Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 24-ноябры № 621
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы № 309 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 4-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий статистика иши чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесинин 3-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги № 182 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 01-декабрындагы № 95 (3544) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |