Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 23-июну № 41
Кыргыз Республикасынын айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташшып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
"2014-жылдын 29--майдагы Евроазия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин29 жана 47-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынан ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин (реэкспортту, транзитти, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген гуманитардык жардамды кошпогондо):
- 1-тиркемеге ылайык айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары;
-2- тиркемеге ылайык айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары;
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып алты күн өткөндөн кийин убактылуу тыюу салуунунун киргизилери белгтленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей, бул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссисына белгиленген тартипте кабарласын.
4.Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбей, бул токтомдун 1-пунктунда аталган убактылуу тыюуу салууну киргизүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы бул токтомдун 1-пунктунда аталган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшсүн.
6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин
бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн
ТИЗМЕГИ
№ | Товарлардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
1 | Буудай жана меслин | 1001 |
2 | Күрүч | 1006 |
3 | Буудай уну | 1101 00 |
4 | Өсүмдүк майы | 1512, 1512 11 990 1 (сафлор майы)кошпогондо |
5 | Кумшекер | 1701 99 |
6 | Инкубация үчүң уруктандырылган жумурткалар | 0407 11 000 0, |
Үй тоогунун жумурткалары | 0407 21 000 0 |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын
аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу белгиленген айыл чарба товарларынынн айрым түрлөрүнүн
ТИЗМЕГИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы № 123 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду |
1 | Тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан тоюту) | 1214 90 900 0, 2302 |
2 | Жүгөрү | 1005 |
3 | Арпа | 1003 |
4 | Сулу | 1004 |