Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
министрлер кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети (мындан ары – ЭКМК) аткаруу бийлигинин айлана-чөйрөнү жана климатты коргоо, экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылышты пайдалануу, гидрометеорология чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат, ал экологиялык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүргүзөт.
2. ЭКМК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин жана принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. ЭКМК юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдердеги өзүнүн фирмалык аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин казыналык системасында атайын жана башка эсептери бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаңы эсептерди ачууга укуктуу.
4. ЭКМК өзүнүн түзүмүндө юридикалык жак статусу менен ведомстволук бөлүмдөргө жана аймактык органдарга ээ, ошондой эле тиешелүү юридикалык жактардын уюштуруучусу болууга укуктуу.
5. ЭКМКнын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети”;
- расмий тилде: “Государственный комитет по экологии и климату Кыргызской Республики”.
Кыскартылган расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде “ЭКМК”;
- расмий тилде “ГКЭК”.
6. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Горький көчөсү, 142.
7. ЭКМК өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар жана мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.
8. ЭКМК жеке өзүнүн атынан жарандык-укуктук мамилелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы болуп чыгууга укуктуу.
2-глава. ЭКМКнын максаты
9. ЭКМКнын максаты Кыргыз Республикасынын уникалдуу экологиялык системасын сактоону камсыз кылуу, айлана-чөйрөнү жана климатты коргоо, ошондой эле экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) жана гидрометеорологиялык коопсуздукту камсыздоо болуп саналат.
3-глава. ЭКМКнын милдеттери
10. ЭКМКнын милдеттери:
- айлана-чөйрөнү жана климатты коргоо, жаратылыш ресурстарын эсепке алуу жана сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык жана жана гидрометеорологиялык коопсуздукту камсыздоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- биологиялык түрдүүлүктү сактоону жана туруктуу пайдаланууну камсыз кылуу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин көбөйтүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүргүзүүгө катышуу;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоону жана туруктуу иштөөсүн жана аңчылык чарбасын өнүктүрүүнү, аңчылык ресурстарын коргоону, пайдаланууну жана көбөйтүүнү камсыз кылуу;
- айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) коопсуздук, экологиялык мониторинг жана климат жаатында мамлекеттик башкарууну жана жөнгө салууну жүргүзүү;
- химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу багыттарды аныктоо;
- айлана-чөйрөнү жана климатты коргоо, экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) коопсуздук, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана гидрометеорологиялык иш жаатында мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;
- экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо;
- мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын айлана-чөйрөнү жана климатты коргоо, жаратылыш ресурстарын эсепке алуу жана сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык жана гидрометеорологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) коопсуздукту камсыздоо жаатындагы ишин координациялоо;
- калктын экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) коопсуздугун камсыздоо;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) коопсуздук, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, гидрометеорологиялык иштер жана климатка таасирлерди жөнгө салуу, аңчылык чарбаларын жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын башкаруу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын түзүү, ишке ашыруу жана өнүктүрүү, ошондой эле эл аралык тажрыйбаны изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу.
4-глава. ЭКМКнын функциялары
11. ЭКМК төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
- айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык (химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) коопсуздук чөйрөсүндө, анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоону комплекстүү башкаруу, климатты жана озон катмарын коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, аңчылык жана башка жаратылыш ресурстарын коргоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу, туруктуу өнүктүрүү кызыкчылыгында экологиялык билим берүү жана агартуу, климаттык фонддордон жана эл аралык уюмдардан финансы ресурстарын жана инвестицияларды тартуу, инвестицияларды илгерилетүү, программаларды жана долборлорду (анын ичинде климаттын өзгөрүүсү боюнча) ишке ашыруу боюнча бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, климатка таасирлерди жөнгө салуу, ошондой эле гидрометеорологиялык иштер маселелери боюнча, анын ичинде өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын иштетүү жана аңчылык чарбачылыгын өнүктүрүү жаатындагы сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте киргизет;
- айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) коопсуздук жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин адаптациялоо жана жумшартуу, ошондой эле гидрометеорологиялык иштер жаатында мамлекеттик программалардын, иш-аракеттер пландарынын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгууну камсыздайт;
- айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) коопсуздук жана климат, ошондой эле гидрометеорологиялык иштер жаатындагы чарбалык жана башка иштерди регламенттөөчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат жана макулдашат;
- ядролук материалдарды, радиоактивдүү калдыктарды, иондуу нурлануунун башка булактарын физикалык коргоо боюнча; ядролук материалдарды эсепке алууну жана контролдоону уюштуруу жана жүргүзүү, ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө кепилдикти колдонуу боюнча; химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук чөйрөсүндө иш жүргүзүүнүн коопсуздук талаптары жана шарттары (лицензиялык шарттар) боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- эл аралык укуктун талаптарына жана жалпы таанылган принциптери менен ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде күчүнө кирген жана Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык гидрометеорологиялык ишти регламенттөөчү ченемдик укуктук актылардын, методикалардын долбоорлорун иштеп чыгат, ченөө бирдейлигин камсыздоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылат;
- кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен бирдикте жаратылышты пайдалануунун, биологиялык түрлөрдү сактоонун, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, анын ичинде аңчылык ресурстарын коргоонун жана пайдалануунун механизмдерин иштеп чыгат;
- инвестицияларды илгерилетүү, климаттын өзгөрүшү жаатында программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди жүргүзөт;
- Бириккен Улуттар Уюмунун Жашыл климаттык фонду (мындан ары – ЖКФ) жана эл аралык уюмдар тарабынан каржылануучу программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышат;
- айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана гидрометеорологиялык иштер жаатында мамлекеттик статистикалык байкоолордун формаларын иштеп чыгууга катышат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда баштапкы статистикалык маалыматты жыйноону жана иштеп чыгууну камсыздайт;
- өнөр жай-чарбалык объектилерди долбоорлоонун, куруунун жана эксплуатациялоонун гидрометеорологиялык негиздемеси, улуттук экономиканы узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон гидрометеорологиялык маалыматтардын улуттук фондун түзөт жана башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жарыялоо, өзгөртүп түзүү жана ишин токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат жана (же) сунуш киргизет, туризмди өнүктүрүү үчүн перспективдүү болгон өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тизмесин жана экологиялык чыйыр жолдорду иштеп чыгуу, иретке келтирүү жана пайдалануу тартибин аныктайт;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары деп жарыялоо пландалган аймактарды резервациялоо жөнүндө сунуш киргизет;
- улуттук экологиялык тармакты түзүүгө жана иштешин камсыздоого катышат;
- айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды аныктоонун эсептөө методдорун белгилейт, ошондой эле айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын өлчөмүн эсептөө үчүн айлана-чөйрөнүн жаратылышты компоненттерине аралашып кирген, аларда болгон жана (же) келип чыккан булгоочу заттардын массасын аныктоонун методдорун белгилейт;
- башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кирген маселелерден сырткары, таштандыларды пайдалануу боюнча талаптарды белгилейт;
- ишкананын экологиялык паспортун жүргүзүү тартибин белгилейт;
- таштандыларды экинчи чийки зат катары пайдаланууга максималдуу тартууга багытталган жаратылыш пайдалануунун оптималдуу моделдерин иштеп чыгууну жана киргизүүнү камсыз кылат;
- кызыкдар мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер менен бирдикте айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук) коопсуздукту камсыздоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, климаттын өзгөрүүсү, озон катмарын коргоо; фонддордон жана эл аралык уюмдардан финансы ресурстарын жана инвестицияларды тартуу; программаларды жана долбоорлорду (анын ичинде климаттын өзгөрүүсү боюнча) ишке ашыруу чөйрөсүндө бирдиктүү саясат жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну уюштурат;
- айлана-чөйрөнү жана климатты коргоо, ошондой эле гидрометеорологиялык иштер жаатында инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзөт;
2) жөнгө салуу функциялары:
- айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук, анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жаатында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айлана-чөйрөгө таасир тийгизүү менен байланышкан иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүргүзүүгө лицензияларды жана уруксаттарды берет, токтотуп турат жана жокко чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануунун айрым түрлөрүн ишке ашырууга, жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүн белгилүү бир мөөнөттөрдө белгилүү бир жерлерде пайдаланууга, ошондой эле айрым куралдарды колдонууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды, жапайы жаныбарларды алып коюу ыкмаларын белгилейт;
- иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүргүзүүгө лицензияларды алуу үчүн берилүүчү документтердин тизмесин, ошондой эле аларды тариздөөгө жана мазмунуна карата талаптарды, лицензиаттардын отчеттук документтерди берүү тартибин аныктайт;
- белгиленген тартипте иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүргүзүүгө берилген лицензиялардын жана уруксаттардын бирдиктүү реестрин жүргүзөт;
- долбоордук жана башка документтерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзөт жана тиешелүү эксперттик корутундуларды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндө администрациялык жол-жоболорду ишке ашырат;
- атмосфералык абага булгоочу заттарды жана парник газдарын чыгарууларга инвентаризация жүргүзүү боюнча иштерди уюштурат;
- климаттын өзгөрүүсү жаатында митигациялык жана адаптациялык чаралар боюнча иштерди уюштурат;
- айлана-чөйрөнүн булгануу абалын талдайт жана мамлекеттик органдарга, чарбалык субъекттерге (чечим кабыл алуу үчүн) маалымдайт;
- министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарбалык субъекттер менен бирдикте жаратылыш ресурстарын пайдалануунун, айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды, өндүрүштүк жана керектөө калдыктарын чыгарууларды жана башка зыяндуу таасирлердин жана алардын булактарынын, анын ичинде радиоактивдүү жана ядролук материалдардын эсебин жүргүзөт;
- ЖКФнын жана эл аралык уюмдардын финансы ресурстарын жана инвестицияларын тартуу боюнча иштерди жүргүзөт;
- мамлекеттик гидрометеорологиялык кызматтын, анын ичинде гидрометеорологиялык байкоолордун мамлекеттик тармагынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, ошондой эле гидрометеорологиялык маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, талдоону, сактоону жана берүүнү уюштурат жана камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин жүргүзөт;
- жапайы жаныбарларды алып коюу ченемдерин, лимиттерин, квоталарын жана башка ченемдерин белгилейт, аңчылык жаныбарлардын ченемделген түрлөрүн алып коюу пландарын макулдашат;
- айлана-чөйрөнүн абалы жана ага тийгизген таасир жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик фондунун экологиялык маалыматынын реестрин жүргүзөт жана башка маалыматтык ресурстарды түзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экологиялык маалыматты берет жана жайылтат, маалыматтык жана башка материалдарды басып чыгарууну, айлана-чөйрөнүн абалы жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстарын пайдалануу жөнүндө мамлекеттик баяндамаларды даярдоону, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу, гидрометеорологиялык иш жаатында программалык камсыздоону түзүүнү камсыз кылат;
- жаратылыш ресурстарын, жөнгө салууну жана жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү булгоо, экологиялык коопсуздукту камсыздоо талаптарын бузуу үчүн акы алууну, ошондой эле жаратылышты коргоо максаттарына каражаттардын сарпталышын эсепке алат;
- мамлекеттин коргоосундагы жаратылыш объекттеринин жана жаратылыш комплекстеринин, ошондой эле сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын түрлөрүнүн эсебин жүргүзөт;
- мамлекеттик органдар, илимий мекемелер менен бирдикте жаратылыш компоненттеринин жана ресурстардын эсебин жүргүзөт, алардын абалын баалайт;
- радиациялык, химиялык жана биологиялык объекттердин коопсуздугун баалайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте аңчылыктын мөөнөтүн, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин олжолоо лимитин жана квоталарын белгилейт;
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына кирүүчү жерлердеги экологиялык посттордун иштерин белгиленген тартипте жөнгө салат;
- Контролдонуучу продукциялар боюнча Улуттук контролдоо тизмесине киргизилген эки багытта пайдаланылуучу товарлардын импортуна жана экспортуна эксперттик корутундуларды берет;
- Товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген, үчүнчү өлкөлөр менен соода-сатыкта тарифтик эмес жөнгө салуунун чаралары колдонула турган спецификалык товарлардын импортуна, экспортуна жана реэкспортуна эксперттик корутундуларды берет;
- эки багытта пайдаланылуучу товарларды импорттоо учурунда акыркы колдонуучу сертификаттарын берүүдө тышкы-экономикалык иштин катышуучуларынын кепилдик милдеттенмелерин макулдашат;
