Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 31-марты № 121
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 31-мартындагы № 121 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду чыгарат.
1. Ушул мыйзам долбоору менен "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан негизги өзгөртүүлөрдүн бири Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвестициялык макулдашууга кол коюу аркылуу стратегиялык инвесторго "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган атайын укуктарды, кепилдиктерди жана жеңилдиктерди" берүү мүмкүнчүлүгү боюнча ченемдерди белгилөө болуп саналат.
Бирок "атайын укуктар, кепилдиктер жана жеңилдиктер" деген сөздөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган мүмкүн болуучу алып салуулардын жана преференциялардын кеңири чөйрөсүн камтыйт. Башкача айтканда инвестициялык макулдашууларга Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралбаган алып салууларды жана преференцияларды киргизүү мүмкүндүгү пайда болот. Анын негизинде инвестициялык макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттери менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган алып салууларды жана преференцияларды киргизүү функциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү сунушталууда.
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мыйзам кабыл алуу функциясы мыйзам чыгаруу органына таандык экендигин белгилөө зарыл.
2. Мындан тышкары мыйзамдын долбоору менен айрым мыйзамдык актыларга (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына) аларда камтылган алып салуулардан жана преференциялардан артыкчылыктуу күчкө ээ экендигин белгилөөчү айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.
Ушуга байланыштуу аталган алып салуулар жана преференциялар жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдык актыларда белгиленген укуктук мамилелердин чөйрөсүндө гана колдонула тургандыгы боюнча маселе келип чыгууда.
Демилгечилер тарабынан алып салуулар жана преференциялар жогоруда аталган мыйзамдык актылардын жөнгө салуучу чөйрөсүнө кире тургандыгы шартталган учурда (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына) "атайын укуктар, кепилдиктер жана жеңилдиктер" сыяктуу түшүнүктөрдү укуктук мамилелердин көрсөтүлгөн чөйрөсү менен гана чектөө зарыл.
Бирок жогоруда аталган "атайын укуктарды, кепилдиктерди жана жеңилдиктерди" башка чөйрөлөргө дагы берүү шартталган учурда, ошол мамилелерди жөнгө салуучу башка мыйзамдык актыларга алып салууларды жана преференцияларды киргизүү зарылдыгы пайда болот.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актыларында каралбаган стратегиялык инвесторлорго "атайын укуктарды, кепилдиктерди жана жеңилдиктерди" берүү мүмкүнчүлүгүн түзгөн мыйзам долбоорунун негизги максатын эске алып, аталган максаттарга жетүүнүн төмөнкүдөй варианттарын карап чыгуу сунушталууда:
1) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, тиешелүү мыйзамдар жана кодекстер (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" мыйзамдарына) менен тиешелүү алып салуулар жана преференциялар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан стратегиялык инвесторлорго берилиши мүмкүн болгон алып салуулардын толук тизмесин стратегиялык инвестор менен инвестициялык макулдашууга кол коюу аркылуу белгилөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө мындай инвестициялык макулдашууларга кол коюу тартибин өз алдынча аныктоо укугун берүү.
Мындай учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши мыйзам чыгаруучу орган катары алып салууларды жана преференцияларды берүүнү аныктайт.
Ушуну менен бирге инвестициялык макулдашууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери менен макулдашуу зарылдыгы да жоюлат. Сунушталган вариант менен стратегиялык өнөктөш ишеним арткан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бере турган мүмкүн болуучу алып салууларды жана преференциялардын тизмесин аныктоого мүмкүндүк берет.
Мында аталган алып салууларга жана преференцияларга инвестициялык макулдашуунун жоболору менен гана эмес, Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен да кепилдик берилет.
Андан сырткары каралып жаткан вариант стратегиялык өнөктөш менен инвестицияларды тартуу боюнча сүйлөшүү процесстерин жана укук колдонуу практикасын жеңилдетет, ири инвестицияларды салууда берилүүчү мүмкүнчүлүктөрдү так көрсөтөт, ошондой эле инвестициялык талаш-тартыштарды чечүүнү жеңилдетет.
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн мыйзам чыгаруучу орган - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзамдык формада берилүүчү алып салууларды жана преференцияларды макулдашуу жөнүндө чечимди милдеттүү түрдө кийин кабыл алуу менен алып салуу жана преференциялар караштырылган инвестициялык макулдашууну стратегиялык инвестор менен түзүү мүмкүнчүлүгүн белгилөө.
Ушуну менен бирге ченемдик укуктук актылардын иерархиясын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу берилген тиешелүү мыйзамды кабыл алуу аркылуу күчүнө кирген инвестициялык макулдашууга ылайык тиешелүү конституциялык мыйзамдарда жана кодекстерде каралбаган башка эрежелер белгиленген учурда бардык тиешелүү конституциялык мыйзамдарда жана кодекстерде инвестициялык макулдашуунун жоболору колдонула тургандыгы жөнүндө ченем белгилениши керек.
Инвестициялык макулдашууну түзүү процессине бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын катышуусун эске алып, инвестициялык макулдашууну түзүү жана күчүнө кирүү тартибин мыйзам менен жөнгө салуу зарыл.
Бул вариантта инвестициялык макулдашуунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттери менен алдын ала макулдашуу жол-жобосун белгилөө негиздүү жана мүмкүн.
4. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2 жана 3-пункттары менен "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесин 4-3-бөлүгү менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык стратегиялык инвестор - бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен инвестициялык макулдашуу түзүү үчүн критерийлерге туура келген инвестор же инвесторлордун бирикмеси. Стратегиялык инвесторго карата деталдык критерийлер ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 9-пунктуна ылайык инвестициялык макулдашуунун долбооруна стратегиялык инвестор менен кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана бюджет боюнча комитети менен макулдалышы керек. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинде аныкталган, ага ылайык инвестициялык макулдашууга кол коюуга макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктар белгиленбегендигин тактоо зарыл.
Сунушталган мыйзам долбоорунда стратегиялык инвесторго карата белгиленген критерийлерди аныктоо максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
4. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 4-абзацында "эл аралык келишим" деген сөздөргө чейин "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган" деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда.
Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 3-абзацын "эл аралык келишимдер" деген сөздөргө чейин "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
5. Мыйзам долбоорунун 6-беренесин алып салууну максатка ылайыктуу деп эсептейбиз, анткени "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмегине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга окшош же жогору болгон лицензиялар гана киргизилет.
6. Мыйзам долбоорунун 9-беренесинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирүү сунушталууда.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ушуну менен бирге каралып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынган учурда кайрадан каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында көрсөтүлгөн эмес.
Ушуга байланыштуу негиздеме-маалым катты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу же тиешелүү оңдоолорду киргизүү зарылдыгы тууралуу маалыматтар менен толуктоону сунуштайбыз.
7. Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым каты "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине туура келбейт, себеби анда кабыл алынуучу ченемдик укуктук актынын мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин болжолдоо тууралуу маалымат, ошондой эле коомдук талкуулоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат камтылган эмес.
Андан сырткары аталган Мыйзамдын 23-беренесине ылайык коомдук талкуулоонун мөөнөтүн эсептөө ченемдик укуктук актынын долбоору жарыялангандан кийинки күндөн тартып баштала тургандыгын эске алуу менен мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында коомдук талкуулоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган датаны көрсөтүү зарыл.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү сунушталган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыгуу зарыл деген корутунду чыгарат.