Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 7-июлу № 60
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Э.Торобаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Төрага | У.А. Марипов |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июлундагы № 60 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Э.Торобаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзамдын долбоорунун аталышынын расмий тилдеги текстиндеги "республики" деген сөз баш тамга менен жазылсын.
2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пункту "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнө шайкеш келбейт, эгерде колдонуудагы редакцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана (же) толуктоолордун саны ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) текстинин жарымынан көбүн түзсө же болбосо айрым өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү баяндоого же кабылдоого техникалык жактан кыйын болсо, ченемдик укуктук актыларга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор ченемдик укуктук актынын (анын структуралык элементинин) жаңы редакциясы түрүндө таризделет. Ченемдик укуктук актынын текстин жаңы редакцияда баяндоодо ченемдик укуктук актынын аталышында "жаңы редакция" деген сөздөр пайдаланылбайт. Ченемдик укуктук актыны жаңы редакцияда кабыл алууда колдонуудагы ченемдик укуктук акт бир эле учурда күчүн жоготту деп табылууга тийиш.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3 жана 7-пункттары боюнча ушундай эле сын пикирлер бар. Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун бешинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө шайкеш келбейт, ага ылайык ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарыл болгон учурда актыда алардын маанисине түшүндүрмө берүүчү берене (пункт) жайгаштырылат.
3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунун экинчи абзацындагы "сууну пайдалануучулардын бирикмеси (ассоциациясы)" деген терминди Кыргыз Республикасынын Суу кодексине киргизүү сунушталган, бирок бул термин мааниси жагынан аталган Кодекстин 2-беренесинде каралган маанисинде "сууну пайдалануучулардын ассоциациясы" деген терминге окшош.
4. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 4-пунктунда Кыргыз Республикасынын Суу кодексин "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы" деген 16-1-статья менен толуктоо сунушталган, мында сунушталып жаткан берененин 2-бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы боюнча маселелер чагылдырылган. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө'" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык беренелер араб цифралары менен белгиленет жана укуктун өзүнчө ченемдерин камтуучу бөлүктөрдөн турарын, ал эми берененин бөлүктөрү чекиттүү араб цифралары менен белгиленип жана пункттарга бөлүнө тургандыгын, алар араб цифралары менен жабылма ийри кашаа коюлуп жазыла тургандыгын белгилейбиз. Ушуга негизденип, сунушталып жаткан 16-1-статьяны жогоруда аталган ченемдерге шайкеш келтирүү зарыл.
Ошону менен бирге сунушталып жаткан 16-1-статьянын 2-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында ирригацияны өнүктүрүү боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы каралат. Мында Кыргыз Республикасынын Суу кодексинде, тиешелүү чөйрөлөрдөгү негизги принциптерди белгилөөчү "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "инвестициялык программа" түшүнүгү камтылбай тургандыгын жана анын аныктамасы чагылдырылбасын белгилейбиз. Ушуга байланыштуу абзацтын баяндалышын жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык карап чыгууну сунуштайбыз.
Жалпысынан алганда 16-1-статьяны талдоону жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын (Кыргыз Республикасынын Суу кодекси, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары) жоболорун эске алуу менен карап чыгууну сунуштайбыз.
5. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 5-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 19-беренесинин 2-бөлүгүн жаңы редакцияда баяндоо сунушталган, ошону менен бирге Мамлекеттик суу чарба программасы төмөнкүлөрдүн курулушун, реабилитациясын жана модернизациясын камтууга тийиш деген ченемди алып салуу керек:
- ирригациялык жана дренаждык тутумдардын, аны бойлото токой коргоочу көчөттөрдү тигүүнү кошо алганда;
- гидроэлектр станцияларды;
- шаарларды жана райондун борборлорун суу менен коммуналдык камсыздоо системаларын;
- айыл жериндеги калктуу конуштарды суу менен камсыздоо тутумдарын;
- саркынды сууларды тазалоо боюнча түзүлүштөрдү.
Мында Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катында жогорудагы ченемди алып салуунун негиздери жана зарылдыгы келтирилбегендигин белгилөө зарыл.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалым катын тиешелүү маалымат менен толуктоону сунуштайбыз.
6. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 9-пунктунда Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 82-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунуш кылынууда:
"82-статья. Ирригациялык жана дренаждык тутумдарды күтүү жана техникалык жактан тейлөө
1. Төмөнкүлөрдүн карамагында турган ирригациялык жана дренаждык тутумдарды күтүү жана техникалык жактан тейлөө:
1) мамлекеттик менчикте, мында мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, суу берүү боюнча кызматтар үчүн төлөөлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт;
2) муниципалдык менчикте, мында мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын, суу берүү боюнча кызматтар үчүн төлөөлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.
2. Мамлекеттик, муниципалдык ирригациялык жана дренаждык тутумдарды реабилитациялоого инвестициялык чыгымдар мамлекеттик бюджеттен, суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган дагы башка булактардан камсыз кылынат.".
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 14-беренесине ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттер мамлекеттик бюджетти түзөт.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 49-беренесине ылайык чыгаша милдеттенмелер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу мамлекеттик органдар (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары) тарабынан функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарууда келип чыгуучу Министрлер Кабинетинин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын) милдеттенмелери.
Кыргыз Республикасында чыгаша милдеттенмелерди бөлүштүрүүнүн төмөнкүдөй түзүмү белгиленет:
1) Министрлер Кабинетинин чыгаша милдеттенмелери;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгаша милдеттенмелери.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык бюджет аралык мамилелер мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларына жана ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын ар бир бюджетине кирешелерди бөлүштүрүү жана бекитип берүү принциптерине негизделген. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетте чарба ичиндеги ирригациялык курулмаларды кароого, техникалык эксплуатациялоого жана капиталдык оңдоого бюджеттен акча каражаттары каралбагандыгын белгилей кетүү зарыл.
Мындан тышкары "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 2-пунктуна ылайык жергиликтүү жамааттардын кызыкчылыгын түздөн-түз козгоочу маселелер боюнча чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ассоциациялары, жергиликтүү жамааттардын бирликтери менен мыйзамда белгиленген тартипте консультацияларды жана талкууларды өткөрөт.
7. Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 5-бөлүгүнүн алтынчы абзацын Сууну пайдалануучулар ассоциацияларынын жана Сууну пайдалануучулар ассоциациясы бирликтеринин ишин координациялоо, колдоо жана көзөмөлдөө боюнча өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн Сууну пайдалануучулар ассоциацияларынын органы төмөнкүгө укуктуу экендигин жөнгө салуучу ченем менен толуктоо сунушталууда:
- мамлекеттик, муниципалдык менчикте болгон суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого (күтүү жана капиталдык оңдоп-түзөө) каржылоону субсидия түрүндө бөлүп берүүгө.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик, муниципалдык менчикте болгон суу чарба курулмаларын эксплуатациялоого (күтүү жана капиталдык оңдоп-түзөө) каржылоону субсидия түрүндө бөлүп берүүгө республикалык бюджеттен каражат каралбайт, ошондуктан бул ченемди алып салуу максатка ылайык деп эсептейбиз.
Мындан тышкары 40-беренеге киргизилүүчү толуктоолорго ылайык 2-1, 2-2-пункттарындагы муниципалдык менчиктеги ирригациялык жана дренаждык тутумдарды пайдаланган суу менен жабдуучунун кызматтары үчүн акынын өлчөмү тиешелүүлүгүнө жараша бекитилген бассейндик суу администрациясы менен макулдашуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жергиликтүү кеңештер жана башкаруу органы менен бекитилет. Бул контекстте бассейндик суу администрациясы менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн акынын өлчөмүн макулдашуу ченеминин мыйзамдуулугун түшүндүрүү жана тактоо керек.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентинин 64-1-пунктуна ылайык мамлекеттик бюджеттен финансылык жана материалдык чыгымдарды талап кылуучу же мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышына алып келүүчү актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине финансы-экономикалык эсептөөлөр менен кошо берилет.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу негиздеме-маалым катта каржылоо булагы жөнүндө маалымат менен толуктоо зарыл.
8. Жалпысынан Мыйзамдын долбоорун "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамада каралган ченем жаратуу техникасына шайкеш келтирүү зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ошондой эле аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу сууну пайдалануучулар ассоциациясынын жоопкерчилик зонасында ички чарбалык ирригациялык системалар үчүн ирригация чөйрөсүндө экономикалык туруктуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк бере тургандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган Мыйзамдын долбоорун жогоруда аталган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу максатка ылайыктуу деп эсептейт.