Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 21-октябры № 226
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын көрүү, ошондой эле бюджеттик кредиттерди башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 12-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы токсон бешинчи абзац менен толукталсын:
"- финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды ишке ашырат;";
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пунктча менен толукталсын:
"17-1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча мамлекеттин атынан юридикалык жактарды уюмдаштыруучу катары чыгууга жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордо акционердин укуктарын ишке ашырууга;".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
- 11-пунктунда:
1-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктчасындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунда:
1-пунктчасында:
үчүнчү, бешинчи жана он жетинчи абзацтарындагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- финансылык ижара (лизинг) боюнча операцияларды жүргүзүү;";
4-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- бюджеттик кредиттөө максаттарын аткаруу үчүн Министрликтин ишинин чөйрөсүнө кирген багыттар боюнча тиешелүү ишти Министрликтин тапшырмасы боюнча жүргүзүү;
- бюджеттик кредиттөө менен байланышкан багыттар боюнча сунуштарды даярдоо үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, илим-изилдөө жана башка мекемелеринин өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди (макулдашуу боюнча) тартуу менен мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка долбоорлорду Министрликтин тапшырмасы боюнча иштеп чыгуу;";
- 13-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пунктча менен толукталсын:
"17-1) Министрликтин атынан юридикалык жактарды уюмдаштыруучунун укуктарын жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордо акционердин укуктарын жүзөгө ашырууга;";
- 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Агенттикти директор жетектейт, аны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министринин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
Агенттиктин директору түздөн-түз Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министрине баш иет.";
- 16-пунктунда:
3 жана 4-пунктчаларында түрдүү жөндөмөдөгү "вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Өкмөтүнүн Аппаратынын" деген сөздөр "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацындагы "вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пунктунун экинчи абзацындагы "вице-премьер-министр - экономика жана финансы министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 23-пунктундагы "виде-премьер-министр - экономика жана финансы министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |