Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 6-октябры № 618
"Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызматы жөнүндө жобону, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдик кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмесин бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун базасындагы 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик оперативдүү кызматты чакырууну камсыздоо системасын түзүү концепциясын жактыруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 527, 2015-жылдын 24-июну № 406, 2015-жылдын 17-августу № 579, 2016-жылдын 28-мартындагы № 151, 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 226, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 209, 2017-жылдын 1-июнундагы № 324 , 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 187, 2020-жылдын 8-сентябрындагы № 473, 2020-жылдын 16-сентябрындагы № 488, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 61, 2022-жылдын 14 апрелиндеги № 211, 2022-жылдын 15-июнундагы № 321, 2022-жылдын 24-июнундагы № 342, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 602, 2023-жылдын 28-мартындагы № 170 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аварияларга, катастрофаларга, өрттөргө, табигый кырсыктарга жана башка өзгөчө кырдаалдарга карата өз учурунда көңүл буруусун уюштуруу боюнча туруктуу иштөөчү нөөмөттүк-диспетчердик кызматтардын ишин өркүндөтүү, ошондой эле калк менен өз ара байланышты камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Бирдиктүү шыр байланыш" туруктуу иштөөчү кызмат жөнүндө Жобо;
- 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын экстрендик кызматтарды чакырууну камсыздоо системасына кирген, Кыргыз Республикасынын оперативдүү кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмеси.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-сентябрындагы № 488 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Система-112" түзүү, өнүктүрүү жана пайдалануу боюнча координациялоочу орган катары дайындалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын иштөөсү үчүн "112" телефон номерин бөлүп берсин жана Кыргыз Республикасынын электр байланышы тармагынын абоненттеринин "Система-112" менен күнү-түнү акысыз байланышын камсыздасын;
- электр байланышы операторлорун "112" телефон номерине келип түшүп жаткан чакырыктар үчүн операторлор ортосундагы эсептешүүлөрдү нөл тарифтик системасы боюнча жүргүзүүгө милдеттендирсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-мартындагы № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
5. "Система-112" киргизүү үчүн пилоттук зоналар катары Бишкек жана Ош шаарлары аныкталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- 112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматы аркылуу оперативдүү кызматтарды чакырууну камсыздоо системасын Кыргыз Республикасынын бардык аймагына андан ары этап-этабы менен киргизүүнү улантсын;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 209 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ө.Бабанов |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-октябрындагы № 618 токтому менен бекитилген |
112-бирдиктүү мамлекеттик нөөмөттүк-диспетчердик кызматтын экстрендик кызматтарды чакыруу системасына кирген, Кыргыз Республикасынын экстрендик оперативдүү кызматтарынын жана мамлекеттик органдарынын тизмеси
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-сентябрындагы № 527, 2015-жылдын 24-июну № 406, 2015-жылдын 17-августу № 579 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 226, 2017-жылдын 11-апрелиндеги № 209, 2017-жылдын 1-июнундагы № 324 , 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 187, 2020-жылдын 8-сентябрындагы № 473, 2020-жылдын 16-сентябрындагы № 488, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 61, 2022-жылдын 14 апрелиндеги № 211, 2022-жылдын 15-июнундагы № 321, 2022-жылдын 24-июнундагы № 342, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 602, 2023-жылдын 28-мартындагы № 170 токтомдорунун редакциясына ылайык)
N | Экстрендик оперативдүү кызматтын телефон номери | Экстрендик оперативдүү кызматтын аталышы | Экстрендик оперативдүү кызмат тиешелүү маморгандын аталышы |
1 | 100 | ЖКККББнын шыр байланышы | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
11 | 101 | Өрттөн куткаруу кызматы | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
2 | 102 | Коомдук тартипти коргоо кызматы | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
3 | 103 | Медициналык тез жардам кызматы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
4 | 104 | Газ тармагынын кызматы | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
41 | 111 | "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемеси | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
42 | 115 | Балдарга, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына, социалдык стационардык мекемелерде, интернат тибиндеги балдар мекемелеринде, психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелерде, камакта кармоо жайларында жана эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн адамдарга жардам берүүнүн шыр байланышы | Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппараты |
43 | 119 | СӨМгө караштуу "Инфоком" МИнин колл-борбору | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги |
44 | 113 | ММКФнын шыр байланышы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
45 | 116 | МСКнын Маалымат борбору | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
5 | 161 | Куткаруу кызматы | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
6 | - | Сууканалдын авариялык кызматы | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
7 | 105 | “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКтын электр энергиясын керектөөчүлөрү үчүн шыр байланыш | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
8 | 117 | Социалдык коргоонун тез байланышы | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
9 | 114 | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын шыр байланышы | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
10 | 110 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин шыр байланышы | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
11 | 108 | Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча шыр байланыш | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги |
Эскертүү: Оперативдүү жана авариялык кызматтардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы № 327 "Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө" токтомунун негизинде түзүлгөн.