Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 14-июну № 28
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрагасы |
| У.Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-июнундагы № 28 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, А.Ш.Осмонова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Каралып жаткан мыйзам долбоорунда, эгерде календардык жыл ичинде наркы 8000000 сом суммасынан ашкан, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 224-беренесинин 2-пунктунда (мындан ары - Салык кодекси) каралган товарларды берүүнү, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырса, экономикалык ишти жүзөгө ашырган субъект кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөөчү катары катталууга милдеттүү экендигин белгилөө сунушталууда.
Негиздеме-маалым катта Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандартына ылайык сатуудан түшкөн акча 1-январдан 31-декабрга чейинки мезгилге карата аныкталат, ушуга байланыштуу мыйзам долбоору Салык кодексинин 16 жана 229-беренелеринин ортосундагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган деп белгиленген.
Муну менен бирге Салык кодексинин 16-беренеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдү эсептөө тартибин жөнгө сала тургандыгын билдиребиз, бул Салык кодексинин 229-беренесине каршы келбейт, анткени анда мөөнөт эмес, айлар менен эсептелүүчү убакыт мезгили көрсөтүлгөн, бул Салык кодексинин 16-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келет.
Ошондой эле Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарты финансылык жылдын жыйынтыктары боюнча финансылык отчеттуулук үчүн гана пайдаланыларын жана КНС боюнча каттоо босогосунун мезгилин аныктоого тиешеси жок экендигин белгилейбиз.
Мындан тышкары Салык кодексинин 229-беренесинин 1-бөлүгүнүн сунушталып жаткан редакциясы, эгерде беримдердин салык салынуучу наркы акыркы 12 айдын ичинде КНС боюнча каттоо чегинен ашпаса, КНС боюнча каттоодон өткөн салык салынуучу субъект каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүгө укуктуу деп көрсөтүлгөн Салык кодексинин 230-беренесинин 1-бөлүгүнө шайкеш келбей калат.
Муну менен бирге салык төлөөчүлөрдүн ишине жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан КНСти башкаруу механизмин өркүндөтүүнү караган Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-сентябрымдагы № 504 токтому менен бекитилген ишкердик субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына ылайык аталган мыйзам долбоору жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүүнү талап кылат, анткени Мыйзам долбоорунда ишкердик ишти жөнгө салуучу колдонуудагы ченемдерге өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Жогоруда жазылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети сунушталып жаткан өзгөртүү салык төлөөчүлөр тарабынан календардык жылдын чектеринде өзүнүн беримдерин жөнгө салуу менен байланышкан олуттуу тобокелдиктерге жана кыянаттык менен пайдаланууга алып келерин белгилейт, анткени сатуудан түшкөн акча жыл сайын 1-январга карата нөлгө түшөт, ал эми товарларды берүүнүн, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы катары менен 12 календардык айдын ичинде тынымсыз эсептелиши керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп белгилейт.