Загрузка документа…
| КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ | |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 88 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги (мындан ары - Министрлик) төмөнкү жааттардагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо;
- социалдык өнүктүрүү жана гендердик теңчилик;
- калкты социалдык коргоо, анын ичинде жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды (мындан ары - ДМЧА) жана улгайган жарандарды колдоо;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо;
- эмгек, калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жана эмгекти коргоо маселелерин кошкондо;
- этностук кыргыздар, кайрылмандар, качкындар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын чегинде адамдарды сатуунун курмандыктары;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо;
- жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-1. Министрлик төмөнкүлөрдүн укук улантуучусу болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарын, ошондой эле турак жай, коомдук жана өндүрүш имараттарында жол берилген ызы-чууга, термелүү кыймылына жана үн изоляциясына коюлган талаптардын сакталышын контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын;
- кайрылмандарды, баш калка издеген адамдарды (качкындарды) жана адамдарды сатуудан жабыр тарткандарды кабыл алуу функциялары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 139 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Министрлик ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелеринин ишин координациялайт жана контролдойт.
4. Министрлик Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Эл аралык медициналык-санитардык эрежелер боюнча Улуттук координатору жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо, балдарды коргоо боюнча субъекттердин ишин координациялоо, ошондой эле Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган улуттук саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
5. Министрлик өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, илимий жана башка уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
6. Министрлик юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү, штампы жана бланктары бар.
Министрликтин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство здравоохранения и социального развития Кыргызской Республики";
Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ССӨМ";
- расмий тилде: "МЗСР".
7. Министрликтин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 148.
2. Министрликтин максаттары
8. Министрликтин ишинин максаты Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо, социалдык өнүктүрүү жана гендердик теңчилик, калкты социалдык коргоо, анын ичинде жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды, ДМЧА жана улгайган жарандарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо, эмгек, калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жана эмгекти коргоо маселелерин кошкондо, этностук кыргыздар, кайрылмандар, качкындар жана адамдарды сатуунун курмандыктары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, ошондой эле жарандарды базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу болуп саналат.
3. Министрликтин милдеттери
9. Төмөнкүлөр Министрликтин милдеттери болуп саналат:
- Министрликтин максаттарынан келип чыгуучу мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- мамлекеттик жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана натыйжалуу көрсөтүү;
- коомдук саламаттык сактоонун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана калктын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттарын, медициналык буюмдарды алуусун, ошондой эле финансы каражаттарын бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун камсыздоо;
- эмгек мамилелерин, жумушчулардын эмгек акыларын төлөө системасын өнүктүрүү, жарандардын эмгек укуктарын коргоону жана сактоону камсыздоо;
- калкты иш менен камсыз кылууну жогорулатууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды социалдык колдоо ченемдерин өркүндөтүү;
- мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдар жана ритуалдык (сөөк коюуга) жөлөкпул түрүндө мамлекеттик колдоо системасын өнүктүрүү жана уюштуруу;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга жардам берүү;
- гендердик теңчиликти камсыздоого көмөк көрсөтүү;
- ДМЧА жана улгайган жарандардын жашоосун жакшыртуу, алардын мамлекеттик жана социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууларын камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу жаатындагы мамлекеттик саясатты өркүндөтүү;
- калктын милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтылышын кеңейтүү;
- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугун камсыздоо;
- иммигранттардын - этностук кыргыздардын жана кайрылмандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
- улуттук коопсуздуктун кызыкчылыктарын эске алуу менен эл аралык милдеттенмелерге ылайык качкындардын укуктарын камсыз кылуу;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ошондой эле адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
