Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - Министрлик) Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу, мамлекеттик материалдык резервдин системасын башкаруу, өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп эсептелет.
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин аткаруу бийлигинин башка органдары, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен тикелей жана ведомстволук органдары аркылуу эриш-аркак иш жүргүзөт.
4. Министрлик аскердик мекеме болуп саналат, аскер кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер жана кенже тейлөөчү кызматчылар менен комплекттелет. Министрликтин өздүк курамы символикасы бар атайын жана ведомстволук форма жана айырмалоо белгилери менен камсыздалат. Атайын техника Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген символика жана атайын белгилер менен жабдылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Министрлик юридикалык жак статусуна ээ, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы, штампы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери болот.
Министрликтин юридикалык дареги: 723510, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Р.Муминов көчөсү, 11; 720055, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспекти, 101/1, Жумабек көчөсү, 203/1.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Министрликтин толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги";
расмий тилде: "Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
7. Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ӨКМ";
- расмий тилде: "МЧС".
2. Министрликтин максаттары жана милдеттери
8. Министрликтин ишинин максаты болуп Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттеринде адамдардын коопсуздугу, өрт коопсуздугунун ченемдерин жана талаптарын сактоонун камсыздалышына мамлекеттик көзөмөлдөөнү жана контролдоону ишке ашыруу, мамлекеттик материалдык резерв тутумунун туруктуу иштешин камсыздоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- коркунучтуу табигый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жана болжолдоо жүргүзүү, Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жаатындагы иш-чараларды пландоо, Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдоо;
КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- алдын алуу, өзгөчө кырдаалдардан алдын ала коргоочу иш-чараларды өткөрүү;
- издөө-куткаруу, кырсыктан калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис жумуштарды уюштуруу жана өткөрүү, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу, алардын масштабына баа берүү.
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
- продукцияга (объекттерге) жана/же аларга байланыштуу өндүрүш, курулуш, монтаждоо, жөндөө, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, пайдалануу, сатуу, көмүү, жайгаштыруу жана утилдештирүү процесстерине карата өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарын сактоону мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө;
КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруу;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мобилизациялык пландарда белгиленген тапшырмалардын, ошондой эле өзгөчө жана согуштук абалды киргизүүчү өзгөчө кырдаал учурларындагы же согуш убагындагы мобилизациялык тапшырмалардын аткарылышын камсыздоо;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюуну, топтоону, сактоону, жаңылоону жана чыгарууну уюштуруу;
- мамлекеттик материалдык резервдин негизги фонддорун кеңейтүү, реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу, мамлекеттик материалдык резервдер системасын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Министрликтин функциялары
10. Министрлик төмөнкүдөй негизги функцияларды ишке ашырат:
1) Тармактык саясат функциясы:
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, мамлекеттик материалдык резервди өнүктүрүү, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жарандык коргонууну уюштуруу жана киргизүү боюнча чараларды ишке ашырат;
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу, мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды коюунун, топтоонун, сактоонун жана берүүнүн системасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну уюштурат;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- Жарандык коргонуу, өрт, радиациялык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жана гидрометеорология, экологиялык коопсуздук, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюуну, топтоону, сактоону жана чыгарууну уюштуруу системасын өркүндөтүү тармагындагы ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгууну уюштурат;
- тейлеген тармактарга инвестицияларды тартуу боюнча сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын номенклатурасы, топтоо ченеми боюнча жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүүдөгү жана сактоодогу чыгымдардын көлөмү, түзүмү боюнча республикалык бюджеттин долбооруна сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизет;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жооптуу сактоочулардын тизмегин түзүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизет;
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын (мамлекеттик жаратылыш парктарын кошпогондо) иштерин уюштурат, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды (мамлекеттик жаратылыш парктарын кошпогондо) өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизет;
- Министрликтин Жарандык коргонуусунун аскерлерин жана башкаруунун аймактык органдарынын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын камсыз кылат;
- өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын Бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасын, өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу коркунучу же келип чыгышы жөнүндө кабарлоо системасын түзөт жана дайыма даярдыкта кармайт;
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу, мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды коюунун, топтоонун, сактоонун жана берүүнүн системасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну уюштурат;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
- министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттер менен бирге жаратылыш ресурстарын пайдалануунун, айлана-чөйрөгө таштандыларды, булгоочу заттарды, өндүрүштүн жана керектөө калдыктарын чыгаруунун жана башка зыяндуу таасирлердин жана алардын булактарынын, анын ичинде радиоактивдүү булактардын эсебин жүргүзөт;
- Министрликтин карамагында турган консервацияланган калдык сактоочу жайларды, тоо кен калдыктарын жана радиоактивдүү калдыктарды коопсуз кармоо боюнча чаралардын комплексин ишке ашырат;
- Жарандык коргонуу жаатындагы концепцияларды, стратегияларды, максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну уюштурат;
- тейлеген тармагына ылайык укуктук пропаганда боюнча иш-чараларды өткөрөт.
- Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен радиоактивдүү калдыктарды пайдалануу, уран калдыктарынын объектилеринин коопсуздугу, объектилердин радиоэкологиялык мониторингин жүргүзүү, радиациялык коопсуздук чөйрөсүндө калкты жана аймактарды коргоону камсыздоо, радиациялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, мүмкүн болуучу радиациялык аварияларга карата чаралар комплексин көрүү, аларды териштирүү жана кесепеттерин болжолдоо, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында техникалык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
2) жөнгө салуу функциясы:
- коркунучтуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзөт, алардын жандануусун божомолдойт;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналган Жарандык коргонуу жаатындагы жазма буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү берет;

- мамлекеттик материалдык резерв системасын башкарууну жүзөгө ашырат, мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын жайгаштырууда, сактоодо, алмаштырууда, жаңылоодо жана пайдаланууда "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону камсыз кылат;
- ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан ишканаларда жана уюмдарда сакталып турган мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын сандык жана сапаттык жактан текшерет, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылуучу көрсөтмөлөрдү берет, текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө актыларды түзөт;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын башкаруунун тиешелүү эрежелерин иштеп чыгат, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бекитүүгө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын түзүү, жаңылоо, алмаштыруу, сактоо боюнча милдеттенмелердин ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан жооптуу сактоочулар тарабынан аткарылышына контроль жүргүзөт;
- мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө маалыматты жогорку органдарга белгиленген тартипте берет;
- ведомстволук баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан мобилизациялык резервдин комплекттелишин контролдоону жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде материалдык баалуулуктарды кабыл алуу жөнүндө жооптуу сактоочулар тарабынан берилген сактоо милдеттенмелеринин актыларына, материалдык баалуулуктарды кабыл алуу жөнүндө сакталган милдеттенмелердин актыларына ылайык материалдык баалуулуктарды белгиленген тартипте коюуну, ошондой эле азайбас запастан башка мамлекеттик материалдык резервде турган материалдык баалуулуктардын көлөмүнөн 50 пайызга чейин сатуу же карызга алуу тартибинде материалдык баалуулуктарды брондон чыгарууну бекитилген форма боюнча тапшырмалардын негизинде он эки айдан ашык эмес мөөнөттө ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин негизинде мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген баа менен аларды өз убагында жаңылоо максатында сатып алууга республикалык бюджетте тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде биринчи кезекте бюджеттик мекемелер боюнча белгиленген тартипте бөлүштүрөт;
- мамлекеттик материалдык резервдин топтоо ченеми, жеткирип берүү, коюу, жайгаштыруу орду жана иш жүзүндөгү запасы жөнүндө маалыматтарды жашыруундук тартибин сактоо менен берет;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргызстан макулдашуу түзгөн башка мамлекеттердин аймагында издөө-куткаруу жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча башка кечиктирилгис авариялык иштерди, ошондой эле куткаруу кызматтарын жана куткаруу кошуундарын аккредитациялоону жана аттестациялоону уюштурат жана жүргүзөт;
- чет мамлекеттердин өзгөчө кызматтары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдары менен бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө байланышкан келишимдерди белгиленген тартипте түзөт;
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу жаатындагы талаптардын сакталышы бөлүгүндө калктуу конуштардын жана объекттердин башкы пландарынын долбоорлоруна мамлекеттик экспертиза жүргүзүүгө катышат;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- Министрликтин карамагында турган дарыялардын жээгинде селден коргоочу курулмалардын жана түзүлүштөрдүн пайдаланууга киргизилишин ишке ашырат;
- андан ары долбоорлоо жана куруу үчүн корутунду берүү менен коргоо объекттеринин, өрттөн коргоо системаларынын долбоордук документтерине мамлекеттик өрт-техникалык экспертиза жүргүзөт;
- өрт жана аларга байланышкан бөөдө кырсыктар жөнүндө иштерди териштирет жана алгачкы текшерүүнү жүзөгө ашырат, болгон өрт кырсыгын эсепке алып, статистиканы, тиешелүү талдоону жүргүзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзөт;
- Жарандык коргонуунун күчтөрүнүн курамын аныктайт жана алардын өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттерге даярдыгын камсыздайт;
- бардык суучулдук түшүүлөргө жана жумуштарга уюштуруу-методикалык жетекчиликти ишке ашырат, Кыргыз Республикасындагы суучулдар кесибинин бардык адистери үчүн квалификациялык мүнөздөмөлөрдүн жана тастыктоолордун талаптарын белгилейт.
