Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 185
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-апрели № 135
Маданият, искусство жана маалымат чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттарын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 9 жана 10-тиркемелери ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"- "улуттук" статусу же "академиялык" ардак наамы бар маданият жана искусство мекемелеринин тизмеси, 13-тиркемеге ылайык;
- республикалык, облустук жана райондук музейлердин тизмеси, 14-тиркемеге ылайык.";
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөнкү кызматкерлердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга төмөнкүдөй эселүүлүк коэффициенти белгиленсин:
1) "улуттук" статусу же "академиялык" ардак наамы бар мекемелердин кызматкерлери үчүн 2,0 өлчөмүндө, 13-тиркемеге ылайык;
2) республикалык, облустук жана райондук музейлердин кызматкерлери үчүн 1,8 өлчөмүндө, 14-тиркемеге ылайык;
3) ушул токтомдун 13 жана 14-тиркемелерине кирбеген мекемелердин кызматкерлери үчүн 1,5 өлчөмүндө.";
- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 13 жана 14-тиркемелер менен толукталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин эскертүүсүндө:
- экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкү окуу жайларында профессордук-окутуучулук курамдын, концертмейстерлердин жана иллюстраторлордун кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселүүлүк коэффициенти:";
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
"- Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында, Күрөңкөй уулу Мураталы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында, Кыргыз мамлекеттик С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында - 1,8 өлчөмүндө белгиленет;
- Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайында, Ыбрай Туманов атындагы Каракол ш. мамлекеттик музыкалык окуу жайында, Жалал-Абад маданият техникумунда, Республикалык маданият колледжинде - 1,5 өлчөмүндө белгиленет.";
2) жогоруда аталган токтомдун 11-тиркемесинин эскертүүсүндө:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Төмөнкү окуу жайларында жетекчилердин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселүүлүк коэффициенти:
- Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайында, Күрөңкөй уулу Мураталы атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайында, Кыргыз мамлекеттик С.А.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайында, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайында - 1,8 өлчөмүндө белгиленет;
- Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайында, Ыбрай Туманов атындагы Каракол ш. мамлекеттик музыкалык окуу жайында, Жалал-Абад маданият техникумунда, Республикалык маданият колледжинде - 1,5 өлчөмүндө белгиленет.";
"4. Ушул тиркеменин 21-37-пункттарында көрсөтүлгөн маданият жана искусство чөйрөсүндөгү орто кесиптик билим берүү жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин кызматтык маянасынын өлчөмүн аныктоодо эселүүлүк коэффициенти 1,5 өлчөмүндө белгиленет.".
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнө, экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| У.Марипов |
|
| 1-тиркеме |
|
| "9-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Улуттук маданий борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Башкы директор | 16500 |
2 | Башкы директордун орун басары | 15000 |
3 | Юрист | 10200 |
4 | Бөлүмдүн начальниги | 12000 |
5 | Башкы режиссер | 10800 |
6 | Сектор башчы | 10500 |
7 | Башкы бухгалтер | 12000 |
8 | Бухгалтер | 8700 |
9 | Кассир | 8250 |
10 | Башкы адис | 9750 |
11 | Башкы маркетолог | 9750 |
12 | Жетектөөчү адис | 8700 |
13 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү адис | 8250 |
14 | Жарнама менеджери | 9300 |
15 | Башкы инженер | 10500 |
16 | Инженер-экономист | 8250 |
17 | Дизайнер | 8550 |
18 | Системалык администратор | 8100 |
19 | Курулуш боюнча техникалык инспектор | 8550 |
20 | Техникалык инспектор | 8250 |
21 | Инженер-программист | 8250 |
22 | Кадрлар бөлүмүнүн инспектору | 9300 |
23 | Чарба башчысы | 7950 |
|
| 10-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Мамлекеттик китеп палатасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызматтардын аталышы | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Директор | 16500 |
2 | Директордун орун басары | 15000 |
3 | Башкы бухгалтер | 12000 |
4 | Бухгалтер | 8700 |
5 | Бөлүм башчы | 12000 |
6 | Башкы библиограф | 9750 |
7 | Жетектөөчү библиограф | 8700 |
8 | Адис библиограф | 8250 |
9 | Катчы-референт | 7950 |
10 | Кадрлар бөлүмүнүн инспектору | 9300 |
11 | Жабдууларды эксплуатациялоо боюнча инженер | 8250 |
"
|
| 2-тиркеме |
|
| "13-тиркеме |
"Улуттук" статусу же "академиялык" ардак наамы бар маданият жана искусство мекемелеринин ТИЗМЕСИ
1 | А.Малдыбаев атындагы В.И.Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры |
2 | Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы |
3 | А.Жумакматов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестри |
4 | Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры |
5 | Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук орус драма театры |
6 | С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры |
7 | Кыргыз Республикасынын улуттук тарых музейи |
8 | Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейи |
9 | "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси |
10 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы "Ата-Бейит" Улуттук мемориалдык-тарыхый комплекси |
11 | Кыргыз Улуттук "Манас ордо" комплекси |
12 | Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы |
13 | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин Т.Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы |
|
| 14-тиркеме |
Республикалык, облустук жана райондук музейлердин ТИЗМЕСИ
1 | М.В.Фрунзенин мемориалдык Үй-музейи |
2 | "Шах-Фазиль" мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейи |
3 | Нарын мамлекеттик облустук тарыхый-этнографиялык музейи |
4 | Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи |
5 | Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясынын борбору |
6 | Ак-Талаа райондук тарых музейи |
7 | Жумгал райондук тарыхый-этнографиялык музейи |
8 | Кочкор райондук Осмонаалы Сыдык уулу атындагы тарыхый край-таануу музейи |
9 | А.Усонбаев атындагы фольклордук-этнографиялык музей |
10 | Суракан Кайназарованын мемориалдык үй-музейи |
11 | Алыкул Осмонов атындагы Мамлекеттик мемориалдык комплекси |
12 | Республикалык археологиялык-архитектуралык "Бурана" мунарасынын комплекстик музейи |
13 | Жети-Өгүз райондук Кален Жетимишбаев атындагы тарыхый край-таануу музейи |
14 | Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый маданий корук-музейи |
15 | Кыдыр Аке атындагы Ак-Суу райондук мамлекеттик тарыхый - аймак таануу музейи |
16 | Курманжан Датка тарыхый-этнографиялык музейи |
17 | Ноокат райондук тарых музейи |
18 | Кадамжай райондук Абдыкадыр Орозбеков атындагы музейи |
19 | Лейлек райондук маданият бөлүмүнө караштуу Музейлер комплекси |
20 | Ала-Бука райондук тарыхый-этнографиялык музейи |
21 | Ноокен райондук А.Кулумбетов атындагы тарыхый-этнографиялык музейи |
22 | Аксы райондук Жеңижок атындагы тарыхый-этнографиялык музейи |
23 | Тогуз-Торо районунун тарыхый-этнографиялык музейи |
24 | Токтогул Сатылганов атындагы мемориалдык үй-музейи |
25 | Жоомарт Бөкөнбаев атындагы музейи |
26 | Коргол Досу уулунун музейи |
27 | Абды Суеркулов музейи |