Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 20-апрели № 157
"Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
"Электрондук кол тамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасын жөнгө салуу, башкаруу жана техникалык коштоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Аталган Жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирүү боюнча сунуш киргизишсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирүү боюнча зарыл болгон чараларды көрүшсүн;
- 2022-жылдын 25-июлунан тартып тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон уруксат жана башка документтерди берүүдө тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасынын колдонулушун камсыздашсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бажылык операцияларды жүргүзүүдө тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы аркылуу берилген электрондук документтерди кабыл алууну жана колдонууну камсыздасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 336 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасын жөнгө салуу, башкаруу жана техникалык коштоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасын техникалык коштоону жана ишке жөндөмдүүлүгүн кармап турууну, келип түшкөн маалыматтарды коргоону, сактоону жана купуялуулугун камсыз кылсын.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 390 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы соода операцияларын ишке ашыруу үчүн документтерди тариздөөдө мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара иштешүүсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун тиркемесинин 32 пункту.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | У.А.Марипов |