3) координациялоо, контролдоо жана көзөмөлдөө функциясы:
- бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жаатындагы ишин мамлекеттик башкарууну жана координациялоону жүргүзөт;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- төмөнкүлөргө контроль жүргүзөт:
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
өрттөн коргоо системаларын жана каражаттарын, анын ичинде өрттү өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын жакшы абалда кармоого;
объектилердин, курулмалардын аймагына кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда өрт өчүрүүчү бөлүмдөрдүн кирүүсүн камсыз кылууга (кирүүчү жолдордун бурулуш аянтчалардын болушу);
өрттү өчүрүүгө уюмдардын, ыктыярдуу өрткө каршы түзүмдөрдүн болушуна жана даярдыгына;
биотехникалык иш-чараларды, анын ичинде аңчылык жерлерин реконструкциялоо, аңчылык жаныбарлардын жашоо шарттарын жакшыртуу, илбээсиндерди жасалма жол менен көбөйтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
курулуш объектилеринин жана алардын долбоордук документтеринин өрт жана экологиялык коопсуздук талаптарына шайкештигин, курулуш объектилеринин долбоорлору боюнча өрт коопсуздугу жаатында корутундунун болушуна;
критикалык экологиялык кырдаалдарды жана экологиялык коркунучтун булактарын аныктоого;
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигине;
суу ресурстарынын булгануу деңгээлине же алардын айыл чарба жерлерине жана жаратылыш ландшафттарына тийгизген жагымсыз таасирине;
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жаатындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана илимий, изилдөө жана долбоорлоо-изилдөө иштерин жүргүзүү бөлүгүндө башка мамлекеттик органдар жана уюмдар менен өз ара аракеттенет;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана чарбалык субъекттер менен бирдикте өрт өчүрүүгө катышууга күчтөрдү жана каражаттарды тартуу тартибин белгилейт, ал күчтөрдүн жана каражаттардын даярдыгын контролдойт;
- Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жаатында маалыматты белгиленген тартипте топтойт жана иштеп чыгат, ошондой эле аны менен алмашат;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- Жарандык коргонуу жаатында берилген жазма буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү аткарбоо фактысы боюнча күнөөлүү жеке жана юридикалык жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө тиешелүү органдарга кабарлайт;
- Жарандык коргонуу жаатында жана өзгөчө кырдаалдар учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана укук коргоо органдарына сунуш киргизет;
- Жарандык коргонуу жаатында Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн, уюмдарды жана калкты даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат жана координациялайт;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүргүзөт;
- калктын жашоо тиричилигин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын аймагында Кырсыктын тобокелдигин азайтуу боюнча улуттук платформанын катышуучуларынын ишин координациялайт жана камсыз кылат;
- өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун Бирдиктүү системасын иштетүүнү, координациялоону жана методикалык жетектөөнү уюштурат;
- төмөнкүлөрдүн сакталышын көзөмөлдөйт:
айлана-чөйрөнү коргоону;
жаратылышты коргоо мыйзамдарын, белгиленген эрежелерди, лимиттерди, квоталарды, жана булгоочу заттарды чыгаруу ченемдерин жана айлана-чөйрөдө калдыктарды жайгаштырууну;
айлана-чөйрөнү коргоо, сактоочу жайларды, калдык сактоочу жайларды, таштандыларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле геологиялык чалгындоо иштерин жана жаратылыш комплекстерине таасир тийгизүү менен байланышкан башка иштерди жүргүзүү; өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, алардын өсүшүнүн стимуляторлорун, минералдык жер семирткичтерди, башка химиялык заттарды, препараттарды, анын ичинде экономиканын айрым тармактарында колдонууга уруксат берилген радиоактивдүү заттарды ташуу, сактоо жана пайдалануу; жаратылышты коргоо курулмаларын эксплуатациялоо талаптарын;
өрткө каршы курулуш конструкцияларын, жабдууларын жана инвентарларын, ошондой эле өрттөн коргоо системаларынын техникалык шаймандарын жасоодо, курууда, реконструкциялоодо, монтаждоодо, эксплуатациялоодо, оңдоодо жана эксплуатациялоодо өрт коопсуздугунун талаптарын;
продукцияга (объекттерге) жана/же аларга байланыштуу өндүрүш, курулуш, монтаждоо, жөндөө, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, пайдалануу, сатуу, көмүү, жайгаштыруу жана утилдештирүү процесстерине карата экологиялык (биологиялык, химиялык), радиациялык, ядролук коопсуздук боюнча ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарын;
