Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 2-июну № 18
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 “Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгына, “Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 157 “Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 19-пунктунун экинчи абзацындагы “министрликтерге жана ведомстволорго” деген сөздөр “аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 21 -пунктундагы “министрликтеринин жана ведомстволорунун” деген сөздөр “мамлекеттик органдарынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
Тиркеме
“1-тиркеме
Европа союзу менен кызматташуу боюнча координациялык кеңештин
курамы
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун бacapы, Кеңештин төрагасынын орун басары (*).
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары - Улуттук координатор (**);
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары (*);
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары (*);
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары (*);
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары (*);
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары (*);
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары (*);
Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары (*);
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары (*);
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары (*);
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары (*);
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары (*) (макулдашуу боюнча).
Эскертүү:
(*) - эл аралык кызматташуу маселелерин тейлөөчү;
(**) - Кыргыз Республикасынын Европа союзу менен кызматташуу маселелерин тейлөөчү.