Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 токтомуна |
Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 37Ю, 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге, алардын менчигинин түрүнө карабастан коюлуучу негизги талаптарды, аларды эсепке алууга жана отчет берүүлөрүнө, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашыруу тартибине коюлуучу талаптарды аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагындагы пробалык көзөмөл баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү (курамында баалуу металлдар жана асыл таштар бар кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо, бул баалуулуктар менен Кыргыз Республикасынын аймагында операцияларды аткаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Пробалык көзөмөл - баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин эреже бузууларынын алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган уюштуруучу-техникалык жана укуктук иш чаралардын, террористтик иштерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердеги ченемдеринин, талаптарынын системасы.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин милдеттери
4. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзгөн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 токтому менен бекитилген Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын эсепке турууга;
- баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдарды ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринде белгиленген тартипте эсепке алууну жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын аткарууга;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда отчетторду берүүгө;
- атайын эсептен чыгуу учурунда пландык текшерүүлөр жүргүзүлбөгөн ишти жүзөгө ашыруу мезгилинде баалуу металлдардын, асыл таштардын жана буюмдардын кыймылын эсепке алуу боюнча документтерди берүүгө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды сатуу менен иштеген юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөнкү эрежелерди сактоого милдеттүү:
- баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар аларда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробалык эн тамгасынын изи болгондо гана сатылат;
- сатууга коюлган баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарда буюмдун аталышы, пробасы, салмагы, буюмдун 1 граммы үчүн баасы, чөгөрүүлөрүнүн түрү жана алардын мүнөздөмөлөрү, буюмдун баасы көрсөтүлгөн жарлыгы болууга тийиш. Чет өлкөлөрдө жасалган буюмдардын жарлыгында аны жасаган өлкө көрсөтүлүүгө тийиш.
Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын баа көрсөткүчүндөгү, жарлыгындагы наркы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы менен көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сатууну эсепке алуу журналынын;
- ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды жасоону жана оңдоону эсепке алуу журналынын;
- ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча асыл таштарды эсепке алуу журналынын;
- квитанциялардын, коштомо кагаздардын, келишимдердин.
Автоматташтырылган (электрондук) эсепке алуу системалары болгон учурда баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алууну ушул Жобонун 1, 3 жана 4-тиркемелерине ылайык эсепке алуу формаларында камтылган маалыматтарды милдеттүү түрдө киргизүү менен электрондук түрдө жүргүзүүгө уруксат берилет.
Классификациялык мүнөздөмөлөрү аныкталбаган асыл таштар менен бүтүмдөрдү жасоого жол берилбейт.
Иштетилбеген табигый алмаздарды жеткирүү акысын төлөө Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык накталай эмес ыкма менен жүргүзүлүүгө тийиш
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кыргыз Республикасынын алтын казуучу жана кайра иштетүүчү ишканалары ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдардын өндүрүлүшү жана сатылышы боюнча ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада отчет берүүгө милдеттүү.
71. Баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен күрөө операцияларын жүргүзүүчү ломбарддар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга талап кылынбаган баалуу металлдардан жана асыл таштардан күрөөлөрдү сатуу боюнча отчетту ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык формада берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
72. ЕАЭБ аймагында баалуу металлдарды (баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды кошпогондо) жана асыл таштарды экспорттоону/импорттоону жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга баалуу металлдарды (баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды кошпогондо) жана асыл таштарды ташуу боюнча отчетту ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча берүүгө милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Иштери пробалык көзөмөлдөөгө тиешелүү болгон пробалык көзөмөлдүн эрежелерин бузгандыгы үчүн күнөөлүү юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартышат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары пландуу текшерүү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө укуктуу:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген текшерүү жүргүзүүгө жазма буйрукту жана кызматтык күбөлүгүн көрсөткөндө баалуу металлдарды жана асыл таштарды, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, алардын калдыктарын жана сыныктарын пайдалануунун, жүгүртүүнүн, эсепке алуунун эрежелеринин сакталышын текшерүү максатында юридикалык жактар жана жеке ишкерлер өздөрүнүн иштерин жүргүзүүгө пайдаланышкан аймактарга, имараттарга, курулмаларга, жайларга тоскоолдуксуз кирүүгө;
- баалуу металлдарды жана асыл таштарды, алардан жасалган продукцияны, баалуу металлдардын калдыктарын жана сыныктарын алуу, сарптоо, эсепке алуу жөнүндө маалыматтарды камтыган бухгалтердик документтерди, ченемдик-техникалык жана башка документтерди текшерүүгө;
- ушул Жобого ылайык баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сатуу эрежелеринин сакталышын текшерүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелерине ылайык баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын иштөө эрежелеринин сакталышын текшерүүгө.
10. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары террористтик иштерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзгөн юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин иштерине контроль жүргүзүүгө милдеттүү.
11. Жазма буйрукта белгиленген мөөнөттө жүргүзүлгөн пландуу текшерүүнүн жыйынтыгында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары тарабынан пландуу текшерүүнүн актысы түзүлөт.
12. Аныкталган эреже бузуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан эреже бузууларды жоюу жөнүндө билдирүү таризделип, пландуу текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде контролдук текшерүү дайындалат.
13. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жасаган ишкердик субъекттерге пландуу текшерүүдө аныкталган эреже бузууларды жоюуга берилген убакыт бүткөндөн кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган контролдук текшерүү жүргүзөт.
14. Ишкердик субъекттери аныкталган эреже бузууларды жойбогон учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары контролдук текшерүүнүн учурунда мамлекеттик пробалык эн тамганын изи коюлбаган баалуу металлдардан жасалган зергердик буюмдарды проба жана эн тамга коюуга ишкердик субъекттерине андан ары берүү үчүн тандап алышат.
15. Пландуу текшерүүдө аныкталган эреже бузуулар жоюлбаганы үчүн административдик жоопкерчилик жөнүндө протокол түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө мыйзамына ылайык чара көрүлөт.
16. Ишкердик субъекти текшерүүнүн жыйынтыктары менен макул болбогон учурда кайра текшерүү жүргүзүлөт. Кайра текшерүүгө негиз болуп, текшерилүүчүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга пландуу текшерүүнүн жыйынтыгына даттануусу эсептелет.
Кайра текшерүү "Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
17. Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамдары баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын сакталбагандыгы менен байланышкан укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт, токтомдорду чыгарат жана жаза чараларын көрөт.
Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселени карайт.
Пробалык көзөмөлдү жүзөгө ашырууда баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү (баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операцияларды кошпогондо), пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатында укук бузуу окуясы болгондугун көрсөтүүчү маалыматтар табылган учурда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө маселени карайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Пландан тышкаркы текшерүүлөр төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган текшерүү субъекттеринен ага карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө арыздарын алганда;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеке же юридикалык жактан алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын текшерүү субъекти бузгандыгы тууралуу жазуу жүзүндөгү арыз алганда, ишкердик субъектинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен текшерүү субъекти ушул администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузгандыгы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү кайрылуусун алганда;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган финансылык чалгындоо органынан жана укук коргоо органдарынан кайрылууларды алганда.
19. Ишкердик субъекттери тарабынан жазык кылмышынын белгилери бар мыйзамдарды бузуулар ашкереленген учурда, бул жөнүндө материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилет.
20. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдери даректелип жиберилген ишкердик субъекттери тарабынан аткарылууга милдеттүү.
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары текшерүүлөрдү жүргүзүүдө өздөрүнүн функцияларын жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганда, мыйзамга каршы аракеттерди (аракетсиздикти) жасаганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
| Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Форма
Ведомстволук статистикалык ОТЧЕТ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
№ 1 форма
Кимге берилет ____________________________________________________ |
|
|
(Алуучунун аталышы, дареги) |
|
|
_______________________________________________________________________ Ишкананын аталышы _______________________________________________________________________ Аймак (облус, шаар, район) _______________________________________________________________________ Дарек (почта индекси, көчө, үй №) _______________________________________________________________________ Менчигинин түрү _______________________________________________________________________ Уюштуруу-укуктук формасы _______________________________________________________________________ Экономикалык иштин түрү (тармак) |
| Бир айлык отчетту Кыргыз Республикасынын алтын казып алуучу жана кайра иштетүүчү ишканалары ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берет |
Баалуу металлдарды өндүрүү жана сатуу жөнүндө ОТЧЕТ
20_______-жылдын ___________________ үчүн
(айы)
1. Баалуу металлдарды өндүрүү
(грамм менен)
Баалуу металлдын түрү | Өндүрүлгөн (казып алынган) БМ | Кайра иштетилген БМ (аффинаждан кийинки даяр продукция) | ||
Учурдагы жылдын айы үчүн | Отчеттук жылдын башынан берки мезгил үчүн | Учурдагы жылдын айы үчүн | Отчеттук жылдын башынан берки мезгил үчүн | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
Алтын |
|
|
|
|
Күмүш |
|
|
|
|
2. Баалуу металлдарды сатуу
(грамм/сом)
№ |
| Кимге сатылды | Алтын | Күмүш | ||
грамм | сумма | грамм | сумма | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 |
1 | Отчеттук мезгилдин башындагы калдык |
|
|
|
|
|
2 | Баалуу металлдарды сатуу |
|
|
|
|
|
3 | Отчеттук мезгилдин аягындагы калдык |
|
|
|
|
|
Жетекчи ___________________________________________________
Башкы бухгалтер ____________________________________________
20___-жылдын "___"______________
___________________________________________________________
Аткаруучунун аты-жөнү жана телефон номери".
