборунда - мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде төмөнкүдөй жазуу: "КАЙТЫП КЕЛҮҮГӨ КҮБӨЛҮК/СВИДЕТЕЛЬСТВО НА ВОЗВРАЩЕНИЕ/CERTIFICATE FOR RETURN".
5. Бланктын 1-бетинин жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 205 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүнө ылайык диаметри 28 мм болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгашкан.
Бланктын 1-бетинин борборунда мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде төмөнкүдөй жазуу жайгашкан:
"Ушул Күбөлүктүн ээсине Кыргыз Республикасына кайтып келүү укугу берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынан ушул Күбөлүктүн ээсин эч тоскоолдуксуз өткөрүүнү суранат";
"Обладатель данного Свидетельства имеет право на возвращение в Кыргызскую Республику. Правительство Кыргызской Республики просит компетентные органы иностранных государств обеспечить свободное передвижение владельцу данного Свидетельства";
"The holder of this Certificate has a right for return to the Kyrgyz Republic. The Government of the Kyrgyz Republic requests authorities of foreign states to permit the holder of this Certificate to pass without delay".
6. Бланктын 2-бети белгилерди коюуга арналган. Барактын өйдө жагында мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги "Өзгөчө белгилер үчүн/Для отметок/For special marks" жазуусу жайгаштырылган.
7. Бланктын 3-бети берилген документтерге ылайык киргизилген ээсинин жеке маалыматтары үчүн каралган.
Бул бетте мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде: "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА/ТНЕ KYRGYZ REPUBLIC", "КАЙТЫП КЕЛҮҮГӨ КҮБӨЛҮК/СВИДЕТЕЛЬСТВО НА ВОЗВРАЩЕНИЕ/ CERTIFICATE FOR RETURN" жазуусу, сканерленген фотосүрөт жайгашкан, ошондой эле машина аркылуу окулуучу зона каралган.
Күбөлүк ээсинин фотосүрөтү сол бөлүгүндө, санариптик форматта фотосүрөт үчүн зонада жайгаштырылат. Фотосүрөттүн астына идентификациялык жеке номери (ИЖН) жайгаштырылат.
Туурасынан 8 сапта мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде төмөнкүдөй жазуулар жайгаштырылган:
"- 1-сап - Сериясы/Серия/Series, катар номери";
1-сапта документтин сериясы көрсөтүлөт, күбөлүктүн катар номери "СВР" АМС аркылуу киргизилет;
- 2-сап - "Аты-жөнү/Ф.И.О./Surname and Given name".
2-сапта документтин ээсинин фамилиясы жана аты англис тилинде көрсөтүлөт;
- 3-сап - "Туулган күнү/Дата рождения /Date of birth".
3-сапта англис тилинде туулган күнү көрсөтүлөт;
- 4-сап - "Жынысы /Пол/Sex".
4-сапта жынысы көрсөтүлөт;
- 5-сап - "Берилген күнү/Дата выдачи/Date of issue".
5-сапта берилген күнү көрсөтүлөт;
- 6-сап- "Колдонуу мөөнөтү/Дата окончания срока действия/ Date of expiry".
6-сапта өтүү документин колдонуунун бүткөн мөөнөтү көрсөтүлөт;
- 7-сап - "Берген орган/Орган, выдавший документ/Issuing authority".
7-сапта күбөлүктү берген Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин аталышы көрсөтүлөт".
8-сапта - "Жеке номери/Персональный номер/Personal number".
Киргизилүүчү маалымат англис тилинде багыттоочу жазуулардын астына кара түстө жазылат.
Жеке маалымат жайгашкан беттин ылдыйкы бөлүгүндө машина аркылуу окулуучу кодго орун бар.
8. Бланктын 4 жана 5-беттери визалар үчүн арналган. Барактын өйдө жагында мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги "Виза/Виза/Visa" жазуусу жайгаштырылган.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө убактылуу күбөлүктүн СҮРӨТТӨЛҮШҮ
1. Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө убактылуу күбөлүктүн (мындан ары - күбөлүк) бланкы ачылган китепче формасында мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде реквизиттерин көрсөтүү менен бирдиктүү үлгүдө даярдалат.
2. Күбөлүктүн бланкы 142x318 мм өлчөмүндө болот жана үчкө бүктөлөт.
3. Күбөлүктүн ички бети үч бөлүктөн турат, сол жактагы бөлүгүндө мамлекеттик жана расмий тилдердеги текст, ал эми ортонку бөлүгүндө англис тилиндеги текст болот.
Сол бөлүгүнүн жогорку сол бурчуна кызыл түстөгү шрифт менен "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ/КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА", ал эми ортоңку бөлүгүнө тиешелүү түрдө - "ТНЕ KYRGYZ REPUBLIC" деген текст басылган.
Сол жана ортоңку бөлүктөрүнүн жогорку он бурчуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин алтын түстөгү сүрөттөлүшү түшүрүлгөн.
Сол жана ортоңку бөлүктөрүнүн сол тарабынын ылдый жагына күбөлүктүн берилген датасын жазуу үчүн жер калтырылат.
Андан ары сол бөлүгүнүн ортосуна мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй жазуулар жайгашкан:
"Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө КҮБӨЛҮК
СВИДЕТЕЛЬСТВО на возвращение в Кыргызскую Республику". Тиешелүү түрдө ортонку бөлүгүндө - "CERTIFICATE for returning to the Kyrgyz Republic" деген жазуу бар.
Күбөлүктүн аталышы кыргыз жана англис тилдеринде жоон шрифт менен басылган.
Төмөн жагында төмөнкүдөй мазмундагы текст жазылган:
"Ушул Күбөлүктү көрсөтүүчү - Кыргыз Республикасынын жараны.
Предъявитель настоящего Свидетельства - гражданин Кыргызской Республики.
______________________________________________________________________
(Фамилиясы, аты, атасынын аты/Фамилия, имя, отчество)
______________________________________________________________________
(туулган жылы жана жери/дата и место рождения)
Тиешелүү түрдө ортоңку бөлүгүнө төмөнкүдөй текст жазылган:
"The bearer of present Certificate is citizen of the Kyrgyz Republic"
______________________________________________________________________
(surname and given name)
______________________________________________________________________
(date and place of birth)
Сол бөлүгүнүн 2-абзацында төмөнкүдөй текст жазылган:
"Кыргыз Республикасына жөнөтүлөт, аны менен төмөнкүлөр кошо кетет:
Направляется в Кыргызскую Республику, с ним следуют:
_____________________________________________________________________
Негизи/Основание
_____________________________________________________________________".
Тиешелүү түрдө ортоңку бөлүгүнүн экинчи абзацына төмөнкүдөй текст жазылган:
"Is going the Kyrgyz Republic accompanied by:
______________________________________________________________________
Reason
_____________________________________________________________________".
Барактын сол жана ортоңку бөлүктөрүнүн сол жагындагы төмөнкү бурчуна күбөлүк ээсинин 3x4 өлчөмүндөгү сүрөтү чаптала турган орун белгиленген.
Сол бөлүгүнүн оң жактагы төмөнкү бурчуна төмөнкүдөй текст жазылган:
"Действительно до "___" ____________ 20____ чейин жарактуу.
Кыргыз Республикасынын Консулу
Консул Кыргызской Республики
колу/подпись_________________".
Тиешелүү түрдө ортоңку бөлүгүнүн оң жактагы төмөнкү бурчуна төмөнкүдөй текст жазылган:
Valid until
"___" ____________ 20____
Consul of the Kyrgyz Republic
Signature ____________________________".
4. Ички бетинин үчүнчү бөлүгү визаларды коюу үчүн арналган.
5. Күбөлүктүн бланкынын "KG МFА" сериясы жана номери 7 разряддан турган цифралык белгиленишке ээ болот жана ички бетинин бардык бөлүктөрүнүн төмөнкү оң бурчунда жайгашкан.
6. Тышкы бетинин оң жагында:
ортосунда - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин түстүү сүрөттөлүшү;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшүнүн ылдый жагында - мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги төмөнкү жазуулар жайгашкан:
"Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө
КҮБӨЛҮК
СВИДЕТЕЛЬСТВО
на возвращение в Кыргызскую Республику
CERTIFICATE
For returning to the Kyrgyz Republic".
7. Сырткы бетинин сол жана ортонку бөлүктөрү визаларды коюуга арналган.".