атмосфералык абаны, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (мамлекеттик жаратылыш парктарынан сырткары) коргоо, калдыктарды, анын ичинде радиоактивдүү, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын пайдалануу, аларды чек аралар аркылуу ташуу боюнча талаптарды;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- суу алдындагы техникалык, суучулдар иштерин жана дайвингди жүргүзөт жана уюштурат;
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
- Жарандык коргонуу жаатындагы уюмдардын, анын ичинде өкмөттүк эмес уюмдардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн адистерин жана жеке жактарды даярдоону жана кайра даярдоону уюштурат;
- "суучулдар иши", "суудан куткаруу иши", "дайвинг" боюнча адистерди окутууну, даярдоону, кайра даярдоону, адистигин жогорулатууну уюштурат;
- адистерди даярдоону жана кайра даярдоону, жумушчуларды, кызматкерлерди, студенттерди, окуучуларды өрт коопсуздугунун чараларына үйрөтөт;
- мамлекеттик эмес (штаттан тышкаркы) авариялык-куткаруучу түзүлүштөрдүн куткаруучуларын даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- химиялык зыяндуу заттарды камтыган инженердик курулмаларды текшерет жана мындай курулмаларды пайдаланган жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча корутундуларды берет;
- жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча шахталардын жана кендердин атайын жабдууларына сыноо жүргүзөт;
- Министрликтин карамагына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактарга, чарбалык субъекттерге маалыматтык жана консультативдик көмөк көрсөтөт;
5) колдоо функциялары:
- өзгөчө кырдаалдарда пайдалануу үчүн Жарандык коргонуунун финансылык жана материалдык ресурстарынын кол тийбес запасын түзөт;
- Жарандык коргонуу муктаждыктары үчүн мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдерди түзүүгө катышат;
- калктуу конуштардын аймактарын жана объекттерди селден жана суу ташкындарынан коргоону камсыз кылган иш-чараларды жүргүзөт, селден коргоочу курулмаларды курат жана бул инженердик курулмаларды ишке киргизүүнү камсыздайт;
- өзгөчө кырдаал болгон райондо жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жабыр тарткан калктын биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин камсыздоону уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда кызыкдар аткаруу бийлик органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин калкына гуманитардык жардамды белгиленген тартипте жеткирип берет;
- калкты жана аймактарды табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын жана күчтөрүн дайыма даярдыкта кармайт;
- Жарандык коргонуу күчтөрүн даярдайт жана калкты өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерге үйрөтөт, Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу, анын ичинде келишимдик негизде билимдерди жайылтат;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- өрт өчүрүүнү жана аны менен байланышкан куткаруу иштерин уюштурат жана ишке ашырат;
- суу объектилеринде суу алдындагы-техникалык жана суучулдар иши боюнча эксперттик ишти ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын суу объектилеринде жана гидротехникалык курулмаларында издөө-куткаруу жана илимий-изилдөө иштерин ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын авиациялык издөө-куткаруу бөлүмүнүн күчтөрүн жана каражаттарын уюштурат жана колдойт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Министрликтин бюджеттик каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун талдайт, баалайт жана аудит жүргүзөт;
- эл аралык чукул жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- жеке коргонуу каражаттарын, химиялык жана дозиметриялык контролдоо приборлорун сактайт;
- табигый, техногендик жана башка коркунучтарга комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасынын иштөөсүн уюштурат;
- Министрликтин кызматкерлерин социалдык жактан коргоону жана камсыздандырууну мыйзамдарга ылайык камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тынчтык жана согуш мезгилине карата Жарандык коргонуу пландарын макулдашат;
- кооптуу жаратылыш процесстеринин зоналарында жер участокторун бөлүп берүүнүн алдын алуу максатында турак үйлөрдү, административдик жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө чечимдерди макулдашат;
- калкты жана аймактарды коргоо боюнча атайын алдын алуучу жана жоюучу иш-чараларды, авариялык-калыбына келтирүү иштерин жана башка иш-чараларды жүргүзөт;

- өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларга мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу инспекциялары менен бирге катышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Министрликтин укуктары
