Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 11-июну № 27
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-январындагы № 1 "Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бир жолку компенсацияларды төлөөгө материалдарды кароонун мөөнөтүн аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине' ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-январындагы № 1 "Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында иш-чараларга тартылган саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү тартибинде:
1) 5-6-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Комиссия кийин саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине жиберүү үчүн компенсацияны төлөө же болбосо төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө сунуштама түрүндө чечим кабыл алат.
Комиссия ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтер берилген күндөн тартып 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде чечим кабыл алууга милдеттүү.
6. Уюмдун жетекчиси комиссиянын чечимин алгандан кийин 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирбей компенсацияны төлөп берүү же болбосо баш тартуунун негизин көрсөтүү менен компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө буйрук чыгарат.";
2) 15-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"15. Компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер:
1) кызматкер тарабынан соттун күчүнө кирген чечиминде белгиленген коомдук кооптуу күнөөлүү жана жазалануучу жосун жасалса;
2) кызматкер тарабынан кызматтык текшерүүнүн, медициналык корутундунун жыйынтыктарында белгиленген мыйзамсыз жосун жасалса же атайылап зыян келтирилсе;
3) өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарууга байланышпаган иш-чараларга катышса;
4) кызматкердин өзүнүн ден соолугуна атайылап зыян келтирген же өзүн-өзү өлтүргөн учурлары;
5) ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин жоктугу";
3) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 16-19-пункттар менен толукталсын:
"16. Жумуш берүүчүнүн компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечими кызматкер же болбосо анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга даттанылышы мүмкүн.
17. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө жумуш берүүчүнүн чечимин кароо боюнча комиссия түзөт.
Комиссиянын иштөө тартибин жана комиссиянын курамын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
18. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Тартиптин 7-пунктунда көрсөтүлгөн бардык документтер (анын ичинде компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө материалдар) берилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде компенсацияны төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө жумуш берүүчүнүн чечимин кароо үчүн чечим чыгарат. Каралууга тийиш болгон документтерди жумуш берүүчү (саламаттык сактоо уюму) тез арада саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берет.
19. Кызматкер же болбосо анын үй-бүлө мүчөлөрү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын комиссиясынын чечими менен макул болбогон учурда белгиленген тартипте сот органдарына кайрылууга укуктуу.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |