Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 токтому менен бекитилген |
"Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 527, 2015-жылдын 24-июну № 406, 2015-жылдын 17-августу № 579 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 226, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 209, 2017-жылдын 1-июнундагы № 324 , 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 187, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 61, 2021-жылдын 14 апрелиндеги № 211, 2022-жылдын 15-июнундагы № 321, 2022-жылдын 24-июнундагы № 342, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 602 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 203 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин базасында "Бирдиктүү шыр байланыш туруктуу иштөөчү кызмат уюштурулган жана иштеп жатат.
Жарандардын, укук коргоо уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, бийликтин аймактык аткаруу органдары менен болгон эффективдүү байланышын камсыздоо үчүн арналат.
"Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкы" нын эскертүүсү: Берилген Жобонун 1-пунктундагы абзацтардын саны расмий тилдеги текстин абзацтардын санына дал келбейт.
2. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буйруктарын жана тескемелерин жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызмат министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын "шыр байланыш" кызматтарынын иш системасын жакшыртуу жана координациялоо ошондой эле социалдык-турмуштук ар кандай пайда болуп жаткан суроолор боюнча жарандарга сапаттуу жана өз убактысында маалыматтар берүү максатында түзүлгөн.
2. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын негизги милдеттери жана функциялары
4. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызмат - бул аткаруу бийлик органдарынын өз ара аракеттеринин формаларынын бири жана жарандардын жана укук коргоо уюмдарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, аймактык органдар менен төмөнкүлөргө байланыштуу маселелер боюнча натыйжалуу байланышын камсыздоо үчүн багытталган:
- социалдык-турмуштук суроолорду кароодо жана чечүүдө негизсиз администрациялык тоскоолдуктар;
- опуза талап, коррупция фактылары;
- жарандардын, укук коргоо уюмдарынын жана юридикалык жактардын арыздарын, кайрылууларын, даттанууларын карап чыгуу мөөнөттөрүнүн узактыгы;
- салык кызматы, социалдык коргоо, күч түзүмдөрү жана башка бийлик органдары менен болгон өз ара мамилелердеги маселелер;
- медициналык кызмат көрсөтүү, гуманитардык жардамды, социалдык төлөмдөрдү бөлүштүрүү боюнча пайда болгон маселелер;
- жергиликтүү бийлик органдары менен ар кандай маселелерди карап чыгууда пайда болгон чыр-чатактуу кырдаалдар;
- жер тилкелеринин, турак үйлөрдүн, ар кыл жеке менчик объектилердин документтерин, ошондой эле жалпы жарандык паспортторду, туулгандыгы тууралуу (никеге туруу, никени бузуу, өлгөндүгү тууралуу ж.б.) күбөлүктөрдү алуу, жоголгондорун жана күйүп кеткендерин калыбына келтирүү;
- мүлктүк мамилелер (имарат-жайларды ижарага берүү, жер бөлүү жана жер тилкелерин ижарага берүү, курулуш жүргүзүүгө уруксаттарды берүү, мүлктү менчиктештирүү);
- турак жайды, жолдорду жана коммуналдык объекттерди калыбына келтирүү боюнча иштердеги жетишсиздиктер;
- кооптуу билдирүүлөр жана божомолдонгон башаламандыктар, жарандардын жашоосуна коркунучтар жөнүндөгү ушак-айыңдар;
- баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү фактылары;
- кызмат адамдарынын, күч жана тартипти сактоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери жөнүндө кайрылуулар;
- өзгөчө кырдаалдар коркунучу жана анын пайда болушу;
- балдардын мыйзамдуу укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо жана балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу;
- оор турмуштук кырдаалда турган балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилгендиги, анын ичинде балдарга карата ырайымсыз мамиледен жана зомбулуктан коргоо зарылдыгы тууралуу кайрылуулары.
- үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоону жана сактоону камсыздоонун зарылдыгы жөнүндө кайрылуулар;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометриялык маалыматтарын чогултуу, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоочулардын тизмелерин түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги берүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр;
- бейтаптардын укуктарын коргоо;
- мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды берүү зарылдыгы жөнүндө кайрылуулар;
- керектөөчүлөргө электр энергиясын пландуу жана пландан тышкаркы өчүрүүлөр жөнүндө маалымдоо, ошондой эле оперативдүү кабар берүү жана авариялык өчүрүүлөрдү четтетүү;
- оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу менен жол кыймылынын катышуучуларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
- мамлекеттик орган тарабынан билим берүү маселелери боюнча калкка маалыматтарды берүү;
- айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу фактылары.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 527, 2015-жылдын 24-июну № 406, 2015-жылдын 17-августу № 579, 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 226, 2017-жылдын 1-июнундагы № 324, 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 187, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 61, 2021-жылдын 14 апрелиндеги № 211, 2022-жылдын 15-июнундагы № 321, 2022-жылдын 24-июнундагы № 342, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 602 токтомдорунун редакциясына ылайык)
5. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын иштеши, аны уюштуруунун максаттары жана милдеттери, жарандардын кайрылууларын кабыл алуу тартиптери жөнүндө коомчулукка маал-маалы менен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдалып турат.
6. Жарандардын, укук коргоо уюмдарынын жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана аймактык органдары менен мамилелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 321 токтомунун редакциясына ылайык)
3. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматка кайрылуулардын эсебин жүргүзүү тартиби
7. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматына келип түшкөн маалыматтарды чогултууну жана алдын-ала иштеп чыгууну бул кызматтын кызматкерлери ишке ашырышат.
8. Жарандардын, укук коргоо уюмдарынын жана юридикалык тараптардын кайрылууларын эсепке алуу үчүн "Бирдиктүү шыр байланыш" боюнча келип түшүп жаткан кайрылууларды, даттанууларды каттоо электрондук журналда жүргүзүлөт.
9. "Бирдиктүү шыр байланыш" боюнча келип түшкөн кайрылуулардын, даттанууларды каттоодон өткөргөн электрондук журнал төмөнкү графаларды камтышы керек:
а) билдирүүнүн статусу;
б) кайрылуунун катар номери;
в) кайрылуунун түшкөн датасы;
г) маалымат келип түшкөн облус, район;
д) абонемент жөнүндө маалымат;
е) кыскача мазмуну;
ж) карап чыгуу үчүн кайрылуу багытталган орган;
з) жөнөтүлгөн убакыт жана дата;
к) кайрылууну карап чыгуунун жыйынтыктарын белгилөө.
4. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын ишин уюштуруу
10. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын ишин пландоонун, тапшырылган иш участогундагы иштердин абалы жана өзүнчө көрсөтмөлөрдү аткаруу үчүн ар бир кызматкердин жеке жоопкерчилигинин негизинде уюштурулат.
11. Жарандардын, укук коргоо уюмдарынын жана юридикалык жактардын "Бирдиктүү шыр байланышка" кайрылууларын кабыл алуу так аныкталган убакытта телефондук байланыш аркылуу ишке ашат, ошондой эле бийлик органдарынын дарегине почта боюнча жана Интернет-байланыш аркылуу жөнөтүлгөн кайрылуулар да кабыл алынат.
12. Калктын, укук коргоо уюмдарынын жана юридикалык жактардын кайрылууларын "Бирдиктүү шыр байланышка" кабыл алуу ар кандай стационардык жана мобилдик телефондон жүргүзүлөт, коңгуроо автоматтуу түрдө "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматына жөнөтүлөт.
Телефон чалган абонентке баарлашууну эки тилдин биринде: кыргыз, орус тилдеринде жүргүзүүнү тандоо сунушталат. Тандалган тилге жараша коңгуроо "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызмат белгилүү бир операторуна даректелет.
13. "Бирдиктүү шыр байланыштын" ишине жооптуу кызмат адамдары күн сайын:
- жарандардын, укук коргоо уюмдарынын жана юридикалык жактардын "Бирдиктүү шыр байланыш" боюнча кайрылууларына сереп жүргүзүшөт;
- жарандардын, укук коргоо уюмдарынын жана юридикалык тараптардын кайрылууларынын кыскача мазмунун түзүшөт;
- кайрылууну аткарууну аныкташат;
- кайрылууларды журналда каттоодон өткөрүшөт;
- кайрылууну компетенциясына ылайык аткаруунун кароосуна жөнөтүүнү (факс, электрондук почта, телефонограмма боюнча) жүргүзүшөт;
- кайрылуулардын өз убактысында каралышына контролдук жүргүзүүнү камсыздашат.
14. Жарандардын, укук коргоо уюмдарынын жана юридикалык жактардын "Бирдиктүү шыр байланышка" келип түшкөн кайрылуулары республикалык, областтык жана райондук деңгээлдерде карап чыгуу жана чара көрүү үчүн тиешелүү кызматкерлерге коштомо кат менен жөнөтүлөт.
