Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-апрелиндеги № 162 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 22-апрели № 162
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруунун айрым маселелерин жөнгө салуучу механизмдерди андан ары өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөр тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Ушул токтом күчүнө киргенге чейин башталган конкурстук жол-жоболор ушул токтомдо белгиленген өзгөртүүлөрдү эске албастан бүткөрүлө турганы белгиленсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине киргизилүүчү өзгөртүүлөр
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 “Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 10-пунктунда:
алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- жарандык коомдун тийиштүү тармактык багыттагы институттарынын өкүлдөрү жана тармактын ардагерлери (макулдашуу боюнча);”;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
“- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү (макулдашуу боюнча).”;
- 11-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
“- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым органдарында);”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:
“221. Улуттук кадрлар резервинде турган адамдар үчүн административдик бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурс төмөнкүдөй башталат:
- башкы топ үчүн – предметтик тесттер боюнча тестирлөө этабынан;
- жогорку топ үчүн – аңгемелешүү этабынан.”;
- мамлекеттик тилдеги текстинин 28-пункту “веб-сайтында же башка” деген сөздөрдөн кийин “расмий” деген сөз менен толукталсын;
- 39-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“39. Ачык конкурс өткөрүүдө жалпы мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө 50 пайыздан кем эмес балл алган талапкерлер предметтик мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөө этабына киргизилет.
Предметтик мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө 50 пайыздан кем эмес балл алган талапкерлер талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөө этабына киргизилет.
Талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого тестирлөө боюнча босоголук маани белгиленбейт.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 391-пункт менен толукталсын:
“391. Жогорку кызмат орундарына конкурс өткөрүүдөн тышкары, ички кадрлар резервинде, ошондой эле Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс өткөрүүдө компьютердик тестирлөө предметтик мыйзамдарды билүүгө тестирлөө этабынан башташат. Ички кадрлар резервинде жана Улуттук кадрлар резервинде турган, предметтик мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө 50 пайыздан кем эмес балл алган талапкерлер талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөө этабына киргизилет.
Талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого тестирлөө боюнча босоголук маани белгиленбейт.”;
- 41 жана 411-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“41. Ачык конкурс өткөрүүдө эң көп баллды (сумманы) алган жана белгиленген босоголук мааниден өткөн үчтөн ашык эмес талапкер аңгемелешүү этабына киргизилет.
Ар бир талапкер үчүн баллдын суммасы компьютердик тестирлөөнүн бардык этаптары боюнча анын натыйжаларын кошуу жолу менен аныкталат.
Рейтингдин башында турган талапкерлер бирдей балл алышкан учурда, аңгемелешүүгө үчтөн ашык талапкер киргизилиши мүмкүн. Мындай учурда бул рейтингге кирген бардык талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет. Бирдей сандагы баллды алган талапкерлердин рейтингин эсептөө форматы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
411. Ички кадрлар резервинде жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында конкурс өткөрүүдө эң көп сандагы баллды (сумманы) алган жана белгиленген босоголук мааниден өткөн үчтөн ашык эмес талапкер аңгемелешүү этабына киргизилет.
Ар бир талапкер үчүн баллдын суммасы предметтик мыйзамдарды билүүгө жана талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөө боюнча анын натыйжаларын кошуу жолу менен аныкталат.
Рейтингдин башында турган талапкерлер бирдей балл алган учурда, аңгемелешүүгө үчтөн ашык талапкер киргизилиши мүмкүн. Мындай учурда бул рейтингге кирген бардык талапкер аңгемелешүүгө киргизилет. Бирдей сандагы баллды алган талапкерлердин рейтингин эсептөө форматы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.”;
- 45-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“45. Аңгемелешүүнүн жүрүшүндө талапкерлердин жеке жана кесиптик сапаттары, алардын келечектеги иши жөнүндө түшүнүктөрү, күткөн максаттары, мотивациясы аныкталат.
