Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-октябры № 541
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартибин иретке келтирүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларында:
- таблицанын 2-пунктунун 8-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
| 8) чыгуу визасын тариздөө: |
|
|
| - 3 айга чейин жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн; | 8800 | 100 |
| - 3 айдан 6 айга чейин жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн; | 13200 | 150 |
| - 6 айдан 1 жылга чейин жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн; | 17600 | 200 |
| - 1 жылдан ашык жүрүү мөөнөтүн ашыргандыгы үчүн | 22000 | 250 |
".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускамада:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы, он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- ишкердик виза ("business visa") - "В" тиби;
- туристтик виза ("tourist visa") - "TS" тиби.";
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Инвестициялык виза ("I" тиби) Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүргүзгөн жана өндүрүш, өнөр жай, айыл чарба, банк, энергетика, билим берүү, медициналык жана инженердик-курулуш максатында, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологиялар үчүн арналган акчалай же материалдык баалуулуктар түрүндө Кыргыз Республикасынын экономикасына кошкон салымын ырастоочу керектүү документтерди берген инвестордун өзүнө же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына таризделет.
Инвестициялык виза төмөнкүдөй мөөнөткө берилет:
- 5 жыл, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына он миллион сомдон кем эмес суммага барабар акчалай жана материалдык баалуулуктарды кошсо;
- 10 жыл, эгерде арыз ээси өлкөнүн экономикасына жыйырма миллион сомдон кем эмес суммага барабар акчалай жана материалдык баалуулуктарды кошсо.";
- 19-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталына катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун жүйөлөштүрүлгөн өтүнүчү боюнча арыз ээсине Кыргыз Республикасына көп жолу кирүү мүмкүнчүлүгү менен "В" тибиндеги ишкердик виза 6 айга чейин таризделет.";
- 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Визасыз режим боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн арыз ээсине 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир жолку туристтик виза таризделет.";
- 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Инвестициялык визанын ("I" тиби) негизинде жүргөн арыз ээсинин үй-бүлө мүчөсүнө инвестициялык виза ("I" тиби) берилген мөөнөткө консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражат албастан чет өлкөлүктүн үй-бүлө мүчөлөрү үчүн виза ("FF" тиби) таризделет.";
- 55-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эгерде арыз ээсинин объективдүү себептерден улам алмаштырылган же жокко чыгарылган (барактардын бүтүшү, бузулушу ж.б.) эски жол жүрүү документине жарактуу визасы бар экендиги аныкталса, ТИМдин эл аралык өткөрүү пунктундагы визалык пункту тарабынан визаны консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражат албастан жана улуттук коопсуздук органы менен кошумча макулдашуусуз жарактуу документке которуу жүргүзүлөт. Визанын мөөнөтү жана категориясы мурда берилген визанын маалыматтарына дал келиши керек.".
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-июлундагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-июлундагы № 405 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 522 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы № 689 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө" токтомунун 4-пункту;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 391 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-июлундагы № 66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 197 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жана тышкы саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-октябрындагы № 83 (3532) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |