Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-июну № 336
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө" Жарлыгына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 157 "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы. экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктундагы "жана финансы" деген сөздөр "жана коммерция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 3-пунктунун төртүнчү абзацындагы "2021-жылдын 25-майынан" деген сөздөр "2022-жылдын 25-июлунан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 4-пунктундагы "Экономика жана финансы" деген сөздөр "Финансы" деген сөз менен алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пунктундагы "жана финансы" деген сөздөр "жана коммерция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
| "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
"Бирдиктүү терезе" маалыматтык системасы аркылуу документтерди тариздөөдө өз ара аракеттенүүчү ведомстволордун/уюмдардын ТИЗМЕГИ
№ | Ведомствонун/уюмдун аталышы | Берилүүчү же катталуучу документтердин аталыштары |
1 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоого/импорттоого лицензия |
2 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги | 1, 2, 3 жана 4-формаларындагы ЕАЭБ ветеринардык сертификаттары |
5а, 5b, 5с, 5d, 5е, 5f, 5g формаларындагы ветеринардык сертификаттар | ||
Фитосанитардык сертификат | ||
Карантиндик фитосанитардык контролдоо актысы | ||
3 | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги | Шайкештик сертификаты |
4 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | Продукциялардын дары каражаттарына жана медициналык багыттагы товарларга таандыктыгын ырастоочу маалымкат |
Дары каражаттарына шайкештик сертификаты | ||
Баңги каражаттарды/психотроптук заттарды/прекурсорлорду экспорттоого/импорттоого лицензия | ||
Продукцияларды мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк | ||
Шайкештик жөнүндө декларация | ||
5 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташууларга лицензия |
6 | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы | Товардын өндүрүлүүсү жөнүндө сертификат |
7 | Продукцияларды сертификаттоо боюнча аккредитацияланган органдар | Шайкештик сертификаты (милдеттүү) |
Шайкештик сертификаты (ыктыярдуу) | ||
8 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | Этил спиртин өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия |
Алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия | ||
9 | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | CITES конвенциясынын колдонулушуна туура келген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьекттерин, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын Кыргыз Республикасына ташып келүүгө же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгууга уруксат |
10 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги | Шайкештик сертификаты (милдеттүү) |
Шайкештик сертификаты (ыктыярдуу) | ||
Шайкештик жөнүндө декларация |