11. Министрлик иштин белгиленген чөйрөсүндө функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, чарбалык субъекттердин жетекчилеринин Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерди жокко чыгаруу тууралуу отчетторун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйындарында угуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизүүгө;
- аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, чарбалык субъекттердин жетекчилерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу жана суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жаатындагы ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизүүгө;
- өрт коопсуздугу жаатында контролдоо-көзөмөлдөө ишин өркүндөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизүүгө;
- жазма буйруктар жана көрсөтмөлөр аткарылбаган, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана укук коргоо органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу жана суу объектилеринде адамдардын коопсуздугу жаатындагы ченемдерди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- издөө, авариялык-куткаруу жана калыбына келтирүүчү иштеринде, өрт өчүрүүдө, өзгөчө кырдаалдар зонасында жүргүзүлүүчү иштерде жана кооптуу табигый жана техногендик процесстерди изилдөөдө кызматкерлерди кырсыктардан жана каза болуудан камсыздандырууга;
- белгиленген тартипте бекитилген таануу белгилери, сигнализация жана байланыш каражаттары менен жабдылган атайын транспорт каражаттарына ээ болууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик резервдин материалдык баалуулуктарын жана гуманитардык жүктөрдү алымдардын жана жыйымдардын башка түрлөрүн төлөбөстөн ар түрдүү транспорт менен ташууга;
- маалымат берүү жана байланышуу үчүн республикалык байланыш системаларын жана ведомстволук тармактарын, анын ичинде аскердик командалык органдарынын байланыш тармактарын артыкчылыктуу тартипте пайдаланууга;
- өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда байланыш жана маалымат берүү үчүн жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармактарынын операторлору тарабынан берилген электр байланыш кызматын жана тармагын артыкчылыктуу тартипте пайдаланууга;
- адам өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугу жөнүндөгү маалыматтарды калкка жеткирүү менен байланышкан коомдук маанилүү билдирүүлөрдү жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио), уюлдук байланыш операторлору аркылуу берүүнү (акысыз негизде) ишке ашырууга;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге жетекчилик кылуу учурунда табигый кырсык болгон Кыргыз Республикасынын аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган органдар менен макулдашып мыйзамдарга ылайык чараларды көрүүгө;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иш-аракеттерге Жарандык коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын, башка райондордон дайыма даярдыктагы күчтөрдү тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
- Министрликтин борбордук аппаратында, ар бир ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүн 200 (эки жүз) миң сомго чейин өлчөмдөгү резервге ээ болууга;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнө, мамлекеттик мекемелерине жана ишканаларына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүүнү жүктөөгө;
- юридикалык жана жеке жактардын өтүнмөлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- өрт өчүрүүгө менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын бул максаттар үчүн ыңгайлаштырылган техникасын тартууга;
- авариялык-куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүүгө Жарандык коргонуу кошуундарын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды, ишканаларды жана жарандарды белгиленген тартипте тартууга;
- шашылыш кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - Жарандык коргонуунун башчысынын атынан мамлекеттик тиешелүү башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды белгиленген тартипте чыгарууга;
- пайдаланууга берилбөөчү объекттерде биринчи кезектеги алдын алуу жана авариялык-калыбына келтирүү иштерине багытталган чыгымдарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте эсептен чыгарууга;
- менчигинин түрүнө жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык уюмдарда текшерүүлөрдү жүргүзүүгө;
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