Бир эле кызмат ордуна талапкерлерге бирдей (окшош) суроолор берилет. Административдик мамлекеттик бош кызмат ордун же административдик муниципалдык бош кызмат ордун ээлөө маселесине тиешеси бар башка жагдайларды аныктоо зарыл болгон учурда, кошумча суроолор берилиши мүмкүн.
Аңгемелешүү этабында конкурстук комиссиянын мүчөлөрү талапкерлерди 10 баллдык шкала боюнча баалашат.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө талапкерлердин тизмеси жазылган бланктар берилет, мында комиссиянын мүчөлөрү талапкерлерди (1 баллдан 10 баллга чейин) баалашат.
Талапкердин аңгемелешүүдө алган баллы кошулат жана баллдын суммасын талапкерди баалоого катышкан конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн санына бөлүү жолу менен орточо арифметикалык маани чыгарылат. Конкурстук комиссиянын катчысы эсептөөлөрдү жүргүзөт жана аларды конкурстук комиссиянын кароосуна берет.”;
- 49-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“49. Конкурстук комиссия компьютердик тестирлөө жана аңгемелешүү боюнча талапкердин натыйжаларын кошуу жолу менен аныкталуучу эң көп суммадагы баллды алган талапкерди бош кызмат ордуна дайындоого сунуштоо жөнүндө чечимди кабыл алат же анын талапкерлигин четке кагат.
Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасынан административдик кызмат орундарынын жогорку тобунун административдик мамлекеттик же муниципалдык бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс өткөрүүдө конкурстук комиссия эң көп суммадагы баллды алган талапкерди бош кызмат ордуна дайындоого сунуштоо жөнүндө чечимди кабыл алат же анын талапкерлигин четке кагат.
Конкурстук комиссиянын ар бир мүчөсү эң көп суммадагы баллды алган талапкерди сунуштоого “макул” же “каршы” деп гана добуш бере алат.
Конкурстук комиссия эң көп суммадагы баллды алган талапкерди сунуш кылбоо жөнүндө чечим кабыл алган учурда, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кайрадан конкурс өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алат. Мында эң көп суммадагы баллды алган талапкерди сунуштоого каршы добуш берген конкурстук комиссиянын мүчөлөрү жазуу жүзүндөгү жүйөлүү баш тартуусун берүүгө тийиш, ал конкурстук комиссиянын жыйынынын протоколуна тиркелет. Ошол эле кызмат ордуна кайрадан конкурс өткөрүүдө жана буга чейин конкурстук комиссия эң көп суммадагы баллды алган талапкерди четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, конкурстук комиссиянын бул талапкерди кайрадан четке кагууга укугу жок.
Эгерде талапкерлер бирдей сандагы баллды алышса, алардын арасында кайрадан аңгемелешүү өткөрүлөт, анын жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия тарабынан конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкерди дайындоого сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алынат.
Конкурстук комиссиянын чечими жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда, төрагалык кылгандын добушу чечүүчү болуп саналат.
Конкурстук комиссиянын жыйыны, эгерде ага анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу болуп саналат.”;
- 59 жана 60-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“59. Эгерде конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгында талапкерлер зарыл болгон босоголук мааниге жетпей калса, андан ары катышуудан же дайындоодон баш тартышса, же конкурсту өткөрүүнүн жүрүшүндө конкурстук тандоо жол-жоболорун бузуу фактылары аныкталса, же болбосо конкурстук комиссия тарабынан эң көп суммадагы баллды алган талапкерди сунуш кылбоо жөнүндө чечим кабыл алынса, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кайрадан конкурс өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алат.
Эгерде конкурс ички кадрлар резервинде жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында өткөрүлсө, ачык конкурс өткөрүлөт. Ачык конкурс өткөрүлгөн учурда кайрадан конкурс ички кадрлар резервинде жана Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында өткөрүлөт.
60. Ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча аңгемелешүүгө катышкан жана компьютердик тестирлөөдөн жана аңгемелешүүдөн өтүүдө баллдын жалпы санынын 70 пайызынан кем эме балл алган, бирок бош кызмат ордуна дайындоого сунушталбаган талапкерлер конкурстук комиссия тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ички кадрлар резервине киргизүүгө сунушталат (бул резервде турган адамдардан тышкары).”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын Улуттук кадрлар резервин түзүүнүн жана иштешинин тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пунктунда:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө жана кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөө;”;
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“13. Конкурска катышуу үчүн талапкерлерден документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алат. Бештен кем эмес талапкерден турган топту түзүүдө, алардын документтери Комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт.”;
- 15 – 17-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15. Компьютердик тестирлөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда өткөрүлөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү деңгээлин аныктоо жана талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн колдонулат.
Улуттук резервге киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөөдө компьютердик тестирлөөнүн төмөнкүдөй түрлөрү пайдаланылат:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө тестирлөө;
2) талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого тестирлөө.
16. Компьютердик тестирлөөнүн суроолорунун форматы жана саны ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
17. Мыйзамдарды билүүгө компьютердик тестирлөөдөн өтүүдө баллдын жалпы санынын 70 пайызынан кем эмес балл алган талапкерлер талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөө этабына киргизилет.
Талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөөдө босоголук маани белгиленбейт.
Талапкердин кесиптик жактан маанилүү жеке сапаттарын аныктоого компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин талапкерлер аңгемелешүүгө киргизилет.”;
- 18-пунктундагы “Тестирлөө борбору” деген сөздөр “ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19 – 22-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-пунктундагы “менен конкурс Улуттук резервге кире турган кызматчыларга практикалык тапшырма берүү этабынан башталат” деген сөздөр “боюнча Улуттук резервге киргизүүгө талапкер болгон кызматчылар конкурстан өтүүнү аңгемелешүү этабынан башташат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Административдик мамлекеттик бош кызмат орундарын жана административдик муниципалдык бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тестирлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасына (“е-Kyzmat” АМС) кошулган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компьютердик тестирлөө жол-жоболорун уюштуруу жана өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү процесси аталган автоматташтырылган системанын функционалы аркылуу жана ага ылайык ишке ашырылат.”;
- 31-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай арыз түшкөндүгү жөнүндө тийиштүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына бир күндүк мөөнөттө маалымдайт.”.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 474 “2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2019-2021-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар планында:
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
12. | Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар-дын квалификация-сын жогорулатуу жана коррупциялык тобокелдик-тердин алдын алуу | 1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн тестирлөө системасын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүдөн гана талапкерлердин интеллектуалдык жөндөмдөрүн жана логикалык ой жүгүртүүсүн баалоого кайра багыттоо | 2020-жылдын декабры | Тестирлөө системасына талапкерлер-дин интеллектуал-дык жөндөмдөрүн жана логикалык ой жүгүртүүсүн баалоого мүмкүндүк берүүчү суроолор киргизилди | МКК (макул-дашуу боюнча) |
2. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды ротациялоо планында коррупциялык тобокелдиктери (орто жана жогорку) бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегинде көрсөтүлгөн кызмат ордун 10 жылдан ашык ээлеген кызматчыларды милдеттүү ротациялоону кароо | 2021-жылдын майы
| Мамлекеттик жарандык кызматчылар-ды жана муници-палдык кызматчылар-ды ротациялоо планы бекитилди, ага ылайык коррупциялык тобокелдик-тери (орто жана жогорку) бар учурлардын жана кырдаалдар-дын тизмегинде көрсөтүлгөн кызмат ордун 10 жылдан ашык ээлеген кызматчылар милдеттүү түрдө ротацияла-нууга тийиш | Мамле-кеттик органдар, жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу орган-дары (макул-дашуу боюнча)
|
”.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 631 “Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын бош кызмат орундарын ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Комиссиянын түзүмү жана курамы ТИМдин жетекчиси тарабынан бекитилет.
Комиссиянын курамына добуш берүү укугу менен, милдеттүү түрдө төмөнкүлөр киргизилет:
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү;
- жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрү жана ТИМдин иш чөйрөсүнүн ардагерлери (макулдашуу боюнча).”.
____________________________________