Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 407 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-марты № 108
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 "Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумун өркүндөтүү максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 179 "Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жободо:
- 13-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи-онунчу абзацтар менен толукталсын:
"- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн даярдоо боюнча пландалган иш-чараларды бекитилген пландардын алкагында жүзөгө ашыруу;
- калкка, объектилерге жана турмуш-тиричилик инфраструктурасына өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучун болтурбоо максатында превентивдүү, атайын, инженердик жана башка уюштуруу-техникалык иш-чараларын жүргүзүү;
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын, резервдерин, жайгашуу орундарын аларды иштетүү тартибин тактоо;";
он экинчи абзацы "өзгөчө кырдаалдарды" деген сөздөрдөн кийин "алдын алуу жана" деген сөздөр менен толукталсын;
он алтынчы абзацындагы ", зарылчылыкка жараша кырсык мүмкүн болуучу райондогу абалдын начарлоо себебин аныктоо, анын кадимкидей абалга келиши боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ыкчам топторду түзүү" деген сөздөр алып салынсын;
он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ыкчам нөөмөттүк жана нөөмөттүк-диспетчердик кызматтардын курамын күчөтүү, алар жок болгон учурда - күнү-түнү ыкчам нөөмөттү уюштуруу;";
он сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу-жыйырма төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- кырсыктын келип чыгышы мүмкүн болгон райондогу абалдын начарлоо себебин аныктоо, ошондой эле такталган маалыматтардын негизинде аны жөнгө салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ыкчам топторду түзүү;
- иштин күчөтүлгөн режимине өтүү жана маалымат алмашуу тартибин камсыз кылуу үчүн Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун тийиштүү тутумчасын жана звенолорун аныктоо;
- Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иштешин жогорку даярдык режимине өткөрүү боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө калкты өз убагында маалымдоону бирдиктүү маалыматтык башкаруу тутуму аркылуу уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча ыкчам штабды түзүү тууралуу чечимдерди кабыл алуу;
- зарыл болгон учурда байкоочу жана контролдук постторду, анын ичинде байкоо жүргүзүү жана лабораториялык контролдоо тармагын уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдиктерин жана коркунучтарын, алардын масштабын баалоо боюнча өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү тутумунун ишин күчөтүү;";
төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү-жыйырма сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штаб түзүү;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин башчысын дайындоо;
- авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды аткаруу үчүн өзгөчө кырдаал болгон аймакка Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун күчтөрүн жана каражаттарын тартуу;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, адамдын өмүрүн сактоо, инфраструктураны жана объектилерди сактоо боюнча бардык зарыл иш-чараларды уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү тутуму, айлана-чөйрөнүн абалын, өзгөчө кырдаал аймагындагы абалды байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагы аркылуу кырдаалга үзгүлтүксүз баа берүү;
- Жарандык коргонуу боюнча тийиштүү комиссиялар тарабынан өзгөчө кырдаалдын зыянын аныктоо;";
жыйырма төртүнчү, жыйырма алтынчы жана жыйырма сегизинчи абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 131 - 134-пункттар менен толукталсын:
"131. Мүмкүн болгон коркунучка же өзгөчө кырдаалга жараша Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө режимин киргизүү жөнүндө чечим тиешелүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башчысы тарабынан кабыл алынат.
132. Чечим менен төмөнкүлөр аныкталат:
- жогорку даярдыктагы жана/же өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар жана баалоо критерийлери;
- өзгөчө кырдаал коркунучу бар аймактын чектери же өзгөчө кырдаалдын чектери;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөр жана каражаттар;
- Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын сандык курамы, адистерди жана эксперттерди киргизүү зарылдыгы;
- калкты өзгөчө кырдаалдан коргоону камсыз кылуу же анын кесепеттерин жоюу иштерин уюштуруу боюнча иш-чаралардын тизмеси;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жооптуу кызмат адамдары;
- өзгөчө кырдаалдар болгон аймакка күчтөр менен каражаттарды киргизүү тартиби;
- жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген учурда жарандардын жана транспорттун өзгөчө кырдаал зонасына кирүүсүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизүү жана өзгөчө кырдаал зонасында жайгашкан уюмдардын ишин токтото туруу зарылдыгы;
- күч жана каражатты, аларды жайгаштыруу үчүн орундарды ар тараптан камсыз кылуу иш-чаралары;
- өзгөчө кырдаал зонасында зарыл болгон авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштердин жалпы комплексин жүргүзүү, уюштуруу жана өз убагында ишке ашыруу үчүн башка чаралар.
133. Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштөө режимин киргизүү же алып салуу жөнүндө кабыл алынган чечим, менчигинин түрүнө карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн аткарууга милдеттүү.
134. Жогорку даярдык же өзгөчө кырдаал режимдерин киргизүү үчүн негиз болгон жагдайлар четтетилгенден кийин Жарандык коргонуунун тиешелүү деңгээлдеги башчылары Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутумунун иштеши боюнча мурун белгиленген режимдерин алып салышат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 32 жарыяланды
Премьер-министр | У.А. Марипов |