15. Жарандардын, укук коргоо уюмдарынын жана юридикалык жактардын "Бирдиктүү шыр байланышка" келип түшкөн арыздары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде текшерүүнү талап кылбаган маселелер - 10 иш күнү ичинде каралат. Кошумча текшерүүнү талап кылган маселелер бир айдын ичинде каралат.
Эгер кайрылууларда камтылган фактылар өтө тез чечим кабыл алууну талап кылса, алар кайрылуунун резолюциясында көрсөтүлө турган 5 иш күнүнүн ичинде каралат.
16. Тапшырманы аткаруу мөөнөтүн узартуу керек болгон учурда аткаруучу мөөнөт аяктаганга чейин, 2 күн мурда аткаруу мөөнөтүн узартуу катын берет. Катта мөөнөттү узартуунун аргументтелген себептери, ошондой эле тапшырманы аткаруу үчүн кабыл алынган ачык-айкын чаралар көрсөтүлүүгө тийиш.
5. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын кызматкерлеринин укуктары
17. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын кызматкерлери жүктөлгөн милдеттерди аткарууда, белгиленген компетенциянын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- бекитилген тартипте жетекчиликке "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- ушул Жобонун 14 жана 15-пункттарына ылайык коюлган милдеттерди аткарууну камсыздоо үчүн аткаруу бийлиги органдарынын аракеттерин жалпы координациялоону жүргүзүүгө;
- бийликтин аткаруу органдарынан каралып жаткан суроолор боюнча оперативдүү маалыматтарды өз убагында алуусуна карата бардык зарыл чараларды көрүүгө;
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын ишине тиешелүү бөлүгүндө жетекчиликтин чечимдеринин долбоорлору менен таанышууга;
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын алдына коюлган милдеттерди чечүүгө макулдашуу боюнча жана жетекчилердин уруксаты менен бийликтин аткаруу органдарынын кызматкерлерин тартууга.
6. Түзүм, кадрларды даярдоо жана комплектөө тартиби
18. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызмат Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун түзүмдүк бөлүгү болуп саналат (мындан ары - Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору).
"Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын штаттык түзүмү Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык)
19. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын ишин кызмат башкаруучусу жетектейт, аны кызмат ордуна дайындоону жана кызмат ордунан бошотууну Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчилигинин сунушу менен Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри жүргүзөт.
Башкаруучу "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын ишин уюштурат, кадрларды тандоо жана жайгаштыруу үчүн, ошондой эле өз милдеттерин жүзөгө ашыргандыгы үчүн жекече жоопкерчиликтүү болот.
"Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын башкаруучусу:
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын ишинде мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылат;
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын компетенциясына кирген суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик-укуктук актыларынын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын башкаруучусунун жана анын орун басарынын, ошондой эле кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бекитүүгө сунуш кылат;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматына аскер кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жумушка кабыл алуу, жылдыруу жана бошотуу жөнүндө өтүнөт.
"Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматын комплекттөө Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматчыларынан алынган кызматкерлер жүзөгө ашырат.
"Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматынын кызматкерлерин кесиптик даярдоо кызматтын ишин башкарган жетекчилик түздөн-түз жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кызматты башкаруучу өзүнүн айрым ыйгарым укуктарын ага баш ийген кызматкерлерге өткөрүп берүүгө укуктуу.
21. Кызматты башкаруучунун орун басары болот. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматынын ишинин айкын багыттарын, башкаруучунун сунушу боюнча Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчилиги кызматка дайындала жана кызматтан бошотула турган башкаруучунун орун басары жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Башкаруучу жок болгон учурда, анын милдеттерин орун басары аткарат.
7. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын ишин каржылоо
23. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматынын ишин каржылоо жана материалдык-техникалык камсыздоо республикалык бюджеттин, төгүмдөрдүн, кайрымдуулуктардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Каржылык каражаттар "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматынын материалдык-техникалык камсыздалышын, кызматкерлерди социалдык жактан коргоону жана алардын эмгегин стимулдаштырууну жакшыртуу үчүн пайдаланылат.
24. Бухгалтердик эсепти уюштуруу, абалы жана аныктыгы, жыл сайын берилүүчү отчеттун жана башка каржылык отчетторду тиешелүү органдарга өз убагында берүү, ошондой эле кредиторлорго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына берилүүчү маалыматтарды берүү үчүн жоопкерчиликти кызматты башкаруучу көтөрөт.
8. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын ишин токтотуу
25. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын иши аяктагандан кийин, аны реорганизациялоо жана бул кызматтын материалдык-техникалык базасын жана өздүк курамын 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматына кайра түзүү каралган.
26. "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматтын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.