4. Министрликтин функциялары
10. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат функцияларын:
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын жана эл аралык келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизет;
- тейлеген тармактардагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн көлөмүн жана шарттарын аныктайт;
- климаттын глобалдуу өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана киргизүүгө катышат;
- жугуштуу жана приоритеттүү жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча стратегияны иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- бюджеттик мыйзамдарга ылайык Министрликтин жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн чыгымдарын каржылоонун көлөмдөрүн аныктайт жана пландоону ишке ашырат;
- калкты жана саламаттык сактоо уюмдарын сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттары, медициналык буюмдар менен камсыз кылуу үчүн дары каражаттарын, медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзөт жана жүргүзөт;
- медициналык камсыздандыруу, курорттук иш жаатындагы саясатты иштеп чыгат;
- калктын милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтылышын кеңейтүү боюнча бирдиктүү саясатты түзөт;
- Министрликтин системасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү киргизет жана өнүктүрөт;
- Министрликтин системасында социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- тейлеген маселелери боюнча эл аралык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат, гранттарды жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- эмгекти коргоо жана эмгек шарттарынын коопсуздугунун кепилдиктери чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды, убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды, ритуалдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду чектөө жана төлөө маселелерин өркүндөтүү жана реформалоо боюнча багыттарды ишке ашырат;
- тарифтик жана пенсиялык саясатты, аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматчыларын кошкондо өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;
- социалдык ченемдерди жана кепилденген мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарды киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- жарандардын социалдык корголбогон категорияларына, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдарды аккредитациялоо системасын иштеп чыгат жана киргизет;
- гендердик теңчилик жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- мамлекеттик социалдык заказды өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- иммигранттарга - этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга көмөк көрсөтүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырылышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасында качкын деп таануу жөнүндө өтүнүчтөрдү каттайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте качкын статусун берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- Кыргыз Республикасында кайрылман деп таануу жөнүндө өтүнүчтү каттоого алат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрылман статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- баш калка издеген адамдарды, качкындарды, кайрылмандарды эсепке алууну жүргүзөт;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын негиздерин иштеп чыгат;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин даярдоого катышат;
- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат;
- адамдарды сатуунун курмандыктарына социалдык жана реабилитациялык кызматтарды көрсөтөт;
- этностук кыргыздардын, кайрылмандардын, качкындардын жана адамдарды сатуунун курмандыктарынын социалдык адаптациялануусуна көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасына келип түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу жана эсепке алуу тартибинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт;
- тейлеген тармактарында укуктук пропагандалоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- программалык негизде Министрликтин системасынын консолидацияланган бюджетин түзүү жана аткаруу жаатындагы саясатты ишке ашырат;
- орто мөөнөттүү жана программалык бюджетти болжолдойт, бюджетти каржылоону жана аткарууну, ошондой эле Министрликтин системасындагы чыгымдарды талдоону уюштурат;
- Министрликтин системасындагы уюмдарды оптималдаштыруу жана кайра түзүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
2) жөнгө салуу функциялары:
- менчигинин түрүнө карабастан, саламаттык сактоо уюмдарынын бирдиктүү алгачкы медициналык эсепке алуу системасын жана статистикалык отчеттуулугун иштеп чыгат жана киргизет;
- медициналык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, коопсуздугун башкаруу системасын иштеп чыгат жана киргизет;
- саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо стандарттарын иштеп чыгат;
- медициналык, фармацевттик жана социалдык кадрларды каттоого алууну уюштурат, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо уюмдарында кадрлардын орун которууларына мониторинг жүргүзөт;