- мамлекеттик органдарга, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке жактарга текшерүү учурунда аныкталган өрт коопсуздугунун талаптарын бузууларды четтетүү боюнча аткаруу үчүн милдеттүү жазма буйруктарды (билдирмелерди, көрсөтмөлөрдү) берүүгө;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- мыйзам бузуунун мүнөзүн эске алуу менен негизделген мөөнөттө мыйзам бузууларды жоюуну талап кылууга;
- административдик укук бузуулар туурасында материалдарды кароого, юридикалык жана жеке жактарга, кызмат адамдарына жана кызматкерлерге айыптарды, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде административдик жазанын башка түрлөрүн салууга;
- бузууга жол берген адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени кароо үчүн көзөмөлдөө, сот жана укук коргоо органдарына материалдарды берүүгө;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде маселелерди кароо үчүн эксперттерден жана адистерден турган жумушчу топторду белгиленген тартипте түзүүгө;
- зарыл учурларда мамлекеттик башкаруу органдары, жабдууларды жана материалдарды контролдук сыноо жүргүзгөн уюмдар тарабынан жумушту жана айлана-чөйрөнү контролдоо анализдерин жүргүзүүнү уюштурууга, ошондой эле колдонуудагы эрежелердин чегинде жабдууларды күбөлөндүрүүгө;
- текшерүүлөрдү, өндүрүштүн, объекттердин жана жумуштардын коопсуздугуна байланышкан көз карандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик башкаруу органдарынын, уюмдардын, илимий-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттардын макулдугу менен адистерди тартууга;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан, юридикалык жана жеке жактардан көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон документтерди, түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды, өрт коопсуздугунун абалы жөнүндө маалыматтарды талап кылууга жана акысыз алууга;
- уруксатты (күбөлүктү) колдонуунун шарттары аткарылбаган же өрт коопсуздугунун талаптары одоно бузулгандыгы аныкталган учурда, эгерде бул жазык жоопкерчилигине алып келбесе, лицензиялардын, уруксаттардын жана күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу же аларды кайра сурап алуу, ошондой эле күбөлүктөрдүн колдонулушун токтото туруу жөнүндө сунуштарды мамлекеттик органдарга (лицензиарларга) белгиленген тартипте киргизүүгө;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү токтотууга же тыюу салууга:
- адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирген өрт коопсуздугунун талаптары бузулган учурда юридикалык жана жеке жактардын объектилерин (жумуштарын), айрым өндүрүштүк бөлүнүштөрүн жана жабдууларын эксплуатациялоого;
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
- өрт коопсуздугун бузуунун себептери жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн уюмдардын жетекчилерин жана башка кызмат адамдарын, ошондой эле жарандарды чакырууга;
- өрт коопсуздугунун талаптарын системалуу түрдө бузган кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана уюмдардын жетекчилерине сунуштарды киргизүүгө
(КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун редакциясына ылайык)
- мыйзамда белгиленген тартипте айырмалоочу белгилери менен бекитилген үлгүдөгү форма кийүүгө, ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга;
(абзац КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомунун ылайык күчүн жоготту)
- өз компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга жана эл аралык уюмдарда катышуучу (мүчө) катары чыгууга;
- мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарынын запастарын жайгаштыруу жана сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын региондорунда филиалдарды, башка пункттарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
- мамлекеттик материалдык резервдин брондон чыгарылган жана ченемден жогорку материалдык баалуулуктарын, номенклатуралык эмес материалдык баалуулуктарын, карызды төлөөнүн эсебинен келген мүлктү сатууга;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан материалдык баалуулуктардын номенклатурасы, топтоо көлөмү, аларды ыңгайлуу жайгаштыруу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу жана мамлекеттик материалдык резервдин материалдык баалуулуктарын коюу жана сактоо менен байланышкан маселелерди кароо үчүн зарыл болгон маалыматты, ошондой эле мамлекеттик материалдык резервге материалдык баалуулуктарды тапшыруу, жөнөтүү, коюу жөнүндө маалыматтарды алууга;