- ядролук материалдарды жана иондоштуруучу нурлануу булактарын эсепке алуунун жана контролдоонун бирдиктүү мамлекеттик системасын жүргүзөт;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн кадастрын жүргүзөт;
- химиялык заттарды, аралашмаларды каттайт, химиялык заттардын реестрин жүргүзөт, ошондой эле жаңы химиялык заттарды нотификациялайт;
- радиоактивдүү булактар менен байланышкан ишти жөнгө салуучу контролдон бошотуунун тартибин белгилейт;
- белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү пайдаланат жана аларды тескейт;
3) координациялоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана көзөмөлдөө функциялары:
- атмосфералык абаны, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, балык запастарын, алар жайылган жана байырлаган чөйрөнү, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо; озонду бузуучу заттарды өндүрүүнү жана колдонууну, суу ресурстарынын булганышын, жер ресурстарынын бузулушун жана булганышын контролдоо; өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын, анын ичинен радиоактивдүү калдыктарды колдонуу, аларды трансчек аралык ташуу боюнча иштерди координациялайт;
- экологиялык маалыматты чогултат жана аларды алмашууну координациялайт, билимдерди жайылтат жана калктын маалымдуулугун жогорулатат (анын ичинде климаттын өзгөрүү маселелери боюнча);
- климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу боюнча иш-аракеттерди жана айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүнү координациялайт;
- айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзөт;
- климаттын өзгөрүүсү жаатындагы долбоорлорго мониторинг жүргүзөт;
- Климаттын өзгөрүүсү боюнча Бириккен Улуттар уюмунун Алкактык конвенциясын жана Париж макулдашуусун аткаруу боюнча иш-аракеттерди координациялайт жана жөнгө салат;
- климаттын өзгөрүү маселелери боюнча улуттук билдирүүлөрдү жана докладдарды даярдоону координациялайт;
- коомдук экологдордун тармагын уюштурат жана алардын ишин координациялайт;
- Иштетилген ядролук отунду колдонуунун коопсуздугу жана радиоактивдүү калдыктарды колдонуунун коопсуздугу жөнүндө Бириктирилген конвенцияны ишке ашырууну координациялайт;
- Вена шаарында 2007-жылдын 29-январында кол коюлган Ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы макулдашууга Кошумча протокол боюнча талаптардын аткарылышын координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын жөнгө салуучу органы катары химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук жаатында координациялоону ишке ашырат;
- айлана-чөйрөнү коргоо, айлана-чөйрөгө тийгизген таасир жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле гидрометеорологиялык иш жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү уюштурат жана координациялайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин аткарылышын координациялайт, Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдарын координациялайт, Кыргыз Республикасы катышкан химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук маселелери боюнча эл аралык келишимдерге ылайык милдеттенмелердин сакталышын жана аткарылышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын CITES администрациялык органы катары Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенциясынын (CITES) ишке ашырылышын координациялоону жүзөгө ашырат;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздук), суу ресурстарынын булганышын, жер ресурстарынын бузулушун жана булганышын контролдоону, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, атмосфералык абаны коргоону, калдыктарды иштетүүнү кошо алганда жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо жаатында мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырат;
- жардыруу иштерин жүргүзүүдө, топтогучтарды, шлам калдыктарын сактоочу жайларды, террикондорду, тоо-тек үймөктөрүн, таштандыларды жайгаштырууда жана иштетүүдө, ошондой эле геологиялык-чалгындоочу иштерди жүргүзүүдө, малды айдап өтүүдө жана жаратылыш комплекстерине таасир этүү менен байланышкан башка иштерди жүргүзүүдө, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын, аларды өстүрүү стимуляторлорун, минералдык жер семирткичтерди, башка химиялык заттарды, препараттарды, анын ичинде экономиканын айрым тармактарында колдонууга уруксат берилген радиоактивдүү заттарды ташууда, сактоодо жана колдонууда; жаратылышты коргоо курулмаларын эксплуатациялоодо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптардын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
- экологиялык контролду жана көзөмөлдү ишке ашырат, экологиялык мониторинг жүргүзөт, ошондой эле берилген ыйгарым укуктарынын чектеринде администрациялык жаза чараларын салат;
- мамлекеттик башкаруунун тиешелүү республикалык органдары менен бирдикте мамлекеттик климаттык кадастрын, парник газдарынын булактарынан жана аларды сиңирүүдөн чыккан антропогендик заттардын, атмосфералык абанын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мамлекеттик кадастрын жүргүзөт.
- калдыктардын мамлекеттик кадастрын, калдыктарды пайдалануу боюнча объекттердин реестрин, калдыктарды сактоо, көмүү жана зыянсыздандыруу объекттеринин реестрин, Туруктуу органикалык булгоочулар жөнүндө маалыматтардын бирдиктүү базасын, гидрометеорологиялык маалыматты өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнү камсыздайт;
- лицензиялык талаптарды сактоо боюнча юридикалык жана жеке жактардын (лицензиат) ишмердигинин лицензиялануучу түрлөрүнө контролду ишке ашырат;
- иши айлана-чөйрөгө зыяндуу таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон ишканаларды, имараттарды, курулмаларды жана башка объекттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда башка объекттерди эксплуатациялоого кабыл алууга катышат;
- аймактык органдарда жана ведомстволук уюмдарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда кайрылууларды кароо тартибинин сакталышына текшерүүлөрдү, ошондой эле кайрылуулар менен ишти жерине чыгуу менен текшерүүлөрдү жүргүзөт;
- бекитилип берилген мамлекеттик мүлктүн пайдаланышына жана сакталышына ведомстволук контролду белгиленген тартипте жүргүзөт;
- химиялык, биологиялык, радиациялык жана ядролук коопсуздукту камсыз кылуу, уруксат берүүчү мүнөздөгү берилген документтердин шарттары, ядролук жана радиациялык коопсуздук, ядролук материалдарды, радиоактивдүү калдыктарды, ион нурлануусунун башка булактарын физикалык коргоо боюнча ченемдер, эрежелер, ядролук материалдарды жана ион нурлануусунун башка булактарын эсепке алуу жана контролдоо жагынан мыйзамдардын сакталышына контролдукту жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат.
- объекттерде укук бузуулар болгон учурда өз ыйгарым укуктарынын чектеринде санкцияларды колдонот;
- аныкталган радиациялык, ядролук, химиялык жана биологиялык коопсуздуктун талаптарын бузуулар боюнча текшерүүлөрдүн материалдарын укук коргоо органдарына жөнөтөт;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууларга бөгөт коюу жана болтурбоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенет;
- эгерде объектилердин иштөөсү жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, жаратылышты пайдаланууга берилген лицензиялардын жана уруксаттардын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылса, менчигинин түрүнө карабастан алардын ишин токтотуу жөнүндө мамлекеттик органдарга тиешелүү сунуштарды киргизет, ошондой эле мындай иштерди каржылоону токтотуу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштарды даярдайт;
4) кызмат көрсөтүү функциялары:
- белгиленген тартипте уюмдарга жана жарандарга өз ишмердиги чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүүнү, анын ичинде акысыз негизде көрсөтүүнү камсыз кылат;
- өз компетенциясынын чектеринде мамлекеттик заказчынын функцияларын аткарат жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жүргүзүүнү камсыз кылат;
- тийиштүү финансылык жылга сметанын чектеринде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууну белгиленген тартипте ишке ашырат;
5) колдоо функциялары:
- Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен техникалык кызматташууну жүзөгө ашырат;
- айлана-чөйрөнү коргоого, биотүрдүүлүктү сактоого, анын ичинде аңчылык ресурстарын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармактарынын сакталышына жана жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууга багытталган жаратылыштык коргоо иш-чараларын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоону белгиленген тартипте ишке ашырат;
- радиациялык, ядролук, химиялык жана биологиялык коопсуздук жаатында илимий жана илимий-техникалык изилдөөлөрдү уюштурат жана жүргүзөт;
- жаратылыш, туруктуу өнүгүү принциптери, жоопкерчиликтүү керектөө жана туруктуу жашоо ыңгайы, жашыл өсүү жана экологиялык коопсуздук жөнүндө билимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштурат, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча сынактарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды, айлана-чөйрөнү коргоо, биотүрдүүлүктү сактоо, экологиялык билим берүү жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында агартуу жаатында иш-чараларды өткөрөт;
- экологиялык маанилүү чечимдерди иштеп чыгууга, кабыл алууга жана ишке ашырууга бардык кызыкдар тараптардын катышуусун жана экологиялык маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;
- айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүүсү, биотүрдүүлүктү сактоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык билим берүү жана туруктуу өнүгүү кызыкчылыгында агартуу иштери, ошондой эле химиялык, биологиялык, ядролук жана радиациялык коопсуздук, аңчылык чарбаларын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу жана гидрометеорологиялык ишмердик жана эл аралык инвестицияларды жана гранттык жардамды тартуу жаатында мамлекеттик органдар, чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, кызыкдар коммерциялык эмес уюмдар, бизнес-түзүмдөр, окутуу жана илимий мекемелер менен өз ара аракеттенүүнү белгиленген тартипте ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жарандардын (сунуштарын, арыздарын, даттанууларын), анын ичинде жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын кайрылууларын (мындан ары – кайрылуулар) өз компетенциясынын чегинде карайт.
5-глава. ЭКМКнын укуктары
12. ЭКМК ишмердигинин белгиленген чөйрөсүндө функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбалык субъектилердин жетекчилеринин айлана-чөйрөнү жана климатты коргоо, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруу, биотүрдүүлүктү сактоо жана жаратылышты жана аңчылык ресурстарын пайдалануу боюнча отчетторун угуу жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө;
айлана-чөйрөнүн жаратылыш компоненттерине келтирилген зыян үчүн айыптардын өлчөмүн эсептөөнүн ченемдерин жана такстарын белгиленген тартипте бекитүү жөнүндө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы укук бузуулар жөнүндө протоколдорду жана актыларды түзүүгө;
- мамлекеттик экологиялык экспертизанын натыйжалары боюнча объекттерди курууга, реконструкциялоого, кеңейтүүгө же техникалык жактан кайра жабдууга жана жаратылышты коргоо мыйзамдарын, стандарттарды, ченемдерди жана эрежелерди жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу жаатында бузуу менен жүргүзүлгөн башка иштерге терс корутунду берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте экологиялык кооптуу жүктөрдү (буюмдарды), таштандыларды жана чийки заттарды экологиялык ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен ташып келүүгө, ошондой эле транзитке (андан ары ташууга), жаратылыш чөйрөсүнүн булгануусуна же деградациясына алып келүүчү, адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыян келтирүүчү продукцияны өндүрүүгө, заттарды жана материалдарды пайдаланууга уруксатты жокко чыгарууга;
- илимий уюмдар менен макулдашуу боюнча республиканын аймагында байырлаган (өсүп жаткан) жаныбарлар жана өсүмдүктөр объектилерине чыгым келтириши же адамдын ден соолугуна зыян алып келиши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып кирүүгө, алып чыгууга, чыгарууга, көчүрүүгө жана климатташуусуна берилген уруксаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгарууга;
- мамлекеттик органдар менен бирдикте жаңы (реконструкциялануучу, кеңейтилүүчү, технологиялык жактан кайра жабдылуучу, жоюлуучу) объектилерди кабыл алуу жана пайдаланууга берүү, объектилердин жайгашуучу жерин тандоо жана чарбалык иш жүргүзүү үчүн жер бөлүп берүү боюнча мамлекеттик жана жумушчу комиссиялардын ишине катышууга;
- министрликтерден, административдик ведомстволордон, жаратылышты пайдалануу менен алектенген юридикалык жана жеке жактардан айлана-чөйрөнүн абалы, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды аткаруу жөнүндө керектүү маалыматтарды (маалыматты, анын ичинде статистикалык отчетторду) алууга, ошондой эле чарба жүргүзүүчү жана башка субъекттерден зыяндуу заттардын жапырт бөлүнүп чыгышы, авариялык жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө билдирүүлөрдү алууга;
- жаратылышты коргоо боюнча татаал милдеттерди чечүү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгуу, эң татаал объектилерге мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү, мамлекеттик экологиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кайчы пикирлерди карап чыгуу үчүн илимий-техникалык, эксперттик жана башка кеңештерди, топторду жана комиссияларды уюштурууга;
- тейлеген чөйрөдө илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн илимий-изилдөө институттарын, ведомстволук институттарды жана башка жогорку окуу жайларын тартууга;
- мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүгө жана тиешелүү корутундуларды чыгарууга, айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана гидрометеорологиялык иш жаатында контролду жүзөгө ашырууга байланышкан иштерди жүргүзүүгө министрликтердин, мамлекеттик башкаруунун республикалык башка органдарынын жана уюмдардын адистерин белгиленген тартипте тартууга;
- ЭКМКнын компетенциясына кирген маселелер боюнча гидрометеорологиялык камсыздоонун адистештирилген (максаттуу) методдорун өнүктүрүү менен алектенүүгө;
- жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара байланышта иштөөгө;
- гидрометеорологиялык байкоолордун дүйнөлүк системасынын алкагында эл аралык маалымат алмашууга катышууга;
- учурда түзүлгөн метеорологиялык, агрометеорологиялык жана гидрологиялык шарттар жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаратылыш чөйрөсүнүн булганышы жөнүндө маалыматтарды системалуу талдоого жана жалпылоого, кар көчкүлөрүнүн реестрин даярдоону жана басып чыгарууну, алардын кадастрларын жүргүзүүнү камсыздоого;
- Дүйнөлүк Метеорологиялык Уюмда жана КМШга мүчө мамлекеттердин Гидрометеорология боюнча мамлекеттер аралык кеңешинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын коргоого;
- өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш ресурстарын пайдалануу, чет өлкөлүк мергенчилер үчүн жапайы жаныбарларды олжолоо, таштандылар, булгоочу заттардын бөлүнүп чыгышы жана айлана-чөйрөдө таштандыларды топтоо үчүн белгиленген тартипте акы алууга;
- өз компетенциясынын чегинде жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган документтерди, шаймандарды (предметтерди), транспорт каражаттарын, жаратылыштын мыйзамсыз алынган объектилерин, анын ичинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн текшерүүгө, кароого, алып коюуга;
- айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин тийгизген юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин чарбалык жана башка ишин токтото туруу (тыюу салуу) жөнүндө талаптарды (эскертүүлөрдү) белгиленген тартипте киргизүүгө;
- айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө мыйзамдарды бузууну жоюу тууралуу милдеттүү түрдө аткарылуучу талаптарды (эскертүүлөрдү) коюуга;
- айырмалоочу белгилери менен бекитилген үлгүдөгү форма кийимди кийүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык ок атуучу куралды жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш каражаттары ж.б.) сактоого, тагууга жана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарга.
6-глава. ЭКМКнын ишин уюштуруу
13. ЭКМКны Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотуучу төрага башкарат.
14. ЭКМКда статс-катчынын жана төраганын орун басарларынын кызмат орундары каралган.
15. Статс-катчыны кызмат ордуна дайындоонун, кызмат ордунан, функцияларынан жана ыйгарым укуктарынан бошотуунун тартиби мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.
16. Төраганын орун басарлары ЭКМКнын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз төрагага баш ийишет жана ЭКМКнын ишин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде уюштурушат.
ЭКМКнын төрагасы:
- ЭКМКнын ишине жалпы жетекчиликти бир жетекчилик принцибинин негизинде жүзөгө ашырат жана ЭКМКга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен чет мамлекеттердин мамилелеринде ЭКМКнын атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана ЭКМКнын компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге белгиленген тартипте кол коёт;
- төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, ЭКМКнын компетенциясына кирген уюштуруу, кадрдык, финансылык жана башка маселелерди чечүү боюнча ЭКМК системасынын башка кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына номенклатурага ылайык кызмат орундарын ээлөө үчүн сунуш киргизет;
- ЭКМКнын системасынын кызматкерлерин жана мамлекеттик кызматчыларын номенклатурага ылайык кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, кызматка кабыл алат жана бошотот.
- ЭКМКнын борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн түзүмүн бекитет, ал ЭКМКнын милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн;
- ЭКМКнын борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн штаттык расписаниесин эмгек акыны төлөө фондунун мыйзамдарында белгиленген жана ЭКМКнын кызматкерлеринин чектүү санынын чегинде бекитет;
- борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык органдары жана ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- ЭКМКнын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акыларды белгилейт;
- кызматкерлерге белгиленген тартипте атайын класстык чендерди ыйгарат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогорку атайын класстык чендерди ыйгаруу жөнүндө сунуштарды берет;
- ЭКМКнын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарууга сунуштайт;
- ЭКМКнын системасынын кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ЭКМКнын системасында аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана башка актыларды, анын ичинде мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- ЭКМКнын, ошондой эле аймактык органдардын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- белгиленген тартипте ЭКМКнын каражаттарын тескейт жана мүлкүн башкарат, бүтүмдөрдү түзөт;
- ЭКМКнын алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
- ЭКМКнын төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин милдеттерди аткаруудан убактылуу четтетүүгө укуктуу.
12. ЭКМКда коллегия түзүлөт, анын курамына 9 адам кирет. ЭКМКнын төрагасы (коллегиянын төрагасы), статс-катчы жана төраганын орун басарлары коллегияга кызмат орду боюнча киришет. Коллегиянын курамына милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү кирет. Коллегия мүчөлөрүнүн персоналдык курамын төрага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кураторлук кылган түзүмдүк бөлүмүнүн макулдашуусу менен бекитет.
13. ЭКМКнын ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында Коомдук кеңеш түзүлөт, ал коомдук башталышта иштөөчү консультациялык-байкоочу орган болуп саналат.
7-глава. Корутунду жоболор
14. ЭКМКны жоюу жана өзгөртүп уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
15. Иши токтотулган учурда ЭКМКнын документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.