Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 14-апрели № 145
"2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги венгер тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине туура келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Макулдашууга кол коюлганга чейин, ал Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Эл аралык иштер боюнча комитети, Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети, Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-сентябрындагы № 333-б буйругу менен жактырылган жана 2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган.
Макулдашуу башка мамлекетте салык салынуучу объекти бар бир мамлекеттин субъекттерине салык салуу боюнча макулдашуучу мамлекеттердин ар биринин укуктарын чектөө эрежелерин аныктайт. Мында ушул жоболорду ишке ашыруунун ыкмалары салыктык укуктун мамлекеттик ички ченемдерин белгилейт.
Ушул Макулдашуу бир мамлекеттин резидентин экинчи макулдашуучу мамлекетте дискриминациалык салык салууда коргоо болуп саналат, салык салуудан баш тартууга же макулдашуучу мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу аркылуу Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербейт.
Буга байланыштуу, Кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу Кыргыз Республикасынын экономикасына чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу куралы болуп саналат, анткени эки өлкөнүн биринде гана салык салына турганын билген чет өлкөлүк иштер субъекттерине өлкөгө инвестициялоо мүмкүндүгүн берет.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык аталган Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ратификациялоого киргизилүүдө.
Бул Макулдашуу ратификацияланган учурда финансылык чыгымдарга, ошондой эле финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбей тургандыгын белгилөө зарыл.