Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-апрели № 132
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу тарабынан демилгеленген "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | У.Марипов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 132 токтому менен жактырылган |
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын тобу тарабынан демилгеленген "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун үчүнчү абзацында санариптик текшерүү - байланышсыз негизде, ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдүн маалымат системасынын аппараттык-санариптик технологияларын жана тиешелүү маалыматтарын пайдалануу менен, текшерүү субъектиси турган жерге жана (же) ал иш жүзүндө иштеген жерге барбастан ыйгарым укуктуу орган жүргүзүүчү текшерүүнүн формасы экендиги каралган.
Ошондой эле мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун үчүнчү абзацында тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзүүчү текшерүүлөрдү кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдүн бардык түрлөрү "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясына ылайык санариптик текшерүү формасында жүргүзүлөрү каралган.
Ошону менен бирге аталган Мыйзамдын 16-статьясынын 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу органдар текшерүүнү текшерүүнүн субъекттери турган же ишкердик ишти жүзөгө ашырган жерде жүргүзүүгө милдеттүү экендигин белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу, сунушталып жаткан мыйзам долбоорун ишке ашырууда укук колдонуучу тажрыйбада кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн санариптик текшерүү механизмин (критерийлерин) берилген мыйзам долбоорунда карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын өзүндө санариптик текшерүүнү жүргүзүү тартибин укуктук регламенттөөлөрдүн жоктугу коррупциялык тобокелдиктерге алып келиши мүмкүн, анткени мыйзам долбоорунда убактысы, саны боюнча чектөөлөр каралган эмес жана субъектке санариптик текшерүү убактысы тууралуу алдын-ала эскертүү жок, бул контролдоочу органдар тарабынан кыянаттык менен пайдаланууга алып келиши мүмкүн экендигин белгилей кетүү маанилүү.
Мындан тышкары Текшерүүлөрдүн маалымат системасын иштеп чыгуу жана киргизүү долбоорлоо убагында олуттуу финансылык салымды жана аны иштеп чыгуу үчүн убакытты талап кылат.
Ошондой эле мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун үчүнчү абзацында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү санариптик формада жүргүзүлбөй турган текшерүүлөрдүн тизмегин кайсы критерийлерге таянып түзөрүн тактоо керек.
2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында ишкердикти коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары аныкталган.
Бирок "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарына негизденүү менен Өкмөт аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда алар тууралуу жоболорду бекитүү менен бөлүштүрөт.
Демек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функциясына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам деңгээлинде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине ылайык келбейт деп эсептейбиз.
3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 4-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында олуттуу негиздер деп адамдын жашоосуна жана ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин мүлктүк кызыкчылыктарына түздөн-түз коркунуч жараткан учурлар түшүнүлөрү каралган.
Көрсөтүлгөн олуттуу негиздер жалпыланып, так эмес болгондуктан, кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк бергендиктен, олуттуу негиздердин так критерийлерин карап чыгуу керек.
4. Мыйзам долбооруна негиздеме-маалым катта бул мыйзам долбоорун түздөн-түз ишке ашырууда белгилүү каражаттар зарыл экендиги, каражат булактары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталары белгиленген.
Ушуга байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен финансылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча финансылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого жатарын белгилей кетмекчибиз.
5. Каралып жаткан мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталууда.
Бирок мыйзам долбоорунун жогоруда аталган беренесинин 1-бөлүгүндө Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кире тургандыгын белгилөө сунушталып жатат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.
Ушуну менен бирге каралып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайра карап чыгууга тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам менен мыйзам алдындагы актылардын ортосундагы укуктук боштукту жоюу максатында мыйзам долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу керек.
6. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, ошондой эле "Ишкердик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо формасында негиздөө зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзам долбоорунун концепциясын колдойт жана жогоруда белгиленген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу зарыл деп эсептейт.