Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2021-жылдын 31-марты № 123
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 , 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүп жаткан салык саясатынын ырааттуулугун камсыз кылуу, айрым товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоону натыйжалуу киргизүү жана маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 690 "Товарлардын айрым түрлөрүн санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоорду өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2 жана 8-пункттарындагы "31-мартына" деген сөздөр "30-июнуна" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү же импорттолуучу/ташылып келүүчү жана сатылуучу товарлардын идентификациялоо каражаттары менен ыктыярдуу маркаланууга тийиш айрым түрлөрүнүн тизмегинде:
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А. Марипов |