Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 31-марты № 122
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чегин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын штаттык санынын чеги;";
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
1 | Мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик агенттик, мамлекеттик кызмат, мамлекеттик инспекция, департамент, борбор, юридикалык жактын статусу бар фонд | 11 |
";
- Эскертүүнүн 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фонддон жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесиндеги эскертүүдө:
- 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин борбордук аппаратында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктунда:
биринчи абзацындагы "мамлекеттик комитеттеринде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматында, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө";
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык бекитилсин.";
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары:
- эки жумалык мөөнөттө түзүмдөрдү жана штаттык ырааттамаларды ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- мамлекеттик органдарды кайра уюштуруунун жана ишин оптималдаштыруунун жүрүшүндө бошотулган кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке орноштуруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизишсин;
- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен биргеликте мамлекеттик органдар тарабынан штаттык-сметалык тартиптин сакталышына туруктуу системалык контролду камсыз кылсын.
5. Ушул токтом штаттык сандын жана аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо аткаруу бийлигинин тийиштүү мамлекеттик органдарын тейлеген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |
| 1-тиркеме |
| "1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардынШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
№ | Мамлекеттик органдын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөөчү персоналсыз) |
1 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 460 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 185 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 43 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 11 |
| - Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелери | 221 |
2 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги | 5452 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 432 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 4418 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 600 |
| - ДСУнун Женевадагы өкүлчүлүгү | 2 |
3 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 1715 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 110 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 1481 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 124 |
1) 2022-жылдын 1-январынан тартып | ||
3 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 1755 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 110 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 1521 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 124 |
2) 2023-жылдын 1-январынан тартып | ||
| Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 1795 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 110 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 1561 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 124 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 5558 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 126 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 1521 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 3911 |
5 | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги | 7876 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 100 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 7603 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 173 |
6 | Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги | 2238 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 115 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 1198 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 925 |
7 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги | 3095 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 196 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 1740 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 1159 |
8 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | 381 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 121 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 16 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 244 |
9 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 403 |
| анын ичинде; |
|
| - борбордук аппараты | 74 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 228 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 101 |
10 | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги | 313 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 83 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 230 |
11 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы | 175 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 61 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 114 |
12 | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту | 24 |
13 | "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси | 12 |
14 | "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси | 27 |
Эскертүү:
1) сандын чеги төмөнкүлөрсүз аныкталган:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемеси;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти;
мамлекеттик органдарга жана мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнө караштуу мамлекеттик ишканалар;
2) ушул тиркемеде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин санынын чеги алардын аймактык түзүмдөрүн эске алуу менен белгиленген.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин орун басарларынын санынын чеги (статс-катчылардан тышкары)
№ | Мамлекеттик органдын аталышы | Орун басарлардын саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 3 |
2 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги | 8 |
3 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 3 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 4 |
5 | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги | 3 |
6 | Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги | 3 |
7 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги | 5 |
8 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | 3 |
9 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 3 |
10 | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги | 4 |
11 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы | 2 |
12 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия | 1 |
13 | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти | 2 |
14 | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы | 5 |
15 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары | 2 |
16 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар | 2 |
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыктарын даярдоо, жүргүзүү, иштеп чыгуу, аналитикалык жалпылоо жана жарыялоо мезгилине айыл чарбалык каттоо, элди жана турак жай фондун каттоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары кошумча кызмат ордун киргизүүгө жол берилет.
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин бир орун басары Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору болуп санала тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин бир орун басары Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп санала тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин бир орун басары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин директору болуп санала тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин бир орун басары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп санала тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин бир орун басары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик башкы санитардык врачы болуп санала тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун бир орун басары өз ишин түздөн-түз Ош шаарында ишке ашыра тургандыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басарларынын бири Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондду, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик каттоо кызматын, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Социалдык фондду кошпогондо, штаттык саны 100 бирдикке чейинки мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүндө бөлүмдүн жетекчисинин орун басарынын 1 штаттык бирдиги, ал эми 100 бирдиктен ашык болсо - 2 штаттык бирдик каралган.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына штаттык сандын чеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен белгиленет.
Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын штаттык санынын чеги ушул токтомдун 6-тиркемесин эске албастан көрсөтүлгөн.".
|
| 3-тиркеме |
|
|
|
|
| "1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагындагы башка уюмдардын техникалык жана тейлөөчү персоналынын ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
№ | Мамлекеттик органдын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 177 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 29 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 11 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 5 |
| - Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелери(*) | 132 |
2 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги | 1099 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 79 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 865 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 155 |
3 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | 787 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 27 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 571 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 189 |
4 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | 689 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 40 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 433 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 216 |
5 | Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги | 1608 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 16 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 1555 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 37 |
6 | Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги | 209 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 24 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 183 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 2 |
7 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги | 868 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 36 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 578 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 254 |
8 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | 78 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 20 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 3 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 55 |
9 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги | 83 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 31 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 41 |
| - аймактык бөлүмдөрү | 11 |
10 | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги | 45 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 20 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 25 |
11 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы | 39 |
| анын ичинде: |
|
| - борбордук аппараты | 15 |
| - ведомстволук бөлүмдөрү | 24 |
12 | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту | 6 |
13 | "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси | 2 |
14 | "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси | 8 |
15 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги(**) | X |
16 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги(**) | X |
17 | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы(**) | X |
18 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары(***) | X |
19 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар(****) | X |
20 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары(*****) | X |
Эскертүү:
(*) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын нет өлкөлөрдөгү мекемелеринин 55 бирдиктен ашык эмес техникалык жана тейлөөчү персоналын чет өлкөгө узак командировкага жиберүүгө укуктуу. Жүргөн өлкөдө жалданган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин техникалык жана тейлөөчү 75 персоналынын эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт.
- техникалык жана тейлөө персоналынын саны төмөнкүлөр аркылуу белгиленет:
(**) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен;
(***) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же анын тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси тарабынан белгиленген ченемдерге ылайык жана тиешелүү эмгек акы төлөө фондунун чегинде;
(****) белгиленген ченемдерге ылайык жана тиешелүү эмгек акы фондунун чегинде;
(*****) белгиленген ченемдерге ылайык жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин санынын чеги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык-стационардык мекемелерин жана социалдык кызматкерлерин эсепке алуусуз белгиленген. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин социалдык-стационардык мекемелеринин жана социалдык кызматкерлеринин саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" жана 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтомдору менен аныкталган.".