Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 30-июну № 51
Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусун маалыматтык камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын салыктык башкаруусунун маалыматтык системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу максатында, салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн компоненттерин киргизүүнүн алкагында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген кызматкерлердин эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунун экинчи абзацындагы "235" деген цифралар "236" деген цифралар менен алмаштырылсын;
2) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 236-тиркеме менен толукталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан иш-чараларды каржылоону "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында салык жол-жоболорун фискалдаштырууга каралган каражаттардын эсебинен камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономика жана финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын инженердик-техникалык тобунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Саны | Кызматтык маяналардын өлчөмдөрү (сом менен) |
1 | Долбоордун координатору | 1 | 110000 |
2 | Архитектор | 1 | 130000 |
3 | Дизайнер | 1 | 80000 |
4 | Башкы бизнес-аналитик | 2 | 100000 |
5 | Бизнес-аналитик | 2 | 90000 |
6 | Кенже бизнес-аналитик | 3 | 70000 |
7 | Башкы программист | 6 | 120000 |
8 | Программист | 5 | 95000 |
9 | Кенже программист | 9 | 75000 |
10 | Системдик администратор (маалымат базасынын администратору) | 1 | 100000 |
11 | Маалыматтык коопсуздук боюнча улук адис | 1 | 90000 |
12 | Маалыматтык коопсуздук боюнча адис | 1 | 70000 |
13 | Тууралоо, долбоорлоо жана тестирлөө боюнча адис | 2 | 70000 |
Эскертүү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын инженердик-техникалык тобунун кызматкерлерине ушул токтомдун 1-пунктунун бешинчи абзацы жана 2-пункту жайылтылбайт.".