Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 8-июлу № 61
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жободо:
- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:
"- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү зарылдыгы жөнүндө кайрылуулар;";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын экстрендик кызматтарды чакырууну камсыздоо системасына кирген, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдүү кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмеси:
- төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"
9 | 114 | Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун шыр байланышы | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
".
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборго мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү боюнча "Шыр байланыштын" иштөөсү үчүн "114" телефон номерин бөлүп берсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |