Загрузка документа…
|
| Тиркеме 1 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат жөнүндө
Жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 , 2026-жылдын 30-январындагы № 42 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасында соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө саясатты жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын (мындан ары – СЭК) ишинин тартибин аныктайт.
2. СЭК Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат, уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.
3. СЭК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. СЭКтин кызматкерлери, эксперттик иш жүргүзгөн кызматкерлеринен тышкары мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
5. СЭК юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ, өз алдынча балансы жана оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө бекитилип берилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыш-бериш жана башка эсептери бар.
6. СЭКтин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн фирмалык аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
7. СЭКтин ишин Министрлик контролдойт.
8. СЭКтин түзүмү, башкаруу схемасы, штаттык ырааттамасы Министрлик тарабынан белгиленген штаттык сандын чегинде бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
9. СЭКтин толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат»;
расмий тилде: «Судебно-экспертная служба при Министерстве юстиции Кыргызской Республики».
СЭКтин кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: «Соттук-эксперттик кызмат»
расмий тилде: «Судебно-экспертная служба».
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
10. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Орозбеков көч., 11
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
2. Милдеттери
11. СЭКтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- соттук-эксперттик ишти уюштуруу жана ишке ашыруу;
- атайын билимдерди жана техникалык каражаттарды колдонууда сот жана укук коргоо органдарына методикалык жана методологиялык жардам көрсөтүү;
- соттук-экспертиза жаатында окутууларды камсыз кылуу;
- соттук эксперттерди даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу.
3. Функциялары
12. СЭК төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) экспертиза функциялары:
- белгиленген тартипте соттук-эксперттик ишти жүзөгө ашырат;
- чет өлкөлөрдүн эксперттик мекемелеринин тажрыйбаларын изилдейт жана эксперттик практикага жаңы методдорду жана методикаларды киргизет;
- келишимдин негизинде мамлекеттик органдар, жеке жана юридикалык жактар үчүн изилдөөлөрдү жүргүзөт;
2) жөнгө салуу функциялары:
- соттук-эксперттик иш жаатындагы ченемдик укуктук актыларды колдонуу практикасын талдайт жана жалпылайт;
- белгиленген тартипте соттук эксперттердин компетенттүүлүк сертификаттарын берет;
- Кыргыз Республикасынын соттук эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзөт;
- соттук-экспертиза жаатындагы илимий изилдөө иштерин жүргүзөт, соттук-эксперттик иш жаатында ченемдик укуктук актыларды колдонуу практикасын талдайт жана жалпылайт;
3) камсыз кылуу функциялары:
- соттук-эксперттик иш чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты чет мамлекеттердин тийиштүү мамлекеттик органдары жана эл аралык уюмдар менен соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана СЭКтин компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык жүргүзөт;
- сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин соттук экспертиза жаатындагы жаңы жетишкендиктер менен тааныштыруу процессин уюштурат, буюм далилдерин айкындоо, фиксациялоо, алып коюу, таңгактоо, жөнөтүү жана экспертиза дайындоо маселелери боюнча методикалык сунуштамаларды түшүндүрөт;
- соттук-эксперттик ишти илимий-методикалык жана маалыматтык камсыздоону ишке ашырат, соттук эксперттерди кесиптик даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну жүргүзөт;
- соттук-эксперттик иштерди каржылоого таандык бөлүгүндө республикалык бюджеттин долбоорун түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
13. СЭК өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык башка функцияларды да ишке ашырат.
4. Укуктары
14. СЭК өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн компетенциясынын жана ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн келишимдик негизде мекемелердин илимий жана практикалык кызматкерлерин тартууга;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден, уюмдардан өзүнүн компетенциясынын чегинде зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана материалдарды сурап алууга;
- расмий бюллетендерди, журналдарды, маалыматтык материалдарды, методикалык колдонмолорду, ошондой эле соттук-эксперттик иш жаатындагы башка адабияттарды чыгарууга;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана уюмдар менен өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууларды түзүүгө;
- чет мамлекеттердин эксперттик мекемелеринде соттук эксперттердин такшалмасын уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
5. Ишин уюштуруу
15. СЭКти Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу төрага жетектейт.
16. СЭКтин төрагасынын орун басарлары (мындан ары – төраганын орун басарлары) бар. СЭКтин төрагасынын орун басарлары Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
СЭКтин төрагасынын орун басарлары түздөн-түз төрагага баш ийишет, жүктөлгөн милдеттерге ылайык МСЭКтин ишин уюштурушат.
17. СЭКтин төрагасы:
- СЭКтин ишин жеке башкаруунун негизинде жалпы жетектейт, СЭКке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары жана чет мамлекеттер менен мамилелерде СЭКтин атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде соттук-эксперттик иш маселелери боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
- Министрлик тарабынан бекитилген кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык СЭКтин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- СЭК кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана иштин ички тартибин аныктайт;
- СЭКтин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык СЭКтин аймактык бөлүмдөрүнүн түзүмүн, штаттык ырааттамасын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министрине СЭКтин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин ведомстволук жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө белгиленген тартипте сунуштама киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык келишимге ылайык СЭКтин кызматкерлеринин эмгегине дем берүү тууралуу чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте СЭКтин кызматкерлерине карата тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- СЭКтин системасында аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана башка актыларды, анын ичинде башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биргеликте же макулдашуу боюнча чыгарат, алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- финансылык каражаттардын тескөөчүсү болуп саналат;
- эксперттик, консультациялык жана кеңеш берүүчү органдарды түзөт, алар жөнүндө жоболорду жана алардын курамдарын бекитет;
– белгиленген тартипте СЭКтин ведомстволук сыйлыктарын уюштурат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун түрлөрүн колдонот;
– коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча милдеттердин аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
- СЭКтин алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 , 2026-жылдын 30-январындагы № 42 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Илимий-изилдөө иштеринин пландарын, илимий-изилдөөлөрдүн натыйжаларын, сунушталган методдорду жана методикаларды талкуулоо үчүн СЭКтин алдында илимий-методикалык кеңеш түзүлөт, анын жеке курамын СЭКтин төрагасы бекитет.
19. Төрага жок болгон учурда анын милдеттерин орун басарларынын бири бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык аткарат.
20. СЭКтеги эксперттик иш жүргүзгөн эксперттердин бош орундарын ээлөөгө конкурс жана СЭКтин эксперттерине квалификациялык категория ыйгаруу боюнча аттестация өткөрүү үчүн аттестациялык конкурстук комиссия түзүлөт, анын жеке курамын СЭКтин төрагасы бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-ноябры № 285 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомнун редакцияларына ылайык)
6. Корутунду жоболор
21. СЭКтин борбордук аппаратын, аймактык бөлүмдөрүн тейлөөгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын эсепке топтолгон каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
22. СЭК белгиленген тартипте финансылык каражаттардын эсебин жана отчеттуулугун жүргүзөт, тиешелүү органдарга статистикалык, бухгалтердик жана башка отчёттордун маалыматтарын даярдоону жана берүүнү камсыз кылат.
23. СЭКти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жүзөгө ашырылат.
24. СЭКтин иши токтотулган учурда, анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер “Кыргыз Республиканын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республиканын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.