- менчигинин түрүнө карабастан, медициналык, фармацевттик жана социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ишине мониторинг жана баалоо жүргүзөт, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана социалдык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- жогорку технологиялар фондунун, техникалык тейлөө фондунун, эпидемиологиялык фонддун жана борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарын бөлүштүрүү механизмдерин түзөт жана аныктайт;
- медициналык билим берүү уюмдарына кабыл алуу планын бекитет, кабыл алуу эрежелерин макулдашат;
- товарлардын экспортуна жана импортуна эксперттик корутундуларды берет;
- жеке медициналык мекемелердин жана жеке ишкерлердин медициналык иштерине (жеке медициналык мекемелерде же жеке ишкерлерде жалданып же эмгек келишими боюнча иштеген медициналык кызматкерлердин ишинен тышкары), ошондой эле фармацевттик ишке лицензия берет;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жаатында чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- эл аралык бала асыроо жаатында иштеген субъекттерди, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга кызмат көрсөтүү жаатында иштеген субъекттерди, ошондой эле жарым стационардык уюмдарды жана социалдык кызматтардын кардарларына социалдык кызмат көрсөтүүчү социалдык тейлөө мекемелерин аккредитациядан өткөрөт;
- жумуш издегендерди жана жумушсуз жарандарды эсепке алууну жана каттоого алууну камсыздайт;
- эмгек ресурстарына болгон суроо-талапты болжолдойт;
3) координациялоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- Министрликтин тейлеген багыттары боюнча улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды аткарууда ведомстволук мекемелердин, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн ишин координациялайт жана контролдойт;
- менчигинин түрүнө карабастан, Министрликтин уюмдарынын ишин жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, координациялайт, контролдойт жана тармакты өнүктүрүү боюнча биргелешкен чараларды көрөт;
- республиканын аймагын карантиндик жана өзгөчө кооптуу оорулардын киришинен жана жайылышынан санитардык коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүнү координациялайт;
- жугуштуу оорулардын жана тамак-аштан уулануу очогун өз убагында чектөө жана жоюу боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү жана эпидемияга каршы, алдын алуу иш-чараларын координациялоону уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Тамекинин зыяндуу таасиринен жарандарды коргоо боюнча сектор аралык координациялык кеңештин ишин камсыздайт;
- патогендик микроорганизмдер менен иштеген лабораториялардын биологиялык коопсуздугун камсыздоо ишин координациялайт;
- калкты жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттары менен камсыздоо, ошондой эле калкты жана саламаттык сактоо уюмдарын дары каражаттары менен камсыздоо жана өндүрүү жаатындагы ата мекендик фармацевттик өндүрүш менен аракеттешүүнү уюштуруу жана Өтө маанилүү дары каражаттарынын тизмесин түзүү боюнча иштерди координациялайт;
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо жаатындагы улуттук, мамлекеттик жана максаттуу программаларды, мамлекеттик кепилдиктер программасын аткаруу боюнча саламаттык сактоо уюмдарынын ишин контролдойт;
- жогорку технологиялар фондунун, техникалык тейлөө фондунун, эпидемиологиялык фонддун жана борборлоштурулган иш-чаралардын каражаттарын максаттуу пайдаланууну контролдойт;
- ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдөгү финансылык, операциялык процесстердин ички аудитин жүргүзөт;
- Министрликтин адистерин, жетекчилерин аттестациялоону контролдойт;
- Мамлекеттик заказды аныктайт жана менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан, даярдоо, кайра даярдоо жаатындагы иштерди, дипломго чейинки жана дипломдон кийинки, кошумча медициналык, фармацевттик билим берүү жана медициналык илим маселелерин координациялайт;
- медициналык билим берүү уюмдарында бирдиктүү мамлекеттик билим берүү стандарттарын, окуу пландарын жана программаларды иштеп чыгуу үчүн сунуштарды киргизет;
- саламаттык сактоо жаатында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү координациялайт, саламаттык сактоо жаатында илимий жана практикалык иштин ырааттуулугун камсыздайт;
- тейлеген тармактарда координациялык жана башка комиссияларды, кеңештерди жана штабдарды түзөт жана алардын ишине катышат;
- ата мекендик дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын өндүрүшүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;
- менчигинин түрүнө карабастан, социалдык кызматтарды көрсөтүүчү мекемелерде кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттардын ченемдерин жана талаптарын сактоого мониторинг жүргүзөт жана контролдойт;
- мамлекеттик материалдык резервди башкаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн гуманитардык жардамдан тышкары, гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүүнү эсепке алуу тартибин координациялайт;
- текшерүүлөрдү, изилдөөлөрдү жүргүзүү, аткарууга милдеттүү болгон бузуулар жөнүндө жазма буйруктарды берүү, күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык жоопко тартуу аркылуу эмгек мыйзамдарын, эмгек укуктарынын ченемдери камтылган башка ченемдик укуктук актылардын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо ишин координациялайт;
- өндүрүштө болгон кырсыктарды изилдөө, алардын себебин талдоо маселелерин координациялайт;
- миграция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга катышат;
- үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо иштерин жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана башка субъекттердин ишин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында адамдарды сатуунун масштабдары, абалы жана тенденциялары жөнүндө маалыматты топтойт жана талдайт;
- менчигинин түрүнө карабастан, Бирдиктүү төлөөчү системасынан тышкаркы саламаттык сактоо уюмдарында медициналык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн бирдей шарттарын түзүүнү координациялайт;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан, коомдук саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын, анын ичинде коомдук жана өндүрүштүк объекттердеги күүлдөгөн добуштарга жана титирөөлөргө коюлган талаптарды аткаруу боюнча объекттерди көзөмөлдөйт (контролдойт);
- Бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын бюджеттерин түзүүгө, бюджеттик сметаларды бекитүү жана тактоо, отчетторду түзүү жана кабыл алуу боюнча акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттарды координациялайт жана контролдойт;
- Бирдиктүү төлөөчү системасынын финансылык стабилдүүлүгүн камсыздоо үчүн камсыздандыруу запасын түзүүнү координациялайт жана контролдойт;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- башка министрликтер жана ведомстволор менен аракеттешип, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга байланышкан маселелерди чечүүгө катышат, жабыр тарткандарга медициналык-санитардык жана реабилитациялык жардам көрсөтүүнү уюштурат,
- тынчтык жана согуш мезгилинде калкты медициналык камсыздоо боюнча мобилизациялык даярдыкты жүргүзөт;
- жумушсуздарды кесиптик окутууну жана кайра окутууну, аларды акы төлөнүүчү иштерге тартууну уюштурат;
- мамлекеттик жөлөкпулдарды, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды жана кош бойлуулук жана төрөгөндүгү боюнча, сөөк коюуга жөлөкпулдарды чектейт жана төлөйт;
- жумушсуз адамдарды, калктын аялуу катмарын, ошондой эле ДМЧАларды ишке орноштурууга көмөк көрсөтөт;
- социалдык тейлөө мекемелеринде мамлекеттик стандарттарга ылайык социалдык тейлөөнү уюштурат;
- ДМЧАларга санаториялык-курорттук дарыланууга жеңилдетилген жолдомолорду берет;
- ДМЧАларды, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды медициналык-социалдык реабилитациялоону жүргүзөт;
- ДМЧАларды реабилитациялоонун атайын техникалык каражаттары, анын ичинде кыймылдоонун атайын каражаттары менен камсыз кылат;
- балдарды коргоо, анын ичинде жетим балдарды жана ата-энесинен кароосуз калган балдарды камкордукка алуу жана көзөмөлдүк кылуу, улуттук жана эл аралык асыроо, бала асыраган үй-бүлөлөр институтун киргизүү, аларга социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу жаатында чараларды көрөт;
- ДМЧАларды камсыз кылуу үчүн реабилитациялоонун техникалык каражаттарын жана шаймандарын өндүрүү жана ишке киргизүү чөйрөсүн кеңейтет, протездик-ортопедиялык буюмдарды жасоо технологиясын өркүндөтөт;
- турмуштук оор кырдаалга кабылган жарандарды, үй-бүлөлөрдү жана балдарды аныктоо, муктаждыктарын баалоо, социалдык коштоо иштерин жергиликтүү деңгээлде уюштуруучу, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларына мамлекет тарабынан кепилденген социалдык кызматтарды көрсөтүүчү социалдык кызматтардын тармактарын түзөт;
- балдар үчүн "ишеним телефону" аркылуу консультациялык жардам көрсөтөт;
- адамдарды сатуунун курмандыгы болгондорго социалдык жана реабилитациялык кызматтарды көрсөтөт;
- качкын статусун жана качкындардын күбөлүктөрүн берүү жөнүндө өтүнүчтү каттоо тууралуу күбөлүктөрдү берет;
- кайрылман күбөлүгүн берүү боюнча ишти аткарат, этностук кыргыздарга жана кайрылмандарга Кыргыз Республикасына көчүп келген этностук кыргыздардын мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзамдарда каралган мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө көмөк көрсөтөт;
- социалдык долбоорлорду конкурс аркылуу тандоону, каржылоону, алардын аткарылуусун мониторингдөөнү жана контролдоону ишке ашырат;
5) колдоо функциялары:
- саламаттык сактоо жана социалдык коргоо жаатындагы жарандык коргоону ишке ашыруу боюнча иш-чараларды өткөрөт;
- Министрликтин инфратүзүмүн жана материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча иш-чараларды камсыз кылат;
- тейленүүчү маселелерди кароодо сот органдарында, мамлекеттик башка органдарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызыкчылыгын белгиленген тартипте коргойт;
- каржылоо булагына карабастан финансылык каражаттардын, гуманитардык жардамдардын, гранттардын жана кредиттердин түшкөнүн жана колдонулушун эсепке алууну уюштурат, аларды пайдалануу боюнча бухгалтердик жана финансылык отчеттуулукту камсыздайт;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүнүн муктаждыгын аныктайт жана борбордук сатып алууларды жүргүзөт;
- өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде көрсөтөт, тейлеген багыттар боюнча байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт;
- мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү дайындайт жана төлөйт;
- Министрликтин системасындагы кадрларды тандоо, жайгаштыруу, өстүрүү жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу ишин белгиленген тартипте аткарат;
- кызыкдар тараптар менен биргеликте эмгек, иш менен камсыздоого көмөк көрсөтүү, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоо, үй-бүлөдө турмуштук оор кырдаалды болтурбоо, жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча программаларды ишке ашырат;
- мамлекеттик, социалдык кызматтарды көрсөтүү жана социалдык төлөмдөрдү ишке ашыруу, ошондой эле жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо, калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү үчүн Министрликтин маалыматтык системасынын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;
- Министрликтин маалыматтык-коммуникациялык инфратүзүмүн жана маалымат ресурстарын, анын ичинен ведомство ичинде/ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу ишин эске алуу менен өнүктүрүүнү жана иштетүүнү камсыздайт;
- мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта көрсөтүү максатында Министрликтин маалымат системалары менен электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын өз ара байланышта иштөөсүн камсыздайт;
- донор өлкөлөрдүн жана эл аралык финансы институттарынын гуманитардык жардамын жана гранттык колдоосун тартуу боюнча иштерди өз компетенциясынын чегинде аткарат;
- мыйзам менен белгиленген тартипте уюмдардын жана жарандардын кайрылууларын караштырат, Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандарды кабыл алат.
5. Министрликтин укуктары
11. Министрлик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Министрликтин мамлекеттик саясатынын негизги багыттары жана Министрликтин ишинин маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- тейленүүчү тармактардагы ведомстволук актыларды иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- эл аралык сүйлөшүүлөрдө Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоого, тейлеген багыттар боюнча эл аралык, өкмөттөр аралык, ведомстволор аралык келишимдерди (макулдашууларды) түзүүгө, Кыргыз Республикасынын атынан эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга жана келишимдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныктаган ыйгарым укуктардын чегинде региондук жана эл аралык уюмдар менен макулдашууларга жана келишимдерге кол коюуга;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан башка уюмдардан Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча маалымат алууга;
- Министрликтин ведомствого караштуу жана аймактык бөлүмдөрүнүн, анын ичинде менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан саламаттык сактоо уюмдарынын жана социалдык мекемелердин иши жөнүндө отчетторду угууга;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик уюмдарды түзүү жана жоюу жөнүндөгү чечимдерди белгиленген тартипте кабыл алууга, Министрликтин мамлекеттик уюмдарынын түзүмүн жана уставдарын (жоболорун) бекитүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Министрликтин уюмдарынын типтүү уставдарын (жоболорун) иштеп чыгууга;
- медициналык жана фармацевттик кызматкерлерди аттестациялоо маселелерин кесиптик медициналык коомдук уюмдарга, ассоциацияларга (бирликтерге) белгиленген тартипте өткөрүп берүү;
- жоболору жана курамы Министрликтин чечими менен бекитилген, белгиленген иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү органдарды (кеңештерди, комиссияларды, топторду), анын ичинде ведомстволор аралык органдарды түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте медициналык, фармацевттик жана социалдык кызматкерлерди сыйлоо системасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- башка мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары жана эл аралык уюмдары менен тейленүүчү багыттары боюнча кызматташууну жүзөгө ашырууга, макулдашуулардын аткарылышын камсыздоого;
- тейленүүчү багыттар боюнча эл аралык конгресстерди, кеңешмелерди, семинарларды, конференцияларды жана конкурстарды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- коомдук уюмдардын, ассоциациялардын, фонддордун, кыймылдардын жана жеке адамдардын кайрымдуулук жана гуманитардык ишин колдоого;
- изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий негизделген сунуштарды иштеп чыгууга, минималдуу социалдык стандарттарды киргизүү процессин жүргүзүүгө, социалдык, реабилитациялык кызматтарды өнүктүрүүгө келишимдерди түзүүгө;
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- жарнамалык-басма ишин жүргүзүүгө;
- Министрликтин ведомстволук сыйлыктарын мыйзамда белгиленген тартипте уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, Министрликтин иш чөйрөсүнө кирген башка укуктарды жана ыйгарым укуктарды аткарууга.
6. Министрликтин ишин уюштуруу
12. Министрликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри (мындан ары - министр) жетектейт.
13. Министрликте статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызматы, ошондой эле министрдин биринчи орун басарынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орундары түзүлгөн.
Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоо, кызмат ордунан бошотуу тартиби, функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталат.
14. Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, министрге түздөн-түз баш ийишет жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде Министрликтин ишин уюштурушат.
15. Министр:
- Министрликтин ишине жалпы жетекчилик кылат;
- бюджеттик мыйзамдарга ылайык финансы каражаттарын тейлейт;
- Министрликке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Министрликтин тейлөөчү багыттары боюнча маалымат берет жана тийиштүү сунуштарды киргизет;
- чет мамлекеттерде, эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргойт, өз укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана келишимдерди түзөт;
- тейлеген тармактарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген ченемдик укуктук актыларды колдонууну токтотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык статс-катчыны кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берет;
- министрдин орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин номенклатурасына кирген түзүмдүк мекемелердин жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу үчүн сунуштарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизет;
- белгиленген тартипте ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жана социалдык мекемелердин жетекчилерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Министрликтин борбордук аппаратынын, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аймактык, ведомстволук бөлүмдөрдүн жана мекемелердин чыгашалар сметаларын бекитет;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлер тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна ведомстволук бөлүмдөр жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте киргизет;
- ведомстволук жана аймактык бөлүмдөргө тапшырма берет жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Министрликтин мүлкүн, каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык бүтүмдөрдү түзөт;
- мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык статс-катчынын сунушу боюнча административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматкерлерди кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- кызмат орду боюнча Министрликтин жарандык коргонуусунун начальниги болуп саналат;
- Министрликтин мамлекеттик жарандык кызматчыларына белгиленген тартипте класстык чендерди ыйгарат;
- Министрликтин системасында өзгөчө айырмаланган кызматкерлерге Кыргыз Республикасына өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, ардак наамдарды ыйгарууга белгиленген тартипте сунуштайт;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө маселелерди чечет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын кызматтык маяналарына үстөк акыларды белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик, муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин, жогорку жана орто кесиптик медициналык билим берүү уюмдарынын, ошондой эле Министрликке түздөн-түз баш ийген уюмдардын жетекчилерин сыйлайт жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
16. Министрликте 15 адамдан турган коллегия түзүлөт. Министр (коллегиянын төрагасы), статс-катчы, министрдин орун басарлары кызмат орундары боюнча коллегиянын курамына кирет.
Коллегиянын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, ошондой эле Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын жетекчилери кирет.
Коллегиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет. Коллегия жөнүндө жобону жана анын иштөө регламентин министр бекитет.
17. Министрликтин коллегиясынын, борбордук аппаратынын, анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин уюштуруу жана пландоо жана Министрликтин ишинин башка маселелери министр тарабынан бекитилүүчү тиешелүү документтер менен регламенттелет.
18. Ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн жана мекемелердин жетекчилери аткарган ыйгарым укуктары боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
19. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген коомдук кеңеш түзүлөт.
20. Министрликте мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комиссия, ошондой эле башка комиссиялар иштейт.
21. Медициналык илимдин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана илимий-изилдөө иштеринин долбоорлоруна эксперттик баа берүү үчүн Министрликте саламаттык сактоо системасынын алдыңкы окумуштууларынын арасынан илимий кеңеш түзүлөт. Илимий кеңеш өз ишин министр тарабынан бекитилүүчү жобого ылайык жүргүзөт.
7. Корутунду жоболор
22. Министрликти жана анын карамагындагы уюмдарды кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Министрлик жоюлган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архиви жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.