Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 19-майы № 10
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиидеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе» принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жободо:
- 11-пунктунун биринчи абзацы "аталышы" деген сөздөн мурда "фирмалык" деген сөз менен толукталсын;
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар маалыматтык эскерткичтерди даярдоого жана каттоочу органга зарыл болгон санда берүүгө милдеттүү.
Юстиция органдары тарабынан "бирдиктүү терезе" принциби боюнча катталган юридикалык жактар, филиалдар жана (же) өкүлчүлүктөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттөрдө тиййштүү статистикалык жана башка отчетторду берүүдөн, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү жана чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотулушпайт.
Юстиция органы тарабынан берилген мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүк болгон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар аталган органдарда катталбастан экономикалык иш жүргүзүү үчүн администрациялык айыптарды салууга укугу жок.»;
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо каттоочу орган менен тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүү схемасы» IV бөлүмүндө:
2 жана 8-пункттарындагы "Бишкек шаарынын юстиция башкармалыгы", "Чүй облусунун юстиция башкармалыгы" деген сөздөр "Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6 жана 10-пункттарындагы "Ош облусунун юстиция башкармалыгы", "Ош шаарынын юстиция башкармалыгы" деген сөздөр "Ош юстиция башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жобонун тиркемесинин 1-4, 34 жана 35-пункттары "аталышы" деген сөздөн мурда "фирмалык" деген сөз менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |