Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 8-июлу № 66
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Визалык режимди либералдаштыруу жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык, ишкердик жана туристтик тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин колдонулуучу Тизменин 69-79-абзацтарын кошпогондо, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.";
2) аталган токтом менен бекитилген Жарандарына жөнөкөйлөштүрүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесинде:
- алтымыш тогузунчу-жетимиш тогузунчу абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Алжир Элдик Демократиялык Республикасы(**)
Бангладеш Эл Республикасы(**)
Египет Араб Республикасы(**)
Индия Республикасы(**)
Иордания Хашимит Королдугу(**)
Ливан Республикасы(**)
Марокко Королдугу(**)
Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы(**)
Пакистан Ислам Республикасы(**)
Тунис Республикасы(**)
Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы(**);
3) (**) эскертүүсү "Эмирликтери," деген сөздөн кийин "Сауд Аравия Королдугу," деген сөздөр менен толукталсын.";
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 13-июлундагы № 79 жарыяланды
Төрага | У.А. Марипов |