|
| Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Форма
Баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдарын жасоону жана оңдоону эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кириш | Чыгыш | |||||||||
| Келип түшүү булагы (Аты-жөнү же тапшыруучунун аталышы) | Саны | Салмагы (г) | Пробасы | Буюмдардын аталышы | Саны (даана) | Салмагы (г) | Пробасы | Коромжу (угар) (%/г) | Кимге берилди | Суммасы (сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| "Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 4-тиркеме |
Форма
Асыл таштарды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Келип түшүү датасы | Келип түшүү булагы (тапшыруучунун аты-жөнү, паспорттук маалыматтары) | Таштардын аталышы | Саны (даана) | Салмагы (карат) | Түстүүлүгү | Өлчөмү (диаметр) | Наркы (сом) | Сатуу датасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 5-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634 токтомунун редакциясына ылайык)
Форма
Кимге берилет ____________________________________________________ |
|
|
(алуучунун аталышы) |
|
|
_______________________________________________________________________ Ишкананын аталышы _______________________________________________________________________ Аймак (облус, шаар, район) _______________________________________________________________________ Дарек (почта индекси, көчө, үй №) _______________________________________________________________________ Уюштуруу-укуктук формасы |
| Кварталдык отчетту Баалуу металлдар жана асыл таштар менен күрөө операцияларын жүргүзүүчү юридикалык жактар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берет |
Талап кылынбаган баалуу металлдардан жана асыл таштардан күрөөлөрдү сатуу жөнүндө ОТЧЕТ
20__-жыпдын "___"_________________ үчүн
№ | Баалуу металл | Асыл таш | Кимге сатылды (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары) | Сатылган датасы | |||||
түрү | пробасы | салмагы (грамм) | наркы (сом) | аталышы | массасы (карат) | наркы (сом) | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
|
| Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 6-тиркеме |
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 634токтомунун редакциясына ылайык)
Форма
Кимге берилет ____________________________________________________ |
|
|
(алуучунун аталышы) |
|
|
_______________________________________________________________________ Уюмдун аталышы/жеке ишкердин аты-жөнү _______________________________________________________________________ Аймак (облус, шаар, район) _______________________________________________________________________ Дарек (почта индекси, көчө, үй №) _______________________________________________________________________ Менчигинин түрү _______________________________________________________________________ Уюштуруу-укуктук формасы _______________________________________________________________________ Экономикалык иштин түрү (тармак) |
| Кварталдык отчетту ЕАЭБ аймагында баалуу металлдарды жана асыл таштарды ташууну жүзөгө ашырган юридикалык жактар жана жеке ишкерлер квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин берет |
ЕАЭБ аймагында баалуу металлдарды (баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарларды кошпогондо) жана асыл таштарды ташуу жөнүндө ОТЧЕТ
20___-жылдын "______" _________________ үчүн
№ | Уюмдун аталышы/жөнөтүүчүнүн аты-жөнү (паспорттук маалыматтары) | Жөнөтүү пункту (өлкө, шаар, көчө, номер) | Уюмдун аталышы/алуучунун аты-жөнү (паспорттук маалыматтары) | Алуучунун дареги (өлкө, шаар, көчө, номер) | Жүктүн аталышы (металлдын, асыл таштын түрү, металл, таш жөнүндө кыскача маалыматтар) | Нетто салмак (грамм, карат) | Жөнөтүү датасы | Келүү датасы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жетекчи ___________________________________________________
Башкы бухгалтер ____________________________________________
20___-жылдын "___"______________
___________________________________________________________
Аткаруучунун аты-жөнү жана телефон номери