- мамлекеттик материалдык резервдин товардык-материалдык баалуулуктарын сактоо эрежелерине ылайык жайгаштырууну камсыздоо максатында өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы объектилерди курууну, оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландоого жана уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түз инвестицияларды тартууга;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча соттордо доогер жана жоопкер катары чыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11, 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Министрликтин кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга (анын ичинде режимдик), кайтарылуучу аймактарга, башка объектилерге ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан, белгиленген тартипте кирүүгө, текшерүүгө жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча актыларды жана протоколдорду түзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон эскертүүлөрдү берүүгө укуктуу.
5. Министрликтин ишин уюштуруу
13. Министрликти Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри (мындан ары - министр) жетектейт.
14. Министр Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башчысынын орун басары болуп эсептелет.
15. Министр министрликке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
16. Министр:
- министрдин орун басарларынын милдеттерин бөлүштүрөт жана алардын функциялык милдеттерин бекитет;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди түзүү, кайра түзүү жана жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрле Кабинетине белгиленген тартипте сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер КабинетининТөрагасынын номенклатурасына кирген Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизет;
- Министрликтин аймактык органдарын түзөт, кайра түзөт жана жоёт, алардын түзүмүн жана штаттык санын бекитет;
- Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана офицердик курамдагы аскер кызматчыларын жана прапорщиктерди белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Министрликтин бөлүктөрүн кайрадан жабдууга, жаңы техника жана техникалык каражаттар менен камсыздоого, ошондой эле илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө байланышкан чыгымдарды белгиленген тартипте бекитет;
- Министрликтин аскер кызматчылары жана кызматкерлери табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын мезгилинде милдеттерди аткарып жаткан учурда, ошондой эле шашылыш тапшырмаларды аткарып жаткан учурда алардын азык-түлүк үлүшүнүн убактылуу ченемдерин белгилейт;
- Министрликтин өздүк курамын, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскердик кызматы каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо милдеттерин чечүүгө көмөк көрсөткөн жарандарды сыйлоо үчүн ведомстволук сыйлыктарды, төш белгилерди белгиленген тартипте уюштурат, ведомстволук сыйлыктар, төш белгилер жана ведомстволук айырмалоочу белгилер жөнүндө жоболорду бекитет;
- Министрликтин аскер кызматчыларын, ошондой эле Министрликке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды сыйлоо үчүн сыйлык жана белек фонддорун, анын ичинде атылбаган куралдардын фондун белгиленген тартипте түзөт;
- Министрликтин балансында турган мүлкүн жана каражаттарын башкарат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык-чарбалык ишин уюштурат;
- жыл ичинде алдын алуу, кырсыктан-калыбына келтирүү иштерин жана башка иш-чараларды өткөрүү боюнча программаларды белгиленген тартипте бекитет жана аларга өзгөртүүлөрдү киргизет;
- менчигинин түрүнө карабастан министрликтердин, ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өзгөчө кырдаалдар шартында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылбаган кызмат адамдарын иштерге жетекчилик кылуудан четтетет, андан ары тиешелүү органдарга аларды ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Министрликтин аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында каралган укуктардан толук көлөмдө пайдаланат;
- Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн аскер шаарчаларын куруунун жана өнүктүрүүнүн башкы пландарын, Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн курулуш объектилерин куруу долбоорлорун, Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагындагы илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин пландарын белгиленген тартипте бекитет;
- республикалык жана чек ара аралык өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда түздөн-түз жетекчиликти өзүнө алат;
- Министрликтин кызматкерлерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кызматтык иш сапарларга, окууга, квалификациясын жогорулатууга жиберет;
- Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, ал Министрликтин милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүүсү мүмкүн. Мында министрди дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
- белгиленген ченемдердин чегинде Министрликтин борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык ырааттамасын бекитет;
- Министрликтин борбордук аппаратындагы мамлекеттик кызматкерлерди, аскер кызматчыларын жана башка кызматкерлерди белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана башка кызматкерлерине белгиленген тартипте сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- Министрликтин мамлекеттик кызматкерлери, аскер кызматчылары жана башка кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган буйруктарды чыгарат;
- Министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлеринин өкүлчүлүк органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- борбордук аппараттын жана аймактык бөлүмдөрдүн түзүмдүк бөлүмчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Министрликтин өздүк курамы үчүн ведомстволук форма кийимдерин кийүүнүн бирдиктүү эрежелери жөнүндө жобону бекитет;
- Министрликтин коллегиясы жөнүндө жобону бекитет. Коллегиянын чечимдери токтом түрүндө кабыл алынат жана аткарылууга тийиш;
- Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболордун долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө белгиленген тартипте берет, эгерде чечимдерди жокко чыгаруунун башка тартиби мыйзамда белгиленбесе, Министрликтин ведомстволук бөлүмдөрүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Министрликтин мамлекеттик кызматчыларына белгиленген тартипте класстык чендерди берет;
- ар кандай мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды чектөө жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн Министрликтин ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн (биргелешкен отряддарынын) жана өздүк курамдын ичинен айрым адамдардын убактылуу болуучу ордун (дислокациясын) аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишеним кат берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Министрликте статс-катчынын жана министрдин орун басарларынын кызмат орду каралган.
Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу, анын функциялары жана ыйгарым укуктары мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамда аныкталат.
Министрдин орун басарлары министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалышат жана кызмат ордунан бошотулушат, алар түздөн-түз министрге баш ийишет жана өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде министрликтин ишин уюштурушат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Статс-катчы жана министрдин орун басарлары министр тарабынан алардын тейлөөсүнө өткөрүлүп берилген маселелер боюнча чечимдерди өз алдынча кабыл алышат, тейлеген багыттар боюнча иштерди уюштурушат.
Статс-катчы Министрликтин административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды кызмат ордуна дайындоого, которууга, ротациялоого жана кызмат ордунан бошотууга сунуштарды даярдайт.
19. Министрликте 13 адамдан турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү болуп министр, статс-катчы, кызмат орду боюнча коллегиянын мүчөсү болгон министрдин орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү саналат. Коллегиянын курамына кызмат орду боюнча киргизилген адамдардан тышкары анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча министр тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 13-августундагы № 131 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Министрликтин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук негизде иштеген коомдук кеңеш түзүлөт.
21. Министрликте жана аскер кызматчылары менен толукталган ага баш ийген түзүмдүк бөлүмдөрдө аскер кызматын өтөө жалпыга бирдей аскердик милдетти өтөө болуп эсептелет, ал эми бардык аскер кызматчылары анык аскер кызматында болушат.
22. Министрликте кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер боюнча камсыздоонун акчалай жана натуралай түрлөрү, кызматтык жана турак жайлар, медициналык жана санаториялык-курорттук дарылоо жана өмүрүн камсыздандыруу менен камсыз кылынат.
23. Министрликтин офицердик курамына кезектеги аскердик наамдар төмөнкүдөй тартипте берилет:
- "кенже лейтенант" наамынан тартып "полковник" наамын кошо алганда аскердик наамдар министрдин тейлеген орун басарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен берилет;
- "прапорщик", "улук прапорщик" деген аскердик наамдар тиешелүү командирлердин (начальниктердин) сунушу боюнча министрдин тейлөөчү орун басарынын буйругу менен берилет.
24. Министрликтин борбордук аппаратын, ведомстволук жана аймактык органдарын кармоого кеткен чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.
6. Корутунду жоболор
25. Министрликти кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
26. Министрликти жоюуда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.