Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 21-июну № 37
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 11-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сатуунун эсебин жүргүзүү журналынын, ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча баалуу металлдардан зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын жасоону жана оңдоону эсепке алуу журналынын, квитанциялардын, коштомо кагаздардын, келишимдердин негизинде же ушул Жобонун 1 жана 3-тиркемелерине ылайык эсепке алуу формаларында камтылган маалыматтарды милдеттүү түрдө киргизүү менен электрондук эсепке алуу инструменттери аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |