Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2018-жылдын 27-июну № 303
Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 390, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Баалуу металлдар рыногун өнүктүрүү максатында, "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 4 жана 11-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө", Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка турмуш-тиричилик буюмдарын пробалоо жана эн тамгалоо тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;
- Өзгөчө янтардык түзүлүштөрдү асыл таштарга таандык кылуунун тартиби, 3-тиркемеге ылайык.
- Баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу, сактоо жана ташуу, ошондой эле отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 390 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 560 "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды калктан сатып алуу пункттарынын ишинин эрежелеринде:
- 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-пунктунун бешинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сынам эн белгисинин изине ээ болгон" деген сөздөр алып салынсын;
- 8-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 10-пунктта:
биринчи абзацындагы ", шрифттерди алуу" деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацындагы "Товаровед-сатып-алуучу" деген сөздөр "Сатып алуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пунктта:
биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган баалуулуктарды сатып алууну эсепке алуу журналында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
аталышы (сөйкө, шакек, топтом, чынжыр жана башкалар, же алардын сыныктары), салмагы, сынамы, суммасы;";
төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пунктунун биринчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 14-пункту күчүн жоготту деп таанылсын:
- 1-форма күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы № 551 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробирдик көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 23-январындагы № 29 "Баалуу металлдардан жасалган зер жана тиричилик буюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробирдик эн тамгасынын белгисин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер (тиричилик) буюмдарды пробалоо жана эн тамгалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-апрелиндеги № 203 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик пробирдик көзөмөлү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы № 551 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 8-апрелиндеги № 200 "Чет өлкөдөн ташылып келген баалуу металлдардан жасалган жана сатууга арналган зергерлик (турмуш-тиричилик) буюмдарга мамлекеттик пробирдик белги менен эн салуу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 29-июлундагы № 460 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик проба жүргүзүү көзөмөлү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 1-августундагы № 551 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 761 "Зергер буюмдарды экспорт үчүн өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-февралындагы № 52 "Зергер буюмдарды экспорт үчүн өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 761 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 277 "Зергер буюмдарды экспорт үчүн өндүрүүнү өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 8-декабрындагы № 761 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-ноябрындагы № 264 "Баалуу металлдардан жасалган зергер (турмуш-тиричилик) буюмдарын энтамгалоо Эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 27-июлундагы № 63 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |